Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-ноябры № 788
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
«Ички аудит жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Ички аудит кызматы милдеттүү түрдө боло турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин тизмесине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
17. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы. |
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|