ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 816 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө» токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 10-декабры № 816

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун Уставында:

- 12-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Директордун орун басарлары Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулат";

- 13-пунктундагы "Директордун орун басарлары жана Институттун кызматкерлери" деген сөздөр "Институттун кызматкерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 15-пункттун бешинчи абзацындагы "Институттун директорунун орун басарларын жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев