Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 467 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-декабры № 828
"Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө дене тарбия жана күжүрмөн даярдыкты өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик спорт клубу).
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|