Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 828 токтому менен бекитилген |
"Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Аскердик спорт клубу) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө дене тарбиялык жана күжүрмөн даярдыкты өркүндөтүү боюнча ишти уюштуруу, эл аралык спорттук кызматташтыкты түзүү жана бекемдөө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн спорт жаатындагы беделин көтөрүү максатында түзүлгөн.
Аскердик спорт клубу өзүнүн ишинде спорттун бардык түрлөрү боюнча акысыз машыктыруучу сабактарды өткөрө алат жана келишимдик негизде жогорку квалификациялуу адистерди тарта алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - Министрлик) Аскердик спорт клубунун ишин жалпы жетектейт жана координациялайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аскердик спорт клубу өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин жана анын орун басарларынын приказдарын, директиваларын жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Аскердик спорт клубу мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы, банктык жана башка финансылык мекемелерде алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, Министрликтин символикасынын сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана бланктары, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган штамптары, ошондой эле өзүнүн спорттук атрибутикасы жана эмблемасы болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мекеменин аталышы:
а) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик спорт клубу" мамлекеттик мекемеси";
кыскартылышы - "КМ АСК";
б) расмий тилде: "Государственное учреждение "Спортивный клуб армии Министерства обороны Кыргызской Республики";
кыскартылышы - "СКА МО".
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Патрисс Лумумба көчөсү 165.
2. Негизги милдеттери жана функциялары
7. Аскердик спорт клубунун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө дене тарбиялык даярдоону өркүндөтүү жана республикалык жана эл аралык деңгээлдердеги спорттук жогорку натыйжаларга жетишүү;
- республикалык жана эл аралык мелдештерге (спартакиадаларга), Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн спортсмендерди даярдоо жана курама командаларды, анын ичинде эл аралык класстагы командаларды мыйзамда белгиленген тартипте түзүү;
- Министрликтин өздүк курамын окутуу-машыктыруу ишинин жана дене тарбиялык даярдоонун ар күндүк практикасын методикалык жетектөө, дене тарбиялык даярдоо жана спорт процессинин соңку жаңы методдорун киргизүү;
- чет өлкөлүк жана эл аралык спорттук уюмдар менен эл аралык аскердик кызматташтыктын алкагында дене тарбиялык даярдоо жана спорт маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу;
- Министрликтин аскер кызматчыларынын жана кызматчыларынын үй-бүлөлөрү менен спорттук-массалык ишти уюштуруу;
- спорттун түрлөрү боюнча спорттук секцияларды уюштуруу;
- Министрликтин алдына коюлган башка маселелерди аткаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Коюлган милдеттерге ылайык Аскердик спорт клубу төмөнкү функцияларды аткарат:
- Министрликтеги спорттук иш-чараларды пландоого катышуу жана Кыргыз Республикасынын коргоо министрине Аскердик спорт клубунун иш пландарын, Министрликтин спорттук иш-чараларын камсыздоо пландарын бекитүүгө киргизүү;
- спорттун бардык түрлөрү боюнча байгелерге спартакиадаларды, чемпионаттарды, биринчиликтерди жана мелдештерди, Министрликте спорттук-массалык иштердин жана башка иш-чаралардын кароолорун уюштуруу жана өткөрүү;
- республиканын чемпионаттарына жана эл аралык мелдештерге даярдоо жана катышуу үчүн Министрликтин курама командаларын комплектилөө жана курамдарын бекитүү;
- Куралдуу Күчтөрдүн тармактарындагы, аскердик бөлүктөрүндөгү, мекемелериндеги, ошондой эле чет өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндөгү алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө, жалпылоо жана жайылтуу;
- Министрликтеги дене тарбиялык даярдоону жана спортту жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамы үчүн дене тарбиялык даярдоо жана спорт боюнча жетектөөчү документтерди, ченемдик талаптарды, спорттун аскердик-прикладдык, Олимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүүнүн программаларын жана шарттарын иштеп чыгууга катышуу, окуу-методикалык жана көрсөтмө куралдарды иштеп чыгуу;
- Министрликтин дене тарбиялык даярдоо, спорт жана спорт боюнча басма чыгымдарына сарптоолордун смета боюнча финансылык пландоону жана отчетту ишке ашыруу, Аскердик спорт клубунун планы боюнча өткөрүлүүчү спорттук иш-чараларды каржылоо;
- дене тарбиялык даярдоо жана спорт сабактары үчүн (белгиленген ченемдин алкагында) спорттук мүлккө, шаймандарга, спорттук куралга жана ага ок-дарыларга, спорттук аппаратураларга болгон керектөөлөрдү аныктоо;
- бекитилген пландар боюнча өткөрүлүп туруучу спорттук иш-чараларды ушул максаттар үчүн бөлүнгөн акчанын чегинде командалык жана жеке байгелер, төш белгилер, грамоталар, вымпелдер жана сувенирлер менен камсыздоо;
- Аскердик спорт клубунун спортсмендеринин республикалык жана эл аралык мелдештерге катышкандагы натыйжаларын эсепке алуу жана анализдөө;
- Аскердик спорт клубуна берилген мүлктүн сакталышын жана арналышы боюнча пайдаланылышын камсыздоо;
- өзүнүн иши жөнүндө Министрликке жылдык отчет берүү;
- ушул Жободо аныкталган милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди жүргүзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Аскердик спорт клубу дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга спортсмендерди "Кыргыз Республикасынын спортуна эмгек сиңирген чебер", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери", Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкер" деген наамдарды ыйгарууга, Кыргыз Республикасынын ардактуу спорттук наамдары менен сыйлоого көрсөтөт.
3. Иштин уюштурулушу
10. Аскердик спорт клубунун ишин башкаруу жана жалпы жетектөө Министрлик тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын коргоо министри мыйзам менен белгиленген тартипте:
а) төмөнкүлөрдү бекитет:
- Аскердик спорт клубунун уюштуруу-штаттык түзүмүн жана санын бекитет;
- Аскердик спорт клубунун иш планын жана Министрликтеги спорттук иш-чараларды камсыздоо планын бекитет;
- жылдык финансылык отчетту бекитет;
б) Аскердик спорт клубуна берилген мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдойт;
в) Аскердик спорт клубунун начальнигинин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, аны ээлеген кызматынан бошотуунун негиздерин аныктайт;
г) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Аскердик спорт клубунун ишин түздөн-түз жетектөөнү Кыргыз Республикасынын коргоо министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу Аскердик спорт клубунун начальниги ишке ашырат.
Аскердик спорт клубунун начальниги:
а) төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- ушул Жободо белгиленген максаттарга жана милдеттерге ылайык Аскердик спорт клубунун ишин жалпы башкарууну;
- Аскердик спорт клубу өзүнүн милдеттерин жана функцияларын тийиштүү аткаруусун;
- Аскердик спорт клубунун акча каражаттары максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын;
б) Аскердик спорт клубунун ишинин жыйынтыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
в) мыйзамга ылайык Аскердик спорт клубунун жарандык персоналын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, Аскердик спорт клубунун начальнигинин орун басарларынын жана бөлүктөрүнүн укуктарын жана милдеттерин аныктайт;
г) тийиштүү жумуштарды аткаруу үчүн Аскердик спорт клубунун штаттан тышкаркы кызматчылары менен мыйзамга ылайык мөөнөтсүз жана мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзөт жана бузат;
д) Аскердик спорт клубунун чыгымдар сметасынын чегинде финансылык каражаттарды тескейт;
е) Кыргыз Республикасынын коргоо министрине Аскердик спорт клубунун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн иш пландарын, Аскердик спорт клубунун иш сапарлар, стажировкалар, аскер кызматчыларды жана жарандык персоналды кыргыз жана чет элдик окуу борборлорунда окутуу, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун башка түрлөрү боюнча тартибин жана пландарын бекитүүгө сунуштайт;
ж) буйруктарды чыгарат жана Аскердик спорт клубунун аскер кызматчылары жана жарандык персоналы үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет;
з) аскер кызматчыларга жана жарандык персоналга Аскердик спорт клубунун атынан юридикалык жана башка иштерди аткарууга ишеним каттарды берет;
и) мамлекеттик сырдын сакталышын камсыздоо үчүн зарыл чараларды көрөт, Аскердик спорт клубунун бөлүктөрүндө ушул маселелер боюнча контролду уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Аскердик спорт клубунда консультациялык-кеңешүүчү орган - башкы машыктыруучулар кеңеши түзүлөт. Башкы машыктыруучулар кеңешинин сандык жана персоналдык курамын Кыргыз Республикасынын коргоо министри бекитет.
Башкы машыктыруучулар кеңеш өзүнүн кеңешмелеринде Аскердик спорт клубунун ишинин негизги маселелерин карайт, бөлүктөрдүн жетекчилеринин отчетторун жана маалыматтарын угат. Аскердик спорт клубунун милдеттери жана функциялары аткарылышы үчүн керектүү башка функцияларды өзүнүн компетенциясынын чегинде аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Аскердик спорт клубунун начальниги жок учурда анын милдеттерин Кыргыз Республикасынын коргоо министринин буйругунун негизинде анын орун басарларынын бири аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо
14. Аскердик спорт клубу республикалык бюджеттин каражаттарынын, Министрликтин атайын каражаттарынын, гранттардын, мамлекеттик, коомдук жана башка мекемелердин жана уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелердин жана уюмдардын, башка булактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ыктыярдуу кошумчаларынын эсебинен жана чегинде каржыланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Аскер кызматчыларга акчалай үлүштү, жумушчуларга жана кызматчыларга айлык акыны төлөп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин буйруктарына ылайык ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Аскердик спорт клубунун ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлик жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Гранттардан, мамлекеттик, коомдук жана башка мекемелердин жана уюмдардын, анын ичинен чет өлкөлүк мекемелердин жана уюмдардын ыктыярдуу кошумчаларынан, башка булактардан түшкөн киреше төмөнкүлөргө чыгымдалат:
- Аскердик спорт клубунун спорттук базасын өнүктүрүүгө;
- эмгек келишими боюча кабыл алынган персоналды кармоого;
- Аскердик спорт клубунун начальнигинин сыйлоо жана колдоо көрсөтүү фондуна;
- спорттук шаймандарды сатып алууга;
- Аскердик спорт клубунун милдеттерин жана программаларын ишке ашырууга;
- Аскердик спорт клубунун имараттарын жана курулуштарын оңдоого;
- Аскердик спорт клубунун ишине тийиштүү башка чыгымдарга.
18. Имараттарды жана курулуштарды капиталдык оңдоо, коммуналдык кызматтарга жана байланыш кызматтарына акы төлөө Министрлик тарабынан бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Аскердик спорт клубунун мүлкү ага операциялык башкаруу укугунда бекитилип берилет.
20. Аскер спорттук клубунун ишинин жүрүшүндө алынган мүлк Аскердик спорт клубу жоюлганга чейин анын менчиги болуп эсептелет, ал эми жоюлган учурда Министрликке өтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Жабдууларды жана башка мүлктү сатып алуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
22. Мүлктүн эсеби жана отчет үчүн Аскердик спорт клубу мезгил-мезгили менен мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте инвентаризациялап турат.
23. Аскердик спорт клубун штаттын, штатка табелдин чегинде колдонуудагы нормалар боюнча камсыздоо Министрликтин тийиштүү башкаруу органдары жана кызматтары тарабынан ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Укуктары
24. Аскердик спорт клубу ишин жүргүзүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- штаттык жана штаттан тышкаркы кызматкерлерди мөөнөттүү жана мөөнөтсүз эмгектик келишимдердин же тийиштүү жумуштарды аткаруучу убакытка карата эмгектик келишимдердин шартында ишке тартууга;
- өзүнүн максаттары менен милдеттерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык спорттун түрлөрү боюнча бекер машыктыруучу сабактарды өткөрүүгө;
- өзүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын каражаттарын тартууга;
- башка булактардан алынган гранттарды же каражаттарды ал каражаттардын берүүчүлөрү менен түзүлгөн грант жөнүндө макулдашууларга ылайык, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан гранттар же каражаттар берилүүчү долбоорлор боюнча сарптоолордун сметасына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тескөөгө;
- өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан керектүү маалыматтарды суроого жана алууга;
- мелдештерди, фестивалдарды, окуу-методикалык семинарларды жана башка дене тарбия-спорттук иш-чараларды өткөрүүгө;
- дене тарбия жана спорт темасы боюнча басма, телерадио- берүү, кино жана фотосүрөткө тартуу, видео продукцияларды чыгаруу иштерин жүргүзүүгө.
6. Өзгөртүп уюштуруу жана жоюу
25. Аскердик спорт клубун өзгөртүп уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
26. Аскердик спорт клубунун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Аскердик спорт клубу жоюлган учурда керектүү документтер Министрликтин архивинде "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр |
| Н.Момуналиев |