Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-декабры № 830
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча:
ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитет" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы" жана "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жана "мамлекеттик чек араны коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "транспорт жана коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик чек араны коргоо, бажы иши, транспорт жана коммуникациялар, санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук, саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык постторунун тийиштүү түрдө иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүүнү камсыздашсын.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|