Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-декабры № 837
2012-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө
2012-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн социалдык-экономикалык абалды баалоо, коркунучтарды өз учурунда табуу жана тобокелдиктердин алдын алуу, 2012-жылга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин келечектүү багыттарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тиркелген маалыматы эске алынсын.
2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2012-жылдагы социалдык-экономикалык кырдаалды баалоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 553 "2012-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" токтому менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрдү камсыздоо боюнча тиешелүү сунуштарды киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жайы министрлиги текстиль жана тигүү өндүрүшүндөгү көйгөйлөрдү изилдесин жана аларды чечүүнүн жолдорун сунуштасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте мал чарбачылыгынын эпизоотиялык бейпилдигин жана мал башынын сакталышын камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна келип түшүүчү аштык дан буудайды кабыл алууга, түшүрүүгө байланышкан чыгымдарды 2012-жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде өз убагында каржылоону ишке ашырсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|
| Тиркеме |
1.1. Ички дүң продуктунун көлөмү (ИДП)
Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып өлкөнүн экономикасында реалдуу өндүрүштүн терс тенденциялары белгиленди жана сакталып калууда.
2012-жылдын январь-сентябрь айларында УСКнын алдын ала баалоосу боюнча ИДПнын көлөмү 203,8 млрд.сом суммасында түзүлдү, мында 2011-жылдын январь-сентябрындагы 8,3% өсүштүн ордуна ИДПнын көлөмүнүн реалдуу төмөндөшү 4,6%ды түздү. "Кум-Төр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо ИДПнын реалдуу өсүшү 3,8% түздү, 2011-жылдын тийиштүү мезгилинде ушундай көрсөткүч 6,0%ды түзгөн. ИДПнын дефлятору 110,4%дын деңгээлинде түзүлдү. Калктын жан башына эсептегенде ИДПнын көлөмү 38,2 миң сомду түздү жана 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 6,1%га кыскарды.
Экономикалык өсүш темпинин 4,6% төмөндөшү өткөн жылдардагыдай эле жыл башынан тартып металлургиялык сектордогу өнөр жай өндүрүшүнүн олуттуу кыскарышы менен шартталган. Экономиканын олуттуу төмөндөп кетишин тизгиндеген негизги сектор кызмат көрсөтүү чөйрөсү болуп калды, анын салымы 2,2 пайыздык пункт менен бааланат, ал эми айыл чарбасынын жана курулуштун салымы анча маанилүү эмес катары бааланат жана суммардык түрдө 0,9 пайыздык пунктту түздү. Өнөр жай терс салым кошуп, ал (-)7,3 пайыздык пунктту түздү.
| 1-таблица |
ИДПны түзүүчү секторлор боюнча түзүм жана өсүш темптери(1)
┌─────┬────────────────────┬──────────────────────────┬───────────┬─────┐
│Көр- │ 2011-ж. │ 2012-ж. январь-сентябры │ 2012-ж. │2012-│
│сөт- │ январь-сентябры │ алдын ала иш жүзүндө │ январь- │ ж. │
│күч- │алдын ала иш жүзүндө│ │ сентябры │ кү- │
│төр │ │ │ күтүүлөр │ түү-│
│ │ │ │ │ лөр │
│ ├────────┬─────┬─────┼────────┬─────┬─────┬─────┼─────┬─────┼─────┤
│ │ иш │өсүш │ИДПга│ иш │өсүш │ИДПга│ ИДП-│өсүш │ кү- │өсүш │
│ │жүзүндө │темпи│кара-│жүзүндө │темпи│кара-│ нын │темпи│ түл-│темпи│
│ │ (млн. │ (%) │та % │ (млн. │ (%) │та % │ өсү-│ (%) │ гөн-│ (%) │
│ │ сом) │ │менен│ сом) │ │менен│ шүнө│ │ дөн │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ са- │ │ чет-│ │
│ │ │ │ │ │ │ │ лым-│ │ төө │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ дын │ │(+/-)│ │
│ │ │ │ │ │ │ │ үлү-│ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ шү, │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ п.п.│ │ │ │
├─────┼────────┼─────┼─────┼────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│ИДП │193484,9│108,3│100 │203837,8│ 95,4│100 │-4,6 │101,3│ -5,9│101,8│
├─────┼────────┼─────┼─────┼────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Айыл │ 37466,1│102,7│ 19,4│ 41449,6│102,0│ 20,3│ 0,39│102,0│ 0,0│101,9│
│чар- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│басы │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────┼────────┼─────┼─────┼────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Өнөр │ 41229,1│125,4│ 21,3│ 29431,6│ 66,0│ 14,4│-7,25│ 86,1│-20,1│ 86,3│
│жайы │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────┼────────┼─────┼─────┼────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Куру-│ 8936,6│ 95,0│ 4,6│ 10468,1│112,0│ 5,1│ 0,55│120,4│ -8,4│119,3│
│луш │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────┼────────┼─────┼─────┼────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Кыз- │ 83745,8│104,7│ 43,3│ 94561,2│105,1│ 46,4│ 2,22│106,5│ -1,4│106,9│
│мат │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│көр- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│сөтүү│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────┼────────┼─────┼─────┼────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Про- │ 22107,3│108,3│ 11,4│ 27927,3│ 95,4│ 13,7│-0,53│101,3│ -5,9│101,8│
│дук- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│туга │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│жана │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│им- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│порт-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ко │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│таза │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│са- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│лык- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│тар │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└─────┴────────┴─────┴─────┴────────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┘
2012-жылдын январь-сентябрь айларында ИДПнын иш жүзүндө түзүлгөн деңгээли бул мезгилге болжолдонгон деңгээлине 5,9 пайыздык пунктка жеткен жок. Айыл чарбасы боюнча күтүлгөн көрсөткүчтөр толук көлөмдө аткарылды, калган секторлор боюнча жетишилген жок.
Экономикада түзүлгөн тенденциялардын натыйжасында кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 3,1 пайыздык пунктка өстү жана 46,4%ды түздү. Айыл чарбасынын жана курулуштун үлүшү 1,0 жана 0,5 пайыздык пунктка өстү жана тиешелүүлүгүнө жараша 20,3% жана 5,1% пайыздын деңгээлинде түзүлдү. ИДПнын түзүмүндөгү өнөр жай өндүрүшүнүн үлүшү 14,4 пайыздык пунктту түздү, 2011-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда 6,9 пайыздык пунктка азайды.
Отчеттук мезгилде негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү түзгөн негизги факторлор:
Тышкы:
Жагымдуу факторлор:
- Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдө - (Россия - 4,0%; Казакстан - 3,5%; Кытай - 7,6%) туруктуу экономикалык өсүш;
- алтындын баасынын бир троя унциясы үчүн 1598,0 АКШ долларынан 1776,0 АКШ долларына чейин өсүшү (2012-ж. январь-сентябры), 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда өсүш 7,7%ды түздү;
- соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдө импорттолуучу кантка, өсүмдүк майына, күрүчкө, унга жана май алынуучу өсүмдүктөргө бажылык алымдардын алынып салышы;
- негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдө инфляциянын төмөнкү көрсөткүчтөрү (Казакстан - 3,9%, Россия - 5,2%, Кытай - 2,8%, Еврозона - 2,7%);
- Bre№t маркасындагы мунайга баанын орточо 0,5% өсүшү (2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда);
- жеке адамдардын акча которууларынын таза агымынын 14,2%га (2012-ж. январь-август сумма 1094,4 млн. АКШ долларын түзгөн) көбөйүшү.
Жагымсыз факторлор:
- азык-түлүк тобундагы товарларды импорттоого ички рыноктун көз карандылыгы (ун, өсүмдүк майы, кант, акшак ж.б.).
Ички:
Жагымдуу факторлор:
- инфляциянын төмөнкү деңгээли, бул калктын кирешесинин реалдуу өсүшүн шарттады (Керектөө бааларынын индекси - 2011-жылдын декабрына карата 103,1%);
- товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-талабынын өсүшү (22,6%га орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү);
- 2012-жылдын январь-август айларында 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 21,0%га керектөө кредиттеринин өсүшү;
- 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда экономикага кредиттердин 16,5%га өсүшү;
- газдын баасынан башка энергия булактарына баалардын туруктуу деңгээли;
- текшерүүлөрдүн, лицензиялардын жана башка мамлекеттик жөнгө салуучу чаралардын санын кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жөнөкөйлөтүү;
- айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана материалдык резервдин эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүштүрүү.
Жагымсыз факторлор:
- жаратылыш-климаттык шарттар, алар агро өнөр жай комплексин (жазгы-талаа жумуштарынын 15-20 күнгө кечигүүсү, өсүмдүктөрдү кайра себүүдөн улам түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү жана кургакчылык, кыш мезгилинин узактыгы, ошондой эле тоюттун жетишсиздиги менен шартталган март айы бою кардын жаашы малдын кырылышына алып келди) жана өнөр жайды өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизди (металлургия өндүрүшү дээрлик 70,0%га төмөндөдү);
- бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер боюнча жогорку пайыздык ставкалар (19,1% - орточо пайыздык ставка).
1.2. Керектөө бааларынын индекси
Инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 2011-жылдын декабрына салыштырганда 2012-сентябрында 103,1%ды түздү (2011-жылдын ушул мезгили үчүн - 104,4%). Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2011-жылдын январь-сентябрына караганда 2012-жылдын январь-сентябрында) 101,3%ды түздү, ал эми 2011-жылдын январь-сентябрында 120,0%ды түзгөн.
2012-жылдын январь-сентябрында баалардын жалпы деңгээлинин кыймылы 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында белгиленген негизги азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баанын төмөндөө фонунун негизинде түзүлдү. Керектөө бааларынын индексинин себетинин түзүмүндө товарлардын азык-түлүк тобуна баалардын төмөндөшү 1,1%ды түздү, бирок июль айы менен салыштырганда август айында азык-түлүккө баалар 1,4%га, сентябрда - буудайга дүйнөлүк баанын олуттуу өсүшүнүн фонунда 0,9%га өстү, бул өз кезегинде үстүбүздөгү маркетингдик жылда дан өсүмдүктөрүнүн төмөн түшүмдүүлүгү менен шартталган.
Дан боюнча эл аралык кеңештин сентябрь айындагы отчетунда дүйнөлүк кургакчылыктын таасирин эске алуу менен 2012-2013 маркетингдик жылга буудайды дүйнөлүк өндүрүүнүн болжолу 657 млн. тоннага чейин төмөндөтүлгөн, бул өткөн сезондун деңгээлинен 38 млн. тоннага аз. Каралып жаткан мезгилдеги буудайдын дүйнөлүк түпкү запасы АКШнын Айыл чарба министрлигинин(2) болжолуна ылайык Австралиянын, АКШнын жана Россиянын резервдеринин кыскаргандыгын чагылдырып, 3,7 млн. тоннага төмөндөйт.
2013-жылы аяктоочу айыл чарба сезонунун акырындагы абал боюнча дан эгиндеринин глобалдуу запасына карата болжол азыркы учурда 499 млн. тоннаны түзөт, бул сентябрдагы болжолдон 4 млн. тоннага жана сезондун башындагы деңгээлден бүтүндөй 5%га төмөн (28 млн. т.). Буудайдын товардык запасынын айрыкча олуттуу кыскарышы Казакстанда, Россия Федерациясында жана Украинада, ошондой эле Кытайда (континенталдык), Европа союзунда жана Америка Кошмо Штаттарында белгиленет.
Буудайдын запасынын көлөмүнүн аны керектөөнүн деңгээлине карата глобалдуу көрсөткүчү 24,8%ды түзөт деп күтүлүүдө, бул 2007-2008-жылдардагы катталган 21,9%ды түзгөн көрсөткүчтөрдүн тарыхындагы минималдуу көрсөткүчтөн 2,9 пайыздык пунктка жогору болгон менен 2011-2012-жылдардагы бааланган көрсөткүчтөн 28,1%га төмөн.
Дүйнөлүк дан рыногунда баалардын бир аз төмөндөгөндүгү байкалат, ага АКШдан дан эгиндерин экспорттоонун темпинин төмөндүгү, дүйнөлүк өндүрүштүн жаңы болжолдорун күтүү, ошондой эле башка товардык жана фондулук рыноктордогу өзгөрүүлөр көмөк көрсөттү. 2012-жылдын 27-сентябрындагы абал боюнча АКШда жумшак буудайга экспорттук орточо баа (ФОБдун шарттарында, Мексика булуңу) бир тоннасы 334 АКШ долларын түздү. Бир жумада баа бир тоннага 7 АКШ долларына же 2,1%га төмөндөгөн.
Баалардын түзүлгөн деңгээлине, негизги азык-түлүк товарларына карата дүйнөлүк баалардын төмөндөшүнөн башка, төмөнкүдөй негизги факторлор таасир көрсөттү:
- газдын баасынан башка коммуналдык кызматтарга баалардын туруктуу деңгээли;
- азык-түлүк товарларына сезондук өзгөрүүлөр (мөмө-жемиште, жашылчалар, эт жана сүт азыктары);
- азык-түлүк эмес товарларга баанын өсүшүнүн карата туруктуу тенденциясы 6,2%, (бир жыл мурда + 5,5%), кызмат көрсөтүүлөр - 8,2% (бир жыл мурун + 9,6%);
- финансылык жыл ичинде мамлекеттик бюджеттин каражаттарын текши эмес чыгымдоо тажрыйбасы.
Жалпы керектөө себетинде негизги үлүштү - 45% ээлеген, - тамак аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын төмөндөөсү баалардын кыймылын монетардык эмес фактор негизги фактор болуп саналат.
| 2-таблица |
2011-2012-жылдардын январь-сентябрында Кыргыз Республикасы
боюнча керектөө товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн
бааларынын индекси
┌───────────────┬──────────┬───────────┬──────────┬──────────┬────────┐
│ │ Керек. │ 2012-ж. │ 2012-ж. │ 2011-ж. │ 2012-ж.│
│ │ себетин- │январь-сен-│ сентябры │ сентябры │ 2011-ж.│
│ │ деги │ тябрында, │ 2011-ж. │ 2010-ж. │ карата │
│ │салыштырма│ 2011-ж. │декабрына │декабрына │фактыдан│
│ │ салмакты │ январь- │карата (%)│карата (%)│ четтөө │
│ │(% менен) │сентябрына │ │ │ (+; -) │
│ │ │карата (%) │ │ │ │
├───────────────┼──────────┼───────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│Керектөө │ 100,0 │ 101,3 │ 103,1 │ 104,4 │ -1,3 │
│товарларына │ │ │ │ │ │
│жана кызмат │ │ │ │ │ │
│көрсөтүүлөргө │ │ │ │ │ │
│баалардын │ │ │ │ │ │
│индекси │ │ │ │ │ │
├───────────────┼──────────┼───────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│анын ичинде: │ │ │ │ │ │
├───────────────┼──────────┼───────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│Товарлар │ 85,0 │ 99,8 │ 102,2 │ 103,5 │ -1,3 │
├───────────────┼──────────┼───────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│алардын ичинен:│ │ │ │ │ │
├───────────────┼──────────┼───────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│тамак-аш │ 45,0 │ 93,5 │ 98,9 │ 103,7 │ -4,8 │
│продуктылары │ │ │ │ │ │
│жана алкоголсуз│ │ │ │ │ │
│суусундуктар │ │ │ │ │ │
├───────────────┼──────────┼───────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│алкоголдук │ 10,0 │ 109,7 │ 104,9 │ 106,0 │ -1,1 │
│ичимдиктер, │ │ │ │ │ │
│тамеки буюмдары│ │ │ │ │ │
├───────────────┼──────────┼───────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│азык-түлүк эмес│ 30,0 │ 109,9 │ 106,2 │ 105,5 │ 0,7 │
│товарлар │ │ │ │ │ │
├───────────────┼──────────┼───────────┼──────────┼──────────┼────────┤
│Кызмат │ 15,0 │ 110,4 │ 108,2 │ 109,6 │ -1,4 │
│көрсөтүүлөр │ │ │ │ │ │
└───────────────┴──────────┴───────────┴──────────┴──────────┴────────┘
Азык-түлүк товарларынын ичинен сентябрында 2011-жылдын декабрына карата балыкка баалардын 12,5% (бир жыл мурун +4,9%), алкоголсуз суусундуктарга 2,5%, мөмө-жемиштерге - 9,1% өсүшү байкалды.
Январь-сентябрдагы нан азыктарына жана акшактарга баалардын тенденциясы 2011-жылдын декабры менен салыштырганда 4,0%га өстү, бул Россия жана Казакстанда үстүбүздөгү сезондо дан өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн аздыгы менен шартталган буудайга импорттук баалардын олуттуу өсүшүнүн фонунда бир жыл мурдагыга караганда бир азга аз (+6,6%). Алсак үстүбүздөгү маркетингдик жылда дан түшүмдөрүнүн жана ун өндүрүүчүлөрдүн (Россия, Казакстан) унунун кымбатташы менен жогорку сорттогу буудай уну - 8,7%га (бир жыл мурун +5,8%), биринчи сорттогу буудай уну - 5,9%га (бир жыл мурун +4,0%), буудай унунан жасалган нан (1-сорттогу) - 9,6%га (бир жыл мурун +7,5%) кымбаттаган.
Кант, бал, джем, шоколад жана конфеттер 0,7%га арзандаган. Кант ошол эле учурда 3,2%га арзандады. Баалардын төмөндөөсү дүйнөлүк рынокто чийки кантка баалар төмөндөгөн фондо (FAOнун маалыматы боюнча сентябрда баа 4,2%га төмөндөдү) кант кызылчасын массалык түрдө кайра иштетүүнү баштоонун, ошондой эле Бразилия, Индия, Кытай жана Таиландда кант камышынын түшүмүнө болжолдун жакшыргандыгынын натыйжасында болуп өттү.
Азык-түлүк тобундагы товарларга баалардын түзүлүшүнө, ошондой эле жалпы сүт азыктарына, сыр жана жумурткага 5,7%га, этке 1,8%га жана майга жана тоң майга - 2,4%га арзандаган баалар таасир берди.
Жашылчаларга баалар жыл башынан тартып 22,4%га төмөндөдү.
Алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын баалары жалпысынан дайыма жогорулады жана 2011-жылдын декабры менен салыштырганда 4,9%га, анын ичинде алкоголдук ичимдиктер - 4,5%га, тамеки буюмдары 6,0%га өстү.
Азык-түлүк эмес товарларга баалардын өсүшү күчөдү, январь-сентябрь айларында баалардын өсүшү 6,2%ды, анын ичинде кийим жана бут кийим 10,2%, үй тиричилик буюмдары - 7,2%ды түздү. Электр энергиясынын жана отундун башка түрлөрүнүн баасы 0,1%га төмөндөгөн, ошол эле учурда газдын баасы 7,1%га жогорулады.
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында кызмат көрсөтүүлөргө баанын 8,2%га сезондук өсүшүнүн тездегендиги байкалды. Транспорт сентябрда 6,6%га, эс алууну жана маданий иш-чараларды уюштуруу - 6,6%га, август айында ресторандарга жана мейманканаларга баалар - 10,9%га кымбаттады. Саламаттыкты сактоодо жыл башынан тартып баалар 9,6% кымбаттаган. Окуу жылынын башталгандыгына байланыштуу билим берүү 8,6%га кымбаттады.
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бензинге баалар 1,6% төмөндөгөн, бул баалардын дүйнөлүк конъюнктурасы жана бир жагынан сезондуулугу менен шартталган. Дизелдик майга дүйнөлүк рыноктордогу жөнөкөй эмес жагдайларга (Жакынкы Чыгыштагы токтобой жаткан нааразычылыктардан улам мунайды кайра иштетүүчү заводдор токтоп калгандыгына) байланыштуу сентябрда баанын өсүшү 5,4%ды түздү.
| 3-таблица |
Кыргыз Республикасынын облустары боюнча керектөө
товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индекси
(2012-жылдын сентябры 2011-жылдын декабрына карата пайыз менен)
┌──────────────────┬───────┬──────────────────────────────────────────┐
│ │ КБИ │ анын ичинде: │
│ │ ├────────────┬───────────┬────────┬────────┤
│ │ │ тамак-аш │Алкоголдук │ азык- │ калкка │
│ │ │ продуктылар│ичимдиктер,│ түлүк │ кызмат │
│ │ │ жана │ тамеки │ эмес │көрсөтүү│
│ │ │ алкоголсуз │ буюмдары │товарлар│ │
│ │ │суусундуктар│ │ │ │
├──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼────────┼────────┤
│Кыргыз │ 103,1 │ 98,9 │ 104,9 │ 106,2 │ 108,2 │
│Республикасы │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼────────┼────────┤
│анын ичинде │ │ │ │ │ │
│облустар боюнча: │ │ │ │ │ │
├──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼────────┼────────┤
│Баткен облусу │ 104,1 │ 98,8 │ 106,9 │ 107,4 │ 111,1 │
├──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼────────┼────────┤
│Жалал-Абад облусу │ 102,7 │ 99,0 │ 106,4 │ 105,7 │ 104,7 │
├──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼────────┼────────┤
│Ысык-Көл облусу │ 105,2 │ 100,2 │ 117,1 │ 109,0 │ 104,1 │
├──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼────────┼────────┤
│Нарын облусу │ 105,0 │ 100,5 │ 108,7 │ 109,1 │ 106,1 │
├──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼────────┼────────┤
│Ош облусу │ 103,2 │ 100,4 │ 103,5 │ 103,3 │ 110,9 │
├──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼────────┼────────┤
│Талас облусу │ 102,2 │ 97,9 │ 109,8 │ 103,6 │ 106,8 │
├──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼────────┼────────┤
│Чүй облусу │ 102,2 │ 97,8 │ 103,8 │ 105,6 │ 106,9 │
├──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼────────┼────────┤
│Бишкек шаары │ 103,0 │ 98,5 │ 103,9 │ 106,8 │ 108,5 │
└──────────────────┴───────┴────────────┴───────────┴────────┴────────┘
Региондук бөлүп алганда жалпы республикалык деңгээлден ашып кеткен үстүбүздөгү жылдын башынан тартып инфляциянын айрыкча жогорку деңгээли Ысык-Көл (5,2%), Нарын (5,0%), жана Баткен (4,1%) облустарында түзүлдү. Бардык облустарда азык-түлүк товарларына баалар төмөн болду.
2012-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы баалардын туруктуу кыймылын жана дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү-өлкөлөрдө жагымсыз климаттык шарттардын кесепетинен баалардын сезилерлик өсүшүн эске алган 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляция 8,4%дын деңгээлинде күтүлүүдө.
Акча-кредит саясаты
Өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аракеттери акча-кредиттик саясаттын шаймандарын колдонуу аркылуу инфляциянын монетардык факторлорун тириндөөгө багытталды, мында биринчи кезектеги милдет адекваттуу инфляциялык күтүүлөрдү түзүү жана банк системасына ишенимди калыбына келтирүү болуп калды.
2012-жылга билдирилген акча-кредиттик саясаттын алкагында КРУБ Кыргыз Республикасы кабыл алган өзгөрүлмө алмашуу курсу саясатын жүргүздү жана алмашуу курсунун кескин өзгөрүлөөрүн жеңилдетүү максатында гана банктар аралык ички валюта рыногуна катышты.
КРУБдун аналитикалык балансынын маалыматтары боюнча, 2012-жылдын сентябрь айынын аягындагы акча базасы, 2012-жылдын башынан тартып 9,8%га (2011-жылдын январь-сентябрында 5,4%га көбөйгөн) көбөйүп 60,2 млрд.сомду түздү. Жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 7,4%га көбөйдү жана отчеттук мезгилдин аягында 53,6 млрд.сомду түздү (2011-жылдын январь-сентябрында көбөйүү 7,6%ды түзгөн).
Банк системасынын аналитикалык балансынын алдын ала маалыматтары боюнча, банктан тышкаркы накталай акчаларды жана улуттук валютадагы депозиттерди камтыган М2 акча агрегаты, 2012-жылдын январь-сентябрларында 14,5%га көбөйүп, (2011-ж. салыштырып жаткан мезгилинде 9,2%га көбөйгөн) сентябрдын аягында 71,1 млрд.сомду түздү.
Кеңири акча массасынын М2Х көлөмү (М2 + чет өлкөлүк валютадагы депозиттер) үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 18,9%га көбөйүп, сентябрдын аягында 94,6 млрд.сомду түздү (2011-жылдын январь-сентябрында 10,5%га көбөйгөн). Ошол эле учурда депозиттердин көлөмү(3) 36,2%га, 44,0 млрд.сомго чейин өстү, ал эми банктан тышкары акчанын көлөмү - 7,1%га, 50,6 млрд.сомго чейин өстү (2011-жылдын январь-сентябрында банктан тышкары акчанын көлөмү 6,7%га, ал эми депозиттердин көлөмү - 16,2%га) көбөйдү.
2012-жылдын январь-сентябрь айларында экономикага кредит(4) сентябрь айынын аягында 38,8 млрд.сомду түзүп, 16,5%га көбөйдү (2011-жылдын ушундай мезгилинде 16,1%га өскөн).
| 4-таблица |
Акча-кредит саясатынын негизги көрсөткүчтөрү мезгилдин акырында
┌────────────────────┬───────┬──────────┬──────────┬──────────┬───────┐
│ Көрсөткүчтүн │ Ченөө │ Мурунку │ Иш │Абсолюттук│ Өсүү │
│ аталышы │бирдиги│мезгилдеги│жүзүндөгү │ өзгөрүү │ темпи │
│ │ │көрсөткүч │көрсөткүч │ │ % │
│ │ │ 2011-ж. │ 2012-ж. │ │ │
│ │ │ декабрь │ сентябрь │ │ │
├────────────────────┼───────┼──────────┼──────────┼──────────┼───────┤
│Акча базасы │млн.сом│54803,2 │60174,7 │ 5371,5 │ 109,8 │
├────────────────────┼───────┼──────────┼──────────┼──────────┼───────┤
│Жүгүртүүдөгү акча │млн.сом│49866,9 │53562,4 │ 3695,5 │ 17,4 │
├────────────────────┼───────┼──────────┼──────────┼──────────┼───────┤
│Банктардагы эмес │млн.сом│47219,6 │50577,2 │ 3357,6 │ 17,1 │
│акчалар (МО) │ │ │ │ │ │
├────────────────────┼───────┼──────────┼──────────┼──────────┼───────┤
│Акча массасы (М2) │млн.сом│62125,3 │71103,5 │ 8978,1 │ 114,5 │
├────────────────────┼───────┼──────────┼──────────┼──────────┼───────┤
│Акча массасы (М2Х) │млн.сом│79527,8 │94593,4 │15065,6 │ 118,9 │
├────────────────────┼───────┼──────────┼──────────┼──────────┼───────┤
│М2Х киргизилген │млн.сом│32308,2 │44016,2 │11708,0 │ 136,2 │
│депозиттер │ │ │ │ │ │
├────────────────────┼───────┼──────────┼──────────┼──────────┼───────┤
│Экономикага │млн.сом│33321,9 │38806,5 │ 5484,6 │ 116,5 │
│кредиттер │ │ │ │ │ │
├────────────────────┼───────┼──────────┼──────────┼──────────┼───────┤
│Алмашуу курсу │сом/АКШ│ 47,1484│ 47,0037│ 0,6637│ 101,4 │
│ │долл. │ │ │ │ │
└────────────────────┴───────┴──────────┴──────────┴──────────┴───────┘
Эл аралык резервдердин көлөмү 2012-жылдын 29-сентябрына карата, 2012-жылдын башынан тартып 133,3 млн. АКШ долл. же 7,3%га көбөйүп 1967,8 млн. АКШ долларын түздү. КРУБдун чет өлкөлүк валютадагы коммерциялык банктардын депозиттерин эсепке албаганда, 2012-жылдын 29-сентябрына карата эл аралык резервдердин дүң көлөмү 108,7 млн. АКШ долларына же 6,0%га көбөйдү же жыл башынан тартып 1932,5 млн. АКШ долларын түздү.
2012-жылдын 31-августуна карата абалы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында 22 коммерциялык банк (Пакистандын Улуттук банкынын Бишкектеги филиалын кошкондо) жана коммерциялык банктардын 286 филиалы иштеген(5).
Банк системасы тарабынан жалпысынын 1462,7 млн.сом өлчөмүндө таза киреше алынды.
Банк системасынын жалпы депозиттик базасы(6) жыл башынан тартып 24,7%га көбөйүп, жалпысынан 50,2 млрд.сомду түзгөн, анын ичинде:
- ишканалардын жана калктын депозиттери жыл башынан бери 26,6%га өсүп, 40,7 млрд.сомду түздү;
- банктардын жана башка финансылык кредиттик мекемелердин депозиттери жыл башынан бери 32,9%га өсүп, 4,49 млрд.сомду түздү;
- бийлик органдарынын депозиттери жыл башынан бери 5,9%га жогорулап, 5,0 млрд.сомду түздү.
Жыл башынан бери банк системасы боюнча юридикалык жактардын депозиттери боюнча өсүш - 31,7%га, жеке жактардын депозиттери боюнча өсүш 21,5% же 3,5 млрд.сом болгондугу байкалды, бул банк системасына ишенимдин сакталышын чагылдырат.
Депозиттик базадагы чет өлкөлүк салымдардын үлүшү ишкананын жана калктын чогултулган депозиттеринин 4,9%ын же 2,0 млрд.сомду түздү.
Банк системасындагы жеке жана юридикалык жактардын депозиттерин "долларлаштыруунун" деңгээли жалпысынан 2012-жылдын 31-августуна карата 53,7%ды түзгөн (жыл башынан бери 0,5 пайыздык пунктка төмөндөгөн).
Банк системасынын кардарларына берилген кредиттерди "долларлаштыруунун" деңгээли жалпысынан 2012-жылдын 31-августуна карата 55,9%ды түзгөн (жыл башынан бери 0,7 пайыздык пунктка төмөндөгөн).
Банк системасынын кардарларына берилген кредиттин көлөмү (кредит боюнча карыздардын калдыгы) жыл башынан бери 14,2%га көбөйүп, жалпысынан 2012-жылдын 31-августуна карата 34,6 млрд.сомду (2011-ж. акырында 31,1 млрд.сом) түзгөн.
Банк системасынын кредиттик портфелинде жалпысынан 2012-жылдын 31-августуна карата классификацияланган кредиттердин үлүшү 8,8%ды же 3,1 млрд.сомду (2011-жылы - 10,2% же 3,2 млрд.сом) түзгөн. Мындан тышкары 2012-жылдын январь-август айларында мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин жыл башындагы 2,4 млрд.сомдон 2,7 млрд.сомго же 12,3%га өсүшү уланып жаткандыгы белгиленди.
КРУБ тарабынан белгиленген эсептөөлөр үчүн колдонулуучу экономикалык ченемдер банк системасынын таза суммардык капиталынын көрсөткүчү жыл башынан бери 3,5%га көбөйүп, 13,9 млрд.сомду түздү (2011-жылдын аягында 13,4 млрд.сомду түзгөн).
Банк системасы боюнча таза суммардык капиталдын жетиштүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү, норматив боюнча 12,0% болсо, 27,6%ды түздү (2011-жылдын акырында - 30,3%).
Банк системасынын активдеринин кирешелүүлүгү (ROA) 3,0%ды, ал эми салынган капиталдын кирешелүүлүгү (ROE) - 17,6%ды түздү.
Финансылык ортомчулуктун (активдер/ИДП) жалпы деңгээли 27,6%ды (2012-жылдын башында - 24,4%) түздү.
Алдын ала маалыматтар боюнча 2012-жылдын январь-август айларында жеке жактардын акча которууларынын таза агымы 1094,4 млн. АКШ долларын түздү, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 14,2%га ашты. Ошону менен мурункудай эле келип түшкөн которуулардын негизги салыштырма салмагы Россия Федерациясынан туура келет (96,1% же 1202,9 млн. АКШ доллары).
Алмашуу курсу. 2012-жылдын январь-сентябрь айларында КРУБдун сатып алууларынын көлөмү 4,8 млн. АКШ долларын, ал эми сатууларынын көлөмү 43,1 млн. АКШ долларын түздү. Мына ошентип КРУБдун банктар аралык валюта рыногундагы таза сатуулары 38,3 млн. АКШ долларын түздү.
АКШ долларынын расмий курсу кыргыз сомуна карата 2012-жылдын башынан бери 2012-жылдын январынын башындагы 1 доллар үчүн 46,4847 сомдон сентябрь айынын акырында 1 доллар үчүн 47,1484 сомго чейин 1,4%га жогорулады.
2. Реалдуу сектордун өнүгүшү
2.1. Айыл чарбасы. 2012-жылдын январь-сентябрь айларында республиканын бардык категориядагы чарбачылыгында айыл чарбасынын продукциялары колдонуудагы баада 123,6 млрд. сомго дүң өндүрүлгөн жана 2,0 %га реалдуу өскөн, анын ичинде мал чарбасы - 1,7 %ды (59,8 млрд. сом), өсүмдүк өстүрүү - 2,3 %ды (61,7 млрд. сом) түздү.
ИДПны түзүүдө айыл чарбасынын оң салымы 0,4 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, анын ИДПнын өндүрүштүк түзүмүндөгү салыштырма салмагы 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,0 пайыздык пунктка көбөйүп, 20,3%ды түздү.
| 5-таблица |
2012-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба
продукцияларын өндүрүү
┌────────────┬─────────┬────────┬────────┬─────────┬─────────┬────────┐
│Көрсөткүчтүн│ 2011-ж. │ 2012-ж.│Фактыдан│ 2012-ж. │ 2012-ж. │ 2012-ж.│
│ аталышы │ январь- │ январь-│ четтөө │ январь- │Күтүлгөн │ январь-│
│ │сентябрь │сентябрь│ (+, -) │сентябрь │ көрсөт- │ декабрь│
│ │ факт │ болжол │ 2011-ж.│Күтүлүүдө│күчтөрдөн│Күтүлүү-│
│ │ │ факт │ │ │ четтөө │ дө │
│ │ │ │ │ │ (+, -) │ │
├────────────┼─────────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│Айыл │109838,9 │123625,1│ 13786,2│ 123559,3│ 65,8 │168965,6│
│чарбасы, │ │ │ │ │ │ │
│млн.сом │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼─────────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│Өсүш темпи, │ 102,5 │ 102,0│ -0,5│ 102,0│ 0,0 │ 101,9│
│% │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼─────────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│анын ичинен:│ │ │ │ │ │ │
├────────────┼─────────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│Өсүмдүк │ 59118,2 │ 61673,5│ 2555,3│ 65515,0│ -3841,5 │ 89492,6│
│өстүрүү, │ │ │ │ │ │ │
│млн.сом │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼─────────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│өсүш темпи, │ 104,1 │ 102,3│ -1,8│ 102,4│ -0,1 │ 102,4│
│% │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼─────────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│Мал чарбасы,│48681,71 │ 59831,1│ 11149,4│ 55893,7│ 3937,4 │ 76856,4│
│млн.сом │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼─────────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│өсүш темпи, │ 100,7 │ 101,7│ 1,0│ 101,5│ 0,2 │ 101,5│
│% │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼─────────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│Кызмат │ 1889,4 │ 2094,6│ 205,2│ 2094,6│ 0,0 │ 2527,9│
│көрсөтүү, │ │ │ │ │ │ │
│млн.сом │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼─────────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│Аңчылык жана│ 149,6 │ 26,0│ -123,6│ 26,0│ 0,0 │ 45,1│
│токой │ │ │ │ │ │ │
│чарбасы, │ │ │ │ │ │ │
│млн.сом │ │ │ │ │ │ │
├────────────┼─────────┼────────┼────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│Балык │ 30,0 │ 30,0│ 0,0│ 30,0│ 0,0 │ 43,6│
│өстүрүү, │ │ │ │ │ │ │
│балык уулоо │ │ │ │ │ │ │
│млн.сом │ │ │ │ │ │ │
└────────────┴─────────┴────────┴────────┴─────────┴─────────┴────────┘
2012-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарбасындагы өндүрүш болжолдонгон деңгээлге жетти (5-таб. карагыла).
Айыл чарбасын өнүктүрүүгө таасир эткен негизги факторлор төмөнкүлөр:
Терс факторлор:
- табигый факторлордун терс таасири: кыштын эрте түшүүсү, бул күзгү себүү иштерин бүтүрүүгө мүмкүндүк бербеди, жагымсыз жаратылыштык-климаттык шарттар, суунун аз болушу, сел менен коштолгон нөшөрлөгөн жамгыр, мындан Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарынын чарба субъекттери жапа чегишти, натыйжада айыл-чарба өсүмдүктөрү жабыркады;
- айыл-чарба өсүмдүктөрүн азыктандыруу берүү үчүн азоттук жер семирткичтеринин жетишсиздиги (камсыз болуу 38,0%):
Жагымдуу факторлор:
- материалдык резервден КММ бөлүштүрүү жана дизель майы менен 100 пайыз камсыз болуу;
- айыл чарба техникасын лизингге берүү;
- "Фермерлерге арзан кредит - 2" программасы боюнча жеңилдетилген кредиттерди берүү, 2012-жылдын январь-сентябрь айларында 700,4 млн.сом каржыланды.
Өндүрүштүн жалпы көлөмүндө мал чарба продукциясынын үлүшү 48,4%ды, өсүмдүк өстүрүү - 49,9%ды, кызмат көрсөтүү - 1,6%ды, аңчылык жана токой чарбасы - 0,1%ды түзөт. Продукциялардын жалпы көлөмүндө дыйкандык (фермерлер) чарбаларынын үлүшүнө 58,9%га, жарандардын жекеге көмөк чарбаларынын үлүшүнө - 37,5%га туура келет.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк. 2012-жылдын 23-сентябрына карата республика боюнча жалпысынан жыйналууга тийиш болгон 570,0 миң га негизинен же 93,1%га жыйналып бүттү, бул мурунку жылга салыштырганда 6,36 миң га аз.
Үстүбүздөгү жылы 324,9 миң га айдоо аянттарына буудай айдалган, бул мурунку жылга караганда 52,5 миң га аз болду. Мурунку жылдын аномалиялык күз мезгили, кыштын эрте келиши 2011-жылдын түшүм жыйноо мезгилине салыштырганда күздүк буудай айдоо аянтын 69,7 миң га кыскартты.
566,5 миң тонна эгин бастырылды же мурунку жылга салыштырганда 281,4 миң тоннага аз.
Кургакчылыктан айрыкча Чүй облусунун фермерлери жапа чегишти, мында түшүмдүүлүк 17,1 ц/га түздү же мурунку жылга карата 9,1 ц/га аз, Ысык-Көл облусунда - 14,5 ц/га жана 6,5 ц/га аз болду.
2012-жылы арпа жалпысынан республика боюнча 149,6 миң га айдоо аянтына себилген, аны дүңүнөн жыйноо 227,2 миң тоннаны түздү, бул мурунку жылга караганда 22,3 миң тоннага аз. Ошону менен түшүмдүүлүк 15,7 ц/га болду, бул мурунку жылга салыштырганда 5,7 ц/га төмөн. Жазгы жана жайкы кургакчылыктан Чүй жана Ысык-Көл облустарынын арпа айдалган аянттары абдан жабыркады.
Республика боюнча 1233,8 миң тонна дан эгини бастырылды же мурунку жылга салыштырганда 166,5 миң тоннага аз.
Республика боюнча кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштеринде 71-82% эгин жыйноочу комбайндар иштеген, калган 18-29 бузуктугунан катыша алган жок.
Түшүм жыйноо иштерин жүргүзүү үчүн - 38,3 миң тонна дизель майы керек болсо түшүм жыйноо мезгилинде анын тартыштыгы байкалган жок. Республика боюнча дизель майынын орточо баасы бир литр үчүн 39-41 сом тегерегинде болду. Ошону менен эң жогорку баа, башка облустарга салыштырганда Баткен облусунда бир литр үчүн - 47,00 сом, ал эми эң төмөнкү баа Талас облусунда бир литр үчүн - 39 сом болду.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин оперативдүү маалыматы боюнча жүгөрү даны 71,3 миң га аянттан же 75,0% жыйналды ал эми дүң жыйымы 302,8 миң тоннаны түздү же мурунку жылга караганда 118,8 миң тоннага көп болду, ал эми буурчак 38,8 миң га аянтынан жыйналды, 65,1 миң тонна буурчак бастырылды, бул да 12,1 миң тоннага көп болду.
Республиканын бардык облустарында кеч бышкан жашылчалардан жана бакча өсүмдүктөрүнөн бышкан түшүм жыйноо иштери бүтүп калды. 23-сентябрга карата 724,2 миң тонна жашылча жыйналды, же мурунку жылга салыштырганда 84,7 миң тоннага көп болду, 191,8 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналды, бул мурунку жылга карата 43,9 миң тоннага жогору.
54,7 миң га айдоо аянтынан (67,1%) картошка казып алынды. Республика боюнча картошканын орточо түшүмдүүлүгү 153,8 ц/га, бул 2011-жылдын деңгээлинен 1,6 ц/га төмөн болду. Картошканы дүңүнөн жыйноо 841,1 миң тоннаны түздү же мурунку жылга караганда 42,3 миң тоннага көп болду.
Жалпысынан республика боюнча 58,1 миң тонна май өсүмдүктөрү бастырылды, бул өткөн жылга салыштырганда 3,8 миң тоннага көп. Ошону менен анын орточо түшүмдүүлүгү 11,1 ц/га же мурунку жылга карата 0,4 ц/га көп болду.
Тамекини дүң жыйноо 7,0 миң тоннаны түздү, бул мурунку жылга караганда 1,9 миң тоннага аз.
Республика боюнча отчеттук датага карата чигиттүү пахта 44,4 миң тонна көлөмүндө жыйналды, бул мурунку жылга салыштырганда 1,7 миң тоннага аз. Учурда республиканын түштүгүндө пахта себилүүчү бардык райондордо чигиттүү пахта жыйноо иштери улантылып жатат.
2012-жылдын 1-октябрына карата Чүй облусунун фермерлери кант кызылчасынын түшүмүн жыйноо иштерин баштады.
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүм жыйноо иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө 168,4 миң тонна мөмө-жемиш өсүмдүктөрү жыйналды же мурунку жылга караганда 7,4 миң тоннага көп, ал эми жүзүм 6,1 миң тонна мурунку жылга салыштырганда 0,8 миң тоннага көп жыйналды.
Нарын облусунан башка жерлерде түшүм жыйноо өнөктүгү аяктары менен күзгү-талаа жумуштары жүрүүдө.
Үстүбүздөгү жылы күз айларында 315 га тоң жер айдалды же мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 127 пайыз. Жалпысынан республика боюнча күзгү өсүмдүктөр мурунку жылга караганда 0,9 миң гектарга аз айдалды (10%га).
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылы күзгү айдоо боюнча белгиленген программаны аткаруу үчүн республиканын чарба субъекттерине 59,4 миң тонна күздүк буудай, ошондой эле 2,0 миң тонна күзгү арпа себүү талап кылынган. Иш жүзүндө 45,6 миң тонна буудай үрөнү жыйналды же 13,8 миң тонна жетпейт 44,0 үрөн керектөөнүн себүү кондициясына чейин жеткирилди. Күзгү арпа үрөнү 1,7 миң тонна жыйналды же 0,3 миң тонна жетпей калды. Арпа үрөнүнүн 41,4% себүү кондициясына чейин жеткирилди. Азыркы учурда республиканын айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүнө 1,6 миң тонна күзгү буудай үрөнү табылды жана бөлүп берилди, анын ичинде мамлекеттик үрөн фонду боюнча 501 тонна, тендер боюнча 778 тонна сатып алынды жана коомдук үрөн фонду аркылуу 313 тонна берилди.
Резервдер жетпей калган 12,2 миң тонна күзгү буудай жана 0,3 миң тонна күзгү арпа үрөндөрүн толтуруу үчүн резервдер региондордогу жергиликтүү себип алуулар жүргүзүлүүдө.
Үстүбүздөгү жылы күзгү буудай жана арпа үрөндөрүн себүү үчүн зарыл болгон көлөмдү химиялык тазалоону жүргүзүү үчүн республикада өбөлгөлөр түзүлдү. Республикага - 25,1 тонна химиялык тазалоо заттары алып келинген, бул керектөөнүн 82,0%ын түзөт.
Күзгү айдоо иштерин жүргүзүү, күзгү кылкандуу дан эгиндерин айдоо жерлерин даярдоо үчүн 15,0 миң тонна дизель майы талап кылынат. Республиканын нефтетрейлери дизель майын май куюучу станцияларга үзгүлтүксүз алып келишүүдө, бул күзгү-талаа иштерин ийгиликтүү жүргүзүүгө кепилдик берет.
2012-жылдын түшүм алуу үчүн күзгү себүүнү жүргүзүүгө себүү ишине жараксыз кыртыш иштетүүчү айыл чарба техникалары өз учурунда ишке даярдалды. Атап айтканда, колдо бар 22,7 миң трактордун 18,8 миңи же 83,0% даяр, 9,95 миң трактор чиркегичтеринин 7,8 миңи же 79,0% даяр, 552ден тазалоочу машиналардын 440 же 84,0% даяр. Ушундай эле деңгээлде дан эгиндерин себүүчү машиналар, трактор соколору жана малоолор даяр.
Мал чарбачылыгы. Республиканын бардык категориядагы чарбакер субъекттери тирүү салмакта этти 252,0 миң тоннада өндүрдү, бул 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 4196 тоннага же 1,7%га көп болду. Эт өндүрүүнү көбөйтүү негизинен ири мүйүздүү малдын башын 39,7 миң башка, кой-эчкилерди 250,4 миң башка, жылкыны - 10,5 башка жана үй канаттууларын 65,4 миң башка көбөйтүүнүн эсебинен жүргүзүлдү.
Республикада сүт өндүрүү 1085,0 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 17,0 миң тоннага же 1,6%га көп.
Республикада 323,6 млн. даана жумуртка алынган, өсүш 2011-жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлине салыштырганда 3,8% түздү.
Январь-сентябрь айларына карата 11,3 миң тонна жүн өндүрүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 2,1%га реалдуу өстү. Отчеттук мезгилде бардык облустарда жүндү дүң өндүрүү мурунку жылдын деңгээлине салыштырганда жогору болду.
Республиканын ички рыногунун негизги тамак-аш азыктары менен камсыздыгы жөнүндө маалымат. 2012-жылдын 1-октябрына карата өндүрүш көлөмдөрүнүн маалыматтарына карата жалпы республика боюнча негизги азык-түлүк менен камсыздык төмөнкүлөрдү түзөт:
1. Өткөн жылдын калдыктарын эске алуу менен:
- керектөөлөрдүн бекитилген ченемине ылайык, экспорт-импортту эске алуу менен: нан азыктары боюнча - 302,5%, картошка - 295,9%, сүт 115,5%, эт - 74,5%, жашылчалар - 295,9%, мөмөлөр жана жемиштер - 28,6%, жумуртка - 58,9%, өсүмдүк майы - 155,2%, кант - 67,7%;
- өз өндүрүшүнүн эсебинен: нан азыктары - 152,1%, картошка 295,9%, сүт - 115,5%, эт - 54,3%, жашылчалар - 295,9%, өсүмдүк майы 26,1%, кант - 0%, жумуртка - 41,7%.
2. Калдыктарды эске албастан:
- керектөөлөрдүн бекитилген ченемине ылайык, экспорт-импортту эске алуу менен: нан азыктары боюнча - 160,2%, картошка - 128,3%, сүт 115,5%, эт - 71,5%, жашылчалар - 172,6%, мөмөлөр жана жемиштер - 27,3%, жумуртка - 44,3%, өсүмдүк майы - 92,7%, кант - 53,2%;
- өз өндүрүшүнүн эсебинен: нан азыктары - 82,6%, картошка 128,3%, сүт - 115,5%, эт - 54,3%, жашылчалар - 128,3%, мөмөлөр жана жемиштер - 24,8%, өсүмдүк майы - 26,1%, жумуртка - 41,7%, кант - 0%.
Учурда ички азык-түлүк рыногундагы кырдаал туруктуу. Негизги азык-түлүк буудайын өндүрүүнүн көлөмү азайганына, жагымсыз табигый-климаттык шарттарга байланыштуу, бул өсүмдүктү себүү аянтынын кыскарышына карабастан, республиканын калкы зарыл болгон көлөмдө нан азыктары менен камсыз болушат. Бул Казакстан менен 200 миң тонна көлөмүндө буудай сатып алуу жөнүндө келишимдин болгондугу менен шартталат. Ошондой эле Россия Федерациясынын айыл чарба министрлиги менен 100,0 миң тонна, анын ичинен 20,0 миң тонна гуманитардык жардам, ал эми калган 80,0 тонна 1 жыл мөөнөткө кредит катары бериле турган келишим бар.
2.1. Өнөр жай(7)
2012-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай экономикалык өсүшкө терс таасирин тийгизген негизги фактор болуп саналды, мында өндүрүштүн көлөмү 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда төмөндөгөн жана 66,1%ды түздү, продукция 81,6 млрд.сом суммасына өндүрүлдү. "Кум-Төр" кенин иштетүүчү ишканаларды эске албаганда - 59,6 млрд.сом, же реалдуу өсүш 107,0%ды түздү.
ИДПны түзүүдө өнөр жай өндүрүшү тарабынан терс салым, "Кум-Төр" кенин иштетүүчү ишканаларды кошо алганда, (-) 7,3 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат. ИДПнын өндүрүш түзүмүндө өнөр жайынын салыштырма салмагы 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 6,9 п.п. азайып 14,4%ды түздү.
Өнөр жайдагы өндүрүштүн иш жүзүндөгү көлөмү 2012-жылдын январь-сентябрь айларына болжолдонгон деңгээлге 21 пайыздык пунктта жетпей калды (6-таб. карагыла).
| 6-таблица |
2011-2012-жылдардын январь-сентябрь айларындагы
секторлор боюнча өнөр жай
┌───────────┬─────────┬───────────────────────┬───────────────┬───────┐
│ Аталышы │ 2012- │ Январь-сентябрь │ 2012-ж. │2012-ж.│
│ │ жылдын │ │январь-сентябрь│январь-│
│ │ январь- │ │ айларында │декабрь│
│ │сентябрь │ │ алдын ала │ күтү- │
│ │айларында│ │фактыдан четтөө│ лүүдө │
│ │ өнөр │ │ (+, -) │ │
│ │ жайдын ├───────┬───────┬───────┼───────┬───────┤ │
│ │ жалпы │2011-ж.│2012-ж.│2012-ж.│2011-ж.│2012-ж.│ │
│ │ көлөмүн-│ факт. │ алдын │ күтү- │ факт. │ күтү- │ │
│ │ дөгү │ │ ала │ лүүдө │ │лүүдөн │ │
│ │салыштыр-│ │ факт. │ │ │ │ │
│ │ ма │ │ │ │ │ │ │
│ │ салмагы │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼─────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Өнөр жай, │ 100,0 │ 125,5 │ 66,1 │ 87,1 │ -59,4 │ -21,0 │ 87,1 │
│бардыгы │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼─────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│анын │ 73,1 │ 121,5 │ 107,0 │ 106,0 │ -14,5 │ 1,0 │ 107,1 │
│ичинде: │ │ │ │ │ │ │ │
│"Кум-Төр" │ │ │ │ │ │ │ │
│кенин │ │ │ │ │ │ │ │
│иштетүүчү │ │ │ │ │ │ │ │
│ишканаларды│ │ │ │ │ │ │ │
│эске │ │ │ │ │ │ │ │
│албаганда │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼─────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│"Кум-Төр" │ 26,9 │ 130,4 │ 27,7 │ 31,4 │-102,7 │ -3,7 │ 70,3 │
│кенин │ │ │ │ │ │ │ │
│иштетүүчү │ │ │ │ │ │ │ │
│ишканалар │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼─────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Кайра │ 72,5 │ 126,1 │ 55,7 │ 83,2 │ -70,4 │ -27,5 │ 83,0 │
│иштетүүчү │ │ │ │ │ │ │ │
│өнөр жай │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼─────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Электр │ 22,1 │ 122,9 │ 109,0 │ 104,9 │ -13,9 │ 4,1 │ 105,9 │
│энергиясын,│ │ │ │ │ │ │ │
│газды жана │ │ │ │ │ │ │ │
│сууну │ │ │ │ │ │ │ │
│өндүрүү │ │ │ │ │ │ │ │
│жана │ │ │ │ │ │ │ │
│бөлүштүрүү │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼─────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│Кен казуу │ 5,4 │ 121,2 │ 123,1 │ 106,2 │ 1,9 │ 16,9 │ 106,8 │
│өнөр жайы │ │ │ │ │ │ │ │
└───────────┴─────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘
Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн олуттуу төмөндөшү кайра иштетүү өнөр жайында өндүрүүнүн көлөмүнүн кыскарышы менен шартталган.
Кайра иштетүү өнөр жайында, өнөр жай продукцияларын өндүрүүдө эң жогорку салыштырма салмак (72,5%) менен 2012-жылдын январь-сентябрь айларында продукциянын көлөмү 59,1 млрд.сомду түздү жана 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 2 эсеге реалдуу төмөндөдү. Өндүрүштүн көлөмүн кыскартууга терс таасир көрсөткөн негизги тармактар төмөнкүлөр болду:
- металлургиялык өндүрүш (69,5%га кыскарган);
- текстиль жана тигүү өндүрүшү (21,3%га кыскарган).
Өнөр жайынын жалпы көлөмүндө айрыкча көп (46,7%) салыштырма салмакты ээлеген металлургиялык өндүрүштүн көлөмүнүн 69,5%га кыскарышына таасир эткен негизги себептер болуп Кум-Төр кениндеги өндүрүштүн көлөмүнүн кыскарышы саналат, мында заттык көлөмдүн индекси 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда бардыгы болуп 27,7%ды түздү, тобокелдик факторуна кабылып, ИДП структурасында терс салымын кошуп (-) 7,9 пайыздык пунктту түздү. Геологиялык факторлордун таасиринен улам үстүбүздөгү жылга болжолдонгон казып алуулардын көлөмү кийинки эки жылга жылдырылды.
Тигүү жана текстиль өндүрүшүндөгү (салыштырма салмагы - 8,1%) өндүрүштүн 21,3%га кыскаруусу тигүү өндүрүшүндөгү продукцияларга суроо-талаптын азайышына байланыштуу Россия Федерациясынан заказдардын азайган эсебинен болду. Мындан тышкары Бажы союзуна катышуучулардын бажы аймагындагы эрежелер катаалдады.
Отчеттук мезгилде кайра иштетүүчү өнөр жайынын ишинин натыйжасына оң таасирин тийгизген өндүрүштүн катарына, 4,1% реалдуу өсүш темпи менен суусундуктарды жана тамекини, жыгачты кайра иштетүүнү жана жыгачтан буюм жасоону - 7,9%, целлюлоз-кагаз өндүрүшүн жана басма иш аракеттерин - 25,2%, транспорт каражаттарын жана жабдууларды - 4,2% кошо алганда, азык-түлүк продуктуларын өндүрүү боюнча ишкананын туруктуу ишин кошууга болот. Башка металл эмес продуктуларды өндүрүүдө реалдуу өсүш 13,6% түздү. Ушул жылы курулуш материалдарына, атап айтканда цементке болгон суроо-талаптын жогору болушунан улам, жарым жыл ичинде артта калуу 30 миң тоннадан ашык болду, оңдоодон кийин мештерди кайра ишке киргизүүнүн жана катуу отунга өтүүнүн натыйжасында Кант цемент заводунун жоготууларынын орду толтурулду. Ал эми "Интергласс" айнек заводун алсак, аны экинчи жарым жылдыкта ишке киргизүү менен курулуш материалдарын өндүрүүнүн көлөмүн реалдуу жогорулатууга мүмкүндүк берди, мында пландалган 3,5 млн. кв.метрдин ордуна 6,1 млн. кв.м айнек өндүрүлдү жана жыл башынан берки өндүрүштүн башка түрлөрүнүн азайган көлөмүнүн ордун толтурууга мүмкүн болду. Мындан тышкары бул сектордо товардык бетонду өндүрүү көлөмү - 1,6 эсеге, кум блогу - 23,1%га өстү.
2012-жылдын январь-сентябрь айларына карата негизги химиялык заттарды өндүрүү боюнча ишканалардын реалдуу өсүш темпи 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 30,3%га жетти. Өндүрүштүн көлөмүнүн жогорулашы "Кыргыз химия - металлургия заводу" ААКга жаңы инвесторлордун келишине байланыштуу болду. 2012-жылдын башынан баштап 2009-жылдын январь айынан бери иштебей турган монокристалдык кремнийди өндүрүү ишке кирди ("Кыргыз химия - металлургия заводу" ААКсы Sta№s E№ergy Corp Канадалык компания тарабынан сатылып алынган жана "Кыргыз химия - металлургия заводу" ААКсынын 49,2% жөнөкөй энчилүү акцияларына "Атлантик Мортос" ЖЧК Россия компаниясы ээлик кылат).
Машина жана жабдууларды өндүрүүнүн реалдуу өсүшү "Дастан" ТНК ААК, "Кемин электротехника заводу" ААК, "№ 5 насос заводу" ЖЧК, "Электротехник" ААК өндүрүштөрүнүн туруктуу иштешинин аркасында 22,8%ды түздү.
Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө (өндүрүштүк өнөр жайдагы көлөмүнүн салыштырма салмагы 22,1%) продукциянын көлөмү 9,0%га реалдуу өсүш темпи менен 18,0 млрд.сомду түздү:
- 2012-жылдын январь-сентябрында электр энергиясын иштеп чыгуу 10977,4 млн. кВт/с түздү, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,8%га көп;
- 2012-жылдын январь-сентябрында электр энергиясын экспорттоо 1469,3 млн. кВт/с түздү, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 36,1%га аз;
- 2012-жылдын январь-сентябрындагы оперативдүү маалыматтар боюнча Бөлүштүрүүчү электр компанияларынын (БЭК) тармактарында электр энергиясын жоготуулар 1461 млн. кВ/с же келип түшүүнүн 19,1%ын түздү, бул 2011-жылга караганда 1,0%га аз болду;
- 2012-жылдын январь-сентябрында жылуулук энергиясынын иштетип чыгуу 2034,1 миң Гкал түздү, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 6,1%га көп болду;
- 2012-жылдын январь-сентябрында келип түшкөн газ 255,7 млн. куб.м түздү, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 18,5%га көп болду;
- 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда (10,9 млн. куб.м каршы 15,2 млн. куб.м). газдын нормадан жогорку жоготуулары 4,3 млн. куб.м азайган.
2012-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17,512 млрд. куб.м түздү, бул 2011-жылдын деңгээлинен 2 млрд. куб.м аз. Суунун мындай көлөмү 2012-жылы ОЗПнын ички керектөөлөрү үчүн гана электр энергиясын иштетүүгө жетет. 2012-жылдын 17-сентябрынан тартып "Электр станциялары" ААКсы Токтогул суу сактагычына зарыл болгон суунун топтолушу үчүн электр энергиясын экспорттоону расмий түрдө токтоткон.
Өлкөдөгү электр коопсуздугун камсыздоо жана электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн төмөнкүдөй иш чаралар жүргүзүлгөн:
- газ берүү боюнча альтернативдүү булактар табылган. Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүн жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, "Кыргызгаз" ААКсынын "КазТрансГаз" ААКсы менен түзүлгөн келишимине ылайык 224 АКШ доллары баасы боюнча 300 млн. куб.м көлөмүндө газ алып келинген. 2012-жылдын 6-сентябрында үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 224 АКШ доллары баасы менен 100 млн. куб.м көлөмүндө газ алып келүүгө кошумча келишим түзүлгөн. "Узтрансгаз" АКсы менен түзүлгөн келишимге ылайык республиканын керектөөлөрүн жабуу үчүн жетиштүү болгон 100 млн. куб.м (калганы 57,4 млн. куб.м) көлөмүндө газ алып келинүүдө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Экспорт-Импорт Банкынын ортосунда "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линияларын жана "Кемин" 500 кВ көмөкчү чордонун куруу" долбоорун каржылоо боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууга кол коюлган (2012-ж. 5-июнь), Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 19-июнундагы № 86 Мыйзамы менен ратификацияланды жана 2012-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен Чүй облусунун Кемин районундагы Чолок айылында "Кемин" 500 кВ көмөкчү чордону куруучу жерге эстелик капсуласын коюу салтанаты болуп өттү. 2012-жылдын 30-августу иштин башталган күнү деп белгиленди:
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен, 2010-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен, 2011-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарын жана Ош шаарын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуу ратификацияланды;
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата ГЭС-1, Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жана пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомун аткарууда негизинен жергиликтүү жана республикалык бюджеттин бюджеттик керектөөчүлөрүнө катуу отун берүүгө тендер өткөрүү аяктады, көмүр казуучу ишканалар даярдоо иштерин жүргүзүштү жана жылытуу мезгилин камсыздоо үчүн керектөөчүлөргө көмүр берүүгө киришти. Көмүр ири керектөөчүлөр - Бишкек шаарындагы ТЭЦке, ведомстволук бюджеттик ишканалардын буу казандарына жана көмүр кенин казуучу ишканалар жайгашкан облустардын калкына берилүүдө.
Кен казуу өнөр жайында (өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндө салыштырма салмагы 5,4%) 2012-жылдын январь-сентябрында 4,4 млрд.сомго продукция өндүрүлдү жана 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда өндүрүштүн көлөмү реалдуу 23,1%га, анын ичинде отун-энергетикалык кендерди казып алуу - 11,9% өстү, жылуулук-энергетикасынан башка кендерди казып алуу 61,0%. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн көбөйүшү көмүрдү, лигнитти - 1,7 эсеге, базальтты - 2,7 эсеге, ошондой эле жаратылыш кумдарын - 16,9%га казып алуу, ошондой эле жаратылыш газын - 8,9%га олуттуу өскөндүгү менен белгиленет.
Жыйынтыкка өнөр жай өндүрүшүнүн реалдуу өсүшү "Кум-Төрдү" эсепке албаганда, 2011-жылдын тийиштүү мезгилиндеги жетишкен 21,5%га караганда 7% гана болду.
2.3. Курулуш
Курулуш комплексинде капиталдык салымдын көбөйгөндүгү белгиленди. 2012-жылдын январь-сентябрь айларында негизги капиталга инвестициянын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 35,4 млрд.сомду түздү жана 9,1%га өстү. Ошону менен 2012-жылдын январь-сентябрь айларында күтүлгөн 19,0% деңгээлине жетпей калды, мында негизги таасир эткен факторлор төмөнкүлөр болду:
- бюрократиялык жол-жоболор, компанияларга курулуш үчүн уруксат берүү жол-жоболорунун узактыгы жана 2012-жылга кен иштеринин планын кеч бекитүү, бул жалпысынан кен казууда капиталдаштыруунун көлөмүн жоготууга алып келди;
- Курулуш иштеринин планын жана бюджеттен каржылануучу 2012-жылга (2012-жылдын июнь айында гана) капиталдык салымдагы объекттердин тизмесин кеч бекитүү. Негизинен, жыл башынан эле бюджеттен капиталдык салымга 1768,1 млн.сом каржыланган, бул 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 2 эсеге аз;
- ушул жылдын кыш айларындагы сезондук факторлордун терс таасири (кыштын узактыгы).
Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү айыл чарба, кен казуу жана кайра иштетүүчү өнөр жайлары, соода, авто унааларды, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуудагы предметтерди оңдоо, кыймылсыз мүлктөр операциялары, ижара жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү объекттерди куруунун көлөмүн көбөйтүү эсебинен камсыздалды. Ошону менен кайра иштетүүчү өнөр жай объекттерин курууга өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү 2011-жылдын январь-сентябрь айларына карата 3,2 эсеге көбөйдү.
Ошону менен бирге эле 2011-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда инвестициянын көлөмүнүн төмөндөшү мейманкана жана ресторан курулуштарында, электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү боюнча объекттерде, транспорт жана байланышта, коммуналдык, социалдык жана персоналдык кызмат көрсөтүүдө жана турак-жай курулушунда байкалды, жалпы көлөмдөгү алардын үлүшү 20%га чейин кыскартылды. Мында транспорттогу өздөштүрүлгөн инвестиция эки эсеге, мейманкана жана ресторан курулушу - 40%га, байланыш объекттери - 23,8%га, турак-жай курулушу - 11,4%га төмөндөдү.
Ички инвестициялык каражаттардын суммалык үлүшү өздөштүрүлгөн капиталдык салымдын жалпы суммасынын 72,63%ын жана тышкы инвестициянын 27,4%ын түздү.
2011-жылдын тийиштүү мезгили менен салыштырганда негизги капиталдагы ички инвестициянын көлөмү 11,7%га көбөйдү, анын ичинен ишканалардын жана уюмдардын каражаттары - 30,9%га, калктын каражаттары - 8,0%га, жергиликтүү бюджеттин каражаты - 1,6 эсеге жана банктын кредиттери 3,9 эсеге. Ошону менен, республикалык бюджеттен инвестиция 2011-жылдын январь-сентябрь айларынын деңгээлине карата 51,9%ды түздү.
Тышкы булактардан негизги капиталдагы инвестициянын көлөмү 2,6%га жогорулады, анын ичинен чет өлкөлүк түз инвестициялар 2,3 эсеге жана чет өлкөлүк гранттар, гуманитардык жардамдар 2 эсеге өстү. Ошону менен чет өлкөлүк кредиттер боюнча инвестициялар 2011-жылдын январь-сентябрь айларынын деңгээлине карата 50,3%ды түздү.
2012-жылдын январь-сентябрь айларында инвестиция структурасына бюджеттик салым 2011-жылдын ушундай мезгилиндеги 11,5%га каршы 6,5%ды, чет өлкөлүк кредиттер 2011-жылдын ушундай мезгилиндеги 20,1%га каршы 9,2%ды, Кыргыз Республикасынын резидентинин кайрымдуулук жардамын кошо алганда, калктын каражаттары 2011-жылдын ушундай мезгилиндеги 27,1%га каршы 27,0%ды түздү.
2012-жылдын январь-сентябрында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 32,8 млрд.сомду түзгөн жана 12,0%га көбөйгөн. Курулуштун дүң продукцияларынын өсүшү аткарылган курулуштук подряддык жана башка капиталдык иштердин, негизги капиталдагы инвестиция түзүмүнүн чыгымдарынын үлүшүнүн көбөйүшү, ошондой эле мекемелерди жана курулмаларды капиталдык жана учурундагы оңдоо жумуштарынын көлөмүнүн өсүшү менен шартталат.
Экономикалык өсүштүн темпине курулуш секторунун таасири оң болду жана ИДПны түзүүгө салымы 0,55 пайыздык пунктту, ИДПнын өндүрүш структурасындагы салыштырма салмагы - 5,1%ды түздү.
| 7-таблица |
2011-2012-жылдардын январь-сентябрында негизги капиталга
инвестициялардын көлөмү жана курулуштун дүң продукциялары
┌────────────────┬────────┬────────┬────────┬────────┬────────┬───────┐
│ Көрсөткүчтөр │2011-ж. │2012-ж. │2012-ж. │2012-ж. │2012-ж. │2012-ж.│
│ │январь- │январь- │январь- │январь- │январь- │январь-│
│ │сентябрь│сентябрь│сентябрь│сентябрь│сентябрь│декабрь│
│ ├────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│ │ факт. │ алдын │ 2011-ж.│күтүлүү-│күтүлүү-│ күтү- │
│ │ │ ала │фактыдан│ дө │ дөн │ лүүдө │
│ │ │ факт. │ четтөө │ │ четтөө │ │
├────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Курулуштун │ 28023,3│ 32825,8│ 4802,5│ 35403,8│ -2578,0│54265,5│
│дүң продукциясы,│ │ │ │ │ │ │
│млн.сом │ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Өсүш темпи, % │ 95,0│ 112,0│ 17,0│ 120,4│ -8,4│ 119,3│
├────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Баанын индекси, │ 117,6│ 104,6│ -13,0│ 104,9│ -0,3│ 108,9│
│% │ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Негизги │ 31014,6│ 35379,8│ 4365,2│ 38829,7│ -3449,9│60871,7│
│капиталга │ │ │ │ │ │ │
│инвестициялар, │ │ │ │ │ │ │
│млн.сом │ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Өсүш темпи, % │ 87,5│ 109,1│ 21,6│ 119,4│ -10,3│ 118,1│
├────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│анын ичинде: │ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Ички │ 21952,3│ 25674,6│ 3722,3│ 27840,9│ -2166,3│43645,0│
│инвестициялар, │ │ │ │ │ │ │
│млн.сом │ │ │ │ │ │ │
├────────────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼────────┼───────┤
│Тышкы │ 9062,3│ 9705,2│ 642,9│ 10988,8│ -1283,6│17226,7│
│инвестициялар, │ │ │ │ │ │ │
│млн.сом │ │ │ │ │ │ │
└────────────────┴────────┴────────┴────────┴────────┴────────┴───────┘
Өткөн мезгилде: плихлорвинил идиштерди, эмеректерди, сырды, макарон азыктарын өндүрүү, минералдык сууларды куюштуруу боюнча цехтер жана кичи-наабайканалар; 3,2 км узундуктагы жээктерди чыңдоочу курулуштар, 14,7 км - селге каршы курулуштар, 0,2 км узундуктагы дренаж эрозияга каршы иш-чаралары жүргүзүлдү; облустук жана жергиликтүү маанидеги 4,60 км узундуктагы катуу төшөлмөлүү автоунаа жолдору, айыл чарбасында 39 км узундуктагы чарба ичиндеги жолдор, ошондой эле үч көпүрө ж.б. курулду жана ишке киргизилди.
"Датка" жана "Кемин" көмөкчордондордун курулушунда өздөштүрүлгөн каражаттардын көлөмү 169,7 млн.сомду түздү.
Өздөштүрүлгөн инвестициялардын негизги үлүшү тоо-кен казуу өнөр жайына (инвестициялардын жалпы көлөмүнөн 27,8%) жана транспорт жана байланыш объекттерин курууга (14,1%) багытталган.
Отчеттук мезгилде "Талас-Тараз-Суусамыр", "Ош-Эркечтам", "Ош-Исфана", "Бишкек-Нарын-Торугарт", "Түштүк транспорт коридору" автоунаа жолдорун куруу жана реконструкциялоо, "Аймактык жол коридорун жакшыртуу" долбоору боюнча жолдорду реабилитациялоо иштери жүзөгө ашырылды.
2012-жылдын январь-сентябрында 15014,5 млн.сом суммасындагы негизги фонддор колдонууга берилген, мында өздөштүрүлгөн инвестициялардын бир сомуна негизги фонддун 2011-жылдын январь-сентябрындагы 0,60 сомуна каршы 0,42 сом туура келди.
Отчеттук мезгилде жалпы аянты 521,1 миң чарчы метр 5001 батир колдонууга берилген, же 2011-жылдын январь-сентябрынын деңгээлине карата 91,0%. Үстүбүздөгү жылдын III кварталында 211,6 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди, бул 2011-жылдын III кварталынан 3,3%га көп.
Өткөн мезгилде турак жай курулушуна (баалоо боюнча) негизги капиталга 7946,3 млн.сом инвестиция колдонулду, бул 2011-жылдын январь-сентябрынан 11,4%га аз.
Турак жайларды куруу жана пайдаланууга киргизүү негизинен калктын каражаттарынын эсебинен (алардын жалпы пайдаланууга киргизүүсүнүн 92,2%) жүргүзүлүүдө.
2012-жылдын январь-сентябрь айларында жалпы билим берүү мектептерин курууга багытталган инвестициялардын көлөмү жогорулап, 716,3 млн.сомду түздү, бул 2011-жылдын январь-сентябрь айларынан 1,4 эсеге көп. Мында 2254 окуучу орунуна эсептелген мектептер пайдаланууга киргизилди: анын ичинде Баткен облусунда - 140 окуучу орунуна, Ош облусунда - 220, Талас облусунда - 384, Жалал-Абад облусунда - 550 окуучу орунуна жана Бишкек шаарында - 960 окуучу орунуна, бул 2011-жылдын январь-сентябрынан 4,9 эсеге көп.
2011-жылдын январь-сентябрына салыштырганда амбулатордук-бейтапканалык мекемелердин курулушун каржылоо 25,4 млн.сомду түзүп кыскарды, мында сменасына 98 келүүчүгө арналган амбулатордук-бейтапканалык мекеме пайдаланууга берилген (2011-жылдын январь-сентябрынан 75,5%дан аз).
Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда ооруканаларды пайдаланууга берүү мурдагы деңгээлде калганынан карабастан, алардын курулушуна багытталган инвестициялардын көлөмү 4,5 эсеге көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрына Ош шаарында 35 орундук оорукана пайдаланууга берилди.
Балдар бакчаларын курууга негизги капиталдагы инвестициянын 32,6 млн.сому өздөштүрүлдү, бул 2011-жылдын январь-сентябрынан 12,1%га көп.
2.4. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү
ИДПга олуттуу оң салым (2,2 пайыздык пункт) кызмат көрсөтүү секторунан болду, мында жылдын башынан тартып реалдуу өсүш 5,0%ды түздү, анын ИДП өндүрүү структурасындагы салыштырмалуу салмагы 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 3,1 пайыздык пунктка көбөйүп, 46,4%ды түздү. Мында 2012-жылдын январь-сентябрына күтүлгөн 6% деңгээл 1,0 пайыздык пунктка жетишилген жок.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшүнө салым соода тарабынан камсыздалган, мында өсүш 8,2%ды, мейманкана жана ресторандык кызмат көрсөтүүдө - 10,4%ды, транспорт жана байланышта - 8,8%ды түздү, алардын суммалык үлүшү дээрлик 70%га жетти (соода - 46,9%).
| 8-таблица |
2011-2012-жж. кызмат көрсөтүүнүн негизги көрсөткүчтөрү
┌────────────────┬────────┬────────┬────────┬────────────────┬────────┐
│ Көрсөткүчтөр │ 2011- │ 2012- │ 2012- │Январь-сентябрь │2012-ж. │
│ │ жылдын │ жылдын │ жылдын │ четтөөлөр │январь- │
│ │ январь-│ январь-│ январь-│ (+, -) │декабры │
│ │сентябры│сентябры│сентябры│ │ │
│ ├────────┼────────┼────────┼───────┬────────┼────────┤
│ │ факт │ болжол │ күтүү │ 2011- │ 2012- │ күтүл. │
│ │ │ факт │ │жылдан │ жылдан │ │
│ │ │ │ │ │ күтүү │ │
├────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼────────┼────────┤
│Кызмат көрсөтүү │ │ │ │ │ │ │
│чөйрөсү: │ │ │ │ │ │ │
│- млн.сом │152331,1│170528,1│176565,0│18197 │ -6036,9│261582,2│
│ ├────────┼────────┼────────┼───────┼────────┼────────┤
│- өсүш темпи, % │ 105,3│ 105,0│ 106,0│ -0,3│ -1,0│ 106,5│
├────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼────────┼────────┤
│Соода, │ │ │ │ │ │ │
│автомобилдери, │ │ │ │ │ │ │
│тиричилик │ │ │ │ │ │ │
│буюмдарын оңдоо:│ │ │ │ │ │ │
│- млн.сом │ 47887,3│ 52389,3│ 54088,0│ 4502 │ -1698,7│ 82446,5│
│ ├────────┼────────┼────────┼───────┼────────┼────────┤
│- өсүш темпи, % │ 104,8│ 108,2│ 107,3│ 3,4│ 0,9│ 107,9│
├────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼────────┼────────┤
│Транспорт: │ │ │ │ │ │ │
│- млн.сом │ 18976,5│ 22423,5│ 24526,1│ 3447 │ -2102,6│ 36425,6│
│ ├────────┼────────┼────────┼───────┼────────┼────────┤
│- өсүш темпи, % │ 109,7│ 109,8│ 113,6│ 0,1│ -3,8│ 114,4│
├────────────────┼────────┼────────┼────────┼───────┼────────┼────────┤
│Байланыш: │ │ │ │ │ │ │
│- млн. сом │ 14492,4│ 15687,4│ 15442,5│ 1195 │ 244,9│ 21308,6│
│ ├────────┼────────┼────────┼───────┼────────┼────────┤
│- өсүш темпи, % │ 112,4│ 107,6│ 105,2│ -4,8│ 2,4│ 105,6│
└────────────────┴────────┴────────┴────────┴───────┴────────┴────────┘
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө төмөнкү жагымдуу факторлор таасир тийгизди:
- товарларга жана кызматтарга керектөө суроо-талабынын өсүшү (орточо айлык акынын 22,6%га реалдуу өсүшү);
- 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда керектөө кредиттеринин 21%га өсүшү;
- 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда экономикага кредиттердин 16,5%га өсүшү;
- жеке жактардын акчалай которууларынын таза агымынын 14,2%га өсүшү (2012-жылдын январь-августунда сумма 1094,4 млн. АКШ долларын түздү).
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн түзүмүндө рыноктук кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 73,6%ды түзөт, мында 2012-жылдын январь-сентябрында дүңүнөн чыгаруу реалдуу өсүштүн 5,7% темпи менен 125,5 млрд.сомду түздү, ал эми рыноктук эмес кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 26,4%, мында реалдуу өсүш 2,9%га көбөйдү.
2012-жылдын январь-сентябрында соода жүргүзүү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо 185,0 млрд.сомду, реалдуу өсүш темпи 109,3%ды (2011-жылдын январь-сентябрында өсүш темпи - 105,4%) түздү. Үлүшү 85%дан ашкан чекене жана дүң соода 2,90 пайыздык пунктта сооданы жүгүртүүнүн өсүшүнө кумулятивдик салымды кошушту. Сооданы жүгүртүүгө айрыкча көп салымды мотор отунун чекене соодалоо кошту. Айыл чарба иштерин жүргүзүүгө байланыштуу мунай продуктуларына суроо-талаптын жогорулашы мотор отунун соодалоонун 24,9%га өсүшүнө алып келди.
Товар жүгүртүүнүн өсүшүнө курулуш материалдарын (жыгач материалдарын, цементти, айнекти, курулуш кышын) сатуунун өсүшү көмөк көрсөттү.
Региондорду ажыратып караганда, сооданын өсүшүнө негизги салымды Чүй жана Жалал-Абад облустары жана Бишкек шаары кошту, алардын кумулятивдик салымы 5,6 пайыздык пунктка бааланууда. Баткен (90,3%) жана Нарын (99,1) облустарынан тышкары, бардык облустарда 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда чекене соода жүргүзүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн оң темпи байкалууда.
Чекене товар жүгүртүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнүн өсүшү негизинен, сооданын инфраструктурасын жакшыртуунун, ишкердик субъекттери үчүн салыктык жеңилдиктердин (тигүү жана текстиль тармактарына салык салууну жөнөкөйлөтүү жана жеңилдетүү, курулуш үчүн атайын товарларды КНСтен бошотуу), текшерүүлөрдү, лицензиялардын түрлөрүн жана мамлекеттик жөнгө салуунун башка чараларын кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүүнүн, калктын иш активдүүлүгүн жогорулатуу жана тейлөө сапатын жакшыртуунун (атайын дүкөндөр, соода үйлөрү, соода түйүндөрү ж.б., жана ошондой эле жүгүртүүдө кийим-кече, аралаш жана азык-түлүк рынокторунун үлүшүн төмөндөтүү аркылуу) эсебинен камсыз кылынды.
2012-жылдын январь-сентябрында транспорт жана байланыш кызматынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө салымы 2,1 пайыздык пунктту түздү. 2012-жылдын январь-сентябрында транспорт кызматынын дүңүнөн чыгарылышы 22,4 млрд.сом көлөмүндө болду, реалдуу өсүштүн темпи 109,8%ды түздү. 2011-жылдын январь-сентябрына салыштырганда өсүш темпи 0,1 пайыздык пунктка тездетилди, бирок 3,8 пайыздык пункттагы болжолдук көрсөткүчтөргө жетпей калды. Өткөн мезгилде жүргүнчүлөрдү ташуу 7,9%га өстү. Жүк ташуу 2011-жылдын январь-сентябрына салыштырганда 12,2% өстү. Мында жүк ташуунун өсүшү транспорттун баардык түрлөрү боюнча байкалды: темир жолу боюнча жүк ташуу 20,0%га өстү.
2012-жылдын январь-сентябрында байланыш кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүш темпи 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 7,6%га өстү жана 15,7 млрд.сомду түздү. Байланыш кызматынын өсүшү уюлдук байланыш кызматынын кеңейтилиши, интернетке жетишүү, санарип телеберүүнү жайылтуу; банк системасынын жана банк эмес финансы-кредиттик мекемелердин ресурстук базасынын кеңейтилиши менен түшүндүрүлүүдө.
Социалдык-саясий туруктуулук жана туристтик тармакты колдоого багытталган Өкмөттүн аракеттери, мейманканалардын жана ресторан кызмат көрсөтүүлөрүнүн жогорку өсүш темпине көмөк көрсөттү жана 2012-жылдын январь-сентябрында 110,4%ды түздү, мында мейманканалар - 107,4%, ресторандар - 110,9%.
Мейманканалардын жана ресторан кызматтарынын өсүшүнө Борбордук Азия аймагында туризм чөйрөсүндө ишке киргизилген долбоор - aMart TRAVEL эс алуу үчүн сунуштарды издөө боюнча акысыз сервис көмөк көрсөттү. Жаңы платформа жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жардамы менен Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн кызыктуу жерлерине чет өлкөлүк туристтердин көңүлүн бурууга жардам берди. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк жарандардын келүүсү 2508,6 миң адамды түздү, бул 2011-жылдын январь-сентябрынан 371,0 миң адамга көп.
Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана туристтик жагымдуулугун жогорулатуу максатында 44 мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режим киргизилди.
3. Тышкы соода жүгүртүү
2012-жылдын январь-августунда тышкы соода жүгүртүү эки негизги фактордун таасири алдын түзүлдү, алар: (1) "Кум-Тор" кенинде өндүрүштүн төмөндөшүнөн улам алтындын экспортунун көлөмүнүн төмөндөшү жана (2) Бажы союзунун аракеттенүү шарттарынын күчүнө киришинен улам товарлардын экспортун чектөө менен жана мамлекеттик контролдоонун бардык түрлөрүн Бажы союзунун тышкы чек арасына которууга байланыштуу кыйынчылыктар.
Ушул эки негизги факторду эске алуу менен 2012-жылдын январь-сентябрында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 4,2 млрд. АКШ долларын түздү жана 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 12,8%га өстү. Мында экспорттук ташып келүүлөр 22,5%га кыскарып 969,6 млн. АКШ долларын түздү. Алтынды эсепке албаганда, экспорттун көлөмү 24,6%га өстү жана 721,6 млн. АКШ долларын түздү.
Импорт. 2012-жылдын январь-августунда импорттолгон товарлардын көлөмү 3275,9 млн. АКШ доллары деңгээлинде түзүлгөн жана номиналдуу пунктууда 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 30,4%га өстү. Продукциянын импортунун өсүшүнүн негизги фактору калктын кирешесинин өсүшү, анын ичинде айлык акынын 22,6%га жогорулашы менен шартталган жогорку жеке керектөө болду.
Товарлар негизинен Россиядан (импорттун жалпы көлөмүндө 32,9%), Кытайдан (21,4%), Казакстандан (10,1%), АКШдан (5,6%), Жапониядан (4,1%), Германиядан (3,9%), Туркиядан (2,7%), Украинадан (2,6%), Белорусиядан (2,4%) ж.б. импорттолгон.
Импорттук келүүлөрдүн өсүшү товарларды ташып келүүнүн Жапониядан 1,7 эсеге, Германиядан - 1,6 эсеге, Туркиядан - 1,5 эсеге, Казакстандан - 35,5%га, Россиядан - 33,2%га, Кытайдан 30,6%га жогорулашы менен шартталган.
2012-жылдын январь-августунда 2011-жылдын январь-августуна салыштырганда: жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын, алардын бөлүктөрүн жана шаймандарын 81,1 %га, кийим ага тиешелүү буюмдар 12,6%га, азык-түлүк товарлары жана айыл чарба чийки заттары - 8,6 %га, химиялык жана өнөр жайдын ага байланыштуу тармактарынын продукциясы 26,6%га, машина куруу продукциясы (машина жана жабдуулар, электр машиналары жана аппараттары, транспорт каражаттары жана алардын бөлүктөрү, ж.б) - 55%га, кара, түстүү, кымбат баалуу эмес металлдар жана алардан жасалган буюмдар - 58,4%га, буудай - 40,8%га, нефть продукциясы 31,0%га, анын ичинде: бензин - 1,4 эсеге, дизель майы - 45,0%га сыяктуу импорттун бардык негизги статьялары боюнча импорт көбөйдү.
Импорттун өсүшүнө негизги салымды орто аралык товарлар кошушту (салым 9,1 п.п.), алардын өсүш темпи 39,2%ды түздү. Инвестициялык товарлардын жана энергия продуктуларынын салымы 7,7 жана 7,6 пайыздык пунктту түздү. Бул өсүш импорттук товарлардын бааларынын өсүшү жана натуралай туюптулушунуп өсүшү менен шартталган, аларды керектөө өткөрүлүп жаткан талаа иштери менен шартталган.
Экспорт. 2012-жылдын январь-августунда экспорттук берүүлөр 2011-жылдын январь-сентябрына салыштырганда алыскы чет өлкөлөргө экспорттун 51,9%га кыскарышынын эсебинен, 280,9 млн. АКШ долларына кыскарды. Экспорттун негизги көлөмү Казакстанга 32,3% (экспорттун жалпы көлөмүнөн), Швейцарияга - 25,7%, Россияга - 15,5%, Өзбекстанга - 8,5% туура келет. Экспорттун кыскарышы алтындын экспорттук берүүсүнүн кыскарышы менен шартталган, анын өндүрүү 67,2%га кыскарды.
Алтынды эсепке албаганда, экспорт негизинен органикалык эмес химиялык заттардын экспортун 6,3 эсеге, пахта-буласы - 3 эсеге, айнек жана андан жасалган буюмдар - 3,6 эсеге, минералдык чийки заттар - 2,4 эсеге, цемент - 50%га, кийим - 11,4%га, азык-түлүк товарлары жана айыл чарба чийки заттары - 4,2%га (анын ичинде жашылчалар жана жемиштер 11%га), чыңалуу лампалары -3,8%га, кара, түстүү металлдар жана алардан жасалган буюмдар - 18,3%га, нефть продуктулары - 18,5% өсүшүнүн эсебинен экспорт 24,6%га өстү.
Соода балансынын таңсыктыгы (-) 2306,3 млн. АКШ доллары көлөмүндө түзүлдү (2011-жылдын январь-августунда (-) 1262,4 млн. АКШ доллары).
Акыркы жылдары соода балансынын терс сальдосу улам көбүрөөк өсүүдө жана кабатырлыкты пайда кылууда. Бирок импорттун функциялык түзүмүндө дээрлик 70%ды инвестициялык жана орто аралык товарлар (машиналар, жабдуулар, чийки заттар, материалдар жана комплекттөөчү буюмдар, нефть продуктулары, газ, көмүр) ээлеп, аларсыз улуттук экономиканы өнүктүрүүгө мүмкүн эмес болууда. Мында керектөө товарларынын салыштырмалуу салмагы мурдагы жылдагы 38%ден ушул жылдын 32%ге чейин акырындап төмөндөөдө.
2012-жылы тышкы соода жүгүртүүнүн күтүлүүчү көлөмү - 7550 млн. АКШ долларын түзөт, анын ичинде: импорт - 5400 млн. АКШ доллары, экспорт 2150 млн. АКШ доллары.
4. 2012-жылдын январь-сентябрында мамлекеттик бюджеттин аткарылышы
4.1. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы
Борбордук казыначылыктын маалыматтары боюнча 2012-жылдын январь-сентябрында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 62631,4 млн.сомду же белгиленген пландуу милдеттен 99,9%ды түздү. Отчеттук мезгилде мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесинин үлүшү ИДПга карата 30,7%ды түздү. Пландын аткарылбаган суммасы 55,2 млн.сомду түздү, бул негизинен расмий трансферттердин толук эмес келүүлөрүнө байланыштуу болду. Мында 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда бюджеттин жалпы кирешелери 13,9%га же 7621,4 млн.сомго өстү.
| 9-таблица |
Мамлекеттик бюджеттин кирешеси, (млн.сом)
┌────────────────────────┬────────────────────────┬───────────────────┐
│2012-ж. январь-сентябры │2012-ж. январь-сентябры │ Четтөө (+/-) │
│ план │ факт. │ │
├────────────────────────┼────────────────────────┼───────────────────┤
│ 62686,6 │ 62631,4 │ -55,2 │
└────────────────────────┴────────────────────────┴───────────────────┘
Мамлекеттик бюджетке салыктык келип түшүүлөрдүн көлөмү 45614,8 млн.сомду түздү, бул белгиленген пландык милдеттин 100,1%ын түзөт. 2011-жылдын ушундай мезгилине карата салык кирешелери 7932,0 млн.сомго же 21,0% өстү.
Анын ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 24610,6 млн.сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналган, пландык көрсөткүч 100,8%га аткарылган. Мында Кум-Төр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албастан салык кирешелери 21403,5 млн.сомду же планга карата 101,9%ды түздү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 21004,1 млн.сом суммасында бажы жыйымдарынын жана төлөмдөрүнүн келип түшүүсү же пландын 99,4% камсыз кылынды. 2011-жылдын ушундай мезгилине карата акчалай кирешенин түшүүсү 4822,3 млн.сомго өстү, бул импорттун көлөмүнүн жогорулашы менен шартталат.
| 10-таблица |
Мамлекеттик бюджеттин киреше түзүмү (млн.сом)
┌─────────────────────┬──────────┬──────────┬──────┬──────────┬───────┐
│ │ 2011-ж. │ 2012-ж. │ Өсүү │ 2012-ж. │Аткаруу│
│ │янв.-сент.│янв.-сент.│темпи,│янв.-сент.│пайызы │
│ │ факт │ факт │ (%) │ план │ (%) │
│ │(млн.сом) │(млн.сом) │ │(млн.сом) │ │
├─────────────────────┼──────────┼──────────┼──────┼──────────┼───────┤
│Салыктык келип │ 37682,8 │ 45614,8 │ 121,0│ 45563,8 │ 100,1 │
│түшүүлөр │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼──────────┼──────┼──────────┼───────┤
│анын ичинде: │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼──────────┼──────┼──────────┼───────┤
│Мамлекеттик салык │ 21500,9 │ 24610,6 │ 114,5│ 24423,0 │ 100,1 │
│кызматы │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼──────────┼──────┼──────────┼───────┤
│Мамлекеттик бажы │ 16181,8 │ 21004,1 │ 129,8│ 21140,0 │ 99,4 │
│кызматы │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼──────────┼──────┼──────────┼───────┤
│Салыктык эмес келип │ 12034,3 │ 13535,9 │ 112,5│ 13185,0 │ 102,7 │
│түшүүлөр │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼──────────┼──────┼──────────┼───────┤
│Алынган расмий │ 5293,0 │ 3480,8 │ 65,8│ 3938,7 │ 88,4 │
│трансферттер │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼──────────┼──────────┼──────┼──────────┼───────┤
│Баардыгы │ 55010,1 │ 62631,4 │ 113,9│ 62686,6 │ 99,9 │
└─────────────────────┴──────────┴──────────┴──────┴──────────┴───────┘
Каралып жаткан мезгилде мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес келип түшүүлөрү 13535,9 млн.сомду же пландан 102,7%ын түздү. Өсүү темпи 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 112,5%ды түздү же келип түшүүлөр 1501,6 млн.сомго өстү. Бул өсүш негизинен КР Улуттук банкынын, мамлекеттик ишканалардын жана атайын бюджеттик мекемелердин кирешелеринин түшүүлөрүнүн көбөйүшү, транспорт каражаттарын каттоо жана кайрадан каттоо үчүн алынуучу төлөмдөрдүн жана башка салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрүнө байланыштуу.
Расмий гранттардын келип түшүүлөрү 3480,8 млн.сомду же пландын 88,4%ын түздү, бюджетке 457,9 млн.сом келип түшкөн эмес, негизинен МТИ гранттарынын келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу. 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда гранттардын келип түшүүлөрү 34,2%га же 1812,2 млн.сомго төмөндөдү.
4.2. Мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы
2012-жылдын январь-сентябрында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарсыз жана мамлекеттик карызды эсепке алуу менен) 600396 млн.сом суммасында же пландын 90,9% аткарылды. 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда жалпы чыгымдар 8211,5 млн.сомго же 15,8%га өстү. ИДПнын көлөмүнө карата республикалык бюджеттин жалпы чыгымдары 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайыздык пунктка өсүү менен 29,5%ды түздү.
| 11-таблица |
Республикалык бюджеттин чыгашалары (млн.сом)
┌─────────────────┬──────────┬──────────┬────────┬──────────┬─────────┐
│ Статьялардын │ 2011-ж. │ 2012-ж. │ Өсүү │ 2012-ж. │Аткарылды│
│ аталыштары │янв.-сент.│янв.-сент.│ темпи, │янв.-сент.│ (%) │
│ │ факт. │ факт. │ (%) │ план │ │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Бардыгы: │ 51828,1 │ 60039,6 │ 115,8 │ 66014,9 │ 90,9 │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Айлык акы │ 9120,8 │ 10930,6 │ 119,8 │ 11301,5 │ 96,7 │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Социалдык фондго │ 953,3 │ 1214,0 │ 127,3 │ 1281,7 │ 94,7 │
│төгүмдөр │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Медикаменттерди │ 304,9 │ 305,5 │ 100,2 │ 307,7 │ 99,3 │
│сатып алуу │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Социалдык │ 5896,3 │ 8265,5 │ 140,2 │ 8327,7 │ 99,3 │
│камсыздоо боюнча │ │ │ │ │ │
│жөлөк пулдар │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Калкка социалдык │ 4249,4 │ 3885,2 │ 91,4 │ 3971,5 │ 97,8 │
│жардам берүү │ │ │ │ │ │
│боюнча жөлөк │ │ │ │ │ │
│пулдар │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Эл аралык │ 141,3 │ 97,8 │ 69,2 │ 212,7 │ 46,0 │
│уюмдардын │ │ │ │ │ │
│күндөлүк │ │ │ │ │ │
│гранттары │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Мамлекеттик │ 7770,1 │ 9794,5 │ 126,1 │ 10961,2 │ 89,4 │
│башкаруунун │ │ │ │ │ │
│күндөлүк │ │ │ │ │ │
│гранттары │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Корголгон │ 35380,6 │ 42958,4 │ 126,8 │ 45176,4 │ 95,1 │
│статьялар боюнча │ │ │ │ │ │
│бардыгы │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Финансылык эмес │ 799,3 │ 891,4 │ 111,5 │ 949,7 │ 93,9 │
│мамлекеттик │ │ │ │ │ │
│ишканаларга │ │ │ │ │ │
│субсидиялар │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Имараттар жана │ 4934,8 │ 3999,7 │ 81,1 │ 5194,1 │ 77,0 │
│курулмалар │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Кредиттер, │ 1166,8 │ 1090,8 │ 93,5 │ 1855,8 │ 58,8 │
│ссудалар жана │ │ │ │ │ │
│зайымдар │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Тышкы зайымдар │ 1320,1 │ 1258,0 │ 95,3 │ 1306,6 │ 96,3 │
├─────────────────┼──────────┼──────────┼────────┼──────────┼─────────┤
│Баалуу кагаздар, │ 2902,5 │ 5118,5 │ 176,3 │ 5241,9 │ 97,6 │
│акциялардан │ │ │ │ │ │
│тышкары │ │ │ │ │ │
└─────────────────┴──────────┴──────────┴────────┴──────────┴─────────┘
Республикалык бюджеттен айлык акы боюнча чыгымдарды каржылоо 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда социалдык чөйрөдөгү кызматчылардын айлык акы өлчөмдөрүнүн көбөйүшүнө байланыштуу 1809,8 млн.сомго, же 19,8%га жогорулады (2011-жылдын январь-сентябрында айлык акы боюнча чыгымдар 9120,8 млн.сомду түзгөн).
Республикалык бюджеттин чыгымдарын каржылоого таасир тийгизген факторлордун бири Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы 2012-жылдын 17-апрелинде, белгиленген мөөнөттөн кеч кабыл алынгандыгы болду. Ушуга байланыштуу мыйзамдарга ылайык айына чыгымдарды каржылоо бир жылга пландаштырылган каражаттардын жалпы көлөмүнүн он экиден бир бөлүгүнөн ашык эмес жүргүзүлгөн.
2012-жылдын январь-сентябрында социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен чыгымдардын салыштырма салмагы 45,6%ды түздү, 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда (2011-жылдын январь-сентябрында социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен чыгымдардын салыштырма салмагы 41,6%ды түзгөн) бардыгы 4707,8 млн.сомго көп багытталган.
| 12-таблица |
Социалдык чөйрөнүн чыгымдары (млн.сом)
┌─────────────────────────┬───────────────┬───────────────┬───────────┐
│ │ 2011-жылдын │ 2012-жылдын │Өсүү темпи,│
│ │январь-сентябры│январь-сентябры│ % │
├─────────────────────────┼───────────────┼───────────────┼───────────┤
│Бардыгы │ 19787,3 │ 24495,1 │ 123,8 │
├─────────────────────────┼───────────────┼───────────────┼───────────┤
│социалдык коргоо │ 10646,4 │ 12525,1 │ 117,6 │
├─────────────────────────┼───────────────┼───────────────┼───────────┤
│билим берүү │ 2953,6 │ 3728,7 │ 126,2 │
├─────────────────────────┼───────────────┼───────────────┼───────────┤
│саламаттыкты сактоо │ 5127,1 │ 6906,8 │ 134,7 │
├─────────────────────────┼───────────────┼───────────────┼───────────┤
│эс алуу, маданият жана │ 1060,2 │ 1334,5 │ 125,9 │
│дин │ │ │ │
└─────────────────────────┴───────────────┴───────────────┴───────────┘
2012-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин жалпы тартыштыгы 9123,5 млн.сомду түздү (ИДПга карата 4,5%).
4.3. Мамлекеттик карыз: тышкы жана ички карызды тейлөө
2012-жылдын август айынын аягындагы абал боюнча мамлекеттик карыз 148127,0 млн.сомду, анын ичинде ички карыз - 13103,0 млн.сомду, тышкы карыз - 135024,0 млн.сомду түздү.
2012-жылдын январь-сентябры үчүн карызды тейлөө 8659,9 млн.сомду түздү. Тышкы карыздарды тейлөөгө 2555,4 млн.сом, анын ичинде негизги сумма боюнча - 1258,0 млн.сом жана пайыздар боюнча - 1297,4 млн.сом бөлүнгөн. Ички карыздарды тейлөө 6104,4 млн.сомду, анын ичинде негизги сумма - 5118,5 млн.сомду жана пайыздар боюнча - 985,98 млн.сомду түздү.
5. Ишкер чөйрөсүн жакшыртуу
5.1. Инвестициялык саясат, Мамлекеттик инвестициялар программасын (МИП) аткаруу
Инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга карата иш-чаралар планынын алкагында коюлган маселелерди ишке ашыруу жолу менен өлкөгө инвестицияларды тартуу процессин өркүндөтүү жана жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чара көрүлүүдө.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин алга жылдыруу үчүн өлкөдө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынган, ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо, тандоо жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүнү караштырат. Долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 10 ченемдик укуктук акт жана 3 мыйзам алдындагы актылар иштелип чыккан, алар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунда жеке өнөктөштүктүн катышуу формаларын колдонуу боюнча нускама, тендерди өткөрүүнүн эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоо тартиби, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча жеке өнөктөрдү тандоо боюнча тендердик комиссия жөнүндө жобо сыяктуу жол-жоболорду жөнгө салат.
101,0 млн. АКШ доллары уставдык фонду бар кыргыз-казак инвестициялык фондун түзүү боюнча иш активдүү жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын аймагында артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоону караштыруучу инвестициялык фондду түзүү өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын агымын көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошону менен социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө таасир тийгизүүгө мүмкүндүк түзөт. Кыргыз Республикасындагы "Кыргыз-Казак инвестициялык фонду" акционердик коомунун өкүлчүлүгү 2012-жылдын 7-майында катталган. Фонддун капиталын этап менен түзүү максатында 2012-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлган.
"Лейлек" эркин экономикалык зонасы түзүлгөн. Азыркы учурда "Кыргыз Республикасынын аймагында эркин экономикалык зоналардын ишин контролдоо боюнча ыйгарым укукту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ыйгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун макулдашуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Чет өлкөлүк жарандарга визаларды берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, туристтик рыноктун жагымдуулугун жогорулатуу, туризмди өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу максатында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.
Коңшу мамлекеттердин ишкердик коомчулуктарынын ортосунда байланышты, өз ара ишенимди чыңдоо жана кызматташуунун жаңы формаларын аныктоо алкагында бизнес-форумдар өткөрүлгөн (кыргыз-түрк, кыргыз-корея, кыргыз-польша).
КР УСК экспресс-маалыматы боюнча тикелей чет элдик инвестициялардын (мындан ары - ТЧИ) келип түшүүлөрү 2012-жылдын январь-июнунда 244,1 млн. АКШ долларын жана 2011-жылдын тиешелүү мезгилинин деңгээлине салыштырмалуу 63,6 пайызды(8) түздү.
ТЧИ келип түшүү түзүмүн караштырууда, акционердик капиталга карата агым 2011-жылы 19,3 млн. АКШ долларын түздү жана 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,9 пайызга өстү; кайрадан инвестицияланган пайда 46,0 млн. АКШ долларын түздү жана 82,6 пайызга төмөндөдү; калган капиталдын көлөмүн 179,1 млн. АКШ доллары түздү жана 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге өстү.
Инвесторлор үчүн болуп кайра иштетүүчү өнөр жайы айрыкча жагымдуу тармактар болду, анын ТЧИнин жалпы көлөмүндөгү салыштырмалуу салмагы 40,3%ды; кыймылсыз мүлк менен операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө кызматтарды сунуш кылуу - 34,3%ды; соода; автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо - 8,1%ды; финансылык иш аракет - 12,0%ды; тоо-кен казуу өнөр жайы - 3,0%ды түздү.
КМШдан тышкары өлкөлөрдөн тикелей чет элдик инвестициялардын агымы 85,4 пайызды түздү (келген инвестициялардын ичинде). Негизги инвестор-өлкөлөрү: Кытай - ТЧИнин жалпы көлөмүнөн 33,8% (82,5 млн. АКШ доллары), Улуу Британия - 14,7% (35,9 млн. АКШ доллары), Германия - 12,0% (29,3 млн. АКШ доллары), Түркия - 5,9% (14,3 млн. АКШ доллары) болду.
КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чел өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу төмөндөдү жана 99,7 пайызды (келип түшкөн инвестициялардын жалпы көлөмүнөн 14,6%) түздү. ТЧИнин салымдарынын негизги үлүшүн Казакстандын инвесторлору келип түшкөн ТЧИнин жалпы көлөмүнүн 7,9% (19,2 млн. АКШ доллары), ошондой эле Россия инвесторлору келип - 6,7%ы (16,4 млн. АКШ доллары) ишке ашырышты.
2012-жылдын январь-июнунда ТЧИнин жалпы көлөмүндө келип түшкөн ТЧИнин айрыкча салыштырмалуу салмагы Жалал-Абад облусуна - 17,7%, Чүй облусуна - 34,8%, Бишкек шаарына - 39,3% туура келген.
2012-жылдын январь-июнунда тикелей чет элдик инвестициялардын тышка кетүүсү 87,1 млн. АКШ долларын түздү (келип түшкөн ТЧИнин 35,7%зы), бул 2011-жылдын тиешелүү мезгилинен 33,2 млн. АКШ долларына же 1,6%га көп.
ТЧИнин тышка чыгуусу ишканалардын чет өлкөлүк кошо ээлеринен алынган кредиттерди жана соода кредиттерин көп жагынан кайтарып берүү менен түшүндүрүлөт, алар чыгып кетүүнүн түзүмүндө 99,5%ды түзөт. Инвестициялардын кетүүлөрү экономиканын дээрлик бардык тармактарында байкалып жаткандыгын белгилей кетүү зарыл, бирок мында эң көп үлүштү кайра иштетүү өнөр жайы - 59,4%ды, кыймылсыз мүлк менен операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү - 27,0%ды, соода; автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу буюмдарын оңдоо - 9,9%ды ээлейт.
Мамлекеттик инвестициялар программасы (МИП)
2012-жылдын январь-сентябрында Мамлекеттик инвестициялар программасынын инвестициялык долбоорлору боюнча чыгымдардын жалпы көлөмүн 14473,9 млн.сом, ушунун ичинде грантсыз инвестициялык долбоорлорду тышкы каржылоону 10867,3 млн.сом, же жылдык пландуу көрсөткүчтөн 65,6%ды, жана ушунун ичинде инвестициялык долбоорлорду ички кошо каржылоону 347,5 млн.сом же жылдык пландуу көрсөткүчтөн 62,8%ды түздү.
5.2. Ишкердик
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматы боюнча 2012-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасында 11072 чакан жана орто ишкана иштеген(9) (2011-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу 293 бирдикке көбөйүү). Жеке ишкер иш аракетин 285,4 миң адам ишке ашырган (өсүү 26,9 миң адамды түздү). Ошентип, отчеттук мезгилде ишкердик чөйрөсүндө (дыйкан жана фермер чарбаларын эсепке албаганда) аракеттенгендердин жалпы санын 368,1 миң адамды түздү (өсүү 25,6 миң адамды түздү). ИДПнын жалпы көлөмүндө чакан жана орто бизнестин салыштырмалуу салмагы - 37,5% же 43071,8 млн.сомду түздү (2011-жылдын I жарым жылдыгы - 34,5% же 36972,1 млн.сом).
2011-жылдын 3-мартында түзүлгөн, Ишкердик иш аракетти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чегинде Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдары иштелип чыккан жана кабыл алынган:
- лицензиялардын жана уруксаттардын 72 түрүн кыскартууну караштырган, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
- лицензиялардын жана уруксаттардын 41 түрүн кыскартууну караштырган, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө".
"Ишкердик иш аракетин жөнгө салуунун укуктук ченемдик базасын оптималдаштыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында арыздарды кароо жана лицензияларды берүү мөөнөттөрү менен байланыштуу лицензиялоо жол-жоболорун ишке ашырууда лицензиар-мамлекеттик органдардын иш аракеттерин регламенттөөгө багытталган "унчукпоо-макулдуктун белгиси" ченемин киргизүүнү караштыруучу "2012-жылдын 27-мартындагы № 206 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жактырылган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде үч окуудан өткөн).
Регуляциялык таасирди талдоону жүргүзүү боюнча жаңы колдонмону иштеп чыгуу ишке ашырылууда.
2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн мүлктү талап-тоноонун жана өрттөөнүн натыйжасында жабыр тарткан ишкердик субъекттер үчүн мамлекеттик колдоонун чаралары таркалган жактардын тизмесин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 90 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн мүлктү талап-тоноонун жана өрттөөнүн натыйжасында жабыр тарткан ишкердик субъекттеринин кошумча реестрин бекитүү тууралуу" токтому иштелип чыккан жана кабыл алынган.
2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тарткан коммерциялык банктардан жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерден зайым алуучулардын - күрөө берүүчүлөрдүн жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосунда маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б буйругу менен зайым алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосунда маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссия түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тарткан коммерциялык банктардан жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерден зайым алгандарга жана Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн мүлктү талап-тоноонун жана өрттөөнүн натыйжасында жабыр тарткан ишкердик субъекттеринин реестринде тургандарга кошумча колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 266 "Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тарткан зайым алуучуларды колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтому кабыл алынган.
"Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан негизсиз жана натыйжасыз текшерүүлөргө жол бербөө, ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнү өркүндөтүү максатында:
- ишкердик иш аракетин жакшыртууга жана негизсиз текшерүүлөрдү кыскартууга таасир тийгизүүчү тобокелдик критерийлеринин баалоо даражасына байланыштуу ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн жөнгө салуу жана жүргүзүлгөн текшерүүлөргө талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну караштыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш аракетин ишке ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү тууралуу" токтому;
- контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсүнө оптималдаштыруу процессин баштоону караштыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 "Ишкердик иш аракетти мамлекеттик жөнгө салуу системасына реформа жүргүзүү жана ишкердик иш аракетти жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- мамлекеттик контролдоо органдарынын санын 21ден 12ге чейин кыскартууну караштыруучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-апрелиндеги № 1854 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу тууралуу" токтому иштелип чыккан жана кабыл алынган.
"Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүнө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясын ишке ашыруу максатында тобокелдиктин критерийлерин аныктоону эске алуу менен ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жоболорун караштыруучу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыккан, ал кароодо турат.
Ошондой эле, мамлекеттик орган сыяктуу эле ишкердиктин контролдогу субъекттеринин ири адамдык жана убакыттык жана башка ресурстарын тартуусуз текшерүүнү натыйжалуу жана тез өткөрүүгө көмөк көрсөткөн мыйзамдын талаптарын бир документте системалоо жолу менен текшерүү жүргүзүүнүн жол-жоболорун караштырган, ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын текшерүү барактары бекитилген. Бул текшерүү барактары текшерүү предметтеринин толук тизмесин камтыйт жана текшерүүнү жүргүзүүнүн белгилүү регламенттерин белгилейт.
2012-жылдын 21-августунан тартып мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан жүзөгө ашырылган ишкердик субъекттеринин иш-аракеттерин текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин - www.proverka.kg расмий сайты ишин баштады, ал Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү боюнча процесстерди башкаруунун автоматташтырылган системасы менен мамлекеттик контролдоочу органдардын сынамыктары менен текшерүү маселелери боюнча маалыматтык порталдын айкалышын сунуш кылат.
5.3. Фискалдык саясат
2012-жылдын отчеттук мезгилинде фискалдык саясаттын негизги багыттары болуп чарбакер субъекттердин иш аракетин күчөтүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, бизнес жүргүзүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле салык жүгүн төмөндөтүү жана ишкердикти өнүктүрүүгө дем берүү боюнча маселелерди кароо болду.
Инвестициялык климатты жакшыртуу, жүргүзүлүп жаткан салык саясатын, салык системасын жана бажылык башкарууну өркүндөтүү үчүн бир катар укуктук ченемдик актылар кабыл алынган:
- редакциялык оңдоолорду киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууда салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынган;
- салыктык башкарууну жакшыртуу, жөнөкөйлөтүү жана күчөтүү, чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин лизинг компаниялары жана операциялары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктарды башкаруу боюнча жалпы негизди түзүүнүн зарылдыгы, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо жана салык мыйзамдарынын жоболорун Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын
ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, банк мыйзамдары) шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 681 токтому менен жактырылган;
- эл аралык конкурстарда акчалай жана башка байгелерди жана утуштарды, ошондой эле аралык уюмдары (фонддору) тарабынан ыйгарылган сыйлыктарды алган адамдарды киреше салыгынан бошотуу максатында 2012-жылдын 25-июлундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган;
- байланыш чөйрөсүнүн субъекттери үчүн сатуу салыгынын ставкасын 2%дан 5%га чейин жогорулатууну караштырган фискалдык саясатты өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 332 токтому менен "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылган;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына жана жеке адамдарына) социалдык камсыздандыруу боюнча салыктарды, бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана алар тарабынан 2009-жылдын 31-декабрын кошо кирешеге жана мүлккө карата башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча мурда билдирилбеген милдеттерди аткаруу боюнча салыктарды, чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөсүз, кирешени жана мүлктү декларациялоо (жеке жактардын чыгымдарын контролдоого өтүү үчүн капиталды жана мүлктү мыйзамдаштыруу же ачыкка чыгаруу) аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 340 токтому менен "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, ошондой эле жалпы мамлекеттик айрым салыктарды башкаруу (эсебин алуу, жыйноо жана контролдоо) функциясын өткөрүп берүү максатында "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору даярдалган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 377 токтому менен жактырылган;
- айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жүргүзгөн ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында бул тармак үчүн колдонуудагы салыктык жеңилдетүүлөрдүн мөөнөтүн узартууну караштыруучу, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору даярдалган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 542 токтому менен жактырылган;
- бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында жана акциздик товарларды өндүрүүчүлөрдөн жана импортточулардан анын ичинде берүүчүлөр негизинде акциз салыгын алуу максатында "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-июнундагы № 414 токтому менен жактырылган.
2012-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнөн чыгым калган сумманын ордун толтуруучу кошумча кирешелерди табуу боюнча иш жүргүзүлдү жана фискалдык саясаттын чаралары жана 2012-жылга карата мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн салык жыйымдарын 6500,0 млн.сом суммасына жогорулатуу боюнча сунуштар даярдалды, алар кийин "2012-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-февралындагы № 30-б буйругуна ылайык 1392,8 млн.сом суммасына кирешенин кошумча булактары боюнча сунуштар жөнөтүлгөн.
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруунун жүрүшүндөгү көйгөйлүү маселе Кум-Төр кенинде алтынды өндүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн кайрадан карап чыгуу, бул тиешелүү түрдө Кум-Тер кенинен салыктын дүң кирешесине келип түшүүсүн төмөндөтүүгө алып келет.
5.4. Атаандаштык саясаты
Монополияга каршы жөнгө салуу монополист субъекттердин бааларын жана тарифтерин негизсиз жогорулатууну тизгиндөөгө, социалдык-маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүүгө, алар негизсиз көтөрүлгөн учурларда оперативдүү сунуштарды киргизүүгө, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.
Азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө баалардын өсүү темпин тизгиндөө, калктын социалдык аялуу катмары үчүн азык-түлүк товарларынын экономикалык кол жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында төмөнкү ченемдик укуктук актылар кабыл алынган:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 токтому, ал социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын негизсиз өсүү көйгөйүн чечүүгө, ошондой эле калк үчүн социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-июнундагы № 351 "Мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин инвестицияларынын, бизнес-пландарынын долбоорлорун, учурдагы отчетторун, эсеп саясатын жана негизги каражаттарын кайра баалоо материалдарын кароо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 362 "Кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартибин бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 364 "Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды, (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, болтурбоо боюнча эрежени бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузуу тууралуу иштерди карап чыгуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 366 "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү мамлекеттик монополияга каршы органдын кароо эрежесин бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 431 "Экономикалык концентрация процессинде Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому.
Дан, ун жана нан рыногундагы жагдайды турукташтыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлдү:
1. Ун жана нан өндүрүүчүлөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү, алардын жүрүшүндө кызматташуу жөнүндө төрт тараптуу макулдашууга кол коюлду жана буудайга, унга жана нанга баалардын өзгөрүүсүнө көз карандылыктын жиктелген графиги түзүлгөн. Бул макулдашуу менен кампалардагы калдыктарды эске алуу менен нан бышыруучу жана ун салдыруучу ишканаларга баалардын кескин өсүшүнө, рынокко продукцияны ташып келүүнү чектөө же токтотууга жол бербөө милдети аныкталган, мында ун салдыруучу ишканалар тарабынан бааны жогорулатуу акырындык менен ишке ашырылышы керек. Макулдашуунун тараптары болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ун салдыруучу ишканаларынын ассоциациясы жана Бишкек шаарынын нан бышыруучуларынын коомдук бирикмеси эсептелет.
2. Бишкек шаарынын нан бышыруучуларынын, борбордун райондук администрацияларынын жооптуу кызматкерлеринин катышуусу менен тегерек стол өткөрүлдү, анда нанды дүң баасы боюнча сатуу үчүн соода түйүндөрүн ачуу (бөлүп берүү) маселеси талкууланды. Соода түйүндөрүн ачуу соода үстөктөрүнүн өлчөмдөрүн төмөндөтүү жолу менен калктын корголбогон катмарын нанга болгон баанын негизсиз жогорулашынан коргоого мүмкүндүк түзөт;
3. Бишкек шаарынын, Ош шаарынын жана Ысык-Көл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жумушчу кеңешмелери өткөрүлдү. Кеңешмелердин жыйынтыгы нанды дүң баасы боюнча сатуунун соода түйүндөрүн ачуу зарылдыгы жөнүндө чечимди кабыл алуу болду.
4. Рыноктордун жана соода түйүндөрүнүн жетекчилери менен ун продукциясына жана нан азыктарына бааларды жасалма көтөрүүгө жол бербөө, ошондой эле нанды өндүрүүчүнүн баасы боюнча сатуу үчүн соода орундарын бөлүп берүү боюнча жолугушуулар өткөрүлдү.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-июнундагы № 418 "2012-жылдын жазгы-талаа иштеринин жыйынтыктары жана 2012-2013-жылдарда Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштык боюнча департаменттин 2012-жылдын 12-июлундагы № 37 буйругу менен мамлекеттик резервге сактоо үчүн 2012-жылдын түшүмүнөн аштык буудайына карата сатып алуу баасы 13 сом/кг деңгээлинде белгиленген. Буудай данына баанын өсүшүн эске алып, Мамматрезерв фондусуна буудай данын тездетилген тартипте топтоо маселесин караштыруу сунушталган;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдын түшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштык боюнча департаменттин 2012-жылдын 30-июлундагы № 53, № 54, № 55 буйруктары менен күздүк буудайына, күздүк арпанын, тритикаленип үрөнүнө, ошондой эле бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды жабуу үчүн Мамматрезерв фонду тарабынан кабыл алынган жана тапшырылган 2012-жылдын түшүмүнүн аштык буудай данына баалар белгиленген.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 436-б буйругун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштык боюнча департаменттин 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 74/1 буйругу менен мамлекеттик резервден брондон чыгарылган аштык буудай данын кайра иштетүүдөн алынган унду сатуунун баасы белгиленген. Бирок, данга карата баалардын өсүшүнө байланыштуу 2012-жылдын 10-октябрындагы № 105 буйругу менен унга болгон бааны көтөрүү жагы кайрадан каралган.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 561 токтомунун редакциясында) ылайык социалдык жактан маанилүү товарларга карата бааларды мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген учурда, иш-чаралардын кадамдуу планын караштырган, региондордо социалдык жактан маанилүү азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларга карата баалардын өсүшүн тизгиндөө боюнча стратегиянын долбоору даярдалды.
Азык-түлүк коопсуздугунун коркунучтарын минимумга түшүрүү жана ун жана нан рыногунда бааларды стабилдөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жана "Кыргыз агро азык-түлүк корпорациясы" ААКнын дарегине мамлекеттик материалдык резервдин запастарын толуктоо үчүн аштык буудайды сатып алууну тезинен өткөрүү зарылдыгы жөнүндө каттар жөнөтүлдү.
Бааларды стабилдөө максатында монополияга каршы органдын аракеттери унга болгон баага мониторингди туруктуу жүргүзүүгө, ошондой эле кара ниет атаандаштыкты алдын алуу, жол бербөө боюнча чараларды кабыл алууга багытталган.
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бирдиктүү реестрди бекитти. Өлкө боюнча иш жүзүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтардын жалпы саны 21,0 миң позицияга жакын, бул төмөнкү жетишсиздиктерге алып келди:
- мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүнү регламенттеген ченемдик укуктук базанын чачкындуулугу;
- мамлекеттик органдар тарабынан калкка жана башка керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтар боюнча толук жана анык маалыматтардын жоктугу;
- аткаруу бийлиги органдарын коммерциялаштыруу;
- аткаруу бийлигинин органдары тарабынан көрсөтүлүүчү акысыз кызматтардын тизмесинин жоктугу жана калктын маалымсыздыгы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн, бирдиктүү системага келтирилген реестрди түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын талдоосунан кийин, 35 мамлекеттик органдардын билдирме берилген 1089 кызматты мамлекеттик кызматтарга киргизүүнүн критерийлерине шайкеш келүүсүнө мамлекеттик кызматтардын ведомстволук тизмесинен 388 мамлекеттик кызматты акы төлөнүүчү (220) жана акысыз кызматты (168) Бирдиктүү реестрге киргизүү сунушталган.
5.5. Техникалык жөнгө салуу
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында төмөнкү иштер жүргүзүлдү:
- Стандартташтыруу боюнча Европа комитети (CE№) менен Кыргыз Республикасынын ортосунда курулуш боюнча Европа коддорун Кыргыз Республикасында колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган, 2012-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору CE№ге мүчөлүккө алынды.
CE№ге кирүү Кыргыз Республикасында ар кандай европа стандарттарын (биз үчүн ага жетишүү мурда жабык болгон), анын ичинде курулуш жаатында - евро коддорду колдонуу мүмкүндүгүн берет. Евро коддорду колдонуу биринчи этапта Кыргыз Республикасынын курулуш индустриясына евро коддорду колдонуунун курулуш тажрыйбасына ээ болгон, ири чет өлкөлүк компанияларды тартууга мүмкүндүк түзөт, ал өз учурунда чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга алып келет.
- 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен төмөнкүлөр бекитилген:
1) Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
2) Текшерүү клеймолорун даярдоонун, колдонуунун жана сактоонун тартиби жөнүндө жобо;
3) Текшерүүгө тийиштүү ченөө каражаттарынын тизмеси жана ченөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгү.
12 техникалык регламент кабыл алынды:
1) "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти" (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 61 Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди;
2) "Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 1-мартындагы № 11 Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор киргизилди;
3) "Электр магниттик шайкештик жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 24 токтому);
4) "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 74 токтому);
5) "Канттын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы № 83 токтому);
6) "Дарыканаларда даярдалган дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-майындагы № 320 токтому);
7) "Электр коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 359 токтому);
8) "Йоддолгон аш тузунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 456 токтому);
9) "Алкоголсуз суусундуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлундагы № 474 токтому);
10) "Нандын, нан-булочка жана макарон азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 502 токтому);
11) "Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 569 токтому);
12) "Фармацевтик уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында даярдалган дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу сактоо жана фармацевтик уюмдардын санитардык режими жөнүндө" техникалык регламент (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 646 токтому).
Кабыл алынган техникалык регламенттер техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун бекитилген программасына ылайык продукция жана аны өндүрүү процесстери үчүн заманбап эл аралык талаптарды жайылтуу жолу аркылуу соодада жана ишкердикте техникалык тоскоолдуктарды кыскартууну камсыз кылууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусунда техникалык регламенттин 3 долбоору бар:
1) "Тамак-аш продуктуларын маркалоо жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлундагы № 378 токтому);
2) "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 22-августундагы № 476 токтому);
3) "Тамак-аш продуктуларын өндүрүүнүн гигиенасы жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-сентябрындагы № 54 токтому).
Талаптар төмөнкү макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгышты:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда экономикалык жана техникалык кызматташуу жөнүндө;
- КМШга мүчө мамлекеттер мамлекеттер аралык техникалык регламенттер жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда стандартташтыруу, метрология, сертификаттоо жана шайкештикти баалоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынынын протоколунун долбоору каралган;
- Стандартташтыруу боюнча Европа комитети (CE№) менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун ортосунда курулуш боюнча Европа коддорун Кыргыз Республикасында колдонуу жөнүндө;
- Евразия экономикалык коомчулугунун мүчө мамлекеттери тарабынан дан рыногун уюштуруу жана иштетүү жөнүндө.
5.6. Мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүү жана башкаруу
Мамлекеттик менчик объекттерин менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V токтому менен бекитилген, 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүү программасына ылайык жүргүзүлүүдө. Бул Программада жана мамлекеттин менчигиндеги жана менчиктештирилүүгө тийиш эмес уюмдардын жана объекттердин тизмеси, белгиленген тартипте акциялардын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүштү сатуу аркылуу менчиктештирилүүчү объекттердин тизмеси жана менчиктештирилүүгө жаткан жана мүлктүк комплекстердин жана башка мамлекеттик мүлктөрдүн тизмеси камтылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга Иш-чаралар планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлкү башкаруу боюнча фонддун мамлекеттик мүлктөрдүн реестрин жана мүлк каттоого даярдоо боюнча иштерди жүргүзүүчү Эсепке алуу жана мүлк каттоо башкармалыгы түзүлдү. Бүгүнкү күндө мүлктөр боюнча кагаз түрүндө маалыматтар бар жана мамлекеттик мүлктүн санарип регистрин даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Менчиктештирүүдөн, дивиденддерден, ижара акысынан түшкөн каражаттар 2,3 млрд.сомду түздү, бул пландагыдан 2,6%га жогору.
| 13-таблица |
Менчиктештирүүдөн, дивиденттерден, ижара акысынан
түшкөн каражаттар
┌───────────────────┬──────────┬──────────┬───────┬──────────┬────────┐
│ Аталышы │ 2011-ж. │ 2012-ж. │ Өсүү │ 2012-ж. │Аткарыл-│
│ │ январь- │ январь- │ темпи,│ январь- │ ган % │
│ │ сентябры │ сентябры │ % │ сентябры │ │
│ │иш жүзүндө│иш жүзүндө│ │ план │ │
│ │(млн.сом) │ (млн.сом)│ │ (млн.сом)│ │
├───────────────────┼──────────┼──────────┼───────┼──────────┼────────┤
│Дивиденддер │ 2891,1 │ 1794,7 │ 62,1 │ 1750 │ 102,6 │
├───────────────────┼──────────┼──────────┼───────┼──────────┼────────┤
│Менчиктештирүү │ 2,6 │ 0 │ - │ - │ - │
├───────────────────┼──────────┼──────────┼───────┼──────────┼────────┤
│Ижара │ 13,4 │ 12,9 │ 96,3 │ 12,5 │ 103,2 │
├───────────────────┼──────────┼──────────┼───────┼──────────┼────────┤
│МИден түшкөн пайда │ 135,5 │ 527,5 │ 389,3 │ 520 │ 101,4 │
├───────────────────┼──────────┼──────────┼───────┼──────────┼────────┤
│Субординацияланган │ 5,3 │ 6,6 │ 124,5 │ - │ - │
│зайым боюнча │ │ │ │ │ │
│пайыздар │ │ │ │ │ │
├───────────────────┼──────────┼──────────┼───────┼──────────┼────────┤
│Бардыгы │ 3047,9 │ 2341,7 │ 76,8 │ 2282,5 │ 102,6 │
└───────────────────┴──────────┴──────────┴───────┴──────────┴────────┘
Мамлекеттештирилген объекттер менен иштөө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген, Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны ишке ашыруу максатында мамлекеттештирилген 5 объектти сатуу боюнча аукциондор жүргүзүлдү, алар билдирүү арыздарынын жоктугунан улам өтпөй калды деп таанылды. Мамлекеттештирилген объекттерге талдоо өткөрүлдү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлу № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун жактыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору иштелип чыкты, ал айрым мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирилүүгө тийиш болгон объекттердин тизмесине киргизүүнү караштырат (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы № 2123-V токтому менен жактырылды).
Программага ылайык, мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүүнүн негизги максаты - мамлекеттештирилген объекттерди сатуу эсебинен мамлекеттик бюджетти толтуруу максатында мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө мамлекеттин максималдык киреше алуусу.
Объекттерди менчиктештирүү боюнча бардык чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде максималдуу ачык-айкындуулук жана жарандык коомчулукка отчет берүү шартында жүргүзүлдү. Комиссиянын бардык отурумунда ММКнын өкүлчүлүктөрү катышты.
6. Социалдык чөйрө
6.1. Социалдык коргоо. Пенсиялык камсыздоо. Калкты социалдык коргоо тармагында калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана социалдык жактан аялуу жарандардын абалын жакшыртуу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик жөлөкпулдар. 2012-жылдын 1-октябрында мамлекеттик жөлөкпул алгандардын саны 422,4 миң адамды түздү, анын ичинен: ай сайын жөлөкпул алган балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөр - 355,8 миң адам же туруктуу калктын 6,3%; ай сайын социалдык жөлөкпул алгандар 70,3 миң адам же туруктуу калктын 1,3%.
2012-жылдын 1-октябрына карай жалпысынан республика боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3,91%га жогорулады жана 310,6 сомду түздү, бул 2011-жылдын июлунда кепилденген минималдык кирешенин өлчөмүн 19,4%га (310дон 370ке чейин) жогорулатылганына байланыштуу, ай сайын социалдык жөлөкпул - 1,3%га көбөйдү жана 2028,3 сомду түздү. Ай сайын социалдык жөлөкпул жашоо минимумунун 46,9%ин (4321,97 сом) түзөт.
Отчеттук мезгилде республикалык бюджеттин каражатынан мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө жалпы суммасы 2349,8 млн.сом акча каражаты каржыланды, бул өткөн жылдын ушундай мезгилинен 15,3%га жогору.
Социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү. 2012-жылдын 1-октябрына карата жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алгандардын саны 56,2 миң адамды түздү, өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 1,3%га (799 адамга) көп болду, бул угуусу жана көрүүсү боюнча майыптардын санын көбөйүшүнө байланыштуу.
Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында өмүр бою ай сайын 3000 сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы төлөнөт. 2012-жылдын 1-октябрына карата стипендияны 2112 адам алышты, алардын жалпы суммасы 61,1 млн.сомду түздү. Алгандардын саны табигый азайтууга байланыштуу кыскарууда.
Иштегендерди социалдык камсыздоо. 2012-жылдын 1-октябрында кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, көмүүгө жөлөкпул алгандардын жалпы саны 29,5 миң адамды түздү. Чегерилген жөлөкпулдардын суммасы 125,8 млн.сомду түздү, бул өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 49,7%га.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 118,1 млн.сом суммасында 26,7 миң адамга, көмүүгө жөлөкпул 7,7 млн.сом суммасында 2,7 миң адамга төлөндү.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 23,7%га төмөндөдү жана 1,1 миң сомду түздү, көмүүгө жөлөкпул 98,2%га жогорулады жана 3,2 миң сомду түздү.
2012-жылдын 1-октябрына(10) карата 2010-жылдагы кайгылуу окуянын кесепетинен курман болгон жана жоголгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1,0 млн.сом өлчөмүндө бир жолку берилүүчү материалдык жардам бөлүнгөн. Жалпы суммасы 528,0 млн.сом болгон мындай жардамды 528 үй-бүлө алган.
Жалпы суммасы 8,2 млн.сом болгон, 20,0 миң сом өлчөмүндө бир жолу берилүүчү акчалай жөлөкпул курман болгондордун 412 үй-бүлөлөрүнө берилди. Жалпы суммасы 129,0 млн.сом болгон 50,0дөн 100,0 миң сомго чейинки өлчөмдө бир жолу берилүүчү материалдык жардам 2243 жабыркаган адамдарга бөлүп берилди.
Бишкек, Ош шаарларынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын апрель жана июнь окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга кошумча 3700 сом өлчөмүндө ай сайын кошумча социалдык жөлөкпулдар төлөндү. Республикалык бюджеттин каражаттарынан жөлөкпулдарды төлөөгө 65,1 млн.сом (817 адамга) бөлүндү.
Социалдык тейлөө. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин системасында 15 жатак-үйлөр иштейт, анын ичинен 14 республикалык бюджеттин каражаттарынан, кары-картаңдар үчүн Бишкектеги жатак-үйү жергиликтүү бюджеттин каражатынан каржыланат. Азыркы учурда жатак-үйлөрдө 2293 камкордукка алынгандар багылат, анын ичинен кары-картаңдар жана ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - 814, психоневрологиялык дарты менен 1148 чоң адам жана 331 бала.
Отчеттук мезгилде жатак-үйлөр жалпы 141,9 млн.сом суммасында каржыланды, бул өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 0,6%га көп.
| 14-таблица |
2012-жылдын январь-сентябрь айларында социалдык чөйрөнү
өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү(11)
┌───┬───────────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬──────┐
│ № │ Көрсөткүчтөрдүн │ Ченөө │ 2011-ж.│ 2012-ж.│төлөө-│
│ │ аталыштары │бирдиги │ январь-│ январь-│ лөр │
│ │ │ │сентябры│сентябры│ (%) │
├───┼───────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────┤
│1 │Номиналдуу эмгек акынын орточо │сом │ 8498 │10524 │ 23,8 │
│ │айлык өлчөмү(12) │ │ │ │ │
├───┼───────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────┤
│2 │Жашоо минимуму │сом/ │ 4296,81│ 4321,97│ 0,6 │
│ │ │айына │ │ │ │
├───┼───────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────┤
│3 │Эмгекке жөндөмдүү калктын │сом/ │ 4815,79│ 4838,18│ 0,5 │
│ │жашоо минимуму │айына │ │ │ │
├───┴───────────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴──────┤
│4 Мамлекеттик жөлөкпулдарды алгандардын саны(13) │
├───┬───────────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬──────┤
│4.1│Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө │миң адам│ 377,8 │ 355,8 │ -5,8 │
│ │ай сайын жөлөкпул (ЕПМС) │ │ │ │ │
├───┼───────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────┤
│4.2│Ай сайын социалдык жөлөкпул │миң адам│ 69,2 │ 70,3 │ 1,6 │
│ │(ЕСП) │ │ │ │ │
├───┴───────────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴──────┤
│5. Мамлекеттик жөлөкпулдардын орточо өлчөмү(14) │
├───┬───────────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬──────┤
│5.1│Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө │сом │ 298,8 │ 310,6 │ 3,9 │
│ │ай сайын жөлөкпул (ЕПМС) │ │ │ │ │
├───┼───────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────┤
│5.2│Ай сайын социалдык жөлөкпул │сом │ 2051,0 │ 2025 │ -1,3 │
│ │(ЕСП) │ │ │ │ │
├───┴───────────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴──────┤
│6. Мамлекеттик жөлөкпулдун орточо өлчөмдөрүнүн катышы │
├───┬───────────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬──────┤
│6.1│Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө │ % │ 8,2 │ 8,5 │ 3,6 │
│ │ай сайын жөлөкпулдун балдардын │ │ │ │ │
│ │жашоо минимумуна катышы │ │ │ │ │
├───┼───────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────┤
│6.2│Ай сайын социалдык жөлөкпулдун │ % │ 47,8 │ 46,9 │ -1,9 │
│ │жашоо минимумуна ара катышы │ │ │ │ │
├───┴───────────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴──────┤
│7. Социалдык төлөмдөрдү каржылоо │
├───┬───────────────────────────────┬────────┬────────┬────────┬──────┤
│7.1│Мамлекеттик жөлөкпулдар │млн.сом │ 1517,6 │ 2092,1 │ 37,8 │
│ │(ЕМПС, ЕСП) │ │ │ │ │
├───┼───────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┼──────┤
│7.2│Акчалай компенсациялар жана │млн.сом │ 943,2 │ 922,7 │ -2,2 │
│ │жеңилдиктер │ │ │ │ │
└───┴───────────────────────────────┴────────┴────────┴────────┴──────┘
2012-жылдын январь-август айларында бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 10524 сомду түздү. 2011-жылдын январь-август айларына салыштырганда 23,8%га көбөйдү, ал эми керектөө баасын эске алуу менен эсептен чыгарганда анын реалдуу өлчөмү 22,6%га өстү.
2012-жылдын январь-август айларында финансылык иштин, транспорт жана байланыш тармагындагы, өндүрүш жана электр энергиясын, газды жана сууну бөлүштүрүү чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акылары орточо республикалык деңгээлден ашты. Ал эми алардын эң төмөнкү деңгээли айыл чарбасында, билим берүүдө, коммуналдык, социалдык жана персоналдык кызмат көрсөтүүлөрдө түзүлдү.
2012-жылдын 3-кварталында жашоо минимумунун көлөмү 4321,97 сомду түздү, ал эмгек акыны орточо өлчөмү менен 2,5 эсе жабылат. Эмгекке жарамдуу жаштагы калк үчүн жашоо минимумунун чоңдугу - 4838,18 сомду, ал эми пенсия курагындагы калк үчүн 3844,46 сомду түздү.
Пенсионерлерди социалдык тейлөө. Алдын ала жыйынтыктар боюнча 2012-жылдын январь-сентябрь айларында Социалдык фонддун кирешесинин жалпы суммасы 21865,3 млн.сомду же 2012-жылга карата такталган бюджеттин 73,3%ын түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда Социалдык фонддун кирешелери 34,3%га же 5579,1 млн.сомго өстү.
Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча керектөөлөр 19692,1 млн.сомду түздү жана толугу менен каржыланды, пенсиялар жана башка социалдык төлөмдөр боюнча карыз жок.
2012-жылдын январь-сентябрында Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду 814,2 млн.сом суммасында, Эмгекчилердин саламаттыгын сактоо фонду 105,7 млн.сом суммасында каржыланды.
2012-жылдын 1-октябрында республика боюнча пенсионерлердин саны 562170 адамды түздү, бул 2011-жылга салыштырганда 24770 адамга көп.
| 15-таблица |
2011-2012-жылдардын январь-сентябрында пенсиялык
камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрү(15)
┌──┬───────────────┬───────┬─────────┬─────────┬─────┬─────────┬──────┐
│№ │Көрсөткүчтөрдүн│ Ченөө │ 2011- │ 2012- │Өсүү │ 2012- │Аткар.│
│ │ аталыштары │бирдиги│ жылдын │ жылдын │тем- │ жылга │ % │
│ │ │ │ январь-│ январь-│ пи, │ карата │ │
│ │ │ │ сентябры│ сентябры│ % │такталган│ │
│ │ │ │ │ │ │ бюджет │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│1 │Бардык │млн.сом│ 16286,2 │ 21865,3 │134,3│ 29815,9 │ 73,3 │
│ │кирешелер: │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│ │Анын ичинде: │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│ │Камсыздандыруу │млн.сом│ 10425,1 │ 13380,6 │128,3│ 18606,8 │ 71,9 │
│ │взносторунун │ │ │ │ │ │ │
│ │келип түшүшү │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│ │Республикалык │млн.сом│ 5691,3 │ 8046,3 │141,4│ 10652,3 │ 75,5 │
│ │бюджеттен келип│ │ │ │ │ │ │
│ │түшүүлөр │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│ │Башка кирешелер│млн.сом│ 131,2 │ 199,8 │152,3│ 246 │ 81,2 │
│ │(акциялар │ │ │ │ │ │ │
│ │боюнча │ │ │ │ │ │ │
│ │дивиденддер │ │ │ │ │ │ │
│ │ж.б.) │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│ │Инвестирлөөдөн │млн.сом│ 38,4 │ 238,6 │621,4│ 310,8 │ 76,8 │
│ │түшкөн │ │ │ │ │ │ │
│ │кирешелер │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│2 │Бардык │млн.сом│ 16358,7 │ 22104,8 │135,1│ 30420,9 │ 72,7 │
│ │чыгымдар: │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│ │анын ичинде: │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│ │Пенсиялык │млн.сом│ 15782,8 │ 21184,9 │134,2│ 28990 │ 73,1 │
│ │фонддун │ │ │ │ │ │ │
│ │каражаттары │ │ │ │ │ │ │
│ │боюнча │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│ │Милдеттүү │млн.сом│ 478,7 │ 814,2 │170,1│ 1269,1 │ 64,2 │
│ │медициналык │ │ │ │ │ │ │
│ │камсыздоо │ │ │ │ │ │ │
│ │фондунун │ │ │ │ │ │ │
│ │каражаттары │ │ │ │ │ │ │
│ │боюнча │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│ │Эмгекчилердин │млн.сом│ 97,3 │ 105,7 │108,6│ 161,8 │ 65,3 │
│ │саламаттыгын │ │ │ │ │ │ │
│ │сактоо фонду │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│3 │Пенсионерлердин│адам │537400 │562170 │104,6│ │ │
│ │жалпы саны │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│4 │Пенсиялар жана │млн.сом│ 14272,30│ 19692,10│138,0│ - │ │
│ │башка социалдык│ │ │ │ │ │ │
│ │төлөмдөр │ │ │ │ │ │ │
│ │каржыланды жана│ │ │ │ │ │ │
│ │төлөндү │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│5 │Пенсиялардын │сом │ 3110 │ 4070 │130,9│ - │ │
│ │орточо айлык │ │ │ │ │ │ │
│ │өлчөмү(16) │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────┼───────┼─────────┼─────────┼─────┼─────────┼──────┤
│6 │Пенсионерлердин│сом/ │ 3833,85│ 3844,5 │100,3│ - │ │
│ │жашоо │айына │ │ │ │ │ │
│ │минимуму(17) │ │ │ │ │ │ │
└──┴───────────────┴───────┴─────────┴─────────┴─────┴─────────┴──────┘
Май айындагы жогорулатуудан кийин пенсиянын орточо айлык өлчөмү электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү эске алганда 4070 сомду түзүүдө. 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда пенсиянын орточо айлык өлчөмү 30,9%га же 960 сомго жогорулады. Пенсиянын бул деңгээли 2012-жылдын 1-майынан тартып, пенсиянын өлчөмүнө жараша пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн, төмөнкү пенсиялар үчүн 150 сомго жана жогорку пенсиялар үчүн 1500 сомго жогорулатуунун эсебинен түзүлдү.
6.2. Эмгек рыногу
Табигый жана миграциялык процесстердин натыйжасында, отчеттук мезгилде УСК маалыматтары боюнча калктын саны 74,5 миң адамга же 1,3%га көбөйгөн. Баалоонун маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында калктын саны 5626 миң адамды түздү.
Калктын санынын өсүшүнүн негизги фактору болуп табигый өсүш саналат, ал 79 миң адамды, же (калктын 1000нин 21,2, 2011-ж. январь-августунда - 20,1) түздү. 2012-ж. январь-августунда 103,3 миң бала төрөлдү, (калктын 1000нин 27,7, 2011-ж. январь-августунда - 26,7). 24,3 миң адам каза болду (калктын 1000нин 6,5, 2011-жылдын январь-августунда - 6,6).
Отчеттук мезгилде демографиялык жагдай калктын тышкы миграциялык активдүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшү менен мүнөздөлөт. Республикага туруктуу жашоо үчүн 3,9 миң адам келген, 8,4 миң адам кеткен, калктын миграциялык агымы (-) 4,5 миң адамды түздү. Мурункудай эле тышкы миграция боюнча кетүүлөрдүн жогорку интенсивдүүлүгү Чүй облусунда (10 миң тургундун 37,2 адамы) ошондой эле Бишкек шаарында (10 миң тургундун 23 адамы) жана Талас облусунда (10 миң тургундун 16,8 адамы) байкалууда.
Калктын жумуштуулугу. 2012-жылдын 1-октябрында жумуш издөө максатында ишке орноштуруу мамлекеттик кызматтарынын органдарында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 0,3%га, ал эми жумушсуздардын саны - 0,4%га азайган. Катталган жумушсуздардын деңгээли экономикалык активдүү калктан 2,5%ды түздү, (2011-жылы жалпы жумушсуздуктун деңгээли - 8,6%ды түзгөн.)
Январь-сентябрда ишке орноштуруу кызматына кайрылгандардын саны 114689 адамды түздү, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 911 адамга же 8%га көп. Жумуш издегендер катары ишке орноштуруу кызматтарында 55 миң адам катталды.
Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата ишке орноштуруу кызматтарында каттоодо жумушсуздардын (210,2 миң адам) жалпы санынан 98,1 миң адам же 47% турат. 62,2 миң адам жумушсуздуктун расмий статусуна ээ, бул өткөн жылдын деңгээлинде. Жумушсуздардын 50%ын (31 миң адам) аялдар түзөт.
Эмгек рыногунда ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү максатында активдүү иш-чаралар өткөрүлдү, атап айтканда: билим берүү, кайра окутуу, убактылуу ишке орноштуруу (акы төлөнүүчү коомдук иштердин долбоору) боюнча сунуштар, жумушсуз жарандарга жеңилдетилген микрокредит берүү.
Ошентип, 2012-жылдын январь-сентябрында эмгек рыногундагы активдүү чараларда 26,8 миң жумушсуз же жумушсуздуктун расмий статусуна ээ болгондордун санынан 43%зы камтылды.
Акы төлөнүүчү коомдук иштерге 17,3 миң адам жиберилди, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 12%га аз.
Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча билим берүү, кайра окутуу 5973 жумушсузга сунушталды, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 12%га жогору болду.
Жеңилдетилген микрокредитти 3545 адам алды, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 2251 адамга көп.
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинде "Ала-Too Финанс" микрокредиттик агенттиги өзүнүн иш-аракетин улантууда, ал коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет жана анын негизги максаты - жакырчылыкты кыскартуу жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырууга, төмөнкү пайыздык ставка (жылдык 7% жогору эмес) менен микрокредиттерди берүү аркылуу аз камсыз болгон жарандардын материалдык, социалдык жана экономикалык шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.
6.3. Саламаттыкты сактоо(18)
2012-жылдын январь-сентябрында демографиялык жагдай төрөлүүлөрдүн көрсөткүчүнүн өсүш тенденциясы менен мүнөздөлдү, ал калктын 1000не карата 27,7 түздү (2011-ж. январь-сентябры - 26,7). 2012-жылдын январь-сентябры боюнча калктын табигый өсүш көрсөткүчүнүн тенденциясы, 2012-жылдын январь-сентябрынын жыйынтыгы боюнча калктын 1000не карата 21,2 түзүү менен сакталып калды (2011-ж. январь-сентябры - 20,1%).
2012-жылдын январь-сентябрында алдын ала маалыматтар боюнча өлүмгө учуроонун жалпы көрсөткүчү калктын 10000не карата 6,5 ымыркайлардын өлүмгө учуроо көрсөткүчү тирүү төрөлгөндөрдүн 1000не карата 20,2 түздү (2011-ж. январь-сентябры - 20,4). 5-жашка чейинки балдардын өлүмгө учуроо коэффициенти алдын ала маалыматтар боюнча тирүү төрөлгөндөрдүн 1000не карата 22,3 түзүп (2011-ж. январь-сентябры - 23,1) төмөндөө тенденциясына ээ.
80-90-жылдары төрөлгөн, репродуктивдүү жаштагы аялдардын санынын эсебинен төрөттүн өсүшү байкалууда. Балдардын жана кош болуу аялдардын ден соолугун, төрөт үйлөрүндөгү медициналык кызматтардын сапатынан жакшыртууга багытталган программаларды жайылтуунун эсебинен ымыркайлардын өлүмгө учуроо көрсөткүчү төмөндөөдө.
Январь-сентябрда оперативдүү маалыматтар боюнча республикада энелердин өлүмгө учуроо көрсөткүчүнүн өсүшү белгиленүүдө, ал тирүү төрөлгөндөрдүн 100000не 53,6 түздү (2011-ж. январь-сентябры - 51,0).
Энелердин өлүмгө учуроосун анализдөөдө жүрүм-турум эрежелеринин, калктын санитардык билиминин, экономикалык, социалдык жана маданий факторлордун бир катары менен шартталган жана саламаттыкты сактоо секторунун алкагынан чыккан себептердин көптүгүн көрсөттү.
| 16-таблица |
Саламаттыкты сактоодогу негизги көрсөткүчтөр(19)
┌─────────────────────────────┬──────────────┬────────┬────────┬──────┐
│ Көрсөткүчтөрдүн │Ченөө бирдиги │ 2011-ж.│ 2012-ж.│Четтөө│
│ аталыштары │ │ январь-│ январь-│(+, -)│
│ │ │сентябры│сентябры│ │
├─────────────────────────────┼──────────────┼────────┼────────┼──────┤
│Төрөлүүлөр │калктын 1000не│ 26,7 │ 27,7 │ 1,0 │
│ │карата │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────────┼────────┼────────┼──────┤
│Табигый өсүштүн көрсөткүчү │калктын 1000не│ 20,1 │ 21,2 │ 1,0 │
│ │карата │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────────┼────────┼────────┼──────┤
│Өлүмгө учуроонун жалпы │калктын 1000не│ 6,6 │ 6,5 │ -0,1 │
│көрсөткүчү │карата │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────────┼────────┼────────┼──────┤
│Ымыркайлардын өлүмгө учуроо │тирүү төрөлгөн│ 20,4 │ 20,2 │ -0,2 │
│көрсөткүчү │1000 балага │ │ │ │
│ │карата │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────────┼────────┼────────┼──────┤
│Балдардын өлүмгө учуроо │тирүү төрөлгөн│ 23,1 │ 22,3 │ -0,8 │
│коэффициенти │1000 балага │ │ │ │
│ │карата │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────────┼────────┼────────┼──────┤
│Энелердин өлүмгө учуроо │тирүү │ 51,0 │ 53,6 │ 2,6 │
│көрсөткүчү │төрөлгөндөрдүн│ │ │ │
│ │100000не │ │ │ │
│ │карата │ │ │ │
└─────────────────────────────┴──────────────┴────────┴────────┴──────┘
Оорулар. 2012-жылдын 3-кварталында профилактикалык эмдөөнүн бардык түрү менен камтуу 72,5%дан көп болду, буга республикага вакциналык
препараттардын үзгүлтүксүз келип турушу, муздаткычтардын иштешин байкоо жана эмдөө иштерин туура уюштуруу таасирин тийгизди.
2012-жылдын 8 айында кызылча, полиомиелит, дифтерия менен ооруу белгиленген жок. Бирок, эпидпаротит менен оорунун өсүшү белгиленди 2011-жылдагы 265 каршы 303 учур. 10 жаштан жогорку адамдарда В гепатити оорусуна чалдыгуу төмөндөдү, 2011-жылдагы 341 каршы 309 учур. Көк жөтөл менен ооругандардын саны төмөндөдү - 2011-жылдын ушундай мезгилиндеги 58 каршы 53 учур.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2012-жылдын 9-мартындагы № 112 "Кыргыз Республикасында эмдөөнүн Европа жумалыгын өткөрүү жөнүндө" буйругуна ылайык 2012-жылдын 21-апрелинен 27-апрелине чейин республика боюнча эмдөөнүн Европа жумалыгы акциясы өткөрүлгөн. Бардыгы 17533 чоңдор жана балдар эмдөөдөн өттү.
2012-жылдын 1-октябрына карата республика боюнча ВИЧке 4469 адам чалдыккан, алардын ичинен 4276 Кыргыз Республикасынын жарандары, 193 чет өлкөлүк жарандар. СПИД-501. Бардыгы каза болгондор - 652, анын ичинен СПИДден - 226 (2011-жылы 503 каза болгон, анын ичинен СПИДден 180).
Өз убагында табуу жана ВИЧтин вертикалдуу трансмиссиясына АРВ (антиретровирустук) химиопрофилактикалоону дайындоо үчүн кош бойлуу аялдарга ВИЧке милдеттүү (маалымдап макул алуу менен) тестирлөө өткөрүлүүдө. 2012-жылдын январь-сентябрында 102676 кош бойлуу аял текшерилүүдөн өттү, 42 "+" ВИЧ табылды.
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык профилактикалык эмдөө календарынын алкагында Мыйзамдын балдарды бекер иммунизациялоо жөнүндө негизги принцип милдеттүү түрдө аткарылууда.
Саламаттыкты сактоо чөйрөсүнүн, анын ичинде энелер өлүмүнүн өсүшүнүн айрыкча курч көйгөйлөрү: кош бойлуу аялдардын госпиталдык деңгээлде биринчи жана тез жардамдын сапаттуу медициналык кызматтарды көрүүсүнүн жетишсиздиги; бир катар облустарда үй-бүлө врачтарынын, неонатолог врачтарынын, акушер-гинекологдордун жетишсиздиги; төрөткө жардам берүүчү уюмдардын жетишсиз материалдык-техникалык базасы; айрым калктуу конуштардын ортосунда транспорттук каттамдын жоктугу; санитардык автотранспорттун, кээ бир учурларда күйүүчү-майлоочу майлардын жана коммуникациялардын жетишсиздиги; квалификациялуу кадрлардын башка жакка кетиши жана жоктугу.
Саламаттыкты сактоо секторунун алкагынан чыккан көйгөйлөр бар, аларга: тышкы жана ички миграциянын өсүшү, балдардын жакырчылыгы, мектепке чейинки мекемелердин жетишсиздиги, жашы жетпегендердин турмушка чыгышы жана жашы жетпегендердин төрөтү кирет.
2012-жылдын январь-сентябрында "Саламаттыкты сактоо" сектору боюнча чыгымдар капиталдык чыгымдарды эсепке алганда 6906,8 млн.сомду түздү.
Республиканын жарандарын медициналык-санитардык жардамдар (ФОМС бирдиктүү төлөөчү) менен камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин Программасын аткарууга 4805,6 млн.сом каржыланды. Балдарды, жөлөкпул алган жактарды жана пенсионерлерди медициналык камсыздоого республикалык бюджеттен төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздоо каражаттарына 188,7 млн.сом каржыланды.
6.4. Билим берүү жана илим
Өлкөдө 2012-жылдын 1-октябрына карата төмөнкүлөр иштөөдө: 98,7 миң балдар барган 741 мектепке чейинки мекеме, 1015,1 миң окуучусу менен 2024 мектеп; 72,3 миң сандагы студенттери менен 126 кесиптик орто билим берүү мекеме жана 239,2 миң студенти менен жогорку кесиптик билим берүүнүн 54 билим берүү уюму.
Балдарды милдеттүү түрдө мектепке чейин даярдоо программасы жана 240 саат окутуу эсебинен программага методикалык сунуштар боюнча иштер жүргүзүлдү.
Жалпы билим берүүчү мектептердин базалык окутуу планын оптималдаштыруу чечими кабыл алынган, ага ылайык 2011-2012-жылдардагы жумалык окуу түйшүгүнө салыштырганда 2012-2013-окуу жылдарындагы жумалык окуу түйшүгү 21 саатка кыскартылды. Окуу сааттарынын мындай бул кыскарышы окуучулардын түйшүгүн жүктү азайтууга, бюджеттик каражаттарды, бир жылга эсептегенде 300,0 млн.сомго чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк түзөт, үнөмдөнгөн каражаттар билим берүүгө кайра инвестицияланат.
Киши башына карата каржылоо моделинин алкагында мугалимдердин ишин объективдүү баалоо жана эмгектик катышуусуна коэффициент кошуп эсептөө үчүн мугалимдердин иш-аракеттеринин натыйжалуулугун баалоонун стандарттык критерийлери иштелип чыкты.
Отчеттук мезгилде негизги стратегиялык маселелердин бири билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн маселелери, ошондой эле социалдык оор абалды төмөндөтүү максатында 2012-жылга карата республикалык бюджеттин социалдык багыт алуусу болду.
2012-жылдын январь-сентябрында Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү мекемелери боюнча чыгымдары каржылоо 1793,6 млн.сом планынын ордуна 1574,1 млн.сомду же 88% түздү. Анын ичинен, корголгон статьялар боюнча (айлык акы жана чегерүүлөр, тамактануу, медикаменттер, стипендиялар) аткаруу 1395,6 млн.сомду, корголбогон статьялар боюнча 178,5 млн.сомду түздү.
"Башка сатып алуулар жана кызматтарды көрсөтүүлөр" статьясы боюнча билим берүү системасындагы окуу жайларынын кызматкерлеринин республикалык спартакиадасын өткөрүүгө - 2,0 млн.сом. 2012-жылы балдардын жана жаш өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу үчүн - 5 млн.сом суммасындагы Билим берүү жана илим министрлигинин чыгымы каржыланды.
7. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
Кыргыз Республикасында ишти иш-аракетти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттин калк алдындагы социалдык милдеттерин аткаруу жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга Иш-чаралардын планы бекитилген.
Өкмөттүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" орто мөөнөттүк программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралардын планы менен 162 тапшырма бекитилген. Жогоруда аталган иш чаралар планы менен пландаштырылган тапшырмалардын ири бөлүгү мамлекеттик органдар тарабынан аткарылды.
Блок боюнча атаандаш экономиканы түзүүгө багытталган маселелерди чечүү үчүн төмөнкү негизги милдеттер чечилди.
41 өлкөнүн жарандарына 90 күнгө визасыз режим киргизилди.
113 бирдикке лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн саны кыскартылды.
2012-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси) бекитилди.
"Кыргыз Республикасында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүнүн ыйгарым укуктуу органы аныкталды.
"Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды. Инфраструктураны, адам мүмкүндүгүн өнүктүрүүгө жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарын колдоого багытталган улуттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Өнүктүрүү банкынын ишинин башталышы 2013-жылга пландаштырылууда.
Асфальт бетондук жабуу орнотмосун, көпүрөлөрдү куруу жана капиталдык оңдоо жумуштары менен кошо, Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун түйүндөрүн сактоо жана техникалык абалын жакшыртуу боюнча жалпы 635,4 млн.сом суммасында иштер жүргүзүлдү.
Экономиканын стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын алкагында отун-энергетикалык комплексин, тоо-кен секторуну, агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.
Электр энергиясынын жоготууларын азайтуу максатында менен калк үчүн электр энергиясы үчүн алдын ала төлөө эсептегичтерин жайылтуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.
Жаратылыш ресурстарынын иштетүүдө инвестициялык жагымдуулук жана тоо-кен компанияларынын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр кабыл алынды:
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасында Мыйзамынын жаңы редакциясы;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (алтын казуучу ишканалардын жогорку кирешелерине салык салуу жагынан);
"Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" (Пайдалуу кен байлыктар чыккан жерлерди иштетүүгө кепилденген жер берүү жагынан);
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (кен чыккан жерлерди издөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө лицензиялар үчүн акы төлөөлөрдү кармоо механизмин киргизүү).
Айыл-чарба секторунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн "Фермерлерге арзан кредит - 2" долбоору ишке киргизилген, анын алкагында жылдык 7 пайыз менен жеңилдетилген кредиттерди берүүгө 1 млрд.сом бөлүү каралган. 2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча айыл чарба карыз алуучуларына 700,4 млн.сом суммасында кредит берилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 2012-жылы Кыргыз Республикасынын жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандык менен өткөрүү боюнча, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо чаралары аныкталган.
Региондорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында, негизги максаты вертикал боюнча аймактык башкарууда бири бирин кайталоону четтетүүгө жана региондордун мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө негизделген теңдеш башкаруучулук системаны түзүү болгон администрациялык-аймактык реформа концепциясы кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кирүү боюнча иш-чаралардын алкагында 2012-2013-жылдардын ичинде Бажы Союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планынын долбоору ЕврАзЭС комиссиясына жөнөтүлгөн жана ЕврАзЭСтин жумушчу тобу менен макулдашылган.
Мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкаруу маселесин чечүү үчүн 2012-2014-жылдарга мамлекеттик мүлктү эсепке алуунун системасы түзүү боюнча иш-чаралар планынын долбоору даярдалды, анын алкагында мамлекеттик бардык активдерин инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Социалдык чөйрөнүн милдеттеринин блогу боюнча балдардын окуу жүгүнүн оордугу 1200 сааттан 918 саатка азайтылган, анын аркасында 400 млн. ашык сом үнөмдөлдү. Кепилденген минималдуу киреше 370 сомдон 580 сомго чейин жогорулады.
Муну менен бирге эле белгиленген мөөнөттө ишке ашпай калган иш-чаралар да бар.
Өлкөнү стратегиялык өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын алкагында 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүнүн концепциясы кабыл алынган жок. Азыркы учурда Камсыздандыруучулардын кыргыз ассоциациясынын сын-пикирлерине жана пикир келишпестиктерине байланыштуу долбоорду толуктап иштеп чыгуу жүргүзүлүүдө, андан соң долбоор 20-декабрга карата КРнын Өкмөтүнүн жыйынына кароого киргизилет (жооптуу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы).
Ошондой эле, электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүк тарифтик саясаттын долбоору иштелип чыккан жок. Азыркы убакта бул долбоор иштелүүдө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 330 токтому менен бекитилген "2012-2017 жылдарга Кыргыз Республикасынын электр энергетикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк стратегиясын" ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планында белгиленген мөөнөткө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна 2012-жылдын 1-ноябрына чейин берилет (жооптуу - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги).
2015-жылга чейин айыл чарба кооперативдерин жана экспорттоого багытталган агро класстерлерди өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоору кабыл алынган жок. Азыркы убакта долбоор толукталып иштелип чыгууда (жооптуу - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги).
Бозымчак алтын-жез кенине кен иштетүүчү заводдун курулушу башталган жок (жооптуу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги).
Бюджеттик каражаттардын жетишсиздигинен улам республиканын айыл-жерлеринде ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар ишке ашкан жок (жооптуу - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги).
Азыркы убакта Талас облусундагы Кара-Буура районунун Сарымсак каналынын реконструкциялоону, Баткен облусундагы Кадамжай районунун Каракыштак-Боз каналынын курулушун, Арка массивине суу берүү үчүн Баткен облусундагы Лейлек районунда дюкердин курулушун каржылоо маселелерин иштелип чыгууда (жооптуу - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги).
Ишке ашыруу үчүн узак мөөнөттү талап кылган, белгиленген мөөнөттө жарым-жартылай аткарылган жана аткарылбаган милдеттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракетинин программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга карата негизги иш-чаралардын планына которулган.
8. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейинки негизги милдеттер
1. Экономиканы болжолдонгон экономикалык өсүү деңгээлине - 1,8%ге жеткирүү үчүн коркунучтарды өз учурунда табуу жана тобокелдиктердин алдын алуу максатында макроэкономикалык көрсөткүчтөргө туруктуу мониторинг жүргүзүү.
2. Керектөө бааларынын өзгөрүшүнө таасирин тийгизген факторлорго оперативдүү мониторинг жүргүзүү жана баа берүү. Эң маанилүү товарлардын баасынын кескин өзгөрүшүн болтурбоого багытталган алдын ала иш чаралардын/сунуштардын пакетин иштеп чыгуу.
3. Министрликтер, ведомстволор жана облустук мамлекеттик администрациялар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракетинин программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга карата негизги иш-чаралардын планын өз убагында аткаруу.
4. Жылдын аягына чейин үстүбүздөгү жылдын түшүмүн толук жыйноону жана учетко алууну камсыз кылуу.
5. Жылдын дан өсүмдүктөрүнүн учурдагы күзгү себүү үчүн аткаруунун кабыл алынган программасын аткаруу.
6. Келе жаткан кыш мезгилине мал чарбачылыгы үчүн тоюттарды жетиштүү даярдоо маселесин өзгөчө контролдоо.
7. Мал чарбачылыгынын эпизоотикалык саламаттыгын, мал башынын сакталышын жана айыл чарба малынын жана үй канаттууларынын азыктуулугун камсыз кылуу.
8. Мыйзамдарга ылайык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу көлөмдө мамлекеттик материалдык резервге дан сатып алууну уюштуруу жана контролдоо.
9. 2012-жылга белгиленген параметрлерге ылайык кирешелердин келип түшүүсүн камсыздоо.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн деңгээлинин түшүп кетишине жол бербөө.
(1) Көрсөткүчтөр дүң кошумча нарк боюнча көрсөтүлдү.
(2) АКШнын АЧМ 2012-жылдын 11-октябрындагы болжолу.
(3) Банк системасынын аналитикалык балансынын маалыматтары боюнча ал өзүнө жеке жана юридикалык жактардын депозиттерин гана камтыйт, ал эми башка финансы-кредиттик мекемелердин депозиттери, ошол эле учурда Өкмөттүн жана резидент эместердин депозиттери кирбейт.
(4) Банк системасынын аналитикалык балансынын маалыматтары боюнча ал өзүнө жеке жана юридикалык жактардын кредиттерин гана камтыйт, ал эми башка финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери, ошол эле учурда Өкмөттүн жана резидент эместердин кредиттери кирбейт.
(5) Бул маалыматтар коммерциялык банктардын регулятивдик отчеттуулугуна ылайык келтирилген.
(6) Бул категорияга ишканалардын жана калктын депозиттери, банктардын жана ФКМдердин депозиттери, ошондой эле бийлик органдарынын депозиттери кирген.
(7) Иштетип алма чийки затты эсепке албастан.
(8) ТЧИ боюнча отчеттуулук кварталдык болуп эсептелет жана отчеттук мезгилден кийинки 55 күнү сунуш кылынат, б.а. 2012-жылдын 9 айы үчүн - у.ж. 25-ноябрынан кийин.
(9) Квартал/жыл үчүн отчеттуулук отчеттук мезгилден кийинки 60-күнү сунуш кылынат.
(10) Маалыматтар өсүү темпи менен.
(11) КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча.
(12) Январь-август, чакан ишканаларды эсепке албаганда.
(13) Болгон калктан.
(14) Жашоо минимумунан.
(15) КРнын Социалдык фондунун маалыматы боюнча.
(16) Компенсациялык төлөмдөрдү эске алганда.
(17) 2009-ж. тартып, КР УСК маалыматтары боюнча.
(18) КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча.
(19) КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча.
Кыргыз Республикасынын экономика министри |
Т. Сариев
|