Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 579 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябры №553
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга карата болжолу жана 2013-2014-жылдарга карата болжол жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-октябрындагы №668, 2012-жылдын 25-январындагы №53, 2012-жылдын 15-июнундагы № 419 токтомунун редакцияларына ылайык)
Өнүгүүнүн 2012-жылга жана 2013-2014-жылдарга карата макроэкономикалык параметрлерин аныктоо жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк мезгилдеги маселелерин ырааттуу чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- 2012-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу 2011-жылдын такталган көрсөткүчтөрүн жана 2012-жылдын январь-март айы үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн алдын ала маалыматтарын эске алуу менен 1-тиркемеге ылайык.
- 2010-жылдын такталган көрсөткүчтөрүн жана 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн алдын ала маалыматтарын эске алуу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга болжолу жана 2013-2014-жылдарга болжолу, 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-июнундагы №419 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылта бюджеттин долбоорун жана 2013-2014-жылдарга карата болжолду түзүүдө Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2012-жылга карата макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн жана 2013-2014-жылдарга карата болжолун негиз кылып алсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- орто мөөнөттүү программаларды жана өнүгүү стратегияларын иштеп чыгууда 2012-жылга жана 2013-2014-жылдарга карата жактырылган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү негиз кылып алышсын;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына квартал сайынкы негизде мониторинг жүргүзүшсүн;
- квартал сайын, отчёттук кварталдан кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги:
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга максаттуу көрсөткүчтөрүн аткарууну мониторингдөөнүн натыйжаларын квартал сайын жалпыласын жана отчёттук кварталдан кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жөнүндө маалымат берсин;
- квартал сайынкы мониторингдин жана 2011-жылдагы социалдык-экономикалык кырдаалга баа берүүчү маалыматтардын негизинде, зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга болжолдук көрсөткүчтөрүн жана 2013-2014-жылдарга көрсөткүчтөрдү өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизсин;
- жактырылгандан кийин Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга карата болжолун жана 2013-2014-жылдарга карата болжолду Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин расмий веб-сайтына жарыяласын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-июнундагы № 287 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-2014-жылдарга карата орто мөөнөттү болжолу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |