Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 357
2020-жылга чейин өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймактарынын комплекстүү коопсуздугунун концепциясын жана стратегиясын бекитүү жөнүндө
Өзгөчө жана кризистик кырдаалдар коркунучун кыскартуу, Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймактарынын комплекстүү коопсуздугун өркүндөтүү, өлкөнү коопсуз өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2020-жылга чейин өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймактарынын комплекстүү коопсуздугунун концепциясы 1-тиркемеге ылайык;
- 2020-жылга чейин өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймактарынын комплекстүү коопсуздугунун стратегиясы (мындан ары - Стратегия) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кырсыктар коркунучун кыскартуу боюнча улуттук платформа болуп Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын иши аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө Стратегияны ишке ашыруу планын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2012-жылдын 10-сентябрына чейин белгиленген тартипте Стратегияны ишке ашыруу планын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
1-тиркеме
Киришүү
Кыргыз Республикасында акыркы жылдардагы коопсуздукту камсыздоо боюнча топтолгон ыкмалар жана тажрыйбалар бул иште комплекстүү ыкманы киргизүү зарыл экендиги жөнүндө жыйынтыкка алып келди.
Мурунтан калыптанган маселе чечүүдөгү жекече мамилелер, өлкөдөгү көптөгөн коопсуздук коркунучтарына тиешелүү каршы иш-аракеттер коопсуздуктун биздеги системасынын жараксыз экендигин көрсөттү.
Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо-турмушунун ар кайсы чөйрөлөрүнө деструктивдүү таасир берүүчү коопсуздук коркунучтары өз-ара тыгыз байланышта. Мындай өз ара байланыштын натыйжасында алардын жөн эле жыйындысы эмес комплекстүү коркунучтар пайда болот.
Ушундан улам, потенциалдуу өкүм сүргөн коркунучтарга каршы эффективдүү иш-аракеттерди ар биринин өзгөчөлүгүн жана спецификасын, ошондой эле алардын деструктивдүү факторлордун бирдиктүү системасында пайда болуусун эсепке алуу менен гана камсыздоого болот. Мындан улам, Кыргыз Республикасындагы коопсуздуктун абалы комплекстүү жана системалуу мүнөздө деген жыйынтык келип чыгат.
Бул фундаменталдуу жыйынтык Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймагынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы комплекстүү коопсуздугунун 2020-жылга чейинки концепциясынын негизги өзөгүн түзөт (мындан ары - концепция).
Концепция Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекетти туруктуу өнүктүрүүдө коопсуздукту комплекстүү камсыздоо жаатында негизги принциптери жана ишинин багыттарынын, расмий түрдө кабыл алынган максаттардын, милдеттердин, Кыргыз Республикасынын калкынын өмүрү жана саламаттыгы, болуп жаткан жана мүмкүн болгон ички жана сырткы опурталдар жана коркунучтар шарттарындагы укуктары жана эркиндиктеринин (мындан ары - коркунучтар) көз карашынын системасын коштойт.
Концепция төмөнкүлөргө негиз болот:
- коопсуздукту комплекстүү камсыздоо жаатында жарандык коомдор, экономикалык жана социалдык структуралардын иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруусу;
- Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыздоо жана коркунучтардан конкреттүү коргоо боюнча максаттуу программа иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- жеке адамдын, коомчулуктун жана мамлекеттин жашоо жана ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөсүндөгү коопсуздугун камсыздоочу нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
- мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын, болуп жаткан коркунучтарга каршы иш-аракет кылуу боюнча коопсуздукту камсыздоочу органдардын ишмердүүлүгүн уюштуруу, анын кесепеттерин жоюу;
- коопсуздукту комплекстүү камсыздоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын саясий жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу;
Концепцияны ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймагынын комплекстүү коопсуздук деңгээлин жогорулатуу;
- жарандардын татыктуу жашоого мүмкүнчүлүгүн, коомчулуктун жашоо чөйрөсүнүн социалдык жана руханий жактан, экономиканын өнүгүү динамикасын камсыздоочу шарт түзүү;
- Кыргыз Республикасында болуп жаткан жана болжолдонгон коркунучтарды натыйжалуу токтотуучу комплекстүү коопсуздук системасын түзүү;
- деструктивдүү жана терс факторлордон пайда болгон коопсуздуктун жана коркунучтун ар кандай түрдөгү таасирлеринен келтирилген чыгымды азайтуу.
Концепциянын укуктук жана методологиялык базасын Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коопсуздук чөйрөсүндө, өзгөчө кырдаалдардагы коопсуздук, терроризмге жана экстремизмге, наркотиктерди мыйзамсыз колдонууга жана айландырууга каршы иш-аракет, тартипти камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жагындагы токтомдору түзөт.
Концепцияда коопсуздукту комплекстүү камсыздоо боюнча башкы багыттагы иштин принциптери, максаттары келтирилди.
1. Негизги түшүнүктөр
Бул Концепцияда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат.
Комплекстүү коопсуздук - жеке адам, коом, мамлекетти өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын кесепетинен мүмкүн болуучу ар кандай чыгымдардан тиричиликти камсыздоо системасынын нормалдуу иштөө ыкмаларын сактоо, экономикалык, социалдык-саясий, экологиялык, демографиялык, техногендик, руханий-нравалык, социалдык-психологиялык кырдаалдын стабилдүүлүгүн коргоо.
Коопсуздук - жеке адам, коомчулук жана мамлекетти келтирилген чыгымдан коргоочу реалдуу мүмкүнчүлүктөрү.
Коркунуч коопсуздугу - мүмкүн болуудан чындыкка өтүү стадиясындагы коркунуч.
Коопсуздукту камсыздоо - жалпы мамлекеттик чаралардын комплекси, субъектилердин коопсуздугун камсыздоодо колдонулуучу жана бардык биргелешкен күч жана каражаттардын жардамы менен жеке адамга, коомчулукка жана бүтүндөй мамлекетке тийиштүү коркунучту алдын-алуу, бардык системанын, ошондой эле калктын жашоо-тиричилигинин нормалдуу болушу үчүн шарттарды камсыздаган коргоо системасын түзүү;
Коопсуздукту камсыздоо чөйрөсү - ар кандай чаралардын комплексин колдонуу жаатында, коркунучту аныктоого жана алдын-алуу боюнча күч жана каражаттар жана алардан коргонуунун системасын түзүү.
Коопсуздуктун жана коркунучтардын түрлөрү - булактардын жайгашкан орду боюнча: ички жана сырткы; калыптануу деңгээли боюнча: потенциалдуу жана реалдуу; пайда болуу мүнөзүнө жараша: табигый, техногендик, социалдык; турмуш-тиричилик чөйрөсүндө: эл аралык, аскердик, экономикалык, саясий, руханий, маалыматтык, экологиялык, психологиялык ж.б.
Коопсуздуктун түрлөрү кооптуулук жана коркунучтарга тиешелүү негизде бөлүнгөн жана топтолгон негизде аныкталган коопсуздуктун формалары (ички, сырткы, эл аралык, аскердик, экономикалык, саясий, социалдык, маалыматтык, өзгөчө кырдаалдардагы, экологиялык, коомдук ж.б. коопсуздуктар).
Коопсуздукту камсыздоо субъектилери - болуп жаткан коркунучтарга каршы чара көрүү боюнча иштин активдүү катышуучулары. Коопсуздукту камсыздоонун башкы субъектилери болуп аткаруу бийлигинин органдары, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана бирикмелер, коопсуздук жаатында маселелерди чечүүгө түзүлгөн атайын структуралар, калктын коопсуздугун камсыздоочу мамлекеттик эмес уюмдар.
Коопсуздукту камсыздоо системасы - мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Республикасынын уюмдары жана жарандарынан, ошондой эле атайын түзүлгөн башкаруу органдарынан турган, коопсуздукту камсыздоонун милдеттерин жана максаттарын ишке ашырууда түздөн-түз катышуучу күч жана каражаттардын өз-ара биргелешкен механизми. Коопсуздукту камсыздоо системасы коопсуздукту жөнгө салган мыйзамдардан жана мыйзамга баш ийген актылардын мыйзамдык базасын, болуп жаткан коркунучтарга каршы иш-аракеттердин форма жана методдорун, пайдаланган ыкмаларын колдойт.
Потенциалдуу кооптуу объектилер - радиоактивдүү, өрттөнүүгө, жарылууга кооптуу, химиялык жана биологиялык заттарды гидротехникалык курулуштарга же башка объектилерге колдонуудан, кайра иштетип чыгаруудан, сактагандан же унаа менен ташуудан улам өзгөчө кырдаалдын жаралуусунан мамлекетке зыян алып келүү коркунучтары бар ишканалар жана мекемелер болуп саналат.
Өтө маанилүү объектилер - иштебей калышы же ишинин бузулушу экономикага, социалдык чөйрөгө, башкаруу системасына, мамлекеттин башка зарыл чөйрөлөрүнө же белгилүү аймакта жашаган калктын жашоо-тиричилигине узак убакытка олуттуу кесепетин тийгизүүчү объектилер.
Жашоого зарыл кызыкчылыктар - аткарылышы адамдын, коомдун жана жалпы эле мамлекеттин жашоосун жана өнүгүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоочу керектөөлөрдүн жыйындысы,
Коопсуздукту камсыздоо принциптери - коопсуздукту камсыздоо боюнча ишти аткарууда сакталган негизги ченемдер анын жогорку эффективдүүлүккө жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.
Коопсуздук деңгээли жеке адамды, коомчулук жана мамлекетти ар кандай тектеги коркунучтардан жана опурталдардан коргоо көрсөткүчү.
Кырсыктын коркунучтарын кыскартуу боюнча Улуттук платформа - мамлекеттин ар кандай деңгээлдеги системасында кырсыктын коркунучтарын кыскартууну үгүттөөгө кызмат кылган жана кырсыктын тобокелдиктерин кыскартуу жаатында приоритеттүү багыттагы анализ жана сунуш берүүчү координацияны камсыздоочу механизм.
Иш-аракеттердин Хиог алкактык программасы (мындан ары - Программа) - кырсыктын опурталдарын азайтуу үчүн негизги каражат. Ал Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө өлкөлөр тарабынан кабыл алынган. Анын жалпы максаты коомчулукту жана өлкөнүн калкынын кырсыктын таасирлерине болгон туруктуулугун бекемдөөгө салым кошуу, ошондой эле 2015-жылга чейин өзгөчө кырдаалдардан болгон чыгымдарды кыскартууга жетишүү болуп саналат.
Коргоо объектилери - Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери жана башка калктуу пункттар, калк жыш жайгашкан объектилер, ошондой эле турмуштук зарыл объектилер.
Кризистик кырдаалдар - Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесинде аныкталган өзгөчө мүнөздөгү жагдай.
Бирдиктүү маалыматтык башкаруучу система (мындан ары - БМБС) - Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймагынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан коопсуздугун комплекстүү камсыздоо системасынын негизги милдеттерин аткарууну камсыздоочу уюштуруучу-техникалык бириккен байланыштын күч жана каражаттары, кабарлоо, көрсөтүү түйүндөрү, жалпы колдонулган байланыш түйүндөрүнүн каналдары жана мекемелик байланыш түйүндөрү.
БМБСнын күнүмдүк башкаруу органы - ишке ашырылуучу ыкчам башкарууну жана система алдындагы функциялык звенолорду болгон укуктардын чегинде көзөмөлдөөчү Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик укуктук органдардын түзүлүш бөлүмдөрү болуп саналат.
Маалыматтык коопсуздук - аталган маалыматтын жеткиликтүү болушу үчүн санкциялык маалыматтардын корголушу, ошондой эле программалык-техникалык жыйын каражаттарынын, кайра иштеп чыгуунун, чогултуунун, сактоонун, маалыматты издөө жана берүүнүн функциялык бузулуусу же маалыматты коргоочу иш-чараларды камсыздоочу көрсөтүлгөн каражаттардын катардан чыгышы.
Маалыматтык өз-ара аракеттенүү - жалпы маалыматтык системадагы маалыматтарды биргелешип колдонуу, жаңычылдык ишмердикке тиешелүү эрежелерге ылайык ишке ашыруу субъектилеринде маалымат алмашуу.
2. Концепциянын максаттары жана багытталышы
Концепциянын максаттары:
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан калктын жана аймактын коопсуздугунун комплекстүү системасын этаптар боюнча түзүү;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын коркунучун күн мурунтан баалоо жана аларды кыскартуу боюнча иш-чаралар;
- бардык башкаруу органдарын жана чара көрүү күчтөрүн өз-ара аракеттеги механизмге бириктирүү жолу менен даярдыктарын жогорулатуу;
- материалдык-техникалык жана финансылык резервдердин запасын түзүү.
Концепция Кыргыз Республикасынын башкаруу органдарынын коопсуздукту комплекстүү камсыздоо боюнча иш-чараларды жана программаларды андан-ары стратегиялык пландаштырууга, комплекстүү коопсуздук жана ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга багытталган.
Аталган концепциянын негизин эл аралык терроризмдин активдешүүсүн мүнөздөгөн, ички саясий локалдуу кризистик кырдаалдар жана республикадагы табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын санынын өсүшүнөн, учурдагы кырдаалды талдоонун негизинде жасалган калкты жана аймакты коргоону жогорулатуу жөнүндөгү чечим түзөт.
3. Коопсуздуктун комплекстүү системасын өнүктүрүүнүн негизги принциптери
Коопсуздукту комплекстүү камсыздоо системасын өнүктүрүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- калкты жана аймакты экономикалык, жаратылыш жана башка адам өмүрүн, саламаттыгын жана коомчулуктун коопсуздугунун бүтүндөй приоритетин эске алуу менен өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча координациялык иш-чараларды ишке ашыруу;
- калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо ыкмаларын жана багытты тандоого илимий негизделгендик;
- мамлекеттик башкаруунун республикалык органдары жана жергиликтүү аткаруу жана теске салуучу органдардын калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо чөйрөсүндө укуктук чегин ажыратуу;
- жарандык коргонуунун ишке ашырууга пландаштырылган иш-чараларынын оптималдуу мөөнөтү жана көлөмү, экономикалык негизи;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды алдын-алууга, ошондой эле алар пайда болгон учурда адамдардын курмандыгын жана материалдык чыгымды төмөндөтүүгө багытталган иш-чараларды күн мурунтан жана өз убагында өткөрүү;
- калкты жана аймакты өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан коргоо, аларды сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө күч жана каражаттын жетишсиздигин камсыздоо;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу системасынын кийинки интеграциясы;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын-алууга байланышкан иштеги ачык-айкындык.
4. Коопсуздукту комплекстүү камсыздоо системасын өнүктүрүүнүн негизги милдеттери
Комплекстүү коопсуздук системасын камсыздоону өркүндөтүүдө төмөнкү иш-чараларды аткаруу болжолдонот:
- Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын маалымдоо, эртелеп кабарлоо, калкты жана аймакты коргоо жаатында мамлекеттик башкаруу органдарынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын-алуу тапшырмаларын ишке ашыруу;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын-алуу боюнча авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө багытталган бирдиктүү күч жана каражаттарды түзүү, алардын дайыма даярдыкта болуусун камсыздоо;
- калкты жана аймакты өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан коргоого, ошондой эле алардан коргонуу жолдору боюнча калкты окутуу жана маалымдоонун бирдиктүү системасына кирген Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн жана башкаруу органдарынын жетектөөчү курамын даярдоого бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу;
- тынчтык жана согуш мезгилдеринде кызмат кылуучу калкты жана аймакты өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан коргоонун бирдиктүү системасына кирген башкаруу органдарынын жетектөөчү курамын алдын-алуу жана эртелеп кабарлоонун борборлоштурулган системасын түзүү;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюуга жана алдын-алууга багытталган материалдык жана финансы ресурстарынын бирдиктүү резервин түзүү.
5. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда коопсуздукту комплекстүү камсыздоо системасын өркүндөтүүнүн приоритеттүү багыттары
Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда коопсуздукту комплекстүү камсыздоону төмөнкү багыттар боюнча өркүндөтүү:
- калкты жана аймакты өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан коопсуздукту комплекстүү камсыздоочу министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун өз-ара иш-аракет механизмин өркүндөтүү;
- Кырсыктын коркунучтарын кыскартуу боюнча Улуттук платформанын алкагында курамына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети кирген башкаруунун ийкемдүү системасын түзүү. Бул механизм өзгөчө жана кризистик коркунучтар пайда болгондо операциялык башкарууну бул же тигил өзгөчө жана кризистик кырдаалдар прерогативасы болгон ведомствого өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берет;
- мамлекеттик бийликтин республикалык органдарынын, Республиканын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик башка уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын жетекчилеринин өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын комплекстүү коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтерин жогорулатуу;
- коопсуздукту комплекстүү камсыздоого катышкан коомдук ыктыярдуу бирикмелерге жана аскердик эмес түзүмдөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды маалымдоо жана байкоочу геоинформациялык система түзүү, анын ичинде жасалма спутниктрдин Жерди дистанциялык изилдөөсүн колдонуп маалымат алуу, потенциалдуу кооптуу объектилердин коопсуздугунун мониторинги, коркунучтар жана өзгөчө кырдаалдардын пайда болуусун кабарлаган диспетчердик система киргизүү;
- калкты жана аймакты өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан коргоо жаатында билимди жайылтуу ыкмаларын өркүндөтүү;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды жоюуга жана алдын-алууга багытталган материалдык жана финансы ресурстарынын системасын өркүндөтүү.
6. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы комплекстүү коопсуздук түзүүнүн этаптары
Өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын 2012 - 2020-жылдарга чейинки коопсуздук комплексин түзүү эки этапка болжолдонууда:
1) Кырсыктын коркунучтарын кыскартуу боюнча Улуттук платформаны өркүндөтүү.
2) Өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы коопсуздукту комплекстүү камсыздоо системасын өркүндөтүү.
7. Күтүлүүчү натыйжалар
Өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан коопсуздукту комплекстүү камсыздоо системасын өркүндөтүүдө башкаруу органдарынын башкаруучу чечимдерди кабыл алууну камсыздоонун маалыматтык-аналитикалык деңгээлин жогорулатат, аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, аймактык мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана уюмдардын администрациялары арасында, Кыргыз Республикасынын облустарынын терроризмге каршы ыкчам штабдары элдин көп топтолушун алдын-алуу кызыкчылыктарында өз-ара иш-аракетти эффективдүү уюштуруп, өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды жоюуда төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш:
- калктын жана аймактын коопсуздугун өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан камсыздоо;
- комплекстүү коопсуздукту башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн түзүлгөн маалыматтык жана технологиялык биргелешкен системаны камсыздоо;
- аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын, ошондой эле эл көп топтолуучу уюмдардын администрацияларынын, Кыргыз Республикасынын облустарындагы терроризмге каршы комиссиялардын жана табигый, техногендик, биологиялык-социалдык, террористтик жана башка мүнөздөгү коркунучтардан коргоо боюнча маселелерди чечүүсүнүн натыйжалуулугун арттыруу;;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан курман болгон адамдардын санын - 3%дан кем эмес төмөндөтүү;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан жабыркаган адамдардын санын - 4%дан кем эмес төмөндөтүү.
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 357 токтому менен бекитилген |
Киришүү
Кыргыз Республикасы өзүнүн өзгөчө уникалдуу географиялык абалына байланыштуу көптөгөн табигый кырсыктарга дуушарланган мамлекет. Геологиялык, климаттык олуттуу коркунучтар жана климаттын өзгөрүүсүнүн глобалдуу көйгөйү дайыма республиканын калкына жана экономикасына терс таасирин тийгизүүдө.
Мындан сырткары, технологиялык прогресс жер ресурсунун мүмкүнчүлүктөрү азайышына жана аны эксплуатациялоодогу экстенсивдүү мүнөздөгү социалдык, экономикалык, саясий чөйрөдөгү кризистик көрүнүштөргө, ошондой эле жаңы техногендик коркунучтардын пайда болушуна байланышкан тескери таасирлерди тийгизүүдө. Табигый жана техногендик чөйрөлөрдүн өз ара көз карандылыгы күчөдү. Республикабызда кырсыктын мурун болбогон жаңы түрлөрү пайда болду. Статистика күбөлөндүргөндөй, Кыргызстанда социалдык жана экологиялык өзгөчө кырдаалдар коркунучунун деңгээли жетишээрлик жогору.
Жыл сайын республиканын аймагында ар түрдүү мүнөздөгү 200дөй өзгөчө жана кризистик кырдаалдар катталат, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - ӨКМ) маалыматы боюнча алардын зыяны 30 - 35 миллион АКШ долларын түзөт, ошол эле убакта алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга мамлекеттик бюджеттен жылына 6 миллион АКШ доллары бөлүнөт, ал эми республиканын аймагында болгон өзгөчө кырдаалдардын саны өтө көбөйүүдө.
Мунун бардыгы калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо көйгөйлөрүн чечүүнүн жаңы ыкмаларын издөөгө, боло турган коркунучту, кырсыкты жана кооптуулукту көрө билүүгө, болжолдоонун жана алдын-алуунун ыкмаларын өнүктүрүүгө аргасыз кылууда.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 183 «2009 - 2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө» Жарлыгы менен «Калктын жана аймактын табигый кырсыктардан жана катастрофалардан комплекстүү коопсуздугун камсыздоо» приоритети белгиленген.
Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды азайтуу боюнча иш-чаралар белгиленгендиктен, башкача айтканда бир гана багыт аныкталгандыктан комплекстүү стратегияны иштеп чыгуу зарылдыгы жаралды, мында табигый өзгөчө кырдаалдарга гана каршы эле эмес, техногендик, биологиялык-социалдык, ошондой эле конфликттик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга да каршы чаралар аныкталууга тийиш. Өзгөчө кырдаалдардын бул тобу өлкөнүн экономикасына жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүнө жана саламаттыгына бир топ зыян келтирет. Атап айтканда, 2010-жылдагы социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал (апрель революциясы, Ош шаарындагы июнь окуясы) башкаруу органдарын мындай кризистик кырдаалдарга башкача кароого мажбур кылды.
Өзгөчө кырдаалдарды изилдөөгө жана алдын алууга комплекстүү мамиле жасоо зарыл экендиги, көйгөйлүү маселелерди биргелешип чечүү, процесске жаңы катышуучуларды жана кызыкдар тараптарды тартуу керек экендиги түшүнүктүү болду.
Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймагынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы комплекстүү коопсуздугунун 2010 - 2015-жылдарга чейинки стратегиясынын (мындан ары - Стратегия) максаты - кырсыктын коркунучтарын 2020-жылга чейинки узак мөөнөттүү этапта кыскартуу, биринчи кезекте зарыл болгон иш-чараларды бюджеттик каражаттардан, ошондой эле донордук каражаттардан каржылоо багыттарын жана приоритетин аныктоо.
Стратегияны кабыл алуу, бул аталган маселе биздин мамлекеттин калкты жана аймакты өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан коргоо жагындагы мамлекеттик саясатынын негизги бөлүгү болгондугун расмий түрдө тастыктап турат. Бул этапта мамлекеттик саясаттын максаты калкты жана аймактарды өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан кырсыктын алгылыктуу көрсөткүчтөрүнүн чегинде гарантиялуу камсыздоо болуп саналат.
Стратегия Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы комплекстүү коопсуздугунун 2020-жылга чейинки концепциясынын жобосуна негизделген.
Стратегия бардык кызыкдар өнөктөштөрдүн, атап айтканда, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун иш чөйрөлөрүн камтыйт.
I бөлүм. Кыргыз Республикасы үчүн мүнөздүү болгон өзгөчө жана кризистүү кырдаалдардын тобокелдиктери
1. Өзгөчө кырдаалдардын жалпы статистикасы
Кыргыз Республикасы планеталык масштабдагы эки гигант: Түндүктөн Евро-Азиялык жана түштүктөн Индо-Австралиялык литосфералык плита тез-тез кагылышуучу аймакта жайгашкан, алар тоо түзүлүштөрүнүн өсүү процессине жана түрдүү табигый кырсыктардын жана катастрофалардын толук спектрине себепкер. Өлкөнүн деңиз деңгээлинен 401 метрден 7439 метрге чейин бийиктикте турган бийик тоолуулугу жогорку маанилүү энергиялуу сейсмотектоникалык кыймылдуу рельефтин жогорку климаттык тилкесин жана табигый-ландшафттык тик аймакты жаратып, жер көчкү, көчкү, уроо, таш кулоо, сел жана суу ташкыны, кар көчкү, жер титирөө, суу каптоо, жырылуу коркунучу бар көлдөр, геокриологиялык жана башка көптөгөн коркунучтар пайда болуусун шарттайт. Тоолуу система табигый, техногендик, экологиялык жана социалдык-биологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жагынан дайыма опурталдуу. Кыргыз Республикасынын аймагында 1990 - 2011-жылдар аралыгында болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын саны жөнүндө статистика көрсөткөндөй, алар азаюу жагын карай Ош, Жалал-Абад, Чүй, Баткен (облус 1999-ж. түзүлгөндүктөн катар толук эмес), Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында болгон. Өзгөчө жана кризистүү кырдаалдардын көпчүлүк саны 2008-жылы, ал эми азыраагы - 1992-жылы болгон. Жыл сайын өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын саны бул мезгил ичинде орточо статистикалык эсеп менен алганда 159дү түзөт. Катталган өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын саны, алардын түрүнө жараша төмөнкүдөй жайгаштырылды: сел жана суу ташкындары 29%, кар көчкүлөр 10%, техногендик (өрттөрдү кошкондо) 13%, метеорологиялык (шамалдар, нөшөрлөгөн жамгыр, кардын калың түшүшү, мөндүр ж.б.) 10%, жер титирөө 9%, ар кандай кырсыктар 6%, адамдардын жана жаныбарлардын жугуштуу оорулары 5%, суу каптоо 5%. 2011-жылы 1990 - 2011-жылдардагы кырсыктардын орточо эсебине салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны көбөйдү, сел жана суу ташкындоого байланышкан (1,8 эсе), жер титирөөдө (2,7 эсе), суу каптоо (3 эсеге), техногендик авариялар жана өрттүн чыгуусу (4/1эсеге) өстү. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын өсүү динамикасы жана маалыматынын эсеби менен алганда жылдын орточо жаратылыш шарттарында (атмосфералык жаандардын саны, жер алдынан чыккан суулардын деңгээли, абанын температурасы, сейсмикалык активдүүлүк ж.б.) Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлүүчү өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын саны жылына 220 - 240ты түзөт.
Акыркы жылдарда анализ көрсөткөндөй табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын саны токтоосуз өсүүдө.
Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын 2007 - 2010-жылдардагы эсептик анализи төмөнкү таблицада көрсөтүлөт:
Жылдар | 2007-ж. | 2008-ж. | 2009-ж. | 2010-ж. |
ӨКдын саны | 209 | 312 | 227 | 439 |
Курман болгондордун саны (адам.) | 93 | 281 | 71 | 158 |
Материалдык чыгымдар (миң сом) | 815 813,0 | 1 194 693,0 | 156 589,29 | 596 910,00 |
Кыргызстанда бардыгы болуп, жогоруда көрсөтүлгөн мезгилдер ичинде 1187 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө жана кризистик кырдаалдар катталган, натыйжада 603 адам курман болуп, келтирилген материалдык чыгым 2 764 005,29 миң сомду түздү.
2. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар тобокелдиктери
Кыргыз Республикасы - Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) ичинен тоолуу аянты жагынан алганда эң ири өлкө. Эң эле көп кайталанып мүнөздүү болгон - көпчүлүк аймакка таркаган потенциалдуу коркунучтуу көрүнүштөр - көчкүлөр, жер көчкүлөр, кар көчкүлөр, селдер жана мөңгүлөр. Дүйнө жүзүндө кездешүүчү 70 түрдөгү коркунучтуу калкка жана айыл чарбасына олуттуу зыян алып келген жаратылыш көрүнүштөрүнүн бардыгы Кыргызстандын аймагында болуп турат (жанар тоолор, цунами, тайфундар гана жок). Табигый кырсыктардын жайылышы, кайталанышы, чыгымга учуратуусу жылдан жылга өсүүдө.
Жер титирөө. Көп жылдык тажрыйба көрсөткөндөй Кыргызстандын калкы үчүн эң эле кооптуусу - жер титирөө. 9 балл болуучу жер титирөөнүн аянты 40 миң кв. км, 8 баллдыкы - 158 миң кв. км.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын сейсмология институту Тянь-Шандагы 2007 - 2015-жж. сейсмикалык активдүүлүктүн жалпы көтөрүлүшүн белгилеген, биринчи активдешүү фазасы 2008-жылга чейин, экинчи абдан күчтүү жана узакка созулган фазасы 2010 - 2014-жж. аралыгына, максимуму 2012-жылга болжолдонууда.
Өзүнүн кыйратуучу күчү жагынан алганда, жер титирөө Кыргызстанга эн коркунучтуу табигый көрүнүш. Бактыга жараша катастрофалык жер титирөөнүн кайталанышы кооптуу делген башка табигый процесстердин жаралуусуна алып келбейт.
Селдер, суу каптоо. Бул өзүнүн көп жайылгандыгы жана тез-тез кайталанышы менен, зыян келтирүү жагынан Кыргызстандагы коркунучтуу табигый көрүнүштөрдүн ичинен биринчи орунда турат. Бардыгы болуп 3900го жакын сел бассейндери, 2000 бийик тоолордогу табигый ташкындоочу көлдөр бар, анын ичинен 200ү ташкындоонун жогорку чегинде турат, 300 калктуу конуш катастрофалык суу каптоонун аймагында жайгашкан.
Кар көчкүлөр. Республиканын аймагынын теңинен көбү кар көчкү коркунучунда экендиги аныкталган. Кар көчкү сезонунун узактыгы 5 - 7 айды түзөт. Жыл сайын тоолуу автожолдордо кар көчкүлөр өзгөчө кырдаал жаратып, адамдардын өлүмүнө алып келет.
Жер көчкүлөр. Кыргызстандын аймагында 5000ден ашуун активдешкен жер көчкүлөрү эсептелген. 510 калктуу конуш ар кандай деңгээлдеги жер көчкү процесстерине дуушар экендиги аныкталган. Потенциалдуу кооптуу жерлерде 10 миңге чейин турак үйлөр жайгашкан, келечекте жер көчкүгө каршы иш-аракеттерди жүргүзүү же калкты коопсуз аймакка көчүрүү керек.
Кыртыштагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү. Кыргыз комплекстүү гидрологиялык экспедициясынын маалыматы боюнча республика боюнча суу чыгуу процессинин коркунучу 3200 чарчы км. түзөт, ага жакын жайгашкан 316 калктуу пункт бар.
Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучтарынын катарында кийинки орундарды төмөнкү кооптуу жаратылыш кырсыктары ээлейт: эрозия, жээктердин жырылышы, абразия, агын суунун жана толкундардын жээкти жууп кетиши, жээктин жылышуусу жана көчүүсү, нымдуулуктун жана суулануунун кесепетинен кыртыштын деформациясы, инженердик курулуштардын бузулушу, уроо, таш кулоо, узакка жааган жамгырлар, кардын жаашы, кургакчылык ж.б.
Көйгөйлөр:
1) климаттын глобалдуу өзгөрүүсүнүн кесепетинен табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын көбөйүшү;
2) өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу боюнча иш-чаралардын жетишсиз каржыланышы;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча каралуучу акча каражатынын жетишсиздиги;
4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык өз милдеттерин аткарбаганы;
3. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар тобокелдиктери
Учурда Кыргызстандын аймагында (республиканын жети облусунда) жабык шахталарда, кен калдыктарында, калдык сактоочу жайларда, ошондой эле толук изилденбеген жерлерде радиоактивдүү концентрациялуу жана радиоактивдүү белгилер бар миңге жакын аномалдуу участоктор бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 61 кооптуу объект катталган, анын ичинде 36 калдык сактоочу жай (31инде радионуклиддер бар) жана 25 кен калдыктары бар. Кен иштетүү өндүрүшүнүн коркунучтуу калдыктары жарым кылымдан ашуун мурда көмүлгөн. Республиканын жети административдик облусунун ичинен бешөөндө консервацияланган калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары бар, алар уникалдуу Ысык-Көлдүн акваториясына да (Кажы-Сай шаарчасынын аймагында), ошондой эле Орто Азиядагы төрт өлкөнүн: Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандын калкына жана аймагына жогорку радиоактивдүү-экологиялык катастрофалардын коркунучун жаратып турат.
Кен өндүрүшүнүн радиоактивдүү калдыктары көмүлгөн жерлердин көйгөйү экологиялык коркунучтарды, калктын ооруга чалдыгуу жана жердин бузулушу сыяктуу коркунучтарды кескин көбөйтүүдө. Жайгаштырылган аймагы жогорку сейсмикалуу, жер көчкү, сел, суу ташкыны жүрүү коркунучу бар жана шартта радиоактивдүү калдыктарга карата иште консерваланган калдык сактагычтарды жана кен калдыктарын узак мөөнөттүү эксплуатациялоо жана реабилитациялоо, зыянсыз болуучу убагын күтүү позициясынан гана аракеттенүү эбак эле радионуклиддердин геофильтрациялык сызылып чыгуусуна жана ушул сыяктуу башка чыгууларына алып келген, мындайлар Кыргыз Республикасындагы калдык сактоочу жайлардагы тосмолор бузулган учурларда болгон.
Гидротехникалык курулуштардан келип чыккан өзгөчө кырдаал коркунучтары
Учурда Кыргызстанда Нарын гидроэлектрстанциялар каскадында 6 суу сактагыч, 450гө жакын ар кандай чарбалык багыттагы суу сактагычтар бар. Камбар-Ата-2 суу сактагычтарын жана гидроэлектростанциясын эксплуатациялоо башталууда.
Суу сактагычтардын жана гидроэлектрстанциялардын плотиналары көптөн бери эксплуатацияланып жаткандыктан, жер титирөөлөрдүн жана жер кыртышынын жылышуусунун таасиринен туруктуулугу, бекемдиги азаюуда.
Жогорку сейсмикалык аймак болгонуна байланыштуу региондордо топурактан, бетон-топурактан, гравитациялык-бетон, жардыруу менен жасалган бир тектүү плотиналардын инженердик-техникалык конструкцияларынын бузулуу коркунучу дайыма бар.
Сууну авариялык же ирригациялык-энергетикалык коё бергенде дарыялардын нуктарында жээкти жырып же жууп кетип, калктуу конуштарды жана аймактарды суу каптоо коркунучунун процесстери болууда.
Кыргыз Республикасынын опурталдуу өндүрүштүк объектилериндеги техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучу
2011-жылдын башына карата республикада 1945 иштеп турган өнөр жайлык ишканалар жана уюмдар бар, алар 20,0 миңге жакын опурталдуу объекттери эксплуатациялашат (көтөргүч крандар, газ өткөргүч түтүктөр, автоунаага суюлтулган газ куюучу станциялар, күчтүү уу заттар сакталуучу кампалар, аммиактык түзүлүштөр, пайдалуу кендерди казуучу каръерлер, шахталар ж.б.).
Бишкек шаарында 1945 опурталдуу объекттерди эксплуатациялаган 460 уюм жана ишкана бар. Объекттерди эксплуатациялачу чоң ишканалар: ТЭЦ, «Дастан» ТУК АК, «Автомаш-Радиатор» ЖчК (мындан ары текст боюнча - ЖчК), «Корпорация Азат» ААК, «Строймеханизация» ЖчК, «Бишкек машина куруучу заводу» АК, «Бишкек жылуулук коммунэнерго», «Таш-Темир» ААК, «Бишкек газ чарба башкармасы».
Чүй облусунда 6747 объектти эксплуатациялаган 396 уюм жана ишкана бар. Ири ишканалар - «КырКазГаз», «Кант цемент заводу» ААК, ЖчК, «Кант түтүк-шифер өндүрүшү» ЖчК, «Абдыш-Ата» ЖчК, «Чүй газ чарба башкармасы», Ново-Покровка айылындагы «Потенциал» ЖчК, «Интергласс» ЖчК ж.б.
Нарын облусунда - 946 объектти эксплуатациялаган 112 уюм жана ишкана бар.
Ысык-Көл облусунда - эксплуатация кылынуучу 213 уюм жана ишкана, 1145 объект бар.
Талас облусунда - 222 объектти эксплуатациялаган 75 уюм жана ишкана бар.
Ош шаарында 2355 опурталдуу объектти эксплуатациялаган 171 уюм жана ишкана бар. Отказан объекттерин жана көтөргүч түзүлүштөрдү эксплуатациялоочу чоң ишканалар: ТЭЦте, «Авторемзавод» ЖчК, «Гипрокислород» ЖчК, «Шер Аз» ЖчК, «ЖБИ заводу» ачык типтеги акционердик коом (мындан ары текст боюнча - АТАК), «Ош-Акташ» АК, «Болот» АК ж.б.
Ош облусунда 1097 опурталдуу объектти эксплуатациялаган 127 уюм жана ишкана бар. Ири ишканалар - «Ремснаб» АК, «Ак-Була» Араван пахта заводу ААК, «Сельхозтехника» АК, «Ак-Алтын» АК.
Жалал-Абад облусунда 3842 опурталдуу объектти эксплуатациялаган 287 уюм жана ишкана бар. Ири ишканалар - «Достук заводу» АК, «Кыргызалтын» ААКнын Терексай кени, «Ташкөмүр» МАК Мамлекеттик акционердик коому (мындан ары текст боюнча - МАК).
Баткен облусунда 961 опурталдуу объектти эксплуатациялаган 104 уюм жана ишкана бар.
Опурталдуу өндүрүштүк объектилердеги авариялардан жана өндүрүштүк кокустоолордон болгон экономикалык жоготуулар көп болууда жана бул өз кезегинде жумушчу орундарды жоготуудан улам коомдогу социалдык абалды начарлатууда. БУУнун маалыматы боюнча кийинки убакта техногендик катастрофалардан жана авариялардан дүйнөлүк экономикага болгон чыгымдар үч эседен ашык көбөйдү жана жыл сайын 200 миллиард АКШ долларынан ашат.
Өрттөр.
Өрттүн орточо саны жылына 3125ти түзөт, орточо чыгым 192,531 миң сом.
Өрттүн себептери адатта үч негизги топко бөлүнөт:
- этият эместик (өрттөрдүн 48 проценти), балдардын от менен ойногону (28 процент), ошондой эле электр жабдууларын эксплуатациялоодо жана орнотууда тийиштүү эрежелерди сактабагандык (31 процент);
- табияттын таасири астында келип чыккан өрттөнүүлөр: өзүнөн өзү өрттөнүү, чагылган, күн нурунун фокусу жана башкалар;
- ар кандай себептерден жасалган өрттөөлөр.
Айыл жеринде райондук борборлордо жайгашкан өрт кызматтарынын жерине баруу радиусу нормативден 8 - 10 эсеге көп. Мисалы, Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн калктуу конушунун өрт кызматынан алыстыгы - 120 км, Нарын районунун Жер-Көчкү айылы - 139 км, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сары-Жаз поселогуна чейин - 120 км, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кайнар айылына чейин - 65 км, Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айыл аймагы - 157 км алыстыкта. Калктуу конуштардын алыстыгы жана байланыштын начардыгы өрт кызматынын чакырылган жерге барууга убактысын узартат, ал эми калктуу конуштарда өрткө каршы суу жабдууларынын жоктугу же бузуктугу өрткө каршы кызматтын ыкчам чара көрүүсүнө терс таасир тийгизет.
Көйгөйлөр:
1) жабдуулардын жана механизмдердин эскиргендиги;
2) жогорку квалификациялуу кадрлардын чет өлкөгө кетип калуусу;
3) адистерди окутуу деңгээлинин төмөндүгү, аларды чет өлкөдө даярдоо зарылдыгы, бул үчүн каржылоо керек;
4) өнөр-жай тармагындагы мамлекеттик көзөмөл маселеси боюнча мыйзамдын жетик эместиги.
4. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар тобокелдиктери
Эпидемиялык жана эпизоотиялык кырдаал
Эпидемиологиялык жана эпизоотиялык кырдаал Кыргыз Республикасы үчүн көбүрөөк мүнөздүү жугуштуу оорулар менен шартталат: күйдүргү, ич келте, бруцеллез, кутурма, шарп. Жугуштуу оорулар чыгышы үчүн ыңгайлуу климаттык шарт, сапаттуу ичүүчү суунун жетишсиздиги, ошондой эле ачык сууларды алып колдонуу ич келте, жугуштуу гепатит сыяктуу жалпы ичеги-карын ооруларын пайда кылууда. 2008-жылга салыштырмалуу адамдарда бруцеллез оорусунун азайгандыгы байкалууда. 2009-жылы 3629 оору катталса (2008-жылы 3815 оору), анын ичинен Жалал-Абад облусунда 1146 адам, Баткен облусунда 284 адам, Ысык-Көл облусунда 550 адам, Нарын облусунда 436 адам, Ош облусунда 452 адам, Талас облусунда 252 адам, Чүй облусунда 369 адам ооруган.
Эпидемиологиялык иликтөөлөрдө бруцеллез жана күйдүргү менен ооругандар мал союуда жуктурушканы белгилүү болду. Республиканын аймагында күйдүргүнүн 1234 чордону бар, 2009-жылы бул оору менен 11 учур катталган, анын ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында 10 адам ооруган. Жаныбарлардын кутурма оорусуна каршы күрөшүү комплекстүү чечимди талап кылган олуттуу көйгөй бойдон калууда. Кутурма оорусунун вирусунун сакталышынын негизги резервуары жана жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын башкы булагы болгон оору алып жүрүүчү эт жечү жапайы жаныбарлардын жана келемиштердин санынын өсүшү, кутурмага каршы күрөшүүнүн комплекстүү программасынын жоктугу, бул маселе боюнча кызыкдар мекемелердин өз-ара байланышы жоктугу жаныбарлар арасында бул ооруну болтурбоо боюнча оптимисттик божомол жасоого мүмкүндүк бербейт. Кутурма боюнча абал туруктуу начар болгон жерлер Жалал-Абад жана Баткен облустары болууда.
Көйгөйлөр:
1) медициналык жана ветеринардык кызматтардын даярдыгынын, жабдууларынын, байкоо жана көзөмөл деңгээлинин төмөндүгү;
2) эпидемиялык, эпифитотикалык жана эпизоотиялык оорулардын алдын алуу системасынын жоктугу;
3) экологиянын бузулушу: аба, топурак жана суунун булганышы;
4) жерди семиртүү, курт-кумурскаларды жок кылуу үчүн нитраттарды, гербициддерди жана сектициддерди колдонуу.
5. Терроризм жана социалдык конфликттер коркунучу
Эл аралык террористтик уюмдар Афганистандагы жана Ирактагы терроризмге каршы коалициянын күчүнө куралдуу каршылыкты күчөтүп, араб өлкөлөрүндөгү «түстүү революциялардын» фонунда, Борбор Азиялык аймактагы өлкөлөрдө кырдаалды курчутуу максатында диверсиялык-террордук кошуундарды жөнөтүшү мүмкүн. Негизги максаты Борбордук Азия Регионунда теократиялык (жалган исламчы) ураандын алдында мамлекеттик түзүлүштөрдү куруу болууда. Алардын иш-аракетинин дагы бир жанаша максаты - Афганистандагы терроризмге каршы коалиция күчтөрүнө жеткирилүүчү жүктөрдү үзгүлтүккө учуратуу. Мындай иш-аракеттерге Борбордук Азия региондору аркылуу эл аралык наркотрафиктин өсүшү, мамлекеттик чек аралардын начарлыгы жана башка факторлор шарт түзүүдө. Мындай шартта региондун өлкөлөрүндө эл аралык террористтик жана диний-экстремисттик жашыруун кыймылдар активдешип жаткандыгы байкалууда, алардын максаты - өлкөлөрдөгү абалды курчутуу жана айрым аймактарда контролду орнотуу.
2010-жылы Кыргыз Республикасында улуттар аралык негиздеги жаңжал болгон конфликттүү потенциал дагы эле сакталууда, ошондой эле коомдук-саясий процесстер активдүү жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары террористтик иштердин алдын алуу, аныктоо жана токтотуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү процессинде Борбор Азия регионундагы мамлекеттердин биринин аймагындагы бир террористтик уюмдун коомдук-саясий кырдаалды курчутуу максатында террордук акт жасоого ниеттенип жатканы тууралуу маалымат алышкан. Мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын башка укук коргоо жана күч структураларынан, мамлекеттик бийлик органдарынан, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарындагы өнөктөштөрдөн, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттерден (ОДКБ) жана Шанхай кызматташтык уюмунан (ШОС), башка булактардан да келип жатат.
Потенциалдуу кооптуу делген, террордук актыга дуушарланышы ыктымалдуу объектилер төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары;
- өз өндүрүшүндө авариялык химиялык коркунучтуу заттарды пайдаланган объектилер;
- бийик тоолордогу жырылуу коркунучу бар көлдөр;
- темир жол, аба транспорттору;
- эл көп топтошкон жайлар.
Көйгөйлөр:
1) улуттук коопсуздукту камсыздоо жагында мыйзамдардын жетик эместиги.
2) бардык жарандык коомду терроризмге каршы турууга мобилизациялоо зарылчылыгы.
3) улуттук коопсуздук органынын начар жабдылганы;
4) республиканын аймагында жана андан сырткары экстремисттик уюмдардын санынын өсүшү;
5) социалдык-экономикалык мүнөздөгү кризистик кырдаалдардын пайда болуусунун жогорку ыктымалдуулугу.
III бөлүм. Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймагынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда комплекстүү коопсуздугунун негизги приоритеттери
1. Жалпы баалоо
Бул стратегия Кыргыз Республикасынын ӨКМнин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймагынын коопсуздугун комплекстүү камсыздоого багытталган иштеринин негизги приоритеттүү багыттарын аныктайт. Стратегиянын максатын аныктоодогу өзгөчөлүк улуттук коопсуздук коркунучтарын жана мамлекеттин 2020-жылга чейин орто жана узак мөөнөттүү перспективада туруктуу өнүгүүсүнө тобокелчиликти жана коркунучтарды бөлүп көрсөтүү болуп саналат. Системалуу кризистен чыгуунун келечектүү жолдорунун бири кырсыктын коркунучтарын азайтуунун жана мамлекеттин социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнүн көйгөйлөрүн макулдашып чечүү болуп эсептелет.
2. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
ӨКМнин жана Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу Мамлекеттик системасынын (мындан ары - ЖКМС) 2007 - 2010-жылдар аралыгындагы ишинин жыйынтыктары табигый катаклизмге байланышкан өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу боюнча негизги милдеттер этабы жана ирээти менен ишке ашырылып жаткандын көрсөттү.
Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнү жана болжолдоону өркүндөтүү максатында:
1) 2010-жылдын февраль айында метеорологиялык станцияларды жана постторду реабилитацилоо иштери башталып, ошондой эле 14 байкоочу пунктта байланыш жабдуулары орнотулду, 12 гидропост жана 8 метерологиялык станциялар үчүн кошумча жабдуулар жана приборлор алынды.
2) 2011-жылы атом жана радиациялык коопсуздук жаатында мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу, радиоактивдүү заттарды өндүрүүдө, пайдаланууда, сактоодо, ташууда жана радиоактивдүү калдыктарды жүгүртүүдө белгиленген нормалардын жана эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында Атом жана радиациялык коопсуздук агенттиги түзүлдү.
3) Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү Программасынын (мындан ары - ПРООН) жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен улуттук жана эл аралык ченемдерди жана стандарттарды эске алып, Майлуу-Суу ш. калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын реабилитациялоо боюнча жалпы Концепция иштелип чыкты. 2009-жылы Бишкек шаарында: «Борбордук Азиядагы уран калдыктарын сактоочу жайлар: жергиликтүү көйгөйлөр, региондогу кесепеттери, глобалдык чечимдер» аттуу региондук конференция жана Женева шаарында радийактивдүү калдыктар боюнча эл аралык форум өткөрүлдү.
1) 2010-жылы ПРООНдун «Кыргыз Республикасында табигый кырсыктар коркунучун башкарууну децентралдаштыруу процессин киргизүү» долбоорунун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Иш-аракеттер Программасынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүү жана муктаж жамааттар үчүн табигый кырсыктын коркунучтарын башкаруу жаатында кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Кризис кырдаалдарды башкаруу борборунун (мындан ары ККББ) бирдиктүү түйүнүн модернизациялоо үчүн жалпы суммасы 200,0 мин АКШ долларынан турган спутниктик жабдуу алынды.
Алдын-алуучу сактануу иштерин жүргүзүү максатында:
1) 2008 - 2010-жж. 293 объектиге 1 млрд. 96 млн 293 миң сом суммада, анын ичинде айыл чарба багытындагы 111 объектиге суммасы 277 млн. 468 миң сом авариялык-калыбына келтирүү иштери жана капиталдык курулуш иштери жүргүзүлдү.
2) Кыргыз Республиканын 643 объектисинде алдын-алуу жана жоюу иш-чаралары жүргүзүлдү.
3) 2011-жылдын февраль айында жетекчилик курамды, Жарандык коргонуу адистерин даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында Жарандык коргонуунун Республикалык курсунун базасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору түзүлдү.
4) Кырсыктын коркунучтарын кыскартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук платформасы түзүлгөнү 2011-жылдын 13-майында Женева шаарындагы III Глобалдык платформада Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан расмий жарыяланды. Улуттук платформанын алкагында Улуттук Платформанын Секретариаты түзүлдү, Секретариатты уставы, жобосу иштелип чыкты.
5) 2011-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасында кырсыктын коркунучтарын кыскартуу боюнча түзүлгөн Улуттук Платформанын алкагында Жарандык коргонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен уюшулган, БУУнун долбоордук Программасынын көмөгү жана Европалык комиссиянын гуманитардык жардам Департаментинин VI иш аракеттери (DIPECHO VI), «Борбор Азияда кырсыктын тобокелдиктерин кыскартуу жаатында потенциалды күчөтүү» боюнча Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун борбору, Ага-Хан фонду, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери, Россия, Казахстан, Тажикстандын окумуштууларынын катышуусунда илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
6) Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Казакстан Республикасынын арасында табигый кырсыктарга чара көрүү боюнча Кыргыз Республикасы, Таджикистан Республикасы жана Казакстан Республикасынын Өкмөттөрү кол койгон өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана кырсыктын коркунучтарын кыскартууга Борбор-Азиялык Борбор түзүү боюнча Макулдашуунун негизинде Борбор-Азиялык Борбор түзүлүүдө. Кыргыз Республикасы келечекте Макулдашуучу тараптардын бириктирилген сактоочу жайы болуучу «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча материалдык баалуулуктарды Түштүк борборунун базасында сактоо үчүн борборлоштурулган кампа түзүү» боюнча долбоорду ишке ашырууга демилге көтөрүп жатат.
7) 2010-жылы БУУнун өнүктүрүү Программасынын «Кыргыз Республикасында табигый кырсыктар тобокелдигин башкаруу процессин борбордон бөлүүнү киргизүү» долбоорунун алкагында 38,457 адамга эсептелген жалпы суммасы 3610300 сомду түзгөн коомдук иштер аткарылды.
8) 2011-жылдын ноябрь айында жалпы суммасы 4006416 сомду түзгөн, пилоттук айыл өкмөттөрүнүн 54,866 жашоочусу алган митигациялык иш-чара аяктады.
Ыкчам чара көрүүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында:
1) Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык кызмат аткарган Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасы түзүлдү жана өркүндөтүлүүдө.
2) 2009 - 2010-жж. өрт коопсуздугун камсыздоо жана техникалык потенциалын бекемдөө максатында 73 даана өрт өчүрүүчү автоунаа, 166 даана автомобилдик, стационар жана көчүп жүрүүчү байланыш каражаттары алынды.
3) 2009 - 2011-жылдарда сактоочуларды даярдоо иштерин активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин структурасына жаны түзүм: Борбордук куткаруу отряды (Ош ш.), Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү Борбору (Бишкек ш.) киргизилди.
4) 2009-жылы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору (мындан ары - ККББ), Жалал-Абад жана Талас шаарларына кошулду. 2011-жылдын аягына чейин ККББнун Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарына кошуу пландалып жатат. Бишкек жана Ош шаарларындагы ККББда түндүк жана түштүк багыттары боюнча, өзгөчө кырдаалды жеринен чагылдырып бере алган, б.а. реалдуу убакыт режиминдеги видео мүмкүнчүлүгү бар спутниктик кыймылдагы башкаруу пункту орнотулду. Геомаалыматтык система базасында Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык кооптуу процесстерди жана көрүнүштөрдү көрсөтүүчү электрондук карта түзүлдү.
5) «Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн Түштүк Борбору» (мындан ары - «ӨКЧКТБ») базасында Мамлекеттик ишкананын сактоочу жайын түзүү боюнча оңдоо-куруу иштери жүргүзүлүүдө, буга республикалык бюджеттен 2011-жылы 6 536 104 млн. сом каралган. Аталган борборлоштурулган сактоочу жайды түзүүгө Нура айылында (2008-ж. 5-октябрында) болгон кыйратуучу катуу жер титирөөдө келген гуманитардык жардамдарды сактоо көйгөйлөрү, аларды топтоо жана ар кайсы жайга жеткирүү, ташып жеткирүүнүн мөөнөтүн жана чыгымын көбөйткөндүгү себеп болду. Ошондой эле баарыга белгилүү Түштүктөгү каргашалуу июнь (2010) окуясында «ӨКЧКТБнун» Мамлекеттик ишканасынын базасы курчоого алынып жана сакталган азык-түлүк, кийим, чатыр түрүндөгү ж.б. гуманитардык жардамдар, биринчи кезекте зарыл болгон буюмдар тонолуп, мындан улам Ош шаары товардык материалдык борборго катуу муктаж болду. «ӨКЧКТБнун» Мамлекеттик ишканасынын жаны курула турган борбордук сактоочу жайы Ош-Памир трактынын сырттан өтүүчү айланма жолунда жайгашылат, Бишкек шаарына чейинки аралыгы - 670 км, Ташкентке чейин - 400 км, Иркештам поселогуна чейин - 400 км (Кытай Эл Республикасынын чек арасы менен), Хорог шаарына (Афганистан Республикасы) - 700 км. түзөт жана темир жол аркылуу өтүүчү аралыгы 2,8 км, көлөмдүү КММ, жалпы көлөмү 14250 куб.м. болгон материалдык ресурстарды сактоочу, 289 тоннага ылайыкташкан цемент склады, коргоочу буюмдарды жана конструкцияларды даярдоочу цех Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түштүктөгү мамлекеттик бирден-бир стратегиялык базасы болмокчу. «ӨКЧКТБнун» Мамлекеттик ишканасынын базасынын резервуардык паркынын көлөмү 30,0 мин куб. метрди түзөт, Нариман айылында базанын аймагынын аянты 6,7 га, темир жолдун узундугу - 2,8 км. Курула турган Борборлоштурулган сактоочу жайдын коопсуздугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Ош шаарындагы куткаруучуларды даярдоо Борборунан анча алыс эмес жайгашылат, ошондой эле сактоочу жайга чейин унаа кирүүгө ыңгайлуу, бир эле убакытта жүк түшүрүүгө жана жүктөөгө мүмкүн болгон 10 чоң жүк ташуучу автоунаа батат жана убакыт менен күч үнөмдөлмөкчү.
6) 2011-жылы улуттук деңгээлдеги иштердин табигый кырсыктарды башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун аныктоо, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү бийликтин функцияларын жана укуктарынын чегин ажыратуу боюнча сунуш (Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын типтүү жобосу иштелди) долбоору иштелди, табигый кырсыктардын статистикасы оптималдаштырылган статистикалык отчеттор аркылуу өркүндөтүлдү жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү пландаштырууга жана коркунучтарды азайтуу боюнча иш-чараларды эске алуу менен жергиликтүү бюджетти калыптандыруунун административдик отчетторунун формасы иштелип чыкты.
Учурдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүүсүн эсепке алуу менен бюджетти каржылоодо дефициттин кесепетинен калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоону камсыз кылууга жетиштүү мүмкүнчүлүк жок, жер көчкүдөн, суу каптоодон, сел жана суу ташкындарынан, ошондой эле техногендик мүнөздөгү катастрофалардан коргоо иш-чаралары кымбатка турат жана олуттуу акча каражатын талап кылат. Ресурстук чектөөлөрдөн сырткары калктын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарынын коркунучунун жогорку деңгээлдеги себеби, бир катар объективдүү жана субъективдүү факторлордо:
- потенциалдуу кооптуу объектилердин абалына жана турмуш-тиричилик коопсуздугунун жалпы эрежесин сактоого көзөмөлдүн жетишсиздиги;
- алдын-алуу иш-чараларынын дайым эле эффективдүү ишке аша бербестиги;
- кооптуу табигый көрүнүштөрдүн абалын байкоого алууга керектүү күчтүн жана каражаттын жетишсиздиги жана кырсыкты баштапкы стадиясында эле жоюуга үчүн иш-аракеттин аз натыйжалуулугу;
- мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун бардык деңгээлдеринде жоопкерчилик чөйрөсүн жөнгө салуучу, функцияларды, структураны, башкаруу органдарынын курамын, күчтөрдү жана каражаттарды бөлүштүрүүчү уюштуруучулук жана нормативдик укуктук актылардын жетик эместиги;
- тиешелүү жооптуу жетекчилик курамдын, аталган чөйрөнүн маселелерин чечүүгө байланышкан тиешелүү адамдардын жана адистердин даярдоо деңгээлинин жетишсиздиги, ошондой эле калкты согуш жана тынчтык убактагы табигый кырсыктарга даярдоонун деңгээлинин төмөндүгү;
- мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүгүнүн жетишсиздиги, коргоо-өндүрүштүк комплекстин жоктугу, Жарандык коргонуу базасынын материалдык-техникалык потенциалынын чектелгендиги.
3. Стратегиялык приоритеттер
Калкты жана стратегиялык маанилүү объектилерди өзгөчө жана кризистик ар кандай мүнөздөгү (табигый, техногендик, биологиялык-социалдык, террористтик) кырдаалдардан коргоону жогорулатууга багытталган кечиктирилгис жана узак мөөнөттүү чара көрүүнү талап кылат, максатка жетүүнүн сапаттуу механизми катары саясий, мыйзамдык, экономикалык жана техникалык чечимдер колдонулуш керек, ал эми башкаруу системасындагы аркы-терки байланыш - стратегиялык коркунучтарды жана көйгөйлөрдү мониторингдөө жана мамлекеттик бийлик органдарына тиешелүү маалыматтарды берүү.
Стратегиянын негизги максатына жетүү - комплекстүү коопсуздукту камсыздоо үчүн - 2015-жылга чейинки Хиог иш-аракеттер программасынын 5 приоритетине умтулуу зарыл.
Кырсыктын опурталын азайтуу аны ишке ашыруу үчүн бекем институттук базасы бар улуттук жана жергиликтүү приоритет болушун камсыздоо.
Максат: кырсыктын коркунучтарын эффективдүү башкаруунун ченемдик укуктук базасын түзүү.
Тапшырма: кырсыктын коркунучтарын эффективдүү башкаруу үчүн укуктук жана институттук негизди өнүктүрүү.
Иш-чаралар: комплекстүү коопсуздук жаатында бардык кызыкдар тараптардын өз ара иштешүүсүнүн ишенимдүү механизмин түзүү.
Эң башкысы - жоопкерчилик чөйрөсүн так ажыратуу - өкмөт, облус, шаар, район жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Бул үчүн:
- мамлекеттик башкаруунун бул звенолорунун өз ара байланышта иштешүүсүн, аларды каржылоону жана жетектөөнү жаңыча уюштуруу;
- ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүү (тармактык актыларга жана мыйзам алдындагы актыларга), өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды алдын-алуу жана жоюу аспектисинин интеграциясын өнүктүрүү стратегиясын жана тармактык программаларды туруктуу өнүктүрүү планында, административдик реформалардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу, жакырчылыкты кыскартуу; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын функцияларын жана укуктарын чектөө, карама-каршылыктарды жана кемчиликтерди четтетүү;
- кооптуу объектилерди эксплуатация кылууда келтирилген зыянга милдеттүү жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууну киргизүү;
- кооптуу аймактардын паспортун түзүү иштерин бүткөрүү жана аймактардын өнүгүүсү жана турмуш-тиричилиги бийлик органдарынын өзгөчө кырдаалдар аныкталган коркунучтарын эске алуу менен пландаштырып ишке ашыруусуна жетишүү;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан пайда болгон коркунучтардын маселесин жөнгө салуучу башкармалыктын, табигый жана техногендик мүнөздөгү коркунучтардын социалдык-экономикалык реалдуу шарттарын эске алуу менен ченемдик көрсөткүчтөрдү аныктоочу ченемдик - укуктук иш-кагаздарын иштеп чыгуу;
- потенциалдуу кооптуу өнөр-жай коопсуздугунун декларациялык ченемдик-методикалык базасын, энергетикалык жана транспорттук объектилерде, мониторингдин мамлекеттик стандарттарын өзгөчө жана кризистик кырдаалдан келтирилген чыгымды баалоо жана маалымдоону андан-ары өнүктүрүү иштерин улантуу;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан келтирилген экономикалык чыгымдарды аныктаган жана коркунучтардын пайда болуусун кыскартуунун, алдын - алуунун жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин азайтуу иш-чараларынын инвестициясынын эффективдүү методикасын иштеп чыгуу;
- өрт коопсуздугу, Жарандык коргонуу жана калкты, аймакты ӨКдан коргоо жаатында мамлекеттик көзөмөл түзүү боюнча укуктук актыларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- өрт коопсуздугу жана Жарандык коргонуу жаатында көз карандысыз баалоо системасын түзүү үчүн укуктук негиз иштеп чыгуу (көз карандысыз уюмдарды жана эксперттердин институтун түзүү);
- өзгөчө кырдаалдарды алдын-алууну пландаштыруунун системасын оптималдаштыруу максатында бирдиктүү уюштуруу-методикалык көрсөтмөлөрдүн ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймакты коргоонун иш Планын иштеп чыгуу (мындан ары ЖК планы).
Табигый кырсыктардын факторлорун аныктоо, баалоо жана мониторинг жүргүзүү жана эртелеп алдын-алууну жакшыртуу.
Максаты: Кыргыз Республикасында кырсыктарды эртелеп алдын-алуу, мониторинг, коркунучту баалоону өркүндөтүү.
Тапшырма: Кыргыз Республикасынын бардык калктуу аймагы үчүн коркунучтарды жана табигый кырсыктарды аныктоо.
Иш-чаралар:
- Кыргыз Республикасынын аймагында геомаалыматтык технологиялардын жана дистанциялык изилдөөнүн негизинде кооптуу табигый процесстерди мониторингдөөнүн жана болжолдоонун бирдиктүү координациялоочу борбору бар мамлекеттик системасын түзүү (Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарды маалымдоо жана мониторинг жүргүзүү департаменти)
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана Борбор Азия өлкөлөрү менен чектешкен бардык райондордо жер кыртышынын гидрологиялык жана сейсмикалык кыймылын комплекстүү изилдей турган мониторинг түйүнүн уюштуруу жана түзүү;
- метеорология, мөңгүлөрдү, гидрологиялык станцияларды жана постторду реабилитациялоо;
- табигый жана техногендик кооптуу факторлорду аныктоо боюнча илимий изилдөөлөрдү, тажрыйбалык-конструктордук, сыноочу жана долбоордук иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
- потенциалдуу кооптуу объектилерди, өндүрүштөрдү, технологияларды жана материалдарды системалаштыруу, техникалык абалынын анализдөө, өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болгон сценарийин иштеп чыгуу;
- ири авариялардын жана татаал техникалык системалардагы авариялардын ыктымалдыгын баалоонун жаны ыкмасын иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө жана кризистик мүмкүн боло турган кырдаалдарга баалоо жүргүзүү;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын калкка келтирген экологиялык, социалдык жана экономикалык кесепеттерин баалоочу илимий-методикалык базаны өнүктүрүү;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын пайда болуу коркунучунун интегралдык көрсөткүчтөрүнүн системасын иштеп чыгуу жана ар кандай мүнөздөгү кырсыктардын жана (же) ар түрдүү кесепеттердин суммасынын комплекстүү анализин жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдардын коркунучтарынын пайда болуусунун комплекстик анализ ыкмасын киргизүү;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын геомаалыматтык системасы жөнүндө маалымат банкын түзүү жана аны өнүктүрүү;
- бирдиктүү байкоо түйүнүн жана лабораториялык көзөмөлдү өркүндөтүү, курчап турган чөйрөнүн микробиологиялык жана химия-радиологиялык абалына, азык-түлүк продуктысына, азыктануучу, тоюттук сырьёлор жана суулар, өзгөчө жана кризистик кырдаалдын пайда болушун коштогон потенциалдуу кооптуу жайларга лабораториялык анализдердин жүргүзүлүшүн уюштуруу;
- мониторинг жүргүзүүчү бардык мекеме жана уюмдарда ишмердүүлүк координациясын жана функциялык көзөмөлдөргө маалымат алмашууну уюштуруу.
Бардык деңгээлде коопсуздук шартын жана каршы чара көрүүчү потенциалды түзүү үчүн жаңычыл чечимдерди жана билимдерди колдонуу
Максаты: илим жана билим берүү ыкмаларын алмашуу аркылуу кырсыктын кесепеттерин азайтууну жакшыртуу.
Тапшырма: маалымат алмашуу аркылуу кырсыктын коркунучтарын кыскартуу ыкмаларын жана маалымдоонун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча улуттук инфраструктура түзүү.
Иш-чаралар:
- комплекстүү коопсуздук чөйрөсүндө маалыматтык саясий концепция иштеп чыгуу;
- мектепке чейинки мекемелерге кошумча окуу программасын киргизүү;
- жалпы билим берүүчү мекемелердин окуу планына «Турмуш-тиричиликтин коопсуздугунун негиздери» окуу программасын киргизүү;
- окутуу процессине кырсыктар коркунучу жөнүндө окутулуучу маалыматтарды заманбап ыкмалар (он-лайн режиминдеги дистанциялык окутуу, мультимедианы колдонуу менен) аркылуу жеткирүү;
- жарандык коргонуу багытында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо, кайра даярдоонун эффективдүү системасын түзүү;
- калкты окутуунун системалуу жолдору жана анын бирдиктүү механизмин иштеп чыгуу. Бул максатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Башкаруу органдарын бирдиктүү даярдоо системасы, Жарандык коргонуунун күчтөрү жана Жарандык коргонуу жаатында калктын маалымдуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомун иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- кырсыктын коркунучтарын кыскартуу жаатында коопсуздук маданиятынын маселелерин жалпы билим берүү стандарттарынын «Билим берүү Кодексинин» жана билим берүү Стратегиясын 2012 - 2020-жылдарга чейин өнүктүрүүгө киргизүү;
- калкты табигый кырсыктар коркунучтары менен үзгүлтүксүз маалымдоону камсыздоо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сунуш кылган комплекстүү коопсуздук жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жергиликтүү коомчулуктарды, ММК, бизнес-структуралардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын укуктук жана кызматтык маалыматтардын жарандарга жеткиликтүү болушун кеңейтүү.
Табигый кырсыктардын негизин түзгөн факторлорду азайтуу
Максаты: Кыргыз Республикасында кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча көрүлгөн иш-чараларды стратегияны өнүктүрүүгө киргизүү.
Тапшырма: Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү боюнча кырсыктын коркунучтарын азайтуу жана башкаруу маселелерин саясатка, программа жана долбоорлорго кошууну аныктоо механизмин түзүү.
Иш-чаралар:
- Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда социалдык маданий объектилеринин (ооруканалар, мектепке чейинки мекемелер жана мектептер) туруктуулук абалын (суу каптоого, жер титирөөгө, жердин чөгүүсүнө, зилзалага туруктуулук, өрт коопсуздугу) баалоо;
- Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы коргоого муктаж жана экономикалык зарыл болгон социалдык маданий объектилердин (ооруканалар, мектепке чейинки мекемелер жана мектептерде), потенциалдуу кооптуу объектилердин өзгөчө кырдаалдар абалына туруктуулугун жогорулатуу иш-чараларын кабыл алуу;
ӨКМнин ККББ түйүнүн түзүүнү аяктоо.
комплекстүү коопсуздук системасында болуучу стратегиялык коркунучтарды тереңирээк жана системалуу окуп үйрөнүү максатында илимий потенциалды өнүктүрүү жана алардын коркунучун азайтууда илимий-методологиялык жана методикалык мүнөздөгү көйгөйлөрдү кошо чечүүчү мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды иштеп чыгууга катышуу;
- комплекстүү коопсуздук жаатында мамлекеттик экспертизанын жана көзөмөлдүн системасын калыптандыруу;
- табигый кырсыктардын коркунучтарына жергиликтүү коомчулуктун туруктуулугун жогорулатуу;
Орто мөөнөттүү стратегияны өнүктүрүүнү эсепке алуу менен, миң жылдыктын Максатын өнүктүрүү, Хиог программасынын иш-аракеттерин жана адам укуктарын (колдоого муктаж топторду) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды алдын-алуу жана жоюу аспектисин пландаштырылган стратегияга киргизүүгө бирдиктүү жетектөө иштеп чыгуу;
маалыматтык маселелерде жерди пайдаланууга, курулушка ж.б. тиешелүү улуттук саясаттын чараларын иштеп чыгуу процессине кырсыктын коркунучтарын башкаруу боюнча маселелерди киргизүү.
Кырсыктарга бардык деңгээлде натыйжалуу чара көрүү максатында даярдыкты жогорулатуу
Максаты: Кырсыкка байланышкан материалдык жана адам өмүрлөрүнүн жоготууларын азайтуу.
Тапшырма: Кырсыкка чара көрүүнүн даярдыгын улуттук, регионалдык, райондук деңгээлде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде (маалыматты эртерээк берүү системасын өнүктүрүүнү кошкондо) потенциалды жогорулатуу, ошондой эле табигый кырсыктарды азайтуунун потенциалын жогорулатуу.
Иш-чаралар:
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдарга чара көрүүнүн планын бардык: республикалык, аймактык, жергиликтүү жана объектилик деңгээлдерде иштеп чыгуу жана оңдоо киргизүү;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан боло турган чыгымдарды жана жоготууларды азайтуу (кесепеттерин азайтуу) боюнча конкреттүү объектилерде жана аймактарда инженердик-техникалык иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу. Буларга: өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу жаатында долбоорлордун экспертизасын уюштуруу, Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык иш-чаралары, ар түрдүү багыттагы коргоочу курулуштарды куруу жана колдонуу (гидротехникалык коргоочу курулуштар, тоолуу жерлердеги калктуу пункттардын жана жолдордун инженердик коргоо курулуштарын, коммуналдык жана өнөр-жай тазалоо каражаттары, жарандык коргонуунун коргоо курулуштары, токой өсүмдүктөрүн коргоо), калкка маалымдоо системасын түзүү жана колдонуу, персоналдар жана башкармалык органдарында бардык деңгээлдеги акча жана материалдык ресурстардын резервин түзүү, жашынуучу жайларды даярдыкта кармоо, күн мурунтан санитардык-эпидемияга каршы жана ветеринардык-эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү, калкты эртелеп көчүрүү жана эвакуация кылуу кирет;
- өзгөчө кырдаалдардан пайда болгон коркунучтарды болушунча азайтууга багытталган, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоо, курчап турган табигый чөйрөдө кырдаал түзүлгөн учурда материалдык жоготууларды азайтууга багытталган иш-чараларга өз убагында тиешелүү чара көрбөгөн бардык категориядагы тиешелүү адамдардын администрациялык жоопкерчилигин күчөтүү, буга байланыштуу калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагындагы иш-аракеттерге каршы туруудагы системанын иш-аракет санкциясы регулярдуу өнүгүү нормасынан калып келүүдө. Бул максатта Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү керек;
- аймактардагы башкармалыктардын бардык куткаруу-сактоо күчтөрүнүн иштерин уюштурууну жана координациялоону өркүндөтүү максатында Жарандык коргонуунун (Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин) бирдиктүү аймактык башкаруу органдарын түзүү;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдарга көмөк көрсөтүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары үчүн минималдуу мамлекеттик стандартты мыйзамдаштырып бекитүүгө иштеп чыгуу; жергиликтүү кеңештердин жана жергиликтүү коомчулуктун Уставдарынын регламент долбооруна, ошондой эле муниципалдык кызматкерлердин кызмат нускамаларына алардын өзгөчө жана кризистик кырдаалдар чөйрөсүндөгү функциялык милдеттерин аныктаган түзөтүү киргизүү;
- жарандык коргонуунун күчтөрүн алардын курамын жана структурасын оптималдаштыруунун сапаттык жаңы ыкмаларынын негизинде, үч жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт коопсуздук агенттигинин системасына кирген сактоо кызматына караштуу Жарандык коргонуунун мамлекеттик өрттөн-сактоо кызматын түзүүнү эске алуу менен өнүктүрүү;
- жергиликтүү бюджеттен камсыз болгон өрт-коопсуздугу түзүмдөрүн түзүү боюнча чараларды көрүү. Муну менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдөрүнүн саны көбөйүп, «жергиликтүү өзгөчө кырдаалдарга» натыйжалуу чара көрүүнү камсыздоого мүмкүндүк түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине күч келтирген түйшүктү жеңилдетип жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү аркылуу чыгымды төмөндөтөт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына башкаруу укуктарын өткөрүп берүүнүн алкагында жана калктын жана аймактын коргоого зарыл болгон катмарын сактоо максатында жана Өрт коопсуздук агенттигинин санын (2015-жылга чейин) аймактык, ведомстволук жана ыктыярдуу өрттөн-куткаруу күзөтүн түзүү жолдору менен көбөйтүү, кээ бир функциялык милдеттерин аймактык бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келишимдик негизде Өрт коопсуздук агенттигинен өткөрүп берүү.
- авариялык-куткаруу иштерине жакынкы авиа ишканалардын базалык түзүмдөрүн аныктоо жолдору менен күч жана каражаттарды ташып жеткирүүчү каражат катары жана ижаралык негизде колдонууга авиацияны эффективдүү пайдаланууга шарт түзүү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиациялык түзүмдөрүн пайдалануу;
- өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн даярдыкты жогорулатуу максатында, Бирдиктүү күзөт-диспетчердик кызматын (мындан ары - БМКДК), БМКДКнын интеграциясын Кризистик кырдаалдарды Башкаруу борборунун түйүнүнө заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен кошууну түзүү жана өнүктүрүү;
- мамлекеттик өрттөн сактоо кызматынын түзүмдөрүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сактоо Борборун техникалык жана мүлктүк каражаттар менен камсыздоо;
- медициналык тез жардам жана психологиялык жардам кызматтарын түзүү;
- бириктирилген сактоочу жай түзүү.
IV бөлүм. Стратегияны ишке ашыруу
1. Стратегияны ишке ашыруу этаптары 2012 - 2014-жылдар
1-приоритеттин алкагында төмөнкү маселелерди чечүү каралды:
1) Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу системасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү боюнча ишти улантуу;
2) кырсыктын коркунучтарын азайтуу боюнча («Сейсмикалык коопсуздук жөнүндө» Мыйзамга, «Имараттарды жана курулуштарды куруунун техникалык регламенти жөнүндө» Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын коопсуздук жаатында мамлекеттик көзөмөл мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү) ченемдик укуктук негиздерди иштеп чыгуу жана киргизүү;
3) сейсмикалык жактан туруктуу курулуштарды куруу жагында, өрт коопсуздугу жана калкты жана аймакты өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан коргоочу техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
4) өзгөчө кырдаалдардын аныкталган коркунучтарын эске алуу менен кооптуу аймактардын паспортун түзүү иштерин бүткөрүү;
5) Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин координациясын жана кызматташтыгын чындоо максатында, БУУнун Өлкөлөр Командасынын жана башка маанилүү катышуучулары тарабынан «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча координацияны күчөтүү» долбоорунун экинчи фазасы ишке ашат;
6) Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасынын «Кыргыз Республикасында табигый кырсыктарды башкаруунун децентралдаштыруу процессин киргизүү» долбоору (2010-жылдын бюджети - 862,476 мин АКШ доллары).
7) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өзгөчө кырдаалды алдын-алуу жана жоюу процесстерине тартуу негиздерин түзүү боюнча иш-аракет Планын ишке ашыруу;
8) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрдык кызматын өнүктүрүү боюнча концепция;
2-приоритеттин алкагында төмөнкү маселелерди ишке ашыруу каралды:
1) кооптуу табигый процесстерге жана көрүнүштөргө жаңы өнүккөн технологиялардын негизинде комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана маалымдоо системасын киргизүү, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдардын мониторинги жана маалыматы боюнча аналитикалык материалдарды даярдоо;
2) уран казып алууда жана кайра иштетүү өндүрүштөрүндө пайда болгон өзгөчө кырдаалдардын жаралуу коркунучун азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
3) гидрометерология системасында байкоочу түйүндү модернизациялоо жана жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү.
4) Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттикти модернизациялоого багытталган «Борбор Азия өлкөлөрүндө гидрометеорологиялык камсыздоону жакшыртуу» долбоору (ишке ашыруу мөөнөтү: 2010 - 2014-жж.).
3-приоритеттин алкагында булар каралат:
1) мектепке чейинки, мектеп жана жогорку окуу жайларында окутуунун заманбап программасы жана методикасын иштеп чыгып, киргизүү;
2) өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жагында калкты окутууну жана маалымдоону жакшыртуу.
3) Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фондунун өкүлчүлүгүнөн АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин табигый кырсыктарга байланышкан жардам көрсөтүү боюнча Бөлүмү каржылаган Кыргыз Республикасынын мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин аймактарынын жана имараттарынын коопсуздугуна (мындан ары - ЮНИСЕФ) баалоо жүргүзүү долбоорун ишке ашыруу;
4) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин регламентин Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык ченемдик-укуктук актыларына киргизүү иштери улантылат;
5) жетекчилик курамды, ыктыярдуу куткаруучулар командаларын жана калкты окутуу боюнча программалар.
4-приоритеттин алкагында иштелип жана бекитилген Маалымат-планынын жана Программанын негизинде келерки жылы төмөнкү иш-чаралар аткарылат:
1) кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чаралары;
2) Кыргызстандын аймагында уу калдыктарын сактоочу жайларды жана жээкти коргоочу дамбаларды реабилитациялоо;
3) Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Селден-суудан сактоо» башкармасынын жана Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча департаменттин линиясында капиталдык курулуштарды, авариялык-калыбына келтирүү иштеринин программасын ишке ашыруу;
5-приоритеттин алкагында төмөнкү маселелерди чечүү маанилүү:
1) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы жана куткаруу кызматтарынын материалдык-техникалык базасын чындоо;
2) Кыргыз Республикасынын айыл жергелеринде жашаган калкын окутуу жана маалымдоону жогорулатуу, табигый кырсыктын коркунучтарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде башкаруу;
3) медициналык, радиациялык-химиялык жана бактериологиялык коргоонуу боюнча иш-чаралар.
4) Европалык Комиссия каржылаган ДИПЕКО-6 Программасы табигый кырсыктардын кесепеттерин жумшартууга жана алдын-алууга, калкты өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жагында митигациялык долбоорлор, тренингдер, семинар окуулар аркылуу маалымдоону жакшыртуу;
5) ЕврАзЭСтин «Уран өндүрүшүнөн таасирине дуушарланган ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» максаттуу программасы. Максаттуу программада келечекте пилоттук долбоор катары Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасынын жана Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай шаарчасында жайгашкан уу калдыктарын сактоочу жайлар жана кен калдыктарын рекультивация жана реабилитациялоо каралат. Долбоордун болжолдуу сметалык баасы - 10,2 млн. АКШ долларын түзөт.
Иш-чараны жүзөгө ашыруу бюджеттик каржылоонун тартыштыгынан улам өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу жана жоюу жаатындагы инвестицияларды тартууга, көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет.
Ресурстар.
2011 - 2014-жж. өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу иш-чараларына, долбоорлор үчүн керектелүүчү каражаттын жалпы көлөмү 250 млн. АКШ долларынан кем эмес.
Ведомственная классификация | Уюмдун аталышы | 2011-жыл | 2012-ж. керект. | 2013-ж. керект. | 2014-ж. керект. | |
Арыз | Анык бөлүнгөнү | |||||
| Бюджеттик каражаттар |
|
|
|
|
|
45110 | ӨКМ (аппарат) | 66,9 | 46,1 | 73,5 | 80,8 | 85,0 |
45121 | ӨКМ (вед.мекемел.) | 840,6 | 506,6 | 924,0 | 1016,4 | 1118,0 |
45141 | ӨКды жоюучу атайын фонд | 100,0 | 100,0 | 100,0 | 100,0 | 100,0 |
45310 | ӨКМге караштуу Өрт коопсуздугу агенттиги | 641,6 | 387,8 | 840,8 | 660,4 | 720,1 |
45130 | ӨКМге караштуу гидромет. агенттиги | 66,1 | 51,5 | 79,2 | 82,9 | 88,6 |
45211 | Суу коргоо чарба Башкармалыгы | 156,8 | 121,8 | 200,1 | 211,5 | 222,5 |
| Жалпы: | 1872,1 | 1213,8 | 2217,6 | 2152,0 | 2334,2 |
| Атайын каражаттар |
|
|
|
|
|
45121 | ӨКМ (вед.мекемел.) | 0,5 | 0,5 | 1,0 | 1,5 | 2,0 |
45310 | Өрт коопсуздугу Агенттиги | 7,2 | 7,2 | 7,2 | 7,8 | 7,8 |
45130 | ӨКМге караштуу гидромет. Агенттиги | 0,6 | 0,6 | 0,6 | 0,8 | 1,0 |
| Жалпы : | 8,3 | 8,3 | 8,8 | 10,1 | 10,8 |
| Мамлекеттик инвестициялардын программасы |
| 155,3 |
|
|
|
| Бардыгы: | 1880,4 | 1377,4 | 2226,4 | 2162,1 | 2345,0 |
2. Стратегияны ишке ашыруу этаптары 2015 - 2020-жж.
1-приоритет боюнча пландаштырылууда: кырсыктын коркунучтарын азайтуу улуттук жана жергиликтүү бекем инститтук базаны ишке ашыруу катары саналган приоритетти камсыздоо.
- өзгөчө кырдаалдардан пайда болгон коркунучтарды башкарууну жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик-укуктук иш-кагаздарын иштеп чыгуу, табигый жана техногендик мүнөздөгү коркунучтардын ченемдик көрсөткүчтөрүн реалдуу социалдык-экономикалык шарттарды эске алуу менен аныктоо;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтуу жана коркунучтардын пайда болуусун кыскартуу боюнча ишканалардын иш-аракеттерине түрткү берүүчү экономикалык механизм иштеп чыгуу;
- жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жагында коркунучтарды көз карандысыз баалоонун укуктук негизинин системасын иштеп чыгуу жана киргизүү; (көз карандысыз эксперттик уюмдарды жана эксперттердин институтун түзүү).
2-приоритетте булар каралат: кырсыктын тобокелдик факторлоруна мониторинг жүргүзүү жана баалоо, аныктоо жана эртелеп алдын алууну жакшыртуу;
- Геоинформациялык система технологиясынын негизинде кооптуу табигый процесстерди маалымдоо жана комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн мамлекеттик системасын жана Кыргыз Республикасынын аймагында дистанциялык бирдиктүү координациялоочу борбор түзүү (Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарды маалымдоо жана мониторингдөө департаменти);
- жер алдынан чыккан суулардын деңгээлин төмөндөтүү, транспорт коопсуздугун камсыздоо, сейсмикалык коркунучтарды азайтуучу Мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө жана кризистик табигый мүнөздөгү кырсыктардын мүмкүн болуусун баалоо, татаал техникалык системалардагы болгон ири аварияларды баалоонун жаны ыкмасын иштеп чыгуу;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын калкка коркунуч жаратуу кесепеттеринин экологиялык, социалдык жана экономикалык жактан баалоонун илимий-методикалык базасын өнүктүрүү;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын пайда болуу коркунучунун интегралдык көрсөткүчтөрүнүн системасын иштеп чыгуу жана ар кандай мүнөздөгү кырсыктардын жана (же) ар түрдүү кесепеттердин суммасына комплекстүү анализ жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдар коркунучтарынын пайда болуусунун комплекстик анализ ыкмасын киргизүү;
3-приоритет боюнча булар пландаштырылууда:
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрларды даярдоо институтун түзүү;
- калктын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарга чара көрүү иш-чаралары жана күчтөрүнүн башкаруу органдарын даярдоонун бирдиктүү системасын өркүндөтүү;
- комплекстүү коопсуздук жаатында маалымдоо, билим берүүнү андан-ары жогорулатуу.
- кырсыктын коркунучтарын кыскартууну кийинчерээк мектепке чейинки мекемелерге Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фондунун өкүлчүлүгүнүн ыкмасын жана жыйынтык долбоорун үлгү катары киргизүү.
4-приоритет боюнча булар пландаштырылууда:
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтуу жана коркунучтарды кыскартуу боюнча инженердик-техникалык иш-чараларды ишке ашыруу, ошондой эле инженердик курулуштарга реконструкция түзүү;
- өндүрүштүк процесстеги эскирген жабдууларды иштен чыгарууга чара көрүү, ошондой эле табигый процесстер жана кырсыктардын жаралышына кооптуу деп табылган райондордогу турак-жай фонддорун, өндүрүштүк жана коомдук имараттарды реконструкциядан өткөрүү комплексин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- борборлоштурулган бириктирилген сактоочу жай түзүү.
5-приоритетте булар каралды: - бардык деңгээлде кырсыктарга натыйжалуу чара көрүү максатында даярдыкты жогорулатуу;
- ӨКМнин сактоо борборун өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүнүн авиациялык системасын өркүндөтүү;
- аймактардагы башкармалыктардын бардык куткаруу-сактоо күчтөрүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруу жана координациялоону өркүндөтүү максатында Жарандык коргонуунун бирдиктүү аймактык башкаруу органдарын түзүү;
- жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздалган өрттөн сактоо түзүмүн түзүү боюнча чара кабыл алуу.
- Калкка мамлекеттик жалпы комплекстүү маалымдоо (ОКСИОН) системасын түзүү.
Ресурстар:
Аталган Стратегиянын экинчи этабын ишке ашыруу үчүн керектелүүчү жеке жана башка булактардан алынуучу ресурстардын болушу зарыл. Аталган Стратегияны жүзөгө ашырууга тиешелүү Программаларда төмөнкү ресурстар колдонулушу мүмкүн:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
- бейөкмөттүк жана эл аралык уюмдардын долбоорлору жана программалары.
Жыл сайын каржылоо жана финансылык ресурстарды аткаруу көлөмү мамлекеттик инвестициялардын республикалык, аймактык жана жергиликтүү программаларында конкреттүү каралат. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн Стратегиянын биринчи этабын ишке ашырууга республикалык бюджеттен мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча 2012-жылга 2217,6 млн. сом бөлүү каралууда. Бирок, Стратегияда көрсөтүлгөн бардык максаттарды ишке ашыруу үчүн Стратегиянын Программаларынын иш-чараларын каржылоочу тиешелүү министрликтер республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылоону карап көрүүсү зарыл. Бул каражаттар келе жаткан жылга пландаштырылган жана Программаны чогуу аткарууга тиешелүү болгон мамлекеттик, аймактык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык пландарга тийиштүү бюджетти түзүүдө каралат. Бюджеттин орто мөөнөттүү Программасы жыл сайын иштелип чыгат жана аналитикалык документ болот, мамлекеттик бюджеттин максаттуу киреше жана чыгашаларын толук көрсөтөт жана зарылчылыкка жараша кезектеги орто мөөнөттүү келечектеги бюджеттик ассигнованиеге багытталган приоритеттик секторунда бул ишти тынымсыз жүргүзүү керек.
Мамлекеттеги финансылык татаал абалды эске алып, Стратегияны чогуу аткаруучулар болгон тиешелүү министрликтер Программада өздөрүнүн бюджетин кароодо кошумча гранттарды жана инвестицияларды тартуу боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзүүсү зарыл, ал эми аймактык программаны ишке ашырууда каржы булактарын өз алдынча издөөсү керек.
V бөлүм. Корутунду
Күтүлгөн натыйжалар
Табигый катаклизмге байланышкан өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча эртелеп, күн мурунтан жүргүзүлгөн иш-чаралар мүмкүнчүлүгү:
- табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү жана сактануу;
- өзгөчө кырдаалдарды маалымдоо, мониторинг жүргүзүү системасынын сапатын жакшыртуу;
- табигый жана техногендик мүнөздө болгон өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан келтирилген социалдык жана экономикалык чыгымдардын көлөмүн кыскартуу;
- Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймагынын табигый катаклизмден коопсуздугун камсыздоо.
2. Жакшы факторлор
Табигый катаклизмге байланыштуу өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча негизги тапшырмаларды этап-этабы жана акырындык менен ишке ашырууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жакшы факторлордун катары бар:
- калкты жана аймакты табигый кырсыктардан коопсуздукту комплекстүү камсыздоо боюнча тапшырмаларды укуктуу чече турган профессионал кызматкерлердин жана аскер кызматкерлеринин кадрдык курамы;
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин жөнгө салуучу аткаруу бийлигинин башка органдары менен өз ара байланышта иштешүүгө мүмкүн болгон тиешелүү, ченемдик укуктук база Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен Жарандык коргонуунун, өрт, атом жана радиациялык коопсуздук жана гидрометеорология жагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзөт;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында зарыл болгон тапшырмаларды аткарууга материалдык-техникалык база бар;
- Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору түрүндө маалыматтык байланыштын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсүнүн өзгөчө кырдаалдарга өз убагында маалымат, мониторинг жүргүзүү, ошондой эле болуп өткөн табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө байланыштын туруктуулугу;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу жана жоюу жаатында чет элдик гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу максатында эл аралык кызматташуу.
3. Стратегияга тиркемелер
1. Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү планы;
2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу жана жоюу процессинде негиз түзүүгө биргелешкен 2012 - 2016-жж. иш-аракет планы.
| Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймагынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы комплекстүү коопсуздугунун 2020-жылга чейинки стратегиясына 1-тиркеме |
Киришүү
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү планы (мындан ары - чара көрүү Планы) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймакты коргоо, алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жагындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, 2009 - 2011-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын, «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, башка ченемдик укуктук актылардын негизинде иштелип чыккан.
Бул План калкты жана аймактарды табигый кырсыктар менен катастрофалардан, министрликтер менен административдик ведомстволордун, мекемелердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү коомчулуктардын, уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен мекемелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын комплекстүү коопсуздукту камсыздоо тармагындагы өз ара макулдашылган жана бирдиктүү аракетинин негизги документтердин бири болуп саналат.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын аймагы 20дан ашуун жаратылыштын таасиринен кооптуу процесстерге жана кубулуштарга дуушар болууда. Калкка жана тиричиликти камсыздоочу обьекттерге чоң коркунучту: жер титирөө, жер көчкүлөрү, кар көчкүлөрү, сел, суу ташкындары, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, катуу жааган жамгырлар, чагылгандар, мөндүрлөр, кардын көп түшүүсү, таш кулоолор, катуу шамалдар, өрттөр жаратат.
Өзгөчө кырдаалдар (мындан ары - ӨК) көптөгөн адамдардын өлүмүнө, бир топ экономикалык чыгымдарга, калктын тиричилик жактан камсыздалышынын токтошуна, аймактык жана жергиликтүү башкаруу органдарынын ишине зыян алып келиши мүмкүн. Орточо статистикалык эсеп боюнча өлкөдө жыл сайын 200 табигый мүнөздөгү ӨК болуп өтөт, кооптуу аймактардан миңден ашуун үй-бүлөлөр көчүрүлөт.
Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлери кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын калкынын 75% жер титирөө кооптуулугу бар аймактарда жашашат, ал аймактарда Рихтердин шкаласы менен 9 баллдан ашкан катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн.
Белгилүү болгондой, өзгөчө кырдаал убакыттын ар кайсы мезгилинде болушу мүмкүн жана ар кандай министрликтердин, мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосунда белгилүү маалымат алмашууну талап кылат.
Калкты жана аймактарды жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактоо жагындагы мамлекеттик саясат-мамлекеттик түзүмдөрдөгү жана өз алдьшча башкаруу органдарынын колдонууга боло турган күчтөрүн жана каражаттарын максимум пайдаланууга, зарыл болгон иш-чараларды өз учурунда өткөрүүгө жана зыяндын алдын алууну жана азайтууну камсыз кылууга багытталат.
Жарандык коргонуу боюнча (мындан ары - ЖК) иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен толукталат. Жарандык коргонуунун иш-чараларын каржылоо мамлекеттик бюджеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыл сайын бекитилүүчү бюджеттик каржылоолорунун чегинде каралат (Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуусу жөнүндө» Мыйзамынын 8-главасы, 21-берене).
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн финансылык жана материалдык ресурстардын резерви чукул кырдаалдарга тартылуучу күчтөр жана каражаттар үчүн өзгөчө кырдаалдардын болуусу мүмкүн болгон учурга чейин күн мурунтан түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун чара көрүү планы тармактар боюнча жарандык коргонууга арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча атайын пландар менен толукталат.
Документтин максаты
Бул документтин максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Жарандык коргонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - ӨКМ), Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, мекемелердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкты жана аймакты техногендик жана табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо багытындагы стратегиясын чагылдыруу.
Бул план, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүдө министрликтердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү коомчулуктардын, уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен мекемелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн өз ара макулдашылган, бирдиктүү аракеттенүүсүнүн негизи болуп саналат.
Чара көрүү планы өзгөчө кырдаалдарга чара керүү процессин чагылдырат жана бул процессте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ордун жана ролун аныктайт.
Документте өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн негизги булактары жалпыланган, ошону менен бирге эле улуттук деңгээлдеги кырсыктарга чара көрүүнүн, жергиликтүү деңгээлдеги кырсыктарга чара көрүүнүн ортосундагы айырмалары кабыл алынган Өзгөчө кырдаалдардын классификациясынын негизинде даана баса көрсөтүлгөн.
Документ өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, келечектеги муундарды коом менен жаратылыштын, улуттук кызыкчылыктар менен глобалдуу проблемалардын ортосундагы карама-каршылыктарды жайгарууда комплекстүү жана системалуу мамиле кылуунун негизинде тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ.
Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн приоритеттери
Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн приоритеттери болуп:
- адамдардын өмүрүн сактоо, калктын, ошондой эле чара көрүүнү ишке ашырып жаткан адамдардын ден соолугу менен коопсуздугун камсыздоо;
- кырсыктын коркунучунун алдын алуу;
- өзгөчө маанилүү объектилердеги инфраструктураны жана негизги ресурстарды коргоо жана калыбына келтирүү;
- менчикти коргоо, ошондой эле адамга, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу;
- бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу;
- адамдарды реабилитациялоону камсыз кылуу, өндүрүштү жана мамлекеттик башкаруу органдарынын иштөөсүн калыбына келтирүү;
- бардык аткаруу бийликтеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттеринин макулдашылуусу.
Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн башкаруу деңгээлдери
Чара көрүү планынын башка пландар менен байланышы
Чара көрүү планы - бул табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар мезгилиндеги пландоо боюнча негизги механизм жана республикалык, облустук, райондук жана жергиликтүү деңгээлде пландоонун аспектиси катары кызмат кылат.
Тажрыйба көрсөткөндөй, жергиликтүү деңгээлде же айыл деңгээлинде пландоо, республикалык деңгээлде пландоодой эле маанилүү. Чара көрүү планы Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдар учурунда пландоо боюнча негизги инструмент болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору Жарандык коргонуунун пландарын (мындан ары - ЖК) иштеп чыгышат жана аны ишке ашырышат, аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашышат.
План башкаруу системасын координациялоону жана көзөмөлдөөнү негиздөөгө жардам берип, министрликтер жана ведомстволор менен өзгөчө кырдаалдар учурунда бирдиктүү тутум катарында чогуу иштөөгө шарт түзөт.
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген өзгөчө кырдаалдардын Классификациясына ылайык ишке ашырылат.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын иштетүү режимин киргизүү жөнүндө чечимди төмөндө аталган органдар ыктымалдуу же башталган кырдаалга жана божомолдонгон же чыккан өзгөчө кырдаалдын масштабына жараша кабыл алышат, алар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары;
- уюмдардын жетекчилери.
Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү планы үзгүлтүксүз иштеши керек. Мамлекет өзгөчө кырдаалдарга эффективдүү чара көрүүсү үчүн кырсыктын тобокелдигин азайтууга болгон потенциалын жумшоону улантуусу зарыл.
Болуп өткөн өзгөчө кырдаалдарга жараша Кыргыз Республикасынын калкынын коопсуздугу жана жашоо абалы фактылар менен аныкталат.
Өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүнү пландоо-туруктуу иш болот, андыктан, Кыргыз Республикасынын бардык министрликтеринде, ведомстволорунда жана мекемелеринде өздөрүнүн өзгөчө кырдаалга даярдык көрүү Планы болууга тийиш жана аны ачык-айкын графикке ылайык, такай жаңылап, тактап турууга милдеттүү.
Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү иш-чараларын пландоонун структурасы эреже катары төмөнкү деңгээлде коюлган пландардын чегинде болот, алар өз кезегинде андан жогорку деңгээлде даярдалган пландарга ылайык келет.
Тармактык функциялык пландар жеткирүү, калыбына келтирүү, маалымдоо, саламаттыкты сактоону өнүктүрүү, курулуш ж.б. иштерди камтыйт.
Конкреттүү коркунучтар үчүн атайын пландар жер титирөө, жер көчкү, суу каптоо, зыяндуу заттардын чыгышы, өрттөнүүлөр, жаныбарлардын коркунучтуу оорулары ж.б. пайда болуучу коркунучтарга карата даярдалат.
Тармактык (функциялык) пландар жана атайын конкреттүү коркунучтар үчүн пландар бардык деңгээлде иштелип чыгат.
Кыргыз Республикасындагы өтө кооптуу табигый кубулуштардын опурталдуулук регистри
Коркунучтун регистри Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү маселелерин мамлекеттик деңгээлде кароо маанилүү экендигин баса белгилейт.
Коомчулуктун деңгээлинде ар бир жергиликтүү башкаруу органдары-коркунучтар жана тобокелдиктер кайсы жерде болоорун, ошондой эле мындай кесепеттерди жоюуга эмне кылуу керек экендиги жөнүндө эсеп китебин жүргүзүшү керек. Коркунучтар: жер көчкүлөр, химикаттарды колдонгон өндүрүштүк объекттерде, нефтебазаларда ж.б. болушу мүмкүн.
Коркунуч № | Коркунуч | Кесепеттери | Ыктымалдуулук | Коркунуч даражасы |
1 | Жер титирөөлөр. Сейсмикалык кооптуу категорияга кирген 74 калктуу конуш, интенсивдүүлүгү 9 баллдан жогору болгон тилкелерде жайгашкан. Алда республиканын калкынын 75 пайызга жакыны жашайт. Божомолдор боюнча 3,3 млн. адам, же болбосо Республиканын калкынын 66 пайызы катуу жер титирөөгө туруштук бере албаган үйлөрдө жашашат | Катастрофалык | Ыктымал | Өзгөчө |
2 | Жер көчкүлөр. Республикабыздын аймагында 5000ден кем эмес жер кочку коркунучу бар участок бар. Республиканын түндүк аймагындагы Жалал-Абад жана Ош облустарында жер көчкү процесси көп (90%) кездешет. Бардыгы болуп калктуу конуштарга, унаажолдорго жана инженердик курулмаларга коркунуч туудурган 261ден ашуун жер көчкү участогу көзөмөлдө турат. | Жогору | Ыктымал | Өзгөчө |
3 | Кар көчкүлөр. Республиканын көптөгөн райондорунда таркалган, негизинен Бишкек-Ош унаажолуна жана өлкөбүздүн тоолуу райондорундагы унаажолдорго, ошондой эле электр жана байланыш линияларына коркунуч туудурушат. Кар көчкү кооптуулук мезгили ноябрь айынан апрелге чейин созулат, ал эми эң коркунучтуу айлар февраль-мартка туура келет. | Төмөн | Ыктымал | Жогору |
4 | Сел жана суу ташкындары. Республикабыздын 95 пайыздан ашык калктуу конуштары жана миллиондогон тургундар сел жана суу ташкындарынын таасирине кабылган дарыялардын жээктеринде жайгашкан. Көбүнчө жогорудагы табигый процесстер Фергана тоо кыркасынын алдында жана жапыз тоолуу бөлүктөрүндө болуп өтөт (Ош, Жалал-Абад облустары), (Күңгөй, Тескей Ала-Too менен Кыргыз тоо кыркаларынын алды).Жасалган мониторинг республикабыздын аймагында Бишкек шаарын кошо камтыган 497 калктуу конуштар менен объектилерде сел жана суу ташкын коркунучунда турарын көрсөттү. | Төмөн | Аныкталган | Жогору |
5 | Жугуштуу оорунун жайылышы. а) көп сандагы адамдарга коркунуч келтирүүчү жугуштуу оору. Мындай оору адамдардагы пандемиялык грипптин пайда болуусуна чейин өсүп жетиши мүмкүн. | Жогору | Ыктымал | Өзгөчө |
б) Чектелген түрдөгү, суу аркылуу жугуучу холера жана тиф сыяктуу оорунун пайда болуусу | Орточо | Ыктымал | Жогору | |
в) Үй жаныбарларындагы жугуштуу оруулардын пайда болуусу, мисалы үй жаныбарларындагы H5N 1 («куш тумоосу)», же болбосо айыл чарба секторуна чоң зыян келтирүүчү , үй жаныбарларындагы шарп оорусу. | Төмөн | Ыктымал | Орточо | |
6 | Радиациялык кооптуу объектилер. а). Уу калдыктарын сактоочу жайлар жана кен калдыктары; Республиканын аймагындагы 50 калдык сакталуучу жайларда 100 млн. м3 калдыктар сакталат, өтө көп көлөмдөгү кен калдыктары бар. Кен калдыктарынын аянты 1500 га. ээлейт, алардын ичинен ОКМнин каттоосунда жалппы көлөмү 13,35млн. м3 болгон 36 уу калдыктарын сактоочу жай жана жалпы көлөмү 2,35млн. м3 болгон 25 кен калдыктары бар. 36 уу калдыктарын сактоочу жайлардын ичинен 31инде радиоактивдүү калдыктар бар, 28и уран өндүрүшүнүн калдыктарын жана курамында торий бар полиметаллдарды өндүрүү калдыктарынын, 3 уу калдыктарын сактоочу жайы бар. Уу калдыктарын сактоочу жайларда топтолгон радийактивдүү калдыктардын жалпы көлөмү 8,2 млн. м3 түзөт. Уу калдыктарын сактоочу жайлардын бешөөндө түстүү металлды өндүрүүдөн топтолгон калдыктардын жалпы көлөмү 5,15 млн. м3 түзөт. Адистердин маалыматтары боюнча радиациялык экологиялык катастрофалардын жаралуу коркунучу бар. Булгануунун мүмкүн болгон аймагына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет, бул аймакта 5 млн. адам жашайт. | Катастрофалык | Ыктымал | Өзгөчө |
б). Авариялык-химиялык уулуу заттар (мындан ары - АХУЗ). Республика боюнча баары болуп 100гө жакын объектилер, өздөрүнүн технологиясында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды пайдаланышат, анын ичинен 19у химиялык опурталдуу объектилер категориясына кирет (ХКО). Аталган объектилер өз өндүрүшүндө 2,5 миң тоннага жакын химиялык заттарды пайдаланышат. Анын ичинен өтө көп пайдаланылганы: аммиак, туз кислотасы, күкүрт кислотасы, азот кислотасы, цианид, хлор. Кырсык болгон учурда булгануунун мүмкүн болгон аймагынын аянты 52,3 км түзөт, анын ичинде Бишкек шаары - 12,3 км2. Булганууга мүмкүн болгон аймактагы калктын жалпы саны 252,2 миң адам, айыл чарба жандыктары - 40 миң баш малды түзөт. Ошондой эле Ош шаарынын аймагындагы өндүрүштүк объектилерде химиялык коркунучтуу кооптуу кырдаалдар татаалданышы мүмкүн. | Орто | Ыктымал | Жогору | |
7 | Бийик тоолордогу жырылып кетүү коркунучу бар көлдөр. Республиканын аймагында бийик тоолордо 300ден ашуун жырылып кетүү коркунучу бар көлдөр бар. Алар опурталдуулугу боюнча төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт: - I категориядагы опуртал (өтө коркунучтуу); - II категориядагы опуртал (коркунучтуу); - III категориядагы опуртал (коркунуч азыраак); Бул көлдөр республиканын бардык облустарында жайгашкан, калкка жана чарба объектилерине потенциалдуу коркунуч келтирет, аларды жырылып кетүүсү ото күчтүү сел жана суу ташкындарын жаратып, калк жыш жайгашкан өрөөндөрдө чоң кырсыктарга учуратышы ыктымал. | Жогору | Ыктымал | Өтө жогору |
Коркунучтарды талдоо
Коркунучтарды талдоо - коркунуч жөнүндө түшүнүктөрдүн иштелип чыгышын камтыйт. Коркунучтарды жана анын таасирлерин азайтуу үчүн, коркунуч жөнүндөгү информацияны жана колдонулуп жаткан контролдоо системасын пайдалануу коркунучтун ишке ашуу ыктымалдыгын жана күтүлгөн кесепеттерин баалоого мүмкүндүк берет.
Кээ бир учурларда бирдей деңгээлде бааланган коркунучтардын ыктымалдуулугун, кесепеттерин жана даражаларын бир бүтүндүккө топтосо болот. Бул ӨК чара көрүү процессинде карап чыгууга зарыл болгон коркунучтардын санын азайтканга жана четтетүү стратегиясына мүмкүндүк берет.
Республикада кичине масштабдагы өзгөчө кырдаалдарга мамиле жасоонун тажрыйбасы басымдуу.
Жергиликтүү деңгээлдеги Жарандык коргонуу боюнча комиссия же жергиликтүү бийлик карамагындагы аймактарда аныкталган бардык опурталдарды кылдат каттоого алышы керек. Документтештирүүдө аныкталган коркунуч булактарынын тизмесине коркунучту жеңилдетүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды, пландаштырылган чараларды, ошондой эле азайтылган опурталдарды түшүрүү абзел. Бардык коркунучтарды жоюуга болбосо дагы, мындай каттоону киргизүү иш-чараларды пландоодо жана жарытпаган ресурстарды бөлүштүрүүдө жардам берет. Коркунучтарды азайтууга багытталган аракеттерге карабастан, опурталдуулук ар дайым бар. Ушул калган опуртал да өзгөчө кырдаалдарга алып келиши мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюудагы жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын оордук даражасына жараша жооптуу чечимдерди кабыл алуу
Өзгөчө кырдаалдардын оордук даражасы | Өзгөчө кырдаалдардын натыйжалары | Минималдуу эмгек акысына барабар материалдык зыян (сом) | Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу үчүн жооптуулар | |||
Өзгөчө кырдаалдардын жайылуу тилкеси | Жабыркагандар (адамдар, жынысы, жаш курагы) | Тиричилик шарттарынын бузулушу | ||||
Бардыгы | Алардын ичинде курман болгон адамдар | |||||
I даража (объектилик) | Өндүрүштүк обьектинин, ишкананын, уюмдун чегинде таркалуу | 5ке чейин | 3кө чейин | 30га чейин | Курман болгон жана жала чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда 500 гө чейин | Объект карамагында турган уюмдар, ишканалар жана мекемелер |
II даража (жергиликтүү) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагынын чегинде (айылдык аймак, райондук маанидеги шаар, айыл, поселок) | 6дан 20га чейин | 4тон 10го чейин | 31ден 50го чейин | Курман болгон жана жапа чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда 501ден 1000ге чейин | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалардын жана мекемелердин менчигинин түрүнө карабастан күчтөрү жана каражаттары, зарыл болгон учурда жогору турган уюмдар |
III даража (райондук, шаардык) | Облустук маанидеги райондун, шаардын аймактарынын чегинде | 21ден 50гө чейин | 11ден 20га чейин | 51ден 500ге чейин | Курман болгон жана жапа чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда 1001ден 10 000ге чейин | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аймактык аткаруу бийлигинин бөлүмдөрү, зарылчылыкка жараша республикалык, облустук уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин менчигинин түрүнө карабастан күчтөрү жана каражаттары |
IV даража (облустук, Бишкек, Ош шаарлары) | Эки же андан көп райондордун чегиндеги, бирок бир облустун же республикалык маанидеги шаардын чегиндеги | 51ден 100гө чейин | 21ден 40ка чейин | 501ден 1500го чейин | Курман болгон жана жапа чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда 10001ден 50 000ге чейин | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаардык мэриялары, аткаруу бийлик органдарынын облустук, Бишкек, Ош шаардык бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволору, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, ишканалар жана мекемелер |
V даража (республикалык) | Бир облустан көбүрөөк чектеги | 101ден ашуун | 41ден ашуун | 1501ден ашуун | Курман болгон жана жапа чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда 50 001 ден өйдө | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлиги, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик мекемелер, эл аралык уюмдар |
Транс-чек аралык | Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка таркоо. Чектешкен мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына таркоосу. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жөнгө салышат | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, чектеш мамлекеттердин өкмөттөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, эл аралык уюмдар | |||
Эскертүү: Өзгөчө кырдаал эгер көрсөткүчтөрдүн жок дегенде бирөөсүнө туура келсе категориянын тигил же бул түрүнө кирет.
Ири өндүрүштүк кырсыктардын, катастрофалардын, табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин потенциалдуу жеңилдетүү максатында аткарылуучу иш - чаралар (күндөлүк иштин режими)
1. Жер титирөөнүн кесепеттерин азайтуу боюнча алдын-ала аткарылуучу иш-чаралар:
- имараттардын, курулмалардын, коммуникациялык тармактардын сейсмикалык туруктуулугун жогорулатууга багытталган нускамаларды жана көрсөтмөлөрдү алдын-ала иштеп чыгуу;
- курулуш ченемдерин сактоо боюнча талаптарды күчөтүү;
- өтө коркунучтуу тобокелдик абалдагы имараттарды реконструкциялоо;
- эвакуациялоо каражаттарын жана зарыл медикаменттердин, азык-түлүктөрдүн запастарын даярдоо;
- медициналык мекемелерге жана калктын тиричилик аракетин камсыз кылуучу объектилерге кирүүнү камсыздоо;
- жабыр тарткан калкты жайгаштыруу үчүн чатыр фондун алдын-ала түзүү;
- сейсмикалык чалгындоо жүргүзүү үчүн алдын-ала күчтөрдү жана каражаттарды даярдоо;
- калкты өзүнө жана өз ара жардам көрсөтүүгө үйрөтүү;
- калктын кабардар болушун жогорулатуу;
2. Химиялык опурталдуу объектилердеги кырсыктардын алдын алуу:
- химиялык опурталдуу өндүрүштүк процесстерди автоматташтыруу;
- күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар менен байланышкан химиялык өндүрүштөрдү коргоо үчүн атайын иш чараларды аткаруу (конструкцияларды күчөтүү, суюктук сактоочу идиштерди каптап көмүү ж.б.).
- күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын запасын бири-биринен алыс аралыкта жайгаштыруу;
- коргоочу курулмаларды куруу жана аларды даяр абалда кармоо;
- жумуш бөлмөлөрүндө тез таасир этүүчү уулуу заттардын сакталышын ар дайым контролдоо жана имараттарды авариялык кабар берүүчү жабдуулар менен камсыз кылуу;
- айлана-чөйрөгө күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын таштандыларын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө, реалдуу метео билдирүүлөрдү эске алуу менен уулануу мүмкүндүгү бар тилкелерди алдын-ала болжолдоо;
- объектидеги персоналдардын жана ага жакын жайгашкан калкка алдын-ала ыкчам билдирүүнүн системасын уюштуруу жана аны ар дайым даяр абалда кармоо, жеке коргонуу каражаттарын топтоо (противогаз ж.б.у.с.)
- жарандык коргонууну башкаруу органы менен уулуу заттар таасир этүүчү аймактарда жайгашкан объектилердин персоналдарын жана калкты коргоо боюнча иш-аракеттердин пландарын макулдашуу;
- кырсыктар менен катастрофалардын кесепеттерин жоюу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды даярдыкта кармоо;
3. Жарылып кетүү жана өрт коркунучу менен байланышкан объектилердеги кырсыктардын алдын алуу:
- от алып кетүүчү (жарылуу) ыктымалы бар булактарды жок кылуу же сактоо;
- жумушчуларды жана кызматкерлерди сактоо максатында коргоочу курулмаларды куруу жана аларды даяр абалда кармоо;
- объектилердеги имараттарды жана курулмаларды өрт, жарылуу кырсыгынан сактоо максатындагы иш-чараларды өткөрүү;
- өрт кабарлагычынын эффективдүү каражаттарын жана өрт өчүргүчтөрдү даярдоо (өрт өчүргүчтөр, суу жеңдери, спринклердик өрт өчүрүүчү системалар).
4. Кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, селдердин жана мезгилдүү суу ташкындарынын алдын алуу:
- көлдөрдөгү, дарыялардагы жээктерди бекемдөөчү иш-чаралар;
- сел-суу ташкындары өтүүчү потенциалдуу тилкелердеги көпүрөлөрдү бекемдөө;
- кооптуу тилкелерге мониторинг жүргүзүү;
- кооптуу тилкелерден жашоочуларды убактылуу көчүрүү;
- калктуу конуштарга жана чарба объектилерине сел-суу ташкындарынан коргоо максатында инженердик курулмаларды куруу;
- кар көчкүгө каршы курулмаларды куруу (галереялар, кар тосуучу калкамалар, ж. б.)
- кар көчкүлөрдү жасалма жол менен түшүрүү (артиллериялык атуу, жардыруу)
- жаан-чачындын интенсивдүүлүгүнө, кардын эришине, дарыяларда жана көлдөрдө суунун деңгээлинин өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүп туруу;
- суу сактагычтар аркылуу сел-суу ташкындарын жөнгө салуу;
- сел-суу ташкындарынан коргоо максатында туруктуу жана мөөнөттүү (убактылуу) коргоочу дамбаларды куруу;
- сел-суу ташкындарын жана селдерди буруп кетирүү максатында аңдарды жасоо жана жасалма нуктарды куруу;
- аймактарга тосмолорду төшөө жолун пайдалануу;
- сууда сүзүү каражаттарын алдын-ала даярдоо, сел агымдарына дуушар болгон аймактардан калкты эвакуациялоону жана көчүп барган аймактагы турмуш-тиричиликти камсыздоону алдын ала пландаштыруу;
- жер көчкү коркунучунун кесепеттерин азайтуу максатында жерди пайдалануунун күчөтүлгөн тажрыйбасын киргизүү;
- калкты окутуу.
5. Жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн жырылышынын алдын алуу:
- туруктуу жана мөөнөттүү (убактылуу) тосуучу дамбаларды куруу;
- жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө.
6. Өрт кырсыгынын алдын алуу:
- ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде өрткө каршы коопсуздукту сактоону көзөмөлдөө;
- чоң өрттөрдү өчүрүүнүн тактикасын өнүктүрүү;
- өрт өчүрүүчү техникалык жабдууларды даярдоо, ар тараптуу материалдык-техникалык камсыздоону уюштуруу;
- өрт чыккан жерди оз убагында аныктоо;
- эл көп чогулган жайларда өрткө каршы иш-чараларды өткөрүү;
- калк арасында түшүндүрүү жана тарбиялык иштерди жүргүзүү;.
- өрттүн чордонун бөлүү жолу менен өрттүн жайылышын чектөө боюнча иш-чараларды күн мурунтан өткөрүү;
- өрткө каршы тилкелерди түзүү;
- от менен күрөшүүнүн шарттарын жакшыртуу (таштандылардан жана бат от алуучу материалдардан тазалоо);
- өрт кошуундарын, байланыш каражаттарын күн мурунтан даярдоо;
- жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрүнүн, чарба жүргүзүүчү объектилердин өрт түзүмдөрүнүн жана калктын өз-ара аракеттенүүсүн уюштуруу.
7. Эпидемиянын, эпизоотиянын, эпифитотиянын алдын алуу:
- жарандарды жана үй жаныбарларын пландуу иммунизациялоо;
- санитардык-гигиеналык, дезинфекциялык жана дезинсекциялык пландуу иш-чараларды өткөрүү;
- эпизоотияга каршы профилактикалык иш-чаралар;
- лабораториялык диагностиканын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;
- калктын санитардык билимин жогорулатуу;
- үй жаныбарларын бир жерден экинчи көчүрүүдө, үй жаныбарларынан даярдалган сырьёну транспорттун бардык түрү менен ташууда аларга ветеринардык-санитардык көзөмөл жүргүзүү;
- ардык көзөмөл жүргүзүү;
- эт комбинаттарынын, кушканалардын, мал союучу пункттардын ошондой эле жаныбарлардын сырьёсунан даярдалган азыктарды даярдоочу, сактоочу жана кайра иштетүүчү мекемелерге ветеринардык көзөмөл жүргүзүү;
- жаныбарларды багуучу чарбаларды булганган пункттардан оору козгогучтарын жугузуп келүүдөн сактоо;
- ветеринардык-үгүт иш-чараларын аткаруу жана үй жаныбарларын камсыздандыруу;
- өсүмдүктөрдү инфекциялык оорулардан коргоо боюнча алдын-алуу иш-чаралары;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ооруларга туруктуу сортторун чыгарып айдоо;
- ооруга чалдыккан жана андан таза зоналарда карантиндик иш-чараларды аткаруу;
- эгин аянттарын жана үрөндөрдү химиялык жол менен тазалоо;
- агротехникалык эрежелерди сактоо, инфекциянын очокторун жок кылуу.
8. Катастрофалык суу каптоолордун алдын алуу:
- суу сактагычтардын туруктуулугуна көзөмөл жүргүзүү жана калкты суу сактагычтардын жарылып кетүүсүнө чейин кабардар кылуу;
- суу өткөрүүчү каналдарды суу сактагычтардан суулардын чоң келүүсүн кабыл алууга даярдоо;
- гидротүйүндөрдөгү белги берүүчү приборлордон алынган кабар боюнча суу каптоо коркунучу жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо;
- мүмкүн болгон суу каптоочу тилкелердеги коргоочу курулмаларды герметизациялоо;
- баалуу жабдууларды коргоо, көлдүн толгон суусун жөнгө салуу менен өз убагында кое берип туруу;
- калкты эвакуациялоо маршрутундагы жолдордун жана курулмалардын абалын тактоо жана көзөмөлдөө;
- жолдордогу тоскоолдуктарды аныктоо жана суу каптоого чейин айланып өтүү жолдорун издөө;
- суу каптоого чейин өз убагында калкты, үй жаныбарларын жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо;
- потенциалдуу коркунучтуу зоналардан калкты эвакуациялоо үчүн сууда сүзүүчү каражаттарды алдын-ала даярдоо;
- алгачкы керектелүүчү каражаттарды жана калкты көчүрүп чыгуу үчүн атайын ресурстардын запасын камсыздоо.
9. Өзгөчө кырдаалдар чыкканга чейинки чара көрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча алдын-ала (ӨКга чейин) аткарылуучу иш-чаралар.
Бул жерде сөз өзгөчө кырдаал учурунда башкаруу тутумунун туруктуулугу жөнүндө жана ишкана-мекемелердин өзүнүн ишин улантуусу, белгиленген номенклатурада жана көлөмдө өндүрүштүк эмес чөйрө үчүн продукция өндүрүү жөндөмдүүлүгү жөнүндө жүрөт.
Корголуучу аймактагы ар бир объектиде болжолдонгон кырсыктар менен табигый кырсыктар учурунда туруктуулукту жогорулатуу максатындагы иш-чаралар аткарылат. Ал иш-чаралар мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга жараша ар кандай түрдө болот.
Чечилүүчү маселелердин мүнөзүнө жараша иш-чараларды төмөндөгү топторго бириктирүүгө болот:
- жашынуучу, калкалоочу жана башка курулмаларды алдын-ала куруу аркылуу калкты жана өндүрүштүк объекттин персоналдарын коргоо;
- радийактивдүү жана химиялык уулануунун даражасын төмөндөтүү үчүн кызматтык курулмалар менен имараттарды даярдоо;
- өндүрүштүк жана коммуналдык объектилердин туруктуулугун камсыздоо;
- кыска мөөнөттө калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга даярдануу;
- калкты эвакуацияга же өндүрүштө иштеген адамдарды кооптуу аймактан алып чыгып кетүүнү пландаштыруу жана даярдоо;
- калкты, өндүрүштүк персоналды жана башка объектилерди жекече коргонуу каражаттары менен камсыздоону уюштуруу;
- болжолдонгон ӨК пайда болгон учурда кантип аракеттенүүгө жана коргонуу чараларына калкты жана обьектинин персоналдарын окутуу;
- ӨК учурунда кабар берүү тутумун уюштуруу жана даярдыкта кармап туруу, ошондой эле кабарлоо учурунда аткарылуучу иш аракеттерге окутуп үйрөтүү;
- ӨКдын кайталап талкалоочу таасирин жокко чыгаруу же азайтуу;
- объектилерди авариялык тартипте иштөөгө которууга даярдоо.
Ири өндүрүштүк кырсыктардын, катастрофалардын жана табигый кырсыктардын пайда болуу коркунучу туулганда аткарылуучу иш-чаралар (жогорку даярдыктын режими)
Бул бөлүмдө ири өндүрүштүк кырсыктарда, катастрофалар менен кырсыктардын коркунучу туулганда аткарылуучу иш-чаралар, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана башкаруу үчүн жооптуу органдардын калкты кабардар кылуусунун шарттары толук сүрөттөлөт.
Республикалык жарандык коргонууну башкаруу органдарынын жетекчилик курамын кабардар кылуу ӨКМнин оперативдик нөөмөтчүсү аркылуу ишке ашырылат. Жарандык коргонуунун облустук, Бишкек, Ош шаардык жетекчилик курамын кабардар кылуу ӨКМнин облустук, Бишкек, Ош шаардык башкармалыктарынын оперативдик кезметчилери, ошондой эле кезметчи телофонисттери тарабынан ишке ашырылат.
Райондун жана шаардын жетекчилик курамын кабардар кылуу ОКМнин райондук, шаардык бөлүмдөрү, кезметтик телофонисттери аркылуу ишке ашырылат.
Жумушчуларды, кызматкерлерди жана калкты кабардар кылууну ишке ашыруу:
- объект боюнча кабарлоо тутуму, локалдык (кезметчи же кезметтик-диспетчердик кызмат аркылуу)
- калкка табигый, техногендик, биологиялык-социалдык жана экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын жаралуу коркунучу тууралуу мамлекеттик радио жана телекөрсөтүү аркылуу, мекемелердин жана уюмдардын түздөн түз байкоосунда жана көзөмөлүндө тиешелүү маалыматтарды берүү жолдору менен ишке ашырылат.
ӨК пайда болуу коркунучу туулганда иш-чараларды ишке ашыруу тартиби:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, объектилердин жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Жарандык коргонуунун тиешелүү Комиссиялары кол алдындагы звенолордун иш-аракеттерин жетекчиликке алат, кырсык болушу ыктымалдуу райондогу кырдаалдын курчуп кетүүсүнүн себептерин аныктоо максатында ыкчам топторду түзөт, кырдаалды жөнгө салуу үчүн тиешелүү сунуштарды иштеп чыгат.
- ишкана, уюмдарда, мекемелерде кезметтик-диспетчердик кызмат күчөтүлөт. Курчап турган чөйрөнү көзөмөлдөө жана байкоо, потенциалдуу, кооптуу объектилердеги жана анын айланасындагы кырдаалды байкоо күчөтүлөт, ӨКдын пайда болуусун болжолдоо ишке ашырылат.
- түзүлгөн кырдаалга ылайык, жарандык коргонуунун күчтөрү жана каражаттары даярдыкка келтирилет. Зарыл болгон учурда өрткө каршы, авариялык-куткаруучу, авариялык-калыбына келтирүүчү күчтөрдүн жана каражаттардын кезмети уюштурулат.
- иш-аракеттердин планы жана ӨК күтүлүүчү райондорго чыгуунун тартиби такталат.
ӨК коркунучу пайда болгон жерге келген ыкчам топ кырдаалга баа берүү менен кырдаал жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтып, өзүнүн штабына кабарлайт:
- коркунуч (чыныгы жана потенциалдуу);
- бузулуулардын негизги түрлөрү жана саны;
- жабыркаган адамдардын болжолдуу саны;
- ӨК пайда болгон жерге баруу;
- башка маанилүү маалыматтар.
Жер титирөө коркунучу пайда болгондо аткарылуучу иш-чаралар: эвакуациялоо каражаттарын жана тамак-аш менен медикаменттердин керектүү корун даярдоо:
- ыкчам топторду, куткаруу түзүмдөрүн, чалгындоо күчтөрүн жана каражаттарын даярдоо;
- жабыркагандарды жайгаштыруу үчүн чатыр фондун даярдоо;
- тиешелүү кызматтар жана түзүмдөр негизги иш-аракеттеринен ажыратылбастан даярдыкка келтирилет (план боюнча);
- калкты электрдик кабарлагычтар, радиоуктуруу тармагы аркылуу маалымат берүү жана мекемелик каражаттарды, маалымдоонун көчмө каражаттарын колдонуу менен кабарландыруу;
- Кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, селдердин, суу ташкындарынын коркунучу пайда болгондо аткарылуучу иш-чаралар:
- калкты электрлештирилген кабарлагычтар, радиоуктуруу тармагы аркылуу маалымат берүү менен мекемелик каражаттарды жана маалымдоонун көчмө каражаттарын колдонуу менен кабарландыруу.
- калкты суу каптоо, кар көчкү, жер көчкү, сел күтүлгөн зоналардан көчүрүү жана эвакуациялоо;
- байкоочу тармактар менен лабораториялык көзөмөл мекемесин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүү;
- коркунуч пайда болгон райондордон жаныбарларды алып чыгуу ишке ашырылат, баалуу жабдуулар эвакуацияланат;
- калкты эвакуациялоо жана материалдык баалуулуктарды ташып кетүү үчүн транспорту даярдоо;
- кар көчкүлөрдү жасалма жол менен түшүрүү, даярдалган багытка буруу;
- эңкейиш, жантайма боорлорду мониторингдөө системасын ишке ашыруу (зарылчылыкка жараша);
- карлардын интенсивдүү эришин жана жаан-чачындын түшүшүн көзөмөлдөө, дарыялардагы жана көлдөрдөгү суунун деңгээлин өлчөө;
- жээктерди, көпүрөлөрдү бекемдөө иштери, калктуу пункттарды коргоо үчүн курулмаларды жана тиричилик объектилерин куруу;
- баштапкы райондордо өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн тартылган күч жана каражаттар жайылтылат жана кийинки жумуш аткарылуучу орундарга жиберилет;
- тийиштүү кызматтар менен түзүмдөр иштин негизги түрүнөн ажыратылбай туруп даярдыкка келтирилет (план боюнча);
ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология агенттигинен, лабораториялык көзөмөл жана байкоо мекемелеринин тутумдарынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) Сейсмология институтунан алынган маалыматтар такталат.
3. Радиациялык булгануу, химиялык булгануу, өрт жана жарылуу коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:
- радиациялык, химиялык, өрт коркунучу бар объектилерде авария болгондо кезметтеги персонал жумушчуларды, кызматчыларды, объектиге жакын жашаган калкты, жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органын кабарлайт, ал оперативдик кезметчилери аркылуу жарандык коргонуунун жогору турган башкаруу органдарына кабарлайт.
Жарандык коргонуунун бардык башкаруу органдары жарандык коргонуунун карамагындагы кызматтарды, түзүмдөрдү кабарлоону, ошондой эле калкты электрдик кабарлагыч жана радио берүү тармагы аркылуу кабарландырууну байланыштын мекемелик жана көчмө каражаттарын колдонуу менен уюштурат:
- опурталдуу материалдар туруктуу жайгашкан жерлерде жетекчилик курамдын күнү-түнү болуучу кезметин киргизүү;
- реалдуу метеомаалыматтар боюнча мүмкүн болуучу абалды болжолдоо;
- калкты, айыл чарба жаныбарларын коргоо жана мүмкүн болуучу кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды пландаштыруу;
- калкты жана айыл чарба жаныбарларын көчүрүү схемалары менен план-графиктерин, ошондой эле көчүрүү иш-чараларын транспорттук, жолдук, материалдык-техникалык жактан камсыздоонун эсептерин тактоо, кырсыктан-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди өткөрүү үчүн материалдык-техникалык каражаттардын запасын тактоо;
- радиациялык жана химиялык коркунучтуу заттарды пайдалануучу объекттерде радиациялык көзөмөлдү күчөтүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга багытталган түзүмдөрдү, байкоо жүргүзүү тармактары жана лабораториялык көзөмөл мекемелерин, радиациялык чалгындоо каражаттарын даярдыкка келтирүү боюнча даярдоо иш-чараларын өткөрүү;
- калкка жана чарба жүргүзүү объектилеринин кызматкерлерине жекече коргонуу каражаттарын берүүнү жана йоддук профилактика жасоону даярдоо;
- кампаларды, базаларды, азык-түлүктөрдү сактоо аянтчаларын, тамак-аш сырьёлорун, жем-чөптү жана суу менен камсыз кылуу булактарын радиоактивдүү булгануудан герметизациялоо үчүн жабуучу материалдарды даярдоо;
- өзгөчө кырдаал учурунда колдонуу үчүн кабарлоонун локалдык тутумунун, башкаруу жана байланыш тутумдарынын даярдыгын текшерүү;
- калкты жашындыруу үчүн 30 километрдик зонада коргоочу курулмаларды даярдыкка келтирүү;
- химиялык жарылуу коркунучу жана өрт коркунучу бар чарба жүргүзүү объектилериндеги колдо болгон үч режимдүү желдетүү менен коргоочу курулмаларды даярдыкка келтирүү;
- коргоочу калкама курулмаларды даярдыкка келтирүү;
- булганган абаны өткөрбөө максатында же өзгөчө кырдаалдын зыян келтирүүчү факторлорунун таасирлеринен имараттар менен курулмаларды герметизациялоо боюнча же имараттар менен курулмалардын айрыкча бош элементтеринин (эшик-терезелер) бекемдигин жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- булгануусу мүмкүн болгон райондордогу калкка берүү үчүн кампалардан противогаздар менен респираторлорду ташып келүү;
- химиялык кооптуу объектилердеги жумушчулар менен кызматкерлерге, ошондой эле жакын жашаган калкка өнөр жайлык жана жарандык газга каршы каражаттарды берүү (ууландыруучу буулар болгондо);
- жарандык коргонуу боюнча комиссиянын өкүлдөрүн чогултуу жана ыкчам топтордун ишин камсыздоо үчүн жарандык коргонуунун автотранспорт кызматы аркылуу зарыл болгон автотранспортту ишке тартуу;
- автотранспорттун санын, түзүмдүн тартибин, жарадарларды ташуу үчүн автоколоннанын баш ийүүсүн жана кыймылын, калкты шашылыш көчүрүүнү зарыл болгон жүк менен материалдарды жеткирүүнү тактоо;
- өзгөчө кырдаал болгон райондордон көчүрүлгөн калкты жайгаштыруу үчүн имараттарды даярдоо;
- коркунуч жаралган райондордон калкты убактылуу эвакуациялоо жана көчүрүү, азык-түлүк жана тоюттун корун, мал жандыктарын, материалдык баалуулуктарды ташын кетүү;
- тиешелүү кызматтар жана жарандык коргонуу түзүмдөрү негизги ишинен ажыратпастан туруп даярдыкка келтирилет.
4. Эпидемиологиялык коркунуч убагындагы иш-чаралар:
- санитардык-гигиеналык иштерди күчөтүү жана эпидемияга каршы алдын-алуу иш-чараларын өткөрүү;
- медициналык, дарылоо жана алдын алуу мекемелерин иштөөнүн күчөтүлгөн тартибине которуу, дарылоону амбулаториялык шартта бүтүрүүгө мүмкүн болгон оорулууларды ооруканалардан эртелеп чыгаруу, кошумча койка тармактарын жайылтуу;
- республиканын калкына жана кооптуу райондордон келген обсервацияга туш болгон адамдарга организмдин айрым жугуштуу ооруларга каршы туруктуулугун жогорулатуу боюнча атайын медициналык иш-чараларды өткөрүү (эмдөөлөр, сыворотка саюу, медикаменттик алдын алуулар);
- тиешелүү кызматтар жана жарандык коргонуу түзүмдөрү негизги ишинен ажыратпастан туруп даярдыкка келтирилет.
5. Жаныбарлардын эпизоотиясынын коркунучу пайда болгондо аткарылуучу иш-чаралар:
- базарларды, жаныбарлар убактылуу топтолуучу башка жерлерди ветеринардык жана санитардык жактан көзөмөлдөө;
- эт комбинаттарын, канаттуулар фермаларын, мал союучу пункттарды, ошондой эле алардын сырьёлорун даярдоочу, сактоочу жана кайра иштетүүчү ишканаларды ветеринардык жана санитардык жактан көзөмөлдөө;
- жаныбарларды ташууда жана алардын сырьёлорун даярдоодо жана ташууда пайдаланылган транспорттун бардык түрлөрүн ветеринардык жана санитардык жактан көзөмөлдөө;
- ветеринардык агартуу иштерин жүргүзүү, жаныбарлар менен канаттууларды камсыздандыруу;
- мал чарбалары менен канаттуу фермаларын мандемдүү пункттардан жугуштуу оорулардын козгогучтары киришинен сактоо;
- тиешелүү кызматтарды жана жарандык коргонуу түзүмдөрүн негизги ишинен ажыратпастан туруп даярдыкка келтирүү.
6. Катастрофалык суу каптоо (ташкын) коркунучу болгондогу аткарылуучу иш-чаралар:
Кабарландыруу, кырдаалды болжолдоо.
Гидротүйүндөрдүн бузулушу жана катастрофалык суу каптоо коркунучу болгондо Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен түзүмдөрү ыкчам кезметчилер аркылуу кабарландыруунун аймактык тутуму боюнча гидрокурулуштун кызматкеринен алынган маалыматтын негизинде кабардар болушат. Суу каптоо болушу күтүлгөн зонадагы жумушчулар, кызматчылар жана калк эвакуация жүргүзүү тартиби тууралуу кабарлоонун борборлоштурулган тутумун пайдалануу менен, байланыштын радио берүү түйүнү аркылуу, үн күчөтүүчү орноткучтар, кабарландыруунун көчмө топтору аркылуу кабарланат.
Байкоо жана көзөмөл:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин посттору;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги;
- аба каражаттары аркылуу жүргүзүлөт.
Суу каптап кеткен райондорду жана кыймылдын багыттарын жана эвакуацияны байкоо жана көзөмөлдөө төмөнкүдөй маселелерди чечүү максатында жүргүзүлөт:
- суу каптаган зонанын чегин аныктоо;
- жабыркагандардын абалын жана турган жерин аныктоо;
- жолдор жана алардын абалы;
- калктуу конуштар менен чарбалык объектилеринин абалы;
- жерде жүрүүчү транспортту, сууда сүзүүчү каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктоо.
Жарандык коргонуунун күчтөрү жана каражаттары даярдыкка келтирилет.
Ишти уюштуруу, башкаруу жана камсыздоо.
Төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:
- шаарлардын (райондордун), транспорттук, медициналык кызматтардын жана коомдук тартипти сактоо кызматтарынын Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн күчтөрү жана каражаттары даярдыкка келтирилет;
- катастрофалык суу каптоо мүмкүн болгон зонадан калк жана материалдык баалуулуктар көчүрүлөт;
- калкты коопсуз жерлерге көчүрүү үчүн автоунаалар даярдыкка келтирилет;
- өндүрүштү авариясыз токтотуу иш-чаралары даярдалат, жабдууларды сактоо ишке ашырылат;
- суу өтүүчү каналдарды даярдоо боюнча инженердик жумуштарды тездетип аткаруу уюштурулат.
- суу сактагычтардан суу ыкчамдатып чыгарылат (өзгөчө буйрук менен).
Өндүрүштүк ири кырсыктар, катастрофалар жана табигый кырсыктар болгондо жүргүзүлүүчү иш-чаралар
(өзгөчө кырдаал режими)
Өндүрүштүк ири кырсыктар, катастрофалар жана табигый кырсыктардын келип чыгышы кен сандагы адамдардын түз жана кыйыр катышуусун жана төмөнкү аракеттерди аткарууну талап кылат:
- өлүм коркунучунда турган, оор жаракат алган же болбосо үй-жайсыз калган көпчүлүк адамдарга жардам көрсөтүү үчүн авариялык жана жардамчы кызматтарды мобилизациялоо жана уюштуруу;
- булганган зонаны санитардык тазалоо менен курман болгондорду чыгаруу жана ташып кетүү;
- бир катар кызматтардын жардам көрсөтүү боюнча кеңири көлөмдөгү бириктирилген ресурстары;
- калктан келип түшкөн кеп сандагы суроолорду карап чыгуу;
- табигый кырсык болгон жерден калкты жана жаныбарларды көчүрүү.
Республикалык масштабдагы өзгөчө кырдаал учурунда мамлекеттик жогорку кызмат адамдары тарабынан атайын жана өзгөчө чара көрүү талап кылынат. Мында мамлекеттик бийликтин республикалык деңгээлдеги толук кийлигишүүсү талап кылынат жана эл аралык жардамдарга кайрылуу зарылдыгы келип чыгат. Муну менен төмөнкү иштерди аткаруу талап кылынат:
- өзгөчө кырдаал келип чыккан учурдан баштап мамлекеттик органдардын катышуусу;
- окуя расмий түрдө катастрофалык деп жарыялангандан тартып, Ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Жарандык коргонуу боюнча ВАК) жана өзгөчө чечүүчү мекемелердин бардык мүчөлөрүнүн Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда (ККББ) иш-чараларды пландаштыруу үчүн алдын ала макулдашып катышуусу;
ӨКМде жана башка министрликтер менен мекемелерде өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга тартылган ыкчам штабды түзүү.
Республикалык масштабдагы мамлекеттик деңгээлдеги өзгөчө кырдаалда, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан (ККББ) Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысы - Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин төрагалыгынын алдында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосу менен мамлекеттик деңгээлде координациялоо жана жардам берүү ишке ашырылат.
Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун чогулушуна төмөнкүлөр чакырылат:
1) облустук, райондук мамлекеттик администрация башчылары жана өзгөчө кырдаал болгон аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары.
2) министрликтердин жетекчилери - Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтарынын башчылары.
3) ӨКМнин жетекчилиги, Борбордук аппараттын өкүлдөрү, ошондой эле ӨКМнин түзүмдүк жана мекемеге караштуу бөлүмдөрү, анын ичинде ӨКМне караштуу «Авиация департаменти» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү.
4) медициналык тез жардам кызматынын өкүлдөрү;
5) ӨКМнин маалымат кызматы, республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.
Эскертүү:
1) Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборундагы чогулушка, эгер ошол учурдагы шарт талап кыла турган болсо, башка кызматтар менен уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү да чакырылышы мүмкүн.
2) жашырындыкты сактоо максатында, коомчулукка берилүүчү бардык маалыматтар (өзгөчө ден соолукту сактоого жана илимге байланышкан маалыматтар) республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарына берилерден мурда, ӨКМнин маалымат кызматы менен макулдашылышы керек.
Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүчү тараптарды эки категорияга болсок болот:
ӨКМ, ИИМдин коомдук тартипти сактоо кызматтары, саламаттыкты сактоо кызматы, айлана-чөйрөнү коргоо кызматтары (экология), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- энергетика, газ, суу менен камсыздоо кызматтары, транспорттук кызматтар, ошондой эле аэропорт кызматтары.
1-категорияга кирген топтор өзгөчө кырдаалдарга негизги чара көрүүлөрдү ишке ашырат, ошол эле учурда 2-категориядагы топтор дагы мамлекеттик дагы, жеке сектордо дагы биргелешип аракеттенүүчү чечүүчү тараптар болуп эсептелишет.
Өзгөчө кырдаал болгон жерге келген ыкчам топ аркылуу кырдаалды баалоо жүргүзүлөт жана жагдай тууралуу өзүнүн штабына токтоосуз түрдө баяндама берилет. Маалыматта төмөнкүлөр камтылышы керек:
- бузулуулардын негизги түрлөрү жана алардын саны;
- жабыркаган адамдардын болжолдуу саны;
- өзгөчө кырдаал болгон жерге жетүү мүмкүндүгү;
- башка маанилүү маалыматтар.
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жетекчилиги өзгөчө кырдаалдын оордук даражасына жараша, өзгөчө кырдаал болгон аймактагы тиешелүү уюмдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
Республикалык же болбосо трансчекаралык өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жетекчилигин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси өз мойнуна алат.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчиси өзүнүн буйрутмасы менен өзгөчө кырдаал болгон зонанын чегин, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткаруунун тартибин белгилейт.
ӨКдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчисинин чечими өзгөчө кырдаалдардын аймагында турган бардык жарандар жана уюмдар үчүн милдеттүү болот, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамында башкача каралбаса.
Өзгөчө кырдаал зонасынын чектери өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчилери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өзгөчө кырдаалдын Классификациясынын негизинде аныкталат.
1. Жер титирөө болгон учурдагы иш-чаралар
Төмөнкү иш-чаралар жер титирөө коркунучу болгон учурда жүргүзүлүшү керек:
- маалымдоо;
- кырдаалды болжолдоо.
Жер титирөө болгондо Жарандык коргонуунун жетекчилик курамы, аймактык башкаруу органдары жана түзүмдөр аркылуу кабарлоонун борбордук тутумдарын пайдалануу менен маалымдайт. Зым линиялар керектен чыгып калса маалымдоо радио аркылуу жүргүзүлөт.
Жер титирөөнүн зонасында жүргөн жумушчулар, кызматкерлер жана калк эвакуация кылуунун тартиби жана тиричиликти камсыз кылуу боюнча кабарлоочу, радио уктуруу түйүндөрү, үн күчөткүчтөр, көчмө кабарлоочулар тобу берген маалыматтар аркылуу кабардар болушат.
Жер титирөө болгон райондун өзүндө башкаруунун көчмө пункту жайгаштырылат. Байланышты камсыздоо үчүн, жарандык коргонуунун кабарлоо жана байланыш кызматынын көчмө байланыш түйүнү жайгаштырылат.
Байкоо жана көзөмөл жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана кызматтарынын ыкчам топтору, Жарандык коргонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер бөлүктөрүнүн подразделениелери тартылышат.
Байкоо жана көзөмөл жүргүзүү боюнча ыкчам топтордун милдеттери:
- кыйроолордун мүнөзүн жана даражаларын аныктоо;
- жер титирөө тилкелеринин чектерин аныктоо;
- жабыр тарткандардын абалын жана турган жерин аныктоо;
- жолдордун бар экендигин жана абалын аныктоо;
- калктуу конуштарды жана экономика объектилерин аныктоо;
- транспортту пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктоо.
Маалыматтарды топтоо жана жалпылоо, түзүлгөн абалды болжолдоо
жана калкты коргоо жана жер титирөөнүн кесепеттерин азайтуу боюнча шашылыш иш-чараларды Жарандык коргонуунун аймактык жана тармактык башкаруу органдары менен Жарандык коргонуунун кызматтары зарыл болгон адистерди тартуу менен өткөрөт.
Жер титирөө убагындагы калкты эвакуациялоо жана авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштар (АКБКЖ).
Облустук, райондук (шаардык) масштабда калкты эвакуациялоо жана кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштар боюнча жетекчилик жарандык коргонуу боюнча облустук, райондук (шаардык) жана айылдык калктуу конуштардын администрацияларынын Комиссиясы тарабынан, ал эми чарба жүргүзүү объектилеринде - ошол объектилердин жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.
Калкты эвакуациялоо жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткаруу үчүн куткаруу түзүмдөрүнүн инженердик-техникалык, транспорттук, медицина кызматынын жана коомдук тартипти сактоо кызматтарынын күчтөрү жана каражаттары тартылат. Алар өздөрүнүн пландарына ылайык, өз алдыларынча белгиленген топтолуу орундарына келишет жана авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткарууга киришишет. Зарылдыкка жараша күч жана каражаттардын темпин андан аркы күчөтүү жабыр тартпаган облустар менен шаарлардын (райондордун) Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн (объектилик, аймактык) күчтөрүн жана каражаттарын тартуу жолу менен ишке ашырылат.
Калкты жер титирөө болгон зонадан эвакуациялоо төмөнкү ыкмалар менен ишке ашырылат:
- жөө алып чыгуу менен;
- жеке менчик унааларды тартуу менен;
- ӨКМдин күн жана каражаттары менен;
- жакын жайгашкан объектилердин унааларын тартуу менен;
- транспорттук кызматтардын күч жана каражаттары менен.
Жер титирөө болгондогу куткаруу жумуштары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- элди урандылардын алдынан издөө жана бошотуу, коопсуз райондорго эвакуациялоо;
- медициналык жардам көрсөтүү жана жабыркагандарды дарылоо-алдын алуу мекемелерине эвакуациялоо;
- өтүүчү жолдорду жасоо жана урандыларды тазалоо;
- имараттардагы жана урандылардагы өрттү жана өрт очокторун өчүрүү;
- жабыркагандарды суу, тамак-аш, кийим жана убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу;
- жайгаштыруу райондорундагы эвакуацияланган калктын жашоо-тиричилигин камсыздоону уюштуруу;
- коммуналдык-энергетикалык тармактарда авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү;
- айыл чарба жаныбарларын жер титирөө болгон зонадан чыгаруу жана коопсуз райондорго ташып келүү;
- материалдык баалуулуктарды жер титирөө болгон зонадан коопсуз райондорго ташуу.
Жер титирөө болгондогу кечиктирилгис жумуштар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- имараттар менен курулмаларды бекемдөө же кулатуу;
- жүрүүчү маршруттардагы жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;
- коммуналдык-энергетикалык тармактардагы аварияларды токтотуу.
2. Химиялык-опурталдуу объекттерде авария болгондо.
Химиялык-опурталдуу объектилерде авария болгондо төмөнкү иштер жүргүзүлүшү керек:
- кабарлоо;
- абалды болжолдоо.
Кырсыктын болгондугу тууралуу Жарандык коргонууну башкаруу органдары жана түзүмдөрү байланыштын бардык каражаттары менен берилүүчү сигналдар менен кабарланат.
Жумушчулар, кызматкерлер жана калк электрлешкен сиреналар, үн күчөткүчтөр жана маалымдоонун көчмө каражаттарын колдонуу менен жүрүм-турум тартиби жөнүндө маалымдалат.
Кабарлоодон кийин реалдуу метеомаалыматтар боюнча кырдаалды баалоо жүргүзүлөт жана калкты, айыл чарба жаныбарларын сактоо жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча сунуштар даярдалат, метеорологиялык байкоолор жана булганган абанын багыты жөнүндөгү маалыматтарды жана иш-аракеттердин тартибин калкка жеткирүү уюштурулат.
Абалды байкоо жана көзөмөлдөө үчүн объектилерди, шаарларды, райондорду чалгындоо түзүмдөрү, байкоо тармактарынын жана лабораториялык көзөмөлдүн (БТЛК) күчөрү, ӨКМнин көчмө химия-радиометрикалык лабораториялары, радиациялык химиялык чалгындоо топтору менен звенолору тартылат.
Объектилердеги чалгындоону объектилер менен министрликтердин атайын адистешкен чалгындоо түзүмдөрү, ал эми булганган райондордо чалгындоонун аймактык топтору жүргүзөт.
Кырсыктан-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерге тартылган Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүү жана кеңири жайылтуу:
- болгон коргоочу курулмалар даярдыкка келтирилет, жердин үстүндөгү имараттар менен курулмаларга аларга калкты калкалоо үчүн герметизациялоо жүргүзүлөт;
- күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар менен булгануу мүмкүндүгү бар зоналардан калкты көчүрүү жүргүзүлөт;
- медициналык тез жардамдын бригадалары даярдыкка келтирилет, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардан жабыркагандарды кабыл алуу үчүн дарылоочу мекемелер жайгаштырылат;
- өндүрүштү авариясыз токтотууга даярдык көрүлөт;
- кошумча үн күчөткүчтөр, көчө сиреналары орнотулат жана ( кабарлоонун көчмө каражаттары даярдалат;
- булгануунун очокторун (дамбалар, суу аккан арыктар, чуңкурлар жасалат, суюктук сактоочу челектер көмүлөт) токтотуу боюнча жумуштарды тездетип бүткөрүү иштери уюштурулат;
- калк коргоочу курулмаларга калкаланат;
- калкты булгануу мүмкүнчүлүгү бар очоктон жана тилкелерден эвакуациялоо аяктайт;
- жаныбарларды эвакуациялоо аяктайт;
- күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын компоненттерин нейтралдаштыруу (концентрациясын азайтуу) жүргүзүлөт.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн күч менен каражаттарды топтоо жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар бар объектилерде, облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында куткаруу жумуштарын жүргүзүү объектилердеги Жарандык коргонуунун тиешелүү башчыларынын пландары менен аныкталат.
Авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштардын башталгыч этабында кырсык болгон объектилердин күчтөрү (кезметтик алмашуу), жолду көзөмөлдөө кызматынын көчмө топтору, милиция, өрткө каршы кызматтын бөлүктөрү токтоосуз ишке киргизилет.
Андан кийин авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирүүгө болбогон жумуштарды обьекттеги жумушчулар менен кызматчылардын, облустук, шаардык (райондук) кызматтардын түзүмдөрүнүн эсебинен жүргүзүү боюнча аракеттерди күчөтүү ишке ашырылат.
Коомдук тартипти сактоо кызматынын күчү менен булгануунун очогун курчоого алуу ишке ашырылат, өткөрүү тартиби, коменданттык кызмат орнотулат. Коомдук тартипти сактоо кызматы күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар менен булганган зонадан калкты шашылыш эвакуациялоону даярдоого жана жүргүзүүгө катышат.
Транспорт кызматы ИИМдин жолду көзөмөлдөө кызматы менен бирге топтоону, жаракат алгандарды ташып кетүү жана калкты шашылыш эвакуациялоо үчүн, белгиленген орундарга атайын автоколонналарды (унаа каражаттарын) даярдыкка келтирүүнү жана жөнөтүүнү уюштурат.
Медициналык кызмат зарыл болгон профилдеги дарылоочу-алдын алуучу мекемелердин тармагын алардан амбулаториялык шартта дарыланса боло турган оорулууларды тездетип чыгаруу менен даярдыкка келтирүүнү камсыз кылат, ошондой эле кошумча койка тармагын жайылтууну ишке ашырат.
Негизги күч-аракет жабырлангандарды куткарууга жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар төгүлгөн очокторду тосууга, булганган зоналардагы очокторду жугушсуздандырууга топтолушу керек. Булганган абанын таркалуу аймагын азайтуу үчүн вертикалдык суу көшөгөсү колдонулат.
Жабыр тарткан калктын тиричилигин камсыз кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Жарандык коргонуу кызматтарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу менен уюштурат.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды башкаруу Жарандык коргонуунун тиешелүү аймактык жана тармактык башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.
Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен түзүмдөрүн, жумушчуларды, кызматчыларды жана калган калкты кырдаал, аларды булгануу очокторунда өздөрүн алып жүрүү эрежелери жана аракеттери тууралуу кабарлоо жарандык коргонуунун байланыштын жана кабарландыруунун штаттык тутумдарын жана облустардын, шаарлардын, райондордун, калктуу конуштардын, чарба жүргүзүү объектилерин радио уктуруу түйүндөрүн пайдалануу жолу менен ишке ашырылат.
Жумушчуларды, кызматчыларды жана калган калкты химиялык коркунучтан сактоону камсыздоо:
- химиялык булгануу коркунучу тууралуу белгиленген сигнал берүү жана андан кийин сөз менен айтып оз убагында кабардар кылуу;
- калк, жумушчулар жана кызматчылар тарабынан жекече коргонуу каражаттарын: өндүрүштүк жана жарандык газга каршы каражаттарды же нымдалган кебез-даки таңгычтарын, жарандык коргонуу түзүмүнүн өздүк курамы изоляциялоочу жана өндүрүштүк газга каршы жана терини коргоочу каражаттар менен;
- элди калкалоо үчүн пайдаланылуучу өндүрүштүк, административдик жана турак жай имараттарын герметизациялоо;
- кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышпаган калкты, жумушчулар менен кызматчыларды өндүрүштүк жана турак жай имараттарында, ошондой эле коргоочу курулмаларда абаны генерациялоо тартиби менен калкалоо.
Жумушчулар менен кызматчыларды газга каршы каражаттар менен күн мурунтан камсыздоо обьектинин запасынын эсебинен ишке ашырылат.
Противогаздар жекече коргонуу каражаттарын (мындан ары - ЖКК) берүүчү көчмө пункттар тарабынан, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын концентрациясы жогору болгон зоналарга туш болгон жана коргонуучу (имараттар менен курулмаларда) жайларда көпкө чейин турууга мүмкүн болбогондуктан эвакуациялануучу калкка гана берилет. Калган калк мүмкүндүккө жараша эвакуацияланат, ал эми булганган зонанын алыскы чек арасындагы калк үчүн герметизацияланган имараттар менен курулмаларда калкалануу коргонуунун жетиштүү чарасы болушу мүмкүн.
Авариялык-химиялык уулуу заттар менен булганган зонадан калкты шашылыш эвакуациялоо эки жол менен пландаштырылат:
1) булгануу мүмкүн болгон зонадан транспорт менен алдын ала ташып чыгаруу жана өз алдынча чыгып кетүү.
2) калкты туруктуу жашоо орундарынан жекече коргонуу каражаттарын (ЖКК) алгандан кийин булгануу зонасынан чыгаруу, ЖКК берүү пункттарын жана калкты эвакуациялоо үчүн бөлүнгөн автоколоннаны биргелешип пайдалануу жолу менен.
Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү төмөндөгүдөй ишке ашырылат:
1) биринчи медициналык жардам - объектинин медпунктунун, медициналык тез жардам бригадасынын кызматкеринин күчтөрү жана каражаттары менен, эвакуациялоо жана өз ара бири-бирине жардам берүү жолу менен;
2) дарылоо-алдын алуу мекемелеринде - дарыгердин кечиктирилгис адистик жардамы.
Айыл чарба жаныбарларын авариялык-химиялык уулуу заттардын концентрациясы жогору болгон тилкелерден жаныбарларды эвакуациялоо, ошондой эле калган жаныбарларды ферманын герметизацияланган имаратында жана башка ылайыкташтырылган курулмаларда далдалоо жолу менен ишке ашырылат.
3. Радиациялык кооптуу объектилерде (РКО) авариялардын болушу.
Төмөнкү иш-чаралар радиациялык кооптуу объектилерде кырсык болгондо колдонулушу керек:
- кабарлоо;
- абалды болжолдоо.
Кырсыктын болгону тууралуу башкаруу органдары менен Жарандык коргонуунун түзүмдөрү байланыштын бардык каражаттары менен берилүүчү кабарлагычтар аркылуу кабарланат. Жумушчулар, кызматкерлер жана калк борборлоштурулган маалымдоо системасынан электрдик сиреналар, радио уктуруу түйүндөрү, үн күчөткүчтөр, көчмө кабарлоочулар тобу берген маалыматтар аркылуу аталган кырдаалдагы иш-аракеттер тууралуу кабардар болушат.
Радиациялык абалды реалдуу метеомаалыматтар боюнча чукул баалагандан жана сунуштар даярдалгандан кийин калкты, айыл чарба жаныбарларын коргоо жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө чечимдер кабыл алынат.
Туруктуу радиациялык байкоо ӨКМнин башкармалыктарында жана бөлүмдөрүндө, ИИМде, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда, гидростанцияларда уюштурулат.
Сырткы чөйрөнүн ар кандай пробаларына жана объектилерине сапаттык жана сандык анализ жасоо үчүн байкоо тармактары менен лабораториялык көзөмөл мекемелери - мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, ветеринардык лабораториялар, байкоо тармактары менен лабораториялык көзөмөл мекемелеринин объектилик лабораториялары тартылат.
Абалды баалоо жана көзөмөлдөө үчүн шаарлар менен райондордун Жарандык коргонуу түзүмдөрү, байкоо тармактары менен лабораториялык көзөмөл мекемелери, Жарандык коргонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын химиялык жана радиометрикалык лабораториялары тартылышат.
Объектилердеги байкоону жана көзөмөлдү министрликтер менен объектилердин Жарандык коргонуусунун адистештирилген чалгындоо түзүмдөрү, булганган райондордо Жарандык коргонуунун аймактык топтору жүргүзөт. Байкоолор коюлган радиациялык-химиялык байкоо (РХБ) күзөттөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Радиациялык кооптуу объектилердеги авариялардын кесепеттерин жоюу үчүн төмөнкү иш-чаралар аткарылат:
- колдо болгон коргоочу курулмалар, калкты калкалоо үчүн жердин үстүндө жайгашкан имараттар менен курулмаларга герметизациялоо жүргүзүлөт;
- калкты радиоактивдүү заттар менен булгануу мүмкүн болгон зоналардан көчүрүү жүргүзүлөт;
- атайын коргоонун бириктирилген мобилдик отряддары, медициналык тез жардам бригадалары даярдыкка келтирилет;
- радиоактивдүү заттардан жабыркагандарды кабыл алуу үчүн дарылоо мекемелери жайгаштырылат;
- өндүрүштү авариясыз токтотуу абалына даярдык көрүү ишке ашырылат;
- кошумча үн күчөткүчтөр, көчө сиреналары орнотулат жана кабарлоонун көчмө каражаттары даярдалат;
булгануунун мүмкүн болгон очокторун чектөө боюнча жумуштарды тездетип бүткөрүү уюштурулат (жалдарды, тосмолорду, суу акчу арыктарды жасоо, суюктук куюлчу идиштерди бекитүү ж.б.).
Авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарга тартылуучу Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын кеңири жайылтуу аларды даярдыкка келтирүү пландарына ылайык жүргүзүлөт. Радиоактивдүү заттар бар объектилерде кырсыктын кесепеттерин жоюу жана куткаруу жумуштарын жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу күчтөрү менен каражаттарын топтоо Жарандык коргонуунун тиешелүү башчыларынын планы менен аныкталат.
Ал үчүн кыска мөөнөттүн ичинде:
- калк коргоочу курулмаларга жашырылат;
- калкты булгануу очогунан жана булганууга мүмкүн болгон зоналардан эвакуациялоо аяктайт;
- жаныбарларды эвакуациялоо аяктайт.
Кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүдөгү негизги күч-аракет имараттар менен курулмалар бузулган убакта пайда болгон урандылардын алдынан жабырлангандарды чыгарууга жана аларга медициналык жардам көрсөтүүгө, дарылоо мекемелерине эвакуациялоого, радиоактивдүү заттардын бөлүнүү булактарын токтотууга же басаңдатууга, өрттөрдү токтотууга жана өчүрүүгө, коммуналдык электрдик тармактардагы (КЭТ) кырсыктарды чектөөгө жана кесепеттерин жоюуга топтолот.
Жабыр тарткан калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Жарандык коргонуу кызматтарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу менен уюштурушат.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды башкаруу Жарандык коргонуунун тиешелүү аймактык жана тармактык органдары тарабынан ишке ашырылат.
Байланышты жана башкарууну камсыз кылуу үчүн Жарандык коргонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көчмө байланыш түйүнү жайылтылат жана байланыштын мекемелик каражаттары колдонулат.
4. Калктын, айыл чарба жаныбарларынын, канаттуулардын арасында жугуштуу оорулар (эпидемия, эпизоотия) массалык түрдө тараган учурдагы иш-чаралар.
Төмөнкү иш-чаралар жугуштуу оорулар пайда болгон учурда колдонулушу керек:
- кабарлоо;
- абалды болжолдоо.
Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдары эпидемиянын пайда болушу жөнүндө медициналык мекемелер тарабынан маалымдалат.
Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарын, түзүмдөрүн жана калкты кабардар кылат.
Эпизоотия коркунучу пайда болгондо Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдары жана агроөнөр жай бирикмелери байкоо тармактары жана лабораториялык көзөмөл мекемелери, ветеринардык кызмат тарабынан маалымдалат
Эпидемия пайда болгон учурда атайын бактериологиялык чалгындоо Жарандык коргонуунун медициналык кызматы тарабынан уюштурулат жана эпидемиологиялык чалгындоонун, чумага каршы көчмө отряддын жана байкоо тармактары жана лабораториялык көзөмөл мекемелеринин көмөгү менен жүргүзүлөт.
Эпизоотия пайда болгон учурда байкоо жана көзөмөл жүргүзүү үчүн ветеринардык чалгындоо звенолору, ветеринардык лабораториялар жана чарбалардын ветеринар адистери тартылышат.
Эпидемия жана эпизоотия учурундагы маалыматтарды жыйноо жана жалпылоо, ошондой эле мүмкүн болуучу жагдайларды болжолдоо агроөнөр жай бирикмелерин тартуу менен Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана кызматтары (медициналык жана ветеринардык) аркылуу жүргүзүлөт.
Издөө-куткаруу жана башка жумуштар учун Жарандык коргонуу күчтөрүн даярдыкка келтирүү жана кеңири жайылтуу.
Эпидемия пайда болгондо:
- ооругандарды бөлүү, ооруканага жаткыруу жана дарылоо уюштурулат;
- Жарандык коргонуу кызматтарынын ортосундагы байланыш уюштурулат;
- Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн өздүк курамын жана калкты эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча шашылыш жана өзгөчө алдын-алуу жүргүзүлөт;
- атайын бактериологиялык байкоо жана текшерүү уюштурулат;
- эпидемиянын тез таралышынын мүмкүн болуучу кесепеттерин жоюу жана токтотуу боюнча атайын бактериологиялык лабораториялык анализдердин жыйынтыктары жана сунуштар даярдалат;
калктын арасында атайын максатта санитардык-агартуу жумуштары уюштурулат;
- эпидемияны жоюу үчүн Жарандык коргонуу күчтөрү жана мекемелер кеңири жайылтылат;
- эпидемияга каршы тартип жана калктын тамактануусуна, суу менен камсыз болуусуна көзөмөл киргизилет.
Эпизоотия пайда болгондо:
- калган жаныбарлардын ар бирине эмдөө жүргүзүлөт;
ветеринардык кызматтын күчү менен жаныбарлардан (канаттуулардан) ооруну аныктоо үчүн анализ алынат;
- оорулуу жаныбарлар өзүнчө бөлүнөт;
- жаныбарларды коргоо бригадалары (командалар) жайылтылат;
- жаныбарларды коргоо бригадалары жайылтылат;
- зооветеринардык участкалар ишке киргизилет;
- абал жайында болбогон пункттарга карантин коюлат;
- ооруган жаныбарлар бөлүнөт;
- калган жаныбарлар вакцинацияланат;
- малканаларды жана чектешкен аймактарды дезинфекциялоо, дератизациялоо жана дезинсекциялоо жүргүзүлөт;
- жаныбарлардын жана канаттуулардын өлүктөрү утилденет.
Адамдарды коргоо толук системалык түрдө санитардык тазалоодон өткөрүү менен ишке ашырылат.
Карантин зонасындагы калктын жашоо-тиричилигин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Жарандык коргонуу кызматтарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу менен уюштурушат.
Эпидемия жана эпизоотияны жоюу боюнча иш-чараларды башкаруу Жарандык коргонуунун тармактык жана аймактык органдары аркылуу ишке ашырылат.
Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана түзүмдөрүн, жумушчуларды, кызматчыларды жана калктын калганын абал жөнүндө, алардын аракеттери жана өздөрүн алып жүрүү эрежелери жөнүндө кабарлоо жана маалымдоо бардык жалпыга маалымдоо каражаттары жана жеке сүйлөшүү менен ишке ашырылат.
Байланыш иштеп жаткан байланыш түйүндөрү боюнча уюштурулат. Зарыл болгон учурда мекемелик байланыш каражаттары ишке тартылат.
5. Кар көчкүлөрү, жер көчкүлөрү, сел агымдары жана суу ташкындарынын пайда болушу.
Төмөндөгү иш-чаралар кар көчкүлөрү, жер көчкүлөрү жүргөн учурда, ошондой эле сел каптаган жана суу ташкын болгондо жүргүзүлүшү керек:
- кар көчкүнүн жана урандылардын алдынан адамдарды издөө, аларды чыгаруу, коопсуз райондорго эвакуациялоо;
- медициналык тез жардам көрсөтүү жана жабыркагандарды дарылоо-алдын алуучу мекемелерге эвакуациялоо;
- медициналык жана башка жардамдардын түрүн көрсөтүү;
- баруучу жолдорду калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаал болгон жерге колонналык жолдорду салуу;
- жабырлануучуларга суу, тамак-аш, кийим жеткирүү;
- жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;
- коммуналдык-энергетикалык тармактарда жана байланыш түйүндөрүндө аварияларды жоюу.
Өзгөчө кырдаалдын зонасында эвакуация жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн төмөндөгү күчтөр жана каражаттар тартылат:
- ӨКМнин күчтөрү жана каражаттары;
- райондордун (шаарлардын) Жарандык коргонуунун куткаруучу түзүмдөрү;
- инженердик кызматтар;
- транспорт кызматы;
- медициналык кызмат;
- коомдук тартипти сактоо кызматы.
Күчтөрдү жана каражаттарды андан ары көбөйтүү жабыр тартпаган облустар менен шаарлардын (райондордун) Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн (объектилик жана аймактык) күчтөрүн жана каражаттарын тартуу жолу менен ишке ашырылат.
Куткаруу жумуштарын жүргүзүү менен бирге, аларды камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин азайтуу, баруучу маршруттагы жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, коммуналдык-энергетикалык тармактардагы аварияларды токтотуу боюнча кечиктирилгис жумуштар жүргүзүлөт.
Бул иш-чараларды жүргүзүү үчүн куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана жол-курулуш уюмдарынын, коммуналдык-энергетикалык кызматтардын күчтөрү жана каражаттары кошумча тартылат. Кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүгө жетекчилик кылуу райондук (шаардык) жана айылдык калктуу конуштардын администрациясынын Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү Комиссиялары, ал эми чарба жүргүзүү объектилеринде - ушул объектилердин жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.
Жабыр тарткан калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан министрликтердин (ведомстволордун), ошондой эле райондун (облустун) уюмдарынын, мекемелеринин Жарандык коргонуу кызматтарын, адистештирилген түзүмдөрүн тартуу менен уюштурулат.
Жарандык коргонуунун кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш чараларын башкаруу өз иштерин башкаруунун көчмө пункттарында уюштуруучу Жарандык коргонуунун аймактык жана тармактык башкаруу органдары аркылуу ишке ашырылат.
Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана түзүмдөрү жумушчулар, кызматчылар жана калган эл жагдай тууралуу, кооптуу райондордогу алардын аракеттери жана өздөрүн алып жүрүүнүн эрежелери тууралуу маалыматтар менен радио түйүндөрү, байланыштын мекемелик каражаттары жана жекече пикир алышуу аркылуу кабардар болушат.
Баш ийген башкаруу органдары менен байланышуу зымдуу жана зымсыз байланыш каражаттары боюнча ишке ашырылат, табигый кырсык болгон жерде байланыштын радио жана зымдуу каражаттары кошумча коюлат.
6. Өндүрүштүк ири авариялар, жарылуулар, өрттөр болгондо.
Төмөндөгү иш-чаралар өндүрүштүк ири авариялар, жарылуулар, өрт болгон учурда жүргүзүлүшү керек:
- кабарлоо;
- абалды болжолдоо.
Технологиялык жабдуулардагы, темир жол, аба транспортундагы өрт чыкканда жана аварияларда, өрт кооптуулугу күч алган мезгилде токой массивдериндеги опурталдуу кырдаалдарда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн кабарландыруу Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдары боюнча нөөмөттөгү кызматкер жана өрткө каршы бөлүкчөлөрдүн кароол нөөмөтчүлөрүнүн диспетчердик кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Башкаруу органдары Жарандык коргонуунун баш ийген кызматтарын, Жарандык коргонуунун түзүмдөрүн, ошондой эле калкты кабарлоону уюштурушат.
Чарба жүргүзүү объектилериндеги кырсыктар, жарылуулар жана өрттүн чыгышы тууралуу Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана түзүмдөрү өрткө каршы кызматтын бөлүкчөлөрү медициналык тез жардам жана милиция, мамлекеттик администрациялар Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдарынын оперативдик нөөмөтчүлөрү жана мамлекеттик өрткө каршы кызматтын нөөмөт-диспетчердик кызматы тарабынан кабардар болушат.
Жарылуудан бузулган зонада же өрт чыккан коркунучтуу жерге жакын жүргөн жумушчулар, кызматчылар жана калктын калганы көчө сиреналары, байланыш түйүндөрү жана көчмө каражаттары жана кабарландыруу топтору аркылуу үн күчөткүчтөр менен эвакуация жүргүзүүнүн тартиби, жүрүш-туруш эрежелери жана тиричиликти камсыз кылуу боюнча чаралары жөнүндө кабарланат.
Реалдуу маалыматтар боюнча Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын ыкчам топтору тарабынан мүмкүн болуучу кырдаал болжолдонот жана калкты, айыл чарба жаныбарларын, материалдык баалуулуктарды коргоо боюнча сунуштар даярдалат.
Реалдуу кырдаалды маалымдоону Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдары өрт күзөтүнүн адистерин тартуу менен жүргүзөт.
Мүмкүн болуучу өрт кырдаалын баалоо жана өрт өчүрүүнү жетектөө республиканын, облустардын, шаарлардын мамлекеттик өрткө каршы кызматтардын өрт өчүрүүчү ыкчам штабдары тарабынан жүргүзүлөт.
Чарба жүргүзүү объектилериндеги өрт чалгынын өрткө каршы кызматтын бөлүкчөлөрү жүргүзөт.
Авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарга тартылган Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүү жана кеңири жайылтуу. Ишти уюштуруу, башкаруу жана камсыз кылуу.
Авариялардын, жарылуулардын, өрттөнүүлөрдүн кесепеттерин жоюу үчүн:
- чоң жана татаал өрттү өчүрүү пункттары даярдыкка келтирилет;
- Жарандык коргонуунун иш-чараларын камсыз кылуу үчүн Жарандык коргонуу кызматтарынын түзүмдөрү даярдыкка келтирилет;
- авария болуп жаткан жердин туш тарабы чектелет;
- өрткө каршы суу менен жабдуунун убактылуу булактарын, көлмөлөрдү, дамбаларды, убактылуу суу өткөргүчтөрдү тездик менен куруу жүргүзүлөт;
- жарым-жартылай калкты көчүрүү жана жаныбарларды алып чыгуу жүргүзүлөт;
- медициналык тез жардам бригадалары даярдыкка келтирилет, дарылоо мекемелери жабыркагандарды кабыл алууга даярдалат;
- авария болгон жер курчоого алынат.
ӨК пайда болгондон тартып, өрткө каршы кызмат жана башка ЖК кызматтары аны жоюуга киришет, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүнү камсыздайт жана төмөнкү иштер аткарылат:
- калкты кырсык болгон жерден эвакуациялоо;
- жаныбарларды коопсуз райондорго чыгаруу;
- сакталып калган өндүрүштүн туруктуулугун арттыруу жана материалдык ресурстарды эвакуациялоо боюнча кечиктирилгис иш-чараларды жүргүзүү.
Авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштардын башталгыч этабында кырсык болгон объектинин күчтөрү (өрткө каршы жана башка түзүмдөрдүн нөөмөтчүлөрү), автоинспекциянын жана милициянын көчмө топтору, өрткө каршы, авариялык-куткаруучу жана башка түзүмдөрү токтоосуз аракетке келишет.
Объектидеги авариялык-калыбына келтирүү жумуштары кырсыкты жоюу боюнча алдын ала иштелип чыккан планга ылайык жүргүзүлөт.
Жабыр тарткан калктын жашоо тиричилигин камсыз кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Жарандык коргонуу кызматтарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу менен уюштурушат.
Авариялардын кесепет терин жоюу боюнча иш-чараларды Жарандык коргонуунун аймактык органынын жетекчиси башкарат.
Калкты, айыл чарба жаныбарларын, өндүрүштүк жана башка объектилерди чоң өрттөрдөн жана жарылуулар дан сактоо.
Сактоо боюнча негизги иш-чаралар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүү жана аларды профилактикалык-дарылоочу мекемелерге жеткирүү;
- бузулган имараттардан, от жетиши мүмкүн болгон зоналардан калкты эвакуациялоо жана аларды даярдалган жайларга жайгаштыруу;
- түтүн каптаган жана күйүп жаткан бөлмөлөрдү кылдаттык менен текшерүү жана жабыр тарткандарды издөө;
- куткаруу жумуштарын ийгиликтүү жүргүзүүгө тоскоол болгон жана оттун андан ары каптоо коркунучуна: шарт түзгөн өрттүн очогун биринчи кезекте өчүрүү жана токтотуу;
өрт таралышы мүмкүн болгон зонадан материалдык баалуулуктарды, мүлктү жана техникаларды, айыл чарба жаныбарларын чыгаруу;
- өрткө каршы аралыктарды түзүү, анча баалуу эмес жана эскирген жыгач курулуштарды бузуп көчүрүү;
- оттун таралышына тоскоолдук кылуучу башка чараларды көрүү.
Калкты эвакуациялоо эки жол менен жүргүзүлөт:
1) өрт таралышы мүмкүн болгон зоналардан менчик унааларды жана жакын жайгашкан объектилердин унааларын пайдалануу менен, ошондой эле унаа кызматтарынын түзүмдөрүн тартуу, же жөө тартибинде күн мурунтан ташып чыгаруу жана алып чыгуу.
2) калкты өрттөн бузулган жана күйгөн имараттардан элди адамдарды ташуучу автоколонналар менен эвакуациялоо.
7. Катастрофалык суу каптоонун (суу ташкындын) пайда болушу.
Кабарлоо, абалды болжолдоо.
Авария жана суу каптоо болгону жөнүндө Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана түзүмдөрү борбордук кабарландыруу тутуму аркылуу кабардар болушат.
Жумушчулар, кызматкерлер жана калктын калганы бүлгүндүү суу каптоо жөнүндө кабарлоо тутуму боюнча, ошондой эле кабарландыруунун көчмө каражаттары аркылуу кабардар болушат.
Байкоону жана көзөмөлдү жүргүзүүчүлөр:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кызматтары;
- Кыргыз Республикасынын ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик (Кыргызгидромет);
- аба каражаттары.
Суу каптаган аймактарды, жүрүүнүн жана эвакуациялоонун маршруттарын байкоо жана көзөмөлдөө төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- суу каптаган зонанын чегин аныктоо;
- жабыркагандардын турган жерин жана алардын абалын аныктоо;
- жолдорду жана алардын абалын аныктоо;
- калктуу конуштардын жана чарба жүргүзүү объектилеринин абалы;
- кургактагы транспортту жана сүзүүчү каражаттарды пайдалануу мүмкүндүгү.
Авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарга тартылган Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүү жана жайгаштыруу. Ишти уюштуруу, башкаруу жана камсыз кылуу.
Төмөнкү иш-чаралар аткарылат:
- суу каптоо бүлгүнү күтүлгөн аймактан калкты жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо жүргүзүлөт;
- калкты эвакуациялоо үчүн автоунаалар даярдыкка келтирилет;
- өндүрүштү кырсыксыз токтотууга карата иш-чаралар даярдалат, жабдууларды сактоо ишке ашырылат;
- суу өткөрүү каналдарды даярдоо боюнча инженердик жумуштарды тездик менен аткаруу уюштурулат;
- суу сактагычтардан сууну тез чыгаруу ишке ашырылат (өзгөчө буйрук боюнча);
- облустардын Жарандык коргонуусунун башчыларынын чечими менен авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын топтору түзүлөт;
- суу каптаган аймактарда адамдарды жана айыл чарба жаныбарларын издөө, аларды куткаруу жана коопсуз райондорго эвакуациялоо жүргүзүлөт;
- медициналык жана башка жардамдын түрлөрү көрсөтүлөт.
Суу капташы мүмкүн болгон аймактарда эвакуациялоо жана куткаруу жумуштарын жүргүзүү үчүн шаарлардын (райондордун) Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн күчтөрү жана каражаттары, унаалары, медициналык кызматтары жана коомдук тартипти сактоо кызматтары тартылышат.
Куткаруу жумуштарын жүргүзүү менен бирге суу каптоонун кесепетин азайтуу жана аларды камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис жумуштар аткарылат:
- гидротехникалык курулмаларды бекемдөө;
- суу өткөргүчтөрдү жабдуу;
- убактылуу кеме токтоочу жайды жасоо;
- баруучу маршруттагы жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;
- коммуналдык-энергетикалык тармактардагы кырсыктарды токтотуу.
Жарандык коргонуунун иш-чараларын камсыз кылуу үчүн жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрү жана каражаттары тартылат.
Жабыр тарткан калктын жашоо тиричилигин камсыз кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Жарандык коргонуу кызматтарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу менен уюштурушат.
Жарандык коргонуунун иш-чараларын жана күчтөрүн башкаруу Жарандык коргонуунун аймактык жана тармактык башкаруу органдары , аркылуу ишке ашырылат.
Калкты, айыл чарба жаныбарларын суу каптоо бүлгүнүнөн (суу ташкындан) коргоо боюнча негизги иш-чаралар:
- суу каптаган аймактан адамдарды издөө жана коопсуз жерлерге эвакуациялоо;
- суу капташы мүмкүн болгон зонадан адамдарды эвакуациялоо;
- жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүү жана аларды дарылоо-алдын алуучу мекемелерге эвакуациялоо;
- суу каптаган имараттарды жана курулуштарды кылдаттык менен текшерүү;
- суу өткөрүү каналдарын куруу убактылуу көпүрөлөрдү жана кеме токтоочу жайларды куруу, баруучу маршруттагы жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;
- эвакуацияланган калктын жайгаштырылган жердеги жашоо тиричилигин камсыз кылууну уюштуруу.
Калкты эвакуациялоо эки жол менен жүргүзүлөт:
1) суу каптоо күтүлгөн тилкеден күн мурунтан ташып чыгарып кетүү:
- жөө жүрүү менен;
- транспорт кызматынын автоколонналарын тартуу менен;
- ӨКМнин күчтөрү жана каражаттары менен;
- менчик унааларды тартуу менен;
- жакын жайгашкан объектилердин унаалары менен.
2) калкты суу каптаган аймактардан сүзүүчү каражаттар менен алып чыгып, андан ары транспорт кызматынын күчтөрү жана каражаттары менен эвакуациялоо.
Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби
Өзгөчө кырдаал жөнүндө маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-декабрындагы № 214-б буйругунда аныкталган тартипте ишке ашырылат.
Кыскартуулар
ЖК | Жарандык коргонуу |
ВАК | Ведомстволор аралык комиссия |
ККББ | Кризистик кырдаалдарда Башкаруу борбору |
КР ӨКМ | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ӨК | Өзгөчө кырдаал |
СЭКК | Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы |
СЭБ | Санитардык-эпидемиологиялык бекет |
ТК | Табигый кырсык |
ККБКЖ | Кырсыктан куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштар |
КТУЗ | Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар |
ХРЛ | Химиялык-радиологиялык лаборатория |
БТЛК | Байкоо тармагы жана лабораториялык көзөмөл |
ЖКК | Жекече коргонуу каражаттары |
ХКО | Химиялык кооптуу объект |
РКО | Радиациялык-кооптуу объект |
РАЗ | Радиоактивдүү заттар |
ЖКБО | Жарандык коргонуунун башкаруу органдары |
ЖКК | Жарандык коргонуу боюнча комиссия |
МИ | Мамлекеттик ишкана |
КЭТ | Коммуналдык-энергетикалык тармак |
| Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймагынын 2020-жылга чейинки өзгөчө кырдаалдардагы комплекстүү коопсуздугунун Стратегиясына 2-тиркеме |
Милдеттер | Иш-чаралар | Иш-аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар, чогуу аткаруучулар жана өнөктөштөр |
I. Туруктуу өнүгүүнү пландаштыруу, жакырчылыкты азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу процессинде кырсык тобокелдиктерин башкаруу аспектисинин интеграциясы | ||||
1. Туруктуу өнүгүү үчүн эффективдүү туруктуу база түзүү | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жагдайларын туруктуу өнүгүүнү пландоо, администрациялык реформалар, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, жакырчылыкты азайтуу, мамлекеттик башкаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда функцияларды бөлүштүрүү процессине интеграциялоо максатында нормативдик укуктук актыларга, тармактын өнүктүрүү программаларына жана стратегияларына инвентаризация жүргүзүү | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жагдайларын туруктуу өнүгүүнү пландоо, администрациялык реформалар, жакырчылыкты азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу процессине интеграциялоо жагынан тармактык өнүктүрүү программаларына жана стратегияларына ар тараптуу талдоо жүргүзүү, атап айтканда сунуштарды иштеп чыгып МВК үчүн Өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк стратегиясына киргизүү | 2012-ж. | ӨКМ, Улуттук платформанын секретариаты, тийиштүү министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ПРООН жана башка эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
Өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу жана жоюу аспектилерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын туруктуу өнүктүрүүнү пландоого киргизүү боюнча бирдиктүү колдонмону Өнүгүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын, Хиог иш-аракет программасын жана адам укуктарын (аялуу топ бөлүгү) эске алып иштеп чыгуу | 2013-ж. | |||
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарын жакырчылыкты азайтуу жана климаттын өзгөрүү аспектилерин эсепке алуу менен Жарандык коргонууга тиешелүү жагынан өркүндөтүүгө жардамдашуу | 2013-ж. | |||
Жарандык коргонуу жаатында ченемдик укуктук актыларга ар тараптуу анализ жасоо жана жарандык коргонуунун мамлекеттик стратегиясын уюштурууда кластердик ыкманы эске алуучу Жарандык коргонуу кодексин иштеп чыгуу менен Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссияга аларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү боюнча сунуштарды берүү | 2012 - 2014-жж.
| |||
Тармактын мыйзамдарга алардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында ар тараптуу талдоо жүргүзүү, атап айтканда айыл чарба (ветеринария), суу чарба тармагы, транспорт жана коммуникация, энергетика, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба, шаар куруу жана архитектура, зилзалага туруктуу курулуш жана жер пайдалануу тармагындагы нормативдик укуктук актыларга оңдоолордун долбоорлорун иштеп чыгуу менен анализдөө | 2012-ж. | |||
Потенциалдуу опурталдуу зоналардан жана участоктордон жарандарды көчүрүү, өлгөн жаныбарлар көмүлгөн жерлерди жана күйдүргүнүн очогун зыянсыздоо, курулуштардын башкы пландарын жаңылоо, зоналык механикалаштырылган парктарды түзүү боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу, | 2012 - 2016 жж. |
| ||
Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ичинде функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын чегин ажыратуу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларына жана ыйгарым укуктарына алардын райондордун мамлекеттик администрациялары, министрликтердин жана ведомстволордун структуралары менен өз ара мамилесинин натыйжалуураак моделин иштеп чыгуу максатында анализ жасоо | 2012 - 2013-жж. | ӨКМ, Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ПРООН, башка эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга көмөк көрсөтүү боюнча функциялары үчүн мамлекеттик минимум стандартты иштеп чыгуу жана мыйзамдаштырып бекитүү; жергиликтүү кеңештердин регламентине жана жергиликтүү жамааттардын уставдарына, ошондой эле муниципалдык кызматчылардын кызматтык нускамаларына алардын өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жагындагы функциялык милдеттерин аныктаган оңдоолордун долбоорлорун киргизүү | 2012 - 2013-жж. | |||
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функция жана укуктарын аткарууга, анын ичинде өткөрүп берилген функция жана укуктарын аткарууга сарпталган чыгымдарына анализ жүргүзүү жана аларды каржылоо механизмин аныктоо | 2012 - 2013-жж. | |||
Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик комитеттердин ченемдик-укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамынын талаптарына ылайыктыгы жагынан анализ жүргүзүү | Тармактык ченемдик укуктук актылардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы бар жана даярдалып жаткан ченемдик укуктук актыларга шайкештигине анализ жүргүзүү | 2012 - 2013-жж. | ӨКМ, Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ПРООН жана башка эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | |
Жарандык коргонуу жаатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын Жарандык коргонуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылар жана методикалык колдонмолор менен камсыздоо | Мыйзамдык түшүнүк берүү боюнча иш-чараларды өткөрүү (семинарлар, коомдук угуулар, «тегерек столдор» ж.б.). Методикалык көрсөтмөлөрдү жана ар кандай материалдарды, публикацияларды чыгаруу жана таркатуу Жарандык коргонуу боюнча укуктук актылардын жыйнагын чыгаруу | 2012 - 2016-жж. | ӨКМ, Улуттук платформанын секретариаты, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ПРООН жана башка эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
Жарандык коргонуу багытындагы муниципалдык кызматкерлерди даярдоонун жана кайра даярдоонун, квалификациясын жогорулатуунун эффективдүү системасын түзүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Жарандык коргонуу жагындагы кадрлык ишин өркүндөтүү боюнча программа иштеп чыгуу (даярдык, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу, конкурстук тандоо, аттестация) | 2012 - 2016 |
| |
ӨКМнин Окутуу борборунун жана жогорку окуу жайлардын базасында муниципалдык кызматкерлерди Жарандык коргонуу боюнча даярдоону жана кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну өркүндөтүү боюнча чара көрүү | 2012 - 2016-жж. | |||
Жарандык коргонууну өнүктүрүүдө гендер жагына мониторинг жүргүзүү жана баалоо | 2012 - 2016-жж. | |||
Муниципалдык кызматкерлерди жана жергиликтүү кенештин депутаттарын Жарандык коргонуу маселеси боюнча окутуу | Жарандык коргонуу маселелери боюнча муниципалдык кызматкерлер жана жергиликтүү кенештин депутаттары үчүн окуу модулдарын. Анын ичинде өз алдынча окуучу электрондук курстарды иштеп чыгуу. Жарандык коргонуу маселелери боюнча муниципалдык кызматчылардан квалификациялык экзамен алуу тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу | 2012 - 2016-жж. | ||
Табигый кырсыктардын коркунучтары жөнүндө калкты маалымат менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, Жарандык коргонуу жаатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүүчү кызматтар жөнүндө мыйзамдык маалыматтардын жана башка маалыматтардын жарандарга жеткиликтүү болушун кеңейтүү | Телерадио компанияларында жана башка массалык маалымат каражаттарында социалдык роликтерди (табигый кырсыктардын коркунучу жөнүндө) акысыз чагылдырууну жөнгө салган нускама материалдарды иштеп чыгуу | 2012 - 2016-жж. | ||
Өкмөттүк эмес уюмдарга табигый кырсыктардын коркунучтары жөнүндө, Жарандык коргонуу жаатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө жана укуктук маалыматтарды жайылтуу максатында өкмөттүк эмес уюмдардын альянсын түзүүгө көмөк көрсөтүү | 2012 - 2013-жж. |
| ||
Кырсыктардын коркунучун алдын алуунун жана опурталын азайтуунун эл аралык стандарттарын адаптациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, эл аралык гуманитардык жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы координацияны күчөтүү | Эл аралык стандарттарды талдоо жана улуттук деңгээлде киргизүү үчүн Улуттук платформанын Секретариатынын потенциалын күчөтүү | Эл аралык, гуманитардык жана өкмөттүк эмес уюмдардын эртелеп алдын алуу маселелери боюнча өз ара байланышта иштешүүсүн күчөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Жарандын коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизүү Кырсыктардын коркунучун азайтуунун эл аралык стандарттарын улуттук өнүгүү контекстине ыңгайлаштыруу боюнча сунуштарды Эл аралык гуманитардык жана өкмөттүк эмес уюмдарга макулдашуу боюнча иштеп чыгуу жана Ведомстволор аралык комиссиясынын кароосуна киргизүү | 2012 - 2013-жж. | ӨКМ, Улуттук платформанын секретариаты, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү бийлик органдары, ПРООН жана башка эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
II. Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын табигый кырсыктарды баалоо жана мониторинг жүргүзүү, эртелеп маалымат берүү системасын өркүндөтүү потенциалын күчөтүү | ||||
Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жарандык коргонуу жагындагы маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана алмашуу системасын жергиликтүү бюджетти эске алуу менен жакшыртуу | Администрациялык, ведомстволук жана статистикалык тармактар боюнча отчетторду өркүндөтүү | Жарандык коргонуунун тийиштүү тармактары боюнча мамлекеттик статистикалык отчеттун, ошондой эле ведомстволук отчеттун формаларын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2012 - 2013-жж. | ӨКМ, Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, Улуттук статистика комитети, Улуттук платформанын секретариаты, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү бийлик органдары, ПРООН жана башка эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
Жарандык коргонуу жаатында маалымат топтоо жана анализдөө боюнча методикалык колдонмону жергиликтүү бюджетти жана пландаштырууну эске алуу менен иштеп чыгуу | 2013 - 2014-жж. | |||
Маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана алмашуу үчүн программалык камсыздоо иштеп чыгуу | 2014 - 2015-жж. | |||
III. Жергиликтүү потенциалды күчөтүү | ||||
Жергиликтүү коомчулуктун табигый кырсыктардын коркунучуна туруктуулугун жогорулатуу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын табигый кырсыктардын коркунучун биргелешип башкаруу боюнча ролун жана жоопкерчилигин аныктоо, сектордук стратегияны андан-ары децентрализация | Жергиликтүү коомчулуктун ыкчам чара көрчү күчтөрүнүн ролун жана маанисин күчөтүү (куткаруучулардын, медициналык жардамдын, өрт өчүргүчтөрдүн ыктыярдуу командалары) | 2012 - 2016-жж. | ӨКМ, Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, Токой чарба агенттиги, Улуттук платформанын секретариаты, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү бийлик органдары, ПРООН жана башка эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
Табигый кырсыктарды алдын алуу практикасына экологиялык иш-чараларды киргизүү | 2012 - 2016-жж. | |||
Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын күчөтүү | 2012 - 2016-жж. | |||
Табигый кырсыктардын опурталын жана кесепеттерин азайтуучу миграциялык чараларды ишке ашыруу | 2012 - 2016-жж. | |||
VI. Региондук кызматташууну күчөтүү жана конфликттик-гендердик-туюу ыкмаларын киргизүү | ||||
Трансчегаралык кызматташтыкты кеңейтүү жана табигый кырсыктын опурталын башкарууга конфликттик-гендерлик туюу ыкмаларын киргизүү | Трансчегаралык байланыш аспектилеринде биргелешкен иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон ыкмаларды иштеп чыгуу | Суу ресурстары жана эртелеп маалымдоо боюнча чек ара кызматташтыгын күчөтүү | 2012 - 2016-жж. | ӨКМ, ТИМ, Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн Борбор-Азиялык Борбору, Улуттук платформанын секретариаты, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ПРООН жана башка эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча). |
Табигый кырсыктардын коркунучтарын башкарууда конфликттик-гендердик туюу ыкмаларын киргизүү | Табигый кырсыктардын коркунучтарын башкарууда конфликттик-гендердик туюу ыкмаларын киргизүү боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана киргизүү | 2012 - 2016-жж. | ||