Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы № 58
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 378, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-январы № 1 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын узак мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо, Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоо максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк иш-чаралар планына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы, 1-тиркемеге ылайык;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү планы 3-тиркемеге ылайык.
- Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясын ишке ашыруу (2-этап – 2023-2026-жылдар) боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы), 4-тиркемеге ылайык;
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-январы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасы өзүнө Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук платформасын камтыйт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 378 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын илимий-изилдөө уюмдары:
- ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки айдын ичинде Иш-чаралар планына ылайык Концепцияны ишке ашыруу боюнча ведомстволук жана аймактык пландарды иштеп чыгып, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашсын жана ченемдик актылар менен бекитишсин;
- Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгында отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 357 “2020-жылга чейин өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймактарынын комплекстүү коопсуздугунун концепциясын жана стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ж.Исаков |
Тиркеме 1
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун
2018-2030-жылдарга концепциясы
1-глава. Кырдаалга жалпы баа берүү
§ 1. Кыргыз Республикасы үчүн мүнөздүү болгон өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары
Кыргыз Республикасы жайгашкан географиялык абалына байланыштуу көптөгөн табигый кырсыктарга кабылып туруучу мамлекет болуп эсептелет. Олуттуу геологиялык, техногендик, климаттык коркунучтар жана климаттын глобалдуу өзгөрүү проблемалары республиканын калкына жана экономикасына дайыма терс таасирин тийгизүүдө. Калк жана инфратүзүм кырсык коркунучунун алдында алсыз.
Кырсыктардын коркунучун жогорулаткан негизги факторлорго калктын чарба жүргүзүү объектилеринде коопсуздук ченемдеринин жана эрежелеринин сакталбагандыгы, жерди пайдалануунун туура эмес пландаштырылышы, инфратүзүмдүн жалпы абалынын начарлашы, өндүрүштүк жабдуулардын эскириши жана жерлердин деградациясы кирет.
Түздөн-түз экономикалык жоготуулар сыяктуу кыска мөөнөттүү кесепеттерден тышкары, өзгөчө кырдаалдар коомдун узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө жана анын коопсуздугуна да терс таасирин тийгизет. Андыктан, кырсыктардын коркунучун азайтуу жана адамдын туруктуу өнүгүүсү бири-бири менен тыгыз байланышкан маселе болуп эсептелет.
Ошого байланыштуу кырсыктардын коркунучун азайтуу маселелерин чечүү келечектеги коркунучтарды эске алуу менен, аларды болжолдоонун жана алдын алуу ыкмаларын өнүктүрүү, аларга натыйжалуу чара көрүүчү шарттарды түзүп жана туруктуу өнүгүүнү пландаштыруунун ажырагыс бөлүгү катары каралып, комплекстүү мүнөзгө ээ болушу керек.
Туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын өркүндөтүү, бардык башкаруу деңгээлдеринде кызыкдар тараптардын каршы аракеттенүү потенциалын күчөтүү жана кырсыктар коркунучун азайтуу процесстерине тартуу зарыл.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын өнүктүрүүгө, кырсыктардын коркунучун олуттуу азайтууга жана өзгөчө кырдаалдардан жоготууларды кыскартууну камсыз кылууга багытталган бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында ушул Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы иштелип чыкты (мындан ары – Концепция).
Ушул Концепция Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын жана ага кирген мамлекеттик органдарды, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын комплекстүү коргоого жана туруктуу өнүктүрүү шарттарын түзүүгө багытталган уюмдардын негизги артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.
1. Өзгөчө кырдаалдардын статистикасы
Талдоо жүргүзүү өзгөчө кырдаалдардын туруктуу өсүп баратканын айгинелейт, алсак 1991-2000-жылдары өзгөчө кырдаалдардын жылдык орточо статистикалык саны 123, 2001-2010-жылдары – 235, 2011-2016-жылдары – 313 болгон.
Кемүү тартибинде катталган өзгөчө кырдаалдар түрү боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: сел агымдары жана суу ташкындары, кар көчкү, чоң өрттөр, катуу шамал, ири жол-транспорт кырсыгы, жер титирөө, жер көчкү, кыртыштык суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү менен байланышкан суу каптоолор жана башка. 2011-2016-жылдары түздөн-түз материалдык зыян 5 млрд 834 млн сомду түздү.
2. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары
Кыргыз Республикасынын аймагы жогорку сейсмикалуулугу, географиялык түзүлүшүнүн татаалдыгы, тоо кыркаларынын жана ойдуңдардын кезектешүүсү менен рельефтин чоң бөлүктөргө бөлүнүүсү өлкөдө кооптуу табигый процесстердин жана кубулуштардын жайылуусун жана кеңири өнүгүүсүн шарттап, көбүнчө күтүлбөгөн кырсыктардын болушуна алып келет.
Жер титирөөлөр. Кыргыз Республикасынын аймагы жогорку сейсмикалык активдүү зонага кирет жана негизинен 8,9 жана андан көп 9 баллдык сейсмикалуулук (MSK-64) менен мүнөздөлөт, ошол эле учурда эксперттик баалоолор боюнча турак жай курулушунун болжол менен 70%ы сейсмотуруксуз болуп саналат.
Селдер, суу ташкындары. Өзүнүн таркалышы жана тез-тез кайталанып турушу боюнча зыян келтирүү жагынан Кыргыз Республикасындагы коркунучтуу табигый процесстердин ичинен биринчи орунда турат. Бардыгы болуп өлкөдө 3900гө жакын сел бассейндери бар, анын ичинен 200 бийик тоо көлү жарылып кетүү ыктымалдарында, 300 калктуу конуш катастрофалык суу капташы мүмкүн болгон аймакта жайгашкан.
Кар көчкүлөр. Республиканын аймагынын теңинен көбү кар көчкү коркунучунда экендиги аныкталган. Кар көчкү сезонунун узактыгы – 5-7 айды түзөт. Жыл сайын тоолуу автожолдордо кар көчкүлөр өзгөчө кырдаал жаратып, адамдардын өлүмүнө алып келет.
Жер көчкүлөр. Кыргыз Республикасынын аймагында 5000ден ашуун активдүү жер көчкүлөрү бар. 600 калктуу конуш ар кандай деңгээлдеги жер көчкү процесстерине дуушар болгондугу аныкталган. Потенцалдуу кооптуу жерлерде 10 миңге чейинки турак үйлөр жайгашкан.
Кыртыштагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү. Жалпы республика боюнча суу каптоо коркунучу бар жерлер 3200 км2. 344 калктуу конуш суу каптоого кабылышы мүмкүн.
Ошондой эле табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга кооптуу метеорологиялык кубулуштар (нөшөрлүү жаан-чачындар, мөндүр, катуу шамалдар, кардын оор түшүүсү, үшүк жүрүү, кургакчылык ж.б.), жээктердин эрозиясы, ак чополуу жана чополуу кыртыштардын чөгүүсү, уроо, таш кулоо жана башкалар кирет.
3. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары
Химиялык факторлор. Техногендик кырсыктардын коркунучунун булагы болуп өндүрүшүндө таасири күчтүү уулуу заттарды ташыган, пайдаланган, сактаган объектилер болушу мүмкүн. Республикада негизинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунун калктуу конуштарына жакын жайгашкан ушул сыяктуу 70тей объектилер бар.
Радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды сактоочу жайлар жана кен калдыктары. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында тоо-кен өндүрүшүнүн уулуу жана радиоактивдүү калдыктары бар 92 объект жайгашкан.
Консервацияланган калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары республиканын беш административдик облустарында бар, булар Кыргыз Республикасынын калкы жана аймактары үчүн, ошондой эле Борбордук Азиянын кошуна өлкөлөрүнө радиоактивдүү-экологиялык кыйроолордун болуу коркунучун түзөт.
Гидротехникалык курулмалар. Өлкөбүздө 450гө жакын ар кандай чарбалык багыттагы суу сактагычтар иштейт, алардын ичинен 10унун жалпы көлөмү 240 000 млн куб метрден ашык, негизги бөлүгү сугатка багытталган ири жана орто суу сактагычтар болуп саналат.
Суу сактагычтардын жана гидроэлектрстанцияларынын плотиналарынын туруктуулугу аларды пайдалануу мөөнөтү эскиргендигине, эндогендик жана экзогендик процесстердин таасирине байланыштуу алардын бекемдигинин төмөндөө тенденциясына алып келет. Сууну авариялык же ирригациялык-энергетикалык коё бергенде дарыялардын нуктарында жээкти жырып же жууп кетип, калктуу конуштарды жана аймактарды суу каптоо коркунучу жана кыйратуу процесстери болушу мүмкүн.
Потенциалдуу кооптуу өндүрүш объектилери. Кыргыз Республикасында 12000ге жакын кооптуу объектилерди пайдаланып жаткан 1600дөй өнөр жай ишканалары жана уюмдар бар.
Кооптуу өндүрүштүк объектилердеги өндүрүштүк майып болуулардан жана кыйроолордон (авариялардан) экономикалык жоготуулар олуттуу көрсөткүчтөргө жетип, өз кезегинде киреше булактарын жоготуудан улам коомдогу социалдык кырдаалды начарлатууда.
Транспорттук авариялар. Автомобиль жолдорундагы, темир жолдордогу, аба жана суу транспортунда болуп жаткан кырсыктар түрү жана масштабы, келтирген материалдык зыяндын өлчөмү менен айырмаланат. Эреже катары алар адамдардын өлүмүнө, өрттөргө, жарылуу жана таасири күчтүү уулуу заттардын төгүлүшүнө себеп болот жана алардын кесепеттерин жоюуда адамдардын чыгаша болушуна жана чоң материалдык чыгымдарга алып келет.
Өлкөдө жүк ташуунун 99%ы автомобиль транспорту менен жүргүзүлөт, ошондуктан жол-транспорт кырсыктары менен байланышкан өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу жогору (жол кырсыгы жыл сайын 2,5 миңден ашуун), аба транспортторунда болгон кырсыктардын натыйжасында келип чыккан өзгөчө кырдаалдардан дагы олуттуу жоготуулар болду.
Өрттөр. Кыргыз Республикасында акыркы 10 жылдын ичинде 41127 өрт кырсыгы катталган, анын ичинде 127 токойдогу өрт, алардын материалдык чыгымы 3,5 млрд. сомдон ашуун сумманы түздү. Өрттөн 844 адам курман болуп, 842 адам жаракат алган.
4. Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары
Жердин кунарынын кетиши. Кыргыз Республикасындагы айыл чарба жерлеринин олуттуу аянттары ар түрдүү даражада кунары кетүүдө. Антропогендик таасир жана чөлгө айлануу процесстери жерлердин биологиялык өңдүрүмдүүлүгүнүн азаюусун шарттап, кооптуу жаратылыш кубулуштарынын көбөйүү коркунучун туудурат.
Чарба жүргүзүүнүн жагымсыз социалдык-экономикалык факторлорунун натыйжасында жердин кунарынын кетиши алынуучу продукциянын санын азайтып,чыгымдардын өсүүсүнө жана калктын жакыр катмарынын көбөйүүсүнө алып келет.
Атмосферанын касиеттеринин өзгөрүүсү. Атмосфералык абанын булгануу абалына байкоо жүргүзүүнүн маалыматы боюнча абанын туруктуу булгануусунун жогорку деңгээли Бишкек шаарына мүнөздүү болууда. Негизги булгоочу заттар болуп мурдагыдай эле азот кош кычкылы (азот диоксиди), азот кычкылы жана формальдегид эсептелет. Жалпысынан булгоочу заттардын концентрациясы чектин жол берилген ченемдердин 1,25-3,5 чегинде байкалат.
5. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары
Республикада күйдүргү, чума, эхинококкоз жана альвеококкоз сыяктуу биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары бар.
§2. Учурдагы кырдаалды талдоо: жетишкендиктер жана проблемалар
6. Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы жетишкендиктер
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын 2009-2016-жылдардагы ишинин натыйжасы ар кандай мүнөздөгү коркунучтар менен байланышкан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча негизги милдеттер этабы жана ирээти менен ишке ашырылып жаткандыгын көрсөттү.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын аталган мезгилдеги негизги жетишкендиктери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Жарандык коргонуу жаатындагы иштерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук негиздерди түзүү.
2009-жылы “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоонун Бирдиктүү мамлекеттик системасы жана Жарандык коргонуу - жалпысынан функциялары жана багыттары окшош келген эки мамлекеттик система бириктирилди. Жарандык коргонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамы кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасында Жарандык коргонууну уюштурууну жана жүргүзүүнү жөнгө салуучу 10го жакын мыйзам алдындагы актылар иштелип чыгып, колдонууга киргизилди.
Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча милдеттерди аткаруу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган чараларды көрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштуруу мүмкүндүгүн берет.
2) Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттерди чечүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын бөлүктөрүнүн жана түзүмдөрүнүн күч жана каражаттарынын ичинен, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын уюмдарынын жана ишканаларынын базасында Жарандык коргонуунун адистештирилген кызматтарын жана кошуундарын түзүү.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча төмөнкүдөй иштер жүргүзүлүүдө:
- жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын башкаруу органдарынын ишин автоматташтыруу, ыкчамдуулугун жогорулатуу, Жарандык коргонуу маселелери боюнча ишенимдүү жана сапаттуу башкаруу чечимдерин кабыл алууга багытталган Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы бирдиктүү маалыматтык- башкаруу системасы (БМБС) колдонууга киргизилген;
- атомдук жана радиациялык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясатты кыйла натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча атайын агенттик түзүлгөн;
- эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын кырсыктардын коркунучун азайтуу жаатындагы иш-аракеттерди координациялоо боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук платформасы түзүлгөн;
- калкты авариялык-куткаруу кызматтары менен кеңири камтуу максатында өрткө каршы бөлүктөрдүн базасында өрттөн-куткаруу кызматтары түзүлүүдө;
- Кыргыз Республикасынын гидрометеорологиялык байкоо тармагын модернизациялоо иштери жүрүп жатат, ошондой эле заманбап ыкмаларды киргизүү менен өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоону өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлүүдө.
7. Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы проблемалар жана кемчиликтер
Калктын жана аймактардын абалынын өтө эле начарлап кетүүсүнүн себептери болуп, бир катар объективдүү жана субъективдүү факторлордон улам келип чыккан төмөнкүдөй негизги проблемалар жана кемчиликтер эсептелерин учурдагы кырдаалдын талдоосу көрсөттү:
потенциалдуу кооптуу участоктордогу жана зоналардагы өзгөчө кырдаалдардын санынын өсүшү.
1-параграфта көрсөтүлгөндөй өзгөчө кырдаалдардын санынын туруктуу өсүшү байкалууда, бул кооптуу табигый процесстердин жана кубулуштардын интенсивдүү өсүүсүнө алып келген климаттын глобалдуу өзгөрүшү менен байланыштуу.
Инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды узак убакыт пайдалануу техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын болуу коркунучун жогорулатат, айлана-чөйрөгө антропогендик оорчулук келтирүү жана жердин кунарынын кетиши коркунучтуу процесстердин активдешүүсүнө алып келип, калктын жана аймактардын табигый кырсыктын алдында алсыз болуусун күчөтөт.
Жарандык коргонуунун бардык башкаруу деңгээлдеринин жоопкерчилик чөйрөсүн жана функцияларын жөнгө салуучу уюштуруучулук жана укуктук ченемдик актылардагы кемчиликтер.
Бул проблемалардын жана кемчиликтердин комплексине ар башка секторлордун мыйзамдарындагы келишпестиктер жана карама-каршылыктар кирет, бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын табигый кырсыктардын болуу коркунучун азайтуу боюнча көрүлүүчү чараларды ишке ашырууга начар катышуусуна алып келет.
Аймактык жана сектордук деңгээлдеги өнүктүрүүнү пландоодо өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу иш жүзүндө эске алынбайт.
Жарандык коргонуу жаатындагы көзөмөл жүргүзүү боюнча тийиштүү ченемдик базанын жана практиканын жоктугу Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасына кирген мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана алардын кесепеттерин жоюу иштерине даярдык даражасын, ошондой эле калктын жана чарба субъекттери тарабынан коопсуздук ченемдерин жана эрежелерин сактоо боюнча даярдык деңгээлин толугу менен баалоого мүмкүндүк бербейт.
3) Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын финансылык мүмкүнчүлүгүнүн житишсиздиги жана материалдык-техникалык базасынын чектелгендиги.
Өлкөнүн учурдагы социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин эске алганда, өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды комплекстүү коргоо кыйынчылыктарды жаратат, себеби коргоо иш-чаралары өтө кымбат жана олуттуу финансы каражатын талап кылат.
Аталган проблемалар, бүткүл калкты жана аймактарды адистештирилген кызматтар менен толук камтуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн кызматтарды керектүү заманбап жабдуулар жана каражаттар менен камсыз кылууда кыйынчылыктарды жаратат.
4) кызмат адамдарынын даярдык деңгээлинин жетишсиздиги жана калк арасында “коопсуздук маданиятынын”төмөндүгү.
Көпчүлүк учурларда, калк “турмуш-тиричилик коопсуздугун” бир беткей кабыл алат. Калк табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда адам өмүрүн жана ден соолугун коргоо зарыл экенин түшүнүп, бирок алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү зарылдыгы тууралуу унутуп коёт, потенциалдуу кооптуу объекттерди, техникаларды жана процесстерди өзгөчө кырдаалдардын булагы катары эске албоосу көп учурда өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусун шарттайт.
Кызмат адамдарынын даярдык деңгээлинин жетишсиздиги биринчи кезекте мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кадрлардын туруксуздугун шарттайт, башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу үчүн финансылык жактан камсыздоо кыйынчылыгын жаратат, ошондой эле Жарандык коргонууну уюштурууга жана жүргүзүүгө арналган атайын адистештирилген бөлүктөрдү же штаттык бирдикти кармоодо дагы кыйынчылыктар келип чыгат.
2-глава. Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун максаты, артыкчылыктары жана милдеттери
§ 1. Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун максаты жана артыкчылыктары
Ушул Концепция 2030-жылга чейинки мезгилге эсептелген жана Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын орто, узак мөөнөттө өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.
Концепция коркунучтарга талдоо жүргүзүү жана өнүктүрүүнү пландоодо аларды эске алуу менен көп тараптуу өнөктөштүктүн негизинде табигый кырсыктардын болуу коркунучун башкаруунун моделин карайт, натыйжада өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоого жана туруктуу өнүктүрүүгө шарттарды түзүүгө жардам берет.
Модель Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудан алардын алдын алууга өтүүсүн болжолдойт, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу жолу менен коркунучтарды азайтууга багыттайт.
Аталган моделдин башка бир өзгөчүлүгү болуп, кырсыктардын коркунучтарын башкарууда бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдарынын функцияларын так бөлүштүрүү менен кээ бир функцияларды жергиликтүү органдарга берүү (борбордон ажыратуу) жолун киргизүү саналат.
8. Концепциянын максаты – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө шарттарды түзүү үчүн өзгөчө кырдаалдардан калктын жана аймактардын коргонуу деңгээлин жогорулатуу.
Аталган модель жана анын максаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программада жана 2015-2030-жылдарга карата кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Сендай алкактык программасында (2015-жылдын 23-июнундагы № 69/283 БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы) көрсөтүлгөн.
Концепцияны кабыл алуудагы, кырсыктардын коркунучун азайтуу маселеси Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизи болгондугун расмий тастыктап турат.
Концепция бардык тартылган жана кызыкдар болгон тараптардын, атап айтканда, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана жеке сектордун иш чөйрөлөрүн камтыйт.
Артыкчылыктуу багыттар
Концепциянын өзгөчө кырдаалдардан калктын жана аймактардын коргонуу деңгээлин жогорулатуу максатына жетүү үчүн Сендай алкактык программасында көрсөтүлгөн төмөнкүдөй төрт артыкчылыктуу багыт боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу зарыл:
кырсык коркунучу тууралуу билимди жогорулатуу;
2) кырсык коркунучун башкаруунун уюштуруу-укуктук алкагын өркүндөтүү;
3) каршы аракет кылуу потенциалын чыңдоо максатында кырсык коркунучун азайтуу боюнча чараларга инвестициялар;
4) натыйжалуу чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн кырсыктарга даярдыкты күчөтүү.
Артыкчылыктардын ар бири Концепциянын максаттарына жетүү үчүн жана 1-главада аталган негизги проблемалар менен кемчиликтерди жоюуга багытталган бир катар орто жана узак мөөнөттүү милдеттерди иштеп чыгуу жана аларды ишке ашырууну болжолдойт.
§ 2. Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун милдеттери
1-артыкчылыктуу багыт: Кырсык коркунучу тууралуу билимдерди жогорулатуу.
Кырсык коркунучун башкаруу саясаты жана практикасы кырсык коркунучун бардык тараптан түшүнүүгө, кооптуу жана коопсуз жактарын, адамдарга жана мүлккө келтирүүчү зыянын, айлана-чөйрөгө тийгизүүчү коркунучун кошо билүү сыяктуу түшүнүктөргө таянуусу керек.
1- артыкчылыктуу багыттын милдеттери:
1) Ар түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу.
Милдетти биринчи этапта мамлекеттик, илимий, билим берүү уюмдарынын жана мекемелеринин иш-аракеттерин бириктирүү, ошондой эле жарандык коомдун катышуусу менен өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо аркылуу ишке ашыруу пландалууда. Кийинки этаптарда өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүгө жана болжолдоого тартылган тараптардын потенциалын жогорулатуу жана жаңы технологияларды киргизүү аркылуу.
2) Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Жарандык коргонуу жаатында илимий-изилдөө жана кырсыктардын коркунучун баалоо иштерин жүргүзүү.
Милдет өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, чара көрүүгө даярдыкты жогорулатуу, ошондой эле өнүктүрүүнү пландаштырууда коркунучтарды эске алуу боюнча иш-чараларды пландоодо жана жүзөгө ашырууда илимий-негизделген ыкманы камсыз кылууга багытталган иштерди аткарууну карайт.
3) Калктын “коопсуздук маданиятын” жогорулатуу.
Милдет калктын кабардар болуусун жогорулатуу боюнча кеңири компания жүргүзүү жана калкты окутуунун формаларын жана ыкмаларын өркүндөтүү аркылуу ишке ашырылат.
11. 2-артыкчылыктуу багыт: Кырсыктардын коркунучун башкаруунун уюштуруу-укуктук алкагын өркүндөтүү.
Кырсыктардын коркунучун натыйжалуу башкаруу үчүн тиешелүү кызыкдар болгон тараптарды тартуу менен, айрым секторлордун деңгээлинде жана алардын ортосунда координациялоо механизмдерин жана так функцияларын, ыйгарым укуктарын белгилей турган уюштуруу-укуктук негиздер чоң мааниге ээ.
2-артыкчылыктуу багыттын милдеттери:
1) Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ченемдик укуктук базасын жана уюштуруу түзүмүн өнүктүрүү.
Милдет Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды учурдагы шарттарга жана талаптарга шайкеш келтирүү, ошондой эле коопсуздуктун ченемдерин сактоо боюнча көзөмөлдөө механизмдерин иштеп чыгуу жана өркүндөтүү аркылуу ишке ашырылат.
2) Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторлорунун ишине кырсыктар коркунучун башкаруу аспекттерин киргизүү жана кызыккан тараптардын бирге аракеттенүүлөрүн кеңейтүү.
Милдет кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча тармактык жана аймактык пландарды/программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, кызыккан тараптардын ортосунда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууну болжолдойт.
3) Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда автоматташтырылган башкаруу жана кабарлоо системасын өнүктүрүү.
Милдетке жетүү кризистик жана өзгөчө кырдаалдардагы Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасын андан ары кеңейтүү, ага жаңы компоненттерди кошуу жана өлкөнүн бардык аймактарын камтуу аркылуу пландалууда.
12. 3-артыкчылыктуу багыт: Каршы туруу потенциалын чыңдоо максатында кырсык коркунучун азайтуу боюнча чараларга инвестициялар.
Кырсыктарга каршы туруу потенциалын чындоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана жоготууларды азайтуу үчүн түзүмдүк жана түзүмдүк эмес чараларды көрүү аркылуу кырсык коркунучун азайтуу жана алдын алуу потенциалын бекемдөөгө инвестицияларды тартуу абдан маанилүү. Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча чаралар инновациялык иштердин өсүшүнүн жана жумуш орундарынын түзүлүүсүнүн кыймылдаткыч күчү болуп калышы мүмкүн.
3-артыкчылыктуу багыттын милдеттери:
1) Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, анын ичинде климаттын өзгөрүү шартында кооптуулук деңгээлин азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу.
Милдеттин алкагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучун азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана адистештирилген кызматтардын материалдык-техникалык жактан жабдылышын жакшыртуу боюнча түзүмдүк иштерди ишке ашыруу пландалууда.
2) Кырсыктардын коркунучунан камсыздандырууну өнүктүрүү жана кырсыктардын коркунучун азайтууга ички инвестицияларды тартууну демилгелөө.
Милдет биринчи этапта кырсыктардын болуу тобокелинен камсыздандыруу системасын өнүктүрүүнү жана инвестицияларды тартууну демилгелеген механизмдерди иштеп чыгууну, экинчи этабында калктын аялуу катмары үчүн социалдык коргоо системасын иштеп чыгууну болжолдойт.
3) Социалдык объектилердин жана инфратүзүмдөрдүн кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу.
Социалдык объектилердин (билим берүү, саламаттык сактоо, маданият ж.б.) жана инфратүзүмдөрдүн кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу социалдык жана экономикалык жактан маанилүү объекттердин туруктуулугун баалоо, реконструкциялоо жана оңдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу аткарылат.
13. 4-артыкчылыктуу багыт: Натыйжалуу чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн кырсыктарга даярдыкты күчөтүү.
Кырсыктардын болуу коркунучунун күч алышы, анын ичинде адамдардын жана активдердин ага кабылуусунун күчөшү кырсыктарга чара көрүү жана ага даярдыкты күчөтүү боюнча иштерди өркүндөтүү зарыл экенин көрсөтүп турат. Бардык деңгээлде натыйжалуу чара көрүү жана калыбына келтирүү үчүн кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча иш-чараларды бириктирүү жана кайра калыбына келтирүү үчүн күчтөрдүн, мүмкүнчүлүктөрдүн жыйындысын камсыз кылуу зарыл.
4-артыкчылыктуу багыттын милдеттери:
1) Даярдык деңгээлин жана чара көрүү потенциалын жогорулатуу, анын ичинде шашылыш кызматтардын дагы.
Милдет атайын шашылыш кызматтарды өнүктүрүүгө багытталган өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча үзгүлтүксүз машыгууларды жана окутууларды өткөрүү жана өзгөчө кырдаалдар учурунда башкаруу иш-аракеттерин жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
2) Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча кызмат адамдарын даярдоо системасын өнүктүрүү.
Милдеттин алкагында заманбап жана аралыктан окутуу ыкмаларын киргизүү менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу методдорун жана окуу программаларын өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу болжолдонот.
3) Өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүү учурунда координациялоо механизмин өркүндөтүү.
Милдет акырындык менен өнүгүп жаткан коркунучтарга жана андан ары калыбына келтирүү боюнча чара көрүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу иш-чараларын жүргүзүүнү караштырат.
14. Артыкчылыктуу багыттардын милдеттерин жүзөгө ашыруу Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын негизинде жүргүзүлөт. Ишке ашыруунун механизмдери төмөнкү чараларды камтыйт:
- кызыкдар тараптардын чөйрөсүн кеңири тартуу үчүн өз ара биргелешип аракеттенүү жана координациялоо механизмдерин түзүү жана өнүктүрүү;
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын компоненттерин өнүктүрүү боюнча деталдаштырылган иш-аракеттер пландарын иштеп чыгуу;
- кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча конкреттүү чараларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу;
- Концепцияны ишке ашырууга карата иш-чаралар планын аткаруу боюнча прогресске системалуу талдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
3-глава. Концепцияны ишке ашыруу жана корутунду
§1. Концепцияны ишке ашыруу жолдору
15. Аталган Концепцияны ишке ашыруунун методдору “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталган.
Концепция Жарандык коргонуу жаатындагы саясаттын бөлүгү болуп эсептелет жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик стратегияларды жана пландарды ишке ашыруу процессиндеги топтолгон тажрыйбаны (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программа), ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алат.
Концепцияны ишке ашыруу жолдору аны жүзөгө ашырууда бардык кызыкдар тараптарды – мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ошондой эле жарандык коомду, эл аралык уюмдарды, жеке секторду жана калкты тартуу принцибинде негизделет.
Концепциянын артыкчылыктуу милдеттери жана багыттары мамлекеттик концепцияларга жана өнүктүрүү стратегияларына, аларды ишке ашыруу пландарына, ошондой эле Жарандык коргонуу жаатындагы жана башка тармактарды өнүктүрүү пландарына жана программаларына интеграцияланат. Ушул Концепциянын милдеттери жана аны этап-этабы менен ишке ашыруунун пландары Жарандык коргонуунун программалык жана стратегиялык ар кандай багыттагы документтерин жана кырсыктардын коркунучун азайтуу аспекттеринин милдеттерин жана иш-чараларын эске алат жана бириктирет.
§ 2. Концепцияны ишке ашыруу этаптары
16. Концепцияны ишке ашыруу мезгили – 2018-2030-жылдар 2015-2030-жылдарга карата кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Сендай алкактык программасын ишке ашыруунун мезгилдерин камтыйт.
Концепцияны ишке ашыруу үч этапка бөлүнгөн:
1-этап: 2018-2022-жылдар;
2-этап: 2023-2026-жылдар;
3-этап: 2027-2030-жылдар.
Концепциянын ар бир этабы боюнча артыкчылыктуу багыттардын милдеттерин чечүүгө багытталган конкреттүү иш-чараларды караган жүзөгө ашыруу пландары иштелип чыккан.
Планды ишке ашыруунун экинчи, үчүнчү этаптарын иштеп чыгуу процессинде коркунучтар, жетишкендиктер, проблемалар жана артыкчылыктуу багыттардын милдеттери жөнүндө маалыматтар жаңыланып, оңдолуп туруусу зарыл. Оңдоп-түзөтүүлөр тууралуу чечим мониторинг жүргүзүүдөн алынган маалыматтардын жана ишке ашыруу боюнча жетишкендиктерди баалоонун негизинде кабыл алынат.
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Концепцияны ишке-ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын милдеттерине регулярдуу мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашыруунун жетишкендиктерине көз салуучу каражат катары кызмат кылат жана төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет:
- Планга оңдоолорду киргизүү аркылуу алдын ала саясий чечим кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын жалпы өнүгүүсүнө концепцияны ишке ашыруунун таасирин баалоого.
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлор матрицасынын негизинде Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
§3. Корутунду
Күтүлүүчү натыйжалар
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды күн мурунтан жүргүзүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- табигый кырсыктардын пайда болуу коркунучун төмөндөтүүгө жана болтурбоого;
- калктын жана аймактардын корголуш деңгээлин көбөйтүүгө;
- өзгөчө кырдаалдардан келтирилүүчү социалдык, экономикалык жана экологиялык зыяндардын өлчөмүн азайтууга.
Ушул Концепциянын негизги күтүлүүчү натыйжалары болуп төмөнкүлөр саналат:
- калкты эрте эскертүү системасы менен толук камтууну камсыз кылуу;
- 2030-жылга карата кырсыктардан болуучу өлүмдүн санын эң төмөнкү деңгээлге чейин азайтуу;
- 2030-жылга карата түздөн-түз экономикалык жоготууларды жана зыяндарды эң төмөнкү деңгээлге чейин төмөндөтүү;
- болушу мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга калктын жашоо-тиричилик объектилеринин туруктуулугун жогорулатуу.
Жагымдуу факторлор
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча негизги милдеттерди этабы менен жана ырааттуу ишке ашыруу үчүн бир катар жагымдуу факторлор бар:
мамлекеттин жетекчилигинин колдоосу;
- мамлекеттик органдын кесипкөй кадрдык курамы;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом жана башка кызыктар болгон тараптар менен өз ара биргелешип аракеттенүүнү уюштуруу тажрыйбасынын болушу;
- чет элдик гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу максатында Жарандык коргонуу жаатында эл аралык кызматташуу.
Концепцияны ишке ашырууда мүмкүн болуучу коркунучтар.
Концепцияны ишке ашырууда алдыга коюлган милдеттерге жетишүүгө төмөнкү факторлор терс таасирин тийгизиши же тоскоолдук кылышы мүмкүн:
- туруктуу эмес кырдаал;
- жыл сайын бөлүнүүчү каржылоонун азаюусу;
- адам ресурстарынын жетишсиздиги.
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга (1-этап - 2018-2022-жылдар) концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 378 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Күтүлүүчү натыйжа/ишке ашыруу формасы | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
1-артыкчылыктуу багыт: Кырсык коркунучу тууралуу билимди жогорулатуу | |||||
1 | Түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу | 1.1. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, маалымат чогултуу жана иштеп чыгуунун комплекстүү системасынын уюштуруу-укуктук негиздерин түзүү | Комплекстүү системанын иштешин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар/КРӨнүн токтому | 2019-ж. I квартал | ӨКМ |
1.2. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоонун комплекстүү системасынын маалыматтарын иштеп чыгуу борборун түзүү | Мониторинг жүргүзүүнүн комплекстүү системасы үчүн негиз түзүү/программалык-аппараттык комплектти сатып алуу жана орноштуруу | 2019-ж. | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
1.3. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү боюнча маалыматтын веб-порталын түзүү жана коркунучтарга байкоо жүргүзүүгө калкты тартуу механизмдерин түзүү | ӨКга мониторинг жүргүзүүгө калкты тартуу/программалык-аппараттык комплексти сатып алуу жана орноштуруу | 2020-ж. | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
1.4. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун мобилдүү пункттарын түзүү жана мониторинг жүргүзүүнүн адистештирилген тармактарын модернизациялоо | ӨКдын мониторингин жакшыртуу/жабдууларды сатып алуу жана орноштуруу | 2020-ж. IV квартал | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
1.5. Мөңгүлөргө жана жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөргө мониторинг жүргүзүү максатында Климаттын өзгөрүшү жана гляциялогиялык изилдөө борборун түзүү | Гляциялогиялык процесстерди изилдөө, мөңгүлөр жана көлдөр боюнча маалымат базасын актуалдаштыруу, климаттын өзгөрүшү жаатындагы изилдөөлөрдү жүргүзүү, мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү моделдөө/атайын кызмат түзүү | 2020-ж. IV квартал | ӨКМ, БАЖИИ (макулдашуу боюнча), УИА (макулдашуу боюнча) | ||
1.6. Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү статистикалык отчеттордун формаларын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, анын ичинде зыяндарды, чыгымдарды жана жоготууларды баалоо боюнча | Алдын алуу боюнча чараларды натыйжалуу пландоо үчүн зыян боюнча статистикалык маалыматтар/Улутстаткомдун буйругу | 2018-ж. IV квартал | Улутстатком (макулдашуу боюнча), ӨКМ | ||
2 | Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Жарандык коргонуу жаатында кырсыктардын коркунучун баалоо жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү | 2.1. Сейсмикалуулугу 8 жана андан жогору баллды түзгөн зоналардагы турак-жай курулуштарынын сейсмикалык туруктуулугун баалоо жана маалымат базасын түзүү (1-этапты ишке ашыруу) | Калктуу конуштардагы курулуштардын техникалык абалы боюнча маалыматтар банкы/илимий изилдөө иштери | 2018-2022-жылдар | Курулуш агенттиги |
2.2. Мүмкүн болуучу зыяндарды азайтуу максатында коркунучтарды башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ири калктуу конуштардын аймактарынын сейсмикалык коркунучун баалоо | Сейсмикалык коркунучтар боюнча болжолдуу маалыматтар/илимий изилдөө иштери | 2018-2022-жылдар | УИА (макулдашуу боюнча), БАЖИИ (макулдашуу боюнча) | ||
2.3. Биологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагын эпизоотиялык зоналарга бөлүүнү жүргүзүү | Эпизоотиялык кырдаал боюнча аймактарды зоналарга бөлүү/жүргүзүлгөн иштер боюнча отчет | 2018-2022-жылдар | Ветфитосанинспекция, ССМ | ||
2.4. Коркунучтуу өндүрүш объектилеринен чыккан опурталдарды баалоо | ӨКнүн алдын алуу боюнча чараларды пландоо үчүн коркунучтар боюнча маалыматтар/илимий изилдөө иштери | 2018-2022-жылдар | ӨКМ, Курулуш агенттиги, Экотехинспекция, ӨЭЖМК | ||
2.5. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 378 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
2.6. Имараттарды реконструкциялоо, оңдоо жана туруктуулугун күчөтүү боюнча техникалык жана конструктивдүү чечимдердин каталогун түзүү | Конструктивдүү чечимдердин каталогу/илимий изилдөө иштери | 2018-2022-жылдар | Курулуш агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча), БАЖИИ (макулдашуу боюнча) | ||
2.7. КР ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуу боюнча адистерди даярдоо жана кайрадан даярдоо борборунун курамында "Жарандык коргонуу жаатындагы изилдөөлөр" кафедрасын түзүү (КР ӨКМди оптималдаштыруу жүргүзүүнүн жүрүшүндө) | ЖК жаатындагы чараларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу/ӨКМ буйругу | 2018-ж. III квартал | ӨКМ | ||
3 | Калктын "коопсуздук маданиятын" жогорулатуу | 3.1. Билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги милдеттүү программага жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери боюнча окуу предметин киргизүү | Калктын кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу/БИМ буйругу | 2019-2022-жылдар | БИМ, ӨКМ |
3.2. Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча маалымат берүүчү-агартуучу материалдарды иштеп чыгуу | Калктын кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу/маалыматтык материалдар | 2018-2022-жылдар | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
3.3. Жарандык коргонуу жаатындагы Маалымат саясаты концепциясын ишке ашыруу жана өркүндөтүү | Калкка маалымдоодо бирдиктүү саясатты колдонуу/ӨКМ буйругу | Дайыма | ӨКМ, ММТМ | ||
3.4. Калктын коопсуздук маданиятын жогорулатуу максатына калкты окутуу жолдорун жана формаларын өркүндөтүү | Калктын коопсуздук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу жана жайылтуу/окутуу методдорун өркүндөтүү | Дайыма | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
3.5. Калкты өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге үйрөтүү үчүн пилоттук негизде окутуу-консультациялык пункттарын түзүү | Калктын кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу/окутуу пункттарынын ишин уюштуруу | 2019-ж. | ӨКМ, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, Бишкек, Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча) | ||
2-артыкчылыктуу багыт: Кырсыктардын коркунучун башкаруунун уюштуруу-укуктук алкагын өркүндөтүү | |||||
4 | Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ченемдик укуктук базасын жана уюштуруу түзүмүн өнүктүрүү | 4.1. Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды учурдагы шарттарга жана талаптарга ылайык келтирүү (ЖКМТ, ЖК кызматтары жөнүндө жоболорду ж.б.) | ЧУАдагы кемчиликтерди жана карама-каршылыктарды жоюу/КРӨ токтому | 2018-2022-жылдар | ӨКМ, ЮМ |
4.2. Шашылыш медициналык жардам кызматын түзүү жана ишин уюштуруу | Жабыр тарткандарга шашылыш медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү/атайын кызмат | 2018-2022-жылдар | ССМ | ||
4.3. Радиактивдүү коркунучтуу калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | Радиактивдүү-коркунучтуу калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү иштерди координациялоо/КРӨ токтому | 2019-ж. | Токой агенттиги | ||
4.4. Жарандык коргонуу жаатында көзөмөл механизмин бекемдөө үчүн ЧУАларды иштеп чыгуу/кабыл алуу жана/же өзгөртүүлөрдү киргизүү | Жарандык коргонуу жаатында көзөмөл жүргүзүүнүн институттук негизин түзүү/КРӨ токтому | 2018-2022-жылдар | ӨКМ, Экотехинспекция | ||
4.5. Кырсыктардын коркунучун азайтууну эске алуу менен шаар курууну жөнгө салуу механизмин иштеп чыгуу | Курулуштарды пландоо кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча иш-чараларды эске алуу менен жүргүзүлөт/Курулуш агенттигинин буйругу | 2022-ж. | Курулуш агенттиги, ӨКМ | ||
5 | Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторлорунун ишине кырсыктар коркунучун башкаруу аспекттерин киргизүү жана кызыктар тараптардын ортосунда өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү | 5.1. Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча тармактык жана аймактык программа/пландарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу иштерин уюштуруу | Тармактык багыттарда жана аймактык деңгээлде кырсыктар коркунучун азайтуу/ЖК боюнча министрликтердин жана мекемелердин пландары | 2019-2022-жылдар | ӨКМ, министрликтер жана ведомстволор, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, Бишкек, Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча) |
5.2. Кырсыктардын коркунучун баалоонун негизинде калктуу конуштардын жана объекттердин коопсуздук паспортторун иштеп чыгуу | ӨК кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча иш-чараларды натыйжалуу пландаштыруу/ЖӨБО, объектилердин буйруктары | 2019-2022-жылдар | КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨКМ | ||
5.3. Өнүктүрүүнү пландоонун методикасына кырсыктардын коркунучун баалоону киргизүү жана кырсыктардын коркунучун эске алуу менен пилоттук негизде социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарын жаңыртуу | ЖӨБО үчүн методикалык колдонмо/ЭМ буйругу | 2019-ж. | ӨКМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, ЭМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
5.4. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелери боюнча эки тараптуу, региондук жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү | Кырсыктарга натыйжалуу чара көрүү маселелери боюнча кызматташтыктын деңгээлин жогорулатуу/ишке ашыруу боюнча отчет | 2018-2022-жылдар | ӨКМ, ТИМ | ||
5.5. Калктуу конуштардын жана объектилердин типтүү коопсуздук паспортторун иштеп чыгуу жана бекитүү, аларды иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын кызматкерлерин тийиштүү окутуудан өткөрүү | Иштеп чыгуунун тартиби жана коопсуздуктун типтүү паспорттору бекитилген/ӨКМнин буйругу | 2018-ж. | ӨКМ | ||
6 | Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын автоматташтырылган башкаруу жана кабарлоо системасын өнүктүрүү | 6.1. Региондук деңгээлде калкка кабарлоо жана маалымдоонун жалпы мамлекеттик комплекстүү системасы үчүн теле жана радио-берүү каналдарын камтуу боюнча программалык-аппараттык комплектти орнотууга карата иштердин комплексин жүргүзүү: - Бишкек ш., Ош ш., Чүй облусу (2018-ж.) - Нарын облусу (2018-2020-жылдар) | Калкка маалымдоо жана кабарлоо максатында Кыргыз Республикасынын бардык аймагын камтууга жетишүү/жабдууларды орнотуу жана ишке киргизүү | 2019-2022-жылдар | ӨКМ, МТБМК, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, Бишкек, Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча) |
6.2. Республиканын региондорун бирдиктүү нөөмөттүк-диспетчердик кызматка (112-системага) кошуу: - Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустары (2018-ж.) - Нарын, Талас облустары (2018-2020-жылдар) | Шашылыш кызматтарды 112 - бирдиктүү номери боюнча чакыруу үчүн өлкөнүн бардык аймагын камтууга жетишүү/жабдууларды орнотуу жана ишке киргизүү | 2019-2022-жылдар | ӨКМ, МТБМК, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
6.3. Потенциалдуу кооптуу участкаларга жана объекттерге мониторинг жүргүзүү системасын Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасына интеграциялоо (анын ичинде "Коопсуз шаар" долбоорун интеграциялоону эске алуу менен) | Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын компоненттерин өнүктүрүү/жабдууларды орнотуу жана ишке киргизүү | 2019-2022-жылдар | ӨКМ, МТБМК, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
6.4. Катуу жер титирөөлөр болгон учурда эрте эскертүү системасын түзүү | Калкка жана башкаруу органдарына өз убагында маалымдоо жана кабарлоо/жабдууларды орнотуу жана ишке киргизүү | 2020-2022-жылдар | ӨКМ, БАЖИИ (макулдашуу боюнча), донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
6.5. Телерадиоберүүлөрдү, байланыш операторлорун жана кабелдик телекөрсөтүүлөрдү калкка эрте кабарлоо жана маалымдоо системасына кошуу | Эрте кабарлоо системасы менен калкты камтууну кеңейтүү/долбоорлорду ишке ашыруу боюнча отчеттор | 2019-2020-жылдар | ӨКМ, МТБМК | ||
3-артыкчылыктуу багыт: Каршы туруу потенциалын чыңдоо максатында кырсык коркунучун азайтуу боюнча чараларга инвестициялар | |||||
7 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, анын ичинде климаттын өзгөрүү шартында кооптуулук деңгээлин азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу | 7.1. Өзгөчө кырдаалдардын болуу коркунучун төмөндөтүүгө багытталган атайын жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү | ӨКдан калктын жана аймактардын коргонуу деңгээлин жогорулатуу/атайын иштерди аткаруу | Дайыма | ӨКМ, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, Бишкек, Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча) |
7.2. Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча митигациялык долбоорлорду ишке ашырууга инвестицияларды тартуу | ӨКдан калктын жана аймактардын коргонуу деңгээлин жогорулатуу/долбоорду ишке ашыруу боюнча отчеттор | 2018-2022-жылдар | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
7.3. Кырсыктардын коркунучун азайтуу үчүн климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатууга багытталган долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Долбоордук сунуштар жана тартылган инвестициялар/бекитилген долбоорлор | 2018-2022-жылдар | Токой агенттиги, ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
7.4. Потенциалдуу коркунучтуу участоктордун кооптуулук деңгээлин төмөндөтүү боюнча "Жашыл долбоорду" ишке ашыруу | ӨКдан калкты жана аймактарды коргоо, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу/токой мелиорациясы иштери | 2018-2022-жылдар | ӨКМ, Токой агенттиги, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
7.5. Жарандык коргонуу кызматтарынын материалдык-техникалык жабдылышын жакшыртууга багытталган долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жана долбоорлорду ишке ашыруу | ӨК шарттарында Жарандык коргонуу кызматтарынын өз функцияларын аткаруу боюнча талаптарга ылайык жабдылышын жакшыртуу/бекитилген долбоорлор | 2019-2022-жылдар | ӨКМ, ТЖМ, ССМ, АЧТММ, ИИМ, Курулуш агенттиги, ТМБМК, ӨЭЖМК | ||
8 | Кырсыктардын коркунучунан камсыздандырууну өнүктүрүү жана кырсыктардын коркунучун азайтууга ички инвестицияларды тартууга дем берүү | 8.1. Турак жайларды табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүү | Табигый кырсыктардан жапа чеккендерди финансылык жактан коргоону күчөтүү/турак жайларды табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өнүктүрүү | 2019-2022-жылдар | Финкөзөмөл, донорлор (макулдашуу боюнча) |
8.2. Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча чараларды каржылоо каражаттарын иштеп чыгуу | ӨКдын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү боюнча иштерди токтоосуз каржылоо/КРӨ чечими | 2019-2022-жылдар | ФМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
8.3. Кырсыктардын коркунучун азайтууга жергиликтүү инвестицияларды тартууга дем берүү механизмин иштеп чыгуу | Кырсыктардын коркунучун азайтууга ички салымдардын үлүшүн көбөйтүү/ӨКМ буйругу | 2019-2022-жылдар | ӨКМ, ФМ | ||
9 | Социалдык объектилердин жана инфратүзүмдөрдүн кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу | 9.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.07.2015-жылдагы № 551 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2015-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары" программасын ишке ашыруу | Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коопсуздук деңгээлин жогорулатуу/оңдоо-курулуш иштери | 2018-2024-жылдар | БИМ, Курулуш агенттиги, донорлор (макулдашуу боюнча) |
9.2. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн ирригациялык системаларды модернизациялоо | Гидротехникалык курулмалардын туруктуулугун жогорулатуу/оңдоо-курулуш иштери | 2022-ж. | АЧТММ | ||
9.3. Калдык сактоочу жайларды жана тоо-кен калдыктарын рекультивациялоо: - Миң-Куш а., Жумгал р-ну, Нарын облусу; - Кажы-Сай а.,Тоң р-ну, Ысык-Көл облусу; - Шекафтар а., Чаткал р-ну, Жалал-Абад облусу | Калдык сактоочу жайларды коопсуз кармоону камсыз кылуу/рекультивациялоо иштери | 2019-2023-жылдар | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
9.4. Саламаттык сактоо объектилеринин туруктуулугун баалоо иштерин жүргүзүү | Саламаттык сактоо объектилеринин туруктуулугун жогорулатуу боюнча биринчи кезектеги чараларды иштеп чыгуу/баалоо боюнча отчет | 2019-2022-жылдар | ССМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
4-артыкчылыктуу багыт: Натыйжалуу чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн кырсыктарга даярдыкты күчөтүү | |||||
10 | Даярдык деңгээлин жана чара көрүү потенциалын жогорулатуу, анын ичинде шашылыш кызматтардын дагы | 10.1. ӨКдан жабыр тарткан калкка өз убагында шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн мобилдик госпиталдарды түзүү | Жабыр тарткандарга өз убагында шашылыш медициналык жардам көрсөтүү/ССМ буйругу | 2018-2022-жылдар | ССМ, донорлор (макулдашуу боюнча) |
10.2. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү коркунучтарды азайтуу максатында ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн санитардык инфратүзүм тармагын түзүү | Ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн санитардык инфратүзүм тармагынын болуусу/ишке ашыруу боюнча отчет | 2018-2022-жылдар | Ветфитосанинспекция | ||
10.3. Жер-жерлерде 22 өрттөн-куткаруу бөлүмдөрүн түзүү жана аларды жабдуу | Жапа чеккендерге өз убагында жардам көрсөтүү үчүн өрттөн-куткаруу кызматтарынын чара көрүү радиусунун кичирейиши/кызматтарды түзүү | 2019-ж. | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
10.4. Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын бардык деңгээлдеги башкаруу даярдыгын жогорулатуу | ӨКга ыкчам чара көрүү/машыгуулар | 2018-2022-жылдар | ӨКМ, ТЖМ, ССМ, АЧТММ, ИИМ, Курулуш агенттиги, МТБМК, ЭЖМК | ||
11 | Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча кызмат адамдарын даярдоо системасын өнүктүрүү | 11.1. ЖК жаатындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу боюнча окуу программаларын жана методдорун өркүндөтүү | Окутуунун сапатын жана камтууну жогорулатуу/окуу сабактарын өткөрүү | 2018-2022-жылдар | ӨКМ |
11.2. Кызматчыларды ЖК боюнча аралыктан окутуу системасын түзүү жана киргизүү | Окугандардын санын көбөйтүү/окуу процессин уюштуруу | 2019-2022-жылдар | ӨКМ, БИМ | ||
12 | Өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүдө, координациялоо механизмин өркүндөтүү | 12.1. Узак мөөнөттө калыбына келтирүү иштерин координациялоо маселелери боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди иштеп чыгуу | Өз ара аракеттешүү планы жана ЧУА иштелип чыккан/КРӨ чечими | 2019-ж. | ӨКМ |
12.2. Жай өнүгүп жаткан коркунучтарга жана опурталдарга чара көрүү механизмин иштеп чыгуу | Тийиштүү каражаттар кабыл алынды/КРӨ чечими | 2018-2022-жылдар | ӨКМ, Токой агенттиги, АЧТММ, ССМ, Ветфитосанинспекция, ОЭЖМК | ||
12.3. Жыныстык жана жаш курактык, гендердик аспектилерди эске алуу менен гуманитардык жардамдарды берүү боюнча минималдуу стандарттарды иштеп чыгуу | Калкка гуманитардык жардамдарды берүүнү стандартташтыруу/ӨКМ буйругу | 2019-2020-жылдар | ӨКМ, ЭСӨМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ИИМ | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ЮМ | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ЭМ | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ФМ | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ТИМ | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
АЧТММ | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ТЖМ | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ӨКМ | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
БИМ | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЭСӨМ | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ММТМ | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ӨЭЖМК | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
МТБМК | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
Токой агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
Курулуш агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
Экотехинспекция | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Ветфитосанинспекция | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Финкөзөмөл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
Улутстатком | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
УИА | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
УСИИ | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөө институту |
БАЖИИ | Борбордук Азиянын жерди прикладдык изилдөө институту |
ЖК | Жарандык коргонуу |
ЖКМТ | Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасы |
ЧУА | ченемдик укуктук актылар |
ЖӨБО | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
КРӨ | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
ККА | кырсыктардын коркунучун азайтуу |
ӨК | өзгөчө кырдаалдар |
|
| Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга (1-этап - 2018-2022-жылдар) концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга (1-этап - 2018-2022-жылдар) концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫНЫН БЮДЖЕТИ
Өлчөө бирдиги - миң сом
№ | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Чараларды ишке ашырууга ресурстарды керектөөлөр | Чараларды ишке ашырууга каржылоо мүмкүнчүлүгү | Финансылык үзгүлтүк | ||||||||||
Чараларды ишке ашырууга баардыгы (1+2) | Бюджет (1) | Бюджеттен тышкары каражаттар (2) | Чараларды ишке ашырууга баардыгы (1+2) | Бюджет (1) | Бюджеттен тышкары каражаттар (2) | Чараларды ишке ашырууга баардыгы (1+2) | Бюджет (1) | Бюджеттен тышкары каражаттар (2) | ||||||||
Республикалык бюджет | Жергиликтүү бюджеттер | Республикалык бюджет | Жергиликтүү бюджеттер | Көлөм | Каржылоо булагы | Республикалык бюджет | Жергиликтүү бюджеттер | |||||||||
1-артыкчылыктуу багыт 1: Кырсык коркунучу тууралуу билимди жогорулатуу | ||||||||||||||||
1 | Ар түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу | 1.1. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, маалымат топтоо жана иштеп чыгуунун комплекстүү системасынын уюштуруу-укуктук негиздерин түзүү | 2019-ж. I квартал | 763,0 | 540,0 | - | 223,0 | 763,0 | 540,0 | - | 223,0 | Донорлор | - | - | - | - |
1.2. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоонун комплекстүү системасынын маалыматтарын иштеп чыгуу борборун түзүү | 2019-ж. | 11900,0 | - | - | 11900,0 | 11900,0 | - | - | 11900,0 | БУУӨП | - | - | - | - | ||
1.3. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү боюнча маалыматтардын веб-порталын түзүү жана коркунучтарга байкоо жүргүзүүгө калкты тартуу механизмдерин түзүү | 2020-ж. | 26520,0 | - | - | 26520,0 | 26520,0 | - | - | 26520,0 | ДБ | - | - | - | - | ||
1.4. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоонун мобилдүү пункттарын түзүү жана мониторинг жүргүзүүнүн адистештирилген тармактарын модернизациялоо | 2020-ж. IV квартал | 13600,0 | - | - | 13600,0 | 14600,0 |
| - | 14600,0 | БУУӨП | - | - | - | - | ||
1.5. Мөңгүлөргө жана жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөргө мониторинг жүргүзүү максатында Климаттын өзгөрүшү жана гляциялогиялык изилдөө борборун түзүү | 2020-ж. IV квартал | 5761,0 | 5761,0 | - | - | 5761,0 | 5761,0 | - | - | - | - | - | - | - | ||
1.6. Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү статистикалык отчеттордун формаларын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, анын ичинде зыяндарды, чыгымдарды жана жоготууларды баалоо боюнча | 2018-ж. IV квартал | 893,0 | - | - | 893,0 | 893,0 | - | - | 893,0 | Донорлор | - | - | - | - | ||
2 | Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Жарандык коргонуу жаатында кырсыктардын коркунучун баалоо жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү | 2.1. Сейсмикалуулугу 8 жана андан жогору баллды түзгөн зоналардагы турак-жай курулуштарынын сейсмикалык туруктуулугун баалоо жана маалымат базасын түзүү (1-этапты ишке | 2018-2022-жылдар | 44000,0 | 44000,0 | - | - | - | - | - | - | - | 44000,0 | 44000,0 | - | - |
2.2. Мүмкүн болуучу зыяндарды азайтуу максатында коркунучтарды башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ири калктуу конуштардын аймактарынын сейсмикалык коркунучун баалоо | 2018-2022-жылдар | 15000,0 | 15000,0 | - | - | - | - | - | - | - | 15000,0 | 15000,0 | - | - | ||
2.3. Биологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагын эпизоотиялык зоналарга бөлүү | 2018-2022-жылдар | 1060,0 | 1060,0 | - | - | 1060,0 | 1060,0 | - | - | - | - | - | - | - | ||
2.4. Коркунучтуу өндүрүш объектилеринен чыккан опурталдарды баалоо | 2018-2022-жылдар | 3000,0 | - | - | 3000,0 | - | - | - | - | - | 3000,0 |
|
| 3000,0 | ||
2.5. Социалдык мүнөздөгү коркунучтарга даярдыкты жогорулатуу үчүн: "Терроризм өзгөчө кырдаалдардын булагы катары" деген темада изилдөө жүргүзүү | 2022-ж. | 300,0 |
| - | 300,0 | - | - | - | - | - | 300,0 |
| - | 300,0 | ||
2.6. Имараттарды реконструкциялоо, оңдоо жана туруктуулугун күчөтүү боюнча техникалык жана конструктивдүү чечимдердин каталогун түзүү | 2018-2022-жылдар | 3000,0 | 3000,0 | - | - | - | - | - | - | - | 3000,0 | 3000,0 | - | - | ||
2.7. КР ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуу боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун курамында "Жарандык коргонуу жаатындагы изилдөөлөр" кафедрасын түзүү (КР ӨКМди оптималдаштыруунун жүрүшүндө) | 2018-ж. III квартал | 100,0 | 100,0 | - | - | 100,0 | 100,0 | - | - | - | - | - | - | - | ||
3 | Калктын коопсуздук маданиятын жогорулатуу | 3.1. Билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги милдеттүү программага "Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери" боюнча окуу предметин киргизүү | 2019-2022-жылдар | 11635,5 | 11635,5 | - | - | 11635,5 | 11635,5 | - | - | - | - | - | - | - |
3.2. Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча маалыматтык агартуучулук материалдарды иштеп чыгуу | 2018-2022-жылдар | 136,0 |
|
| 136,0 | 136,0 |
|
| 136,0 | Донорлор | - | - | - | - | ||
3.3. Жарандык коргонуу жаатындагы Маалыматтын саясаты концепциясын ишке ашыруу жана өркүндөтүү | Дайыма | 200,0 | 50,0 |
| 150,0 | 200,0 | 50,0 | - | 150,0 | Донорлор | - | - | - | - | ||
3.4. Калктын коопсуздук маданиятын жогорулатуу үчүн калкты окутуу жолдорун жана формаларын өркүндөтүү | Дайыма | 1500,0 | 0,0 | 0,0 | 1500,0 | 1500,0 | 0,0 | - | 1500,0 | Донорлор | - | - | - | - | ||
3.5. Калкты өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге үйрөтүү боюнча пилоттук негизинде окутуу-консультациялык пункттарды түзүү | 2019-ж. | 50,0 | 50,0 | - | - | 50,0 | 50,0 | - | - | - | - | - | - | - | ||
2-артыкчылыктуу багыт: Кырсыктардын коркунучун башкаруунун уюштуруу-укуктук алкагын өркүндөтүү | ||||||||||||||||
4 | Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ченемдик укуктук базасын жана уюштуруу түзүмүн өнүктүрүү | 4.1. Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды учурдагы шарттарга жана талаптарга шайкеш келтирүү (Жарандык коргонуунун маалыматтык системасы жөнүндө, Жарандык коргонуунун кызматтары жөнүндө жоболор ж.б.) | 2018-2022-жылдар | 50,0 | 50,0 | - | - | 50,0 | 50,0 | - | - | - | - | - | - | - |
4.2. Шашылыш медициналык жардам кызматын түзүү жана ишин уюштуруу | 2018-2022-жылдар | 9300,8 | 3000,0 |
| 6300,8 | 9300,8 | 3000,0 | - | 6300,8 | Немец өнүктүрүү банкы | - | - | - | - | ||
4.3. Радиоктивдүү кооптуу калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2019-ж. | 600,0 | 600,0 | - | - | 600,0 | 600,0 | - | - | - | - | - | - | - | ||
4.4. Жарандык коргонуу жаатында көзөмөл механизмин бекемдөө үчүн ЧУАларды иштеп чыгуу/кабыл алуу жана/же өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-2022-жылдар | 204,0 | - | - | 204,0 | - | - | - | - | - | 204,0 | - | - | 204,0 | ||
4.5. Кырсыктардын коркунучун азайтууну эске алуу менен шаар курууну жөнгө салуу механизмин иштеп чыгуу | 2022-ж. | 6000,0 | 6000,0 | - | - | - | - | - | - | - | 6000,0 | 6000,0 | - | - | ||
5 | Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторлорунун ишине кырсыктар коркунучун башкаруу аспекттерин киргизүү жана кызыкдар тараптардын ортосунда өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү | 5.1. Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча тармактык жана аймактык программа/пландарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу иштерин уюштуруу | 2019-2022-жылдар | 3479,6 | 3479,6 | - | - | 3479,6 | 3479,6 | - | - | - | - | - | - | - |
5.2. Кырсыктардын коркунучун баалоонун негизинде калктуу конуштардын жана объекттердин коопсуздук паспортторун иштеп чыгуу | 2019-2022-жылдар | 6,60 | 6,60 | - | - | 6,60 | 6,60 | - | - | - | - | - | - | - | ||
5.3. Өнүктүрүүнү пландоонун методикасына кырсыктардын коркунучун баалоону киргизүү жана кырсыктардын коркунучун эске алуу менен пилоттук негизде социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарын жаңылоо | 2019-ж. | 111,60 | - | - | 111,60 | 111,60 | - | - | 111,60 | Донорлор | - | - | - | - | ||
5.4. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелери боюнча эки тараптуу, региондук жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү | 2018-2022-жылдар | 58616,0 | 27200,0 | - | 31416,0 | 43416,0 | 12000,0 | - | 31416,0 | Донорлор | 15200,0 | - | - | 15200,0 | ||
5.5. Калктуу конуштардын жана объектилердин типтүү коопсуздук паспортторун иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын кызматкерлерин тийиштүү окутуудан өткөрүү | 2018-ж. | 30,000 | 30,000 | - | - | 30,000 | 30,000 | - | - | - | - | - | - | - | ||
6 | Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык башкаруу системасынын автоматташтырылган башкаруу жана кабарлоо системасын өнүктүрүү | 6.1. Региондук деңгээлде калкка кабарлоо жана маалымдоонун жалпы мамлекеттик комплекстүү системасы үчүн теле жана радио берүү каналдарын камтуу боюнча программалык-аппараттык комплексти орнотууга карата иштердин комплексин жүргүзүү: - Бишкек ш., Ош ш., Чүй облусу (2018-ж.) - Нарын облусу (2018-2020-жылдар) | 2019-2022-жылдар | 181000 | - | 0,0 | 181000,0 | 73562,0 | - | - | 73562,0 | БУУӨП | 107438,0 | - | - | - |
6.2. Республиканын региондорун бирдиктүү нөөмөттүк-диспетчердик кызматка (112-системасын) кошуу: - Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустары (2018-ж.); - Нарын, Талас облустары (2018-2020-жылдар) | 2019-2022-жылдар | 90000 | - | - | 90000 | 59717,0 | - | - |
| 59717,0 | БУУӨП | 30283,0 | - | 30283,0 | ||
6.3. Потенциалдуу кооптуу участкаларга жана объекттерге мониторинг жүргүзүү системасын Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасына интеграциялоо (анын ичинде "Коопсуз шаар" долбоорун интеграциялоону эске алуу менен) | 2019-2022-жылдар | 455000,0 | - | - | 455000,0 | - | - | - | - | - | 455000,0 | - | - | - | ||
6.4. Катуу жер титирөөлөр болгон учурда эрте эскертүү системасын түзүү | 2020-2022-жылдар | 180,00 | - | - | 180,00 | - | - | - | - | - | 180,0 | - | - | 180,0 | ||
6.5. Телерадиоберүүлөрдү, байланыш операторлорун жана кабелдик телекөрсөтүүлөрдү калкка эрте кабарлоо жана маалымдоо системасына кошуу | 2019-2020-жылдар | 2363,60 | 2363,60 | - | - | 2363,60 | 2363,60 | - | - | - | - | - | - | - | ||
3-артыкчылыктуу багыт: Каршы туруу потенциалын чыңдоо максатында кырсык коркунучун азайтуу боюнча чараларга инвестициялар | ||||||||||||||||
7 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, анын ичинде климаттын өзгөрүү шартында кооптуулук деңгээлин азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу | 7.1 .Өзгөчө кырдаалдардын болуу коркунучун төмөндөтүүгө багытталган атайын жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү | Дайыма | 5128284,0 | 5128284,0 | - | - | 2993580,0 | 2784194,1 | - | 136000,0 | Донорлор | 2134704,0 | 2134704,0 | - | - |
7.2. Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча митигациялык долбоорлорду ишке ашырууга инвестицияларды тартуу | 2018-2022-жылдар | 6800,00 | - | - | 6800,00 | 6800,00 | - | - | 6800,00 | - | - | - | - | - | ||
7.3. Кырсыктардын коркунучун | 2018-2022-жылдар | 22451,80 | 393,00 | - | 22058,80 | 22451,80 | 393,00 | - | 22058,80 | ЕРӨБ | - | - | - | - | ||
азайтуу үчүн климаттын өэгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатууга багытталган долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жана долбоорлорду ишке ашыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| - | ||
7.4. Потенциалдуу коркунучтуу участоктордун кооптуулук деңгээлин төмөндөтүү боюнча "Жашыл долбоорду" ишке ашыруу | 2018-2022-жылдар | 20543,5 | 13281,5 | 3261,6 | 4000,0 | 20543,5 | 13281,4 | - | 4000,0 | ӨЭУ | - | - | - | - | ||
7.5. Жарандык коргонуу кызматтарынын материалдык-техникалык жабдылышын жакшыртууга багытталган долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жана долбоорлорду ишке ашыруу | 2019-2022-жылдар | 15000,0 | - | - | 15000,0 | 1402,60 | 179,6 | - | - | - | 13597,4 | - | - | 3597,4 | ||
8 | Кырсыктардын коркунучунан камсыздандырууну өнүктүрүү жана кырсыктардын коркунучун азайтууга ички инвестицияларды тартууга дем берүү | 8.1. Турак жайларды табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын өркүндөтүү | 2019-2022-жылдар | 136000,0 | - | - | 136000,0 | 136000,0 | - | - | 136000,0 | - | - | - | - | - |
8.2. Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча чараларды каржылоо каражаттарын иштеп чыгуу | 2019-2022-жылдар | 68000,0 | - | - | 68000,0 | 68000,0 | - | - | 68000,0 | - | - | - | - | - | ||
8.3. Кырсыктардын коркунучун азайтууга жергиликтүү инвестицияларды тартууга дем берүү механизмин иштеп чыгуу | 2019-2022-жылдар | 150,00 | 150,00 | - | - | 150,0 | 150,00 | - | - | - | - | - | - | - | ||
9 9. | Социалдык объектилердин жана инфратүзүмдөрдүн кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу | 9.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.07.2015-жылдагы № 551 токтому менен бекитилген "2015-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары" программасын ишке ашыруу | 2018-2024-жылдар | 2500000,0 | - | - | 2500000,0 | 2500000,0 | 1300000,0 | - | 1200000,0 | ДБ | - | - | - | - |
9.2. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн ирригациялык системаларды модернизациялоо | 2022-ж. | 68000,0 | - | - | 68000,0 | 68000,0 |
| - | 68000,0 | - | - | - | - | - | ||
9.3. Калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын рекультивациялоо: - Миң-Куш а., Жумгал р-ну, Нарын облусу; - Кажы-Сай а., Тоң р-ну, Ысык-Көл облусу; - Шекафтар а., Чаткал р-ну, Жалал-Абад облусу | 2019-2023-жылдар | 795776,0 | 39788,80 | - | 755987,2 | 795776,0 | 39788,8 0 | - | 755987,2 | РФ - 75%; РК - 15%; РТ - 5%; | - | - | - | - | ||
9.4. Саламаттык сактоо объектилеринин туруктуулугун баалоо иштерин жүргүзүү | 2019-2022-жылдар | 10200,0 | - | - | 10200,0 | 10200, | - | - | 10200,0 | Донорлор | - | - | - | - | ||
4-артыкчылыктуу багыт: Натыйжалуу чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн кырсыктарга даярдыкты күчөтүү | ||||||||||||||||
10 | Даярдык деңгээлин жана чара көрүү потенциалын жогорулатуу, анын ичинде шашылыш кызматтардын дагы | 10.1. Өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан калкка өз убагында шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн мобилдик госпиталдарды түзүү | 2018-2022-жылдар | 8976,0 | - | - | 8976,0 | 8976,0 | - | - | 8976,0 | Донорлор | - | - | - | - |
10.2. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү коркунучтарды азайтуу максатында ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн санитардык инфратүзүм тармагын түзүү | 2018-2022-жылдар | 1000,0 | 700,0 | 300,0 | - | 1000,0 | 1000,0 | - | - | - | - | - | - | - | ||
10.3. Жер-жерлерде 22 өрттөн-куткаруу бөлүмдөрүн түзүү жана аларды жабдуу | 2019-ж. | 68963,7 | - | - | 68963,7 | 68963,7 | - | - | 68963,7 | - | - | - | - | - | ||
10.4. Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын бардык деңгээлдеги башкаруу даярдыгын жогорулатуу | 2018-2022-жылдар | 900,0 | 300,0 | - | 600,0 | 300,0 | 300,0 | - | - | - | 300,0 | - | - | - | ||
11 | Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча кызмат адамдарын даярдоо системасын өнүктүрүү | 11.1. Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу боюнча окуу программаларын жана методдорун өркүндөтүү | 2018-2022-жылдар | 6800,0 | - | - | 6800,0 | 6800,0 | - | - | 6800,0 | - | - | - | - | - |
11.2. Кызматчыларды Жарандык коргонуу боюнча аралыктан окутуу системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2019-2022-жылдар | 34000,0 | - | - | 34000,0 | 34000,0 | - | - | 34000,0 | - | - | - | - | - | ||
12 | Өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүдө, координациялоо механизмин өркүндөтүү | 12.1. Узак мөөнөттө калыбына келтирүү иштерин координациялоо маселелери боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди иштеп чыгуу | 2019-ж. | 136,0 | - | - | 136,0 | 136,0 | - | - | 136,0 | Донорлор | - | - | - | - |
12.2. Жай өнүгүп жаткан коркунучтарга, терс опурталдарга чара көрүү механизмин иштеп чыгуу | 2018-2022-жылдар | 93,4 | 93,4 | - | - | 93,4 | 93,4 | - | - | - | - | - | - | - | ||
12.3. Жыныстык жана жаш курактык, гендердик аспектилерди эске алуу менен гуманитардык жардамдарды берүү боюнча минималдуу стандарттарды иштеп чыгуу | 2019-2020-жылдар | 136,0 | - | - | 136,0 | 136,0 | - | - | 136,0 | Донорлор | - | - | - | - | ||
Жыйынтыгы: Концепциянын бюджети
Баардыгы пландалган 12 маселе
Иш-чаралардын баардыгы 54
Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу боюнча чаралар үчүн ресурстарды керектөө | Ишке ашыруу боюнча чаралар үчүн каржылоо мүмкүндүгү | Финансылык үзгүлтүк | ||||||||||
Ишке ашырууга баардык чаралар (1+2) | Бюджет (1) | Бюджеттен тышкары каражаттар (2) | Ишке ашырууга баардык чаралар (1+2) | Бюджет (1) | Бюджеттен тышкары каражаттар (2) | Ишке ашырууга баардык чаралар | Бюджет (1) | Бюджеттен тышкары каражаттар (2) | |||||
Республикалык бюджет | Жер. бюджеттер | Республикалык бюджет | Жер. бюджеттер | Көлөм | Каржылоо булагы | Республикалык бюджет | Жер. бюджеттер | ||||||
2018-2020-жылдар | 9839910,7 | 5306867,0 | 3561,6 | 4528782,1 | 7011704,2 | 4180056,6 | 77870,6 | 2753777,1 | - | 2828206,4 | 2202704,0 | - | 625202,4 |
% | 100 |
|
| 71,26 |
|
|
|
|
| 28,75 |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга (1-этап 2018-2022-жылдар) концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга (1-этап 2018-2020-жылдар) концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына мониторинг жүргүзүү индикаторунун жана баалоонун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралыктык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | ||
1-этап (2018-ж.) | 2-этап (2019-2020-жылдар) | 3-этап (2021-2022-жылдар) | |||||||
1 | Түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу | Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун Бирдиктүү системасын ишке киргизүү | Мониторинг жүргүзүү системасы | ТЭНди иштеп чыгуу | Мониторинг жүргүзүү системасынын ишин жөнгө салуучу ЧУАларды иштеп чыгуу | Мониторинг жүргүзүү системасынын ишин жөнгө салуучу ЧУАларды кабыл алуу | Бирдиктүү мониторинг жүргүзүү системасынын айрым компоненттерин пилоттоо | Бирдиктүү мониторинг жүргүзүү системасынын айрым компоненттерин ишке киргизүү | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) |
2 | Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Жарандык коргонуу жаатында кырсыктардын коркунучун баалоо жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү | Коркунучтарды баалоо боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны | Изилдөөлөр | 4 | 4 | 4 | 4 | 12 | ӨКМ, УИА (макулдашуу боюнча), БАЖИИ (макулдашуу боюнча), донорлор (макулдашуу боюнча) |
3 | Калктын коопсуздук маданиятын жогорулатуу | Окууга тартылган калктын саны, алардын ичинде кызмат адамдары | Адам | 11500 | 12000 | 13000 | 14000 | 49000 | ӨКМ, ММТМ, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, донорлор (макулдашуу боюнча) |
4 | Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ченемдик укуктук базасын жана уюштуруу түзүмүн өнүктүрүү | Жарандык коргоонун мамлекеттик системасынын жаңыртылган түзүмү | Жарандык коргонуунун кызматтары жөнүндө жоболор | 0 | Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын кызматтары жөнүндө жоболордун долбоорлорун иштеп чыгуу | Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын кызматтары жөнүндө жоболордун долбоорлорун бекитүү | Жарандык коргонуу жаатындагы көзөмөлдөө механизмин иштеп чыгуу жана бекитүү | Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын түзүмү азыркы шарттарга ылайык келтирилди | ӨКМ, министрликтер, ведомстволор |
5 | Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторлорунун ишине кырсыктар коркунучун башкаруу аспекттерин киргизүү жана кызыктар тараптардын ортосунда өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү | Кырсыктар коркунучун азайтуу/Жарандык коргонуу боюнча программаларды/пландарды кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү | % | 0 | 20% | 20% | 20% | 60% | КРӨнүн облустардагы өкүлү, ӨКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Кырсыктар коркунучун азайтуу/Жарандык коргонуу боюнча тармактык программалар/пландар | Пландардын саны | 0 | 3 | 4 | 4 | 11 план | Министрликтер, ведомстволор | ||
6 | Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын автоматташтырылган башкаруу жана кабарлоо системасын өнүктүрүү | Бирдиктүү маалыматтык башкаруу системасынын компоненттери менен аймактарды камтуу | Облус/шаар | 2 | 2 | 2 | 3 | 7 облус, 2 шаар (Бишкек, Ош) | ӨКМ, МТБМК, донорлор (макулдашуу боюнча) |
7 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, анын ичинде климаттын өзгөрүү шартында кооптуулук деңгээлин азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу | Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча объектилердин саны | Объектилердин саны | 300 | 320 | 340 | 360 | 1020 объект | ӨКМ, КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарлары |
8 | Кырсыктардын коркунучунан камсыздандырууну өнүктүрүү жана кырсыктардын коркунучун азайтууга ички инвестицияларды тартууга дем берүү | Камсыздандырылган турак жайлардын үлүшү | % | 0 | 5 | 5 | 5 | 15% | Финкөзөмөл, донорлор (макулдашуу боюнча) |
9 | Социалдык объектилердин жана инфратүзүмдөрдүн кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу | Реконструкцияланган объектилердин саны | Объектилердин саны | 0 | 10 | 10 | 10 | 30 | БИМ, ССМ, ӨКМ, Курулуш агенттиги |
10 | Даярдык деңгээлин жана чара көрүү потенциалын жогорулатуу, анын ичинде шашылыш кызматтардын дагы | Өрттөн-куткаруу кызматтарынын саны | Кызматтардын саны | 27 кызмат | 7 | 7 | 8 | 22 | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) |
11 | Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча кызмат адамдарын даярдоо системасын өнүктүрүү | Заманбап методдорду колдонуу менен жакшыртылган окуу программалары | Окуу программаларынын саны | 0 | 1 | 1 | 1 | 3 | ӨКМ, БИМ |
12 | Өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүдө координациялоо механизмин өркүндөтүү | Өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүнү уюштуруунун негиздери боюнча ЧУА | ЧУА | ЧУАнын жоктугу | ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашуу | ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашуу | ЧУА долбоорун кабыл алуу | ЧУА | ӨКМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
КРӨнүн облустардагы өкүлдөрү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ӨКМ | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
БИМ | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММТМ | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
Курулуш агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
УИА | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
БАЖИИ | Борбордук Азиянын жерди прикладдык изилдөө институту |
ЖК | Жарандык коргонуу |
ЖКМС | Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасы |
ЧУА | ченемдик укуктук актылар |
ТЭН | Техникалык-экономикалык негиздеме |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү ПЛАНЫ
1-глава. Киришүү
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү планы (мындан ары - Чара көрүү планы) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу жагындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
Чара көрүү планы министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү коомчулуктардын, уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен мекемелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосунда калкты жана аймактарды табигый кырсыктар менен катастрофалардан координацияланган жана макулдашылган өз ара аракеттенүүнүн негизинде комплекстүү коопсуздукту камсыздоо жаатындагы негиз болуучу документтердин бири болуп саналат.
Белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын аймагы 20дан ашуун кооптуу жаратылыштык процесстерге жана кубулуштарга дуушар болууда. Калкка жана тиричиликти камсыздоочу объекттерге чоң коркунучту: жер титирөө, жер көчкүлөрү, кар көчкүлөрү, сел, суу ташкындары, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, нөшөрлөгөн жамгырлар, чагылгандар, мөндүрлөр, кардын оор түшүүсү, таш кулоолор, катуу шамалдар жаратат.
Өзгөчө кырдаалдар көптөгөн адамдардын өлүмүнө, олуттуу экономикалык зыяндарга, калктын тиричилик жактан камсыздалышынын токтошуна, бийликтин жана башкаруунун райондук жана жергиликтүү башкаруу органдарынын ишинин жылбай калышына алып келиши мүмкүн. Орточо статистикалык маалыматтар боюнча өлкөдө жыл сайын 200 табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар болуп өтөт, кооптуу аймактардан миңдеген үй-бүлөлөр көчүрүлөт.
Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 токтому менен Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлери бекитилген (мындан ары - Өзгөчө кырдаалдардын классификациясы).
Кыргыз Республикасынын калкынын 75 пайызы жер титирөө кооптуулугу бар аймактарда жашайт, ал аймактарда Рихтердин шкаласы менен 9 баллдан ашкан катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн.
Белгилүү болгондой, өзгөчө кырдаал сутканын ар кандай мезгилинде болушу мүмкүн жана министрликтердин, ведомстволордун жана жеке секторлордун ортосунда белгилүү маалымат алмашууну талап кылат.
Калкты жана аймактарды жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактоо жаатындагы мамлекеттик саясат мамлекеттик түзүмдөрдүн жана өз алдынча башкаруу органдарынын колдонууга боло турган күчтөрүн жана каражаттарын болушунча пайдаланууга, зыяндын алдын алууну жана азайтууну камсыз кылууга зарыл болгон иш-чараларды өз учурунда өткөрүүгө багытталат.
Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен толукталат. Жарандык коргонуунун иш-чараларын каржылоо мамлекеттик бюджеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыл сайын бекитилүүчү бюджеттеринин каражаттарынын чегинде каралат ("Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-главасы, 21-берене).
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн финансылык жана материалдык ресурстардын резерви өзгөчө кырдаал болгон учурда зарыл болгон күчтөрдү жана каражаттарды шашылыш тартуу үчүн алдын ала түзүлөт.
Чара көрүү пландары Жарандык коргонуунун багыттар боюнча иш-чараларын өткөрүү үчүн арналган Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун тармактык пландары менен толукталат.
2-глава. Чара көрүү планы
Чара көрүү планынын максаты өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүдө министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү коомчулуктардын, уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен мекемелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы координацияланган иш-аракет үчүн негизди аныктоо болуп саналат.
Чара көрүү планында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн негизги жол жоболору жалпыланган, мында кабыл алынган Өзгөчө кырдаалдардын классификациясынын негизинде улуттук деңгээлдеги кырсыктардан жергиликтүү деңгээлде чара көрүү талап кылган кырсыктар так ажыратылган.
Чара көрүү планы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуунун, жөндөмдү коом менен жаратылыштын, комплекстүү жана системалуу мамиле кылуунун негизинде улуттук кызыкчылыктар менен глобалдуу проблемалардын ортосундагы карама-каршылыктарды жайгарууда жөндөмдүү келечек муунду түзүүнүн контекстинде өзгөчө мааниге ээ.
3-глава Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн артыкчылыктары
Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн артыкчылыктары болуп:
- адамдардын өмүрүн сактоо, калктын, ошондой эле чара көрүүнү ишке ашырып жаткан адамдардын ден соолугу менен коопсуздугун камсыздоо;
- кырсыктын болушуна коркунучтун өсүп бара жатканынын алдын алуу;
- инфратүзүмдүн өтө маанилүү объектилерин жана негизги ресурстарды коргоо жана калыбына келтирүү;
- менчикти коргоо, ошондой эле адамга, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу;
- бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу;
- адамдарды реабилитациялоону камсыз кылуу, өндүрүштү жана мамлекеттик башкаруу органдарынын иштөөсүн калыбына келтирүү;
- бардык аткаруу бийлиги органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттеринин макулдашылгандыгы.
4-глава. Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүдө башкаруу деңгээлдери
5-глава. Чара көрүү планындагы деңгээлдердин өз ара аракеттенүүсү
Чара көрүү планы - бул республикалык, региондук жана жергиликтүү деңгээлдеги табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар мезгилине пландоо боюнча негизги механизм.
Тажрыйба көрсөткөндөй, жергиликтүү деңгээлде же айыл деңгээлинде пландоо, республикалык деңгээлде пландоодой эле маанилүү. Чара көрүү планы Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдар учурунда пландоо боюнча негизги инструмент болуп саналат.
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору Жарандык коргонуунун пландарын иштеп чыгышат жана аны ишке ашырышат, аларды Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) менен макулдашышат.
Чара көрүү планы башкаруунун жана контролдоонун координацияланган системасынын негизи, ал түрдүү министрликтер жана ведомстволор менен өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү учурунда бирдиктүү система катарында чогуу иштешин камсыз кылат.
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу Өзгөчө кырдаалдардын классификациясына ылайык ишке ашырылат.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын иштетүү режимин киргизүү жөнүндө чечимди төмөндө аталган органдар ыктымалдуу же башталган кырдаалга жана божомолдонгон же чыккан өзгөчө кырдаалдын масштабына жараша кабыл алышат, алар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары;
- менчигинен түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери.
Өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу чара көрүү кырсыктын коркунучун азайтуу үчүн болгон потенциалды колдоо максатында чара көрүү планы үзгүлтүксүз иштеши керек.
Болуп өткөн өзгөчө кырдаалдарга жараша Кыргыз Республикасынын калкынын коопсуздугу жана жашоо абалы иш жүзүндөгү жана болгон коркунучтар менен аныкталат.
Өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүнү пландоо туруктуу иш болот, андыктан министрликтер, ведомстволор жана мекемелер тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгышат, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат жана аны ишке ашырышат.
Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча иш-чараларды пландоо эреже катары, кыйла төмөнкү деңгээлде коюлган пландардын алкагында ишке ашырылат, алар төмөнкүдөй кыйла жогорку деңгээлде даярдалган пландарга шайкеш келет.
Тармактык/функционалдык пландар жеткирүү, калыбына келтирүү, маалымдоо, саламаттык сактоону өнүктүрүү, курулуш ж.б. иштерди камтыйт.
Конкреттүү коркунучтар боюнча өз алдынча пландар жер титирөө, жер көчкү, суу каптоо, зыяндуу заттардын чыгышы, өрттөр ж.б. пайда болуу коркунучтарына карата иштелип чыгат.
Тармактык/функционалдык пландар жана конкреттүү коркунучтар үчүн өз алдынча пландар бардык деңгээлде иштелип чыгышы мүмкүн.
6-глава. Кыргыз Республикасындагы өтө кооптуу табигый кубулуштардын опурталдуулук регистри
Опурталдуулук регистри Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү маселелерин мамлекеттик деңгээлде кароо маанилүү экендигин баса белгилейт.
Коомчулуктун деңгээлинде ар бир жергиликтүү башкаруу органы коркунучтар жана опурталдар кайсы жерде болоорун, ошондой эле алардын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн эмне кылуу керек экендиги жөнүндө толук жазылган эсепке алуу китебин жүргүзүшү керек. Коркунучтар: жер көчкүлөр, өз өндүрүшүндө химикаттарды колдонгон өнөр жайлык объекттер, нефтебазалар ж.б. болушу мүмкүн.
Коркунуч № | Коркунуч | Кесепеттери | Ыктымалдуулук | Коркунуч даражасы |
1 | Жер титирөөлөр Сейсмикалык кооптуу категорияга кирген 74 калктуу конуш, интенсивдүүлүгү 9 баллдан ашышы мүмкүн болгон зоналарда жайгашкан. Аларда республиканын калкынын 75%га жакыны жашайт. Божомолдор боюнча 3,3 млн. адам, же болбосо республиканын калкынын 66% катуу жер титирөөгө туруштук бере албаган үйлөрдө жашашат | Катастрофалык | Ыктымал | Өзгөчө |
2 | Жер көчкүлөр Республиканын аймагында 5000ден кем эмес жер көчкү коркунучу күтүлгөн участок бар. Республиканын түштүк аймагында Жалал-Абад жана Ош облустарында жер көчкү процесси көп (90%) кездешет. Бардыгы болуп калктуу конуштарга, автожолдорго жана инженердик курулмаларга коркунуч туудурган 261 жер көчкүгө кыйла кооптуу участок көзөмөлдө турат | Жогору | Ыктымал | Өзгөчө |
3 | Кар көчкүлөр Республиканын көптөгөн райондорунда таркалган, негизинен Бишкек-Ош автожолуна, өлкөбүздүн тоолуу райондорундагы автожолдорго, ошондой эле электр жана байланыш линияларына коркунуч туудурушат. Кар көчкүнүн кооптуулук мезгили ноябрь-апрель айлары болот, ал эми эң коркунучтуу айлар февраль-мартка туура келет | Төмөн | Ыктымал | Жогору |
4 | Сел жана суу ташкындары Республикабыздын 95%дан ашык калктуу конуштары жана миллиондогон тургундар сел жана суу ташкындары коркунучу бар дарыялардын жээктеринде жайгашкан. Көбүнчө жогорудагы табигый процесстер Фергана тоо кыркасынын алдында жана жапыз тоолуу бөлүктөрүндө болуп өтөт (Ош, Жалал-Абад облустары, Күңгөй, Тескей Ала-Тоо менен Кыргыз тоо кыркаларында). Жүргүзүлгөн мониторингге ылайык республиканын аймагында Бишкек шаарынын аймагын кошо камтыган 497 калктуу конуш менен объект сел жана суу ташкыны коркунучунда турат | Төмөн | Дээрлик аныкталган | Жогору |
5 | Жугуштуу оорунун жайылышы |
|
|
|
| - көп сандагы адамдарга коркунуч келтирүүчү жугуштуу оору. Мындай оору пандемияга чейин өсүп жетиши мүмкүн; | Жогору | Мүмкүн | Өзгөчө |
| - суу аркылуу жугуучу холера жана тиф сыяктуу оорунун пайда болуусу; | Орточо | Мүмкүн | Жогору |
| - жаныбарларда H5N1, же айыл чарба секторуна чоң зыян келтирүүчү, малдын шарп ылаңынын чыгышы | Төмөн | Мүмкүн | Орточо |
6 | Радиациялык кооптуу объектилер - калдык сактагычтар жана кен калдыктары Республиканын аймагындагы 50 калдык сакталуучу жайда 100 млн. м3дан ашык калдык сакталат, өтө көп көлөмдөгү кен калдыктары бар, алардын жалпы көлөмү 580 млн. м3. Кен калдыктарынын аянты 1500 гектардан ашык, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында жалпы көлөмү 13,35 млн. м3 болгон 36 калдык сактоочу жай жана жалпы көлөмү 2,35 млн. м3 болгон 25 кен калдыктары бар. 36 калдык сактоочу жайлардын ичинен 31инде радиоактивдүү калдыктар бар, анын 28и уран өндүрүшүнүн калдыктарынан жана 3өө торий камтылган полиметалл өндүрүшүнүн калдыктарынан турат. Калдык сактоочу жайларда топтолгон радиоактивдүү калдыктардын жалпы көлөмү 8,2 млн. м3. 5 калдык сактоочу жайда түстүү металлды өндүрүүдөн топтолгон калдыктардын жалпы көлөмү 5,15 млн. м3 түзөт. Адистердин маалыматтары боюнча радиациялык экологиялык катастрофалардын жаралуу коркунучу бар. Булгануунун мүмкүн болгон аймагына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет, буларда 5 млн. адам жашайт | Катастрофалык | Мүмкүн | Өзгөчө |
- күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар: Республика боюнча баары болуп 100гө жакын объект, өздөрүнүн технологиясында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды пайдаланышат. Анын ичинен 19у химиялык опурталдуу объектилер категориясына кирет. Аталган объектилер өз өндүрүшүндө 2,5 миң тоннага жакын химиялык заттарды пайдаланышат. Анын ичинен өтө көп пайдаланылганы: аммиак, туз кислотасы, күкүрт кислотасы, азот кислотасы, цианид, хлор. Кырсык болгон учурда булгануунун мүмкүн болгон зонасынын аянты 52,3 км2 түзөт, анын ичинде Бишкек шаары - 12,3 км2. Булганууга мүмкүн болгон зонадагы калктын жалпы саны 252,200 адам, айыл чарба жандыктары - 40 миң баш малды түзөт. Ошондой эле Ош шаарынын аймагындагы өндүрүштүк объектилерде химиялык коркунучтуу кооптуу кырдаалдар татаалданышы мүмкүн | Орто | Мүмкүн | Жогору | |
7 | Бийик тоолордогу жырылып кетүү коркунучу бар көлдөр Республиканын аймагында бийик тоолордо 300дөн ашуун жырылып кетүү коркунучундагы көлдөр бар. Алар опурталдуулугу боюнча төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт: - I категориядагы опуртал (өтө коркунучтуу); - II категориядагы опуртал (коркунучтуу); - III категориядагы опуртал (коркунуч азыраак); Мындай көлдөр республиканын бардык облустарында бар. Алар калкка жана эл чарба объектилерине потенциалдуу коркунуч келтирет, алардын жырылып кетүүсү өтө күчтүү сел жана суу ташкындарын жаратып, калк жыш жайгашкан өрөөндөрдө чоң кырсыктарга учуратышы ыктымал | Жогору | Мүмкүн | Өтө жогору |
7-глава. Коркунучтарды талдоо
Коркунучтарды жана анын таасирлерин азайтуу үчүн, коркунуч жөнүндөгү маалыматты жана колдонулуп жаткан контролдоо системасын пайдалануу коркунучтун ишке ашуу ыктымалдыгын жана күтүлгөн кесепеттерин баалоого мүмкүндүк берет.
Кээ бир учурларда бирдей деңгээлде бааланган коркунучтардын ыктымалдуулугун, кесепеттерин жана деңгээлин бир бүтүндүккө топтосо болот. Бул өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү процессинде карап чыгууга зарыл болгон коркунучтардын санын азайтканга жана четтетүү стратегиясына мүмкүндүк берет.
Республикада кичине масштабдагы өзгөчө кырдаалдарга мамиле жасоонун тажрыйбасы басымдуу.
Жергиликтүү деңгээлдеги Жарандык коргонуу боюнча комиссия контролдо турган аймактарда аныкталган бардык опурталдарды кылдат каттоого алышы керек. Документтештирүүдө аныкталган коркунуч булактарынын тизмесине коркунучту жеңилдетүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды, пландаштырылган чараларды, ошондой эле азайтылган опурталдарды түшүрүү абзел. Бардык коркунучтарды жоюуга болбосо дагы, мындай каттоону киргизүү иш-чараларды пландоодо жана жетишсиз болсо да ресурстарды бөлүштүрүүдө жардам берет. Коркунучтарды азайтууга багытталган аракеттерге карабастан, опурталдуулук ар дайым бар. Ушул калган опуртал да өзгөчө кырдаалдарга алып келиши мүмкүн.
8-глава. Өзгөчө кырдаалдарды жоюудагы жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын оордук даражасына жараша жооптуу чечимдерди кабыл алуу
Өзгөчө кырдаалдардын оордук даражасы | Өзгөчө кырдаалдардын натыйжалары | Минималдуу эмгек акысына барабар материалдык зыян (сом) | Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу үчүн жооптуу уюмдар | |||
Өзгөчө кырдаалдардын жайылуу зонасы | Жабыркагандар | |||||
Бардыгы/ адам | Алардын ичинде курман болгондор/ адам | Тиричилик шарттарынын бузулушу/ адам | ||||
1-даража (объектилик) | Өндүрүштүк объектинин, ишкананын, уюмдун чегинде таркалуу | 10го чейин | 5ке чейин |
|
| Ишканалардын, уюмдардын күчтөрү жана каражаттары |
2-даража (жергиликтүү, айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагынын чегинде | 10го чейин | 5ке чейин | 50гө чейин | Курман болгон жана жапа чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда 1000ге чейин | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, (айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары) зарыл болгондо жогору турган уюмдар |
3-даража (райондук, шаардык) | Райондун, шаардын аймактарынын чегинде | 50гө чейин | 10го чейин | 500гө чейин | Курман болгон жана жапа чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда 10000ге чейин | Райондук мамлекеттик администрациялардын органдары, Жарандык коргонуунун тиешелүү органдары, зарыл учурда облустук жана республикалык уюмдар |
4-даража (облустук) | Эки же андан көп райондун чегинде, бирок бир облустун чегинде | 100гө чейин | 5ке чейин | 1500гө чейин | Курман болгон жана жапа чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда 50000ге чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, министрликтер жана ведомстволор |
5-даража (республикалык) | Бир облустан көбүрөөк чекте | 100дөн ашык | 25тен ашык | 1500дөн ашык | Курман болгон жана жапа чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда 50000ге чейин | КРнын Өкмөтү, ӨКМ, ГШ (макулдашуу боюнча), министрликтер жана административдик ведомстволор, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
Трансчекаралык | КРнын аймагынын чегинен сыртка таркоо. Чектешкен мамлекеттерден КРнын аймагына таркоосу | КРнын Өкмөтү тарабынан жөнгө салынат |
|
|
| КРнын Өкмөтү, ӨКМ, ГШ (макулдашуу боюнча), чектеш мамлекеттердин өкмөттөрү (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
Эскертүү: Өзгөчө кырдаал эгер көрсөткүчтөрдүн жок дегенде бирөөсүнө туура келсе тигил же бул категорияга кирет.
9-глава. Ири өндүрүштүк кырсыктардын, катастрофалардын, табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин потенциалдуу жеңилдетүү максатында аткарылуучу иш-чаралар (күндөлүк иштин режими)
1. Жер титирөөнүн кесепеттерин азайтуу боюнча алдын-ала аткарылуучу иш-чаралар:
- жер титирөөдө имараттардын, курулмалардын, коммуналдык тармактардын жана коммуникациялардын сейсмикалык туруктуулугун жогорулатууга багытталган нускамаларды жана көрсөтмөлөрдү алдын-ала иштеп чыгуу;
- курулуш ченемдерин сактоо боюнча талаптарды күчөтүү;
- өтө коркунучтуу опурталдуу абалдагы имараттарды реконструкциялоо;
- эвакуациялоо каражаттарын жана медикаменттердин, азык-түлүктөрдүн зарыл запастарын даярдоо;
- медициналык мекемелерге жана калктын тиричилик аракетин камсыз кылуучу объектилерге кирүүнү камсыздоо;
- жабыр тарткан калкты жайгаштыруу үчүн чатыр фондун алдын-ала түзүү;
- сейсмикалык чалгындоо жүргүзүү үчүн алдын-ала күчтөрдү жана каражаттарды даярдоо;
- калкты өзүнө жана өз ара жардам көрсөтүүгө үйрөтүү;
- калктын кабардар болушун жогорулатуу.
2. Химиялык кооптуу объектилердеги кырсыктардын алдын алуу:
- химиялык опурталдуу өндүрүштүк процесстерди автоматташтыруу;
- химиялык кооптуу өндүрүштөрдү жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды сактагычтарды коргоо үчүн атайын иш чараларды аткаруу (конструкцияларды күчөтүү, суюктук сактоочу идиштерди каптап көмүү ж.б.);
- күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын запасын бири-биринен алыс аралыкта жайгаштыруу;
- коргоочу курулмаларды куруу жана аларды даяр абалда кармоо;
- жумуш бөлмөлөрүндө тез таасир этүүчү уулуу заттардын сакталышын ар дайым контролдоо жана имараттарды авариялык кабар берүүчү жабдуулар менен камсыз кылуу;
- айлана-чөйрөгө күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын таштандыларын дайыма контролдоо, реалдуу метео маалыматтарды эске алуу менен уулануу мүмкүндүгү бар зоналарды алдын-ала болжолдоо;
- объектидеги персоналга жана ага жакын жайгашкан калкка алдын-ала ыкчам билдирүүнүн системасын уюштуруу жана аны ар дайым даяр абалда кармоо, жеке коргонуу каражаттарын топтоо (противогаз ж.б.у.с.);
- жарандык коргонууну башкаруу органы менен уулуу заттар таасир этүүчү аймактарда жайгашкан объектилердин персоналдарын жана калкты коргоо боюнча иш-аракеттердин пландарын макулдашуу;
- кырсыктар менен катастрофалардын кесепеттерин жоюу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды даярдоо.
3. Жарылып кетүү жана өрт коркунучу менен байланышкан объектилердеги кырсыктардын алдын алуу:
- от алып кетүүчү (жарылуу) ыктымалы бар булактарды жок кылуу же сактоо;
- жумушчуларды жана кызматкерлерди сактоо максатында коргоочу курулмаларды куруу жана аларды даяр абалда кармоо;
- объектилердеги имараттарды жана курулмаларды өрт, жарылуу кырсыгынан сактоо максатындагы иш-чараларды өткөрүү;
- өрт чыккан учурда анын күч алышын чектөөгө багытталган өрткө каршы иш-чараларды өз убагында өткөрүү, өрт зонасынан адамдарды жана материалдык баалуулуктарды тез эвакуациялоо үчүн шарттарды түзүү;
- өрт кабарлагычынын натыйжалуу каражаттарын жана өрт өчүргүчтөрдү даярдоо (өрт өчүргүчтөр, суу жеңдери, спринклердик өрт өчүрүүчү системалар).
4. Кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, селдердин жана мезгилдүү суу ташкындарынын алдын алуу:
- көлдөрдөгү, дарыялардагы жээктерди бекемдөөчү иш-чаралар;
- сел-суу ташкындары өтүүчү потенциалдуу зоналардагы көпүрөлөрдү бекемдөө;
- кооптуу зоналарга мониторинг жүргүзүү;
- кооптуу зоналарга жашоочуларды убактылуу көчүрүү;
- калктуу конуштарды жана чарба объектилерин сел-суу ташкындарынан коргоо үчүн инженердик курулмаларды куруу;
- кар көчкүгө каршы курулмаларды куруу (галереялар, кар тосуучу калканчтар ж.б.);
- кар көчкүлөрдү жасалма жол менен түшүрүү (артиллериялык атуу, жардыруу);
- жаан-чачындын интенсивдүүлүгүнө, кардын эришине, дарыяларда жана көлдөрдө суунун деңгээлинин өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүп туруу;
- суу сактагычтар аркылуу сел-суу ташкындарын жөнгө салуу;
- сел-суу ташкындарынан коргоо максатында туруктуу жана мөөнөттүү (убактылуу) коргоочу дамбаларды, тосмолорду куруу;
- сел-суу ташкындарын жана селдерди буруу максатында аңгектерди жасоо жана жасалма нуктарды куруу;
- аймактарга тосмолорду төшөө жолун пайдалануу;
- сууда сүзүү каражаттарын алдын-ала даярдоо, сел агымдарына дуушар болгон аймактардан калкты эвакуациялоону жана көчүп барган аймактагы турмуш-тиричиликти камсыздоону пландаштыруу;
- жер көчкү коркунучунун кесепеттерин азайтуу максатында жерди пайдалануунун күчөтүлгөн тажрыйбасын киргизүү;
- калкты окутуу.
5. Жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн жырылышынын алдын алуу:
- туруктуу жана мөөнөттүү (убактылуу) тосуучу дамбаларды (жалдарды) куруу;
- жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн абалын дайыма контролдоо.
6. Өрт кырсыгынын алдын алуу:
- ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде өрткө каршы коопсуздукту сактоону контролдоо;
- чоң өрттөрдү өчүрүүнүн тактикасын өркүндөтүү;
- өрт өчүрүүчү техникалык каражаттарды даярдоо, ар тараптуу материалдык-техникалык камсыздоону уюштуруу;
- өрт чыккан жерди өз убагында аныктоо;
- эл көп чогулган жайларда өрткө каршы иш-чараларды өткөрүү;
- калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- өрттүн чордонун бөлүү жолу менен өрттүн жайылышын чектөө боюнча иш-чараларды күн мурунтан өткөрүү;
- өрткө каршы участокторду түзүү;
- өрткө каршы күрөшүүнүн шарттарын жакшыртуу (таштандылардан жана бат от алуучу материалдардан тазалоо);
- өрт кошуундарын, байланыш каражаттарын күн мурунтан даярдоо;
- жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрүнүн, чарба жүргүзүүчү объектилердин кошуундарынын жана калктын өз-ара аракеттенүүсүн уюштуруу.
7. Эпидемиянын, эпизоотиянын, эпифитотиянын алдын алуу:
- жарандарды жана үй жаныбарларын пландуу иммунизациялоо;
- санитардык-гигиеналык, дезинфекциялык жана дезинсекциялык пландуу иш-чараларды өткөрүү;
- эпизоотияга каршы профилактикалык иш-чаралар;
- лабораториялык диагностиканын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;
- калктын санитардык билимин жогорулатуу;
- үй жаныбарларын бир жерден экинчи жерге көчүрүүдө, үй жаныбарларынан даярдалган сырьёну транспорттун бардык түрү менен ташууда аларга ветеринардык-санитардык көзөмөл жүргүзүү;
- үй жаныбарларын убактылуу концентрациялоодо рынокторго, базарларга башка пункттарга ветеринардык-санитардык көзөмөл жүргүзүү;
- эт комбинаттарынын, кушканалардын, мал союучу пункттардын, ошондой эле жаныбарлардын сырьёсунан даярдалган азыктарды даярдоочу, сактоочу жана кайра иштетүүчү мекемелерге жана уюмдарга ветеринардык көзөмөл жүргүзүү;
- жаныбарларды багуучу чарбаларды булганган пункттардан ылаңдарды жугузуп келүүдөн сактоо;
- ветеринардык-агартуу иштерди аткаруу жана үй жаныбарларын камсыздандыруу;
- өсүмдүктөрдү инфекциялык илдеттерден коргоо боюнча алдын-алуу иш-чаралары;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерге туруктуу сортторун чыгаруу жана өстүрүү;
- илдетке чалдыккан жана андан таза зоналарда карантиндик иш-чараларды аткаруу;
- эгин айдалган аянттарды жана көчөт материалдарын химиялык жол менен тазалоо;
- агротехникалык эрежелерди сактоо, инфекциянын очокторун жок кылуу.
8. Катастрофалык суу каптоолордун алдын алуу:
- суу сактагычтардын туруктуулугуна байкоо жүргүзүү жана калкты суу сактагычтардын жарылып кетүүсүнө чейин кабардар кылуу;
- суу өткөрүүчү каналдарды суу сактагычтардан суулардын чоң келүүсүн кабыл алууга даярдоо;
- гидротүйүндөрдөгү белги берүүчү приборлордон алынган кабар боюнча суу каптоо коркунучу жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо;
- мүмкүн болгон суу каптоочу зоналардагы коргоочу курулмаларды жылчыксыздандыруу;
- баалуу жабдууларды коргоо, көлдүн толгон суусун жөнгө салуу менен өз убагында кое берип туруу;
- эвакуацияланган калкты мүмкүн болгон чыгаруу маршрутундагы жолдордун жана жол курулмаларынын абалына байкоо жүргүзүү, контролдоо жана тактоо;
- жолдордогу тоскоолдуктарды аныктоо жана суу каптоого чейин айланып өтүү жолдорун издөө;
- суу каптоого чейин өз убагында калкты, үй жаныбарларын жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо;
- потенциалдуу коркунучтуу зоналардан калкты эвакуациялоо үчүн сууда сүзүүчү каражаттарды алдын-ала даярдоо;
- алгачкы керектелүүчү каражаттарды жана калкты көчүрүп чыгуу үчүн атайын ресурстардын запасын камсыздоо.
9. Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу системаларынын иштөө туруктуулугун жогорулатуу боюнча алдын-алуучу иш-чаралар (өзгөчө кырдаалдар чыкканга чейин):
Өзгөчө кырдаал учурунда башкаруу системасынын туруктуулугу жана ишканалардын өз ишин улантуу мүмкүнчүлүгү, белгиленген номенклатурада жана көлөмдө өндүрүштүк эмес чөйрөнүн тармактары жана объекттери үчүн продукция өндүрүү жөндөмдүүлүгү.
Корголуучу аймактагы ар бир объектиде болжолдонгон кырсыктар менен табигый кырсыктар учурунда туруктуулукту жогорулатуу максатындагы иш-чаралар аткарылат.
Чечилүүчү маселелердин мүнөзү боюнча иш-чараларды төмөндөгү топторго бириктирүүгө болот:
- жашынуучу, калкалоочу жана башка курулмаларды алдын-ала куруу аркылуу калкты жана өндүрүштүк объекттин персоналдарын коргоо;
- радиактивдүү жана химиялык уулануунун даражасын төмөндөтүү үчүн кызматтык курулмаларды жана имараттарды даярдоо;
- өндүрүштүк жана коммуналдык объектилердин туруктуулугун камсыздоо;
- кыска мөөнөттө калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга даярдануу;
- калкты эвакуацияга же өндүрүштө иштеген адамдарды кооптуу зонадан алып чыгып кетүүнү пландаштыруу жана даярдоо;
- калкты, өндүрүштүк персоналды жана башка объектилерди жекече коргонуу каражаттары менен камсыздоону уюштуруу;
- болжолдонгон өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда кантип аракеттенүүгө жана коргонуу чараларына калкты жана объектинин персоналдарын окутуу;
- өзгөчө кырдаал жөнүндө кабар берүү системасын уюштуруу жана даярдыкта кармап туруу, кабарлоо боюнча аткарылуучу иш аракеттерге окутуп үйрөтүү;
- өзгөчө кырдаалдын кайталап талкалоочу таасирин жокко чыгаруу же азайтуу;
- объектилерди авариялык режимге иштөөгө которууга даярдоо.
10-глава. Ири өндүрүштүк кырсыктардын, катастрофалардын жана табигый кырсыктардын пайда болуу коркунучу туулганда аткарылуучу иш-чаралар (жогорку даярдыктын режими)
Республиканын Жарандык коргонууну башкаруу органдарынын жетекчилик курамын кабардар кылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдик нөөмөтчүсү аркылуу ишке ашырылат. Жарандык коргонуунун облустук, Бишкек, Ош шаардык жетекчилик курамын кабардар кылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук, Бишкек, Ош шаардык башкармалыктарынын оперативдик кезметчилери, ошондой эле кезметчи телефонисттери тарабынан ишке ашырылат.
Райондун жана шаардын жетекчилик курамын кабардар кылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук, шаардык бөлүмдөрү, кезметтик телефонисттери аркылуу ишке ашырылат.
Жумушчуларды, кызматкерлерди жана калкты кабардар кылууну ишке ашыруу:
- калкты локалдык (кезметчи же кезметтик-диспетчердик кызмат) кабарлоону кошкондо кабарлоонун объектилик системасы боюнча;
- борборлоштурулган кабарлоонун жергиликтүү (облустук, райондук) системалары, жергиликтүү радиоуктуруу боюнча, ошондой эле кыймылдуу каражаттарды, күчөтүп сүйлөөчү түзүлүштөрдү пайдалануу менен;
- борборлоштурулган кабарлоонун автоматташтырылган системасы, мамлекеттик радио жана телекөрсөтүү боюнча.
Калкка табигый, техногендик, биологиялык-социалдык жана экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын жаралуу коркунучу тууралуу мамлекеттик радио жана телекөрсөтүү аркылуу, мекемелердин жана уюмдардын түздөн-түз байкоосунда жана көзөмөлүндө тиешелүү маалыматтарды берүү жолдору менен ишке ашырылат.
Өзгөчө кырдаалдын пайда болуу коркунучу туулганда иш-чараларды ишке ашыруу тартиби:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, объектилердин жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Жарандык коргонуунун тиешелүү комиссиялары кол алдындагы звенолордун иш-аракеттерин жетекчиликке алат, кырсык болушу ыктымалдуу райондогу кырдаалдын курчуп кетүүсүнүн себептерин аныктоо максатында ыкчам топторду түзөт, кырдаалды жөнгө салуу үчүн тиешелүү сунуштарды иштеп чыгат;
- ишкана, уюмдарда, мекемелерде кезметтик-диспетчердик кызмат күчөтүлөт. Курчап турган чөйрөнү контролдоо жана байкоо, потенциалдуу, кооптуу объектилердеги жана анын айланасындагы кырдаалды байкоо күчөтүлөт, өзгөчө кырдаалдын болуусун жана анын масштабын болжолдоо ишке ашырылат;
- түзүлгөн кырдаалга жараша аныкталган курамда Жарандык коргонуунун күчтөрү жана каражаттары даярдыкка келтирилет. Зарыл болгон учурда өрткө каршы, авариялык-куткаруучу, авариялык-калыбына келтирүүчү күчтөрдүн жана каражаттардын кезмети уюштурулат;
- иш-аракеттердин планы жана өзгөчө кырдаалдар болжолдонуучу райондорго чыгуунун тартиби такталат.
Өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгон жерге келген ыкчам топ кырдаалга баа берүү менен кырдаал жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтып, штабга кабарлайт:
- коркунуч (иш жүзүндөгү жана потенциалдуу) жөнүндө;
- бузулуулардын негизги түрлөрү жана алардын масштабы жөнүндө;
- жабыркаган адамдардын болжолдуу саны жөнүндө;
- өзгөчө кырдаал пайда болгон жерге баруу жөнүндө;
- башка маанилүү маалыматтар.
1. Жер титирөө коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:
- эвакуациялоо каражаттарын жана тамак-аш менен медикаменттердин керектүү запасын даярдоо:
- ыкчам топторду, куткаруу кошуундарын, чалгындоо күчтөрүн жана каражаттарын даярдоо;
- жабыркагандарды жайгаштыруу үчүн чатыр фондун даярдоо;
- тиешелүү кызматтар жана кошуундар негизги иш-аракеттеринен ажыратылбастан даярдыкка келтирилет (план боюнча);
- ведомстволук каражаттарды, маалымдоонун көчмө каражаттарын колдонуу менен калкка электрдик кабарлагычтар, радиоуктуруу тармагы аркылуу маалымдоо.
2. Кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, селдердин, суу ташкындарынын коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:
- ведомстволук байланыш каражаттарын жана маалымдоонун көчмө каражаттарын колдонуу менен калкка электрлештирилген кабарлагычтар, радиоуктуруу тармагы аркылуу маалымдоо;
- калкты суу каптоо, кар көчкү, жер көчкү зоналарын көчүрүү жана эвакуациялоо;
- байкоочу тармактар менен лабораториялык контролдоо мекемелерин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүү;
- коркунуч пайда болгон райондордон жаныбарларды айдап чыгуу, баалуу жабдууларды алып чыгуу;
- калкты эвакуациялоо жана материалдык баалуулуктарды ташып чыгуу үчүн автотранспортту даярдоо;
- кар көчкүлөрдү даярдалган багыттарга жасалма жол менен түшүрүү;
- тоо капталдарына мониторинг жүргүзүү системасын ишке ашыруу (зарыл болгондо);
- карлардын интенсивдүү эришин жана жаан-чачындын түшүшүнө байкоо жүргүзүү жана контролдоо, дарыялардагы жана көлдөрдөгү суунун деңгээлин өлчөө;
- жээктерди, көпүрөлөрдү бекемдөө иштерин, калктуу конуштарды коргоо үчүн курулмаларды жана чарба жүргүзүү объектилерин курууну уюштуруу;
- баштапкы райондордо өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн тартылган күчтөрү жана каражаттарды жайгаштыруу жана жумуш аткарылуучу орундарга жиберүү;
- тийиштүү кызматтар менен кошуундарды ишин негизги түрүнөн ажыратпай туруп даярдыкка келтирүү (план боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин постторунан, лабораториялык контролдоо жана байкоо мекемелеринен, Кыргыз гидрологиялык партиясынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан алынган маалыматтарды тактоо.
3. Радиациялык булгануу, химиялык булгануу, өрт жана жарылуу коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:
- радиациялык, химиялык, өрт коркунучу бар объектилерде авария болгондо кезметтеги персонал ушул объектиге жакын жашаган жумушчуларга, кызматчыларга, калкка, Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органына кабарлайт, ал оперативдик кезметчилери аркылуу Жарандык коргонуунун жогору турган башкаруу органдарына кабарлайт.
Жарандык коргонуунун бардык башкаруу органдары Жарандык коргонуунун карамагындагы кызматтарга, кошуундарга кабарлоону, ошондой эле калкка электрдик кабарлагыч жана радио берүү тармагы аркылуу маалымдоону байланыштын ведомстволук жана көчмө каражаттарын колдонуу менен уюштурат:
- опурталдуу материалдар туруктуу жайгашкан жерлерде жетекчилик курамдын күнү-түнү болуучу кезметин киргизүү;
- реалдуу метеомаалыматтар боюнча мүмкүн болуучу абалды болжолдоо;
- калкты, айыл чарба жаныбарларын коргоо жана мүмкүн болуучу кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды пландаштыруу;
- калкты жана айыл чарба жаныбарларын көчүрүү схемалары менен план-графиктерин, ошондой эле транспорттук, жолдук, материалдык-техникалык жактан камсыздоонун эсептерин тактоо, кырсыктан-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди өткөрүү үчүн материалдык-техникалык каражаттардын запасын тактоо;
- радиациялык жана химиялык коркунучтуу заттарды пайдалануучу объекттерде радиациялык контролдоону күчөтүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга багытталган кошуундарды, байкоо жүргүзүү тармактарын жана лабораториялык контролдоо мекемелерин, радиациялык-химиялык чалгындоо каражаттарын даярдыкка келтирүү боюнча даярдоо иш-чараларын өткөрүү;
- калкка жана чарба жүргүзүү объектилеринин кызматкерлерине жекече коргонуу каражаттарын берүүнү жана йоддук профилактика жасоону даярдоо;
- кампаларды, базаларды, азык-түлүктөрдү сактоо аянтчаларын, тамак-аш сырьёлорун, жем-чөптү жана суу менен камсыз кылуу булактарын радиоактивдүү булгануудан жылчыксыздандыруу үчүн материалдарды даярдоо;
- өзгөчө кырдаал учурунда колдонуу үчүн кабарлоонун локалдык системасынын, башкаруу жана байланыш системаларынын даярдыгын текшерүү;
- калктын жашынуусу үчүн 30 километрдик зонада коргоочу курулмаларды даярдыкка келтирүү;
- химиялык жарылуу коркунучу жана өрт коркунучу бар чарба жүргүзүү объектилериндеги үч режимдүү желдетүү менен коргоочу курулмаларды даярдыкка келтирүү;
- калган баардык коргоочу курулмаларды даярдыкка келтирүү;
- булганган абаны өткөрбөө максатында же өзгөчө кырдаалдын зыян келтирүүчү факторлорунун таасирлеринен имараттар менен курулмаларды жылчыксыздандыруу боюнча же имараттар менен курулмалардын кыйла алсыз элементтеринин (эшик-терезелер) бекемдигин жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- булгануусу мүмкүн болгон райондордогу кампалардан противогаздар менен респираторлорду калкка берүү үчүн ташып келүү;
- химиялык кооптуу объектилердеги жумушчулар менен кызматкерлерге, ошондой эле аларга жакын жашаган калкка өнөр жайлык жана жарандык газга каршы каражаттарды берүү (ууландыруучу буулар болгондо);
- Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын өкүлдөрүн чогултуу жана ыкчам топтордун ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон автотранспортту ишке тартуу;
- автотранспорттун санын, кошуундун тартибин, жарадарларды ташуу үчүн автоколоннанын баш ийүүсүн жана кыймылын, калкты шашылыш көчүрүүнү, зарыл болгон жүк менен материалдарды жеткирүүнү тактоо;
- өзгөчө кырдаал болгон райондордон көчүрүлгөн калкты жайгаштыруу үчүн имараттарды даярдоо;
- коркунуч жаралган райондордон калкты убактылуу эвакуациялоо жана көчүрүү, малды айдап кетүү, азык-түлүк жана тоюттун корун, материалдык баалуулуктарды чыгарып кетүү;
- негизги ишинен ажыратпастан туруп Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтарын жана кошуундарын даярдыкка келтирүү.
4. Эпидемия коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:
- санитардык-гигиеналык иштерди күчөтүү жана эпидемияга каршы алдын-алуу иш-чараларын өткөрүү;
- медициналык, дарылоо - алдын алуу мекемелерин иштөөнүн күчөтүлгөн режимине которуу, дарылоону амбулаториялык шартта бүтүрүүгө мүмкүн болгон оорулууларды ооруканалардан эртелеп чыгаруу, кошумча койка тармактарын жайылтуу;
- республиканын калкына жана кооптуу райондордон келип, обсервацияга туш болгон адамдарга организмдин айрым жугуштуу ооруларга каршы туруктуулугун жогорулатуу боюнча атайын медициналык иш-чараларды өткөрүү (эмдөөлөр, сыворотка саюу, медикаменттик алдын алуулар);
- негизги ишинен ажыратпай туруп Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтарын жана кошуундарын даярдыкка келтирүү.
5. Жаныбарлардын эпизоотиясынын коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:
- базарларды, жаныбарлар убактылуу топтолуучу башка жерлерди ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө;
- эт комбинаттарын, канаттуулар фермаларын, мал союучу пункттарды, ошондой эле алардын сырьёлорун даярдоочу, сактоочу жана кайра иштетүүчү ишканаларды ветеринардык көзөмөлдөө;
- жаныбарларды ташууда жана алардын сырьёлорун даярдоодо жана ташууда пайдаланылган транспорттун бардык түрлөрүн ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө;
- ветеринардык агартуу иштерин жүргүзүү, жаныбарлар менен канаттууларды камсыздандыруу;
- мал чарбалары менен канаттуулар фермаларын мандемдүү пункттардан инфекциялык оорулардын жугушунан сактоо;
- негизги ишинен ажыратпай туруп Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтарын жана кошуундарын даярдыкка келтирүү.
6. Катастрофалык суу каптоо (ташкын) коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:
Кабарлоо, кырдаалды болжолдоо.
Гидротүйүндөрдүн бузулушу жана катастрофалык суу каптоо коркунучу болгондо Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен кошуундары ыкчам кезметчилер аркылуу кабарлоонун аймактык системасы боюнча гидрокурулмалардын кызматкеринен алынган маалыматтын негизинде кабардар болушат. Суу капташы мүмкүн болгон зонадагы жумушчуларга, кызматчыларга жана калкка эвакуация жүргүзүү тартиби тууралуу кабарлоонун борборлоштурулган системасын пайдалануу менен, байланыштын радио берүү түйүнү, үн күчөтүүчү түзүлүштөр, кабарлоонун көчмө топтору аркылуу маалымдалат.
Байкоо жана контролдоо төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин посттору;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик;
- аба каражаттары.
Суу каптаган райондорду жана кыймылдын багыттарын жана эвакуацияны байкоо жана контролдоо төмөнкүлөрдү аныктоо боюнча милдеттерди чечүү максатында жүргүзүлөт:
- суу каптаган зонанын чегин;
- жабыркагандардын абалын жана турган жерин;
- жолдордун абалын;
- калктуу конуштар менен чарбалык объектилердин абалын;
- жерде жүрүүчү транспортту, сууда сүзүүчү каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн.
Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүү жана жайгаштыруу.
Ишти уюштуруу, башкаруу жана камсыздоо.
Төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:
- шаарларды (райондорду), транспорттук, медициналык кызматтарды жана коомдук тартипти сактоо кызматтары Жарандык коргонуунун кошуундарынын күчтөрү жана каражаттары даярдыкка келтирилет;
- катастрофалык суу каптоо мүмкүн болгон зонадан калк жарым жартылай көчүрүлөт жана материалдык баалуулуктар чыгарылат;
- калкты эвакуациялоо үчүн автотранспорт даярдыкка келтирилет;
- өндүрүштү авариясыз токтотуу иш-чаралары даярдалат, жабдууларды сактоо ишке ашырылат;
- суу өтүүчү каналдарды даярдоо боюнча инженердик жумуштарды тездетип аткаруу уюштурулат;
- суу сактагычтардан суу ыкчамдатып чыгарылат (өзгөчө буйрук менен).
11-глава. Өндүрүштүк ири кырсыктар, катастрофалар жана табигый кырсыктар болгондо жүргүзүлүүчү иш-чаралар (өзгөчө кырдаал режими)
Өндүрүштүк ири кырсыктар, катастрофалар жана табигый кырсыктардын келип чыгышы көп сандагы адамдардын түз жана кыйыр катышуусун жана төмөнкү аракеттерди аткарууну талап кылат:
- өлүм коркунучунда турган, оор жаракат алган же болбосо үй-жайсыз калган көпчүлүк адамдарга жардам көрсөтүү үчүн авариялык жана көмөкчү кызматтарды мобилизациялоо жана уюштуруу;
- булганган зонаны санитардык тазалоо менен курман болгондорду чыгаруу жана ташып кетүү;
- бир катар кызматтардын жардам көрсөтүү боюнча кеңири масштабдагы бириктирилген ресурстары;
- калктан келип түшкөн көп сандагы суроо-талаптарды кароо;
- табигый кырсык болгон райондордон калкты жана жаныбарларды эвакуациялоо.
Республикалык масштабдагы өзгөчө кырдаал учурунда мамлекеттик жогорку кызмат адамдары тарабынан атайын жана өзгөчө чара көрүү талап кылынат. Мында төмөнкү иштерди аткаруу талап кылынат:
- өзгөчө кырдаал келип чыккан учурдан баштап мамлекеттик органдардын катышуусу;
- окуя расмий түрдө катастрофалык деп жарыялангандан тартып, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын жана өз алдынча негизги ведомстволордун бардык мүчөлөрүнүн иш-чараларды пландаштыруу үчүн Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда алдын ала макулдашып катышуусу.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жана башка министрликтерде, ведомстволордо өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга тартылган ыкчам штабдарды түзүү.
Республикалык масштабда болгон мамлекеттик деңгээлдеги өзгөчө кырдаалда координациялоо жана жардам берүү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин төрагалыгы менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосунда ишке ашырылат.
Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жыйындарына төмөнкүлөр чакырылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары жана өзгөчө кырдаал болгон аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (айыл өкмөттөрдүн башчылары, шаарлардын мэрлери);
- министрликтердин жетекчилери - Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтарынын начальниктери;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги, борбордук аппараттын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Авиация департаменти" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү;
- медициналык тез жардам кызматынын өкүлдөрү;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы, республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.
Эскертүү:
- Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда болгон жыйынга, эгер ошол учурдагы жагдай талап кыла турган болсо, башка кызматтардын, уюмдардын жана ведомстволордун өкүлдөрү да чакырылышы мүмкүн;
- купуялуулукту сактоо максатында, коомчулукка берилүүчү бардык маалыматтар (өзгөчө ден соолукту сактоого жана илимге байланышкан маалыматтар) республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарына берилерден мурда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы менен макулдашылышы керек.
Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүчү категориялар:
- коомдук тартипти сактоо кызматы, медициналык кызмат, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматы, маалымдоо жана байланыш кызматы, өрткө каршы кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- транспорттук кызмат, суудан коргоочу кызмат, материалдык-техникалык камсыздоо кызматы, инженердик кызмат, энергия менен жабдуу жана жарыктан коргоо кызматы жана коммуналдык-техникалык кызмат.
1-категорияга кирген топтор өзгөчө кырдаалдарга негизги чара көрүүлөрдү ишке ашырат, ошол эле учурда 2-категориядагы топтор дагы мамлекеттик жана жеке сектордо дагы биргелешип аракеттенүүчү чечүүчү тараптар болуп эсептелишет.
Өзгөчө кырдаал болгон жерге келген ыкчам топ аркылуу кырдаалга баалоо жүргүзүлөт жана жагдай тууралуу өзүнүн штабына токтоосуз түрдө баяндама берилет. Маалыматта төмөнкүлөр камтылышы керек:
- бузулуулардын негизги түрлөрү жана алардын масштабы;
- жабыркаган адамдардын болжолдуу саны;
- өзгөчө кырдаал болгон жерге жетүү мүмкүндүгү;
- башка маанилүү маалыматтар.
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуну жетектөө өзгөчө кырдаалдын оордук даражасына жараша өзгөчө кырдаал болгон аймактагы тиешелүү уюмдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
Республикалык же трансчекаралык өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жетекчиликти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси өз мойнуна алат.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчиси өзүнүн буйругу менен өзгөчө кырдаал болгон зонанын чегин, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткаруунун тартибин белгилейт.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчисинин чечими өзгөчө кырдаалдардын аймагында турган бардык жарандар жана уюмдар үчүн милдеттүү болот, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамында башкача каралбаса.
Өзгөчө кырдаал зонасынын чектери өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчилери тарабынан Өзгөчө кырдаалдын классификациясынын негизинде аныкталат.
1. Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби
Өзгөчө кырдаал жөнүндө маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-ноябрдагы № 529-б буйругунда аныкталган тартипке ылайык ишке ашырылат.
2. Жер титирөөлөрдүн болушу
Төмөнкү иш-чаралар жер титирөө коркунучу болгон учурда жүргүзүлүшү керек:
- маалымдоо;
- жагдайды болжолдоо.
Жер титирөө болгондо Жарандык коргонуунун жетекчилик курамы, региондук башкаруу органдары жана кошуундар борбордук кабарлоо системаларын пайдалануу менен маалымдалат. Зым линиялар жараксыз болуп калса, маалымдоо радио аркылуу жүргүзүлөт.
Жер титирөө зонасындагы жумушчулар, кызматкерлер жана калк эвакуация кылуунун тартиби жана тиричиликти камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө байланыштын, радио уктуруу түйүндөрү, үн күчөткүчтөр, көчмө кабарлоо топтору берген, ошондой эле атайын маалыматтар аркылуу кабардар болушат.
Жер титирөө болгон райондун өзүндө башкаруунун көчмө пункту жайгаштырылат. Байланышты камсыздоо үчүн, Жарандык коргонуунун кабарлоо жана байланыш кызматынын көчмө байланыш түйүнү жайгаштырылат.
Байкоо жана контролдоо жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана кызматтарынын ыкчам топтору, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүктөрү тартылышат.
Байкоо жана контролдоо жүргүзүү боюнча ыкчам топтордун милдеттери:
- кыйроолордун мүнөзүн жана даражаларын аныктоо;
- жер титирөө зоналарынын чектерин аныктоо;
- жабыр тарткандардын абалын жана турган жерин аныктоо;
- жолдордун бар экендигин жана абалын аныктоо;
- калктуу конуштарды жана экономика объектилерин аныктоо;
- транспортту пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктоо.
Маалыматтарды топтоо жана жалпылоо, түзүлгөн абалды болжолдоо жана калкты коргоо жана жер титирөөнүн кесепеттерин азайтуу боюнча шашылыш иш-чараларды Жарандык коргонуунун аймактык жана тармактык башкаруу органдары зарыл болгон адистерди тартуу менен жүргүзөт.
Жер титирөө убагында калкты эвакуациялоо жана авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштар.
Райондук (шаардык) масштабда калкты эвакуациялоо жана кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштар боюнча жетекчилик Жарандык коргонуу боюнча райондук (шаардык) жана айылдык калктуу конуштардын комиссиялары тарабынан Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана кызматтарын тартуу менен, ал эми чарба жүргүзүү объектилеринде - ошол объектилердин жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.
Калкты эвакуациялоо жана кырсыктан куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткаруу үчүн Жарандык коргонуунун райондук (шаардык) куткаруу кошуундарынын күчтөрү жана каражаттары, инженердик, транспорттук, медицина кызматтары жана коомдук тартипти сактоо кызматтары тартылат. Алар өздөрүнүн пландарына ылайык, өз алдыларынча белгиленген топтолуу орундарына келишет жана авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткарууга киришет. Зарыл болгондо күч жана каражаттардын темпин андан аркы күчөтүү жабыр тартпаган облустар менен райондордун (шаарлардын) Жарандык коргонуу кошуундарынын (объектилик, аймактык) күчтөрүн жана каражаттарын тартуу жолу менен ишке ашырылат.
Калкты жер титирөө болгон зонадан эвакуациялоо төмөнкү ыкмалар менен ишке ашырылат:
- жөө алып чыгуу;
- менчик транспортту тартуу менен;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү жана каражаттары менен;
- жакын жайгашкан уюмдардын транспортун тартуу менен;
- транспорттук кызматтын күчү жана каражаттары менен.
Жер титирөө болгондо куткаруу жумуштары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- адамдарды урандылардын алдынан издөө жана бошотуу, коопсуз райондорго эвакуациялоо;
- медициналык жардам көрсөтүү жана жабыркагандарды дарылоо-алдын алуу мекемелерге эвакуациялоо;
- өтүүчү жолдорду жасоо жана урандыларды тазалоо;
- имараттардагы жана урандылардагы өрттү жана өрт очокторун өчүрүү;
- жабыркагандарды суу, тамак-аш, кийим жана убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу;
- жайгаштыруу райондорундагы эвакуацияланган калктын жашоо-тиричилигин камсыздоону уюштуруу;
- коммуналдык-энергетикалык тармактарда авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү;
- айыл чарба жаныбарларын жер титирөө болгон зонадан чыгаруу жана коопсуз райондорго ташып келүү;
- материалдык баалуулуктарды жер титирөө болгон зонадан коопсуз райондорго ташуу.
Жер титирөө болгондо кечиктирилгис жумуштар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- имараттар менен курулмаларды бекемдөө же кулатуу;
- жүрүүчү маршруттардагы жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;
- коммуналдык-энергетикалык тармактардагы аварияларды токтотуу.
3. Химиялык-опурталдуу объекттерде авария болгондо
Химиялык-опурталдуу объектилерде авария болгондо төмөнкү иштер жүргүзүлүшү керек:
- кабарлоо;
- жагдайды болжолдоо.
Кырсыктын болгондугу тууралуу Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана кошуундары байланыштын бардык каражаттары менен берилүүчү сигналдар менен кабарланат.
Жумушчулар, кызматкерлер жана калк электр сиреналары, үн күчөткүчтөр жана маалымдоонун көчмө каражаттары менен маалымдалат, алар аркылуу жүрүм-турум тартиби оозеки айтылат.
Кабарлоодон кийин реалдуу метеомаалыматтар боюнча кырдаалды баалоо жүргүзүлөт жана калкты, айыл чарба жаныбарларын сактоо жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча сунуштар даярдалат, метеорологиялык байкоолор жана булганган абанын багыты жөнүндөгү маалыматтарды жана иш-аракеттердин тартибин калкка жеткирүү уюштурулат.
Жагдайды байкоо жана контролдоо үчүн объектилерди, шаарларды, райондорду чалгындоо кошуундары, байкоо тармактарынын жана лабораториялык контролдун күчтөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчмө химия-радиометрикалык лабораториялары, радиациялык химиялык чалгындоо топтору менен звенолору, химиялык жана радиометрикалык лабораториялары, облустардын, Бишкек Ош шаарларынын Жарандык коргонуусунун чалгындоо кызматынын топтору тартылат.
Объектилердеги чалгындоону объектилер менен министрликтердин адистештирилген чалгындоо кошуундары, ал эми булганган райондордо - чалгындоонун аймактык топтору жүргүзөт.
Кырсыктан-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерге тартылган Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүү жана жайгаштыруу:
- болгон коргоочу курулмалар даярдыкка келтирилет, жердин үстүндөгү имараттар менен курулмаларга калктын жашыруусу үчүн жылчыксыздандыруу жүргүзүлөт;
- күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар менен булгануу мүмкүндүгү бар зоналардан калк жарым-жартылай көчүрүлөт;
- медициналык тез жардамдын бригадалары даярдыкка келтирилет, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардан жабыркагандарды кабыл алуу үчүн дарылоочу мекемелер жайгаштырылат;
- өндүрүштү авариясыз токтотууга даярдык көрүлөт;
- кошумча үн күчөткүчтөр, көчө сиреналары орнотулат жана кабарлоонун көчмө каражаттары даярдалат;
- булгануунун очокторун (топурак үйүлүп жал жасалат, дамбалар, суу аккан арыктар, суюктук сактоочу челектер көмүлөт ж.б.) токтотуу боюнча жумуштарды тездетип бүткөрүү иштери уюштурулат;
- калк коргоочу курулмаларга калкаланат;
- калкты булгануу мүмкүнчүлүгү бар очоктон жана зоналардан эвакуациялоо аяктайт;
- жаныбарларды эвакуациялоо аяктайт;
- күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын компоненттерин бейтарапташтыруу (концентрациясын азайтуу) жүргүзүлөт.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн күч менен каражаттарды топтоо жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар бар объектилерде, облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында куткаруу жумуштарын жүргүзүү объектилери Жарандык коргонуунун тиешелүү начальниктеринин пландары менен аныкталат.
Авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштардын башталгыч этабында кырсык болгон объектилердин күчтөрү (кезметтик алмашуу), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын көчмө топтору, өрткө каршы кызматтын бөлүктөрү токтоосуз ишке киргизилет.
Андан кийин авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирүүгө болбогон жумуштарды объекттеги жумушчулар менен кызматчылардын, Жарандык коргонуунун облустук, шаардык (райондук) кызматтарынын кошуундарынын эсебинен жүргүзүү боюнча аракеттерди күчөтүү ишке ашырылат.
Коомдук тартипти сактоо кызматынын күчү менен булгануунун очогун курчоого алуу ишке ашырылат, өткөрүү тартиби, коменданттык кызмат орнотулат, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар менен булганган зонадан калкты шашылыш эвакуациялоону даярдоо жана эвакуациялоо жүргүзүлөт.
Транспорт кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы менен бирдикте топтоону, жаракат алгандарды ташып кетүү жана калкты шашылыш эвакуациялоо үчүн белгиленген орундарга атайын автоколонналарды (транспорт каражаттарын) даярдыкка келтирүүнү жана жөнөтүүнү уюштурат.
Медициналык кызмат зарыл болгон профилдеги дарылоочу-алдын алуучу мекемелердин тармагын алардан амбулаториялык шартта дарыланса боло турган оорулууларды тездетип чыгаруу менен даярдыкка келтирүүнү камсыз кылат, ошондой эле кошумча койка тармагын жайылтууну ишке ашырат.
Негизги күч-аракет жабыркагандарды куткарууга жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар төгүлгөн очокторду тосууга, булганган зоналардагы очокторду жугушсуздандырууга топтолушу керек. Булганган абанын таркалуу аймагын азайтуу үчүн вертикалдык суу көшөгөсү колдонулат.
Жабыр тарткан калктын тиричилигин камсыз кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен уюштурат.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды башкаруу Жарандык коргонуунун тиешелүү аймактык жана тармактык башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.
Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен кошуундарына, жумушчуларга, кызматчыларга жана калкка кырдаал, аларды булгануу очокторунда өздөрүн алып жүрүү эрежелери жана аракеттери тууралуу кабарлоо Жарандык коргонуунун байланыштын жана кабарлоонун штаттык системалары жана облустардын, шаарлардын, райондордун, калктуу конуштардын, чарба жүргүзүү объектилерин радио уктуруу түйүндөрүн пайдалануу жолу менен ишке ашырылат.
Жумушчуларды, кызматчыларды жана калкты химиялык коркунучтан сактоону камсыздоого төмөнкү жолдор менен жетишилет:
- химиялык булгануу коркунучу тууралуу белгиленген сигнал берүү жана андан кийин сөз менен айтып өз убагында кабардар кылуу;
- калк, жумушчулар жана кызматчылар тарабынан жекече коргонуу каражаттарын - өндүрүштүк жана жарандык газга каршы каражаттарды же нымдалган кебез-даки таңгычтарын, Жарандык коргонуунун кошуундарынын өздүк - курамы изоляциялоочу жана өндүрүштүк газга каршы, ошондой эле терини коргоочу каражаттар менен;
- элди калкалоо үчүн пайдаланылуучу өндүрүштүк, административдик жана турак жай имараттарын жылчыксыздандыруу;
- кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышпаган калкты, жумушчулар менен кызматчыларды өндүрүштүк, административдик жана турак жай имараттарында, ошондой эле коргоочу курулмаларда абаны генерациялоо режими менен калкалоо.
Жумушчулар менен кызматчыларды противогаз менен күн мурунтан камсыздоо объектинин запасынын эсебинен ишке ашырылат.
Противогаздар жекече коргонуу каражаттарын берүүчү көчмө пункттар тарабынан күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын концентрациясы жогору болгон зоналарга туш болгон жана коргонуучу (имараттарда, курулмаларда) жайларда көпкө чейин турууга мүмкүн болбогон эвакуациялануучу калкка гана берилет. Калк мүмкүндүккө жараша эвакуацияланат, ал эми булганган зонанын алыскы чек арасындагы калк үчүн жылчыксыздандырылган имараттар менен курулмаларда калкалануу коргонуунун жетиштүү чарасы болушу мүмкүн.
Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар менен булганган зонадан калкты шашылыш эвакуациялоо эки жол менен пландалат:
- булгануу мүмкүн болгон зонадан транспорт менен алдын ала ташып чыгаруу жана өз алдынча чыгып кетүү;
- калкты туруктуу жашоо орундарынан жекече коргонуу каражаттарын алгандан кийин жекече коргонуу каражаттарын берүү пункттарын жана калкты эвакуациялоо үчүн бөлүнгөн автоколоннаны биргелешип пайдалануу жолу менен булгануу зонасынан чыгаруу.
Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат:
- биринчи медициналык жардам - эвакуациялоо жана өз ара бири-бирине жардам берүү аркылуу объектинин медициналык пунктунун, медициналык тез жардам бригадасынын кызматкеринин күчтөрү жана каражаттары менен;
- дарыгердин кечиктирилгис адистик жардамы - дарылоо-алдын алуу мекемелеринде.
Айыл чарба жаныбарларын коргоо күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын концентрациясы кыйла жогору болгон зоналардан жаныбарларды эвакуациялоо, ошондой эле калган жаныбарларды ферманын жылчыксыздандырылган имаратында жана башка ыңгайлаштырылган курулмаларда далдалоо жолу менен ишке ашырылат.
4. Радиациялык кооптуу объектилерде авариялардын болушу
Радиациялык кооптуу объектилерде кырсык болгондо төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:
- кабарлоо;
- жагдайды болжолдоо.
Кырсыктын болгону тууралуу башкаруу органдары менен Жарандык коргонуунун кошуундары байланыштын бардык каражаттары менен берилүүчү кабарлагычтар аркылуу кабарланат. Жумушчуларга, кызматкерлерге жана калган калкка борборлоштурулган маалымдоо системасы, электрдик сиреналар, үн күчөткүчтөр, көчмө кабарлоо каражаттары аркылуу аталган кырдаалдагы иш-аракеттердин тартиби тууралуу маалымдалат.
Радиациялык жагдайды реалдуу метеорологиялык маалыматтар боюнча шашылыш баа берилип жана сунуштар даярдалгандан кийин калкты, айыл чарба жаныбарларын коргоо жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө чечимдер кабыл алынат.
Туруктуу радиациялык байкоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борборунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкармалыктары жана бөлүмдөрү тарабынан уюштурулат.
Сырткы чөйрөнүн ар кандай сынамыктарына жана объектилерине сапаттуу жана сандык талдоо жүргүзүү үчүн байкоо тармактары менен лабораториялык контролдоо мекемелери, ветеринардык лабораториялар, объектилик лабораториялар тартылат.
Жагдайга байкоо жана контролдоо жүргүзүү үчүн шаарлар менен райондордун Жарандык коргонуу кошуундары, байкоо тармактары менен лабораториялык контролдоо мекемелери тартылат.
Объектилердеги байкоону жана контролдоону министрликтер менен объектилердин Жарандык коргонуусунун адистештирилген чалгындоо кошуундары, булганган райондордо - Жарандык коргонуунун аймактык чалгындоо топтору жүргүзөт, Байкоолор коюлган радиациялык химиялык байкоо посттору тарабынан жүргүзүлөт.
Радиациялык кооптуу объектилердеги авариялардын кесепеттерин жоюу үчүн төмөнкү иш-чаралар аткарылат:
- болгон коргоочу курулмалар даярдыкка келтирилет, калкты калкалоо үчүн жер үстүндө жайгашкан имараттар менен курулмалар жылчыксыздандырылат;
- калкты радиоактивдүү заттар менен булгануу мүмкүн болгон зоналардан жарым-жартылай көчүрүү жүргүзүлөт;
- атайын коргоонун бириктирилген мобилдүү отряддары, медициналык тез жардам бригадалары даярдыкка келтирилет;
- радиоактивдүү заттардан жабыркагандарды кабыл алуу үчүн дарылоо мекемелери жайгаштырылат;
- өндүрүштү авариясыз токтотуу абалына даярдык көрүү ишке ашырылат;
- кошумча үн күчөткүчтөр, көчө сиреналары орнотулат жана кабарлоонун көчмө каражаттары даярдалат;
- булгануунун мүмкүн болгон очокторун чектөө боюнча жумуштарды тездетип бүткөрүү уюштурулат (жалдарды, тосмолорду, суу акчу арыктарды жасоо, суюктук куюлчу идиштерди бекитүү ж.б.).
Авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарга тартылуучу Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын кеңири жайылтуу аларды даярдыкка келтирүү пландарына ылайык жүргүзүлөт. Облустардагы, Бишкек, Ош шаарларындагы радиациялык кооптуу объектилерде кырсыктын кесепеттерин жоюу жана куткаруу жумуштарын жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу күчтөрү менен каражаттарын топтоо Жарандык коргонуунун тиешелүү начальниктери тарабынан пландарга ылайык аныкталат.
Ал үчүн кыска мөөнөттүн ичинде:
- калк коргоочу курулмаларга жашырылат;
- калкты булгануу очогунан жана булганууга мүмкүн болгон зоналардан эвакуациялоо аяктайт;
- айыл чарба жаныбарларын айдап чыгуу аяктайт.
Кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүдөгү негизги күч-аракет имараттар менен курулмалар бузулган учурда пайда болгон урандылардын алдынан жабыркагандарды чыгарууга жана аларга медициналык жардам көрсөтүүгө, дарылоо мекемелерине эвакуациялоого, иондоштурулган нурлануу булактарын токтотууга же басаңдатууга, өрттөрдү токтотууга жана өчүрүүгө, коммуналдык-эксплуатациялык тармактардагы кырсыктарды чектөөгө жана кесепеттерин жоюуга топтолот.
Жабыр тарткан калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен уюштурушат.
Радиациялык кооптуу объекттерде кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды башкаруу Жарандык коргонуунун тиешелүү аймактык жана тармактык органдары тарабынан ишке ашырылат.
Байланышты жана башкарууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчмө байланыш түйүнү жайылтылат жана байланыштын ведомстволук каражаттары колдонулат.
5. Калктын, айыл чарба жаныбарларынын, канаттуулардын арасында инфекциялык оорулардын (эпидемия, эпизоотия) массалык түрдө болушу
Массалык түрдө инфекциялар оорулар пайда болгондо төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:
- кабарлоо;
- жагдайды болжолдоо.
Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдарына эпидемиянын пайда болушу жөнүндө медициналык мекемелер маалымдайт. Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарына, кошуундарына жана калкка кабарлашат.
Эпизоотия коркунучу пайда болгону жөнүндө Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдарына жана агроөнөр жай бирикмелерине байкоо тармактары жана лабораториялык контролдоо мекемелери, ветеринардык кызмат маалымдайт.
Эпидемия пайда болгон учурда атайын бактериологиялык чалгындоо Жарандык коргонуунун медициналык кызматы тарабынан уюштурулат жана эпидемиологиялык чалгындоонун, байкоо жүргүзүү тармактары жана лабораториялык контролдоо мекемелеринин күчтөрү менен жүргүзүлөт.
Эпизоотия пайда болгон учурда байкоо жана контролдоо жүргүзүү үчүн ветеринардык чалгындоонун бөлүмдөрү, ветеринардык лабораториялар жана чарбалардын ветеринар адистери тартылышат.
Эпидемия жана эпизоотия учурунда маалыматтарды жыйноо жана жалпылоо, ошондой эле мүмкүн болуучу жагдайларды болжолдоо агроөнөр жай бирикмелеринин адистерин тартуу менен Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана кызматтары (медициналык жана ветеринардык) аркылуу жүргүзүлөт.
Эпидемия пайда болгондо:
- ооругандарды бөлүү, ооруканага жаткыруу жана дарылоо уюштурулат;
- Жарандык коргонуу кызматтарынын ортосундагы байланыш уюштурулат;
- Жарандык коргонуу кошуундарынын өздүк курамына жана калкка эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча шашылыш жана өз алдынча профилактикалоо жүргүзүлөт;
- атайын бактериологиялык байкоо жана контролдоо уюштурулат;
- эпидемиянын чыгышын токтотуу жана мүмкүн болуучу кесепеттерин жоюу боюнча атайын бактериологиялык лабораториялардын анализдеринин жыйынтыктары жана сунуштар даярдалат;
- калк арасында атайын максатта санитардык-агартуу жумуштары уюштурулат;
- эпидемияны жоюу үчүн Жарандык коргонуу күчтөрү жана каражаттары кеңири жайылтылат;
- эпидемияга каршы режим жана калктын тамактануусу, суу менен камсыз болуусу контролдонот.
Эпизоотия пайда болгондо:
- калган жаныбарлардын ар бирине эмдөө жүргүзүлөт;
- ветеринардык кызматтын күчү менен жаныбарлардан (канаттуулардан) ылаңды аныктоо үчүн сынамы алынат;
- ылаңдаган жаныбарлар өзүнчө бөлүнөт;
- жаныбарларды коргоо бригадалары (командалар) жайылтылат;
- зооветеринардык участкалар ишке киргизилет;
- абал жайында болбогон пункттарга карантин коюлат;
- ылаңдаган жаныбарлар бөлүнөт;
- калган жаныбарлар вакцинацияланат;
- малканаларды жана чектешкен аймактарды дезинфекциялоо, дератизациялоо жана дезинсекциялоо жүргүзүлөт;
- жаныбарлардын жана канаттуулардын өлүктөрү утилдештирилет.
Адамдарды коргоо толук системалык түрдө санитардык тазалоодон өткөрүү менен ишке ашырылат.
Карантин зонасындагы калктын жашоо-тиричилигин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен уюштурушат.
Эпидемия жана эпизоотияны жоюу боюнча иш-чараларды башкаруу Жарандык коргонуунун тармактык жана аймактык органдары аркылуу ишке ашырылат.
Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына жана кошуундарына, жумушчуларга, кызматчыларга жана калган калкка жагдай, алардын аракеттери жана өздөрүн алып жүрүү эрежелери жөнүндө кабарлоо жана маалымдоо бардык жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу жана жеке сүйлөшүү менен ишке ашырылат.
Байланыш иштеп жаткан байланыш түйүндөрү боюнча уюштурулат. Зарыл болгон учурда ведомстволук байланыш каражаттары ишке тартылат.
6. Кар көчкүлөрү, жер көчкүлөрү, сел агымдары жана суу ташкындарынын пайда болушу
Төмөнкү иш-чаралар кар көчкүлөрү, жер көчкүлөрү жүргөн учурда, сел жүргөн жана суу ташкын болгондо жүргүзүлөт:
- кар көчкүнүн жана урандылардын алдынан адамдарды издөө, аларды чыгаруу, коопсуз райондорго эвакуациялоо;
- медициналык жардам көрсөтүү жана жабыркагандарды дарылоо-алдын алуучу мекемелерге эвакуациялоо;
- баруучу жолдорду калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаал болгон жерге колонналык жолдорду салуу;
- жабырлануучуларга суу, тамак-аш, кийим жеткирүү;
- жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;
- коммуналдык-энергетикалык тармактарда жана байланыш линияларындагы аварияларды жоюу.
Өзгөчө кырдаалдын зонасында эвакуация жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр тартылат:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү жана каражаттары;
- Жарандык коргонуунун куткаруучу кошуундары;
- инженердик кызматтар;
- транспорт кызматы;
- медициналык кызмат;
- коомдук тартипти сактоо кызматы.
Күчтөрдү жана каражаттарды андан ары көбөйтүү жабыр тартпаган облустар менен шаарлардын, райондордун Жарандык коргонуу кошуундарынын (объектилик, аймактык) күчтөрүн жана каражаттарын тартуу жолу менен ишке ашырылат.
Куткаруу жумуштарын жүргүзүү менен бирге, аларды камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу, баруучу маршруттагы жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, коммуналдык-энергетикалык тармактардагы аварияларды токтотуу боюнча кечиктирилгис жумуштар жүргүзүлөт.
Бул иш-чараларды жүргүзүү үчүн куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана жол-курулуш уюмдарынын, коммуналдык-энергетикалык кызматтардын күчтөрү жана каражаттары кошумча тартылат. Кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүгө жетекчилик кылуу райондук (шаардык) жана калктуу конуштардын Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиялары, ал эми чарба жүргүзүү объектилеринде - объектилердин жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.
Жабыр тарткан калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, министрликтердин, ведомстволордун адистештирилген кошуундары, ошондой эле райондун, шаардын, облустун уюмдары, мекемелери тарабынан уюштурулат.
Жарандык коргонуунун кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш чараларын башкаруу Жарандык коргонуунун аймактык жана тармактык башкаруу органдары аркылуу ишке ашырылат, алар өз иштерин башкаруунун көчмө пункттарында уюштурушат.
Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына жана кошуундарына, жумушчуларга, кызматчыларга жана калган калкка жагдай, кооптуу райондордогу алардын аракеттери жана өздөрүн алып жүрүүнүн эрежелери тууралуу маалыматтар радио түйүндөрү, байланыштын ведомстволук каражаттары жана жекече маалымдоо аркылуу жеткирилет.
Башкаруу органдары менен байланыш зымдуу жана зымсыз байланыш каражаттары менен ишке ашырылат, табигый кырсык болгон жерде байланыштын радио жана зымдуу каражаттары кошумча коюлат.
7. Өндүрүштүк ири авариялардын, жарылуулардын, өрттөрдүн болушу
Өндүрүштүк ири авариялар, жарылуулар, өрт болгон учурда төмөндөкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:
- кабарлоо;
- жагдайды болжолдоо.
Технологиялык жабдууларда, темир жол, аба транспортунда өрт чыгуу, авария коркунучу болгондо, өрт кооптуулугу күч алган мезгилде токой массивдериндеги опурталдуу кырдаалдарда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына жана күчтөрүнө кабарлоо Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдарынын нөөмөттөгү кызматкери жана өрткө каршы бөлүкчөлөрдүн кароол нөөмөтчүлөрү кабарлайт. Башкаруу органдары Жарандык коргонуунун кызматтарына жана кошуундарына, калкка кабарлоону уюштурат.
Чарба жүргүзүү объектилериндеги кырсык, жарылуу болгону жана өрттүн чыгышы тууралуу Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана кошуундарына, өрткө каршы кызматтын кезметчисине медициналык тез жардамга жана милицияга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдарынын оперативдик нөөмөтчүлөрү жана мамлекеттик өрткө каршы кызматтын нөөмөттүк кызматы кабарлайт.
Жарылуудан бузулган зонада же өрт чыккан жерге жакын жүргөн жумушчулар, кызматчылар жана калк көчө сиреналары, үн күчөткүчтөр, байланыш түйүндөрү, көчмө каражаттар жана кабарлоо топтору аркылуу эвакуация жүргүзүүнүн тартиби, жүрүм-турум эрежелери жана тиричиликти камсыз кылуу боюнча чаралары жөнүндө кабарланат.
Реалдуу маалыматтар боюнча Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын ыкчам топтору тарабынан мүмкүн болуучу кырдаал болжолдонот жана калкты, айыл чарба жаныбарларын, материалдык баалуулуктарды коргоо боюнча сунуштар даярдалат.
Реалдуу түзүлгөн жагдайды болжолдоону Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдары өрт күзөтүнүн адистерин тартуу менен жүргүзөт.
Мүмкүн болуучу өрт кырдаалын болжолдоо республиканын, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекеттик өрткө каршы кызматтарынын өрт өчүрүүчү ыкчам штабдары тарабынан жүргүзүлөт.
Чарба жүргүзүү объектилериндеги өрт чалгынын өрткө каршы кызматтын адистештирилген өрт өчүрүү бөлүкчөлөрү жүргүзөт.
Авариялардын, жарылуулардын, өрттөрдүн кесепеттерин жоюу үчүн:
- ири жана татаал өрттөрдү өчүрүү пункттары даярдыкка келтирилет;
- Жарандык коргонуунун иш-чараларын камсыз кылуу үчүн Жарандык коргонуу кызматтарынын түзүмдөрү даярдыкка келтирилет;
- авария болуп жаткан жердин туш тарабы чектелет;
- өрткө каршы суу менен жабдуунун убактылуу булактары, көлмөлөр, дамбалар, убактылуу суу өткөргүчтөр тездик менен курулат;
- калк жарым-жартылай көчүрүлүп, мал айдап чыгылат;
- тез жардам бригадалары даярдыкка келтирилет, дарылоо мекемелери жабыркагандарды кабыл алууга даярдалат;
- авария болгон жер курчоого алынат.
Өзгөчө кырдаал болгон учурдан тартып өрткө каршы кызматтын жана Жарандык коргонуунун башка кызматтарынын күчтөрү аны локалдаштырууга жана жоюуга киришет, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүнү камсыздашат, бул учурда төмөнкү иштер аткарылат:
- калкты кырсык болгон жерден эвакуациялоо;
- малды коопсуз райондорго айдап чыгаруу;
- сакталып калган өндүрүштүн туруктуулугун арттыруу жана материалдык ресурстарды эвакуациялоо боюнча кечиктирилгис иш-чараларды жүргүзүү.
Авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштардын башталгыч этабында кырсык болгон объектинин күчтөрү (өрткө каршы жана башка кошуундардын нөөмөтчүлөрү), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын көчмө топтору, өрткө каршы, авариялык-куткаруучу жана башка кошуундар токтоосуз аракетке келишет.
Объектидеги авариялык-калыбына келтирүү жумуштары кырсыкты жоюу боюнча алдын ала иштелип чыккан планга ылайык жүргүзүлөт.
Жабыр тарткан калктын жашоо тиричилигин камсыз кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен уюштурушат.
Авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органынын жетекчиси башкарат.
Калкты, айыл чарба жаныбарларын, өндүрүштүк жана башка объектилерди ири өрттөрдөн жана жарылуулардан сактоо.
Сактоо боюнча негизги иш-чаралар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүү жана аларды профилактикалык-дарылоочу мекемелерге жеткирүү;
- бузулган имараттардан, өрт жетиши мүмкүн болгон зоналардан калкты эвакуациялоо жана аларды даярдалган жайларга жайгаштыруу;
- түтүн каптаган жана күйүп жаткан бөлмөлөрдү кылдаттык менен текшерүү жана жабыр тарткандарды издөө;
- куткаруу жумуштарын ийгиликтүү жүргүзүүгө тоскоол болгон жана өрттүн андан ары таралуу коркунучун түзгөн өрттүн очогун биринчи кезекте өчүрүү жана токтотуу;
- өрт таралышы мүмкүн болгон зонадан материалдык баалуулуктарды, мүлктү жана техникаларды, айыл чарба жаныбарларын чыгаруу;
- өрткө каршы аралыктарды түзүү, анча баалуу эмес жана эскирген жыгач курулуштарды бузуу;
- өрттүн таралышына тоскоолдук кылуучу башка чараларды көрүү.
Калкты эвакуациялоо эки жол менен жүргүзүлөт:
- өрт таралышы мүмкүн болгон зоналардан менчик транспортту жана жакын жайгашкан объектилердин транспортторун пайдалануу менен, ошондой эле транспорттук кызматтардын түзүмдөрүн жана жөө адамдарды тартуу менен күн мурунтан ташып чыгаруу жана алып чыгуу;
- калкты өрттөн бузулган жана күйгөн имараттардан адамдарды ташуучу автоколонналар менен эвакуациялоо.
8. Катастрофалык суу каптоонун (суу ташкындын) болушу
Авария жана катастрофалык суу каптоо болгону жөнүндө Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана кошуундары борбордук кабарлоо системасы аркылуу кабардар болушат.
Жумушчулар, кызматкерлер жана калган калк катастрофалык суу каптоо жөнүндө кабарлоо системасы боюнча, ошондой эле кабарлоонун көчмө каражаттары аркылуу кабардар болушат.
Байкоону жана контролдоону төмөнкүлөр жүргүзөт:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин посттору;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик;
- аба каражаттары.
Суу каптаган аймактарды, жүрүүнүн жана эвакуациялоонун маршруттарын байкоо жана контролдоо төмөнкү милдеттерди чечүү максатында жүргүзүлөт:
- суу каптаган зонанын чегин аныктоо;
- жабыркагандардын турган жерин жана алардын абалын аныктоо;
- жолдорду жана алардын абалын аныктоо;
- калктуу конуштардын жана чарба жүргүзүү объектилеринин абалы;
- кургактагы транспортту, сүзүүчү каражаттарды пайдалануу мүмкүндүгү.
Авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарга тартылган Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүү жана жайгаштыруу үчүн төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:
- катастрофалык суу каптоо мүмкүн болгон аймактан калкты жарым-жартылай эвакуациялоо жана материалдык баалуулуктарды ташып чыгуу жүргүзүлөт;
- калкты эвакуациялоо үчүн автотранспорт даярдыкка келтирилет;
- өндүрүштү кырсыксыз токтотууга карата иш-чаралар даярдалат, жабдууларды сактоо ишке ашырылат;
- суу өткөрүүчү каналдарды даярдоо боюнча инженердик жумуштарды тездик менен аткаруу уюштурулат;
- суу сактагычтардан сууну тез чыгаруу ишке ашырылат (өзгөчө буйрук боюнча);
- облустардын Жарандык коргонуусунун начальниктеринин чечими менен авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын топтору түзүлөт;
- суу каптаган аймактарда адамдарды жана айыл чарба жаныбарларын издөө, аларды куткаруу жана коопсуз райондорго эвакуациялоо жүргүзүлөт;
- медициналык жана башка жардамдын түрлөрү көрсөтүлөт.
Суу капташы мүмкүн болгон зоналарда эвакуациялоо жана куткаруу жумуштарын жүргүзүү үчүн райондордун, шаарлардын Жарандык коргонуу кошуундарынын күчтөрү жана каражаттары, транспорттук, медициналык кызматтары жана коомдук тартипти сактоо кызматтары тартылышат.
Куткаруу жумуштарын жүргүзүү менен бирге суу каптоонун кесепетин азайтуу жана аларды камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис жумуштар аткарылат:
- гидротехникалык курулмаларды бекемдөө;
- суу өткөргүчтөрдү жабдуу;
- убактылуу кеме токтоочу жайды жасоо;
- баруучу маршруттагы жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;
- коммуналдык-энергетикалык тармактардагы кырсыктарды токтотуу.
Жарандык коргонуунун иш-чараларын камсыз кылуу үчүн Жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрү жана каражаттары тартылат.
Жабыр тарткан калктын жашоо тиричилигин камсыз кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен уюштурушат.
Жарандык коргонуунун иш-чараларын жана күчтөрүн башкаруу Жарандык коргонуунун аймактык жана тармактык башкаруу органдары аркылуу ишке ашырылат.
Калкты, айыл чарба жаныбарларын катастрофалык суу каптоодон (суу ташкынынан) коргоо боюнча негизги иш-чаралар:
- суу каптаган аймактан адамдарды издөө жана коопсуз жерлерге эвакуациялоо;
- суу капташы мүмкүн болгон зонадан калкты эвакуациялоо;
- жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүү жана аларды дарылоо-алдын алуучу мекемелерге эвакуациялоо;
- суу каптаган имараттарды жана курулмаларды кылдаттык менен текшерүү;
- суу өткөрүү каналдарын куруу, убактылуу көпүрөлөрдү жана кеме токтоочу жайларды куруу, баруучу маршруттагы жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;
- эвакуацияланган калктын жайгаштырылган жердеги жашоо тиричилигин камсыз кылууну уюштуруу.
Калкты эвакуациялоо эки жол менен жүргүзүлөт:
суу капташы мүмкүн болгон зонадан күн мурунтан ташып чыгарып кетүү:
- кол күчү менен;
- транспорт кызматынын автоколонналарын тартуу менен;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү жана каражаттары менен;
- менчик транспортту тартуу менен;
- жакын жайгашкан объектилердин транспорту менен;
калкты суу каптаган аймактардан сүзүүчү каражаттар менен алып чыгып, андан ары транспорт кызматынын күчтөрү жана каражаттары менен эвакуациялоо.
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018–2030-жылдарга концепциясын ишке ашыруу (2-этап - 2023-2026-жылдар) боюнча иш-чаралар планы
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Күтүлүүчү натыйжа/ Ишке ашыруу формасы | Ишке ашыруу мөөнөтү (жылдар) | Жооптуу аткаруучулар |
1-артыкчылыктуу багыт: Кырсык коркунучу тууралуу билимди жогорулатуу | |||||
1
| Түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын натыйжалуу-лугун жогорулатуу
| 1.1. Картографиялык материалдарды, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын булактарынын маалымат банкын жаңылоо, пайдалануучуларга жетүү мүмкүндүгүн берүү менен мониторинг маалыматын актуалдаштыруу, системалаштыруу жана санариптештирүү | Мониторинг маалыматы актуалдаштырылды жана системалаштырылды, ГМС жана программалык камсыздоолорду пайдалануу менен болжолдуу картографиялык материалдар жаңыртылды, бардык кызыкдар ведомстволордун жана тараптардын белгиленген тартипте санариптик маалыматтар базасына кирүү системасы даярдалды | 2023-2025 | ӨКМ, илимий мекемелер, донорлор (макулдашуу боюнча) |
1.2. ӨККМЖжББС веб-порталын модернизациялоо, техникалык потенциалын, функциялык ресурсун күчөтүү, маалыматтар базасын кеңейтүү | ӨККМЖжББС веб-порталы модернизацияланды, техникалык потенциалы, функциялык ресурсу күчөтүлдү, ӨК Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтар базасы кеңейтилди | 2023-2026 | ӨКМ, илимий мекемелер, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
1.3. Кыргыз Республикасында ӨККМЖжББС андан ары өнүктүрүүнүн Өлкөлүк Концепциясын (Программаны) иштеп чыгуу | КРда ӨККМЖжББС андан ары өнүктүрүүнүн Өлкөлүк Концепциясы иштелип чыкты
| 2024-2026 | ӨКМ, илимий мекемелер, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
1.4. Адистерди окутуу менен ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) сатып алуу | Фотосүрөттөрдү андан ары топографиялык байланыштыруу менен белгиленген райондордун аэрофототартууларын жүргүзүү, ошондой эле контролдоо объекттерин видео-фото-документтештирүү мүмкүнчүлүгүн берген ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо үчүн УУА сатылып алынды | 2024-2026 | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
2
| Кырсыктар коркунучун азайтуу боюнча чаралардын натыйжалуу-лугун жогорулатуу үчүн Жарандык коргонуу жаатында кырсыктар коркунучун баалоо жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү
| 2.1. Сейсмикалуулугу 8 жана андан жогору баллды түзгөн зоналардагы ири калктуу конуштарда турак жай курулуштарынын сейсмикалык туруктуулугун баалоо жана жер титирөөдөн улам мүмкүн болуучу социалдык-экономикалык зыянды жана жоготууларды минималдаштыруу максатында кырсык коркунучтарын башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу | 1. Ири калктуу конуштардын курулуштарынын техникалык абалы боюнча маалыматтар базасы түзүлдү/изилдөө иштери жүргүзүлдү. 2. Жер титирөөдөн улам мүмкүн болуучу социалдык-экономикалык зыянды жана жоготууларды минималдаштыруу максатында ири калктуу конуштардын аймагында кырсыктар коркунучтарын башкаруу боюнча чаралар иштелип чыкты | 2023-2026 | АКТКЧМА, УИА (макулдашуу боюнча), ӨКМ |
2.2. Кырсыктар коркунучун азайтуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн КР ӨКМ илимий-техникалык кеңешинин илимий, координациялык жана эксперттик потенциалын чыңдоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу | КР ӨКМ илимий-техникалык кеңешинин жана ККА боюнча Улуттук платформанын потенциалы күчөтүлдү жана ишинин натыйжалуулугу жогорулатылды, натыйжалуу практикаларды талдоонун жана киргизүүнүн, ККАга инвестицияларды тартуунун туруктуу механизми түзүлдү | 2023-2024 | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
2.3. Кооптуу өндүрүштүк объекттерден чыккан коркунучтарды баалоо | ӨК алдын алуу боюнча чараларды пландаштыруу үчүн коркунучтар боюнча маалыматтар / илимий-изилдөө иштери | 2023-2024 | ЖРЭТКМ, ӨКМ, АКТКЧМА | ||
2.4. Имараттарды бекемдөө, оңдоо жана реконструкциялоо боюнча конструктивдик жана техникалык чечимдердин каталогун түзүү | Конструктивдик чечимдер каталогу/илимий-изилдөө иштери | 2023-2024 | АКТКЧМА, ЖРЭТКМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
2.5. Мөңгүлөрдү сактоо боюнча чараларды пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу максатында алардын эрүү процесстерине изилдөө жүргүзүү | Мөңгүлөрдүн деградация динамикасына баалоо жүргүзүлдү, аларды сактоо боюнча чараларды пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу үчүн сунуштар берилди | 2023-2026 | ЖРЭТКМ, ӨКМ, АЧМ, УИА жана БАЖИИ (макулдашуу боюнча), донорлор | ||
2.6. Инновациялык ГМС-технологияларды жана спутниктик мониторингди пайдалануу менен Талас, Чүй, Чаткал дарыяларынын жана Ысык-Көлдүн бассейндеринин мөңгүлөр кадастрын иштеп чыгуу | Инновациялык ГМС-технологияларды жана спутниктик мониторингди пайдалануу менен Талас, Чүй, Чаткал дарыяларынын жана Ысык-Көлдүн бассейндеринин мөңгүлөр кадастры иштелип чыкты | 2023-2026
| ЖРЭТКМ, ӨКМ, АЧМ, УИА (макулдашуу боюнча) | ||
3
| Калктын коопсуздук маданиятын жогорулатуу
| 3.1. Адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу жаатында компетенцияларга ээ болууга багытталган мамлекеттик билим берүү стандарттарына (МББС) өзгөртүүлөрдү киргизүү | Башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн МБС макеттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды, колдонуудагы адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу жаатында компетенцияларга ээ болууга багытталган МББСке өзгөртүүлөр киргизилди (2 жылда 5 МББС) | 2023-2024
| БИМ, ӨКМ, ММСЖСМ, донорлор (макулдашуу боюнча) |
3.2. Калктын ар кандай категорияларынын кырсык коркунучун кабыл алуусу, түшүнүүсү жана практикасы боюнча социологиялык изилдөө жүргүзүү, КР Министрлер Кабинети тарабынан калктын маалымдуулугун жогорулатуу концепциясын иштеп чыгуу жана бекитүү
| Калктын ар кандай категорияларынын кырсык коркунучун кабыл алуусу, түшүнүүсү жана практикасы боюнча социологиялык изилдөө жүргүзүлдү, КР Министрлер Кабинети чечими менен калктын кырсык коркунучтары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана коопсуздук маданиятын жогорулатуу концепциясы иштелип чыкты жана бекитилди | 2023-2025 | ӨКМ, БИМ, ММСЖСМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
3.3. Кырсык коркунучун, калктын өзгөчө кырдаалдарга дуушар болушун жана аялуулугун, ошондой эле калктын аялуу катмарынын гуманитардык жардамга муктаждыктарын баалоо жана талдоо үчүн методикалык, билим берүүчү жана башка материалдарды, стандарттарды жана негизги көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу | 1. Кырсык коркунучун, калктын өзгөчө кырдаалдарга дуушар болушун жана аялуулугун, ошондой эле калктын аялуу катмарынын гуманитардык жардамга муктаждыктарын баалоо жана талдоо үчүн методикалык жана башка материалдар, стандарттар жана негизги көрсөткүчтөр иштелип чыкты. 2. Бардык тармактарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ККА жана ЖК чараларынын стандарты (каталогу) киргизилди | 2023-2026 | ӨКМ, ЭКМ, ЭСКММ, МКЖӨБМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
| ||
3.4. Кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык курамынын маалыматтарды башкаруу жана кырсык коркунучун моделдөө боюнча потенциалын жогорулатуу | 4 пилоттук билим берүү уюмунда (колледждер жана ЖОЖ) инновациялык МКТ пайдалануу менен маалыматтарды башкаруу жана кырсыктар коркунучтарын моделдөө боюнча кесиптик билим берүү уюмдарынын персоналынын негизги окутуучулар курамынын потенциалы бекемделди | 2023-2026 | ӨКМ, БИМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
3.5. Социалдык коргоо жаатындагы КР мыйзамдарына «кырсык» түшүнүгүн социалдык кесепет катары киргизүү | Социалдык коргоо жаатындагы КР мыйзамдарына «кырсык» түшүнүгү социалдык кесепет катары киргизилди | 2023-2025
| ЭСКММ, ӨКМ, ЭКМ, ФМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
2-артыкчылыктуу багыт: Кырсыктар коркунучун башкаруунун уюштуруу-укуктук алкагын өркүндөтүү | |||||
4
| Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ченемдик укуктук базасын жана уюштуруу түзүмүн өнүктүрүү
| 4.1. Жаратылыш кырсыктарынан/ӨКдан (анын ичинде климаттык) зыянды жана жоготууларды системалуу каттоо жана эсепке алуу тартибин жана методикасын жөнгө салуучу ЧУА жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу
| КР Министрлер Кабинети тарабынан КРда жаратылыш кырсыктарынан/ӨКдан (анын ичинде климаттык) зыянды жана жоготууларды системалуу каттоону жана эсепке алууну жүзөгө ашыруу боюнча жана практикада андан ары колдонуу менен Тартип аныкталды жана методикалык материалдар жактырылды | 2023-2024 | ӨКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), донорлор (макулдашуу боюнча) |
4.2. Кырсыктардан/ӨКдан зыянды жана жоготууларды баалоо боюнча тармактык жана сектордук методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана практикага киргизүү | Кырсыктардан/ӨКдан (анын ичинде климаттык) зыянды жана жоготууларды баалоо боюнча тармактык жана сектордук методикалык материалдар иштелип чыкты жана практикада колдонуу үчүн киргизилди | 2023-2024 | ӨКМ, негизги министрликтер жана ведомстволор, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
4.3. Кырсыктардын/ӨК таасиринен улам зыян жана жоготуулар жөнүндө милдеттүү мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту өркүндөтүү | Кырсыктардын/ӨК (анын ичинде климаттык) таасиринен улам зыян жана жоготуулар жөнүндө милдеттүү мамлекеттик статистикалык отчеттуулук өркүндөтүлдү. Программалык продукт иштелип чыкты | 2023-2025 | ӨКМ, УСК, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
4.4. Мөңгүлөрдүн абалына байкоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн ченемдик укуктук базаны жана уюштуруу түзүмүн иштеп чыгуу | КР Министрлер Кабинети тарабынан мөңгүлөрдүн абалына байкоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн ченемдик укуктук база бекитилди жана уюштуруу түзүмү аныкталды | 2023-2025 | ӨКМ, ЖРЭТКМ, БАЖИИ, УИА, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
4.5. Кырсыктар коркунучун азайтуу боюнча КР Улуттук платформасы үчүн ченемдик укуктук базаны жана уюштуруу түзүмүн иштеп чыгуу | КР Министрлер Кабинети тарабынан кырсыктар коркунучун азайтуу боюнча КР Улуттук платформасы үчүн ченемдик укуктук база бекитилди жана уюштуруу түзүмү аныкталды | 2023-2025 | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
5
| Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторлорунун ишине кырсыктар коркунучун башкаруу аспекттерин киргизүү жана кызыкдар тараптардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү
| 5.1. ККА жана ӨКга жооп кылуу чаралары үчүн тармактарга бөлүү менен Жарандык коргонуу кызматтарынын милдеттерине, функцияларына, ролдоруна жана жоопкерчилигине комплекстүү талдоо жүргүзүү. Жарандык коргонуу секторлорунда жана кызматтарында ККА чараларын идентификациялоо | 1. Талдоо жүргүзүлдү, бүтүндөй ККА циклинде ККА жана климаттык коркунучтар боюнча чараларды аткаруу үчүн ролдор, милдеттер жана ресурстар иштелип чыкты, министрликтердин жана ведомстволордун (ЖК кызматтарынын) жоболоруна толуктоолор киргизилди, милдеттер жана функциялар бөлүмүнө конкреттүү мандаттар жана ККА чаралар комплекси, ошондой эле алардын ресурстары, потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрү киргизилди. 2. ККА чаралар каталогу түзүлдү. Бардык секторлордо жана деңгээлдерде ӨК (КТА) алдын алуу чараларынын идентификациясы иштелип чыкты | 2023-2026 | ӨКМ, министрликтер, ведомстволор, ЖӨБО, донорлор (макулдашуу боюнча)
|
5.2. Айыл чарба секторунда, анын ичинде санариптик модернизациялоонун жана инновациялык МКТ киргизүүнүн негизинде климаттык жана башка кырсык коркунучтарын башкаруу аспекттери өркүндөтүлдү
| ЕАЭБ агрардык өнөр жай комплексин санариптик модернизациялоону жүргүзүүнүн алкагында айыл чарба секторунда инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологиялар киргизилди. Климаттык жана башка кырсык коркунучтарынын түрлөрүн эске алуу менен секторду башкаруунун натыйжалуулугу жогорулатылды | 2023-2026 | АЧМ, ӨКМ, СӨМ, донорлор (макулдашуу боюнча)
| ||
5.3. Кырсыктар коркунучтарын азайтуу боюнча тармактык жана аймактык программаларды/пландарды иштеп чыгууну уюштуруу жана жүзөгө ашыруу
| Тармактык багыттар боюнча жана аймактык деңгээлде кырсыктар коркунучун азайтуу/министрликтердин жана ведомстволордун ЖК боюнча планы
| 2023-2026 | ӨКМ, министрликтер, ведомстволор, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖМА, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
5.4. Институционалдык потенциалын күчөтүү максатында ченемдик-укуктук жана методологиялык базаны өркүндөтүү аркылуу гидрометеорологиялык байкоо тармагынын ишине климаттык кырсыктар коркунучтарын башкаруу аспекттерин киргизүү | Климаттык кызматтарды көрсөтүүдө институционалдык потенциалын күчөтүү максатында ченемдик-укуктук жана методологиялык базаны өркүндөтүү аркылуу гидрометеорологиялык байкоо тармагынын ишине климаттык кырсыктар коркунучтарын башкаруу аспекттерин киргизүү | 2023-2024 | ӨКМ , АЧМ, донорлор (макулдашуу боюнча)
| ||
6
| Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын автоматташ-тырылган башкаруу жана кабарлоо системасын өнүктүрүү
| 6.1. Бийик тоолуу мөңгү көлдөрүнүн жарылуу коркунучу жөнүндө эрте эскертүү системасын иштеп чыгуу | Чүй облусунун Ала-Арча жана Ысык-Кол облусунун Тоң дарыяларынын бассейндеринде бийик тоолуу мөңгү көлдөрүнүн жарылуу коркунучу жөнүндө эрте эскертүү системасы түзүлгөн
| 2023-2025 | ӨКМ, БАЖИИ (макулдашуу боюнча), донорлор |
6.2. Жеткире жабдуу жана калкка коркунуч жана ӨК пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо автоматташтырылган системаларын өнүктүрүүнүн эсебинен КМКЖМКС техникалык потенциалын күчөтүү | КМКЖМКС техникалык потенциалы күчөтүлдү жана республиканын бардык айыл аймактарынын аймактарына жана калкына коркунуч жана ӨК пайда болушу жөнүндө маалымдоо жана эрте кабарлоо мүмкүнчүлүгү камсыздалды | 2023-2030
| ӨКМ, СӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО, (макулдашуу боюнча) | ||
6.3. КТА, ӨК алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну баалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн “Дезинвентар Сендай” системасын киргизүү аркылуу БМБС техникалык потенциалын күчөтүү | КТА, ӨК алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну баалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн “Дезинвентар Сендай” системасын киргизүү аркылуу төмөндөгүлөрдүн эсебинен БМБС техникалык потенциалы күчөтүлдү: - 1990-жылдан 2022-жылга чейинки ӨК жөнүндө маалыматтарды санариптештирүү; - ӨК, КС жага КГМК эсепке алууну автоматташтыруу жана санариптештирүү; - жаңы жабдууну орнотуу жана колдонууга киргизүү; - техникалык жабдууну күчөтүү менен ККА жана ӨК боюнча стратегиялык документтерге мониторинг жана ишке ашыруу боюнча программалык продукт даярдоо жана киргизүү | 2023-2026 | ӨКМ, ЭКМ, УСК, СӨМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
6.4. “112 – системасын” өнүктүрүү | “112 – Кыргызстан” тиркемесинин программалык продуктун жаңыртуу, өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматты кабыл алуу-берүү функцияларын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү | 2023-2026 | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
6.5. Жер титирөө жөнүндө эрте кабарлоонун аймактык системасын түзүү жана иштөөсүн камсыздоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруунун, коркунуч жана чек ара аралык мүнөздөгү ӨК пайда болушу жөнүндө өз ара маалымдоонун алкагында КРнын эрте кабарлоо улуттук системасын БА өлкөлөрүнүн эрте эскертүү системалары менен интеграциялоо | Жер титирөө жөнүндө эрте кабарлоонун аймактык системасын түзүү жана иштөөсүн камсыздоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруунун, коркунуч жана чек ара аралык мүнөздөгү ӨК пайда болушу жөнүндө өз ара маалымдоонун алкагында КРнын эрте кабарлоо улуттук системасын БА өлкөлөрүнүн эрте эскертүү системалары менен интеграцияланган. Жер титирөө жөнүндө эрте кабарлоонун аймактык системасы автоматтык режимде БА өлкөлөрүнүн ККББ алуу максатында түзүлөт | 2023-2026 | ӨКМ, УИА (макулдашуу боюнча), донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
6.6. Инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, анын ичинде инновациялык программалык продукттарды киргизүү аркылуу КРда БМБС модернизациялоо жана потенциалын бекемдөө | Инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү, анын ичинде инновациялык программалык продукттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлине чейин жеткирүү аркылуу КРда БМБС модернизацияланды жана потенциалы бекемделди | 2023-2026 | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
3-артыкчылыктуу багыт: Каршы туруу потенциалын чыңдоо максатында кырсык коркунучун азайтуу боюнча чараларга инвестициялар | |||||
7
| Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, анын ичинде климаттын өзгөрүү шартында кооптуулук деңгээлин азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу
| 7.1. Потенциалдуу кооптуу объекттерде жана участоктордо атайын жана алдын алуучу коргоо иш-чараларын өткөрүү аркылуу жергиликтүү жамааттын деңгээлинде кырсыктар коркунучун (анын ичинде климаттык, каскаддык жана кумулятивдик) жана ӨК пайда болуу коркунучун азайтуу | Потенциалдуу кооптуу объекттерде жана участоктордо атайын, алдын алуучу жана маалыматтык коргоо иш-чараларын өткөрүү аркылуу жергиликтүү жамааттын деңгээлинде кырсыктар коркунучтары (анын ичинде климаттык, каскаддык жана кумулятивдик) азайтылды жана ӨК пайда болуу коркунучу жоюлду | 2023-2026 | ӨКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), донорлор (макулдашуу боюнча) |
7.2. Инженердик-техникалык иш-чаралар комплексин өткөрүү жана 20 жер көчкү коркунучу бар участокто Мониторинг жана эрте кабарлоо системаларын орнотуу аркылуу жер көчкү коркунучу бар участоктордо кырсыктар коркунучун азайтуу | Инженердик-техникалык иш-чаралар комплексин өткөрүү жана 20 жер көчкү коркунучу бар участокто Мониторинг жана эрте кабарлоо системаларын орнотуу аркылуу жер көчкү коркунучу бар участоктордо кырсыктар коркунучтары азайтылды, коргоо камсыздалды: 990 турак жай үйү (5 миң адам), 39 социалдык жана өнөр жай объекттери, инфраструктура объекттери, 196 га айыл чарба багытындагы жер | 2023-2026 | ӨКМ, ЖРЭТКМ, донорлор (макулдашуу боюнча)
| ||
7.3. Инженердик техника менен жабдуу, 20 гидрологиялык постторду орнотуу жана жабдуу аркылуу суу чарба объекттеринде кырсыктар, анын ичинде климаттык кырсыктар коркунучуна мониторинг жана божомолдоо потенциалын күчөтүү | Инженердик техника менен жабдуу, 20 гидрологиялык постторду орнотуу жана жабдуу аркылуу суу чарба объекттеринде кырсыктар, анын ичинде климаттык кырсыктар коркунучуна мониторинг жана божомолдоо потенциалы күчөтүлдү | 2023-2024 | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча)
| ||
7.4. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана коркунучтун деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн шарттарында жүзөгө ашыруу жөнүндө “БУУ – КАДРИ демилгелери – 2022”, “Сендай алкактык программасынын орто мөөнөттүү сереби”, “18-бөлүм Кыргызстандын экологиялык ишинин натыйжалуулугуна серептин” сунуштарын эске алган долбоордук сунуштарды демилгелөө, иштеп чыгуу жана андан ары илгерилетүү аркылуу ККАга инвестицияларды тартуу | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана коркунучтун деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн шарттарында жүзөгө ашыруу жөнүндө “БУУ – КАДРИ демилгелери – 2022”, “Сендай алкактык программасынын орто мөөнөттүү сереби”, “18-бөлүм Кыргызстандын экологиялык ишинин натыйжалуулугуна серептин” сунуштарын эске алган долбоордук сунуштарды демилгелөө, иштеп чыгуу жана андан ары илгерилетүү аркылуу ККАга инвестициялар тартылды | 2023-2027 | ӨКМ, министрликтер жана ведомстволор, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), донорлор (макулдашуу боюнча)
| ||
7.5. Потенциалдуу кооптуу участоктордо тигилген бак-дарактарды, агрардык токой чарбачылыгын жана токой-мелиорация иштерин ийгиликтүү жүзөгө ашыруунун, анын ичинде климаттык таасирдин натыйжаларын эске алган “жашыл долбоорлорду” андан ары илгерилетүү менен ККАга инвестициялар | Бак-дарактарды тигүү, агрардык токой чарбачылыгын жана токой-мелиорация иштерин жүргүзүүнүн аркасында калкты жана аймакты табигый жана климаттык ӨК коркунучтарынан корголушун бекемдөөгө, курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртууга багытталган “жашыл долбоорлорду” демилгелөө, иштеп чыгуу жана андан ары илгерилетүү аркылуу ККАга инвестициялар тартылды | 2023-2026 | ӨКМ, ЖРЭТКМ, АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
7.6. КР аймагынын эрозиянын, чөлгө айлануунун, шорлонуунун, кырсыктардын, анын ичинде климаттык кырсыктардын таасиринин натыйжасында жердин деградацияга дуушар болушун, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин картага түшүрүү, баалоо жана талдоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу
| КР аймагынын эрозиянын, чөлгө айлануунун, шорлонуунун, кырсыктардын, анын ичинде климаттык кырсыктардын таасиринин натыйжасында жердин деградацияга дуушар болушун, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин картага түшүрүү, баалоо жана талдоо боюнча чаралар жүзөгө ашырылды, санариптик форматка өтүү аяктады/маалыматтарды чогултуунун, иштеп чыгуунун жана ӨККМЖжББС алкагында маалыматтарды бириктирүүнүн жалпы методологиясы иштелип чыкты жана бекитилди | 2023-2026 | АЧМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ, донорлор (макулдашуу боюнча)
| ||
7.7. Айыл чарбасында өздөштүрүү үчүн жерлердин жарактуулугун аныктоо максатында КР аймагынын тоонун этегиндеги зоналарын картага түшүрүүнүн негизинде Тоонун этегиндеги жерлерди айыл чарбасында өздөштүрүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | Интеграцияланган маалыматтык системаларды пайдалануу менен айыл чарбасында өздөштүрүүгө жарактуу жерлерди аныктоо менен КР аймагынын тоонун этегиндеги зоналарын картага түшүрүү жүргүзүлдү. КР Министрлер Кабинети тарабынан Тоонун этегиндеги жерлерди айыл чарбасында өздөштүрүү боюнча улуттук программа бекитилди | 2023-2030 | АЧМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ, донорлор (макулдашуу боюнча)
| ||
8
| Кырсыктар коркунучунан камсызданды-рууну өнүктүрүү жана кырсыктар коркунучун азайтууга ички инвестициялар-ды тартууга дем берүү
| 8.1. Турак жайды жана экономика объекттерин жаратылыш кырсыктарынан жана өрттөн милдеттүү түрдө камсыздандыруу системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү | Жаратылыш кырсыктарынан жана өрттөн камсыздандырылган турак жайдын жана экономика объекттеринин саны өстү, жаратылыш кырсыктары учурунда материалдык жардам бөлүп берүү боюнча камсыздандыруу компанияларынын финансылык мүмкүнчүлүктөрү бекемделди/жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү түрдө камсыздандыруу системасы кайра каралды | 2023-2026 | ЭКМ, ФМ, ӨКМ,
|
8.2. Кырсыктардын, анын ичинде климаттык кырсыктар коркунучун азайтууга ички инвестицияларды өбөлгөлөөгө багытталган комплекстүү колдонмо изилдөөнү өткөрүү, иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | Кырсыктардын, анын ичинде климаттык кырсыктар коркунучун азайтууга ички инвестицияларды өбөлгөлөөгө багытталган комплекстүү колдонмо изилдөө өткөрүлдү, иш-чаралар жүзөгө ашырылды | 2024-2025 | ӨКМ, ФМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
8.3. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден ККА жана ӨК, анын ичинде климаттык кырсыктарды азайтууга ички инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын кеңейтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу, айыл чарба секторунда кырсыктар коркунучунан камсыздандырууну өнүктүрүү | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден ККА жана ӨК, анын ичинде климаттык кырсыктарды азайтууга ички инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын кеңейтүү боюнча чаралар иштелип чыкты. Айыл чарба секторунда кырсыктар, анын ичинде климаттык кырсыктар коркунучунан камсыздандырууну өнүктүрүү | 2023-2026 | ФМ, ЭКМ, АЧМ, ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча)
| ||
8.4. ЖӨБО техникалык жана маалыматтык-коммуникациялык потенциалын бекемдөө боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ККА, климаттык кырсыктар коркунучун азайтуу жаатында маалыматты, билимди жана тажрыйбаны алуу жана пайдалануу максатында интернет-ресурстарына (веб-сайттарга жана платформаларга) жетүү мүмкүндүгүн кеңейтүү | Техникалык жана маалыматтык-коммуникациялык потенциалын бекемдөөнүн аркасында ККА, анын ичинде климаттык кырсыктар коркунучун азайтуу жаатында маалымат, билим жана тажрыйба алуу жана пайдалануу максатында интернет-ресурстарына (веб-сайттарга жана платформаларга) жетүү мүмкүндүгүн алган ЖӨБО саны өстү | 2023-2030 | ӨКМ, ЭКМ, ФМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
9
| Климаттын глобалдык өзгөрүү шарттарында учурдагы, пайда болгон жана келечектеги кырсыктар коркунучта-рына туруктуулукту төмөндөтүү жана жогорулатуу үчүн инклюзивдик жана инновациялык куралдарды киргизүү
| 9.1. Инновациялык жана инклюзивдик окутуу методдорун киргизүү менен “Коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары” программасын жүзөгө ашыруу | Инновациялык жана инклюзивдик окутуу методдорун киргизүү менен “Коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары” программасын жүзөгө ашыруунун алкагында мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кырсыктарга, анын ичинде климаттык кырсыктарга туруктуулугу жогорулатылды | 2023-2026 | БИМ, ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) |
9.2. Ирригациялык системаны модернизациялоо жана селден коргоочу суу объекттеринде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өткөрүү | Ирригациялык системаны модернизациялоо жана селден коргоочу суу объекттеринде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өткөрүү аркылуу суу чарба инфраструктураларынын кырсыктарга, анын ичинде климаттык кырсыктарга туруктуулугу бекемделди | 2023-2026 | АЧМ, ӨКМ | ||
9.3. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Мамлекеттер аралык максаттуу программасы боюнча калдык сактоочу жайларды жана иштетүүгө жараксыз кен катмарын рекультивациялоо боюнча иш-чаралар комплексин өткөрүү | Калдык сактоочу жайларды жана иштетүүгө жараксыз кен катмарын рекультивациялоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү, радиациялык-кооптуу объекттердин кырсыктарга, анын ичинде климаттык кырсыктарга туруктуулугу бекемделди | 2023-2026 | ӨКМ, ЖРЭТКМ | ||
9.4. Саламаттык сактоо жаатындагы инклюзивдик жана инновациялык технологиялардын негизинде адамдардын оорушун азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында абанын температурасынын кескин (аномалдуу) өзгөрүшүнүн чоң шаарлардын жашоочуларына таасир этүү факторлорун аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүү | 1. Абанын температурасынын кескин (аномалдуу) өзгөрүшүнүн республиканын чоң шаарларынын жашоочуларына таасир этүүсүнө изилдөө жүргүзүлдү, себеп-кесепет факторлору аныкталды. 2. Медициналык-биологиялык изилдөөлөрдүн негизинде шаарлар үчүн ӨК режимин жарыялоо параметрлерин төмөндөтүү боюнча чаралар жана алдын алуу иш-чараларынын комплекси иштелип чыкты. Аймак температуранын айрым көрсөткүчтөрүнө бөлүндү | 2023-2026 | ССМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
9.5. Инклюзивдик жана инновациялык куралдарды колдонуу менен деградацияга жана кыртыштын биологиялык жана экономикалык күрдүүлүгүнүн төмөндөшүнө дуушар болгон жер ресурстарынын санариптик картасын иштеп чыгуу | Инклюзивдик жана инновациялык куралдарды колдонуу менен деградацияга жана кыртыштын биологиялык жана экономикалык күрдүүлүгүнүн, өсүмдүктөрдүн азайышына дуушар болгон жер ресурстарынын санариптик картасы иштелип чыкты, өлкөнүн жер ресурстарынын деградациясы менен күрөшүүнүн алдын алуу чаралары иштелип чыкты | 2023-2025 | ЖРЭТКМ, АЧМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
9.6. Калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды коопсуз райондорго эвакуациялоо тартибинин негизинде потенциалдуу кооптуу участоктордон калкты көчүрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | Калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды коопсуз райондорго эвакуациялоо тартибинин негизинде потенциалдуу кооптуу участоктордон калкты көчүрүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыкты жана жүзөгө ашырылды. Потенциалдуу кооптуу участоктордо жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз райондорго көчүрүү боюнча чаралар көрүлүүдө | 2023-2026 | ӨКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
9.7. Жай өнүккөн кырсыктарды ӨК эсепке алуу жана каттоо улуттук механизмине киргизүү | Жай өнүккөн кырсыктарды эсепке алуу жана каттоо механизми киргизилди | 2023-2024
| ӨКМ, ЖРЭТКМ, АЧМ, ССМ, ЭКМ | ||
9.8. Климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча планды иштеп чыгуу жана кабыл алуу
| КР Министрлер Кабинети тарабынан Климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча план бекитилди | 2023-жыл | ЖРЭТКМ, АЧМ, ССМ, ӨКМ | ||
9.9. Бал аарыларынын ооруларынын жана өлүмүнүн коркунучун азайтуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | Бал аарыларынын ооруларынын жана өлүмүнүн коркунучун азайтуу боюнча программа кабыл алынды (КР Министрлер Кабинетинин чечими) | 2023-2024 | АЧМ, ЖРЭТКМ, ӨКМ (макулдашуу боюнча) | ||
4-артыкчылыктуу багыт: Натыйжалуу чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн кырсыктарга даярдыкты күчөтүү | |||||
10
| Чара көрүү күчтөрүнүн, анын ичинде шашылыш кызматтардын даярдык деңгээлин жана потенциалын жогорулатуу
| 10.1. ЧУАга өзгөчө фонддорду (атайын эсептерди) түзүү боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын кеңейтүүгө багытталган жана толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | ЧУАда өзгөчө фонддорду (атайын эсептерди) түзүү боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, облустардагы КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, ЖМА жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жана компетенциялары бекитилди
| 2023-2024 | ӨКМ, МКЖӨБМА, ФМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
10.2. Мамлекеттик материалдык резерв фондунун сактоочу жайларын жана продукциянын сапатын баалоо лабораториясын модернизациялоо
| 1. Борбордук кампада оңдоо жана чатырды алмаштыруу иштери жүргүзүлдү, эки азык-түлүк кампасы курулду. 2. Продукциянын сапатын баалоо лабораториясы заманбап жабдуу жана приборлор менен камсыздалды | 2023-2026 | ӨКМ | ||
10.3. Шашылыш медициналык жардам кызматын түзүү жана ишин уюштуруу (КР Президентинин Катастрофалар медицина кызматын түзүү жөнүндө Жарлыгын жүзөгө ашыруу)
| 1. Саламаттык сактоо уюмдарында шашылыш медициналык жардам кызматынын иши уюштурулду. КР Президентинин Катастрофалар медицина кызматын түзүү жөнүндө Жарлыгы жүзөгө ашырылды. 2. ӨК учурунда ооруканаларды жайгаштыруу механизми түзүлдү/мобилдик ооруканалардын ишин дарыгерлер бригадалары менен камсыздоо маселеси чечилди | 2023-2025 | ССМ, ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
10.4. ӨК зоналарын тез баалоо чараларын жүзөгө ашыруу, чара көрүү күчтөрүн жаңыртуу жана потенциалын бекемдөө, анын ичинде заманбап каражаттар аркылуу | 1. Жаңы 3 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имараты курулду жана иштеп жаткан 3 өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн имараттары жана орун жайлары реконструкцияланды. 2. Ар бир облуска жана Бишкек менен Ош шаарларына 1 комплекттен ӨК жоюуда пайдалануу үчүн учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) сатылып алынды. 3. Атайын инженердик, куткаруучу жана өрт техникаларынын паркы жаңыртылды. 4. Бишкек жана Ош шаарларында окуу-машыгуу полигондору курулду | 2023-2026
| ӨКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
10.5. Табигый, техногендик, экологиялык жана социалдык-биологиялык мүнөздөгү ӨКга чара көрүү боюнча аймактык-тармактык координациялоо механизмин күчөтүү аркылуу ЖКМС даярдык деңгээлин жана чара көрүү потенциалын жогорулатуу | Табигый, техногендик, экологиялык жана социалдык-биологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалга чара көрүү боюнча аймактык-тармактык координациялоо механизмин күчөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу ЖКМС даярдык деңгээли жана чара көрүү потенциалы жогорулатылды | 2023-2024 | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
10.6. Байкоонун жана лабораториялык контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ЛКБТ модернизациялоо, кеңейтүү, институционалдык жана техникалык потенциалын бекемдөө | КР Министрлер Кабинети тарабынан байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагын түзүү жана ишмердүүлүк тартиби бекитилди, ЛКБТ потенциалы күчөтүлдү, курчап турган чөйрөнүн, тамак-аш азыктарынын, тамак-аш чийки затынын радиоактивдүү, уулантуучу жана КТУЗ, биологиялык (бактериологиялык) жана башка каражаттар менен булгануусун (жугуусун) байкоо жана лабораториялык контролдоо, ошондой эле эпидемиянын, эпизоотиянын, эпифитотиянын жана башка жугуштуу оорулардын пайда болушун контролдоонун натыйжалуулугу жогорулады | 2023-2026 | АЧМ, ССМ, ЖРЭТКМ, ӨКМ, ИИМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
10.7. Дарылоо мекемелердин коопсуздугу боюнча маалыматтар базасын түзүү менен Кыргыз Республикасында туруктуулук жана кырсыктардын коркунучун азайтуу пландарын иштеп чыгуу | Дарылоо мекемелердин (ооруканалардын, госпиталдардын жана клиникалардын) кырсыктардын коркунучун азайтуу жана туруктуулук пландары иштелип чыкты. Бирдиктүү санариптик базасы түзүлдү | 2023-2026 | ССМ, ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
10.8 Санариптик, заманбап технологияларды киргизүү жана өрт очокторуна сууну тынымсыз берүү боюнча шарттарды түзүү менен өрт көзөмөлү ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | 1. КР ӨКМ караштуу өрт көзөмөлү боюнча кызматтын инспектордук курамы үчүн мобилдик тиркеме түзүлдү; 2. 1389 өрт гидранты иштөө абалына келтирилди; 3. Өрттү аныктоо автоматтык орнотмолорунун каражаттарынын иштөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн атайын жабдуу сатылып алынды | 2023-2026 | ӨКМ, ЖӨБО, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
11 | Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча кызмат адамдарын даярдоо системасын өнүктүрүү | 11.1. Кырсыктар коркунучун азайтуу боюнча, ЖК боюнча, анын ичинде климаттык ӨК боюнча чаралар боюнча калкты окутуу жана маалымдоо пландарын жана программаларын өркүндөтүү | Бул процесске айылдагы мектептердин потенциалын тартуу менен, аялдардын катышуусу менен, ошондой эле инновациялык окутуу методдорун киргизүү менен жергиликтүү жамааттын жана калктын жарандык коргонуу, ТКН, кырсыктар, анын ичинде климаттык кырсыктар коркунучун азайтуу боюнча билим деңгээли жана маалымдуулугу жогорулатылды. Билим берүү жаатында ченемдик актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди, программа кабыл алынды. | 2023-2026 | ӨКМ, БИМ, ЖӨБО, донорлор (макулдашуу боюнча)
|
11.2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо жана окутуу пландарын, программаларын өркүндөтүү, инновациялык МКТ жана заманбап ыкмаларды (онлайн жана офлайн) киргизүү
| Пландарды, программаларды өркүндөтүү, инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана заманбап даярдоо жана окутуу ыкмаларын (онлайн жана офлайн) өркүндөтүү аркылуу ЖК уюштурууга жана жүргүзүүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо жана окутуу сапаты жогорулатылды | 2023-2025 | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
12
| Өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүдө, координация-лоо механизмин өркүндөтүү
| 12.1. “Калыбына келтирүү мурункуга караганда жакшы, туруктуу” концепциясын киргизүү менен өзгөчө кырдаалдардан кийин узак мөөнөттүү калыбына келтирүүнү координациялоо механизмин өркүндөтүү | 1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана ишканалар, жеке жактар үчүн «калыбына келтирүү мурункуга караганда жакшы, туруктуу» концепциясын сактоонун негизинде ӨКдан кийин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча зыянды, чыгашаларды жана муктаждыктарды баалоо жүргүзүү механизми иштелип чыкты, жалпы бирдиктүү ыкма белгиленди. 2. “ӨК реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча зыянды, чыгашаларды жана муктаждыктарды баалоо боюнча методикалык колдонмо” практикага киргизилди | 2023-2024 | ӨКМ, АКТКЧМА БИМ, ССМ, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), донорлор (макулдашуу боюнча) |
12.2 Колдонмо изилдөөлөрдү, коркунучтарды баалоо жана коркунучтардын ар бир түрү боюнча кырдаалды талдоо менен, жай өнүгүп жаткан коркунучтарга чара көрүүнүн конкреттүү улуттук механизмдерин андан ары интеграциялоо | 1. Жай өнүгүп жаткан кырсык коркунучтарын/ӨК координациялоонун жана эрте аныктоонун, божомолдоонун жана чара көрүүнүн улуттук механизмдерин өркүндөтүүнүн андан аркы иш-аракеттеринин Жол картасы жүзөгө ашырылды. 2. Кыргыз Республикасынын кырсыктарга мониторинг системасына жай өнүгүп жаткан коркунучтардын жаңы түрлөрү киргизилди жана бекитилди. 3. Климаттын өзгөрүшү, жердин деградациясы, экстремалдуу аба ырайынын көрүнүштөрү, агымдын гидрологиялык режимдеринин жылышы жана дарыялардын тайыздануусу, мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши менен шартталган жай өнүгүп жаткан кырсыктар коркунучтарын баалоо жана талдоо маалыматтары алынган | 2023-2030 | ӨКМ, АЧМ, ЖРЭТКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
12.3. Өзгөчө кырдаалдардан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү | КР Министрлер Кабинети тарабынан балдардын, калктын аялуу катмарларынын, жыныс-курак жана гендердик аспекттерин эске алуу менен өзгөчө кырдаалдардан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттары бекитилди | 2023-2024 | ӨКМ, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), донорлор (макулдашуу боюнча)
| ||
12.4. Гуманитардык запастарды/өзгөчө резервдерди калыптандыруу, сактоо, тейлөө жана пайдалануу боюнча натыйжалуу механизмдерди, эрежелерди жана процедураларды өркүндөтүү жана киргизүү | Гуманитардык укуктарды сактоонун негизинде эл аралык гуманитардык уюмдар менен координацияда түзүлгөн гуманитардык запастарды/өзгөчө резервдерди калыптандыруу, сактоо, тейлөө жана пайдалануу боюнча натыйжалуу механизмдер, эрежелер жана жол-жоболор өркүндөтүлдү жана пайдаланууга киргизилди | 2023-2026 | ӨКМ, ЭСКММ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
БАРДЫГЫ: 12 милдет жана 66 иш-чара
Кыскартуулардын тизмеси:
1. | БУУ | Бириккен Улуттар Уюму |
2. | КАДРИ БУУ | Кырсыктардын коркунучун азайтуу потенциалын күчөтүү боюнча өнөктөштүк |
3. | КРП облустардагы ЫУӨ | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
4. | ЖМА | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
5. | ИИМ | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
6. | ЭКМ | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
7. | ФМ | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
8. | АЧМ | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
9. | ТКМ | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
10. | ӨКМ | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
11. | БИМ | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
12. | ССМ | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
13. | ЭСКММ | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
14. | СӨМ | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
15. | ЭМ | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
16. | ЖРЭТКМ | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
17. | ММСЖСМ | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
18. | АКТКЧМА | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
19. | МКЖӨБМА | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
20. | УСК | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
21. | УИА | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
22. | КЭУ | Коммерциялык эмес уюмдар |
23. | БАЖИИ | Борбор Азиялык жерди колдонмо изилдөө институту |
24. | ЖК | Жарандык коргонуу |
25. | ЖКМС | Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасы |
26. | ЧУА | Ченемдик укуктук актылар |
27. | ЖӨБО | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
28. | КРСУ | Б.Елицин атындагы Кыргыз-Россия Славян Университети |
29. | ӨККТАБ | Алматыдагы Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча борбору |
30. | ККА | Кырсыктардын коркунучун азайтуу |
31. | ККАбКРУПК | Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук платформасынын катчылыгы |
32. | ЛКБТ | Лабораториялык контролдун байкоо тармагы |
33. | ӨК | Өзгөчө кырдаал |
34. | МКТ | Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар |
35. | БМБС | Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы |
36. | КМКЖМКС | Калкка маалымдоо жана кабарлоо жалпы мамлекеттик комплекстүү системасы |
37. | ТАКН | Тиричилик аракетинин коопсуздугунун негиздери |
38. | МБС | Мамлекеттик билим берүү стандарты |
39. | ӨККМЖжББС | Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы |
40. | КГМК | Кооптуу гидрометеорологиялык кубулуштар |
41. | ККББ | Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору |
42. | ГМС | Геомаалыматтык системасы |
43. | УУА | Учкучсуз учуучу аппарат |
44. | МББС | Мамлекеттик билим берүү стандарты |
45. | ТС | Тармактык стандарт |
46. | КТУЗ | Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар |
Кыргыз Республикасынын калкын
жана аймагын өзгөчө
кырдаалдардан комплекстүү
коргоонун 2018–2030-жылдарга
концепциясын ишке ашыруу
(2-этап – 2023–2026-жылдар)
боюнча иш-чаралар планына 1-тиркеме
Учурдагы кырдаалды талдоо,
жетишкендиктер жана көйгөйлөр
1. Өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары:
Вирустук жугуштуу оорулардын таралуу коркунучу жана климаттын өзгөрүү процесстери менен күч алуучу табигый, техногендик жана биологиялык-социалдык мүнөздөгү кырсыктардын коркунучтары өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө коркунучтардын бири болуп саналат.
Климаттык коркунучтар - өлкө климаттык коркунучтун глобалдык индексинде 52-орунду ээлейт жана региондо климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет, анткени анын айыл чарбасы эриген мөңгү сууларынан абдан көз каранды – 90 % электр энергиясы гидроэнергетикадан алынат. Өлкөнүн аймагында температуранын орточо дүйнөлүк деңгээлден жогорулашы жана кургакчылыктын санынын өсүшү менен айкалышуусу мүмкүн болгон жылуулуктун толкуну болжолдонууда.
Климаттын өзгөрүшү кырсыктардын, өзгөчө кургакчылык, жердин деградациясы жана токой илдеттери, температуранын жогорулашы, дарыялардын агымынын режими боюнча жылышы, мөңгүлөрдүн аянтынын азайышы, биологиялык түрдүүлүктүн өзгөрүшү жана башкалар сыяктуу өзгөчө жай өнүгүүчү кырсыктардын жыштыгын жана интенсивдүүлүгүн жогорулатышы күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирин эске алуу менен жердин деградациясынын деңгээли кооптуу деңгээлге жетти. Климаттын жылуу боло башташына байланышкан глобалдуу тенденцияларды, таза суунун запастарынын азайышынын болжолдорун, алардын өлкөнүн аймагы боюнча бирдей эмес бөлүштүрүлүшүн эске алуу менен туруктуу ирригацияны өнүктүрүү өзгөчө актуалдуу болуп саналат.
Суу, энергетика, айыл чарба (өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы), токой жана инфраструктура секторлору жана калктын саламаттыгы климаттык коркунучтарга өтө аялуу болуп саналат. Натыйжалуу адаптациялык чараларды киргизүүсүз айыл чарба түшүмү жабыркашы ыктымал, экосистеманын ареалдары жылышы мүмкүн, ал эми божомолдор боюнча тоо мөңгүлөрүнүн суулары менен камсыздоонун жоголуусунан улам суунун агымынын режимдери өзгөрүшү мүмкүн.
Сейсмикалык коркунучтар: Кыргыз Республикасынын УИА сейсмология институту тарабынан күтүлүп жаткан жер титирөөлөрдүн райондорун, мүмкүн болуучу жер титирөөлөрдүн энергетикалык класстарын жана алардын интенсивдүүлүгүн көрсөтүү менен 2025-жылга чейинки мезгилге республиканын аймагынын ыктымалдуу сейсмикалык коркунучунун картасы иштелип чыкты жана кызыкдар тараптарга берилди.
Болжолдуу эсептөөлөр боюнча Тянь-Шандын аймагында сейсмикалык процесстердин активдешүүсүнүн кезектеги фазасы АЧМ-64 шкаласы боюнча 8-9 балл максималдуу титирөө менен 2024-2027-жылдары күтүлөт.
Түштүк Кыргызстандын аймагында эң кооптуу болуп Гиссар-Кокшаал жаракасынын чегинде жайгашкан жер титирөөлөр күтүлгөн аймактар (Баткен жана Ош облустарынын Тажикстан жана Кытай менен чек ара зонасы) болуп саналат, ал жакта 7-9 балл титирөө менен сейсмокатастрофа болушу мүмкүн.
Экинчи орунду Түндүк Тянь-Шандын жер титирөөлөр күтүлгөн аймактары (Ысык-Көл облусу) жана Түштүк-Фергана жаракасынын зонасы ээлейт. Туура-Суу-Кажы-Сай жер титирөөлөр күтүлгөн аймактарда болгон 7 баллдык жер титирөө (14.11.2014-ж., KR = 14.0) Түндүк Тянь-Шандын сейсмикалуулугунун активдешүүсү жөнүндө көп жылдык болжолдорду ырастайт.
Жер көчкү коркунучтары: азыркы учурдагы өз ара аракеттенүүчү геодинамикалык кыймылдардын активдешүүсүнө, сейсмикалуулуктун активдешүүсүнө, жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашына, жаан-чачындын жаашынын аномалдуу көлөмүнө, ошондой эле тоо зоналарында адамдын инженердик-чарбалык ишине байланыштуу жер көчкүлөр саны өсөт. Жер көчкү процесстеринен жабыркаган жердин жалпы аянты республиканын аймагынын болжол менен 7,5 %ын түзөт. Жалпысынан жер көчкү жүрүү коркунучу бар зоналарда 600 калктуу конуш жайгашкан, алар үчүн коркунучу боло берет жана мындан ары дагы күчөйт.
Жалал-Абад облусундагы эң активдүү жер көчкү жүрүүчү райондордун катарына Падыша-Ата, Көк-Арт, Майлуу-Суу, Кара-Үңкүр, Кара-Суу батыш, Чангет, Ит-Агар, Сумсар жана Чаткал дарыяларынын бассейндери, Майлуу-Суу ш. районундагы Тулук-Торкент ойдуңу кирет. Ош облусундагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар райондор Яссы (Зергер, Ничке, Кандава, Кара-Тарык куймалары), Кара-Кулжа, Тар (Буга, Токбай-Талаа, Лайсу, Кара-Гуз, Жалпакташ), Гүлчө, Ак-Буура жана Кыргыз-Ата дарыяларынын бассейндеринде, Ноокат ойдуңунда жайгашкан. Баткен облусунда жер көчкүлөр Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-батышты карай жана Сүлүктү ш. районунда активдүү көрүнүшкө ээ.
Чүй облусунун тоо этегиндеги зонасында жана Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө активдүү жер көчкүлөр бар. Чүй облусунда Суусамыр, Чоң-Кемин өрөөндөрүндө жана Боом капчыгайында жер көчкү катталган. Ысык-Көл облусунда Тескей жана Күнгөй Ала-Тоо кыркаларынын тоолуу зонасында, Тоң жана Жыргалаң дарыяларынын өрөөндөрүндө жер көчкү өнүккөн. Нарын облусунда жер көчкү Нарын дарыясынын жана анын куймаларынын өрөөндөрүндө, Ак-Сай жана Сары-Жаз дарыяларынын бассейндеринде жайгашкан. Миң-Куш айылынын районунда, Кызыл-Бел ашуусунда активдүү жер көчкү бар. Талас облусунда жер көчкүлөр Чиим-Таш дарыясынын сол жээгинин жогорку агымында орун алган.
Сел коркунучу жана бийик тоолуу көлдөрдүн жырып кетүү коркунучтары: бийик тоолуу көлдөрдүн жырып кетүүсүнөн келип чыккан суу ташкындарынын мүмкүн болгон мезгили июль-август, жылдын шартына жараша сентябрдын ортосуна чейин созулушу мүмкүн.
Айрым участоктордо интенсивдүү кар эригенде, жаз жана жай мезгилинде көп өлчөмдө нөшөрлөп жамгыр жааганда, ошондой эле бийик тоолуу көлдөр жырылган учурда сел жана суу ташкындарынын процесстери активдешүүсү мүмкүн. Республика боюнча жырылуу коркунучу бар көлдөрдүн тизмегине 320 көл киргизилген, алардын 16сы биринчи, 39у – экинчи, 217си – үчүнчү, 48и – төртүнчү коркунуч категориясына киргизилген.
Кар көчкү коркунучтары: Кыргызстандын аймагынын 105 миң км2 кар көчкү таасирине дуушар болот, бул бардык аймактын 53 %ын түзөт. Кар көчкү пайда болгон 779 райондун чегинде 30 миңден ашык кар көчкү очогу аныкталган. Бирок алардын 1 миңи (3 %) гана адамдарга конкреттүү коркунуч туудурат. Жердин бийиктигине жараша кар көчкү жыл бою болушу мүмкүн.
Кар көчкүлөр тик тоо боорлору жана жетиштүү кубаттуулуктагы кар каптамы бар бардык жерлерде байкалат. Кар көчкүнүн пайда болушу метеорологиялык шарттардын өз ара аракеттенүүсү, кардын көп топтолушу жана кар катмарынын физикалык абалы менен аныкталат.
Аймактарды жер астындагы суулардын каптап кетүү коркунучу: азыркы убакта республиканын аймагында суу каптоо процесстери бардык административдик облустарда негизинен түздүк, жашоого жана дыйканчылыкты өнүктүрүүгө жарактуу жана ыңгайлуу региондорду камтыйт. Суу каптоого алып келген маанилүү себептердин бири болуп ар кандай министрликтердин, ведомстволордун, уюмдардын, мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында турган учурдагы коллектордук-дренаждык системалардын канааттандырарлык эмес абалы болуп саналат.
Радиоактивдүү жана уулу калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын коркунучтары: радиоактивдүү жана уулуу калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында суу ташкынын жана селди, жер титирөөнү жана антропогендик таасирди пайда кылышы мүмкүн болгон интенсивдүү жаан-чачын жааганда жана абанын температурасы кескин жогорулаганда радиациялык-кооптуу экологиялык катастрофалардын пайда болуу коркунучу бар.
Суу сактагычтардан жана ГЭСтерден коркунучтар - өлкөнүн аймагынын жогорку сейсмикалуулугуна байланыштуу жыл сайын топурак материалдарынан, бетон-топурактан, гравитациялык-бетондон, бир түрдүү жардыруу-толтуруучу жана сайроондук инженердик-техникалык конструкциялардан турган плотиналардын тулкусунун бүтүндүгүнүн бузулуу коркунучу өсөт. Учурдагы катуу жер титирөөлөр, жаңы геодинамикалык кыймылдар активдүү жаракалардын интенсивдүү жылышына, жаңы жарака участокторунун пайда болушуна алып келет, суу сактагычтардын жана ГЭСтердин плотиналарынын бортторунун бекемдигинин бузулуу коркунучун жаратат.
Республиканын, административдик облустардын, райондордун жана айыл аймактарынын, Бишкек, Ош шаарларынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдар коркунучтары, күтүлгөн кооптуу процесстер жана көрүнүштөр жөнүндө кеңири маалымат жыл сайын КР ӨКМ (https://mchs.gov.kg) сайтында басма жана электрондук форматта жарыяланган жана жайгаштырылган «Кыргыз Республикасынын аймагындагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо» китебинде берилет, ал кырсыктар коркунучун азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу бөлүгүндө Жарандык коргонуу милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик администрациялар, министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жетектөөчү документ болуп саналат.
2018-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018–2030-жылдарга концепциясы (мындан ары – Концепция) жана Концепцияны ишке ашыруу (1-этап – 2018–2022-жылдарга) боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасы бир катар толкундоолорго – кризистик кырдаалдарга туш болду, алар өлкөдөгү коомдук-саясий жана экономикалык абалга, калктын жашоосуна, социалдык – психологиялык абалына жана коомдук саламаттыгына олуттуу таасирин тийгизди.
Бул кризистик кырдаалдар негизинен COVID-19 коронавирустук инфекциясынын мурда болуп көрбөгөндөй таралышына жана климаттын өзгөрүшү менен шартталган процесстерге – дээрлик бардык өлкөлөр жана элдер дуушар болгон эки глобалдык чакырык жана коркунуч менен байланыштуу болгон.
Кооптуу инфекциялык оору таралган жана COVID-19 пандемиясы менен күрөшкөн эки жыл ичинде биздин өлкөбүз жана жарандар экономикалык активдүүлүктүн олуттуу төмөндөшүнүн, өндүрүштүн азайышынын, кирешенин, инвестициялардын төмөндөшүнүн, энергия алып жүрүүчүлөргө, өнөр жай жана башка биринчи муктаждыктагы товарларга, тамак-аш азыктарына баалардын өсүшүнүн, жумушсуздуктун өсүшүнүн жана башка өтө терс процесстердин оор кесепеттерин сезишти, бул жыйынтыгында экономикалык өнүгүү темптеринин төмөндөшүнө, буга байланыштуу мамлекет үчүн дагы, бүтүндөй өлкөнүн калкы, өзгөчө аялуу катмарлары, анын ичинде аялдар жана балдар үчүн дагы көптөгөн социалдык, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү жаратты.
Климаттын өзгөрүшүнүн жагымсыз кесепеттери метеорологиялык жана гидрометеорологиялык коркунучтарга кабылуу деңгээлин күчөтүүдө жана бул тенденциянын тездеши күтүлүүдө. Бул тенденциялар акыркы жылдары ачык билинген мүнөздү кабыл ала баштады, ошол эле учурда жердин деградациясы, токой илдеттери, кыртыштын эрозиясы жана шорлонуусу, экстремалдуу аба-ырайынын көрүнүштөрүнүн өсүшү, ысык жана өтө ысык мезгилдердин, сезондук эмес үшүктөр же интенсивдүү жаан-чачын жааган күндөрдүн узарышы, агымдын гидрологиялык режимдеринин жылышы жана дарыялардын тайыздануусу, мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши, биологиялык түрдүүлүктүн өзгөрүшү, узакка созулган кургакчылык, суунун аздыгы жана суунун тартыштыгы, кургак жердин, атмосферанын, гидросферанын, биосферанын абалынын жана касиеттеринин өзгөрүшү жана башкалар сыяктуу жай өнүгүүчү коркунучтардын көбөйгөнү өзгөчө кооптонууну жаратат.
2020–2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети негизги күч-аракетти, материалдык, финансылык жана адам ресурстарын COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө жумшады, ушуга байланыштуу көпчүлүк иштердин түрлөрүнө, анын ичинде кырсыктар коркунучун азайтуу, экологиялык коопсуздукту камсыздоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларга жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018–2030-жылдарга концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча 2018–2022-жылдарга 1-этаптын иш-чаралар планын аткаруунун алкагында каралган чараларга бюджеттен каражат бөлүү кыскарган.
2. Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018 – 2030-жылдарга (1-этап – 2018–2022-жылдар) концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу прогрессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Атайын түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топ жүргүзгөн Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча 2018–2022-жылдарга 1-этаптын иш-чаралар планын аткарууга мониторинг жүргүзүү, деталдуу талдоо жана комплекстүү баалоо 4-артыкчылыктуу багыт, 12 милдет жана 53 иш-чара боюнча бардык пландалган чаралар жана иш-аракеттер негизинен аткарылгандыгына, акыркы индикаторлор, максаттуу көрсөткүчтөр жана күтүлүүчү натыйжалар COVID-19 пандемиясы менен күрөшүү мезгилине байланыштуу терс факторлордун кийлигишүүсүнө карабастан, 85–90 пайызга жетишилгендигине күбө болот.
Түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторлорунун ишинде кырсыктардын коркунучтарын башкаруу аспекттерин киргизүүгө жана кызыкдар тараптар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана коркунучтун деңгээлин, анын ичинде климаттын өзгөрүү шарттарында азайтуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга, өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын автоматташтырылган башкаруу жана кабарлоо системасын өнүктүрүүгө, социалдык объекттердин жана инфраструктуранын кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууга багытталган милдеттерди чечүүдө эң маанилүү жыйынтыктарга жетишилди.
Калктын «коопсуздук маданиятын» жогорулатуу, Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын ченемдик-укуктук базасын жана уюштуруу түзүмүн өнүктүрүү, кырсык коркунучунан камсыздандырууну өнүктүрүү жана кырсыктар коркунучун азайтууга ички инвестицияларды өбөлгөлөө, даярдык деңгээлин жана чара көрүү, анын ичинде шашылыш кызматтардын потенциалын жогорулатуу, кызмат адамдарын Жарандык коргонууну уюштурууга жана жүргүзүүгө даярдоо системасын өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүдө координациялоо механизмдерин өркүндөтүү жаатында милдеттерди жүзөгө ашырууда кыйынчылыктар жаралды.
Климаттын өзгөрүшүнүн жана COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөштү талдоо учурдагы жана келечектеги кырсыктар коркунучун мамлекеттик башкаруу системасындагы көптөгөн көйгөйлөрдү көрсөттү. 2021-жылдын октябрында өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү, кризиске каршы чараларды жүзөгө ашыруу жана узак мөөнөттүү өнүгүү максаттарына ийгиликтүү жетүү үчүн негиздерди түзүү үчүн чөйрөнү түзүү аркылуу жарандардын бакубаттыгын жакшыртууга багытталган, өлкөдө, региондо жана дүйнөдө болгон өзгөрүүлөрдү эске алуу менен өлкөнүн келечек образын жана мамлекеттин андан ары ырааттуу өнүгүшү максатында бүтүндөй мамлекеттик башкаруу системасы үчүн багыттарды аныктаган 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жана аны жүзөгө ашыруу боюнча Иш-чаралар планы, жаңы программалык документтер кабыл алынган.
Климаттын өзгөрүүсү менен күч алуучу учурдагы кырсык коркунучтары, жаңы чакырыктар жана коркунучтар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана калктын нормалдуу жашоосуна жана бакубаттыгына коркунуч келтирип жаткандыгынан улам 2030-жылга чейин Кырсыктар коркунучтарын азайтуу боюнча Сендай алкактык программасын жүзөгө ашыруу, ТӨМ жана Климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусунун максаттарына жетүү боюнча өзүнө алган милдеттенмелердин негизинде 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын потенциалын андан ары бекемдөө олуттуу зарылчылыгы жаралат.
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында өнүктүрүүнүн өзгөчө артыкчылыктарына уникалдуу табигый экосистеманы сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, өндүрүштүк жана чарбалык объекттердин ишинен экологиялык терс кесепеттерди минималдаштыруу, экологиялык багыттагы бизнести өнүктүрүү жана колдоо, “жашыл” экономиканын принциптерин сектордук саясатка интеграциялоо, калдыктары аз, ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, калдык сактоочу жайларын аймагын рекультивациялоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу, табигый чөйрөнү, экосистемаларды сактоо жана калыбына келтирүү, мөңгүлөрдү, ландшафттарды жана биологиялык түрдүүлүктү сактоо, өсүп жаткан токойлорду сактоо жана токой аянтын көбөйтүү жолу менен адам жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу айлана-чөйрөнүн жана климаттын туруктуулугун камсыз кылуу маселеси киргизилген.
Мындан тышкары 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында келечектеги коркунучтарды эске алуу менен климат өзгөргөн шарттарда кырсыктар коркунучун азайтуунун маселелерин комплекстүү чечүү, болжолдоонун жана чара көрүүнүн жаңы методдорун өнүктүрүү, бала бакчалар жана мектептер деңгээлинен баштап туруктуу керектөө жана өндүрүш принциптеринде экологиялык билимди, тарбияны жана агартууну жайылтуу, адистешкен жана тармактык мыйзамдарды камтууга тийиш болгон климаттык саясат үчүн укуктук негиздерди калыптандыруу, улуттук климаттык статистиканын базасында мониторингди иштеп чыгуу жана MRV (мониторинг, отчеттуулук жана верификация) улуттук системасын киргизүү боюнча милдеттер, ошондой эле климаттын өзгөрүшүн жумшартуу жана парник газдарын чыгаруулардын деңгээлин азайтуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча милдеттер каралган.
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018–2030-жылдарга концепциясын ишке ашыруу (2-этап – 2023–2026-жылдар) боюнча иш-чаралар планы 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын максаттарын, милдеттерин жана өнүктүрүү артыкчылыктарын жүзөгө ашыруунун негизинде иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын калкын жана
аймагын өзгөчө кырдаалдардан
комплекстүү коргоонун
2018–2030-жылдарга концепциясын ишке ашыруу
(2-этап – 2023–2026-жылдар)
боюнча иш-чаралар планына
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун
2018–2030-жылдарга концепциясын ишке ашыруу (2-этап – 2023–2026-жылдар) боюнча иш-чаралар планынын бюджети
(миң сом менен)
№ | Милдеттер | Чаралар/ иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү (жыл) | Чараларды ишке ашырууга ресурстарды керектөөлөр | Чараларды ишке ашырууга каржылоо мүмкүнчүлүгү | Финансылык үзгүлтүк | ||||||||||
Ишке ашырууга чаралардын бардыгы (1+2) | Бюджет (1) | Бюджеттен тышкаркы каражаттар (2) | Ишке ашырууга чаралардын бардыгы (1+2) | Бюджет (1) | Бюджеттен тышкаркы каражат-тар (2) | Ишке ашырууга чаралардын бардыгы (1-2) | Бюджет (1) | Бюджеттен тышкаркы каражаттар (2) | ||||||||
Республикалык бюджет | Жергиликтүү бюджет | Республикалык бюджет | Жергиликтүү бюджет | Көлөм | Каржылоо булагы | Республикалык бюджет | Жергиликтүү бюджет | |||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
1-артыкчылыктуу багыт: Кырсыктардын коркунучу жөнүндө билимди жогорулатуу | ||||||||||||||||
1
| Ар түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын натыйжалуу-лугун жогору-латуу
| 1.1. Картографиялык материалдарды жана табигый жана техногендик мүнөздөгү ӨК булактарынын маалыматтар банкын жаңылоо менен мониторинг маалыматын актуалдаштыруу, системалаштыруу жана санариптештирүү жана пайдалануучуларга жетүү мүмкүндүгүн берүү | 2023- 2025 | 7 225 | 2 975 |
| 4 250 | 2 975 | 2 975 |
|
|
| 4 250 | 0 | 0 | 4 250 |
1.2. ӨККМЖжББС веб-порталынын маалыматтар базасын кеңейтүү, техникалык потенциалын, функциялык ресурсун модернизациялоо, күчөтүү | 2023- 2026 | 4 250 |
|
| 4 250 | 0 |
|
|
|
| 4 250 | 0 | 0 | 4 250 | ||
1.3. Кыргыз Республикасында ӨККМЖжББС андан ары өнүктүрүүнүн Өлкөлүк концепциясын (Программаны) иштеп чыгуу | 2024- 2026 | 8 500 |
|
| 8 500 | 0 |
|
|
|
| 8 500 | 0 | 0 | 8 500 | ||
1.4. Ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) сатып алуу | 2024- 2026 | 8 500 |
|
| 8 500 | 0 |
|
|
|
| 8 500 | 0 | 0 | 8 500 | ||
2
| Кырсыктар коркунучун азайтуу боюнча чаралардын натыйжалуу-лугун жогорулатуу үчүн Жарандык коргонуу жаатында кырсыктар коркунучтарын баалоо жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү
| 2.1. Сейсмикалуу-лугу 8 жана андан жогору балл болгон зоналардагы ири калктуу конуштарда турак жай курулуштарынын сейсмикалык туруктуулугун баалоо жана жер титирөөлөрдөн улам мүмкүн болуучу социалдык-экономикалык зыянды жана жоготууларды минималдаштыруу максатында кырсыктар коркунучун башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу | 2023- 2026 | 44 000 | 1 000 |
| 43 000 | 1 000 | 1 000 |
|
|
| 43 000 | 0 | 0 | 43 000 |
2.2. Кырсыктар коркунучун азайтуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн КР ӨКМ илимий-техникалык кеңешинин жана ККА боюнча Улуттук платформанын илимий, координациялык жана эксперттик потенциалын чыңдоо боюнча чараларды ишке ашыруу | 2023- 2024 | 11 200 | 1 000 |
| 10 200 | 11 200 | 1 000 |
| 10 200 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
2.3. Кооптуу өндүрүштүк объекттерден чыккан коркунучтарды баалоо | 2023- 2024 | 3 000 | 1 000 |
| 2 000 | 1 000 | 1 000 |
|
|
| 2 000 | 0 | 0 | 2 000 | ||
2.4. Имараттарды бекемдөө, оңдоо жана реконструкциялоо боюнча конструктивдик жана техникалык чечимдердин каталогун түзүү | 2023- 2024 | 3 000 | 1 000 |
| 2 000 | 1 000 | 1 000 |
|
|
| 2 000 | 0 | 0 | 2 000 | ||
2.5. Мөңгүлөрдү сактоо боюнча чараларды пландоо жана ишке ашыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу максатында алардын эрүү процесстерине изилдөө жүргүзүү | 2023- 2026 | 21 600 | 2 160 |
| 19 440 | 2 160 | 2 160 |
|
| Донор-лор | 19 440 | 0 | 0 | 19 440 | ||
2.6. Инновациялык ГМС-технологияларды жана спутник мониторингин пайдалануу менен Талас, Чу, Чаткал дарыяларынын жана Ысык-Көлдүн бассейндеринин мөңгүлөр кадастрын иштеп чыгуу | 2023- 2026 | 34 560 | 2 160 |
| 32 400 | 2 160 | 2 160 |
|
| Донор-лор | 32 400 | 0 | 0 | 32 400 | ||
3
| Калктын коопсуздук маданиятын жогорулатуу
| 3.1. Адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу жаатында компетенцияларга ээ болууга багытталган Мамлекеттик билим берүү стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2023- 2024 | 400 | 400 |
|
| 400 | 400 |
|
|
| 0 | 0 | 0 | 0 |
3.2. Калктын ар кандай категорияларынын кырсыктар коркунучун кабыл алуусу, түшүнүүсү жана практикасы боюнча социологиялык изилдөө жүргүзүү, калктын маалымдуулугун күчөтүү концепциясын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023- 2025 | 5 000 | 240 |
| 4 760 | 240 | 240 |
|
| Донор-лор | 4 760 | 0 | 0 | 4 760 | ||
3.3. Кырсыктар коркунучун, калктын өзгөчө кырдаалдарга дуушар болушун жана аялуулугун, ошондой эле калктын бир кыйла аялуу катмарынын гуманитардык жардамга муктаждыктарын баалоо жана талдоо үчүн методикалык, билим берүүчү жана башка материалдарды, стандарттарды жана негизги көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу | 2023- 2026 | 5 000 | 325 |
| 4 675 | 325 | 325 |
|
| Донор-лор | 4 675 | 0 | 0 | 4 675 | ||
3.4. Кесиптик билим берүү уюмдарынын (мекемелеринин) негизги персоналынын маалыматтарды башкаруу жана кырсыктар коркунучун моделдөө боюнча потенциалын өстүрүү
| 2022- 2026 | 1 350 | 500 |
| 850 | 1 350 | 500 |
| 850 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
3.5. Социалдык коргоо жаатындагы КР мыйзамдарына “кырсык” түшүнүгүн социалдык кесепет катары киргизүү | 2023-2025 | 3 200 | 225 |
| 2 975 | 225 | 225 |
|
| Донор-лор | 2 975 | 0 | 0 | 2 975 | ||
|
| 1-багыт боюнча бардыгы |
| 160 785 | 12 985 |
| 147 800 | 24 035 | 12 985 |
| 11 050 |
| 136 750 |
|
| 136 750 |
2-артыкчылыктуу багыт: Кырсыктар коркунучун башкаруунун уюштуруу-укуктук алкактарын өркүндөтүү | ||||||||||||||||
4
| Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ченемдик укуктук базасын жана уюштуруу түзүмүн өнүктүрүү
| 4.1. Табигый кырсыктардан/ ӨКдан (анын ичинде климаттык) зыянды жана жоготууларды системалуу каттоо жана эсепке алуу тартибин жана методикасын жөнгө салуучу ЧУА жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу | 2023- 2024 | 2 380 | 1 190 |
| 1 190 | 2 380 | 1 190 |
| 1 190 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 |
4.2. Кырсыктар-дан/ӨКдан зыянды жана жоготууларды баалоо боюнча тармактык жана сектордук усулдук материалдарды иштеп чыгуу жана практикага киргизүү | 2023- 2024 | 3 060 | 1 870 |
| 1 190 | 3 060 | 1 870 |
| 1 190 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
4.3. Кырсыктар-дын/ӨКтин таасирлеринен зыян жана жоготуулар жөнүндө милдеттүү мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту өркүндөтүү | 2023- 2025 | 1 190 | 510 |
| 680 | 1 190 | 510 |
| 680 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
4.4. Мөңгүлөрдүн абалына байкоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн ченемдик укуктук базаны жана уюштуруу түзүмүн иштеп чыгуу | 2023- 2025 | 2 450 | 300 |
| 2 150 | 300 | 300 |
|
| Донор-лор | 2 150 | 0 | 0 | 2 150 | ||
4.5. Кырсыктар коркунучун азайтуу боюнча КР Улуттук платформасы үчүн ченемдик укуктук базаны жана уюштуруу түзүмүн иштеп чыгуу | 2023- 2025 | 1 150 | 300 |
| 850 | 300 | 300 |
|
| Донор-лор | 850 | 0 | 0 | 850 | ||
5
| Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторлорунун ишине кырсык-тар коркунучун башкаруу аспекттерин киргизүү жана кызыкдар тараптардын ортосунда өз ара аракет-тенүүнү кеңейтүү
| 5.1. ӨКга чара көрүү жана ККА чаралары тармактарында Жарандык коргонуу кызматтарынын милдеттерине, функцияларына, ролдоруна жана жоопкерчилигине комплекстүү талдоо жүргүзүү. Жарандык коргонуу секторлорунда жана кызматтарында ККА чараларын идентификациялоо | 2023- 2026 | 1 250 | 400 |
| 850 | 1 250 | 400 |
| 850 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 |
5.2. Айыл чарба секторунда, анын ичинде санариптик модернизациялоонун жана инновациялык МКТ киргизүүнүн негизинде климаттык жана башка кырсыктар коркунучун башкаруу аспекттерин өркүндөтүү | 2023- 2026 | 43 000 | 1 700 |
| 41 300 | 43 000 | 1 700 |
| 41 300 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
5.3. Кырсыктар коркунучун азайтуу боюнча тармактык жана аймактык программаларды/ пландарды иштеп чыгууну уюштуруу жана ишке ашыруу | 2023- 2026 | 2 800 | 800 |
| 2 000 | 2 800 | 800 |
| 2 000 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
5.4. Институттук потенциалды күчөтүү максатында ченемдик-укуктук жана методологиялык базаны өркүндөтүү аркылуу гидрометеороло-гиялык байкоо тармагынын ишине климаттык кырсыктар коркунучун башкаруу аспекттерин киргизүү | 2023- 2024 | 700 | 700 |
|
| 700 | 700 |
|
|
| 0 | 0 | 0 | 0 | ||
6
| Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын автоматташты-рылган башкаруу жана кабарлоо системасын өнүктүрүү
| 6.1. Бийик тоолуу мөңгү көлдөрүнүн жарылуу коркунучу жөнүндө эрте эскертүү системасын иштеп чыгуу | 2023- 2025 | 4 100 | 800 |
| 3 300 | 800 | 800 |
|
| Донор-лор | 3 300 | 0 | 0 | 3 300 |
6.2. Жеткире жабдуу жана калкка коркунуч жана ӨК пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо автоматташтырыл-ган системаларын өнүктүрүүнүн эсебинен КМКЖМКС техникалык потенциалын күчөтүү | 2023- 2030 | 255 000 | 1 680 |
| 253 320 | 1 680 | 1 680 |
|
| Донор-лор | 253 320 | 0 | 0 | 253 320 | ||
6.3. ККА боюнча, ӨК алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашырууну баалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн “Дезинвентар Сендай” системасын киргизүү эсебинен БМБС техникалык потенциалын күчөтүү | 2023- 2026 | 1 268 | 600 |
| 668 | 1 268 | 600 |
| 668 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
6.4. “112 Кыргызстан” тиркемесинин программалык продуктун жаңыртуу, ӨК жөнүндө маалыматты кабыл алуу-берүү функцияларын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү | 2023- 2024 | 680 | 200 |
| 480 | 680 | 200 |
| 480 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
6.5. Жер титирөө жөнүндө эрте кабарлоонун региондук системасын түзүү жана иштөөсүн камсыздоо боюнча чараларды ишке ашыруунун, чек ара аралык мүнөздөгү ӨК коркунучу жана пайда болушу жөнүндө өз ара маалымдоонун алкагында КРнын эрте кабарлоо улуттук системасын БА өлкөлөрүнүн (Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын) эрте эскертүү системалары менен интеграциялоо | 2023- 2026 | 85 300 | 300 |
| 85 000 | 300 | 300 |
|
| Донор-лор | 85 000 | 0 | 0 | 85 000 | ||
6.6. Инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, анын ичинде инновациялык программалык продукттарды киргизүү аркылуу КРда БМБС модернизациялоо жана потенциалын бекемдөө | 2023- 2026 | 7 221 |
|
| 7 221 | 7 221 |
|
| 7 221 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
|
| 2-багыт боюнча бардыгы |
| 411 549 | 11 350 |
| 400 199 | 66 929 | 11 350 |
| 55 579 |
| 344 620 |
|
| 344 620 |
3-артыкчылыктуу багыт: Каршы аракеттенүү потенциалын чыңдоо максатында кырсыктар коркунучун азайтуу боюнча чараларга инвестициялар | ||||||||||||||||
7
| Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кооп-туулук деңгээлин азайтуу боюнча, анын ичинде климат-тын өзгөрүү шарттарында чараларды ишке ашыруу
| 7.1. Потенциалдуу кооптуу объекттерде жана участоктордо атайын жана алдын алуучу коргоо иш-чараларын өткөрүү аркылуу жергиликтүү жамааттын деңгээлинде кырсыктар коркунучун (анын ичинде климаттык, каскаддык жана кумулятивдик) жана ӨК пайда болуу коркунучун азайтуу | 2023- 2026 | 1 736 000 | 1 600 000 |
| 136 000 | 1 736 000 | 1 600 000 |
| 136 000 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 |
|
7.2. Инженердик-техникалык иш-чаралар комплексин өткөрүү жана 20 жер көчкү коркунучу бар участокто мониторинг жана эрте кабарлоо системаларын орнотуу аркылуу жер көчкү коркунучу бар участоктордо кырсыктар коркунучун азайтуу | 2023- 2026 | 3 315 000 | 340 000 |
| 2 975 000 | 3 315 000 | 340 000 |
| 2 975 000 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
7.3. Инженердик техника менен жабдуу, 20 гидрологиялык постту орнотуу жана жабдуу жолу менен суу чарба объекттеринде кырсыктар коркунучуна, анын ичинде климаттык кырсыктар коркунучуна мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо потенциалын күчөтүү | 2023- 2024 | 3 706 000 | 425 000 |
| 3 281 000 | 3 706 000 | 425 000 |
| 3 281 000 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
7.4. “БУУ демилгелери – КАДРИ – 2022”, “Сендай алкактык программасынын орто мөөнөттүү обзору”, “18-бөлүм – Кыргызстандын экологиялык ишинин натыйжалуулугуна сереп” сунуштарын эске алган долбоордук сунуштарды демилгелөө, иштеп чыгуу жана андан ары илгерилетүү аркылуу ККАга инвестицияларды тартуу | 2023- 2026 | 42 500 | 5 400 |
| 37 100 | 5 400 | 5 400 |
|
| Донор-лор | 37 100 | 0 | 0 | 37 100 | ||
7.5. Потенциалдуу кооптуу участоктордогу бак-дарактарды, агрардык токой чарбачылыгын жана токой-мелиорация иштерин ийгиликтүү ишке ашыруунун, анын ичинде климаттык таасирдин натыйжаларын эске алган “жашыл долбоорлорду” андан ары илгерилетүү менен ККАга инвестициялар | 2023- 2026 | 37 700 | 1 700 |
| 36 000 | 1 700 | 1 700 |
|
| Донор-лор | 36 000 | 0 | 0 | 36 000 | ||
7.6. КР аймагынын эрозиянын, чөлгө айлануунун, шорлонуунун, кырсыктардын, анын ичинде климаттык кырсыктардын, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишинин таасиринин натыйжасында жердин деградацияга дуушар болушун, картага түшүрүү, баалоо жана талдоо боюнча чараларды ишке ашыруу | 2023- 2026 | 233 750 | 212 500 |
| 21 250 | 212 500 | 212 500 |
|
| Донор-лор | 21 250 | 0 | 0 | 21 250 | ||
7.7. Айыл чарбасында өздөштүрүү үчүн жерлердин жарактуулугун аныктоо максатында КР аймагынын тоо этектериндеги зоналарын картага түшүрүүнүн негизинде тоо этектериндеги жерлерди айыл чарбасында өздөштүрүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | 2023- 2030 | 31 450 | 1 700 |
| 29 750 | 1 700 | 1 700 |
|
| Донор-лор | 29 750 | 0 | 0 | 29 750 | ||
8
| Кырсыктар коркунучунан камсызданды-рууну өнүктү-рүү жана кырсыктар коркунучун азайтууга ички инвести-цияларды тартууга дем берүү
| 8.1. Турак жайды жана экономика объекттерин табигый кырсыктардан жана өрттөн милдеттүү камсыздандыруу системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү | 2023- 2026 | 920 | 920 |
|
| 920 | 920 |
|
|
| 0 | 0 | 0 | 0 |
8.2. Кырсыктар коркунучун, анын ичинде климаттык кырсыктар коркунучун азайтууга ички инвестицияларды өбөлгөлөөгө багытталган комплекстүү прикладдык изилдөөнү жүргүзүү, иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2024- 2025 | 8 500 | 500 |
| 8 000 | 8 500 | 500 |
| 8 000 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
8.3. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден ККА жана ӨК, анын ичинде климаттык кырсыктарды азайтууга ички инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын кеңейтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу, айыл чарба секторунда кырсыктар коркунучунан камсыздандырууну өнүктүрүү | 2024- 2026 | 10 875 | 1 000 |
| 9 875 | 6 150 | 1 000 |
| 5 150 | Донор-лор | 4 725 | 0 | 0 | 4 725 | ||
8.4. ЖӨБО техникалык жана маалыматтык-коммуникациялык потенциалын бекемдөө боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ККА, анын ичинде климаттык жаатында маалыматты, билимди жана тажрыйбаны алуу жана пайдалануу максатында интернет-ресурстарга (веб-сайттарга жана платформаларга) жетүүнү кеңейтүү | 2023- 2030 | 84 500 | 1 000 |
| 83 500 | 84 500 | 1 000 |
| 83 500 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
9
| Климаттын глобалдык өзгөрүү шарттарында учурдагы, пайда болгон жана келечек-теги кырсык-тар коркунучта-рына туруктуулукту төмөндөтүү жана жогору-латуу үчүн инклюзивдик жана иннова-циялык инстру-менттерди киргизүү
| 9.1. Инновациялык жана инклюзивдик окутуу методдорун киргизүү менен “Коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары” программасын ишке ашыруу | 2023- 2026 | 339 964 |
|
| 339 964 | 339 964 |
|
| 339 964 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 |
9.2. Ирригациялык системаларды модернизациялоо жана селден коргоочу суу объекттеринде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү | 2023- 2026 | 200 000 | 70 000 |
| 130 000 | 200 000 | 70 000 |
| 130 000 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
9.3. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Мамлекеттер аралык максаттуу программасы боюнча калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иш-чаралар комплексин жүргүзүү | 2023- 2026 | 2 570 676 | 26 869 |
| 2 543 807 | 707 869 | 26 869 |
| 681 000 | Донор-лор | 1 862 807 | 0 | 0 | 1 862 807 | ||
9.4. Саламаттык сактоо жаатында инклюзивдик жана инновациялык технологиялардын негизинде адамдардын оорушун азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында абанын температурасынын кескин (аномалдуу) өзгөрүшүнүн чоң шаарлардын жашоочуларына таасир этүүсү факторлорун аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүү | 2023- 2026 | 17 000 | 1 700 |
| 15 300 | 17 000 | 1 700 |
| 15 300 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
9.5. Инклюзивдик жана инновациялык инструменттерди колдонуу менен деградацияга, кыртыштын биологиялык жана экономикалык күрдүүлүгүнүн төмөндөшүнө дуушар болгон жер ресурстарынын санариптик картасын иштеп чыгуу | 2023- 2025 | 31 450 | 1 700 |
| 29 750 | 1 700 | 1 700 |
|
| Донор-лор | 29 750 | 0 | 0 | 29 750 | ||
9.6. Калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды коопсуз райондорго эвакуациялоо тартибинин негизинде Потенциалдуу кооптуу тилкелерден калкты көчүрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2023- 2026 | 5 120 | 5 120 |
|
| 5 120 | 5 120 |
|
|
| 0 | 0 | 0 | 0 | ||
9.7. Жай өнүккөн кырсыктарды ӨК эсепке алуу жана каттоо улуттук механизмине киргизүү | 2023- 2024 | 21 600 | 700 |
| 20 900 | 21 600 | 700 |
| 20 900 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
9.8. Климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча планды иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2 023 | 74 500 | 700 |
| 73 800 | 74 500 | 700 |
| 73 800 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
9.9. Бал аарыларынын ооруларынын жана өлүмүнүн коркунучун азайтуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2023- 2024 | 3 400 | 700 |
| 2 700 | 3 400 | 700 |
| 2 700 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
|
| 3-багыт боюнча бардыгы |
| 12 470 905 | 2 697 209 | 0 | 9 773 696 | 10 449 523 | 2 697 209 | 0 | 7 752 314 |
| 2 021 382 |
|
| 2 021 382 |
4-артыкчылыктуу багыт: Натыйжалуу чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн кырсыктарга даярдыкты күчөтүү | ||||||||||||||||
10
| Чара көрүү күчтөрүнүн, анын ичинде шашылыш кызматтардын даярдык деңгээлин жана потенциалын жогорулатуу
| 10.1. ЧУАга өзгөчө фонддорду (атайын эсептерди) түзүү боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА жана ЖӨБО ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын кеңейтүүгө багытталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди | 2023- 2024 | 800 | 800 |
|
| 800 | 800 |
|
|
| 0 | 0 | 0 | 0 |
10.2. Мамлекеттик материалдык резерв фондунун сактоочу жайларын жана продукциянын сапатын баалоо лабораториясын модернизациялоо | 2023- 2026 | 75 500 | 70 500 |
| 5 000 | 75 500 | 70 500 |
| 5 000 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
10.3. Шашылыш медициналык жардам кызматын түзүү жана ишин уюштуруу (Катастрофа медицина кызматын түзүү жөнүндө КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу) | 2023- 2025 | 9 301 | 3 000 |
| 6 301 | 9 301 | 3 000 |
| 6 301 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
10.4. ӨК зоналарын тез баалоо чараларын ишке ашыруу, чара көрүү күчтөрүн жаңылоо жана потенциалын, анын ичинде заманбап каражаттар менен бекемдөө | 2023- 2026 | 1 280 050 | 59 000 |
| 1 221 050 | 71 000 | 59 000 |
| 12 000 | Донор-лор | 1 209 050 |
| 0 | 1 209 050 | ||
10.5. Табигый, техногендик, экологиялык жана социалдык-биологиялык мүнөздөгү ӨКга чара көрүү боюнча аймактык-тармактык координация механизмин күчөтүү аркылуу ЖКМС даярдык деңгээлин жана чара көрүү потенциалын жогорулатуу
| 2023- 2026 | 1 700 | 1 700 |
|
| 1 700 | 1 700 |
|
|
| 0 | 0 | 0 | 0 | ||
10.6. Байкоонун жана лабораториялык контролдун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ЛКБТ модернизациялоо, кеңейтүү, институттук жана техникалык потенциалын күчөтүү | 2023- 2026 | 900 232 | 17 117 |
| 883 115 | 17 117 | 17 117 |
|
| Донор-лор | 883 115 | 0 | 0 | 883 115 | ||
10.7. Ооруканалар-дын туруктуулук жана ККА пландарын иштеп чыгуу менен коопсуздугу боюнча маалыматтар базасын түзүү | 2023- 2026 | 14 450 | 1 700 |
| 12 750 | 1 700 | 1 700 |
|
| Донор-лор | 12 750 | 0 | 0 | 12 750 | ||
10.8 Санариптик, заманбап технологияларды киргизүү жана өрт чыгуу очокторуна сууну тынымсыз берүү боюнча шарттарды түзүү менен өрт көзөмөлү ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | 2023- 2024 | 12 069 | 1 082 |
| 10 987 | 1 082 | 1 082 |
|
|
| 10 987 | 0 | 0 | 10 987 | ||
11 | Жарандык коргонууну уюштурууга жана жүргүзүү-гө кызмат адамдарын даярдоо системасын өнүктүрүү | 11.1. Кырсыктар коркунучун азайтуу, ЖК, ТАКН, анын ичинде климаттык ӨК боюнча чараларга жергиликтүү коомчулукту жана калкты окутуу жана маалымдоо пландарын жана программаларын өркүндөтүү | 2023- 2026 | 14 450 | 1 700 |
| 12 750 | 14 450 | 1 700 |
| 12 750 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 |
11.2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо жана окутуу пландарын, программаларын өркүндөтүү, инновациялык МКТ жана заманбап методдорду (онлайн жана офлайн) киргизүү | 2023- 2025 | 2 000 | 2 000 |
|
| 2 000 | 2 000 |
|
| Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
12. | Өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүдө координа-циялоо механизмин өркүндөтүү | 12.1. “Калыбына келтирүү мурункудан жакшы, туруктуу” концепциясын киргизүү менен ӨК кийин узак мөөнөттүү калыбына келтирүүдө координациялоо механизмин өркүндөтүү | 2023- 2024 | 9 800 | 1 700 |
| 8 100 | 9 800 | 1 700 |
| 8 100 | Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 |
12.2. Прикладдык изилдөөлөрдү, коркунучтарды баалоо жана коркунучтардын ар бир түрү боюнча кырдаалды талдоо менен жай өнүгүп жаткан коркунучка чара көрүүнүн конкреттүү улуттук механизмдерин андан ары интеграциялоо
| 2023- 2030 | 170 000 | 3 000 |
| 167 000 | 3 000 | 3 000 |
|
| Донор-лор | 167 000 | 0 | 0 | 167 000 | ||
12.3. ӨКдан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү
| 2023- 2024 | 700 | 700 |
|
| 700 | 700 |
|
| Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
12.4. Гуманитардык запастарды/өзгөчө резервдерди түзүү, сактоо, тейлөө жана пайдалануу боюнча натыйжалуу механизмдерди, эрежелерди жана жол-жоболорду өркүндөтүү жана киргизүү | 2023- 2026 | 700 | 700 |
|
| 700 | 700 |
|
| Донор-лор | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
|
| 4-багыт боюнча бардыгы |
| 2 491 752 | 164 700 | 0 | 2 327 052 | 208 850 | 164 700 | 0 | 44 151 |
| 2 282 901 | 0 |
| 2 282 901 |
|
| Жалпысы |
| 15 534 991 | 2 886 243 | 0 | 12 648 747 | 10 749 338 | 2 886 243 | 0 | 7 863 094 |
| 4 785 653 | 0 | 0 | 4 785 653 |
Бардыгы 12 милдет пландалган
Бардык иш-чаралар:
Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Чараларды ишке ашыруу үчүн ресурстардын керектелиши | Чараларды ишке ашыруу үчүн каржылоо мүмкүнчүлүгү | Финансылык ажырым | ||||||||||
Ишке ашырууга чаралардын бардыгы (1+2) | Бюджет (1) | Бюджеттен тышкаркы каражаттар (2) | Ишке ашырууга чаралардын бардыгы (1+2) | Бюджет (1) | Бюджеттен тышкаркы каражаттар (2) | Ишке ашырууга чаралардын бардыгы (1+2) | Бюджет (1) | Бюджеттен тышкаркы каражаттар (2) | |||||
Республикалык бюджет | Жергиликтүү бюджет | Республикалык бюджет | Жергиликтүү бюджет | Көлөм | Каржылоо булагы | Республикалык бюджет | Жергиликтүү бюджет | ||||||
2023- 2026-жылдар | 15 534 991 | 2 886 243 | 0 | 12 648 747 | 10 749 338 | 2 886 243 | 0 | 7 863 094 | 0 | 4 785 653 | 0 | 0 | 4 785 653 |
% | 100 |
|
|
| 69 |
|
|
|
| 31 |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын
калкын жана аймагын өзгөчө
кырдаалдардан комплекстүү
коргоонун 2018–2030-жылдарга
концепциясын ишке ашыруу
(2-этап – 2023-2026-жылдар)
боюнча иш-чаралар планына
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018–2030-жылдарга концепциясын ишке ашыруу (2-этап – 2023–2026-жылдар) боюнча иш-чаралар планына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Орто аралык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикатор-лор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | |||
1-этап (2023-ж.) | 2-этап (2024–2025-жж.) | 3-этап (2026-ж.) | ||||||||
1-артыкчылыктуу багыт: Кырсык коркунучу тууралуу билимдерди жогорулатуу | ||||||||||
Түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу | ӨК комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана болжолдоонун бирдиктүү системасын андан ары өнүктүрүү | ӨККМЖжББС тармагын кеңейтүү | ӨККМЖжББС веб-порталын кеңейтүү | Веб-портал үчүн кошумча модулдар жана плагиндер иштелип чыкты | Карталар каталогу жаңыланды. Колдонуу-чулардын кирүү мүмкүн-дүгү менен тематика-лык маалымат-тардын бирдиктүү банкы түзүлдү
| ӨККМЖжББС андан ары өнүктүрүүнүн Өлкөлүк концепциясы иштелип чыкты | Мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү комплекстүү системасынын компоненттеринин жумушчу процесстери модернизация-ланды жана автоматташ-тырылды | ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | ||
2 | Кырсыктар коркунучун баалоо жана кырсыктар коркунучун азайтуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Жарандык коргонуу жаатында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү | Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны | Изилдөөлөр | - | 2 1. КТА б КР УПК илимий-техникалык кеңеши 2. Мөңгүлөр каталогу үчүн мониторинг жүргүзүү-нүн концепция-сы | 1 Имараттар-ды чыңдоо, оңдоо жана реконструк-циялоо боюнча конструк-тивдүү жана техникалык чечимдер-дин каталогу | 2 1. Сейсмика-лык коркунучтар боюнча болжолдуу маалыматтар чыгарылды. 2. Талас, Чу, Чаткал дарыялары-нын жана Ысык-Көлдүн бассейндери-нин мөңгүлөрүнүн каталогу
| 5 1. Ири калктуу конуштардын курулушунун техникалык абалы боюнча маалыматтар базасы түзүлдү 2. Кооптуу өндүрүш объекттеринин коркунучун баалоо аткарылды | ӨКМ, ЖРЭТКМ, АКТКЧМА, УИА, БАЖИИ (макулдашуу боюнча), донорлор (макулдашуу боюнча), КТА б КР УПК, КРСУ | |
3 | Калктын коопсуздук маданиятын жогорулатуу
| Мамлекеттик окутуу стандарттарын жаңыртуу, калктын маалымдуу-лугунун жаңы концепциясы кабыл алынды | Билим берүү чөйрөсүн-дөгү ЧУА саны | - | 4 МББС | 4 МББС концепция боюнча 1 ЧУА | 2 МББС (ТС) 1 каталог | Мамлекеттик окутуу стандарттарын жаңыртуу, каталог кабыл алынды, калктын маалымдуу-лугунун жаңы концепциясы кабыл алынды | БИМ, ЭСКММ, ММСЖСМ, ӨКМ, ЭКМ, МКЖӨБМА, ФМ, КРП облустардагыЫУӨ, ЖӨБО жана донорлор (макулдашуу боюнча) | |
2-артыкчылыктуу багыт: Кырсыктар коркунучун башкаруунун уюштуруу-укуктук алкактарын өркүндөтүү | ||||||||||
4 | Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун ченемдик укуктук базасын жана уюштуруу түзүмүн өнүктүрүү | ЧУА саны | ЧУА саны | 3 | 2 | 2 | 4 | 8 | ӨКМ, министрлик-тер, ведомстволор, макулдашуу боюнча донорлор | |
5 | Мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ секторлорунун ишине кырсыктар коркунучун башкаруу аспекттерин киргизүү жана кызыкдар тараптардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү | Кырсык коркунучун азайтуу боюнча программаларды/пландарды кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү | % | - | 37 % | 40 % | 23 % | 100 % | ӨКМ, министрлик-тер, ведомстволор, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
| |
Кырсык коркунучун азайтуу боюнча тармактык программалар/ Пландар | Пландын саны | 0 | 4 | 8 | 5 | 17 план, ККА боюнча чаралар идентифи-кацияланды | Министрлик-тер, ведомстволор | |||
6 | Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын автоматташтырыл-ган башкаруу жана кабарлоо системасын өнүктүрүү | Аймакты Бирдиктүү маалыматтык-башкаруучу системанын компоненттери менен камтуу | Шаар/ айыл аймагы | 0 | 10
| 30 | 30 | 70 шаар/айыл аймагы | ӨКМ, СӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
3-артыкчылыктуу багыт: Каршы аракеттенүү потенциалын чыңдоо максатында кырсык коркунучун азайтуу боюнча чараларга инвестициялар | ||||||||||
7 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, коркунуч деңгээлин, анын ичинде климаттын өзгөрүү шартында азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу | Калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдан коргоо боюнча объекттердин саны | Объекттердин саны | 300 | 320 | 340 | 360 | 1020 объект | ӨКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | |
8 | Кырсыктар коркунучунан камсыздандырууну өнүктүрүү жана кырсыктар коркунучун азайтууга ички инвестицияларды өбөлгөлөө | Камсызданды-рылган турак жайдын үлүшү, ар жылдык өсүш 3 % | % | 3 % | 3 % | 6 %, айыл чарба секторунда камсыздан-дыруу системасы киргизилди | 3 % турак жай 20 % айыл чарба сектору | Камсызданды-рылган турак жайдын үлүшүнүн жалпы санынын 12 %ына жеткирүү | ЭКМ, АЧМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | |
9 | Климаттын глобалдык өзгөрүү шарттарында учурдагы, пайда болуучу жана келечектеги кырсыктар коркунучтарына туруктуулукту төмөндөтүү жана жогорулатуу үчүн инклюзивдик жана инновациялык инструменттерди киргизүү | Мектепке чейинки балдар уюмдарынын коопсуз абалына келтирилген мектептердин, бала бакчалардын саны | Объект-тердин саны | 35 | 50 | 100 | 50 | 200 объект | БИМ, ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | |
4-артыкчылыктуу багыт: Натыйжалуу чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн кырсыктарга даярдыкты жогорулатуу | ||||||||||
10 | Даярдык деңгээлинин жана чара көрүү күчүнүн, анын ичинде шашылыш кызматтардын потенциалынын деңгээлин жогорулатуу
| Чара көрүү күчүнүн техникалар паркын жаңылоо | Техника-нын саны, УУА | 58 бирд. техника
| - | - | 75 бирд. 9 УУА, 2 УТ полигон
| 75 бирд. 9 УУА, 2 УТ полигон
| ӨКМ, донорлор (макулдашуу боюнча) | |
11 | Жарандык коргонууну уюштурууга жана жүргүзүүгө кызмат адамдарын даярдоо системасын өнүктүрүү | Калкты окутуу | % | 0,20 % | 1 % | 5 % | 5 % | Жаңы окутуу методдору киргизилди, жылына 5 % чейин калкка жеткирилди | ӨКМ, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), донорлор (макулдашуу боюнча | |
12 | Өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүдө координациялоо механизмин өркүндөтүү | ЧУА кабыл алынды | ЧУА саны | - | - | 2 | - | 1. ӨК реконструк-циялоо жана калыбына келтирүү боюнча бирдиктүү ыкма белгиленди. 2. ӨК жабыркаган-дарга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттары бекитилди | ӨКМ, АКТКЧМА БИМ, ССМ, АЧМ, ЖРЭТКМ, ЭСӨММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) донорлор (макулдашуу боюнча) | |