ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 361 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 «Кошумча нарк салыгынын эсептик- фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 2-июну № 361

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 «Кошумча нарк салыгынын эсептик- фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 токтому менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларды мыйзам актыларына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 «Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо:

- 15-пункттун экинчи абзацындагы «нотариалдык күбөлөндүрүлгөн» деген сөздөр алып салынсын;

- 15-пункттун үчүнчү абзацындагы «жана Кыргыз Республикасындагы салык салынуучу субъектинин салыктык каттоосу жүргүзүлгөн аймагында туруктуу катталган» деген сөздөр алып салынсын;

- Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого 1.7-тиркеме (жылуулук энергиясы) бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов

 

 

КНС эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого 1.7-тиркеме (жылуулук энергиясы)