Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 362
Кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартибин бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 362 токтому менен бекитилген |
Кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароо Тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 267, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын рынокторунда иш-аракеттери эркин атаандаштыкты чектеген жана жокко чыгарган юридикалык жана жеке жактарга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таркатылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомуна ылайык абзац алынып салынды)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кара ниет атаандаштык боюнча иштерди кароо үчүн негиздер
2. Кара ниет атаандаштык боюнча иштерди кароо үчүн негиз болуп жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын арызы, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолор эсептелет.
Мамлекеттик монополияга каршы орган жана анын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - монополияга каршы орган) кара ниет атаандаштык боюнча иштерди, анын ичинде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен кароону демилгелейт.
Кара ниет атаандаштыктын фактылары боюнча арыздар менен кайрылган учурда аймактык бөлүмдөр материалды өз алдынча карап чыгат жана кабыл алынган чаралар тууралуу маалыматты монополияга каршы органдын борбордук аппаратына жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Иштеги далилдер болуп «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан 8-беренесин бузуунун барлыгын же жоктугун аныктоого мүмкүндүк берген төмөнкүлөр эсептелет:
- баалардын мониторинги;
- видеоматериалдар;
- жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоолор;
- рыноктогу атаандаштык чөйрөгө талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары;
- экспертизалардын корутундулары;
- тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары;
- келишимдер;
- эсеп-фактура;
- юридикалык жана жеке жактардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каттары;
- Интернетке жайгаштырылган маалыматтар.
4. Монополияга каршы органга арыз жазуу жүзүндө же оозеки формада берилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү арыз кара ниет атаандаштыктын фактылары жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтерди (түп нускасы же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) тиркөө менен берилет. Чет тилдеги документтер мамлекеттик же расмий тилдерге котормосун күбөлөндүргөн тиркеме менен берилет. Оозеки формасындагы арыз протокол менен таризделет.
Арызда төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
1) арыз ээси тууралуу маалымат:
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы жана анын жайгашкан орду, жетекчинин аты-жөнү, телефон номери, факсы;
- жеке адамдар үчүн - аты-жөнү, жашаган жери, телефон номери. Ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү тиркелет;
- жактын (арыз ээсинин) атынан чыгууга жана анын кызыкчылыгын коргоочу ыйгарым укуктуу адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген өкүлдүн аты жөнү, жашаган жери, телефон номери, ыйгарым укуктарынын жазуу жүзүндөгү далили, ким экендигин ырастоочу документинин көчүрмөсү тиркелет;
2) арыз берилген чарбакер субъекттин аталышы;
3) кара ниет атаандаштыктын фактыларын (иш-аракетин) баяндоо;
4) талаптардын жана сунуштардын маңызы;
5) кара ниет атаандаштыктын болушу жөнүндө ишти кароо үчүн башка керектүү маалыматтар.
Арызга арыз берүүчүнүн же юридикалык жактын жетекчисинин колу коюлат, юридикалык жактын жетекчисинин колу арыз берилген күндү, айды жана жылын көрсөтүү менен юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Эгерде арыз өкүл аркылуу берилсе, анда мыйзамда белгиленген тартипте берилген ишеним кат да берилиши керек.
Арыз монополияга каршы органга почта, электрондук почта, курьер менен жиберилет же колмо-кол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 267, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө материалдарды кароо тартиби жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу
5. Кара ниет атаандаштык жаатында мыйзамдардын бузулушунун барлыгы же жоктугу кара ниет атаандаштык боюнча ишти кароонун жүрүшүндө аныкталат.
«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин бузган белгилер болгон учурда монополияга каршы органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары) ишти кароо тууралуу чечим чыгарат.
Жыйынга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, ошондой эле башка кызыктар тараптардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
6. Ишти кароо орду, күнү жана убактысы көрсөтүлгөн чечим 3 күндүк мөөнөттө тараптарга билдирилет.
Чечим заказ кат менен жиберилет же кол койдуруу менен тараптардын өкүлдөрүнө тапшырылат. Мында чечимди билдирүү тууралуу күбөлөндүрүлгөн почталык же башка документтер делого тиркелет.
7. Иш боюнча тараптар болуп арыз ээлери жана кара ниет атаандаштык жаатындагы монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иши каралып жаткан адамдар эсептелет.
8. Кара ниет атаандаштык жатындагы монополияга каршы мыйзамдарды бузуу тууралуу иштер арыз монополияга каршы органда катталган учурдан тартып 30 күндүн ичинде каралат.
Кара ниет атаандаштык жаатындагы монополияга каршы мыйзамдарды бузуу тууралуу материалдарды кароо процессинде төмөнкү маселелер такталат:
1) ишти маңызы боюнча кароо үчүн болгон маалыматтардын жетиштүүлүгү;
- «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин бузган белгилердин болушу;
- кара ниет атаандаштыкты далилдеген документтердин болушу;
- арыз берилген жакка карата арыз ээси жана чарбакер субъект тууралуу маалыматтын аныктыгы;
2) өтүнүч каттын болушу.
Ишти кароодо пайда болгон, атайын билүүнү талап кылган маселелерди түшүндүрүү үчүн монополияга каршы орган өзүнүн корутундуларын даярдоо жана берүү үчүн иштин материалдары менен тааныша турган. эксперттерди жана адистерди ишти кароого катышууга чакырууга укуктуу. Көз карандысыз эксперттердин жана адистердин кызматтарына акы төлөө республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
9. Материалды кароо боюнча жыйындарда иши каралып жаткан адамдардын түшүндүрмөлөрү, ишти карап чыгууда катышкан башка адамдардын көрсөтмөсү, адистердин жана эксперттердин түшүндүрмөсү ж.б. угулат.
10. Кара ниет атаандаштык боюнча ишти жыйын түрүндө кароодо кызыкдар жактардын катышуусу менен протокол түзүлөт, ага жетекчи (жетекчинин орун басары) жана жыйындын катчысы кол коёт.
Протоколдо төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) монополияга каршы органдын расмий аталышы;
2) иш каралган күн жана орду;
3) ишти кароого катышкан адамдардын фамилиясы, аты-жөнү, бул иштеги алардын статусун көрсөтүү менен (арыз берүүчү, күбө ж.б.);
4) каралып жаткан иштин мазмуну;
5) ишти кароого катышкан адамдардын сөздөрүн кыскача берүү;
6) жыйындын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечим.
Протокол башка кошумча маалыматтарды камтышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 267 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ишти кароо 10 иш күнүнөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн:
1) тараптардын иш боюнча ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө жүйөлүү өтүнүч катына байланыштуу, төраганын жыйындарга ооругандыгы, иш сапарына кеткендиги, башка сот жыйынына катышкандыгы жана тиешелүү документтер менен тастыкталган өлкөнүн чегинен сыртка кеткендиги боюнча келбей калышына байланыштуу;
2) иш боюнча далилдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген материалдардын толук маалыматтары же башка булактарга (документтерге) таянуунун жоктугуна байланыштуу кошумча далилдерди алуу зарылдыгына байланыштуу;
3) милдеттүү түрдө ишке катыша турган эксперттерди жана башка адамдарды ишке кызматташууга тартуунун зарылдыгына байланыштуу.
Ишти кийинкиге калтырууда ишти кароо мөөнөтү үзгүлтүккө учурабайт.
12. Кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамды бузуу боюнча чечим кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамды бузган адамдын (расмий өкүл) катышуусунда кабыл алынат.
Бул адам жок болгон учурда иш төмөнкү учурларда гана каралышы мүмкүн, ага өз убагында ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө билдирүү бар болсо жана андан ишти кийинкиге калтыруу тууралуу өтүнүч кат түшпөгөн болсо.
13. Кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамды бузуу жөнүндө ишти кароонун жыйынтыгы боюнча монополияга каршы органдын жетекчиси (жетекчисинин орун басары) иш боюнча токтом, бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүү түрүндө чечим чыгарат:
1) кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамды бузууну четтетүү жөнүндө;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) көрсөтүлгөн иштерди кароо компетенциясына кирген мамлекеттик органдарга ишти өткөрүп берүү жөнүндө;
4) ишти сот, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жөнүндө;
5) ишти токтотуу жөнүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомуна ылайык абзац күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Эскертүү жазуу жүзүндө таризделет, ага монополияга каршы жөнгө салуу органынын жетекчиси же анын орун басары жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн начальниктери кол коюшат жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) эскертүү берилген жактын аталышы, жайгашкан жеринин дареги;
2) эскертүү берүү үчүн негиздердин тизмеси;
3) кара ниет атаандаштыктын белгилерин камтыган адамдын аракеттерин (аракетсиздигин) баяндоо;
4) кара ниет атаандаштыктын белгилерин камтыган аракеттерди (аракетсиздикти) токтотуу зарылдыгы жөнүндө талап жана мындай укук бузуунун келип чыгышына жөндөм түзгөн себептерди жана шарттарды жана мындай аракеттердин (аракетсиздиктин) кесепеттерин четтетүү боюнча көрүлүүгө тийиш болгон чаралардын тизмеси;
5) эскертүүнү аткаруу мөөнөтү;
6) эскертүүнү аткаруу жөнүндө монополияга каршы органга билдирүү жөнүндө талап.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Эскертүүнү аткаруу мөөнөтү аны ишке ашыруунун алкагында көрүлүүгө тийиш болгон чаралардын тизмесин эске алууга тийиш жана эскертүү берилген жак аны алган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кем эмес болушу керек.
Эскертүү берилген жактын жүйөлүү өтүнүчү боюнча жана эскертүүнү белгиленген мөөнөттө аткаруу мүмкүн эместиги жөнүндө жетиштүү негиздер болгон учурда көрсөтүлгөн мөөнөт монополияга каршы органдын жетекчиси же анын орун басары жана аймактык бөлүмдөрдүн начальниктери тарабынан узартылышы мүмкүн.
Эскертүүнү аткаруунун мөөнөтүн узартуу анын аткарылышын узартуу бөлүгүндө ага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомуна ылайык главанын аталышы күчүн жоготту)
16. Монополияга каршы органдын жетекчиси же анын орун басары жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн начальниктери кол койгон коштомо кат менен берилген эскертүү бир жумуш күндүн ичинде ал бериле турган жакка чарбакер субъекттин юридикалык дареги (жайгашкан дареги) боюнча тапшырылгандыгы жөнүндө (же чарбакер субъекттин мыйзамдуу өкүлү же канцеляриясынын кызматкери тиешелүү документти алган фактысын документтик ырастоону камсыз кылган башка ыкма менен) кабарлоо менен берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Эскертүү ал берилген адам тарабынан анда көрсөтүлгөн мөөнөттө милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
Эскертүү берилген жак аны аткаруу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде монополияга каршы органга эскертүүнү аткаргандыгы жөнүндө кабарлайт. Кабарлоого эскертүүнүн аткарылгандыгын ырастаган материалдар (Документтер, маалыматтар) тиркелүүгө тийиш.
Эскертүү берилген жак эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин берилген эскертүүгө макул эместиги жөнүндө монополияга каршы органга жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Монополияга каршы орган эскертүүнү аткаруу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде берилген маалыматтардын аныктыгын, анын ичинде арыз ээсине тиешелүү суроо-талаптарды жөнөтүү жолу менен текшерет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Эскертүү белгиленген мөөнөттө .аткарылбаган учурда, эскертүүнү аткаруу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жана (же) адам ага берилген эскертүү менен макул болбогон учурда, ишти кароо жандандырылат жана төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
- "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык мыйзамсыз алынган кирешенин суммасынын ордун толтуруу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө;
- көрсөтүлгөн иштерди кароо компетенциясына кирген мамлекеттик органдарга иштерди өткөрүп берүү жөнүндө;
- иштерди сот, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жөнүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Чечимдин көчүрмөсү үч жумуш күндүн ичинде ал чыгарылган адамга, ошондой эле арыз ээсине тапшырылат же жөнөтүлөт.
Чечимдин көчүрмөсү кол коюу менен тапшырылат. Көчүрмө жиберилген учурда бул тууралуу делого тиешелүү жазуу жүргүзүлөт жана жөнөтүү жөнүндө квитанция тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Кара ниет атаандаштык жаатындагы монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароонун натыйжасында кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда тараптар ага "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)