Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 370
«Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-жыл, № 7, 767-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-беренеде:
- 2-бөлүктө:
«көрүстөнгө» деген сөздөн кийин жалпы билим берүү мектептерин курууга, Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүүгө, өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткан жарандарды көчүрүү максатында калктуу конуштарга» деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү сүйлөм алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык которулган (трансформацияланган) сугат айдоо жерлери башка максаттагы багыттар боюнча пайдаланылышы мүмкүн эмес.».
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|