Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 378
Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо боюнча бажылык контролдоо жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 9-главасына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 378 токтому менен бекитилди |
1. Жалпы жоболор
1. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жол-жоболорун түшүндүрөт, ага ылайык товарлар жана транспорт каражаттары бажы контролу алдында имараттарда, ачык жерлерде жана бул максатта атайын бөлүнгөн жана жайгаштырылган башка жерлерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат.
2. Ушул Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) жүк ташуучунун, убактылуу сактоо кампасынын ээсинин, товарларды ташып өткөрүп жаткан жактын жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын бажы контролу алдында товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоодо өз ара мамилелеринин тартибин, товарларды жана транспорт каражаттарын сактоого берүү, жайгаштыруу, эсепке алуу, сактоо, ошондой эле убактылуу сактоо мөөнөттөрүнүн тартиптерин аныктайт.
Убактылуу сактоо кампасынын инфраструктурасы, техникалык жабдылышы жана иштөө режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185 «Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген талаптарга дал келүүсү керек.
3. Товарларды жана транспорт каражаттарын ташып келүүдө Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 67-беренесинде каралган мөөнөттүн аралыгында товарлар жана транспорт каражаттары убактылуу сактоого берилгенден тартып убактылуу сактоо жайларында бажы контролу алдында убактылуу сактоодо болот.
4. Товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо тандалып алынган бажы режимине ылайык аларды чыгарганга чейин камсыздалат.
5. Убактылуу сактоо жол-жобосу бажы режими өзгөрүп жаткан товарларга карата колдонулушу мүмкүн. Мында, буга чейин билдирилген бажы режиминин мөөнөтү өткөндөн кийин жана жаңы тандалып алынган бажы режимине ылайык жакка берилгенге чейин товар убактылуу сактоодо турат деп саналат.
6. Убактылуу сактоо кампасына ар кандай товарлар киргизилиши мүмкүн. Башка товарларга зыян келтире турган же сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарлар мындай товарларды сактоого ыңгайлашкан атайын кампаларда же жайларда сакталышы керек.
7. Убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы брокери, товарларга карата ыйгарым укуктары бар башка жактар жана алардын өкүлдөрү убактылуу сактоо кампасында жаткан товарларды карап көрө алышат жана ченей алышат. Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 330-беренесине ылайык бажы органына кабарлоо менен убактылуу сактоо кампасынан товарлардын сынамыктарын жана үлгүлөрүн алууга болот.
Убактылуу сактоодо турган товарлар бажы органына кабарлоо менен бузулган таңгакты оңдоону кошкондо аларды өзгөрбөгөн абалда сакталып турушун камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүүчү операцияларга, ошондой эле товарларды убактылуу сактоо кампасынан алып чыгууну андан ары ташып кетүүнү тездетүү үчүн зарыл операцияларга дуушар болуусу мүмкүн. Аталган операцияларды товарлардын абалынын өзгөрүүсүнө же аларды бажы органдары идентификация жасай албай калуусуна алып келбей турган шартта жүргүзүүгө мүмкүн.
8. Бажы контролундагы убактылуу сактоодо турган товарлардын жана транспорт каражаттарынын статусу ал товарлардын убактылуу сактоо кампасына жайгашканына же башка жерде жайгашканына карабастан товарлар жана транспорт каражаттары чыгарылганга чейин же ээлик кылууга алынганга чейин Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына жана ушул жобого ылайык товарларды сактоого киргизүү жана сактоо тартибин жана алар менен операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча бажы мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгын түшүндүрөт.
9. Бажы контролундагы убактылуу сактоо төмөнкү түрдө болуусу мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык аныкталган бажы контролунун зоналарында товарлардын жана транспорт каражаттарынын бажы контролунун алдында болуусу;
- товарлардын жана транспорт каражаттарынын убактылуу сактоо кампаларында болуусу;
- ушул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жана жасалгаланган башка жерлердеги убактылуу сактоо кампаларында болуусу.
10. Товарлардын мүнөзүнөн, товарларды ташуу өзгөчөлүгүнөн улам жана мындай жерлер ушул Жобонун 3-бөлүгүндө каралган талаптарды аткарууда убактылуу сактоо кампаларындагы товарларды сактоо үчүн бажы мыйзамдарын канааттандырган шартта бажылык тариздөө ошол жерлерде жүргүзүү максатка ылайыктуу болгон учурда товарларды жана транспорт каражаттарын башка жерлерге жеткирүүгө (анын ичинде алуучулардын жеке менчик кампаларына) Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык уруксат берилет.
11. Товарлар жана транспорт каражаттары белгиленген тартипте убактылуу сактоого берилгенге чейин бажы төлөмдөрүн төлөөнү кошкондо ал товарларга жана транспорт каражаттарына карата жоопкерчилик жүк ташуучуда болот.
12. Товарларды темир жол, аба жана башка транспорт түрлөрү менен ташып келүүдө товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгени тууралуу кабарлоонун өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген Товарларды автомобиль, темир жол, аба жана транспорттун башка түрлөрү менен ташууда товарлардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгендиги жөнүндө билдирүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
2. Транспорттун ар кандай түрлөрү менен ташылып келген товарларды жайгаштыруу жана сактоо өзгөчөлүгү
13. Темир жол транспорту менен ташылып келген товарларды убактылуу сактоо өзгөчөлүгү:
1) Ага караштуу жер тилкесинде темир жол жайгашкан жактын сурамы боюнча темир жол транспорту менен ташылып бара жаткан товарларды, алар ташылып түшүрүлгөнгө чейин убактылуу сактоо кампасы болуп эсептелбеген, жайгашкан жери бажы органдары менен макулдашылган темир жолдо турган транспорт каражаттарында түздөн түз убактылуу сактоого уруксат берилет.
Аталган жерлер бажы контролунун зонасы болуп саналат. Карамагындагы жер тилкесинде темир жол жайгашкан жак товарлардын сакталышын жана ага бөтөн адамдардын кирүүсүн болтурбоону камсыз кылуусу керек.
2) Бажы контролунун зонасындагы темир жолдо турган транспорт каражаттарында сакталып турган товарлар бажы максаттары үчүн убактылуу сактоодо турган катары каралат. Товарларды түшүрүү жана аларды башка жерге ташуу бажы органынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
3) Товарлар жоголгон же бажы органдарынын уруксатысыз аларды үчүнчү жактарга берген учурда бажы алымдарын, салыктарды төлөө жоопкерчилиги карамагындагы жер тилкесинде жайгашкан темир жол жайгашкан жакка жүктөлөт.
4) Темир жол станцияларындагы товарлардын документтерин товар алуучуга бажы органына кабарлоосуз берүүгө уруксат берилбейт.
5) Темир жол станцияларында темир жол менен ташылып жаткан товарлардын кыймылын эсепке алуу максатында темир жол транспорту келгенде темир жол кызматкерлери бажы органына кызмат адамына кабарлангандан жана документтерди бергенден кийин бажы органынын кызматкери тарабынан ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген форма боюнча убактылуу сактоо документи түзүлөт.
6) Бажы органынын кызмат адамы товар коштоочу документтеги маалыматтар менен убактылуу сактоо документин толтуруу жол-жобосун ишке ашыргандан кийин, убактылуу сактоо документине уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Убактылуу сактоо документинин формасы кагазга эки нускада чыгарылгандан кийин бажы органынын кызмат адамы өздүк номерлүү мөөрүн басат. Убактылуу сактоо документинин бир нускасы товар коштоочу документтер менен бирге жүктү алууга жооптуу жакка берилет, убактылуу сактоо документинин экинчи нускасы бажы органдарында калат.
7) Бажы органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү болбогон темир жол станцияларындагы станциянын кызматкерлери товар келгендиги тууралуу бажы органына кабарлашат. Жооптуу кызматкерлердин кабарлоосунун формасы, тартиби жана милдеттүү минималдуу маалыматтардын тизмеси станциянын жана бажы органынын начальниктери тарабынан станциянын жана бажы органынын иштөө өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныкталат.
14. Аба транспорту менен ташылуучу товарларды убактылуу сактоо өзгөчөлүгү:
1) Товарлар аба транспорту менен келген учурда товарларды аэропорттун аймагында уюштурулган убактылуу сактоо кампасына жайгаштыруу жана аларды убактылуу сактоо кампасынан берүү тартиби бажы органы тарабынан ыйгарым укуктуу кызмат жана убактылуу сактоо кампасынын ээси менен биргеликте жүргүзүлөт.
2) Аэропорттордо аба транспорту менен өткөрүлүп жаткан товарлардын кыймылын эсепке алуу максатында, авиа транспорту келип, авиакызматтын администрациясынын кызматкерлери тарабынан бажы органынын кызмат адамы кабарланган жана документтер берилгенден кийин бажы органынын кызматкери тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча убактылуу сактоо документи түзүлөт.
3) Бажы органынын кызмат адамы товар коштоочу документтеги маалыматтар менен убактылуу сактоо документин толтуруу жол-жобосун ишке ашыргандан кийин, убактылуу сактоо документине уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Убактылуу сактоо документинин формасы кагазга эки нускада чыгарылгандан кийин бажы органынын кызмат адамы өздүк номерлүү мөөрүн басат. Убактылуу сактоо документинин бир нускасы товар коштоочу документтер менен бирге жүктү алууга жооптуу жакка берилет, убактылуу сактоо документинин экинчи нускасы бажы органдарында калат.
3. Алуучунун кампасында товарларды убактылуу сактоо
15. Өзгөчө учурларда, товардын мүнөзүнө жараша (тез бузулуучу, ири көлөмдүү, көлөмү кичине, куюлуучу, чачылып же үйүлүп сакталуучу ж.б.) бажы органынын уруксаты менен ташылып келген товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо кампасы же бажы контролунун зонасы болуп саналбаган жерлерде сактоого уруксат берилет. Мындай жерлер катары товар алуучунун кампалары саналышы мүмкүн.
16. Товар алуучунун кампасында убактылуу сактоо төмөнкү учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 281-беренесине ылайык жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболор колдонулганда;
- сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарлардын атайын категориясын убактылуу сактоо зарыл болгондо.
17. Товар алуучунун кампасына убактылуу сактоо үчүн товарларды жайгаштыруу товар алуучунун ишмердигинин зонасындагы бажы органына кабарлоо аркылуу жүргүзүлөт. Товар алуучунун кампасында бажы контролунда турган жана үчүнчү жактарга тийиштүү товарларды сактоого уруксат берилбейт.
18. Товар алуучунун кампасынын жайгаштырылуусунда бажы контролунан сырткары товарлардын жана транспорт каражаттарынын келип түшүүсү жана аларды алып коюу мүмкүнчүлүгү болбошу керек, ошондой эле товарларды жана транспорт каражаттарын сактоону жана бөтөн адамдардын кирүүгө мүмкүн болбостугун камсыз кылуусу керек.
19. Товар алуучунун кампасында убактылуу сактоо үчүн товарларды жайгаштыруу товар алуучунун ишмердигинин зонасындагы бажы органына кабарлоо аркылуу жүргүзүлөт. Товарларды сактоого жайгаштыруу ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген формага ылайык бажы контролу алдында өткөрүү актысы менен таризделет.
20. Товарларды жооптуу сактоого жайгаштыруунун (алуучунун кампасына) максатка ылайыктуулугу Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 75-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана төмөнкү шарттар аткарылган учурда жүргүзүлөт:
- арыз берүүчү тарабынан бөтөн адамдардын ташылып келген товарларга контролсуз кирүү мүмкүнчүлүгүн жойгон шарт түзүүсү;
- бажы органдарынын кызматкерлери тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылган шарт;
- товарларды өзүнчө тийиштүү түрдө жабдылган жайга жайгаштыруу, андай жайларга бажылык камсыздоо каражаттарын коюу мүмкүнчүлүгү болсо (эгер зарылчылык болсо);
- убактылуу сактоо кампасында товарларды документтик эсепке алуу;
- аларды идентификациялоону жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.
21. Товарларды эсепке алуу убактылуу сактоого уруксат берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт. Бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөө жоопкерчилиги товарларды жана транспорт каражаттарын мындай жерде сактоого мүмкүнчүлүк берилген жакка жүктөлөт.
4. Товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо кампаларында жайгаштыруу жана сактоо
22. Убактылуу сактоо кампасына Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү ар кандай товарлар жана транспорт каражаттары жайгаштырылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга тыюу салынган товарлар жана транспорт каражаттары аларды дароо чыгарып кетүү мүмкүн болбогон жана ишке ашырылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды ташып келүүчү адамдардын эсебинен убактылуу сактоо кампаларына же бажы контролу зонасы болуп эсептелген башка жерлерге жайгаштырылышы мүмкүн.
Башка товарларга жана транспорт каражаттарына зыян алып келиши мүмкүн болгон же сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарлар жана транспорт каражаттары убактылуу сактоо кампасынын атайын ыңгайлаштырылган жайларында сакталышы керек.
23. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүгө тыюу салынган товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо кампаларына милдеттүү иш жүзүндө жайгаштыруу тууралуу чечим бажы органы тарабынан аларды башка жерде, ушул максат үчүн атайын бөлүнгөн жана жасалгаланган убактылуу сактоо кампаларында сактоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маселени чечүүгө чейин, убактылуу сактоодо турган товарларга коюлган талаптардын аткарылышына кепилдик болбогонуна негиз болгон учурда кабыл алынат.
24. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы органына көрсөтүү менен бир убакта же бажы органынын уруксаты менен товарларды жана транспорт каражаттарын бажы органына көрсөтүлгөн күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен транспорттук, товар коштоочу жана алардын башка коммерциялык документтери берилет, анын ичинде чет тилдерде түзүлгөн документтер дагы.
Мындай документтерди берүүгө жүк ташуучу же товардын ээси жооптуу.
25. Ушул Жобонун 24-пунктунда аталган документтер убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылган товарлар жана транспорт каражаттарын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды камтышы керек:
- товардын түрү же аталышы жөнүндө маалымат;
- товардын саны жөнүндө маалымат;
- товарларды маркалоо жана таңгактоо жөнүндө маалымат;
- транспорт каражатын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү кыскача маалыматтар;
26. Убактылуу сактоо кампасында турган товарлар:
- убактылуу сактоо кампасынын ээси, товарларга карата ыйгарым укугу бар башка жак же анын өкүлү тарабынан каралуусу жана ченелүүсү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын бажы органына билдирүү менен товарларды сынамыктары жана үлгүлөрү алынышы мүмкүн;
- зыянга учураган таңгакты оңдоону кошкондо аларды өзгөрбөгөн абалда сактап туруу үчүн зарыл болгон операцияларды жүргүзүүгө болот.
5. Убактылуу сактоо кампасында сакталып турган товарлар жана транспорт каражаттарын эсепке алуу жана отчеттуулук
27. Убактылуу сактоо кампасында турган товарлар жана транспорт каражаттары милдеттүү эсепке алынышы керек.
28. Убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылган бардык товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу маалыматтар бажы органынын кызмат адамы тарабынан ушул Жобонун 4 жана 5-тиркемелеринде көрсөтүлгөн формага ылайык убактылуу сактоо кампаларындагы товарларды эсепке алуу документине жазылат. Маалыматтар товарларды жеткирүүнү контролдоо документинен алынат.
29. Убактылуу сактоо кампаларына жайгаштырууда товарларды жана транспорт каражаттарын эсепке алуунун автоматташкан тутуму колдонулат.
30. Товарларды жана транспорт каражаттарын эсепке алуунун автоматташкан тутуму убактылуу сактоо кампасындагы товарлардын кыймылын эсепке алууга, убактылуу сактоо кампасында сакталып турган товарлар боюнча эсеп жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
31. Бажы органынын жазуу жүзүндөгү талабы боюнча кампанын ээси бажы органы аныктаган убакыт аралыгында сакталып турган жана сакталган товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу отчет бериши керек. Мындай талап коюлган күндөн тартып жети күндүн аралыгында отчет берилиши керек.
32. Убактылуу сактоо кампасында товарларды жана транспорт каражаттарын эсепке алуунун автоматташкан тутуму колдонулган учурда, анын ээси бажы органдары андай тутумга кирүү мүмкүнчүлүгүн бериши керек.
33. Бажы органы убактылуу сактоо кампасында сакталып турган товарларды жана транспорт каражаттарын инвентаризациядан өткөрүүгө укуктуу.
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо тууралуу жобого 1-тиркеме |
Темир жол менен ташуулар үчүн убактылуу сактоо документи
1. Бажы органы (өткөрмө пункту, бажылык тариздөө жайы _________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________________ 2. Каттоо номери ________________________________________ ____________________________________________________-жылдын 3. Жөнөткөн өлкө _____________________________________________________________________________________________________ 4. Жөнөтүүчү ________________________________________________________________________________________________________ 5. Алуучу ____________________________________________________________________________________________________________ 6. Транспорт каражатынын номери (вагондун, контейнердин, платформанын) ____________________________________________________________________________________________________________________ 7. Орундардын саны __________________________________________________________________________________________________ 8. Брутто салмагы ____________________________________________________________________________________________________ 9. Документтердин тизмеси (эсеп фактура, таңгак барагы, контракт) __________________________________________________________ 10. Наркы ___________________________________________________________________________________________________________ 11. Сактоо дареги ____________________________________________________________________________________________________ 12. Сактоо мөөнөтү ___________________________________________________________________________________________________
Инспектор (аты-жөнү)
№ ӨНМ | |||||||||||||||
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо тууралуу жобого 2-тиркеме |
Авиа ташуулар үчүн убактылуу сактоо документи
1. Бажы органы (өткөрмө пункту, бажылык тариздөө жайы) ________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________________________________ 2. Каттоо номери _______________________________________________ ____________________________________ 20______-жылдын 3. Жөнөткөн өлкө ____________________________________________________________________________________________________ 4. Жөнөтүүчү _______________________________________________________________________________________________________ 5. Алуучу ___________________________________________________________________________________________________________ 6. Авиа коштомо кагаздын номери ______________________________________________________________________________________ 7. Карго манифест № _________________________________________________________________________________________________ 8. Орундун саны _____________________________________________________________________________________________________ 9. Брутто салмагы ____________________________________________________________________________________________________ 10. Документтердин тизмеси (эсеп фактура, контракт, таңгак барагы) _________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________________________________ 11. Наркы __________________________________________________________________________________________________________ 12. Сактоо дареги ____________________________________________________________________________________________________ 13. Сактоо мөөнөтү __________________________________________________________________________________________________
Инспектор (аты-жөнү)
№ ӨНМ | |||||||||||||||
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо тууралуу жобого 3-тиркеме |
Бажы контролу алдында сактоого берүү
акты
20___-ж. «_____»_____________
Бажы кызматкери ________________________________________________________________________________________________
(аты жөнү, кызматы)
төмөнкүлөрдүн катышуусунда: ________________________________ жүк алуучунун өкүлү ___________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
бажы контролу алдында убактылуу сактоого төмөндө көрсөтүлгөн товарлар берилди ________________________________________
________________________________________________________________________________________________________________
(юридикалык жак же жеке адам)
жайгашкан дареги ________________________________________________________________________________________________
(товар алуучунун кампасы)
№
| Товардын аталышы
| Брутто салмагы (кг) | Орундардын саны
| Транспорттук документтин номери | Транспорт каражатынын номери | Эскертүү
|
| ||||||
| ||||||
_______________________________________________________________________________________________________________
(кошумча маалыматтар)
_______________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу, жүк ташуучунун өкүлүнүн кызматы)
Кабыл алдым:
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 65, 67, 68, ошондой эле 291-беренелерине ылайык товарларды убактылуу сактоо шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын жоболору менен тааныштым.
_______________________________________________________________________________________________________________
(сактоого жооптуу, ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү, кызматы)
___________________ М.О.
(колу)
Товарларды сактоо мөөнөтү «___»20__-жылдын «____»_____________ 20__-жылдын «____»_____________ чейин:
______________________________________________________________________________________________________________
(бажы органынын кызмат адамынын аты-жөнү, колу жана ӨНМ)
___________________ ӨНМ
(колу)
(*) Акт 2 нускада түзүлүп, анын бири бажы органынын ишинде контролдо калтырылат.
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо тууралуу жобого 4-тиркеме |
Убактылуу сактоо кампасына жайгаштыруудагы убактылуу сактоо документи
ЖКД номери
| Кампага жайгаш- тырылган күн
| Товар- ларды жайгаш- тырылган жак | Транс- порт каража- тынын номери | Товар- лардын кыскача аталышы
| Саны | Жайгаш- кан жери
| |
орун
| брутто салмагы
| ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо тууралуу жобого 5-тиркеме |
Убактылуу сактоо кампасынан ташып чыгуудагы убактылуу сактоо документи
Кампадан иш жүзүндө чыгарылган күн
| ЖБД номери
| ЖКД номери
| Саны | |
орун
| брутто салмагы | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|