Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июну № 389
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрү боюнча кызматтарды көп каналдуу каржылоо принцибин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду жөнүндө жободо:
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
« - медициналык жардамдын жогорку технологиялуу же кымбат баалуу түрлөрүн көрсөтүү үчүн, жогорку технологиялуу кымбат баалуу жабдыктарды, медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу»;
- 12-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн тизмегинде:
- 8-топ төмөнкү мазмундагы 58-1 - 58-4-пункттар менен толукталсын:
«
58-1 | 9 | Остеосинтез көп жолку жана айкалышкан жабыркатууларда | 80900 |
58-2 | 10 | Вертебропластика сколиозду дарылаганда | 81000 |
58-3 | 11 | Муундарды онкоэндопротездөө | 81100 |
58-4 | 12 | Блоктолгон интрамедуллярдык остеосинтез | 81200 |
»;
- төмөнкү мазмундагы 12-14-топтор менен толукталсын:
«
12. Гематология | |||
69 | 1 | Катуу кармаган миелобласттык лейкоз | 12010 |
70 | 2 | Катуу кармаган лимфобласттык лейкоз | 12020 |
71 | 3 | Апластикалык аз кандуулук | 12030 |
72 | 4 | Сөөк чучукту трансплантациялоо | 12040 |
13. Офтальмология | |||
73 | 1 | Экстракапсулярдык экстракция | 13010 |
74 | 2 | Витрэктомия | 13020 |
75 | 3 | Ленсвитрэктомия | 13030 |
76 | 4 | Интраокулярдык линзаларды имплантациялоо (жасалма хрусталик) | 13040 |
77 | 5 | Орбитада реконструктивдик операциялар | 13050 |
78 | 6 | Рефрактердик глаукомада аллодренаждарды имплантациялоо | 13060 |
14. Урология | |||
79 | 1 | Эндоскопиялык нефрэктомия | 14010 |
80 | 2 | Бөйрөктөрдүн лоханкалык-заара түтүгүнүн сегментинин пластикасы | 14020 |
81 | 3 | Эрендик бездин аденомасынын трансуретралдык резекциясы | 14030 |
».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |