Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы 287
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 11-майындагы № 288,
2012-жылдын 11-июнундагы №389
токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1. Жалпы жоболор 2. ЖТФнын каражаттарын түзүү булактары 3. Саламаттык сактоо уюмдары боюнча ЖТФнын каражаттарын бөлүштүрүү (квоталоо) 4. Калк менен ишти уюштуруу 5. Эсепке алуу жана отчеттуулук 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медици-налык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду(мындан ары - ЖТФ) алардын наркын жарым-жартылай же толук жабуу жолуменен республиканын калкы үчүн медициналык жардамдын жогорку технологи-ялык жана кымбат баалуу түрлөрүнө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатындаөз ишин жүргүзөт. 2. ЖТФнын каражаттарынын тескөөчүсү болуп Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлиги эсептелет. 3. ЖТФнын иштешинин негизги принциби болуп каржылоо көлөмдөрүнүначык-айкындыгы, калк үчүн жогорку технологиялык жана кымбат баалуу кыз-маттарга бирдей экономикалык жана табигый жетүү, каражаттарды максаттуужана сарамжалдуу пайдалануу эсептелет. 4. ЖТФнын каражаттары төмөнкүдөй формада калкка медициналык жар-дамдын жогорку технологиялык же кымбат баалуу түрлөрүн каржылоого ганапайдаланылат: - жогорку квалификациялуу адистерди тартып, жогорку технологиялыкжабдууларды, кымбат баалуу медикаменттерди жана медициналык арналыштагыбуюмдарды пайдалануу менен оорулууларга пландуу жана ургенттүү стацио-нардык жардам көрсөтүү; - амбулаториялык процедуралардын жана дарылоонун, ошондой эле ла-бораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн жогорку технологиялыкжана кымбат баалуу түрлөрүн жүргүзүү.
- медициналык жардамдын жогорку технологиялуу же кымбат баалуу түр-
лөрүн көрсөтүү үчүн, жогорку технологиялуу кымбат баалуу жабдыктарды,
медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №389
токтомунун редакциясына ылайык) 5. ЖТФнын каражаттарынын эсебинен медициналык жардам Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Медициналык жардамдын жогоркутехнологиялык жана кымбат баалуу түрлөрүнүн тизмесинин жана кызмат көр-сөтүүлөрдүн саны жана аларды каржылоо боюнча бир жылга белгиленген кво-танын чектеринде калкка көрсөтүлөт. 2. ЖТФнын каражаттарын түзүү булактары 6. ЖТФ төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлөт: - республикалык бюджеттин; - гуманитардык жардамдын; - ЖТФнын максаттарына каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынынмыйзамдары менен тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн. 3. Саламаттык сактоо уюмдары боюнча ЖТФнын каражаттарын бөлүштүрүү (квоталоо) 7. Региондорго карата саламаттык сактоо уюмдары боюнча ЖТФнын ка-ражаттарын бөлүштүрүүнү (квоталоону) республиканын жогорку технология-лар жаатындагы жетектөөчү адистеринен турган Кыргыз Республикасынын Са-ламаттык сактоо министрлигинин эксперттик комиссиясы (мындан ары - экс-перттик комиссия) жүргүзөт. 8. Эксперттик комиссиянын сандык курамын жана ал жөнүндө жобонуКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитет. 9. Саламаттык сактоо уюмдарын квоталоо төмөнкүлөрдүн негизиндежүргүзүлөт: - жалпы Тизмеден жогорку технологиялык жана кымбат баалуу медици-налык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн алдыдагы жылда каржылоо үчүнкабыл алынгандардын; - жашаган жери боюнча региондорго карата оорулуулардын санынынкөрсөткүчүн чагылдыруу менен белгиленген тизме боюнча кызмат көрсөтүүчүсаламаттык сактоо уюмдарынын арыздарынын; - оорулуулардын саны, көрсөтүлүүчү жогорку технологиялык жана кым-бат баалуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн прейскуранттыкнаркы жана ЖТФнын каражаттарынын эсебинен аларды жабуу нормативи боюнчасаламаттык сактоо уюмдарын каржылоо муктаждыктарынын. 10. Региондорду квоталоо ушул Кызмат көрсөтүүчүлөргө түшкөн арыз-дардын жалпы саны боюнча ар бир облустан, Бишкек жана Ош шаарларынаноорулуулардын үлүштөрүнө жараша жогорку технологиялык жана кымбат баа-луу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча аныкталат. 11. Калкка жогорку технологиялык жана кымбат баалуу кызматтардыкөрсөткөндүгү үчүн саламаттык сактоо уюмдары менен эсептешүүлөр ЖТФнынкаражаттарынан, мамлекеттик бюджеттен, милдеттүү медициналык камсыздан-дыруудан жана калктын тењ төлөөсүнүн жекече өлчөмдөрүнөн кызмат көрсө-түүлөрдүн прейскуранттык наркын көп каналдуу каржылоо принциби боюнчажүргүзүлөт. 12. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку технологиялык жанакымбат баалуу түрлөрүнө баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте монополияга каршы саясат боюнча ыйга-
рым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республика-сынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №389
токтомунун редакциясына ылайык) 4. Калк менен ишти уюштуруу 13. Калк менен иштөө үчүн ЖТФ боюнча кызматтарды көрсөтүүчүлөр(улуттук борборлор, илимий-изилдөө институттары, республикалык саламат-тык сактоо уюмдары, облустук бириктирилген ооруканалар) Дарылоо-конт-ролдоо комиссияларын (мындан ары - ДКК) түзүшөт. 14. ДКК ар бир оорулуунун документин: оорулуунун тарыхынын көчүр-мөсүн, профилдик адистердин корутундуларын, клиникалык, лабораториялыкжана башка изилдөөлөрдүн натыйжаларын карайт жана дарылоонун зарылдыгыжана аларды Күтүү баракчасына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. 15. Ооруканага жаткыруу үчүн көрсөткүчтөр жок болгон учурда ДККжашаган жери боюнча оорулууну андан ары дарылоо үчүн же жакын жайгашканпрофилдүү саламаттык сактоо уюмуна толук сунуштар менен консультациялыккорутунду жиберет. 5. Эсепке алуу жана отчеттуулук 16. Саламаттык сактоо уюмдары оорулуулардын, кызмат көрсөтүүлөрдүнжана кымбат баалуу жана жогорку технологиялык материалдар менен медика-менттерди эсептен чыгаруу бөлүгүндө жүргүзүлгөн чыгымдардын эсебин алатжана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен фор-ма боюнча отчет берет. 17. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жалпысы-нан республика боюнча жана облустарга, Бишкек жана Ош шаарларына каратакөрсөтүлгөн жогорку технологиялык же кымбат баалуу медициналык кызматкөрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн көлөмдөрү, диагноздор боюнча оорулуулардынсаны жөнүндө топтомо отчет түзөт. 18. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кварталсайын ЖТФ боюнча чыгымдар сметасынын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Респуб-ликасынын Финансы министрлигине отчет берет.