Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 7-майы № 287
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 44, 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 226, 2009-жылдын 11-майындагы № 288 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Республиканын калкына жогорку квалификациядагы атайын медициналык жардамды көрсөтүү жана дарылоо-диагностика процедуралардын жогорку тех-ологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүн каржылоо максатында Кыргыз Респуб-икасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медици-алык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду түзүлсүн.
Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медици-алык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө жобо бекитилсин;
- медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн тизмеси;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медици-алык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду-ун эксперттик комиссиясынын курамы.
2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги N 226 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун каражатынын эсебинен каржылануучу медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн тизмеси
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-майындагы N 288, 2012-жылдын 11-июнундагы N 389 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№
| Топ тогу № | Жогорку технологиялык (кымбат баалуу) кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн аталышы | Кызмат көрсөтүү коду | |
1. Абдоминалдык хирургия |
| |||
1 | 1 | Ууланган богок учурунда калканч бездерин субтоталдык резекциялоо | 10100 | |
2 | 2 | Панкреатодуоденалдык резекциялоо (он эки эли ичегини сактоо менен ашказан безинин башын резекциялоо, ашказан безин ортосунан резекциялоо) | 10200 | |
3 | 3 | Адреналэктомия (бөйрөктүн үстүн алып салуу) | 10300 | |
4 | 4 | Боордун сегментин (сегменттерин) резекцялоо | 10400 | |
5 | 5 | Тиенаманы жана ванкомицинди колдонуу менен жугуштуу эндокардитти дарылоо | 10500 | |
6 | 6 | Ичке жана жоон ичегени резекциялоо (карын аралык проктопластика, колэктомия, Гиршпрунг оорусу учурунда жоон ичегини резекциялоо, Крон оорусунда жоон жана ичке ичегинин, алкактуу ичегинин такталбаган бөлүгүнүн түбүнүн зыянсыз жаңы пайда болгон жараты) | 10600 | |
7 | 7 | Кызыл өңгөч ооруганда операция жасоо (кызыл өңгөчтүн пластикасы, кызыл өңгөчтүн экстирпациясы) | 10700 | |
8 | 8 | Бөйрөктөн сырткары өт жолдорунун патологиясын четтетүү | 10800 | |
9 | 9 | Тери аркылуу бөйрөк аркылуу эндобилиарддык стенттөө | 10900 | |
10 | 10 | Боор циррозу учурунда спленореналдык анастомоз | 11000 | |
11 | 11 | Пневмонэктомия и плевропневмонэктомия | 11100 | |
2. Нефрология |
| |||
12 | 1 | Курч жана өнөкөт диализ | 20100 | |
3. Комбустиология |
| |||
13 | 1 | Поликомпоненттик медикаментоздук трасфузия терапиясын колдонуу менен комлекстүү дарылоо, хирургиялык ыкма менен дарылоо, күйүк учурунда реконструкция-пластикалык операция жасоо | 30100 | |
4. Нейрохирургия |
| |||
14 | 1 | Баш мээнин кан тамырларын аневризмин ачык бекемдөө | 40100 | |
15 | 2 | Баш мээнин краниобазалдык шишигин алып таштоо | 40200 | |
16 | 3 | Ликворошунтирлөөчү операция | 40300 | |
17 | 4 | Ар түрдүү импламанттардын корпородези менен омуртканы ордуна коюп түздөө | 40400 | |
5. Жүрөк-кан тамыр хирургия жана органдарды трансплантация |
| |||
18 | 1 | Өпкө артериясы же аортаны клапандык стеноздоодо баллондук вальвулопластикалоо | 50100 | |
19 | 2 | ИБС жана миокарддын курч инфаркты учурунда бир коронардык артерия менен стенттөө | 50200 | |
20 | 3 | Кавафильтрди имплантациялоо | 50300 | |
21 | 4 | Электрондук кардиостимуляторду алмаштыруу жана имплантациялоо | 50400 | |
22 | 5 | Бир клапандуу протездештирүү (татаалдашпаган) | 50500 | |
23 | 6 | Эки клапандуу протездештирүү (татаалдашпаган) | 50600 | |
24 | 7 | Аортанын пластикалык бутагы жана протездештирүү менен аневризмаэктомиялоо | 50700 | |
25 | 8 | Эмболикага каршы веноздук кавафильтрди орнотуу | 50800 | |
26 | 9 | Татаал тубаса жүрөк ооруларынын типтерин радикалдуу коррекцияло: Фалло, ТМС, ДОС тетраддары | 50900 | |
27 | 10 | Аорто-ашказан тешигинин, жүрөктүн тоскоолдуктарынын кемтиктерин тигүү жана пластикалоо | 51000 | |
28 | 11 | Жүрөктү эндокардиалдык электрофизиологиялык изилдөө | 51100 | |
29 | 12 | Лериш синдромунда операция жасоо | 51200 | |
30 | 13 | Вена көңдөйүнөн эмбологендик тромбаны алып салуу (тромбоэкстрактор) | 51300 | |
31 | 14 | Жүрөк камерасынан бөтөн нерсени алып салуу (эндоваскулярдык, ачык) | 51400 | |
32 | 15 | Аорто-коронардык шунтирлөөнү операция жасоо (татаалдашпаган) | 51500 | |
33 | 16 | Төмөнкүдөй типтеги жүрөккө жабык операцияларды жасоо: митралдык комиссуротомия, перикардэктомия, ачык артериалдык түтүкчөнү (ААТ) таңуу, аорто-өпкө анастомозун бастыруу, коррекциялоо же аортонун коарктациясын четтетүү | 51600 | |
34 | 17 | Төмөнкүдөй типтеги жүрөккө ачык операцияларды жасоо: жүрөккө чейинки аралыктагы тоскоолдуктун кемтиги (ЖЧАТД), ашказан аралыгындагы тоскоол-дуктун кемтиги (ААТД), атрио-вентрикулярдык коммуникациянын (АВК) толук жана толук эмес формасы ж.б. | 51700 | |
35 | 18 | Жүрөктүн кагышынын бузулушундагы радио жыштыктын катетердик абляциясы | 51800 | |
36 | 19 | Баллондук ангиопластика жана перифериялык кан тамырларды стенттөө | 51900 | |
37 | 20 | Коронарография | 52000 | |
38 | 21 | Диагностикалык катетеризациялоо жана жүрөктүн көңдөйүн ангиографиялоо | 52100 | |
39 | 22 | Жаслма-кан айлануунун шартында ритмияны четтетүү | 52200 | |
40 | 23 | Миокарддын биопсиясы | 52300 | |
41 | 24 | Эндомиокардиалдык биопсиясы | 52400 | |
42 | 25 | Аортанын аневризми | 52500 | |
43 | 26 | Бөйрөктү трансплантациялоо | 52600 | |
6. Интервенциондук кардиология жана радиология |
| |||
44 | 1 | Перифериялык кан тамырлардын, баш мээнин кан тамырларынын жана ички органдардын ангиографиясы | 601000 | |
45 | 2 | Коронардык, магистралдык жана перифериялык кан тамырлардын ангиопластикасы | 60200 | |
46 | 3 | Катмарларга бөлүнүүчү аневризм учурунда аортаны стенттөө | 60300 | |
47 | 4 | Көк боордун, боордун, бөйрөктүн жана башка кан тамырларды эмболизациялоо | 60400 | |
48 | 5 | Порталдык гипертензияда трансюгулярдык трансбоордук порто-кавалдык анастомоз | 60500 | |
7. Торакалдык хирургия |
| |||
49 | 1 | Кекиртек, бронха жана өпкөгө реконструктивдүү операция жасоо | 70100 | |
50 | 2 | Кызыл өңгөчкө реконструктивдүү операция жасоо | 70200 | |
8. Травматология жана ортопедия |
| |||
51 | 1 | Кол-буттун өсүүсүнүн кемтиги жана мандеми болгон учурда сөөктү реконструкциялоо | 80100 | |
52 | 2 | Кол-буттун өсүүсүнүн кемтиги жана мандеми болгон учурда сөөктү остеотомия кылуу | 80200 | |
53 | 3 | Кол-буттун өсүүсүнүн кемтиги жана мандеми болгон учурда сөөктү узартуу, кыскартуу | 80300 | |
54 | 4 | Кол-буттун өсүүсүнүн кемтиги жана мандеми болгон учурун тышкы каттап турган жабдууну коюу | 80400 | |
55 | 5 | Эндопротездештирүү,реэндопротездештирүү, муундун пластикасы | 80500 | |
56 | 6 | Спондилосинтез | 80600 | |
57 | 7 | Омуртканын артродези (спондилодез) | 80700 | |
58 | 8 | Омуртканын пластикасы | 80800 | |
58-1 | 9 | Остеосинтез көп жолку жана айкалышкан жабыркатууларда | 80900 | |
58-2 | 10 | Вертебропластика сколиозду дарылаганда | 81000 | |
58-3 | 11 | Муундарды онкоэндопротездөө | 81100 | |
58-4 | 12 | Блоктолгон интрамедуллярдык остеосинтез | 81200 | |
9. Проктология |
| |||
59 | 1 | Жыныс мүчөсү менен арткы тешиктин ортосундагы аралыктын проктопластикасы | 901000 | |
10. Беш манжанын микрохирургиясы жана пластикалык калыбына келтирүүчү хирургия |
| |||
60 | 1 | Беш манжа, бармак жана кол-буттун башка сегменттерин реинплантациялоо | 10010 | |
11. Онкология |
| |||
60 | 1 | Көтөн чучук рагынын учурунда жанаша органдарды резекциялоо жана алып салуу менен айкалыштырып операция жасоо | 11010
| |
61 | 2 | Алкактуу ичегинин рагы учурунда жанаша органдарды резекциялоо жана алып салуу менен айкалыштырып операция жасоо | 11020 | |
62 | 3 | Табарсыктын рагы (табарсык резервуарынын жоон ичегисин түзүү менен цистэктомия кылуу) | 11030 | |
63 | 4 | Бөйрөктүн рагы (нефрэктомия) | 11040 | |
64 | 5 | Кызыл өңгөчтүн рагы (Льюис операциясы жана Герлок операциясы) | 11050 | |
65 | 6 | Ашказан рагы (лимфодиссекциялуу гастроэктомия) | 11060 | |
66 | 7 | Таяныч-кыймылдаткыч аппаратынын, жумшак ткандын шишиги (жамбаш-карын аралык мүчөлөштүрүү, көкүрөк-далы аралык мүчөлөштүрүү) | 11070 | |
67 | 8 | Боор рагы (лимфодиссекциялуу гемигапатэктомия) | 11080 | |
68 | 9 | Карын астындагы бездин рагы (гастропанкреатодуоденалдык резекциялоо) | 11090 | |
12. Гематология | ||||
69 | 1 | Катуу кармаган миелобласттык лейкоз | 12010 | |
70 | 2 | Катуу кармаган лимфобласттык лейкоз | 12020 | |
71 | 3 | Апластикалык аз кандуулук | 12030 | |
72 | 4 | Сөөк чучукту трансплантациялоо | 12040 | |
13. Офтальмология | ||||
73 | 1 | Экстракапсулярдык экстракция | 13010 | |
74 | 2 | Витрэктомия | 13020 | |
75 | 3 | Ленсвитрэктомия | 13030 | |
76 | 4 | Интраокулярдык линзаларды имплантациялоо (жасалма хрусталик) | 13040 | |
77 | 5 | Орбитада реконструктивдик операциялар | 13050 | |
78 | 6 | Рефрактердик глаукомада аллодренаждарды имплантациялоо | 13060 | |
14. Урология | ||||
79 | 1 | Эндоскопиялык нефрэктомия | 14010 | |
80 | 2 | Бөйрөктөрдүн лоханкалык-заара түтүгүнүн сегментинин пластикасы | 14020 | |
81 | 3 | Эрендик бездин аденомасынын трансуретралдык резекциясы | 14030 | |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 токтому менен бекитилген |
Аалиев Г.К. - Кыргыз Рсспубликасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары (төрага);
Мадыбаев М.Ж. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана лицензиялоо башкы башкармалыгынын начальниги (төраганын орун басары);
Мещерякова Т.И. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин экономика жана финансы башкармалыгынын жетектөөчү адиси (катчы);
Миррахимов М.М. - Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору;
Мамакеев М.М. - Хирургия улуттук борборунун директору;
Кудаяров Д.К. - Акушердик жана педиатрия илим-изилдөө институтунун директору;
Ниязов Ш.Н. - Улуттук госпиталдын башкы врачы;
Абдылдаев Р.А. - Онкология улуттук борборунун директору;
Раимжанов А.Р. - Гематология улуттук борборунун директору;
Исаков Н.С. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн референти;
Жумабеков С.А. - Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо департаментинин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси;
Алишеров А.Ш. - Учук илим-изилдөө институтунун директору;
Токтомушев Ч.Т. - Курортология жана дарылоону калыптандыруу илим-изилдөө институтунун директору;
Кангельдиев А.А. - Адам репродукциясы илимий борборунун директору;
Узакбаев К.А. - Республикалык балдар клиникалык ооруканасынын башкы врачы;
Муратова Н.Б. - Республикалык инфекция клиникалык ооруканасынын башкы врачы;
Назаркулов С.Д. - Психикалык саламаттык улуттук борборунун директору.