Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июну № 409
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 641 «Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 641 «Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августуңдагы № 489 «Дордой» ассоциациясына К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк-оюн- зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө» токтомунун 7-пункту.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |