ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 012-жылдын 12-июнундагы №409 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 641 «Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтому

Редакция12.06.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 12-июну № 409

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 641 «Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 641 «Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-августуңдагы № 489 «Дордой» ассоциациясына К.Жакыпов атындагы парктын Ж.Абдырахманов, И.Мичурин, М.Күрөңкеев көчөлөрү менен чектелген аймагын дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу борборду жана парк-оюн- зоок зонасын долбоорлоо жана куруу үчүн берүү жөнүндө» токтомунун 7-пункту.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов