Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 408 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 15-июну № 419

2011-жылдын 13-сентябрындагы № 553 «2012-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2012-жылга жана 2013 - 2014-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык параметрлерин учурдагы өбөлгөлөрдү жана таасир берүүчү факторлорду эске алуу менен аныктоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маселелерин орто мөөнөттүү мезгилде ырааттуу чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 553 «2012-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

«- 2012-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу 2011-жылдын такталган көрсөткүчтөрүн жана 2012-жылдын январь-март айы үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн алдын ала маалыматтарын эске алуу менен 1-тиркемеге ылайык.»;

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

- жогоруда аталган токтомдун үчүнчү абзацы жана 2-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги ушул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү чараларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылга республикалык бюджетке жана 2013 - 2014-жылдарга болжолго өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ушул токтом менен жактырылган 2012-жылга жана 2013 - 2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн негиз катары алсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов