Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-июну № 440
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн кызматында иштеген офицердик курамдын адамдарын кортик, шашка же кылыч менен сыйлоого укуктуу. Курал-жарак менен сыйлоо мамлекеттик аскерлештирилген уюмдун жетекчисинин буйругу менен таризделет.
«Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган сыйлыкка берилүүчү куралдын башка түрлөрү менен мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда кызмат өтөгөн офицердик курамдын адамдарын сыйлоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешинин макулдугу болгондо Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын буйруктары менен ишке ашырылат. Сыйлыкка берилчү сайлуу куралды берүүнүн алдында ар бир нускасы контролдук атуу жана атылган окторду жана гильзаларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик борборунун ок-гильзотекасына коюу үчүн курал-жаракты берген орган тарабынан беш патрону менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилет.
Куралды берген орган атып көрүү үчүн сыйлыкка берилүүчү сайлуу куралды бербеген учурда аны сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берилбейт.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |