Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 447
«Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 22-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон Монреаль протоколу менен жөнгө салынбачу бардык парник газдардын жутуп алуучуларын жана топтогучтарын, анын ичинде биомассаны, токойду жана башка жердеги экосистемаларды сарамжалдуу пайдалануу;
- климаттын өзгөрүшүнүн натыйжаларына ыңгайлашуу;».
2. 29-статьясынын 1-бөлүгү «санитардык гигиеналык, ден соолукту чыңдоочу» деген сөздөрдөн кийин «, көмүртектин диоксидин жутуп алгандыктан климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн кесепеттерин токтотуучу» деген сөздөр менен толукталсын.
3. 74-статьясы «жергиликтүү программалардын» деген сөздөрдөн кийин «анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө жана парник газдардын жутулуусу көбөйүшүнө ыңгайлашуу боюнча иш-аракеттердин» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьясы
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
- «булгоочу заттар - тийиштүү концентрацияда айлана-чөйрөгө түшсө адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч жаратуучу заттар»;
- «парник газдар - газ түрүндөгү, инфракызыл нурларды жутуп алуучу жана кайрадан чыгаруучу булгоочу заттар».
2. 25-статьянын 1-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- булактардан антропогендүү саркындылардын чыгарылышы жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон Монреаль протоколу менен жөнгө салынбачу бардык парник газдарды жутуп алуучулардын абсорбциясы боюнча, ошондой эле озонду бузуучу заттардын керектелиши боюнча маалыматтарды такай чогултууну жана эсепке алууну уюштуруу;
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- парник газдардын чыгарылышын азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө туура ыңгайлашуу боюнча улуттук, региондук жана тармактык программаларды беш жылда бирден кем эмес иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана такай жаңылап туруу;».
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1999-ж., № 11, 450-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья:
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
- «Булгоочу заттар - тийиштүү концентрацияда айлана-чөйрөгө түшсө адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч жаратуучу заттар.»;
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
- «парник газдар - газ түрүндөгү, инфракызыл нурларды жутуп алуучу жана кайрадан чыгаруучу булгоочу заттар».
2. 35-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«35-статья. Климатка зыяндуу таасирди болтурбоо боюнча чаралар
Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө зыяндуу таасирди болтурбоо максатында төмөнкүдөй иштер жүргүзүлөт:
- антропогендүү саркындылардын булактардан чыгарылышынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон Монреаль протоколу менен жөнгө салынбачу бардык парник газдарды жутуп алуучулардын абсорбциясынын улуттук кадастрын жүргүзүү;
- беш жылда бирден кем эмес жолу парник газдардын чыгарылышын азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө туура ыңгайлашуу боюнча улуттук, региондук жана тармактык программаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана такай жаңылап туруу;
- бардык тийиштүү секторлордо, анын ичинде энергетикада, транспортто, өнөр жайда, айыл чарбада, токой чарбада жана калдыктарды иштетүүдө Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон Монреаль протоколу менен жөнгө салынбачу бардык парник газдардын чыгарылышын чектөөгө, азайтууга же токтотууга алып келчү технологияларды, методдорду жана процесстерди иштеп чыгууга, колдонууга жана жайылтууга, ошондой эле өткөрүп берүүгө колдоо көрсөтүү;
- социалдык, экономикалык жана экологиялык саясат жүргүзүүдө климаттын өзгөрүү проблемаларын эске алуу;
- климаттык системага байланыштуу илимий, технологиялык, техникалык, социалдык-экономикалык жана башка изилдөөлөрдү, системалуу байкоолорду жүргүзүүгө жана маалыматтар банкын түзүүгө колдоо көрсөтүү;
- климаттын өзгөрүү маселеси боюнча билим берүү, кадрларды даярдоо жана элге маалымат берүү системасын өркүндөтүү.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|