Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 6-февралы № 40
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-июнундагы № 457
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылык департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылык департаменти жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылык департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бекитилген бюджетинин чегинде каржыланаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы № 395 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылык департаменти (мындан ары - Аңчылык департаменти) жөнүндө жобо Аңчылык департаментинин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын ыйгарым укуктарын жана функцияларын аныктайт.
2. Аңчылык департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Агенттик) түзүмдүк бөлүгү болуп, аңчылык жана аңчылык чарба иштерин башкаруу боюнча мамлекеттик орган болот.
3. Аңчылык департаменти өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын, ушул Жобону жана Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
4. Аңчылык департаменти өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен байланышта жүргүзөт.
5. Аңчылык департаментинин карамагында республиканын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй региондорундагы 7 өкүлчүлүк болот.
6. Аңчылык департаменти юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдеги жазылган мөөргө, штамптарга, фирмалык бланктарга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы атайын эсептерге ээ. Менчигинин түрү - мамлекеттик. Мамлекеттик мүлк Аңчылык департаментине операциялык башкаруу укугунда бекитип берилет.
7. Аңчылык департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бекитилген бюджетинин, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде каржыланат.
8. Аңчылык департаментинин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылык департаменти;
- расмий тилде: «Департамент охоты при Государственном агентстве охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики».
9. Аңчылык департаментинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720001, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 87.
10. Аңчылык департаментинин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык ресурстарын сактоону, көбөйтүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоону көздөйт.
Аңчылык департаментинин негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- аңчылык ресурстарын жана алар жашаган жерлерди (аңчылык жерлерди) сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (аңчылык заказниктерин), кайрадан калыбына келтирүүчү жана моделди аңчылык участокторун өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- жеке жана юридикалык жактар жүргүзүүчү аңчылык жана аңчылык чарба иштерин координациялоо жана жөнгө салуу, жапайы жаныбарларды сактоого жана көбөйтүүгө өбөлгө болуучу (биотехникалык жана башка) иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- аңчылык ресурстарынын абалы жөнүндө белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, калкка жана башка кызыкдар тараптарга маалымдоо.
11. Аңчылык департаменти өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык, төмөндөгү функцияларды аткарат:
а) тармактык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндө:
- аңчылык ресурстарын коргоо, көбөйтүү, сарамжалдуу пайдалануу жана аңчылык кылуу, аңчылык чарба ишин жүргүзүү жаатында бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууга катышат;
- төмөндөгүлөрдү иштеп чыгат жана Агенттикке белгиленген тартипте киргизет:
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине аңчылыктын эрежелерин, нормаларын, ыкмаларын жана мөөнөтүн, аларды алууга лимитти жана квотаны белгилөө боюнча сунуштарды;
аңчылык ресурстарды пайдалануунун ченемдик укуктук актыларынын, стандарттарынын, нормативдеринин жана эрежелеринин, аңчылык жана аңчылык чарба ишин жүргүзүү, аңчылык ресурстарын сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу жагындагы мамлекеттик программалардын долбоорлорун;
Жаныбарлардын аңчылык кыла турган түрлөрүнүн тизмесин түзүү жана коррекциялоо боюнча материалдарды;
аңчылык минимумду - аңчылардын билиши талап кылынуучу белгиленген маалыматтарды камтыган бирдиктүү окуу куралдарынын жана башка маалыматтык материалдардын долбоорлорун;
аңчылык билеттерин (күбөлүктөрүн) берүү жана каттоо тартибинин, шарттарынын, эрежелеринин долбоорлорун;
республикадагы аңчылык жерлердин эсебин, аңчылык жерлерди берүүнүн/бекитип берүүнүн тартибин жана аларды пайдалануу шарттарын жөнгө салуучу жоболордун долбоорлорун;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалангандык үчүн акынын нормативдери жана аңчылык ресурстарга жана алар жашаган жерлерге юридикалык жана жеке жактардын келтирген зыяны үчүн доонун өлчөмүн эсептөө үчүн тарифтер боюнча сунуштарды;
аңчылык кыла турган жаныбарларга жана алар жашаган чөйрөгө (аңчылык жерлер) мониторинг жана кадастр жүргүзүүнүн шарттарын, мөөнөтүн жана тартибин белгилөө жана аларга оңдоо киргизүү боюнча сунуштарды;
аңчылык ресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү сарамжалдуу пайдаланууну, сактоону жана калыбына келтирүүнү камсыз кылуучу аңчылык чарба ишине ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча долбоордук сунуштарды;
б) координациялоо жана башкаруу жагында:
- өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн, юридикалык жактардын (менчигинин формасына карабастан) жана жеке жактардын төмөнкүдөй иштерин координациялайт:
бекитип берилген аңчылык жерлерде аңчылыкты жана аңчылык чарба иштерин Аңчылыктын эрежесине ылайык жүргүзүүнү, аңчылык ресурстарын пайдаланууну жаныбарларды олжолоого, аңчылык продукцияларын камдоого (сатып алууга), иштетүүгө жана сатууга уруксаттарды тариздөөнү жана берүүнү;
аңчылык жаныбарлардын, ошондой эле жок болуп бараткан жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жаныбарлардын эсебин жүргүзүү;
коруучу жана биотехникалык иш-чараларды пландоону, уюштурууну жана жүргүзүүнү;
аңчылык жаныбарларды көбөйтүүчү питомниктерди жана аңчылык заказниктерин түзүүнү жана иштетүүнү;
моделдик аңчылык участокторун түзүүнү жана аларда жапайы жаныбарларды алууну, анын ичинде илимий максатта (кармоону, атып алууну);
аңчылык иттерди багууну өнүктүрүүгө, алгыр куштар жана иттер менен аң уулоонун салттуу жана улуттук түрлөрүн, таксидермикалык ишти өнүктүрүүгө багытталган чараларды көрүүнү;
- аңчылык жаныбарлардын абалын жана алар байыр алган чөйрөнү баалоо үчүн мониторинг жүргүзүп маалымат банкын түзөт;
- Аңчылык департаментинин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактардан түшкөн арыздарды жана даттанууларды карайт, ошондой эле алар боюнча кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө катышат;
- аңчылык чарба ишин жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактардын менчигинин формасына карабастан алар Кыргыз Республикасынын аңчылык ресурстарды жана алар жашаган жерлерди коруу, калыбына келтирүү жана пайдалануу боюнча мыйзамдарынын талаптарын аткаруусу боюнча белгиленген тартипте чара көрөт;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин, алар байыр алган чөйрөнү, орун которуштуруу жолу менен көбөйүү шарттарын, ошондой эле бадалдарын жана өзгөчө кайтарылган, анын ичинде суу жайылмаларындагы жана башка көлмө жээктериндеги өсүмдүк түрлөрүн кайтарууну уюштурат жана ишке ашырат;
- аңчылык жерлерде аңчылыкты көзөмөлдөө постторун уюштурат жана алардын иштерин координациялайт, алардын иштерин жүргүзүүгө катышат;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирүүчү мыйзамга каршы аракеттерди жана аңчылык продукциясын пайдалануу, аңчылык ыкмаларын, мөөнөтүн, эрежесин бузган фактыларды аныктайт, токтотот жана алдын алат;
- жаратылышты коргоо мыйзамын бузуучуларга республикалык бюджетке которула турган айыптарды жана башка администрациялык жазаларды колдонот; зарыл болсо иштерди күнөөлүүлөрдү белгиленген тиешелүү жоопкерчиликке тартуу үчүн иштерди укук коргоо жана сот органдарына кароого берет;
- Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууну токтотуу жана алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштешет;
- Кыргыз Республикасындагы жапайы жаныбарларды (аңчылык кылынуучу түрлөрүн) изилдөө, сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу программаларын ишке ашыруу боюнча иши координациялайт;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жана алар жашаган чөйрөнү сактоо жана пайдалануу, аңчылык чарбасын жүргүзүү, аңчылыктын эрежесин, нормасын жана мөөнөтүн сактоо, аңчылык продукцияларын пайдалануу жагындагы администрациялык укук бузуулар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирүүчү мыйзамга каршы башка иштер жөнүндө материалдарды белгиленген тартипте карайт;
в) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- чарба аралык аңчылык жайгаштыруу иштерин жүргүзөт жана координациялайт;
- аңчылык чарба иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъектилерине аңчылык жерлерди бекитип берүү жөнүндө келишимдерди белгиленген тартипте түзөт жана бузат;
- чарбакер субъекттердин биотехникалык жана аңчылык чарба иш-чаралары боюнча пландарды бекитет жана макулдашат;
- чарбакер субъекттерди аңчылык кыла турган жаныбарларды олжолоо баракчалары жана атуу карточкалары менен белгиленген тартипте камсыздайт;
- аңчылыктын жыйынтыгы боюнча толтурулган олжо барактарды күбөлөндүрөт;
- карышкырларды жана чөөлөрдү атууга уруксат кагаздарын белгиленген тартипте берет жана жокко чыгарт;
- бекитип берилген аңчылык жерлерде биотехникалык иш-чараларды өткөрөт;
- бекитип берилген аңчылык жерлердеги жапайы жаныбарларды белгиленген тартипте олжолоону (кармоону, атууну) уюштурат жана ишке ашырат;
- белгиленген тартипте Агенттикке төмөндөгүдөй сунуштарды киргизет:
чарбакер субъекттер ортосунда жапайы жаныбарларды олжолоого лимитти аныкталган тартипте белгилөө жана квотаны бөлүштүрүү боюнча;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин анын ичинде СITES Конвенциясына кирген жапайы жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын атайын пайдаланууга, Кыргыз Республикасынын чегине алып кирүүгө/чегинен алып чыгууга уруксаттарды берүү жана жокко чыгаруу боюнча;
г) ишти колдоо чөйрөсүндө:
- республикалык, региондук жана мамлекет аралык экологиялык маалыматтык системалардын алкагында экологиялык маалыматтарды чогултууну жана алмашууну, аңчылык иш-аракеттер чөйрөсүндө чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну белгиленген тартипте ишке ашырат;
- аңчылык ресурстардын абалы жана аларды пайдалануу жөнүндө мамлекеттик маалыматтар базасын жүргүзүүнү, бул маалыматтарды анализдөөнү, маалымдамаларды даярдоону ишке ашырат;
- жаратылыш жөнүндө билимди пропагандалайт жана жайылтат, республикада аңчылык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, жаратылышты туруктуу пайдалануу маселеси боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды өткөрөт;
- Агенттикке чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен аңчылык ресурстарын жана аңчылык кылуучу жерлерди сактоого багытталган келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды киргизет.
12. Аңчылык департаменти мыйзамга ылайык, ошондой эле Агенттик тарабынан өткөрүлүп берилген башка функцияларды да аткарат.
13. Аңчылык департаменти ага жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- берилчү аңчылык белеттери (күбөлүктөрү), аңчылык кылуу укугуна жолдомолор, аңчылык кыла турган жаныбарларды алуу үчүн атуу баракчаларына каражаттарды белгиленген тартипте алууга;
- кампалардагы, даярдоо пункттарындагы, базарлардагы, аңчылык бригадаларындагы жана айрым аңчылардагы аңчылык продукциясына жана алардан жасалган буюмдарга уруксат берүүчү документтерди, (мыйзамдуулугун) текшерүүгө;
- текшерилүүчү адамдардын транспорт каражаттарын, буюмдарын, кол жүгүн, багажын, мергенчилик жана аңчылык куралдарын, олжолонгон продукцияларын жана башка предметтерин белгиленген тартипте текшерүүгө;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин жана алар жашаган жерлерди (анын ичинде суу жээктеринде жана бадалдарда) сактоо, пайдалануу жана көбөйтүү, аңчылык чарбасын жүргүзүү, аңчылыктын эрежелерин, нормаларын жана мөөнөттөрүн сактоо, аңчылык продукцияларын пайдалануу жагындагы мыйзам бузуу фактылары, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирген жана башка мыйзамга каршы иштер боюнча протоколдорду (актыларды) белгиленген тартипте түзүүгө;
- мыйзамсыз аңчылык кылуу куралдарын (куралдар, капкандар, торлор ж.б.у.с.), автотранспорттук жана башка унаа каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте убактылуу кармоого жана аларды соттун чечими боюнча алып коюуга;
- келтирилген зыянды өндүрүү жөнүндө доомат коюуга;
- мыйзамсыз кармалган жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мыйзамсыз олжолонгон (алынган) объектилерин же продукцияларын, ошондой эле алардан жасалган буюмдарды юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте алып коюуга; аларды белгиленген тартипте пайдаланууга же сатууга;
- өз алдынча, ошондой эле Агенттиктин жетекчилигин тапшырмасы боюнча сот органдарында доочу жана жооп берүүчү катары чыгууга;
- аңчылык ресурстарын жана жаныбарлар дүйнөсүнүн башка объектилерин жана алар жашаган жерлерди коруу, калыбына келтирүү жана пайдалануу чөйрөсүндө иштеген юридикалык жана жеке жактардан (анын ичинде чет өлкөлүктөрдөн) укук берүүчү жана уруксат документтердин копияларын, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, ошондой эле белгиленген отчетту белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Аңчылык департаментинин компетенциясына кирген маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер, жеке адамдар менен өз ара байланышта иштешүүгө;
- тейлеген тармакта илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерин, ведомстволук институттарды, жогорку окуу жайларды жана башка кызыкдар адамдарды тартууга;
- чарба ичиндеги аңчылык жайгаштыруу иштерин уюштурууга жана жүргүзүүгө катышууга;
- жеке адамдарды ыктыярдуу негизде жаратылышты коргоо жана аңчылыкты көзөмөлдөө боюнча иштерге тартууга, штаттан тышкаркы аңчылык инспекторлордун тармагын түзүүгө;
- көмөкчү чарбаларды, жаныбарларды багуучу атайын питомниктерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте аңчылык куралдар боюнча атайын дүкөндөрдү, таксидермикалык устаканаларды жана аңчылардын клубун түзүүгө.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте форма кийимди кийүүгө, кызматтык куралды жана атайын каражаттарды (транспорт, байланыш каражаттары, кишен, желим таяк, көздөн жаш агызуучу заттар) алып жүрүүгө, колдонууга жана сактоого, кызмат милдеттин аткаруу учурунда күч колдонууга укуктуу.
14. Аңчылык департаменти ага тапшырылган маселелерге ылайык, төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого так ылайыктуу жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын катуу сакталышына жетишүүгө, жаныбарлар дүйнөсүн коруу жагындагы мыйзам бузуулардын алдын алууга жана токтотууга, Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарын бузгандарга карата иштиктүү мыйзамдык чараларды колдонууга;
- калкты, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аңчылык ресурстардын жана алар жашаган жерлердин абалы жөнүндө өз убагында жана туура маалымдоого.
15. Аңчылыкты департаментинин кызматкерлери белгиленген милдеттерди жана функцияларды аткарбаса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык жана тартиптик жоопкерчилик тартышат.
16. Аңчылык департаментин Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
17. Аңчылык департаментинин директорунун орун басары, структуралык бөлүктөрүнүн (бөлүмдөр/секторлор), өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жетекчилери кызматка Агенттиктин директору тарабынан дайындалышат жана бошотулушат.
18. Аңчылык департаментинин ишин Агенттик контролдойт.
19. Аңчылык департаментинин түзүмү жана штаттык расписаниеси Агенттиктин директору тарабынан бекитилет.
20. Аңчылык департаментинин ишиндеги маселелерди кароо жана чечүү үчүн 5 адамдан турган Техникалык кеңеш түзүлөт. Аңчылык департаментинин Техникалык кеңешинин персоналык курамын Агенттиктин директору бекитет.
21. Аңчылык департаментинин компетенциясына кирген маселелерди чечүү, көйгөйлөрдү ар тараптуу талкуулоону камсыздоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Аңчылык департаментинде башка кеңештер (илимий-техникалык, редакция-басма, ж.б.), топтор, комиссиялар түзүлүшү мүмкүн. Кеңештердин персоналык курамын, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду Аңчылык департаментинин директору бекитет.
22. Аңчылык департаментинин директору:
- Аңчылык департаментинин, анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн ишин уюштурат жана жетектейт.
- Аңчылык департаментине жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын толук жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Аңчылык департаментинин өкүлчүлүктөрүнүн пландарын бекитет;
- Аңчылык департаментинин Техникалык кеңешинин жыйындарын өткөрөт;
- Аңчылык департаментинин өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Аңчылык департаментинин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет;
- Агенттикке Аңчылык департаментинин чыгымдар сметасын жана штаттык расписаниесин бекитүүгө берет;
- Аңчылык департаментинин ушул Жобонун 18-пунктуна жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка алынчу жана кызматтан бошотулчу штаттык бирдиктеринен башка кызматкерлерин ишке алат жана иштен бошотот;
- Аңчылык департаментинин системасынын айырмаланган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, Агенттиктин сыйлыктарына, төш белгилерине, анын ичинде «Айлана-чөйрөнү коргоонун отличниги» төш белгиси жана башка сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө Агенттиктин жетекчилигине өтүнүч кат берет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Аңчылык департаментинин кызматкерлерине тартиптик жаза берет;
- Аңчылык департаментинин кызматкерлери жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандык жөнүндө түзүшкөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген протоколдорду, актыларды жокко чыгарат;
- мамлекеттик органдарда, сотто жана башка мекемелерде Аңчылык департаментинин атынан чыгат;
- Аңчылык департаментинин адистерин квалификациялык даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- Аңчылык департаментинин кызматкерлерин социалдык колдоого, эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга жардам берет;
- Агенттик тарабынан өткөрүлүп берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
23. Аңчылык департаментинин директору жокто анын функцияларын орун басары аткарат.
24. Аңчылыкты департаменти бухгалтериялык, статистикалык эсепти жана отчетту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырат.
25. Аңчылык департаментин өзгөртүп уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
26. Аңчылык департаментинин ишинин процессинде пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.