Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-июлу № 464
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун карамагына өткөрүп берилүүчү мамлекеттик ишканалардын уставдарын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралындагы № 65, 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 531, 2015-жылдын 23-апрели № 245, 2015-жылдын 5-июну № 346, 2015-жылдын 23-июлу № 525, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 96, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 81 Жарлыгын жана «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 315 токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы Коомдук маалыматтык борбор» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Маалыматтык борбор» мамлекеттик ишканасы болуп кайра түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөрдүн уставдары бекитилсин:
- (экинчи абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 96 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрели № 245 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 531 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Курулуш, инвестициялар жана соода башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын, 5-тиркемеге ылайык;
- (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июну № 346 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлу № 525 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралындагы № 65, 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 531, 2015-жылдын 23-апрели № 245, 2015-жылдын 5-июну № 346, 2015-жылдын 23-июлу № 525, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 96 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Маалыматтык борбор» мамлекеттик ишканасы «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы Коомдук маалыматтык борбор» мамлекеттик мекемесинин укуктук мураскери болоору белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдун 2-пунктунда аталган мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик кайра каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |