Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №14
Кыргыз Республикасында ички иштер органдарынын жеке детективдик жана күзөт кызматтарынын ишин контролдоосунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө", "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында ички иштер органдарынын жеке детективдик жана күзөт кызматтарынын ишин контролдоосунун тартиби жөнүндө нускама бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 14 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Ички иштер органдарынын жекече детективдик жана күзөт иштерин
контролдоосунун тартиби
3. Жекече детективдик жана күзөт ишинде дүрмөттүү куралды жана
атайын каражаттарды сатып алуу, эсебин алуу, сактоо жана алып
жүрүү тартибинин сакталышын контролдоо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана жеке детективдик жана күзөт иштерине контролду жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн ишинин негизги милдеттерин жана багыттарын аныктайт.
2. Жеке детективдик жана күзөт ишин контролдоо боюнча ички иштер органдарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- жекече детективдик жана күзөт иши чөйрөсүндөгү укук бузууларды алдын алуу;
- жекече детективдик жана күзөт ишканаларында кызматтык жана жарандык курал-жаракты, атайын каражаттарды сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу тартибин контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык администрациялык укук бузууларга жана кылмыштарга бөгөт коюу, жекече детективдик жана күзөт ишканаларынын кызматкерлерине карата чара көрүү;
- жекече детективдик жана күзөт ишканаларынын кызматкерлеринин администрациялык укук бузууларды жана кылмыштарды жасоосуна өбөлгө болгон, өзгөчө аларда болгон кызматтык жана жарандык куралды пайдалануу менен кылмыш жасоосуна шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу боюнча чара көрүү.
2. Ички иштер органдарынын жекече детективдик жана күзөт иштерин контролдоосунун тартиби
3. Кыргыз Республикасынын аймагында жекече детективдик жана күзөт ишине контролду Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, ага баш ийген органдар "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, башка мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемде жүргүзүшөт.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тутумунда жекече детективдик жана күзөт ишин контролдоо Ички иштер министрлигинин тийиштүү бөлүмдөрүнүн начальниктерине жүктөлөт.
5. Жекече детективдик жана күзөт ишине контроль төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
а) жекече детективдик жана күзөт ишинин анын субъекттери аткаруучу түрлөрүнүн "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайыктыгын жана 6-беренесинин талаптары алар тараптан аткарылышын текшерүү;
б) жекече детективдик жана күзөт ишинде кызматтык жана жарандык курал-жаракты жана атайын каражаттарды сатып алуу, эсебин алуу, сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу тартиби сакталышын текшерүү.
6. Жекече детективдердин, жекече детективдик жана күзөт ишканаларынын белгиленген талаптарды жана шарттарды аткарышын контролдоо максатында ички иштер органдары тарабынан катталган жери боюнча, ошондой эле детективдик жана күзөт кызматтары аткарылчу объекттердин өзүндө пландуу жана пландын тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлөт.
Пландуу текшерүүлөр ички иштер органдарынын жетекчилери бекиткен графиктерге ылайык жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
7. Ички иштер органдарынын кызмат адамдары жекече детективдик жана күзөт ишканаларынын кадрлар курамын, алар өзүнүн ишин мамлекеттик кызмат менен же болбосо коомдук бирикмелердеги шайлануучу, акы төлөнүүчү кызмат менен айкалыштырган учурларын табуу максатында жылына кеминде бир жолу текшеришет.
8. Ички иштер органдары лицензиаттардын, өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын коопсуздук кызматынын ишин текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2 нускада акты түзүлөт, алардын бири лицензиатка, өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактын коопсуздук кызматынын жетекчисине берилет.
Укук бузуулар айкындалган учурда актыда Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик актыларынын кандай талаптары бузулгандыгы жана аларды жоюу мөөнөтү белгиленет.
9. Ички иштер органынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жекече же күзөт ишин жөнгө салуучу ченемдик укук актыларында белгиленген талаптарды жана шарттар бузулганын, ошондой эле курал-жаракты жана атайын каражаттарды колдонуу эрежелери бузулганын аныкташкан учурда ички иштер органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө укуктуу.
10. Айкындалган укук бузуулар белгиленген мөөнөттө жоюлбаган учурда тийиштүү ички иштер органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензияны жокко чыгаруу боюнча чара көрөт.
3. Жекече детективдик жана күзөт ишинде дүрмөттүү куралды жана атайын каражаттарды сатып алуу, эсебин алуу, сактоо жана алып жүрүү тартибинин сакталышын контролдоо
11. Ички иштер органдарынын жекече детективдик жана күзөт ишин контролдоочу кызмат адамдары атайын каражаттардын, курал-жарактын жана ок-дарылардын болушун, сактоону уюштурууну жана эсебин алууну жылына кеминде бир жолу текшеришет, ал эми оперативдүү жагдайга жараша андан көбүрөөк текшеришет.
12. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө атайын каражаттарды, курал-жаракты жана ок-дарыларды ишеничтүү сактоо шарттарына, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен уруксаттарды табууга, эсебин алуу документтеринин тууралыгына, атайын каражаттарды жана курал-жарактарды түрлөрү жана номурлары боюнча салыштырууга, иликтөө жана күзөт кызматтарын аткаруу үчүн берилген кызматкерлерде алардын бар же жок экендигин текшерүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт.
13. Текшерүүчүлөр атайын каражаттарды, курал-жаракты жана ок-дарыларды сактоодогу аныкталган кемчиликтер жөнүндө курал-жаракты кароо китебинде жазышат жана аларды жоюу үчүн чара көрүүнү талап кылышат.
14. Жекече детективдер, жекече детективдик жана күзөт ишканалары өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын коопсуздук кызматтары атайын каражаттарды, курал-жаракты, ок-дарыларды сатып алуу, сактоо, эсебин алуу жана колдонуу тартибин бузган учурларда ички иштер органдарынын кызмат адамдары айкындалган кемчиликтерди жоюуну талап кылышат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда аталган предметтерди алып коюшат же алар сакталган кампаларды же сактоочу жайларды мөөр басып бекитишет.
15. Ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №47 "Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген колдонуудагы эрежелерди бузган атайын каражаттардын, курал-жарактын жана ок-дарылардын сакталышы үчүн жооптуу адамдарды иштен четтетүү тууралуу жекече детективдик жана күзөт ишканаларынын, өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын коопсуздук кызматтарынын жетекчилигине сунуш киргизишет.
16. Жекече детективдерде, жекече детективдик ишканаларда атайын каражаттар, жекече күзөт ишканаларында атайын каражаттар, курал-жарак же ок-дарылар кем чыккандыгы, ошондой эле алардын эсебин алуудан жашыруу же аларды сактоо шарттарын бузуулар аныкталган учурда токтоосуз түрдө кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Аталган аракеттерде (аракетсиздикте) жетекчилердин жана кызматкерлердин күнөөсү аныкталган учурда алар жекече детективдик же күзөт ишин жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыратылышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы мүмкүн.
|
|