Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 14-сентябры № 632
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №20
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" жана "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" жана "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
15-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы чара көрүү чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, жалпылоо жана талдоо максатында тийиштүү эсептерди жүргүзүшөт.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Долбоор
1-берене.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-беренесинин тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- операциялык-иликтөө ишин жүргүзүү, аны жүргүзүүчү органдарга кылмыштардын бетин ачууга жана алдын алууга көмөктөшүү, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы чара көрүү чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, жалпылоо жана талдоо максатында тийиштүү эсептерди жүргүзүү;".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Ушул жылдын 22-июлунда уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерге карата мамлекеттик саясаттын укуктук-уюштуруучулук негизин аныктоого багытталган "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамга кол коюлган.
Ушул көрсөтүлгөн Мыйзамдын 19-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин, ошондой эле өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ылайык келтирсин.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын жобосун окуп чыгып, кээ бир мыйзамдардын, анын ичинен "Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамдын жоболорун жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндөгү" Мыйзамды ишке ашыруу максатында толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.
"Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесине ылайык улуттук коопсуздук органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет кылуучу орган катары аныкталды.
Ошону менен бирге, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 8-беренесине ылайык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет чөйрөсүндөгү маалыматтарды топтоо, сактоо, жалпылоо жана талдоо максаттарында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдар тийиштүү эсеп жүргүзөт.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдү эске алуу менен, Юстиция министрлиги тарабынан "Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамга милдеттүү түрдө айтылган жоболорго толуктоо камтыган Мыйзамдын ушул долбоорун иштеп чыкты.
Ошондой эле, бул долбоорду кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт.
Юстиция министри |
А.Мухамеджанов |
Ушул жылдын 22-июлунда уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерге карата мамлекеттик саясаттын укуктук-уюштуруучулук негизин аныктоого багытталган "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамга кол коюлган.
Ушул көрсөтүлгөн Мыйзамдын 19-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин, ошондой эле өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ылайык келтирсин.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын жобосун окуп чыгып, кээ бир мыйзамдардып, анын ичинен "Кылмыш-аткаруу (пентенциардык) системасынын органдары жана бирикмелери жөнүндө" Мыйзамдын жоболорун жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндөгү" Мыйзамды ишке ашыруу максатында толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.
"Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесине ылайык улуттук коопсуздук органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет кылуучу орган катары аныкталды.
Ошону менен бирге, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 8-беренесине ылайык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет чөйрөсүндөгү маалыматтарды топтоо, сактоо, жалпылоо жана талдоо максаттарында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракетти жүзөгө ашыруучу органдар тийиштүү эсеп жүргүзөт.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдү эске алуу менен, Юстиция министрлиги ушул долбоорун иштеп чыкты.
Ошондой эле, бул долбоорду кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт.
Юстиция министри | А.Мухамеджанов |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунуш кылынган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│15-статья. Улуттук коопсуздук │15-статья. Улуттук коопсуздук │
│ органдарынын милдеттери│ органдарынын милдеттери│
│ │ │
│Улуттук коопсуздук органдары │Улуттук коопсуздук органдары │
│Кыргыз Республикасынын Улуттук │Кыргыз Республикасынын Улуттук │
│коопсуздугун камсыз кылуу │коопсуздугун камсыз кылуу │
│кызыкчылыгында: │кызыкчылыгында: │
│1. Чалгындоо жана каршы чалгындоо │1. Чалгындоо жана каршы чалгындоо │
│иштерин, экстремисттик ишке каршы │иштерин, экстремисттик ишке каршы │
│аракеттерди жүзөгө ашырышат; │аракеттерди жүзөгө ашырышат; чет │
│чет өлкөлүк мамлекеттердин атайын │өлкөлүк мамлекеттердин атайын │
│кызматтарынын жана уюмдарынын │кызматтарынын жана уюмдарынын │
│чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк │чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк │
│иштерине, терроризмге, │иштерине, терроризмге, │
│коррупцияга, контрабандага жана │коррупцияга, контрабандага жана │
│наркобизнеске каршы күрөшүүнү │наркобизнеске каршы күрөшүүнү │
│жүргүзүшөт, Кыргыз Республикасынын│жүргүзүшөт, Кыргыз Республикасынын│
│конституциялык түзүлүшүн, │конституциялык түзүлүшүн, │
│суверенитетин жана аймактык │суверенитетин жана аймактык │
│бүтүндүгүн мыйзамга каршы кол │бүтүндүгүн мыйзамга каршы кол │
│салуудан коргоого катышат. │салуудан коргоого катышат. │
│2. Кыргыз Республикасынын │2. Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдары боюнча улуттук │мыйзамдары боюнча улуттук │
│коопсуздук органдарынын тергөө │коопсуздук органдарынын тергөө │
│укугуна кирген кылмыштарды табуу, │укугуна кирген кылмыштарды табуу, │
│алдын алуу жана тыюу салуу боюнча │алдын алуу жана тыюу салуу боюнча │
│иш-чараларды жүзөгө ашырышат; │иш-чараларды жүзөгө ашырышат; │
│кылмыш кылган же кылмыш кылууга │кылмыш кылган же кылмыш кылууга │
│шектүү адамдарга карата │шектүү адамдарга карата │
│оперативдүү-техникалык жана башка │оперативдүү-техникалык жана башка │
│каражаттарды колдонуу менен │каражаттарды колдонуу менен │
│оперативдүү-иликтөө, алгачкы │оперативдүү-иликтөө, алгачкы │
│текшерүү жана алдын ала тергөө │текшерүү жана алдын ала тергөө │
│жүргүзүү иштерин жүзөгө ашырышат; │жүргүзүү иштерин жүзөгө ашырышат; │
│бул адамдардын эсебин жүргүзөт. │бул адамдардын эсебин жүргүзөт. │
│3. Мамлекеттик сырды коргоо │[2-1.Уюшкан кылмыштуулукка каршы │
│системасын уюштурат, компетенттүү │чара көрүү чөйрөсүндө │
│бийлик органдарынын суроо │маалыматтарды топтоо, сактоо │
│талаптары боюнча жашыруун │жалпылоо жана талдоо максатында │
│маалыматтарды алууга жол берүү │тийиштүү эсептерди жүргүзүшөт.] │
│жөнүндөгү маселенин белгиленген │3. Мамлекеттик сырды коргоо │
│тартипте чечилгендигине │системасын уюштурат, компетенттүү │
│байланыштуу айрым адамдар жөнүндө │бийлик органдарынын суроо │
│маалымат берет, маалыматтык │талаптары боюнча жашыруун │
│коопсуздукту камсыз кылууга │маалыматтарды алууга жол берүү │
│катышат. │жөнүндөгү маселенин белгиленген │
│4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │тартипте чечилгендигине │
│аныктаган тизмеге ылайык, коргоо │байланыштуу айрым адамдар жөнүндө │
│өнөр жай объекттерин, транспортту,│маалымат берет, маалыматтык │
│байланышты, финансы-кредиттик │коопсуздукту камсыз кылууга │
│системаны жана стратегиялык │катышат. │
│объекттеринин коопсуздугун камсыз │4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│кылуу боюнча иш-чараларды иштеп │аныктаган тизмеге ылайык, коргоо │
│чыгууга катышат жана жүзөгө │өнөр жай объекттерин, транспортту,│
│ашырат; темир жол жана аба │байланышты, финансы-кредиттик │
│транспортунда атайын жүк │системаны жана стратегиялык │
│ташуулардын коопсуздугун камсыз │объекттеринин коопсуздугун камсыз │
│кылууга катышат. │кылуу боюнча иш-чараларды иштеп │
│5. Илим-изилдөө уюмдары менен │чыгууга катышат жана жүзөгө │
│бирдикте улуттук коопсуздук │ашырат; темир жол жана аба │
│кызыкчылыгына тиешелүү коомдук │транспортунда атайын жүк │
│процесстер менен проблемаларды │ташуулардын коопсуздугун камсыз │
│изилдөөнү жана прогноздоону │кылууга катышат. │
│жүргүзөт; чалгындоонун жана каршы │5. Илим-изилдөө уюмдары менен │
│чалгындоонун талаптарын │бирдикте улуттук коопсуздук │
│канааттандыруу максатында │кызыкчылыгына тиешелүү коомдук │
│маалымат-аналитикалык иштерди │процесстер менен проблемаларды │
│жүргүзөт; автоматташтырылган │изилдөөнү жана прогноздоону │
│маалымат-аналитикалык системаларды│жүргүзөт; чалгындоонун жана каршы │
│иштеп чыгууну, өндүрүштөн │чалгындоонун талаптарын │
│чыгарууну жана пайдаланууну жүзөгө│канааттандыруу максатында │
│ашырат. │маалымат-аналитикалык иштерди │
│6. Стратегиялык объекттерде жана │жүргүзөт; автоматташтырылган │
│аскер объекттеринде массалык │маалымат-аналитикалык системаларды│
│тополоң жана улуттар аралык │иштеп чыгууну, өндүрүштөн │
│чырларды, өзгөчө окуяларды алдын │чыгарууну жана пайдаланууну жүзөгө│
│алуу, тыюу жана чектөө иштерине │ашырат. │
│катышат. │6. Стратегиялык объекттерде жана │
│7. Кыргыз Республикасынын │аскер объекттеринде массалык │
│мамлекеттик чек арасын коргоодо │тополоң жана улуттар аралык │
│чек ара аскерлерине көмөк │чырларды, өзгөчө окуяларды алдын │
│көрсөтүшөт. │алуу, тыюу жана чектөө иштерине │
│8. Согуш мезгилинде Кыргыз │катышат. │
│Республикасынын башкаруу │7. Кыргыз Республикасынын │
│жайларынын иштөөгө даярдыгын │мамлекеттик чек арасын коргоодо │
│камсыз кылуу боюнча өз │чек ара аскерлерине көмөк │
│компетенциясына жараша чараларды │көрсөтүшөт. │
│иштеп чыгат, өздөрүнүн │8. Согуш мезгилинде Кыргыз │
│мобилизациялык даярдыгын │Республикасынын башкаруу │
│уюштурушат жана камсыз кылат. │жайларынын иштөөгө даярдыгын │
│9. Кыргыз Республикасынын │камсыз кылуу боюнча өз │
│аймагында жайгашкан ички аскердин,│компетенциясына жараша чараларды │
│башка аскердик түзүлүштөрдүн жана │иштеп чыгат, өздөрүнүн │
│объекттердин коопсуздугун камсыз │мобилизациялык даярдыгын │
│кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат│уюштурушат жана камсыз кылат. │
│жана жүзөгө ашырат. │9. Кыргыз Республикасынын │
│10. Кыргыз Республикасынын │аймагында жайгашкан ички аскердин,│
│аймагында өткөрүүчү маанилүү │башка аскердик түзүлүштөрдүн жана │
│мамлекеттик жана коомдук-саясий │объекттердин коопсуздугун камсыз │
│иштердин коопсуздугун камсыз кылуу│кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат│
│боюнча оперативдүү чараларды │жана жүзөгө ашырат. │
│жүзөгө ашырат; республикада жүргөн│10. Кыргыз Республикасынын │
│убагында башка мамлекеттердин │аймагында өткөрүүчү маанилүү │
│мамлекеттик жана коомдук │мамлекеттик жана коомдук-саясий │
│ишмерлерин, ошондой эле ички иштер│иштердин коопсуздугун камсыз кылуу│
│органдары менен бирдикте Кыргыз │боюнча оперативдүү чараларды │
│Республикасынын мамлекеттик бийлик│жүзөгө ашырат; республикада жүргөн│
│жана башкаруу органдары │убагында башка мамлекеттердин │
│аккредиттелген айрым чет өлкөлүк │мамлекеттик жана коомдук │
│дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү │ишмерлерин, ошондой эле ички иштер│
│коргоого катышат. │органдары менен бирдикте Кыргыз │
│11. Кыргыз Республикасынын чет │Республикасынын мамлекеттик бийлик│
│мамлекеттердеги жарандарынын, │жана башкаруу органдары │
│дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, │аккредиттеген айрым чет өлкөлүк │
│консулдук жана башка мекемелеринин│дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү │
│коопсуздугун камсыз кылуу боюнча │коргоого катышат. │
│иш-чараларды жүзөгө ашырат. │11. Кыргыз Республикасынын чет │
│12. Кылмыш же болбосо жазык иши │мамлекеттердеги жарандарынын, │
│жөнүндө арыз (билдирүү) │дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, │
│өндүрүшүндө турган соттун │консулдук жана башка мекемелеринин│
│(судьянын), прокурордун, алгачкы │коопсуздугун камсыз кылуу боюнча │
│текшерүү органынын башчысынын же │иш-чараларды жүзөгө ашырат. │
│тергөөчүнүн чечимине ылайык жазык │12. Кылмыш же болбосо жазык иши │
│сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө,│жөнүндө арыз (билдирүү) │
│жабырлануучуларга жана башка │өндүрүшүндө турган соттун │
│катышуучуларга карата коопсуздук │(судьянын), прокурордун, алгачкы │
│чаралары жүзөгө ашырылат. │текшерүү органынын башчысынын же │
│13. Кыргыз Республикасынын │тергөөчүнүн чечимине ылайык жазык │
│жарандарынын чет мамлекетке кетүү,│сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө,│
│ошондой эле чет өлкөлүк жана │жабырлануучуларга жана башка │
│жарандыгы жок адамдардын │катышуучуларга карата коопсуздук │
│келүү-кетүү, республиканын │чаралары жүзөгө ашырылат. │
│аймагында жүрүү маселелери боюнча │13. Кыргыз Республикасынын │
│иш-чараларды иштеп чыгууга │жарандарынын чет мамлекетке кетүү,│
│катышат. │ошондой эле чет өлкөлүк жана │
│14. Атайын байланыш (өкмөттүк, │жарандыгы жок адамдардын │
│шифровкаланган, жашыруун) │келүү-кетүү, республиканын │
│түрлөрүнүн, ошондой эле │аймагында жүрүү маселелери боюнча │
│шифровкаланган жана │иш-чараларды иштеп чыгууга │
│дешифровкаланган иштердин │катышат. │
│корголушун камсыз кылат; улуттук │14. Атайын байланыш (өкмөттүк, │
│коопсуздукту камсыз кылуу │шифровкаланган, жашыруун) │
│таламында атайын техниканы иштеп │түрлөрүнүн, ошондой эле │
│чыгууга жана түзүүгө катышат. │шифровкаланган жана │
│15. Кыргыз Республикасынын │дешифровкаланган иштердин │
│Президентинин, Кыргыз │корголушун камсыз кылат; улуттук │
│Республикасынын Өкмөтүнүн │коопсуздукту камсыз кылуу │
│тапшыруусу боюнча Кыргыз │таламында атайын техниканы иштеп │
│Республикасынын ички жана тышкы │чыгууга жана түзүүгө катышат. │
│коопсуздугун камсыз кылууга │15. Кыргыз Республикасынын │
│тикеден-тике багытталган башка │Президентинин, Кыргыз │
│милдеттерди аткарат. │Республикасынын Өкмөтүнүн │
│16. Өз коопсуздугун камсыз кылуу │тапшыруусу боюнча Кыргыз │
│боюнча чараларды иштеп чыгат жана │Республикасынын ички жана тышкы │
│жүзөгө ашырат. │коопсуздугун камсыз кылууга │
│17. Кыргыз Республикасынын │тикеден-тике багытталган башка │
│мамлекеттик бийлик органдарына │милдеттерди аткарат. │
│улуттук коопсуздук кызыкчылыгына │16. Өз коопсуздугун камсыз кылуу │
│тиешелүү маселелер боюнча │боюнча чараларды иштеп чыгат жана │
│үзгүлтүксүз маалымат берип турат. │жүзөгө ашырат. │
│18. Мамлекеттик коргоо │17. Кыргыз Республикасынын │
│объектилеринин коопсуздугун камсыз│мамлекеттик бийлик органдарына │
│кылуу боюнча чараларды жүзөгө │улуттук коопсуздук кызыкчылыгына │
│ашырат. │тиешелүү маселелер боюнча │
│Ушул Мыйзамда каралган учурларды │үзгүлтүксүз маалымат берип турат. │
│албаганда, улуттук коопсуздук │18. Мамлекеттик коргоо │
│органдарынын кызматкерлери │объектилеринин коопсуздугун камсыз│
│маскачан жүрүүгө укугу жок жана │кылуу боюнча чараларды жүзөгө │
│жарандын талабы боюнча кызматтык │ашырат. │
│күбөлүгүн көрсөтүүгө │Ушул Мыйзамда каралган учурларды │
│милдеттүү. │албаганда, улуттук коопсуздук │
│Улуттук коопсуздук органдарынын │органдарынын кызматкерлери │
│кызматкери кызматтык күбөлүгүн │маскачан жүрүүгө укугу жок жана │
│көрсөтүүдөн баш тартса, ушул │жарандын талабы боюнча кызматтык │
│берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн │күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү. │
│учурларды албаганда, жаран улуттук│Улуттук коопсуздук органдарынын │
│коопсуздук органдарынын │кызматкери кызматтык күбөлүгүн │
│кызматкеринин талаптарына баш │көрсөтүүдөн баш тартса, ушул │
│ийбөөгө укуктуу. │берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн │
│Улуттук коопсуздук органдарынын │учурларды албаганда, жаран улуттук│
│кызматкерлери атайын операцияларды│коопсуздук органдарынын │
│өткөрүүдө, кылмыш кылган адамдарды│кызматкеринин талаптарына баш │
│кармоодо, барымтага алынгандарды │ийбөөгө укуктуу. │
│куткарууда, кармалгандарды, │Улуттук коопсуздук органдарынын │
│камакка алынгандарды жана │кызматкерлери атайын операцияларды│
│соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө│өткөрүүдө, кылмыш кылган адамдарды│
│жана кайтарууда гана маскачан жүрө│кармоодо, барымтага алынгандарды │
│алат. │куткарууда, кармалгандарды, │
│ │камакка алынгандарды жана │
│ │соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө│
│ │жана кайтарууда гана маскачан жүрө│
│ │алат. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунуш кылынган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2-статья. Жазык-аткаруу тутумунун │2-статья. Жазык-аткаруу тутумунун │
│ милдеттери │ милдеттери │
│ │ │
│Жазык-аткаруу тутумунун │Жазык-аткаруу тутумунун │
│милдеттери: │милдеттери: │
│- Кыргыз Республикасынын │- Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарына ылайык жазык │мыйзамдарына ылайык жазык │
│жазаларын аткаруу; │жазаларын аткаруу; │
│- кылмыш жасаган адамдарды тергөө │- кылмыш жасаган адамдарды тергөө │
│абактарында Кыргыз Республикасынын│абактарында Кыргыз Республикасынын│
│мыйзамдарына ылайык кармоо; │мыйзамдарына ылайык кармоо; │
│- жазык-аткаруу тутумунун │- жазык-аткаруу тутумунун │
│мекемелеринде укук тартибин жана │мекемелеринде укук тартибин жана │
│мыйзамдуулукту, аларда кармалып │мыйзамдуулукту, аларда кармалып │
│турган соттолгон, камоодо │турган соттолгон, камоодо │
│кармалган адамдардын, ошондой эле │кармалган адамдардын, ошондой эле │
│ал мекемелердин аймагындагы кызмат│ал мекемелердин аймагындагы кызмат│
│адамдарынын жана жарандардын │адамдарынын жана жарандардын │
│коопсуздугун камсыз кылуу; │коопсуздугун камсыз кылуу; │
│- эркиндигинен ажыратууга │- эркиндигинен ажыратууга │
│байланышпаган жазаларды аткаруу; │байланышпаган жазаларды аткаруу; │
│- соттолгондорду эмгекке тартуу, │- соттолгондорду эмгекке тартуу, │
│ошондой эле аларга жалпы жана │ошондой эле аларга жалпы жана │
│кесиптик билим берүүнү камсыз │кесиптик билим берүүнү камсыз │
│кылуу; │кылуу; │
│- соттолгондордун саламаттыгын │- соттолгондордун саламаттыгын │
│сактоону камсыз кылуу; │сактоону камсыз кылуу; │
│- кайрымдуулук, коомдук жана башка│- кайрымдуулук, коомдук жана башка│
│бюджеттен тышкаркы каражаттарды │бюджеттен тышкаркы каражаттарды │
│кыйла кеңири тартуу жана максаттуу│кыйла кеңири тартуу жана максаттуу│
│пайдалануу үчүн шартты камсыз │пайдалануу үчүн шартты камсыз │
│кылуу; │кылуу; │
│- изин суутпай издөө ишин жүзөгө │[- операциялык-иликтөө ишин │
│ашыруу, ошондой эле аны жүзөгө │жүргүзүүчү органдарга кылмыштардын│
│ашыруучу органдарга кылмыштарды │бетин ачууга алдын алууга │
│ачууда жана алардын алдын алууда │көмөктөшүү, ошондой эле уюшкан │
│көмөк көрсөтүү; │кылмыштуулукка каршы чара көрүү │
│- белгиленген маршруттар боюнча, │чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, │
│ошондой эле Кыргыз Республикасынын│сактоо, жалпылоо жана талдоо │
│эларалык милдеттенмелерин │максатында тийиштүү эсептерди │
│аткарууда алар экстрадиция болгон │жүргүзүү;] │
│учурда соттолгондорду жана │- белгиленген маршруттар боюнча, │
│кайтарууга алынган адамдарды │ошондой эле Кыргыз Республикасынын│
│күзөттөө жана айдап узатуу болуп │эларалык милдеттенмелерин │
│саналат. │аткарууда алар экстрадиция болгон │
│ │учурда соттолгондорду жана │
│ │кайтарууга алынган адамдарды │
│ │күзөттөө жана айдап узатуу болуп │
│ │саналат. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|