Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №30
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрөө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 350 "Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен натыйжалуу камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
аталган токтомдун тиркемесинде:
- 12-пункту "41" деген цифра "41ден аз эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду консолидацияланган бюджеттин эсебинен саламаттык сактоо мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормаларын аткарууну камсыз кылышсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |