Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-январы №45
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттагы "(мындан ары - каттоо номери)" деген сөздөр алып салынсын;
- 4, 6-пункттар тиешелүү жөндөмөдөгү "баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри" деген сөздөрдөн мурда тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасы" деген сөздөр менен толукталсын;
- расмий тилдеги 5-пунктта "Кыргызской Республики" деген сөздөр "в Кыргызской Республике" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункт "өз өзүнчө" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын;
- 10-пункт "кагаздарына" деген сөздөн кийин "мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын;
- 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби";
- 15-пункт "бирдиктүү" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пункттагы "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөр алып салынсын;
- 19-пунктта:
биринчи абзац "реестрге" деген сөз "баалуу кагаздардын реестрине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "мамлекеттик каттоо жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "каттоочу органдын чечими" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү жана бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- баалуу кагаздардын реестринен эмиссияланган баалуу кагаздарды чыгарууну алып салуу жана эмиссияланган баалуу кагаздардын чыгарылышына мурда ыйгарылган мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу жөнүндө каттоочу уюмдун чечими;
- эмиссияланган баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону, эмиссияланган баалуу кагаздардын мурда катталган чыгарылышын жараксыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;";
алтынчы абзац күчүн жоготту деп табылсын;
жетинчи абзацтагы "табуу жөнүндө" деген сөздөр "табуу" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 20 жана 21-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"20. Баалуу кагаздардын реестрине жазууну ушул Жобонун 19-пунктунда каралган, жазуу үчүн негиздер пайда болгон учурдан кийин үч жумушчу күндүн ичинде каттоочу орган жүргүзөт.
21. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын региондук бөлүмү Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды мамлекеттик каттоо номери ыйгарылган күндөн баштап үч жумушчу күндөн кем эмес мезгилде баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппаратына берет.";
- 24-пункттагы "Каттоо номери" деген сөздөр "Мамлекеттик каттоо номери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-28-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"26. Базалык номер тогуз позициядан турат, алар төмөнкүдөй сан жана тамга символдорунан болот:
а) базалык номердин биринчи позициясында 0 саны турат;
б) базалык номердин экинчи позициясы баалуу кагаздардын түрүн аныктайт, бул позициядагы сан же болбосо тамга төмөнкүлөрдү билдирет:
1 - жөнөкөй аталыштуу акциялар;
2 - облигация;
3 - инвестициялык пай;
4 - артыкчылыктуу акциялар;
5-9 жана Адан Zке чейин баалуу кагаздардын башка түрлөрү үчүн колдонула берет;
в) базалык номердин үчүнчү жана төртүнчү позициясы - баалуу кагаздын чыгарылышынын иреттик саны;
г) базалык номердин бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи позициялары - ар бир эмитентке бекитилип берилүүчү төрт тамгадан жана сандан турган эмитенттин жеке коду;
д) базалык номердин тогузунчу позициясы - эмитент катталган региондун коду. Бул Жобонун 1-тиркемесиндеги таблицада региондордун коду көрсөтүлгөн.
27. Мамлекеттик каттоо номериндеги эң четки оң жактагы сан ушул Жобонун 29-пунктуна ылайык эсептелүүчү контролдук сан болуп саналат. Контролдук сан мамлекеттик каттоо номеринин кол менен көчүрүлгөндүгүн, факс менен же башка ыкмалар менен берилгендигин тактап текшерүү үчүн зарыл.
28. Мамлекеттик каттоо номеринин алдыңкы позицияларын толтургандан кийин мамлекеттик каттоо номериндеги контролдук сан эсептелет.";
- 29-пунктта:
экинчи абзац "каттоо" деген сөздөн мурда "мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын;
жетинчи абзацтагы "каттоо номери" деген сөздөр "мамлекеттик каттоо номери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинин таблицасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
1-таблица
Региондордун коду
┌────────────────────────────────────────┬────────────────────────────┐
│ Региондордун аталышы │ Региондордун коду │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Бишкек │ 1 │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Чүй облусу │ 2 │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Ош │ 3 │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Ош облусу │ 4 │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Жалал-Абад облусу │ 5 │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Ысык-Көл облусу │ 6 │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Талас облусу │ 7 │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Нарын облусу │ 8 │
├────────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│Баткен облусу │ 9 │
└────────────────────────────────────────┴────────────────────────────┘
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |