Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-июлу № 410
Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобонун нормаларын ишке ашырууга багытталган чараларды көрсүн.
3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26 июлундагы № 410 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы № 45, 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208. 2017-жылдын 1-июнундагы № 323 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү
мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби
3. Мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби
4. Контролдук санды эсептеп чыгуунун тартиби
Тиркеме.
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалган.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасында чыгарылган мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга ушул Жобо колдонулбайт.
3. Бул Жобо Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасында эмиссияланган баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартибин белгилейт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери берилген учурдан тартып чыгарылган баалуу кагаздардын чыгарылышы Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталды жана ага киргизилди деп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилбеген баалуу кагаздарды чыгарууга жол берилбейт.
6. Эмитенттер Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине өзгөртүү киргизгенден кийин гана уставдык капиталдын өлчөмүн, бир баалуу кагаздын өздүк баасын, баалуу кагаздардын санын өзгөртүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоодон өтүү учурунда баалуу кагаздардын баардык чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери берилет.
8. Баалуу кагаздардын ар бир чыгарылышына өз өзүнчө мамлекеттик каттоо номерлери берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Документтештирилген түрдө баалуу кагаздар чыгарылган учурда жана акционерлердин документтештирилбей чыгарылган акцияларынын реестринин көчүрмөсү берилген учурда, баалуу кагаздардын бланктарында жана баалуу кагаздардын сертификаттарында мамлекеттик каттоонун берилген номери милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
10. Каттоо номеринин долбоору баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппараты менен макулдашылгандан кийин гана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын региондук бөлүмдөрү тиешелүү региондордо катталган эмитенттердин чыгарган баалуу кагаздарына мамлекеттик каттоо номерин ыйгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби
11. Кыргыз Республикасындагы бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүүнү жана сактоону баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.
12. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган баалуу кагаздардын баардык чыгарылыштары Кыргыз Республикасындагы бирдиктүү мамлекеттик реестрге милдеттүү түрдө киргизилет.
13. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри баалуу кагаздардын реестринен жана коомго сунушталган баалуу кагаздардын реестринен турат.
14. Кыргыз Республикасынын аймагында эмитенттер чыгарган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтар, анын ичинде жеке сунуштоо (баалуу кагаздарды жеке эмиссиялоо) жолу менен чыгарылган жана жайгаштырылган баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтар баалуу кагаздардын реестринде сакталат.
15. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү маалыматтардын электрондук базасын пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда, документтерди кагаз жүзүндө түзүү мүмкүнчүлүктөрү да камсыз кылынышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Баалуу кагаздардын реестри төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- эмитенттин толук аталышы;
- эмитенттин мамлекеттик каттоодон өтүшү жөнүндө маалыматтар;
- эмитенттин уюштуруучулук-укуктук формасы;
- эмитенттин юридикалык дареги;
- баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоонун номери;
- эмитент чыгарган баалуу кагаздын түрү;
- баалуу кагаздардын ар бир түрү боюнча - баалуу кагаздарды эмиссиялоонун сандары, номиналдык наркы жана/же жайгаштыруу баасы жөнүндө маалыматтар;
- жайгаштыруу үчүн пайдаланылган сунуштардын түрү (коомдук же жеке);
- баалуу кагаздарды жайгаштыруунун башталышынын жана аякталышынын датасы;
- эмиссияланган баалуу кагаздардын эмитентинин жоюлушу жана/же кайра уюштурулушу жөнүндө маалыматтар.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы №45, 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомдорунун редакциясына ылайык)
17. Коомго сунушталган баалуу кагаздардын реестринде төменкүдөй маалыматтар камтылат:
- эмитенттин толук аталышы;
- эмитенттин мамлекеттик каттоодон өтүшү жөнүндө маалыматтар;
- эмитенттин уюштуруучулук-укуктук формасы;
- эмитенттин юридикалык дареги;
- коомго сунуш кылуу аркылуу эмитент чыгарган баалуу кагаздардын түрү;
- баалуу кагаздардын ар бир түрү боюнча - баалуу кагаздарды эмиссиялоонун сандары, номиналдык наркы жана/же бир баалуу кагазды жайгаштыруунун баасы жөнүндө маалыматтар;
- баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номери;
- баалуу кагаздарды жайгаштыруунун башталышынын жана аякташынын датасы;
- эмиссияланган баалуу кагаздардын эмитентинин жоюлушу жана/же кайра уюштурулушу жөнүндө маалыматтар.
Компьютердеги жазууларда башка керектүү маалыматтар да камтылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Жаңы чыгарылыштар жөнүндөгү жазуулар, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышынын жараксыз экендиги жөнүндө, баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик кайра катталышы жөнүндө жазууларды Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү баалуу кагаздардын чыгарылышынын катталгандыгын, баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик жараксыз экендигин, баалуу кагаздардын чыгарылышын кайрадан катталышын ырастаган документтердин негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Баалуу кагаздардын реестрине тиешелүү жазууну киргизүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- эмиссияланган баалуу кагаздардын чыгарылышын каттоо жөнүндө каттоого алуучу органдын чечими;
- мурда катталган эмиссияланган баалуу кагаздардын чыгарылышына киргизилген өзгөртүүлөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоочу органдын чечими;
- баалуу кагаздардын реестринен эмиссияланган баалуу кагаздарды чыгарууну алып салуу жана эмиссияланган баалуу кагаздардын чыгарылышына мурда ыйгарылган мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу жөнүндө каттоочу уюмдун чечими;
- эмиссияланган баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону, эмиссияланган баалуу кагаздардын мурда катталган чыгарылышын жараксыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы №45 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эмиссияланган баалуу кагаздын эмитенти жана/же облигацияны камсыздаган жакты банкрот деп табуу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Баалуу кагаздардын реестрине жазууну ушул Жобонун 19-пунктунда каралган, жазуу үчүн негиздер пайда болгон учурдан кийин үч жумушчу күндүн ичинде каттоочу орган жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын региондук бөлүмү Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды мамлекеттик каттоо номери ыйгарылган күндөн баштап үч жумушчу күндөн кем эмес мезгилде баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппаратына берет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтарды алууга ар бир кызыкдар жак укуктуу, буга баалуу кагаздарды жеке сунуштоону жүзөгө ашырган эмитенттердин (акционерлердин) уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар кирбейт.
3. Мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби
23. Мамлекеттик каттоо номерин түзүү үчүн араб сандары жана латын алфавитинин тамгалары пайдаланылат.
24. Мамлекеттик каттоо номери номери үч бөлүктөн - өлкөнүн кодунан, базалык номерден жана контролдук сандан турат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Өлкөнүн коду латын алфавитинин эки эки тамгасынан турат. Кыргыз Республикасы үчүн КG деген код колдонулат.
26. Базалык номер тогуз позициядан турат, алар төмөнкүдөй сан жа-
на тамга символдорунан болот:
а) базалык номердин биринчи позициясында 0 саны турат;
б) базалык номердин экинчи позициясы баалуу кагаздардын түрүн аныктайт, бул позициядагы цифра же болбосо тамга төмөнкүлөрдү билдирет:
1 - жөнөкөй аталыштуу акциялар;
2 - облигация;
3 - артыкчылыктуу акциялар;
4 - инвестициялык үлүш;
5 - турак жай тастыктамалары;
6 - ипотекалык жабымы бар облигация;
7 - катышуунун ипотекалык сертификаты;
8 - опцион;
9 - фьючерс;";
10 - исламдык ижаралык сертификаттар - (Сукук аль Ижара);
11 - долбоордук каржылоонун исламдык сертификаттары - (Сукук ал Истисна);
12 - өнөктөштүктүн исламдык сертификаттары - (Сукук аль Мушарака);
13 - үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары - (Сукук аль Мудараба);
14 - инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттары - (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар);
15 жана андан ары Адан Zке чейин - баалуу кагаздардын башка түрлөрү үчүн резервге коюлган;
в) базалык номердин үчүнчү жана төртүнчү позициясы - баалуу кагаздын чыгарылышынын иреттик саны;
г) базалык номердин бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи позициялары - ар бир эмитентке бекитилип берилүүчү төрт тамгадан жана сандан турган эмитенттин жеке коду;
д) базалык номердин тогузунчу позициясы - эмитент катталган региондун коду. Бул Жобонун 1-тиркемесиндеги таблицада региондордун коду көрсөтүлгөн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы № 45, 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2017-жылдын 15-мартындагы № 166, 2017-жылдын 1-июнундагы № 323 токтомдорунун редакциясына ылайык)
27. Мамлекеттик каттоо номериндеги эң четки оң жактагы сан ушул Жобонун 29-пунктуна ылайык эсептелүүчү контролдук сан болуп саналат. Контролдук сан мамлекеттик каттоо номеринин кол менен көчүрүлгөндүгүн, факс менен же башка ыкмалар менен берилгендигин тактап текшерүү үчүн зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Контролдук санды эсептеп чыгуунун тартиби
28. Мамлекеттик каттоо номеринин алдыңкы позицияларын толтургандан кийин мамлекеттик каттоо номериндеги контролдук сан эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Контролдук сан төмөнкүдөй эсептелип чыгарылат:
1 этап. Каттоо номериндеги тамгаларга ушул Жобонун 2-тиркемесиндеги таблицага ылайык сандык маани ыйгарылат;
2 этап. Оң жаккы четте тургандан баштап, так позициядагы ар бир сан 2ге көбөйтүлөт;
3 этап. 2-этапта алынган сандар кошулат;
4 этап. Кемитилүүчү суммадан чоң же ага барабар жана калдыксыз бөлүнүүчү ондуктардын бардык сандарынын эң кичинекейи болуп саналган сандан кемитүү аркылуу алынган сумма контролдук сан болуп эсептелет.
Контролдук санды эсептеп чыгаруунун мисалы
Мисалы, контролдук саны жок катгоо номери KG010109352 болсун дейли.
Бул Жобонун 1-тиркемесиндеги таблицага ылайык К=20ны, G=1 бны эске алсак 2016010109352 деген катардык сандарды алабыз. Оң жаккы четте тургандан баштап так позициядагы сандарды 2ге көбөйтсөк 4026010109654 деген сандарды алабыз. Бул сандардын суммасы 4+0+2+6+0+1+0+1+0+9+6+5+4=38ге барабар болот. Калдыксыз бөлүнүүчү ондук сандардын эң кичинеси жана 38ден чоң сан 40 болуп саналат. Контролдук сан 40-38=2ге барабар болот. Контролдук санды эсептеп чыгууну таасын көрсөтүү үчүн төмөн жакта контролдук санды эсептеп чыгуунун схемасы келтирилет.
Контролдук санды эсептеп чыгуунун схемасы:
- КG010109352;
- 2016010109352;
- X;
- 2121212121212;
- 4026010109654;
- 4 + 0 + 2 + 6 + 0 + 1 + 0 + 1 + 0 + 9 + 6 + 5 + 4 = 38
Контролдук сан 40-38=2ге барабар.
Мамлекеттик каттоо номери КG010109352 болсун дейли. Мындан төмөнкүлөр көрүнүп турат:
- чыгарылган баалуу кагаздын Кыргыз Республикасында катталгандыгы (1 жана 2-символдор);
- баалуу кагаздардын акция түрүндө болушу (4-символ);
- бул акциянын биринчи чыгарылышы (5 жана 6-символдор);
- эмитенттин жеке код менен белгилениши - 0935 (7,8,9,10-символдор);
- эмитенттин Чүй облусунда катталгандыгы (11-символ);
- контролдук сандын 2ге барабар болушу (12-символ).
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы №45 токтомунун редакциясына ылайык)
Тиркеме
Региондордун коддору
1-таблица
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы № 45, 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Региондордун аталышы | Региондордун коду |
Бишкек | 1 |
Чүй облусу | 2 |
Ош облусу | 3 |
Жалал-Абад облусу | 4 |
Ысык-Көл облусу | 5 |
Талас облусу | 6 |
Нарын облусу | 7 |
Баткен облусу | 8 |
Ош | 9 |
2-таблица
Латын алфавитинин тамгалары жана алардын сандар менен берилиши
А = 10 | F = 15 | К = 20 | Р = 25 | К = 30 |
B = 11 | G = 16 | L = 21 | L = 26 | L = 31 |
С = 12 | Н = 17 | М = 22 | K = 27 | К = 32 |
D = 13 | I = 18 | N = 23 | L = 28 | L = 33 |
Е = 14 | J = 19 | О = 24 | К = 29 | К = 34 |