Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 408 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-январы №53
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга карата болжолу жана 2013-2014-жылдарга карата болжол жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2012-жылга жана 2013-2014-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык параметрлерин аныктоо жана орто мөөнөттүк мезгилде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн милдеттерин ырааттуу түрдө чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга карата болжолу жана 2013-2014-жылдарга карата болжол жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- 2010-жылдын такталган көрсөткүчтөрүн жана 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн алдын ала маалыматтарын эске алуу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2012-жылга болжолу жана 2013-2014-жылдарга болжолу, 2-тиркемеге ылайык".
- аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги ушул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |