Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы №57
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү, берилиши кошумча нарк салыгынан 3 жыл мөөнөткө бошотулган берүү болуп эсептелүүчү ата мекендик айыл чарбалык сырьену иштетүүчү экономикалык иштин түрлөрү (товарлардын акцизделчү тобун чыгаруу үчүн пайдаланылчудан башкасы).";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 3 жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга жаткан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) тизмесине киргизүүгө тандап алуунун критерийлери жана тартибинде:
- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ишкананын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторунун 01, 10,11, 13, 15-бөлүмдөрүнүн тийиштүү подкласстарында көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнө ылайык келет;";
4-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- статистиканын аймактык органынын иш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторунун 01, 10,11, 13, 15-бөлүмдөрүнө ылайыктыгы жөнүндө маалымкаты.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) берүүчү, 3 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган берүү болуп саналган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 токтому менен бекитилген |
┌──┬────────────┬─────────────────────────────────────────────────────┐
│№ │ ЭИМК │ Экономикалык иштин түрлөрүнүн аталыштары │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│1 │ 01.15.0 │Тамеки өстүрүү │
│ │ │Бул класс өзүнө төмөнкүлөрдү камтыбайт: │
│ │ │- тамеки буюмдарын өндүрүү (12.00) │
│ │ 01.63.0 │Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн иштетүү боюнча │
│ │ │кызматтарды көрсөтүү │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│2 │ 10.11.1 │Жаңы, муздатылган жана тоңдурулган эттерди жана │
│ │ │тамак-аш субпродуктуларын өндүрүү │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│3 │ 10.12.1 │Жаңы, муздатылган жана тоңдурулган куш этин жана │
│ │ │тамак-аш субпродуктуларын өндүрүү │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│4 │ 10.13.1 │Туздалган, рассолдогу, кургатылган же ышталган этти, │
│ │ │куш этин жана тамак-аш субпродуктуларын өндүрүү │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│5 │ 10.31.0 │Картошканы иштетүү жана консервалоо │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│6 │ 10.32.0 │Жер-жемиштерден жана жашылчадан шире чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│7 │ 10.39.0 │Жер-жемиштерди жана жашылчаларды иштетүүнүн жана │
│ │ │консервалоонун башка ыкмалары │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│8 │ 10.41.1 │Акталбаган өсүмдүк жана жаныбарлардын майларын жана │
│ │ │майларды чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│9 │ 10.41.9 │Акталган өсүмдүк жана жаныбарлардын майларын жана │
│ │ │майларды чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│10│ 10.42.0 │Маргарин жана аралаш тамак-аш майларын чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│11│ 10.51.1 │Суюк сүт жана камкаймак чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│12│ 10.51.9 │Сыр жана башка сүт жана уютулган сүт азыктарын │
│ │ │өндүрүү │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│13│ 10.52.0 │Балмуздак чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│14│ 10.61.2 │Дан (күрүчтөн башкасы), жашылча өсүмдүктөрдөн жана │
│ │ │жаңгактардан ун жасоо │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│15│ 10.61.9 │Эртең мененки тамактар үчүн акшак, гранул жана хлопья│
│ │ │жана башка ушул сыяктуу продуктуларды чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│16│ 10.62.0 │Крахмал жана крахмалдуу продуктуларды чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│17│ 10.71.0 │Нан жана ундан көпкө сакталбачу кондитер азыктарды │
│ │ │чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│18│ 10.72.0 │Сухарь, печенье жана көпкө сакталуучу кондитер │
│ │ │азыктарды чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│19│ 10.73.0 │Макарон азыктарды чыгаруу (макарон, кесме, кускус │
│ │ │жана ушундай ун азыктар) │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│20│ 10.81.0 │Кант чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│21│ 10.84.0 │Татымалдарды чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│22│ 10.86.0 │Гомогендештирилген азыктарды (балдардын тамагын) жана│
│ │ │диеталык азыктарды чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│23│ 10.89.2 │Ачыткыларды чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│24│ 10.89.9 │Башка топторго киргизилбеген башка тамак-аш │
│ │ │продуктуларын чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│25│ 10.91.0 │Фермада багылган үй жаныбарлары үчүн даяр тоюттарды │
│ │ │чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│26│ 10.92.0 │Үйдө багылган үй жаныбарлары үчүн тоюттарды чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│27│ 11.07.0 │Алкоголсуз ичимдиктерди чыгаруу; минералдык сууларды │
│ │ │жана бөтөлкөдөгү башка сууларды чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│28│ 13.10.1 │Пахта буласын даярдоо жана ийрүү │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│29│ 13.10.2 │Жүн буласын даярдоо жана ийрүү │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│30│ 13.93.0 │Килемдерди жана килем буюмдарды чыгаруу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│31│ 15.11.1 │Мех терилерди (мех) иштетүү жана боео │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│32│ 15.11.9 │Башка терилерди жана булгаарыларды ийлөө жана боо; │
│ │ │накта жана композициялык терилерди өндүрүү │
└──┴────────────┴─────────────────────────────────────────────────────┘
|
|