Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 838 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-январы №62
"Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери Жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Долбоор
1-берене.
"Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 7, 766-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-беренеде:
- бешинчи абзацындагы "14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы" деген сандар жана сөздөр "14 жаштан 35 жашка чейинки курактагы" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацындагы "28 жаш курагына жете элек" деген сандар жана сөздөр "35 жаш курагына жете элек" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- жетинчи абзацындагы "28 жашка толо элек" деген сандар жана сөздөр "35 жашка толо элек" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Азыркы учурда кыргыз коомчулугу базар экономикасынын, жарандык коомдун жана укуктук мамлекеттин негиздерин түзүү сыяктуу баардык жашоо чөйрөсүндө бир катар терең реформаларды башынан өткөрүп жатат. Кыргыз Республикасында болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн кеңирилиги жана тереңдиги коомчулуктун бардыгынын кызыкчылыктарын камтыган модернизациялык процесстерди күбөлөй алат. Ушуга байланыштуу бул реформалар калктын эң эле динамикалуу социалдык тобу - жаштардын абалына тийгизген таасирин карап көрүү зарыл, анткени дал ушул жаштар өзүлөрүнүн кызыкчылыктарындагы, көз караштарындагы, баалуулуктарындагы, маданиятындагы маанилүү өзгөрүүлөргө туш болуп жатышат. Жаш муундун ээлеген позициясынан, турпатынан коомдун бүтүндөй социалдык өнүгүүсү, энергиясы, дүйнө таанымы көз каранды, жаштардын адеп-ахлагы элдин келечек тагдырын аныктайт.
Жаштар, азыркы учурда иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Мыйзамына ылайык - Кыргыз Республикасынын 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы жарандары жана жарандыгы жок адамдар.
Дүйнөлүк практикада жаш деп эсептелинген адамдарга тиешелүү курактык чек, ошол конкреттүү өлкөгө жараша айырмаланып турат. Эрежеге ылайык, жаштардын төмөнкү курактык чеги - 14-16ны, жогоркусу - 28-35ти түзөт.
Бүгүнкү күндө окумуштуулар жаштарды коомдогу социалдашуу өзгөчөлүктөрү, маданий өнүгүүсү жана социалдык-экономикалык деңгээли менен аныкталышкан, тигил же бул социалдык-психологиялык касиеттери менен шартталып, социалдык абалынын өзгөчөлүктөрү жана мүнөздөмөлөрдүн негизги жыйындысы иретинде бөлүнүп турушкан коомдун социалдык-демографиялык тобу деп аныкташат.
Социалдашуу - татаал, көп кырдуу процесс, ал кишини социалдык практикага кошуу, анын социалдык сапаттарга ээ болуусу, коомдук тажрыбаларды өздөштүрүүсү, практикалык ишмердүүлүктөгү аныкталган ролду аткарууда өзүн-өзү реализациялоону жана маданиятты түшүнө билүүсү.
Кыргызстандын азыркы шартында инсандын социалдашуу процессинин өзү узарып жана татаалдашып кетти, жаштык курактын аяктоосунун негизги көрсөткүчү жана башкалар анын социалдык эрежеге жетүүсүнүн критерийи болуп калды, бул өлкөнүн узактан берки төмөнкү социалдык-экономикалык, маданий өнүгүүсүнө ылайык шартталууда.
Ушуга байланыштуу биздин өлкөдөгү инсандык социалдашуунун толук процесси, башка постсовесттик өлкөлөрдөгүдөй эле 35 жашка чукул аяктайт.
Жогоруда белгиленгендерге ылайык, "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын жаштарынын курактык категориясынын жогорку деңгээлин жогорулатууга тиешелүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат.
Мындай оңдоолорду киргизүү, жаштардын категориясына, жаш үй-бүлөлөрдү - 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандарын, ушул категориядагы жарандардын басымдуу бөлүгү көтөрүп жаткан турак-жай жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү максатында кошуу зарылчылыгы менен түшүндүрүлөт.
Ошону менен катар бул оңдоолорду киргизүүнүн өзөгүндө Кыргыз Республикасынын 2015-жылга чейинки жаштар саясатын жүзөгө ашыруунун мамлекеттик стратегиясынын долбоорун талкулоо учурларында айтылган өлкөнүн түрдүү аймактырындагы жаштардын өкүлдөрүнүн рекомендациялары жатат.
Аталган мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөрүү максатында Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылды.
Министр | А.Алымкулов |
┌───────────────────────┬────────────────────┬────────────────────────┐
│ Колдонуудагы │ Сунуш кылынып │ Жыйынтык редакция │
│ редакция │ жаткан редакция │ │
├───────────────────────┼────────────────────┼────────────────────────┤
│2-берене. Ушул Мыйзамда│2-берене. Ушул │2-берене. Ушул Мыйзамда │
│ колдонулуучу │ Мыйзамда │ колдонулуучу │
│ негизги │ колдону- │ негизги │
│ түшүнүктөр │ луучу │ түшүнүктөр │
│ │ негизги │ │
│Ушул Мыйзамда│ түшүнүктөр│Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй│
│төмөнкүдөй негизги│ │негизги түшүнүктөр │
│түшүнүктөр колдонулат: │Ушул Мыйзамда │колдонулат: │
│активдүү жаштар -│төмөнкүдөй негизги │активдүү жаштар -│
│өздөрүнүн демилгелерин│түшүнүктөр │өздөрүнүн демилгелерин│
│коомдун жана│колдонулат: │коомдун жана мамлекеттин│
│мамлекеттин │активдүү жаштар - │кызыкчылыктарында жүзөгө│
│кызыкчылыктарында │өздөрүнүн │ашыруучу жаш жарандар│
│жүзөгө ашыруучу жаш│демилгелерин коомдун│(жаштар уюмдары); │
│жарандар (жаштар│жана мамлекеттин │волонтердик иш-аракет -│
│уюмдары); │кызыкчылыктарында │акчалай акы албастан ар│
│волонтердик иш-аракет -│жүзөгө ашыруучу жаш │кандай формада ыктыярдуу│
│акчалай акы албастан ар│жарандар (жаштар │башталышта ишке│
│кандай формада│уюмдары); │ашырылуучу, коомдук жана│
│ыктыярдуу башталышта│волонтердик │мамлекеттик │
│ишке ашырылуучу,│иш-аракет - акчалай │кызыкчылыктарды │
│коомдук жана│акы албастан ар │канааттандырууга │
│мамлекеттик │кандай формада │багытталган коомдук│
│кызыкчылыктарды │ыктыярдуу башталышта│пайдалуу эмгектин жеке│
│канааттандырууга │ишке ашырылуучу, │жана юридикалык жактар│
│багытталган коомдук│коомдук жана │тарабынан жүргүзүлүшү,│
│пайдалуу эмгектин жеке│мамлекеттик │анын жүрүшүндө алар│
│жана юридикалык жактар│кызыкчылыктарды │билим, тажрыйба, көндүм│
│тарабынан жүргүзүлүшү,│канааттандырууга │топтой алат жана өз│
│анын жүрүшүндө алар│багытталган коомдук │жөндөмдүүлүктөрүн │
│билим, тажрыйба, көндүм│пайдалуу эмгектин │көрсөтө алат; │
│топтой алат жана өз│жеке жана юридикалык│мамлекеттик жаштар│
│жөндөмдүүлүктөрүн │жактар тарабынан │саясаты - жаштардын│
│көрсөтө алат; │жүргүзүлүшү, анын │турмушта ийгиликтүү өз│
│мамлекеттик жаштар│жүрүшүндө алар │ордун табуусу, алардын│
│саясаты - жаштардын│билим, тажрыйба, │дараметин мамлекеттин│
│турмушта ийгиликтүү өз│көндүм топтой алат │кызыкчылыктарында │
│ордун табуусу, алардын│жана өз │өнүктүрүү үчүн укуктук,│
│дараметин мамлекеттин│жөндөмдүүлүктөрүн │экономикалык, социалдык,│
│кызыкчылыктарында │көрсөтө алат; │уюштуруучулук шарттарды│
│өнүктүрүү үчүн укуктук,│мамлекеттик жаштар │түзүүгө багытталуучу,│
│экономикалык, │саясаты - жаштардын │мамлекеттик органдар│
│социалдык, │турмушта ийгиликтүү │жана жергиликтүү өз│
│уюштуруучулук шарттарды│өз ордун табуусу, │алдынча башкаруу│
│түзүүгө багытталуучу,│алардын дараметин │органдары жүзөгө│
│мамлекеттик органдар│мамлекеттин │ашыруучу чаралардын│
│жана жергиликтүү өз│кызыкчылыктарында │системасы; │
│алдынча башкаруу│өнүктүрүү үчүн │жаш жарандар (жаштар) -│
│органдары жүзөгө│укуктук, │Кыргыз Республикасынын│
│ашыруучу чаралардын│экономикалык, │14 жаштан 35 жашка│
│системасы; │социалдык, │чейинки курактагы│
│жаш жарандар (жаштар) -│уюштуруучулук │жарандары жана жарандыгы│
│Кыргыз Республикасынын│шарттарды түзүүгө │жок адамдар; │
│14 жаштан 28 жашка│багытталуучу, │жаш үй-бүлө -│
│чейинки курактагы│мамлекеттик органдар│жубайлардын экөөсү тең│
│жарандары жана│жана жергиликтүү өз │же болбосо бирөөсү 35│
│жарандыгы жок адамдар; │алдынча башкаруу │жаш курагына жете элек,│
│жаш үй-бүлө -│органдары жүзөгө │никеге туруудан же│
│жубайлардын экөөсү тең,│ашыруучу чаралардын │болбосо тууганчылыктан│
│же болбосо бирөөсү 28│системасы; │улам келип чыгуучу│
│жаш курагына жете элек,│жаш жарандар │белгиленген өз ара│
│никеге туруудан же│(жаштар) - Кыргыз │укуктар жана милдеттер│
│болбосо тууганчылыктан│Республикасынын 14 │менен байланышкан жаш│
│улам келип чыгуучу│ЖАШТАН 28 ЖАШКА │жарандардын чөйрөсү; │
│белгиленген өз ара│ЧЕЙИНКИ КУРАКТАГЫ │жаш адис - 35 жашка толо│
│укуктар жана милдеттер│жарандары жана │элек, адистиги боюнча│
│менен байланышкан жаш│жарандыгы жок │эмгек стажы 3 жылдан│
│жарандардын чөйрөсү; │адамдар; │ашпаган жаран; │
│жаш адис - 28 жашка│жаш үй-бүлө - │ │
│толо элек, адистиги│жубайлардын экөөсү │ │
│боюнча эмгек стажы 3│тең же болбосо │ │
│жылдан ашпаган жаран; │бирөөсү 28 ЖАШ │ │
│ │КУРАГЫНА ЖЕТЕ ЭЛЕК, │ │
│ │никеге туруудан же │ │
│ │болбосо │ │
│ │тууганчылыктан улам │ │
│ │келип чыгуучу │ │
│ │белгиленген өз ара │ │
│ │укуктар жана │ │
│ │милдеттер менен │ │
│ │байланышкан жаш │ │
│ │жарандардын чөйрөсү;│ │
│ │жаш адис - 28 ЖАШКА │ │
│ │ТОЛО ЭЛЕК, адистиги │ │
│ │боюнча эмгек стажы 3│ │
│ │жылдан ашпаган │ │
│ │жаран; │ │
└───────────────────────┴────────────────────┴────────────────────────┘