КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-февралы №74
"Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 15, 2018-жылдын 5-июлундагы № 313 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Техникалык регламентке шайкеш келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 15, 2018-жылдын 5-июлундагы № 313 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |