Редакцияот 10.02.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 10-февралы №86

Бажы контролунун зоналарында видео байкоо тутумун жайгаштыруу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы №342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Бажы контролунун зоналарында видео байкоо тутумун жайгаштыруу боюнча талаптар бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ө.Бабанов