Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №86 токтому менен бекитилген) |
Бажы контролунун зоналарында видео байкоо жүргүзүү тутумун жайгаштыруу боюнча
ТАЛАПТАР
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 26-декабры № 728, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Өткөрүү пункттарында видео байкоо жүргүзүү тутумдарын жайгаштыруу жерлери
3. Бажылык тариздөө жеринде видео байкоо жүргүзүү тутумун жайгаштыруу
4. Видео байкоо жүргүзүү тутумун башкаруу пультуна кирүү жана ага карата талаптар
5. Видео байкоо жүргүзүү тутумуна карата башка талаптар
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Талаптар бажы контролунун зоналарында видео байкоо жүргүзүү тутумунун жайгаштыруу орундарын аныктайт.
2. Видео байкоо жүргүзүү тутуму - кийин кайра көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктүү сүрөттөрдү жана үндү тартып ала турган жабдуу.
3. Бажы контролу зонасы - Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси тарабынан бажылык контролдоо жана бажылык тариздөө боюнча жол-жоболорду жүзөгө ашыруу үчүн убактылуу же туруктуу аныкталган жер.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өткөрүү пункту - эл аралык катнаштар үчүн ачылган темир жол, автомобиль вокзалынын, бекеттин, аэропорттун, аэродромдун чектериндеги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик чек арадан өтө турган адамдарга, транспорт каражаттарына жана башка мүлккө чек ара, бажы, санитардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык жана башка контролдук жүзөгө ашырыла турган атайын жабдылган жерлердеги аймак.
2. Өткөрүү пункттарында видео байкоо жүргүзүү тутумдарын жайгаштыруу жерлери
5. Өткөрүү пункттарында видео байкоо жүргүзүү тутуму төмөнкү жерлерге орнотулат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу бажы контролу зонасындагы өткөрүү пунктундагы автомобиль транспорту келе турган жерлерде;
- транспорт каражаты Евразия экономикалык бирлигинин бажылык аймагына кирген/чыккан жана бажы контролу зонасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажылык аймагына чыккан жерлерде;
- транспорт каражатын бажылык кошумча карап чыгуу, карап чыгуу жана/же салмагына контролдук жүргүзүлө турган жерлерде, мында транспорт каражатын бажылык кошумча карап чыгуу процессин толук камтууга, ошондой эле транспорт каражаттарынын жана транспорт каражатынын чиркегичинин (жарым чиркегичинин) номердик белгилерин белгилеп калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт;
- кош коридор тутуму колдонулган бажылык контролдоо зоналарында;
- транспорт каражаттары өткөрүү пунктуна келгенде транспорт каражаттарын алгачкы бажылык тариздөө жүргүзүлө турган жерлерде;
- бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган башка жерлерде орнотулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бажылык тариздөө жеринде видео байкоо жүргүзүү тутумун жайгаштыруу
6. Бажылык тариздөө жүргүзүлө турган жерлерде видео байкоо жүргүзүү тутуму төмөнкү участоктордо орнотулат:
- транспорт каражаттары бажылык контролдоо зоналарына келген жерлерге, убактылуу сактоочу кампаларга, бажылык кампаларга орнотулат, мында транспорт каражаттарынын, чиркегичтердин жана жарым чиркегичтердин номерлик белгилери белгиленип коюлат;
- транспорт каражатын бажылык кошумча карап чыгуу, карап чыгуу жана/же салмагына контролдук жүргүзүлө турган жерлерге орнотулат, мында транспорт каражатын бажылык кошумча карап чыгуу процессин толук камтууга, ошондой эле транспорт каражаттарынын жана транспорт каражатынын чиркегичинин (жарым чиркегичинин) номерлик белгилерин белгилеп калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт;
- бажы контролу зонасынын периметри боюнча (бажылык тариздөө жүргүзүлө турган жерге, убактылуу сактоочу кампага, бажылык кампага);
- бажылык тариздөө жүргүзүлө турган жерлерге орнотулат, мында транспорт каражаттарын жана товарларды бажылык тариздөө, ошондой эле бажылык төлөмдөрдү төлөө процесси ж.б. толук камтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт;
- бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган башка жерлерде орнотулат.
4. Видео байкоо жүргүзүү тутумун башкаруу пультуна кирүү жана ага карата талаптар
7. Бажы иши жагындагы ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан аныкталган, бажы органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына видео байкоо жүргүзүү тутумунун башкаруу пультуна кирүүсүнө жол берилет.
8. Видео байкоо жүргүзүү тутумун башкаруу пульту бөтөн адамдардын уруксатсыз кирүүсүнөн коргоо каражаты менен жабдылууга тийиш.
9. Видео байкоо жүргүзүү тутумунун алыстан коопсуз башкаруу мүмкүнчүлүгү болууга тийиш.
10. Тутум программалык камсыздоону жана катталган маалыматты пайдалануучулардын, тейлөөчү персоналдын жана бөтөн адамдардын уруксатсыз кирүүсүнөн коргоону камсыз кылууга тийиш.
5. Видео байкоо жүргүзүү тутумуна карата башка талаптар
11. Видео байкоо жүргүзүү тутумуна тартылган материалдар γч ай бою сакталууга тийиш.
(КР 2014-жылдын 26-декабры № 728 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Тутумдун имарат жайлардан тышкары орнотулган жабдуулары жана аппаратурасы кескин-континенталдуу климаттын шарттарындагы тышкы таасирлерге, анын ичинде чагылгандын таасирине туруктуу келүүгө жана кимдир-бирөөлөр сындырып кетпегендей абалда болууга тийиш.
13. Бардык тышкы кабелдик зымдар эки жагынан тең токтон жана чагылгандын чыңалуусунан корголууга тийиш.
14. Тутумдун имарат жайдын (климаттык шарттары жасалма жол менен жөнгө салына турган имарат-жайлардан башка) ичине орнотула турган жабдуулары жана аппаратурасы тышкы таасирлерге туруктуу болууга тийиш.
15. Кабелдик зымдар өткөрүлө турган жерлер долбоорлоо этабында аныкталат жана макулдашылат. Жабдуу кошулган жана курулуш конструкциялары кирген (чыккан) жерлерде кабелдик зымдар маркировкаланууга тийиш.
16. Зымдарды өткөрүү мүмкүн болушунча көрүнбөгөндөй (пластик кутуларда, гофр түтүктөрдө) аткарылууга тийиш.
17. Кабелдик зымдар сызыктуу жана базалык жабдуулардын ортосунда кабарларды сапаттуу берүүнү жана климаттык шарттарда туруктуу иштөөнү камсыз кылууга тийиш.
18. Электр менен иштеген жабдуулар 220 Вт чыңалуудагы, өндүрүштүк жыштыгы 50 Гц, чыңалуусу +10 дон -10% чейинки чектерде өзгөрүп турган, өзгөрүү ылдамдыгы 0,1 Гц/сек ашпаган +1 Гц жыштыктагы бир фазалуу электр тармагынан камсыз кылынууга тийиш.
19. Жабдууларды ток менен камсыз кылуу атайын тармактан жүзөгө ашырылууга тийиш, анда тармактык чыпкалар жана ток менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу булактары каралууга тийиш. Тармактан керектеле турган максималдуу кубаттуулук долбоорду иштеп чыгууда аныкталат.
20. Энергия менен камсыз кылуу токтотулганда тутумдун кеминде 4 саат бою резервдик камсыз кылуу булагы аркылуу иштөө мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш.