ТоктомКүчүндө

КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №86 «Бажы контролунун зоналарында видео байкоо тутумун жайгаштыруу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция10.02.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 10-февралы №86

Бажы контролунун зоналарында видео байкоо тутумун жайгаштыруу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы №342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Бажы контролунун зоналарында видео байкоо тутумун жайгаштыруу боюнча талаптар бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ө.Бабанов