Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №100 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-январындагы № 24
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Нормативдик укуктук актыны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
6-пункттун отуз жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык бардык деңгээлдеги салык органдарынын ишине ички аудитордук текшерүү жүргүзөт жана баалоонун натыйжалары боюнча МСКнын компетенциясынын чегинде сунуштарды иштеп чыгат;»;
14-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Премьер-министри» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«15. МСКнын төрагасынын статс-катчысы жана орун басарлары болот.
Статс-катчыны кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
МСКнын төрагасынын орун басарларын МСКнын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. МСКнын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу анын орун басарларынын бирине жүктөлөт.»;
16-пунктта:
төртүнчү абзацтагы «статс-катчысынын жана» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статс-катчыга МСКнын компетенциясына кирген айрым функционалдык милдеттерди аткарууну жүктөйт;»;
алтынчы абзац «бекитет» деген сөздөн кийин «, региондор аралык деңгээлдеги ведомстволук жана аймактык башкармалыктар жөнүндө жоболорду бекитет» деген сөздөр менен толукталсын;
жетинчи жана сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- МСКнын кызматкерлерине атайын наамдарды белгиленген тартипте ыйгарат, ошондой эле атайын жогорку наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды мыйзамдарда белгиленген тартипте киргизет;
- МСКнын кызматкерлерин, МСКнын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн төш белгилерди (сыйлыктарды) белгиленген тартипте бекитет, ушул төш белгилери (сыйлыктар) жөнүндө жоболорду жана алардын сүрөттөлүшүн белгиленген тартипте бекитет, аталган адамдарды төш белгилер (сыйлыктар), МСКнын грамоталары менен сыйлайт жана аларга мыйзамдарда каралган сыйлыктардын башка түрлөрүн берет;
- МСКнын, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- МСКга коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.»;
VI бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 19 жана 20-пункттар менен толукталсын:
«19. Статс-катчы МСКнын кызматкерлерин администрациялык мамлекеттик кызматтарга дайындайт жана аларды кызматтан бошотот, МСКнын төрагасынын макулдугу боюнча аларды кызмат орундарына которот жана ротациялайт.
20. Коомчулук менен макулдашып эриш-аркак иштөө максатында МСКда Коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт.
Бул Кеңештин иши мамлекеттик органга караштуу Коомдук байкоочу кеңеш жөнүндө типтүү жобого ылайык жүргүзүлөт.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А. Атамбаев |
Тиркеме
+--------------------+ +---------------------+ +----------+
| Коомдук байкоочу +---| Төрага +---| Коллегия |
| кеңеш | | | | |
+--------------------+ +---------------------+ +----------+
|
+---------------------+
| Борбордук аппарат |
+---------------------+
|
+------------------------------------------------------------------+
| | | | | | | |
+------++--------++--------++------++--------++--------++--------++-------+
|Бишкек|| Ири || Эркин || Ош || Чыгыш || Түндүк ||Түштүк || Окуу |
|шаары || салык ||экономи-|| шаары||регион- || регион-||регион- ||борбору|
|боюнча||төлөөчү-|| калык ||боюнча|| дор || дор || дор || |
|баш- || лөрдү || аймак- || баш- || аралык || аралык ||аралык || |
|карма-||контрол-||тардагы ||карма-||башкар- || башкар-||башкар- || |
|лык || доо ||субъект-|| лык || малык || малык || малык || |
| || боюнча || терди || || || || || |
| || башкар-||контрол-|| || || || || |
| || малык || доо || || || || || |
| || ||боюнча || || || || || |
| || ||башкар- || || || || || |
| || ||малык || || || || || |
+------++--------++--------++------++--------++--------++--------++-------+
| | | | |
+------++--------+ +--------++--------++--------+
|Бишкек||Регион- | |Райондор||Райондор||Райондор|
|шаары-||дор | | жана || жана || жана |
|нын ||боюнча | | шаарлар|| шаарлар|| шаарлар|
|район-||ири | | боюнча || боюнча || боюнча |
|дору ||салык | | башкар-|| башкар-|| башкар-|
|боюнча||төлөөчү-| |малыктар||малыктар||малыктар|
|баш- ||лөрдү | | || || |
|карма-||контрол-| | || || |
|лык ||доо | | || || |
| ||боюнча | | || || |
| ||башкар- | | || || |
| ||малыктар| | || || |
+------++--------+ +--------++--------++--------+