Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-февралы №103
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы №103 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзам долбоору "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине республикалык маанидеги статус берүүгө багытталган.
"Тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмеси эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы №568 "Кыргыз Республикасынын тарыхий-маданий мурастарынын объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык республикалык маанидеги Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси бекитилгендигин белгилейбиз, ага "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси киргизилген (130-пункт).
Мыйзам долбоорунун максаты ошондой эле ушул объектти Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин эсебинен каржылоо болуп эсептелет.
"Тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде белгиленген тартипте укуктук статус алган тарыхий-маданий мурас объекттерин коргоо мамлекеттик бюджеттин, эстеликтерди пайдалануучу уюмдардын финансылык чегерүүлөрүнүн, коомдук уюмдардын, жеке адамдардын ыктыярдуу кошумчаларынын, ЮНЕСКОнун алдындагы Бүткүл дүйнөлүк мурастар комитетинин атынан эл аралык коомдоштуктун жана башкалардын эсебинен ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-сентябрындагы № 356-б буйругуна ылайык "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси Бишкек шаарынын өз алдынча башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген.
Ушуга байланыштуу мемориалдык комплексти каржылоо маселеси кандайдыр бир Мыйзам актысын кабыл албастан, Мыйзамда белгиленген тартипте чечилет деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын сунушталган долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
|
|