Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы №109
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 1999-ж. №2, 77-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекстин 9-1-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"9-1-глава
Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар".
2. Кодекстин 84-1-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу
Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын төмөндөгүдөй түрдө бузуулар:
- бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөн баш тартуу;
- бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук боюнча стандарттарды жана эрежелерди туура эмес колдонуу;
- туура эмес финансылык отчеттуулукту атайылап көрсөтүү, финансылык отчеттуулукту көрсөтүүдөн баш тартуу, белгиленген мөөнөттү бузуу менен көрсөтүү же негиздүү себеби жок уюм уюштуруучуларына (катышуучуларына) уюштуруучу документтерге ылайык, ыйгарым укуктуу органдарга алардын компетенциясына ылайык аны көрсөтпөө;
- бурмаланып көрсөтүлгөн финансылык отчетту түзүү, бухгалтердик эсепте көрсөтүлө турган маалыматтарды жашыруу, ошондой эле бухгалтердик документтерди жок кылуу, -
кызмат адамдарына ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Бул берененин 1-бөлүмүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
кызмат адамдарына элүүдөн жүзгө чейинки, юридикалык жактарга беш жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
3. 9-1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 84-2 - 84-8-статьялар менен толукталсын:
"84-2-статья. Аудитордук ишти лицензиясы жок жүргүзүү
Аудитордук ишмердикти лицензиясы жок жүргүзүү, -
жеке жактарга он беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга беш жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Бул берененин 1-бөлүмүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга жыйырма эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга сегиз жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
84-3-статья. Аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор тарабынан финансылык отчеттуулуктун стандарттарын бузуулар жөнүндө маалымат бербөө
Аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор тарабынан аудиттин жыйынтыгында белгилүү болгон чарбалык субъекттерде финансылык отчеттуулуктун стандарттарын бузуулар жөнүндө маалыматты мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бербөө, ошондой эле так эмес маалыматты берүү, -
кызмат адамдарына жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жактарга жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
84-4-статья. Аудитордук иш жөнүндө отчетту берүү тартибин бузуу
Аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор тарабынан аудитордук ишмердик жөнүндө отчетту берүүнүн мыйзамдарда бекитилген тартибин бузуу жана отчетто так эмес маалыматты берүү, -
кызмат адамдарына жыйырма эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
84-5-статья. Аудитор тарабынан квалификацияны жогорулатуу боюнча курстан өткөндүгүн ырастоочу документти бербөө
Аудитордун квалификациялык сертификаты бар аудитор тарабынан квалификацияны жогорулатуу боюнча курстан өткөндүгүн ырастоочу документти мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бербөө, -
кызмат адамдарына жыйырма эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
84-6-статья. Аудит жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдоочу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын ишине тоскоолдук жасоо
Аудит жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдоочу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын ишине тоскоолдук жасоо, ошондой эле аудитордук уюмдун кызмат адамы же жеке аудитор тарабынан аудит жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдоочу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын өзүнүн кызматтык милдетин аткарган учурда талаптарын аткарбоо же кароосуз калтыруу, -
кызмат адамдарына жыйырмадан жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
84-7-статья. Милдеттүү аудит жүргүзүүдөн баш тартуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш болгон юридикалык жактардын, милдеттүү аудитти жүргүзүүдөн баш тартуусу, -
юридикалык жактарга эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Бул статьянын 1-бөлүмүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
юридикалык жактарга беш жүздөн сегиз жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
84-8-статья. Юридикалык жактардын финансылык отчеттуулукту жарыялоодон баш тартуусу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү аудиттинжүргүзүлгөндүгү жөнүндө билдирбегендиги
Юридикалык жактардын жыл сайын боло турган милдеттүү аудиттин жыйынтыгы боюнча аудитордук корутундуну (отчетту) жана финансылык отчеттуулукту жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоодон баш тартуусу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүргүзүлгөн аудит жөнүндө жана аны жарыялоо тууралуу билдирбөө, -
юридикалык жактарга жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 532-статьяда:
- аталышында жана бүткүл текст боюнча:
"камсыздандыруу" деген сөздөн кийин "аудитордук" деген сөз менен толукталсын;
"иштерге" деген сөздөн кийин "жана бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жаатында" деген сөздөр менен толукталсын;
- биринчи абзацында "Кодекстин" деген сөздөн кийин "84-1 - 84-8," деген цифралар менен толукталсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыялангандан кийин үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (мындан ары - Мамфинкөзөмөл) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына, каржылык отчеттордун эл аралык стандарттарынын (КОЭАС) жана аудиттин эл аралык стандарттарынын (АЭАС) өздөштүрүлүшүнө жана колдонулушуна көзөмөл жүргүзөт, ошондой эле финансылык рынокко, финансылык рыноктун субъекттеринин ишине мониторинг жүргүзөт.
Мамфинкөзөмөлдүн алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу максатын көздөп "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Мамфинкөзөмөл тарабынан иштелип чыкты.
"Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине (мындан ары - Кодекс) киргизилүүчү өзгөртүүлөрдө жана толуктоолордо административдик айыптарды салуу маселеси каралат:
1) бухгалтердик эсеп жана каржылык отчет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарына - жыйырмадан элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү, ошондой эле административдик жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасаган ошондой эле аракеттер үчүн кызмат адамдарына - жүздөн эки жүзгө чейинки, юридикалык жактарга - беш жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып салынат.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасындагы каржылык отчеттун стандарттары катары каржылык отчеттун эл аралык стандарттары боюнча комитет басып чыгарган (Лондон ш.) КОЭАС бекитилген.
Бүгүнкү күндө чарба жүргүзүүчү субъекттердин баардыгы тең эле КОЭАСтын талаптарын сактабайт, алардын көбүндө эсептик саясат иштелип чыга элек, жылдык каржылык отчеттор тиешелүү түрдө түзүлбөйт жана түшүндүрмө каттарды беришпейт. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин каржылык отчетторуна мониторинг жана талдоо жүргүзүү ишинин жүрүшүндө Мамфинкөзөмөл каржылык отчеттогу бети ачылган, бузууларды оңдоо жөнүндө буйруктарды жөнөтөт, бирок көптөгөн субъекттер аларды тоготпойт, ошол буйруктарды аткарбайт, анткени таасир тийгизүүчү рычагдар жок.
Республиканын ишканаларынын жетекчилеринин жана бухгалтерлеринин орточо эмгек акысы 13625 (он үч миң алты жүз жыйырма беш) сомду түзөөрүн эске алып, ошондой эле КОЭАС каржылык отчету боюнча ишканалардын чыгымы - орто ишканалар үчүн 15000 (он беш миң) сомдон, ири ишканалар үчүн 80000 (сексен миң) сомго чейин түзөөрүн эске алып жогоруда көрсөтүлгөн административдик жоопкерчилик боюнча айыптын өлчөмү белгиленди.
Айыптардын мындай өлчөмдөрү конверсиялоого кеткен ишканалардын чыгымдарынын өлчөмдөрү менен теңдештирилген, ошондуктан айыпты төлөгөндөн көрө КОЭАСка өтүп кетүү кыйла артыкчылыктуу болмок.
2) лицензиясы жок туруп аудитордук ишти жүргүзгөн жеке жакка - он беш өлчөмүндөгү, юридикалык жакка - беш жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү, ошондой эле административдик жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасаган ошондой эле аракеттер үчүн жеке жакка - жыйырма өлчөмүндөгү, юридикалык жакка - сегиз жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып салынат.
"Аудитордук иш жөнүндө" жана "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудитордук иш ишкердик иштин лицензия берилүүчү түрү болуп саналат.
Ушуга байланыштуу жана "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясынын 1-пунктунда тиешелүү лицензиясы жок туруп иш жүргүзгөндөрдүн административдик жана кылмыш жоопкерчилигине кириптер болоору көрсөтүлгөндүгү эске алынып Кодекстин 84-2 статьясы иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын аймагында лицензия алган 50 ата мекендик жана 2 чет элдик аудитордук компаниялардын 2010-жылдагы отчетторунун маалыматтары боюнча түшкөн акча каражаттардын көлөмүнө талдоо жүргүзүүнүн негизинде айыптардын өлчөмү алынды.
Алсак, ата мекендик бир аудитордук уюмдун жылдык орточо түшкөн акча каражаттары 2064553,8 (эки миллион алтымыш төрт миң беш жүз элүү үч сом сексен тыйын) сом, ал эми чет элдик аудитордук компаниянын жылдык орточо түшкөн акча каражаттары 38285225 (отуз сегиз миллион эки жүз сексен беш миң эки жүз жыйырма беш) сом болот экен. Мында бир аудитордук текшерүүдөгү ата мекендик аудитордук уюмдун орточо түшкөн акча каражаттары 125255 (жүз жыйырма беш миң эки жүз элүү беш) сомду, ал эми чет элдик компанияныкы - 2452282,8 (эки миллион төрт жүз элүү эки миң эки жүз сексен эки сом сексен тыйын) сомду түздү.
Келтирилген жүйөөлөрдүн негизинде жана Кодекстин 30-статьясынын бешинчи бөлүгүн эске алып, ошондой эле ыйгарым укуктуу адамдын токтот деп койгон талаптарына карабай, укукка каршы жүрүм-турумдарды улантуу административдик жоопкерчиликти оорлотуучу жагдай болуп саналат, ага карата тиешелүү айып өлчөмдөрү белгиленет.
3) аудиттин жыйынтыгында бети ачылган чарба жүргүзүүчү субъекттердин каржылык отчеттун стандарттарын бузушу жөнүндө маалыматтарды бербей койгондук үчүн кызмат адамдарына - жыйырмадан жүзгө чейинки, юридикалык жакка жүздөн үч жүз эсептик көрсөткүчкө чейинки айып салынат.
Каржылык отчеттордун стандарттарын олуттуу бузуулар жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга берүүсү боюнча аудиторлордун милдеттеринин шарттары Азия өнүктүрүү банкынын "Банк секторун жана капиталдар рыногун өнүктүрүү" боюнча программасынын реформалык матрицасында салынган. Анда Кыргыз Республикасынын банк секторун жана капиталдарынын рыногун өнүктүрүү үчүн 2-траншты бөлүү каралган.
Ушуга ылайык аудитордук уюмдун жана жеке аудитордун мындай милдеттери "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 6-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган.
Чындыкка туура келген каржылык отчетторду түзүүгө болгон көзөмөлдү күчөтүүнүн жардамы менен рыноктун тунуктугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн, аны менен бир мезгилде инвесторлорду коргоону арттыруу үчүн баалуу кагаздар рыногуна коюлуучу көзөмөлдү чыңдоо мындай ченемди кабыл алуунун негизги максаты болуп саналат.
Бул проблеманын олуттуулугуна байланыштуу жана жогоруда көрсөтүлгөн милдетти аудиторлордун ар дайым эле ынтызарлык менен аткара бербесин эске алып аларга салмактуу административдик жоопкерчиликти белгилөө зарылдыгы жаралды, ал 2000 (эки миң) сомдон 30000 (отуз миң) сомго чейин айып салуу түрүндө белгиленди. Ушул сандардын ортосундагы айып өлчөмүнүн аныкталышы каржылык отчеттордун стандарттарынын бузулушунун олуттуулугуна жараша болот.
4) Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иш жөнүндө отчетту берүүнүн тартибин бузгандыгы үчүн жана отчеттордо жалган маалыматтарды бергендиги үчүн кызмат адамдарына жыйырма эсептик көрсөткүчтөгү айып салынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-мартындагы № 127 токтому менен Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иш жөнүндө отчетту беришинин тартиби бекитилген. Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иштер жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген лицензиялык талаптарды жана шарттарды алардын сакташына карата, аралыктан көзөмөл жүргүзүү максатын көздөп, аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун отчет берип туруусунун зарылдыгы киргизилген.
Бул отчет маалыматтардын олуттуу булагы болуп саналат, анын негизинде Кодексте каралган административдик укук бузуулардын бети ачылат.
5) квалификацияны жогорулатуу боюнча курстан өткөндү ырастоочу документти аудитор бербей койгондугу үчүн аудиторго жыйырма эсептик көрсөткүчтөгү айып салынат.
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясынын төртүнчү бөлүгүнө ылайык квалификациялык күбөлүгү бар ар бир аудитор, ар бир календарлык жылдын ичинде, сертификатты алган жылдан кийинки жылдан тартып ыйгарым укуктуу орган бекиткен программа боюнча квалификацияны жогорулатуучу окууну окуп бүтүүгө милдеттүү. Ушул эле мыйзамдын 9-статьясынын бешинчи бөлүгүнө ылайык аудитор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбей квалификацияны жогорулатуучу курстан өткөндүгүн ырастоочу документти берет.
Жогоруда кеп кылынып жаткан милдет маселесинин маанилүүлүгү өтө жогору. Анткени инвесторлор, насыя берүүчүлөр, ишкер коомдун башка мүчөлөрү, ошондой эле өкмөт менен коомчулук каржылык менеджмент, укук, салык салуу жана инвестиция кылуу маселелери боюнча ишкер кеп-кеңештерди аудиторлордон алабыз деп ойлошот. Себеби каржылык отчеттун аудити жетекчилик тарабынан берилген каржылык отчеттун кепилдүүлүгү болуп саналат. Аудиторлордун жасаган мамилелери жана жүрүм-турумдары мындай кызматты көрсөтүүнүн жүрүшүндө коом менен мамлекеттин турмуш жыргалчылыгына өз таасирин тийгизет. Жогоруда аталган аудитордук кызмат өз деңгээлинде болгон учурда гана аудиторлор эл ишенимине ээ боло алышат, анткени элдик ишеним ар дайым олуттуу негизге таянат. Коомдун мындай ишеними болушу үчүн аудитордун кесипкөй билимине, иш-тажрыйбасына жана адептүүлүгүнө карата болгон ишеним керек. Ал эми аудитордун билими баарынан маанилүү болуп саналат.
Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди киргизүүнүн негиздери мындай: Инвесторлор, насыя берүүчүлөр жана ишкер коомчулуктун адамдары, ошондой эле өкмөт, жалпы эле коомчулук каржылык менеджмент, укук, салык салуу, инвестиция кылуунун көп түркүн маселелери боюнча жоопторду аудиторлор гана бере алат деп ойлошот. Каржылык отчеттогу аудит жетекчилик берген каржылык отчеттун чындыгы, тууралыгы болуп саналат. Аудитордук кызматты көрсөтүүнүн жүрүшүндө ишкер коомчулугуна жасаган аудиторлордун мамилеси жана жүрүм-туруму коомдун жана мамлекеттин экономикалык даражасына тикеден тике таасирин тийгизет. Аудитордук кызматты көрсөтүү коомчулуктун ишенимине ээ болгон учурда гана аудиторлор эл ишенимине кире алат. Ал эми эл ишенимин алуу үчүн аудиторлордо кесиптик жогорку билим, тажрыйба, этика, иштин көзүн таба билүүчүлүк болушу керек.
Ушул келтирилген жүйөөлөрдөн административдик укук бузуу белгилери таасын байкалат. Кодекстин 84-5-статьясына киргизилип жаткан ченемде маалыматтын аныктыгына жана маалыматтын менчиктүүлүгүнө карата болгон ченем бар.
Бүгүнкү күндө аудиторлорду окутуунун орточо рыноктук баасы 3000 (үч миң) сомдон 5000 (беш миң) сомго чейинки чыгымды түзөөрүн жана Кодекстин 30-статьясынын бешинчи бөлүгү эске алынып айыптын тиешелүү өлчөмү белгиленди.
6) бухгалтердик эсеп, каржылык отчет жана аудит жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо үчүн көзөмөл жүргүзгөн мамлекеттик органдын кызматкеринин ишине жолтоо кылгандык үчүн кызмат адамына жыйырмадан жүз эсептик көрсөткүчкө чейинки айып салуу.
Айыптын бул өлчөмү аудитордук уюмдардын кызматкерлеринин орточо эмгек акыларын эске алуунун негизинде белгиленди, алардын орточо айлык эмгек акылары 10000 (он миң) сомду түзөт.
7) милдеттүү аудитти өткөрүүдөн качкан юридикалык жакка эки жүздөн беш жүз эсептик көрсөткүчкө чейинки, ошондой эле административдик жаза чарасы көрүлгөндөн кийин жыл ичинде кайтадан жасаган ушундай аракеттер үчүн беш жүздөн сегиз жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчкө чейинки айып салуу.
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясындагы жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуучу банктар жана башка уюмдар, баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуучу камсыздандыруу уюмдары, ачык компаниялар, инвестициялык фонддор, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жана башка жактар Кыргыз Республикасынын укуктук чендик актыларында каралган учурларда жыл сайын милдеттүү түрдө аудит жасалууга жатат. "Инвестициялык фонддор жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын инвестициялык фонддоруна жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго жыл сайын милдеттүү түрдө жүргүзүлүүчү аудитти жүргүзүү каралган. Жарандардын пайдалануудан бошогон акча каражаттарын жүгүртүү иши ушул уюмдарга таандык жалпы белги болуп саналат. Ошондуктан мындай уюмдардын ишинин тунуктугун камсыз кылуу үчүн жана аларга көзөмөл коюунун керектигинен улам милдеттүү аудитти өткөрүү зарыл. Бүгүнкү күндө бардык жактар аудитти милдеттүү түрдө өткөрбөйт, аны ак ниети менен жасаттырбайт.
Милдеттүү аудитти өткөрүүгө тийиш болгон адамдарга, жактарга карата айып жаза чараларынын киргизилиши алардын ак салуучулардын, насыя берүүчүлөрдүн, инвесторлордун жана башка кызыкчылыктары бар адамдардын алдындагы тартиптик жоопкерчиликтерин жогорулатат.
Аудитордук уюмдардын отчеттук маалыматтары боюнча 2010-жылы ата мекендик аудитордук уюмдун бир жолку аудиттик текшерүүсүнөн түшкөн орточо акча каражаттары 125255 (жүз жыйырма беш миң эки жүз элүү беш) сомду түзгөн. Ал эми чет элдик аудитордук компанияныкы 2452282,8 (эки миллион төрт жүз элүү эки миң эки жүз сексен эки) сомду түзгөн.
Мына ушундай эсептердин негизинде, милдеттүү аудитти өткөрүү үчүн аудитордук уюмду чакыруунун ордуна айыпты төлөп коюу юридикалык жак үчүн үнөмдүү болуп калбашы үчүн айыптын өлчөмү белгиленди.
8) каржылык отчетту жарыя кылуудан баш тартуу жана милдеттүү аудиттин өткөрүлүшү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирбей коюучулук үчүн юридикалык жактарга жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып салуу.
Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун мындай милдеттери "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясында каралган.
Кодекстин 30-статьясынын алтынчы бөлүгүнө ылайык юридикалык жакка салынуучу айыптын белгиленген өлчөмү айыптын эң кичинекей өлчөмү болуп саналат, ушуну менен бирге ал жалпыга маалымдоо каражаттарына каржылык отчетту жарыя кылууга кетүүчү чыгымдын өлчөмүнө теңдештирилди.
Бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен чыгым жумшоону талап кылбайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жалпы ченемдерине каршы келбейт.
Мыйзамдын долбоорунун бир мезгилде кабыл алынышы социалдык, экологиялык, укуктук, укукту коргоочулук, гендердик, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Ошондой эле, жогоруда айтылып кеткен мыйзам долбоору Мамфинкөзөмөлдүн расмий сайтында 30-январь 2010-жылдан баштап жайгаштырылган. Коомдук талкуу учурунда сын-пикирлер жана сунуштар катталган жок.
Ушинтип жоопкерчиликтин даражасын жогорулатуу аркылуу аудиторлордун кадыр-баркын чыңдоо өзгөчө маанилүү экендигин эске алып, ошондой эле бухгалтердик эсеп, каржылык отчет жана аудитордук иш жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларындагы жоболордун аракетин камсыз кылуу максатын көздөп "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы |
Ю.Тойчубеков |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын │ Өзгөртүүлөр жана толуктоолор │
│ Администрациялык жоопкерчилик │ (өзгөртүүлөр менен толуктоолор │
│ жөнүндө кодекси │ кара тамгалар менен белгиленди) │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ 9-1-глава │ 9-1-глава │
│ Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү │ БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП ЖАНА │
│ администрациялык укук бузуу │ АУДИТОРДУК ИШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ │
│ │ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК БУЗУУЛАР │
│84-1-берене. Бухгалтердик эсеп │ │
│ эрежелерин бузуу │84-1-СТАТЬЯ. БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП │
│ │ ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК │
│Ыйгарым укуктуу адам тарабынан │ ОТЧЕТТУУЛУК ЖӨНҮНДӨ │
│бухгалтердик эсеп, мыйзамдарда │ КЫРГЫЗ │
│каралган маалыматтарды документтөө│ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│эрежелерин бузуу, же уюмдун │ МЫЙЗАМДАРЫН БУЗУУ │
│чарбалык жана финансылык иштери │ │
│жөнүндө алдынала отчеттук │БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК │
│документтерге жалган маалыматтарды│ОТЧЕТТУУЛУК ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ │
│киргизүү, ошого тете финансылык │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫН │
│жана башка эсептик документтерди │ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ ТҮРДӨ БУЗУУЛАР: │
│жок кылуу, - │- БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕПТИ ЖҮРГҮЗҮҮДӨН │
│жыйырма эсептик көрсөткүчтөр │БАШ ТАРТУУ; │
│өлчөмүндө администрациялык айып │- БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП ЖАНА │
│салууга алып келет. │ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУУЛУК БОЮНЧА │
│ │СТАНДАРТТАРДЫ ЖАНА ЭРЕЖЕЛЕРДИ │
│ │ТУУРА ЭМЕС КОЛДОНУУ; │
│ │- ТУУРА ЭМЕС ФИНАНСЫЛЫК │
│ │ОТЧЕТТУУЛУКТУ АТАЙЫЛАП КӨРСӨТҮҮ, │
│ │ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУУЛУКТУ │
│ │КӨРСӨТҮҮДӨН БАШ ТАРТУУ, │
│ │БЕЛГИЛЕНГЕН МӨӨНӨТТҮ БУЗУУ МЕНЕН │
│ │КӨРСӨТҮҮ ЖЕ НЕГИЗДҮҮ СЕБЕБИ ЖОК │
│ │УЮМ УЮШТУРУУЧУЛАРЫНА │
│ │(КАТЫШУУЧУЛАРЫНА) УЮШТУРУУЧУ │
│ │ДОКУМЕНТТЕРГЕ ЫЛАЙЫК, ЫЙГАРЫМ │
│ │УКУКТУУ ОРГАНДАРГА АЛАРДЫН │
│ │КОМПЕТЕНЦИЯСЫНА ЫЛАЙЫК АНЫ │
│ │КӨРСӨТПӨӨ; │
│ │- БУРМАЛАНЫП КӨРСӨТҮЛГӨН │
│ │ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУ ТҮЗҮҮ, │
│ │БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕПТЕ КӨРСӨТҮЛӨ │
│ │ТУРГАН МААЛЫМАТТАРДЫ ЖАШЫРУУ, │
│ │ОШОНДОЙ ЭЛЕ БУХГАЛТЕРДИК │
│ │ДОКУМЕНТТЕРДИ ЖОК КЫЛУУ, - │
│ │КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА ОНДОН ЭЛҮҮГӨ │
│ │ЧЕЙИНКИ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА ЭКИ │
│ │ЖҮЗДӨН БЕШ ЖҮЗГӨ ЧЕЙИНКИ ЭСЕПТИК │
│ │КӨРСӨТКҮЧ ӨЛЧӨМҮНДӨ АЙЫП САЛУУГА │
│ │АЛЫП КЕЛЕТ. │
│ │БУЛ СТАТЬЯНЫН 1-БӨЛҮМҮНДӨ КАРАЛГАН│
│ │ОШОЛ ЭЛЕ АРАКЕТ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК │
│ │ЖАЗА-ЧАРА КОЛДОНУЛГАНДАН КИЙИН ЖЫЛ│
│ │ИЧИНДЕ КАЙТАЛАНЫП ЖАСАЛСА, - │
│ │КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА ЭЛҮҮДӨН ЖҮЗГӨ │
│ │ЧЕЙИНКИ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА БЕШ │
│ │ЖҮЗДӨН МИҢГЕ ЧЕЙИНКИ ЭСЕПТИК │
│ │КӨРСӨТКҮЧ ӨЛЧӨМҮНДӨ АЙЫП САЛУУГА │
│ │АЛЫП КЕЛЕТ. │
│ │ │
│ │84-2-СТАТЬЯ. АУДИТОРДУК ИШТИ │
│ │ ЛИЦЕНЗИЯСЫ ЖОК │
│ │ ЖҮРГҮЗҮҮ │
│ │ │
│ │АУДИТОРДУК ИШМЕРДИКТИ ЛИЦЕНЗИЯСЫ │
│ │ЖОК ЖҮРГҮЗҮҮ, - │
│ │ЖЕКЕ ЖАКТАРГА ОН БЕШ ЭСЕПТИК │
│ │КӨРСӨТКҮЧ ӨЛЧӨМҮНДӨ, ЮРИДИКАЛЫК │
│ │ЖАКТАРГА БЕШ ЖҮЗ ЭСЕПТИК КӨРСӨТКҮЧ│
│ │ӨЛЧӨМҮНДӨ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП │
│ │САЛУУГА АЛЫП КЕЛЕТ. │
│ │БУЛ БЕРЕНЕНИН 1-БӨЛҮМҮНДӨ КАРАЛГАН│
│ │ОШОЛ ЭЛЕ АРАКЕТ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК │
│ │ЖАЗА-ЧАРА КОЛДОНУЛГАНДАН КИЙИН ЖЫЛ│
│ │ИЧИНДЕ КАЙТАЛАНЫП ЖАСАЛСА, - │
│ │ЖЕКЕ ЖАКТАРГА ЖЫЙЫРМА ЭСЕПТИК │
│ │КӨРСӨТКҮЧ ӨЛЧӨМҮНДӨ, ЮРИДИКАЛЫК │
│ │ЖАКТАРГА СЕГИЗ ЖҮЗ ЭСЕПТИК │
│ │КӨРСӨТКҮЧ ӨЛЧӨМҮНДӨ │
│ │АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП САЛУУГА АЛЫП│
│ │КЕЛЕТ. │
│ │ │
│ │84-3-СТАТЬЯ. АУДИТОРДУК УЮМДАР │
│ │ ЖАНА ЖЕКЕ АУДИТОРЛОР │
│ │ ТАРАБЫНАН ФИНАНСЫЛЫК │
│ │ ОТЧЕТТУУЛУКТУН │
│ │ СТАНДАРТТАРЫН │
│ │ БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ │
│ │ МААЛЫМАТ БЕРБӨӨ │
│ │ │
│ │АУДИТОРДУК УЮМДАР ЖАНА ЖЕКЕ │
│ │АУДИТОРЛОР ТАРАБЫНАН АУДИТТИН │
│ │ЖЫЙЫНТЫГЫНДА БЕЛГИЛҮҮ БОЛГОН │
│ │ЧАРБАЛЫК СУБЪЕКТТЕРДЕ ФИНАНСЫЛЫК │
│ │ОТЧЕТТУУЛУКТУН СТАНДАРТТАРЫН │
│ │БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТЫ │
│ │МЫЙЗАМДА КӨРСӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ │
│ │ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ОРГАНГА БЕРБӨӨ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ТАК │
│ │ЭМЕС МААЛЫМАТТЫ БЕРҮҮ, - │
│ │КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА ЖЫЙЫРМАДАН ЖҮЗГӨ│
│ │ЧЕЙИНКИ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА │
│ │ЖҮЗДӨН ҮЧ ЖҮЗГӨ ЧЕЙИНКИ ЭСЕПТИК │
│ │КӨРСӨТКҮЧ ӨЛЧӨМҮНДӨ │
│ │АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП САЛУУГА АЛЫП│
│ │КЕЛЕТ. │
│ │ │
│ │84-4-СТАТЬЯ. АУДИТОРДУК ИШ ЖӨНҮНДӨ│
│ │ ОТЧЕТТУ БЕРҮҮ │
│ │ ТАРТИБИН БУЗУУ │
│ │ │
│ │АУДИТОРДУК УЮМДАР ЖАНА ЖЕКЕ │
│ │АУДИТОРЛОР ТАРАБЫНАН АУДИТОРДУК │
│ │ИШМЕРДИК ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТТУ БЕРҮҮНҮН │
│ │МЫЙЗАМДАРДА БЕКИТИЛГЕН ТАРТИБИН │
│ │БУЗУУ ЖАНА ОТЧЕТТО ТАК ЭМЕС │
│ │МААЛЫМАТТЫ БЕРҮҮ, - │
│ │КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА ЖЫЙЫРМА ЭСЕПТИК │
│ │КӨРСӨТКҮЧ ӨЛЧӨМҮНДӨ │
│ │АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП САЛУУГА АЛЫП│
│ │КЕЛЕТ. │
│ │ │
│ │84-5-СТАТЬЯ. АУДИТОР ТАРАБЫНАН │
│ │ КВАЛИФИКАЦИЯНЫ │
│ │ ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА │
│ │ КУРСТАН ӨТКӨНДҮГҮН │
│ │ ЫРАСТООЧУ ДОКУМЕНТТИ │
│ │ БЕРБӨӨ │
│ │ │
│ │АУДИТОРДУН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК │
│ │СЕРТИФИКАТЫ БАР АУДИТОР ТАРАБЫНАН │
│ │КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА │
│ │КУРСТАН ӨТКӨНДҮГҮН ЫРАСТООЧУ │
│ │ДОКУМЕНТТИ МЫЙЗАМДА КӨРСӨТҮЛГӨН │
│ │ТАРТИПТЕ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ │
│ │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНГА БЕРБӨӨ, - │
│ │КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА ЖЫЙЫРМА ЭСЕПТИК │
│ │КӨРСӨТКҮЧ ӨЛЧӨМҮНДӨ │
│ │АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП САЛУУГА АЛЫП│
│ │КЕЛЕТ. │
│ │ │
│ │84-6-СТАТЬЯ. АУДИТ ЖААТЫНДА КЫРГЫЗ│
│ │ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│ │ МЫЙЗАМДАРЫНЫН │
│ │ ТАЛАПТАРЫНЫН │
│ │ САКТАЛЫШЫН │
│ │ КОНТРОЛДООЧУ │
│ │ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН │
│ │ КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН │
│ │ ИШИНЕ ТОСКООЛДУК │
│ │ ЖАСОО │
│ │ │
│ │АУДИТ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ │
│ │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНЫН │
│ │ТАЛАПТАРЫНЫН САКТАЛЫШЫН │
│ │КОНТРОЛДООЧУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН │
│ │КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН ИШИНЕ │
│ │ТОСКООЛДУК ЖАСОО, ОШОНДОЙ ЭЛЕ │
│ │АУДИТОРДУК УЮМДУН КЫЗМАТ АДАМЫ ЖЕ │
│ │ЖЕКЕ АУДИТОР ТАРАБЫНАН АУДИТ │
│ │ЖААТЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│ │МЫЙЗАМДАРЫНЫН ТАЛАПТАРЫНЫН │
│ │САКТАЛЫШЫН КОНТРОЛДООЧУ │
│ │МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН КЫЗМАТ │
│ │АДАМДАРЫНЫН ӨЗҮНҮН КЫЗМАТТЫК │
│ │МИЛДЕТИН АТКАРГАН УЧУРДА │
│ │ТАЛАПТАРЫН АТКАРБОО ЖЕ КАРООСУЗ │
│ │КАЛТЫРУУ, - │
│ │КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА ЖЫЙЫРМАДАН ЖҮЗГӨ│
│ │ЧЕЙИНКИ ЭСЕПТИК КӨРСӨТКҮЧ │
│ │ӨЛЧӨМҮНДӨ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП │
│ │САЛУУГА АЛЫП КЕЛЕТ. │
│ │ │
│ │84-7-СТАТЬЯ. МИЛДЕТТҮҮ АУДИТ │
│ │ ЖҮРГҮЗҮҮДӨН БАШ │
│ │ ТАРТУУ │
│ │ │
│ │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│ │МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫК МИЛДЕТТҮҮ │
│ │АУДИТТЕН ӨТҮҮГӨ ТИЙИШ БОЛГОН │
│ │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН, МИЛДЕТТҮҮ │
│ │АУДИТТИ ЖҮРГҮЗҮҮДӨН БАШ ТАРТУУСУ, │
│ │- │
│ │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА ЭКИ ЖҮЗДӨН БЕШ│
│ │ЖҮЗГӨ ЧЕЙИНКИ ЭСЕПТИК КӨРСӨТКҮЧ │
│ │ӨЛЧӨМҮНДӨ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП │
│ │САЛУУГА АЛЫП КЕЛЕТ. │
│ │БУЛ СТАТЬЯНЫН 1-БӨЛҮМҮНДӨ КАРАЛГАН│
│ │ОШОЛ ЭЛЕ АРАКЕТ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК │
│ │ЖАЗА-ЧАРА КОЛДОНУЛГАНДАН КИЙИН ЖЫЛ│
│ │ИЧИНДЕ КАЙТАЛАНЫП ЖАСАЛСА, - │
│ │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА БЕШ ЖҮЗДӨН │
│ │СЕГИЗ ЖҮЗГӨ ЧЕЙИНКИ ЭСЕПТИК │
│ │КӨРСӨТКҮЧ ӨЛЧӨМҮНДӨ │
│ │АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП САЛУУГА АЛЫП│
│ │КЕЛЕТ. │
│ │ │
│ │84-8-СТАТЬЯ. ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН │
│ │ ФИНАНСЫЛЫК │
│ │ ОТЧЕТТУУЛУКТУ │
│ │ ЖАРЫЯЛООДОН БАШ │
│ │ ТАРТУУСУ ЖАНА ЫЙГАРЫМ│
│ │ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ ОРГАНГА МИЛДЕТТҮҮ │
│ │ АУДИТТИН │
│ │ ЖҮРГҮЗҮЛГӨНДҮГҮ │
│ │ ЖӨНҮНДӨ │
│ │ БИЛДИРБЕГЕНДИГИ │
│ │ │
│ │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН ЖЫЛ САЙЫН │
│ │БОЛО ТУРГАН МИЛДЕТТҮҮ АУДИТТИН │
│ │ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА АУДИТОРДУК │
│ │КОРУТУНДУНУ (ОТЧЕТТУ) ЖАНА │
│ │ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУУЛУКТУ ЖАЛПЫГА │
│ │МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫНДА │
│ │ЖАРЫЯЛООДОН БАШ ТАРТУУСУ ЖАНА │
│ │ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК │
│ │ОРГАНГА ЖҮРГҮЗҮЛГӨН АУДИТ ЖӨНҮНДӨ │
│ │ЖАНА АНЫ ЖАРЫЯЛОО ТУУРАЛУ │
│ │БИЛДИРБӨӨ, - │
│ │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА ЖҮЗ ЭСЕПТИК │
│ │КӨРСӨТКҮЧ ӨЛЧӨМҮНДӨ │
│ │АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП САЛУУГА АЛЫП│
│ │КЕЛЕТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│532-статья. Оюн-зоок, лотерея, │532-статья. Оюн-зоок, лотерея, │
│ камсыздандыруу │ камсыздандыруу, │
│ иштерине, мамлекеттик │ АУДИТОРДУК иштерге, │
│ эмес пенсиялык │ мамлекеттик эмес │
│ фонддордун, пенсиялык │ пенсиялык фонддордун, │
│ активдерди башкаруучу │ пенсиялык активдерди │
│ компаниялардын │ башкаруучу │
│ иштерине, ошондой эле │ компаниялардын ишине, │
│ баалуу кагаздар │ ошондой эле баалуу │
│ рыногундагы иштерге │ кагаздар рыногундагы │
│ контроль жүргүзүүчү │ иштерге БУХГАЛТЕРДИК │
│ орган │ ЭСЕП ЖАНА КАРЖЫЛЫК │
│ │ ОТЧЕТ ЖААТЫНА контроль│
│Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу │ жүргүзүүчү орган │
│иштерине, мамлекеттик эмес │ │
│пенсиялык фонддордун, пенсиялык │Оюн-зоок, лотерея, камсыздандыруу,│
│активдерди башкаруучу │АУДИТОРДУК иштерге, мамлекеттик │
│компаниялардын ишине, ошондой эле │эмес пенсиялык фонддордун, │
│баалуу кагаздар рыногундагы │пенсиялык активдерди башкаруучу │
│иштерге контроль жүргүзүүчү орган │компаниялардын ишине, ошондой эле │
│административдик укук бузуулар │баалуу кагаздар рыногундагы │
│жөнүндө иштерди бул Кодекстин │иштерге жана БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП │
│327 - 338-4-беренелерине ылайык │ЖАНА КАРЖЫЛЫК ОТЧЕТ ЖААТЫНА │
│карайт. │контроль жүргүзүүчү орган │
│Администрациялык укук бузуулар │административдик укук бузуулар │
│жөнүндөгү иштерди кароого жана │жөнүндө иштерди бул Кодекстин 84-1│
│администрациялык жаза чарасын │- 84-8, 327 - 338-4-беренелерине │
│көрүүгө оюн-зоок, лотерея, │ылайык карайт. │
│камсыздандыруу иштерине, │Администрациялык укук бузуулар │
│мамлекеттик эмес пенсиялык │жөнүндөгү иштерди кароого жана │
│фонддордун, пенсиялык активдерди │администрациялык жаза чарасын │
│башкаруучу компаниялардын │көрүүгө оюн-зоок, лотерея, │
│иштерине, ошондой эле баалуу │камсыздандыруу, аудитордук │
│кагаздар рыногундагы иштерге │иштерине, мамлекеттик эмес │
│контроль жүргүзүүчү Кыргыз │пенсиялык фонддордун, пенсиялык │
│Республикасынын ыйгарым укуктуу │активдерди башкаруучу │
│мамлекеттик органынын жетекчиси │компаниялардын иштерине, ошондой │
│жана анын орун басары укуктуу. │эле баалуу кагаздар рыногундагы │
│ │иштерге жана БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП │
│ │ЖАНА КАРЖЫЛЫК ОТЧЕТ ЖААТЫНА │
│ │контроль жүргүзүүчү Кыргыз │
│ │Республикасынын ыйгарым укуктуу │
│ │мамлекеттик органынын жетекчиси │
│ │жана анын орун басары укуктуу. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|