Загрузка документа…
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №132 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын ТАРТИПТИК УСТАВЫ
Ушул Устав кызматтык тартиптин маанисин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын (мындан ары - баңги заттарды контролдоо боюнча орган) кызматкерлеринин кызматтык тартипти сактоо боюнча милдеттерин, сыйлоонун жана тартиптик жаза берүүнүн түрлөрүн, аларды колдонуу боюнча начальниктердин укуктарын, ошондой эле сунуштарды, рапортторду, даттанууларды берүү жана аларды кароо тартибин аныктайт.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын бардык кызматкерлери ушул Уставдын талаптарын бекем сактоого тийиш.
1. Жалпы жоболор
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдагы тартип - бул бардык кызматкерлердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Антта, Уставда, ошондой эле начальниктердин буйруктарында белгиленген тартипти жана эрежелерди бекем жана так аткаруусу.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдагы тартип ар бир кызматкердин жогорку аң-сезимдүүлүгүнө жана өзүнүн кызматтык милдетин жана тапшырылган иш үчүн жеке жоопкерчилигин жана терең түшүнүшүнө негизденет.
3. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, антка берилгендик менен мамиле кылууга, Уставдын талаптарын жана начальниктердин буйруктарын так аткарууга, мыйзамды катуу сактоого;
- жарандардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын сыйлоого жана кылмыштуу кол салуудан коргоого;
- патриот, кайраттуу жана чечкиндүү, адамкерчиликтүү, тартиптүү, принциптүү жана гумандуу болууга;
- кызматына байланыштуу баардык кыйынчылыктарды жана жетишпестиктерди чыдамкайлык менен көтөрүүгө, кызматтык милдетин аткарууда өз күчүн жана өмүрүн аянбоого;
- мамлекеттик жана кызматтык сырды бекем сактоого;
- берилген куралды, мүлктү жана техниканы сактоого;
- чынчыл жана акыйкат болууга, укуктарды бузууга жол бербөөгө жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланбоого;
- өз квалификациясын ар дайым өркүндөтүүгө, иш маданиятын жана кругозорун жогорулатып турууга;
- тартипти чыңдоодо жана уставдык тартипти камсыз кылууда начальниктерге көмөктөшүүгө, наамы жана кызматы боюнча улууларга урмат көрсөтүүгө, сылык болууга, белгиленген формадагы кийимди кийип жүрүү эрежесин сактоого;
- калыс сынды жана эскертүүлөрдү туура кабыл алууга, кетирилген кемчиликтерди өз учурунда моюнга алууга жана оңдоого;
- жолдошчулукка бекем турууга, жамаатта жакшы моралдык-психологиялык кырдаалды жана өз ара ишеничтүү жана сый мамилени түзүүгө;
- кызматтан тышкаркы мезгилде өзүн татыктуу жана кадыр-барктуу алып жүрүүгө, коомдук тартипти жана коомдук моралдын нормаларын сактоодо үлгүлүү болууга, башкалардын тартип бузушун болтурбоого, коомдун жана жарандардын мыйзамдуу таламдарын каармандык менен коргоого.
4. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдагы тартип төмөнкүлөр аркылуу жетишилет, алар:
- баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринде жогорку жарандык позицияны, зарыл адептик-эрктик жана ишкер сапаттарды, кызмат милдетин аткарууга аң-сезимдүү мамилени тарбиялоо;
- дайыма күжүрмөн даярдыкта туруу жана капысынан чыккан маселелерди чечүүгө жөндөмдүүлүк;
- бардык кызматкерлердин уставдык тартипти сактоосу;
- мыйзамды, уставдардын жана буйруктардын талаптарын кынтыксыз сактоону камсыз кылуу, жүктөлгөн функционалдык милдеттерди аткарууга ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги;
- начальниктердин ага баш ийгендерге ар күндүк талап коюшу жана алардын аткарылышын контролдоосу, аларга дайыма камкордук көрүү, алардын адамдык кадыр-баркын урматтоо, ынандыруу жана мажбурлоо чараларын билгичтик менен айкалыштыруу жана туура колдонуу;
- кызматтык жана күжүрмөн даярдыкты так уюштуруу жана өздүк курамды аны менен толук камтуу.
5. Начальник өзүнө баш ийгендердин арасындагы кызматтык тартиптин абалы үчүн жоопкерчилик тартат. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоодо, Анттын, Уставдын, буйруктардын талаптарын кынтыксыз аткарууда дайыма аларга үлгү болууга, баш ийгендерде кызматтык милдетти, ар-намысты жана демилгелүүлүктү өнүктүрүүгө жана колдоого, татыктууларды жакшы демилгеси, кызмат боюнча аракети жана айырмаланганы үчүн сыйлоого, көңүлкоштук үчүн катаал болууга, өздүк курамдын арасындагы тартиптин жана адептик-психологиялык климаттын абалын билүүгө, баш ийгендердин иштерин жетектөөгө, баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн функцияларды аткарууга зыян келтириши мүмкүн болгон ар кандай иштерге дароо жана чечкиндүү бөгөт коюуга, өзүнө баш ийгендерди жогорку аткаруучулук духунда тарбиялоого, аларда өздүк кадыр-барк сезимин өнүктүрүүгө жана колдоого тийиш.
Инсанды урматтоо, кызматкерлердин социалдык жана укуктук жактан корголушуна кам көрүү - начальниктин маанилүү милдети.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ар бир кызматкери анын укуктары, мыйзамдуу талаптары жана кызыкчылыктары корголооруна ишенимдүү болууга, начальниктин камкордугун сезүүгө тийиш.
Начальниктин тартипти кармоо боюнча иши берилген тартиптик жазалардын саны менен эмес, өзүнүн тартиптик бийлигин колдонуусу жана өзүнө түз баш ийген кызматкерлердин арасында кызматтык тартипти бузуулардын өз учурунда алдын алынышы максатында өз милдеттерин аткаруусу жана тартиптин иш жүзүндөгү абалы менен бааланат.
Кызматтык тартипти бузгандардын бири дагы жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө тийиш эмес, бирок күнөөсүз бирөө дагы жаза албашы керек.
Начальник өзүнө баш ийгендердин жеке сапаттарын изилдеп билүүгө, алардын арасында уставдык мамилелерди сактоого, жамаатты ынтымакташтырууга, баш ийгендердин кемчиликтеринин себептерин аныктоого жана алдын алууга, тартип бузуучуларга карата чыдамсыз мамиле жаралышына өзгөчө көңүл бурушу керек. Мында ал жамааттын коомдук таасир этүү күчүн бардык жагынан пайдаланууга милдеттүү.
6. Баш ийүүдөгү адамдар тартип бузганда начальник ага кызматтык милдеттерин эсине салып, мындай иштердин жол берилгистиги тууралуу эскертүүгө, ал эми зарыл учурларда жасалган чекилик иштин оордугуна жана күнөөнүн даражасына жараша айыптууга тартиптик жаза берүүгө же ал чекилик тууралуу материалдарды жогору турган начальниктин кароосуна өткөрүп берүүгө тийиш.
7. Баш ийүүдөгү адам ачык түрдө моюн сунбай же каршылык көрсөткөн учурда начальник тартипти жана дисциплинаны калыбына келтирүү үчүн мыйзамдарда жана уставдарда белгиленген бардык мажбурлоо чараларын колдонууга милдеттүү.
8. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тартиптик жазага дуушар болгон кызматкерлери, эгерде алардын иш-аракетинде кылмыш курамынын белгилери болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотулбайт.
9. Ушул Уставдын 24-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, түздөн-түз начальниктер гана сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдоно алышат.
Түздөн-түз начальниктер болуп баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин кызматы боюнча убактылуу болсо да баш ийишкен начальниктер эсептелет.
Баш ийүүдөгү адамга жакыныраак начальник анын түздөн-түз начальниги болуп саналат.
Кенже начальниктерге берилген тартиптик бийлик улук начальниктерге да дайыма таандык болот.
10. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматы боюнча бири-бирине баш ийбеген кызматкерлери улук же кенже болушу мүмкүн. Улуктук атайын наамдар менен аныкталат.
11. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматы боюнча бири-бирине баш ийбеген, кызматтык өз ара мамилелери начальник тарабынан аныкталбаган кызматкерлери чогуу кызмат өтөгөндө кызматы боюнча алардын улуусу, ал эми кызматтары тең болсо - наамы боюнча жогору турганы начальник болуп саналат жана ээлеген кызматы боюнча ага берилген тартиптик бийликтен пайдаланат.
12. Кызматты убактылуу ээлеп турганда, бул тууралуу буйрук менен жарыяланганда начальник убактылуу аткарчу кызматы боюнча тартиптик укуктардан пайдаланат.
13. Начальниктин буйругу кынтыксыз, так жана мөөнөтүндө аткарылууга тийиш.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине карата колдонулуучу сыйлар
14. Сыйлоо кызматтык тартипти чыңдоонун жана тарбиялоонун маанилүү каражаты.
Ар бир начальник ага ушул Устав менен берилген укуктардын чектеринде кызматы боюнча жакшы демилгеси, аракети, айырмаланганы жана иштеги жакшы натыйжалары үчүн баш ийгендерди сыйлоого милдеттүү.
15. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине карата төмөнкүдөй сыйлар көрсөтүлөт:
- алкыш жарыялоо;
- баалуу белек же акчалай сыйлык берүү;
- баңги заттарды контролдоо боюнча органдын Ардак грамотасы менен сыйлоо;
- төш белги менен сыйлоо;
- кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу же ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган наамдан бир даражага жогорулатуу;
- ведомстволук медаль жана төш белги менен сыйлоо;
- ысмы жазылган курал менен сыйлоо.
Сыйлоо чарасы катарында мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып коюу да колдонулат. Кызматкердин бир жолкуда тартиптик бир гана жазасы алып салынышы мүмкүн. Берилген тартиптик жазаны сыйлоо катары мөөнөтүнөн мурда алып салуу менен катар бир эле мезгилде сыйлоонун башка түрлөрү колдонулбоого тийиш.
16. Кызматтык милдетин аткарууда эр жүрөктүгү, тайманбастыгы жана өтөгөн өзгөчө эмгеги үчүн баңгизатты контролдоо органынын кызматкерлери мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине берилчү тартиптик жазалар
17. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык тартипти бузгандыгы, тактап айтканда ага тапшырылган кызматтык милдеттерин аткарбаганы же тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн ага төмөнкүдөй тартиптик жазалар берилет:
Кенже, орто жана улук башкаруучу курамдагы адамдарга төмөнкүдөй тартиптик жазалар берилиши мүмкүн:
- эскертүү;
- сөгүш;
- катуу сөгүш;
- кызматка толук ылайык эместиги тууралуу эскертүү;
- кызматынан төмөндөтүү;
- эмгек акысына кошумча төлөөлөрдү кармап калуу;
- кызмат ордунан бошотуу;
- баңги заттарды контролдоо боюнча органынан бошотуу.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын төш белгиси жана башка сыйлыктары ыйгарылган баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери төш белгисинен жана башка сыйлыктарынан ажыратуу түрүндө тартиптик жазаланышы мүмкүн.
4. Начальниктердин сыйлоо жана тартиптик жазаларды колдонуу боюнча укуктары
18. Начальниктер сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын аларга берилген укуктардын чектеринде колдонушат. Начальниктердин кызмат орундарынын жана алардын сыйлоо, тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча укуктарынын тизмеси ушул Уставдын тиркемесинде аныкталган. Башка начальниктердин тартип боюнча укуктары тизмеде каралган начальниктердин тартип боюнча укуктарына карата Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы тарабынан белгиленет.
19. Эгерде начальниктин пикири боюнча баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерине анын укуктарынын чегинен тышкаркы сыйлоо чараларын колдонуу зарыл болсо, ал бул тууралуу өзүнөн жогору турган түздөн-түз начальнигине өтүнүч кат берет.
20. Эгерде начальник кол алдындагы кызматкер жасаган чекиликтин оордугуна байланыштуу тартиптик жаза берүү укугу жетишсиз деп санаса, ал күнөөлүүгө жаза берүү тууралуу өзүнөн жогору турган түздөн-түз начальнигине сунуш киргизет.
21. Өзүнө берилген тартиптик укуктан ашыкча пайдаланган же ушул Уставда каралбаган жазаны берген начальник ал үчүн жоопкерчилик тартат, ал эми берилген жаза начальник же анын улук түздөн-түз начальниги тарабынан алып салынат.
22. Эгер улук начальник кенже начальник тарабынан берилген жазаны жеңил болгондуктан кетирилген чекиликке ылайыксыз деп эсептесе аны жоюп, кыйла катуу жаза бере алат.
23. Кызматынан төмөндөтүү, баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза баңги заттарды контролдоо боюнча органдын төрагасы тарабынан берилет.
5. Өзгөчө учурларда тартиптик жаза колдонуу
24. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери темир жол, аба, суу же башка жолдордо баратканда, ошондой эле өргүүдө, командировкада же дарыланууда жүргөн учурда тартип бузганда, ал тартип бузуу жөнүндө белгилүү болгон жергиликтүү баңги заттарды контролдоо боюнча органдын начальниги тартип бузууну токтотууга чара көрөт жана болгон окуя жөнүндө ал адам иштеген жерге билдирет.
Тартип бузуу коомдук тартипти бузуу түрүндө болгон өзгөчө учурларда баңги заттарды контролдоо боюнча түзүмдүк органдын начальниги күнөөлүүгө өз укуктарынын чегинде тартиптик жаза колдоно алат жана ал жөнүндө баңги заттарды контролдоо боюнча органдын төрагасына билдирет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызмат өтөгөн жерине келгенде ага берилген жаза жөнүндө тике начальнигине билдирүүгө тийиш. Берилген жаза жөнүндө билдирбеген адам ал үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
6. Сыйлоо чараларын, тартиптик жазаларды колдонуунун тартиби
25. Сыйлоо буйруктар менен жарыяланат. Алкыш буйрук менен да, оозеки да жарыяланышы мүмкүн.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерине сыйлоо жөнүндө буйрук өзүнө, катардын алдында же чогулушта, ал эми кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жаза чарасы аларга баш ийген кызматкерлер жок учурда, өздүк ишине сөзсүз жазуу менен жарыяланат.
Сыйлоо чарасы баңги заттарды контролдоо боюнча органдын айрым кызматкерине карата да, бөлүмчөнүн бүткүл өздүк курамына карата да колдонулушу мүмкүн.
Бир эле айырмалангандык үчүн кызматкерге бир гана сыйлоо чарасы жарыяланышы мүмкүн.
Сыйлоо чарасын аныктоодо кызматкердин ээлеген кызмат орду боюнча өтөгөн кызматынын мүнөзү же артыкчылыгы, ошондой эле анын кызматка мурдагы мамилеси эске алынат.
26. Сыйлоо - ысмы жазылган курал менен сыйлоо кызматтык милдетин аткарууда эрдик, кайраттуулук жана аянбастык көрсөткөн, операциялык-кызматтык иште жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен өзгөчө айырмаланган офицерлерге жана Кыргыз Республикасына өтөгөн өзгөчө кызматы үчүн ардактуу сыйлык болуп эсептелет.
Ысмы жазылган миздүү менен сыйлоо "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
Ысмы жазылган куралда тийиштүү жазуудан тышкары сыйланган адамдын атайын наамы, аты-жөнү көрсөтүлөт. Жазуу куралдын өзүнө же металл пластинкага жазылып, ал куралга, кынга же кобурага чапталат.
27. Тартиптик жаза жасалган тартип бузууга жана күнөөсүнүн даражасына ылайык болууга тийиш. Жазанын түрүн жана ченемин аныктоодо: тартип бузуунун мүнөзү, тартип бузуу жасалган жагдай, тартип бузуучунун ал тартип бузууга карата катышы, айыптуунун мурдагы жүрүм-туруму, анын кызматка болгон мамилеси, кызматта болгон убактысы жана ченемдик актыларды жана кызмат өтөөнүн эрежелерин билүү деңгээли эске алынат. Бир эле тартип бузуу үчүн бир нече тартиптик жаза колдонууга же бир жазаны башкасы менен бириктирүүгө, күнөөлүүлөрдүн өздөрүн жазалоонун ордуна бөлүмдүн бүткүл өздүк курамына жаза колдонууга тыюу салынат.
Өзүнө берилген тартиптик бийликти ашыкча колдонгон адам ал үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кызматкер мурда берилген жаза алына электе кайрадан тартип бузса же тартип бузуу кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жасалса начальник катуураак тартиптик жаза колдонот.
Тартиптик жаза колдонуу жөнүндө чечим кабыл алаардан мурда кызматтык териштирүү же текшерүү жүргүзүлүүгө тийиш. Ал күнөөлүү адамдарды аныктоо жана тартип бузууга шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо максатында жүргүзүлөт.
Тартиптик жазаны жарыялаганда жаза колдонуунун себеби жана кызматтык тартипти бузуу эмнеде экендиги көрсөтүлөт.
Баш ийүүдөгү адамга кызматтык милдеттерин эскертүүдө же тартиптик жаза берүүдө начальникке баш ийүүдөгү адамдын адамдык баркын басынтышына же оройлук кылышына тыюу салынат.
Эгер тартип бузуу кызматкер ооруп жаткан, өргүүдө же командировкада жүргөн учурда жасалбаса, тартиптик жаза кызматкер ооруп жаткан же өргүүдө же командировкада жүргөн учурда берилиши мүмкүн эмес.
28. Бир нече адам тартип бузса, тартиптик жаза алардын ар бирине өз-өзүнчө берилет.
29. Кызматтык тартип бузууну коомдук уяткаруу максатында кызматкерлердин тартип бузуулары начальниктин чечими боюнча офицердик курамдын абийир сотунда жана кенже, орто жетекчи курамдын абийир сотунда, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдын этика маселеси боюнча комиссиясында каралышы мүмкүн.
30. Тартиптик жаза: эскертүү, сөгүш - оозеки же буйрук менен жарыяланышы мүмкүн. Калган жазалар буйрук менен жарыяланат. Буйрук менен берилген тартиптик жазалар буйрук менен гана алынышы мүмкүн. Берилген тартиптик жаза жөнүндө баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин өзүнө, катарда же чогулушта жарыяланат.
31. Тартиптик жаза - кызматка толук ылайык эместиги жөнүндө эскертүү, кызматкер ээлеген штаттык кызмат орунда турган учурда жыл ичинде бир жолу колдонулат.
32. Кызмат ордун кичирейтүү, кызматынан бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза башка жаза чаралары күнөөлүүгө тийиштүү таасир этпеген учурда колдонулат.
Кадрдын карамагында турган кызматкерлер жетекчиликтен кошумча көрсөтмө алуу үчүн кызмат өтөгөн жерине күн сайын келип турууга тийиш.
33. Кызматкерлерди баңги заттарды контролдоо боюнча органдан бошотуу тартиптик жазанын эң жогорку чарасы болуп эсептелет жана тартипти дайым бузгандык (кызматкер мурда берилген тартиптик жазаны алуу мөөнөтү бүтө электе тартип бузса) же баңги заттарды контролдоо боюнча органда иштөө менен айкашпоочу тартип бузганы үчүн же соттун чечиминин негизинде колдонулушу мүмкүн.
34. Тартиптик жаза ошол тартип бузуу аныкталганда, бирок ал аныкталган күндөн баштап бир айдан кеч эмес, ал эми кызматтык териштирүү же текшерүү жүргүзүлгөн же кылмыштык иш козголгон учурда да - кызматтык териштирүү же текшерүү аяктагандан же кылмыштык иш токтотулгандан кийин бир айдан кечиктирилбестен, күнөөлүүнүн ооруган, же өргүүдө же иш сапарында жүргөн учурун эсепке кошпостон берилүүгө тийиш. Этика боюнча комиссиянын, абийир сотунун сунушу боюнча тартиптик жаза чечим түшкөндөн кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
Эгер тартип бузуу жасалган күндөн алты айдан ашык убакыт өтсө тартиптик жаза берилүүгө тийиш эмес.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерине нөөмөт учурунда жасалган тартип бузуу үчүн тартиптик жаза нөөмөт тапшырылгандан же башка адамдар менен алмаштырылгандан кийин гана берилет.
35. Органдын (бөлүмчөнүн) коллегиясынын жана оперативдүү кеңешмесинин сыйлоо же тартиптик жаза берүү жөнүндө чечимдери буйруктар менен жарыяланат.
36. Кечиктирүүгө болбоочу өзгөчө учурларда баңги заттарды контролдоо органынын тартип бузган кызматкерин ал кызмат боюнча баш ийген начальниги кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетиши мүмкүн.
37. Мас абалдагы күнөөлүүгө тартиптик жаза берүү, ошондой эле андан түшүнүк алуу ал соолукканга чейин кийинкиге калтырылат, мындай учурда баңги заттарды контролдоо органынын кызматкери кызматтык териштирүү аяктаганга чейин кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилет.
Кызматкерде алкоголь же наркотик каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды колдонгондун белгилери аныкталган учурда жетекчилик андайды тактоо үчүн тийиштүү медициналык мекемеге жиберет.
38. Кызматкерге буйрук менен берилген тартиптик жаза (эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш) эгер ал жаза берилгенден кийин бир жыл бою жаңы тартиптик жаза берилбесе алынды деп эсептелет, ал эми оозеки жаза бир ай өткөндөн кийин алынды деп эсептелет.
Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш сыяктуу тартиптик жазасы бар кызматкерлерге сыйлоо чарасы катары жазаны мөөнөтүнөн мурда жоюу колдонулат, бирок эскертүү - 1 ай, сөгүш, катуу сөгүш - 3 ай, ал эми кызматка толук ылайыксыздыгы жөнүндө эскертүү 6 айдан кем эмес мөөнөттөн кийин алынат.
39. Сыйлоо катары тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда жоюу аны берген, ага тең же түздөн-түз жогорку начальник тарабынан ишке ашырылат.
Улук начальник берген тартиптик жазаны жоюу үчүн түздөн-түз начальниги жогору турган начальникке тийиштүү өтүнүч менен кайрылат.
40. Оозеки берилгенден башка тартиптик жаза буйрук менен жоюлат, ал жөнүндө кызыкдар адамдын өзүнө, катарда турушканда же чогулушта айтылат.
Жазанын өзүнөн-өзү жоюлушу берилген учурдан тартып бир жылдан кийин ишке ашат жана жазуу жүзүндө ырасталбайт.
41. Кызматынан төмөндөтүү түрүндө тартиптик жаза берилген кызматкерди кызматтан жогорулатуу же кезектеги атайын наам ыйгаруу жөнүндө маселе ал жаза жоюлганга чейин каралбайт.
42. Оозеки жарыялангандан башка бардык сыйлоолор жана тартиптик жазалар аныкталган тартипте эсепке алынууга тийиш.
7. Сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды берүү тартиби
43. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ар бир кызматкери начальниктердин ага карата мыйзамсыз же адилетсиз иштери, кызмат боюнча белгиленген укуктары же артыкчылыктары бузулганы же тиешелүү үлүшкө канааттанбаганы жөнүндө билдирме берүүгө укуктуу.
44. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери иште мыйзам бузулганын, кыянат пайдаланууларды, кемчиликтерди же баңги заттарды контролдоо органынын ишине терс таасир этүүчү башка катачылыктарды көрсө ал жөнүндө инстанцияларга билдирүүгө же жогору турган начальникке - Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо боюнча органынын төрагасына чейин сунуш билдирме же арыз берүүгө милдеттүү.
45. Сунуштарда, арыздарда жана даттанууларда коюлган маселелерди чечүүгө тиешеси жок начальник аларды үч күндөн кечиктирбестен тийиштүү жакка жиберет, ал жөнүндө арыз ээсине билдирет, эгер ал өзү келген болсо, кайда барыш керектигин түшүндүрөт.
Арыздарды үстүнөн даттанылып жаткан начальниктердин кароосуна жиберүүгө тыюу салынат.
46. Кызматкерлердин даттанууну арыз берүүсүнө бөгөт коюуга жана ал үчүн жазалоого, куугунтуктоого же кызматта кысым көрсөтүүгө тыюу салынат.
Сунуш, билдирме жана арыз бергени үчүн баш ийген кызматкерге карата мыйзамсыз же адилетсиз иштерди жасаган начальник эгер анын аракети кылмыштык жоопкерчиликке кириптер кылбаса, анда тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
47. Билдирмелер жана даттануулар бир айга чейинки мөөнөттө, ал эми кошумча изилдөөнү жана текшерүүнү талап кылбагандары - дароо чечилет.
Билдирмени же даттанууну чечүү үчүн атайын текшерүү жүргүзүү, кошумча материалдарды алдыруу же башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда билдирмени жана даттанууну чечүү мөөнөтү органдын начальниги же анын орун басары тарабынан өзгөчө тартипте бир айдан ашык эмес мөөнөткө узартылып, ал жөнүндө рапорт же даттануу берген адамга билдирилет.
Кошумча изилдөөнү талап кылгандан башка сунуштар бир айга чейинки мөөнөттө каралат.
48. Эгер коюлган бардык маселелер каралса, алар боюнча зарыл чаралар көрүлсө жана мыйзамга ылайык толук жооп берилсе, сунуштар, билдирмелер жана даттануулар чечилди деп эсептелет.
Сунушта (билдирмеде, даттанууда) баяндалган маселени канааттандыруудан баш тартылганы аны берген кызматкерге жазуу жүзүндө же жеке кабыл алууда ченемдик актыларга шилтеме жасоо менен, баш тартуунун себептерин көрсөтүп, ошондой эле чыгарылган чечимге даттануунун тартибин түшүндүрүү менен кабарланат.
49. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын атайылап жалган билдирме же арыз берген кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын Тартиптик уставына тиркеме |
Баңги заттарды контролдоо боюнча органынын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин сыйлоо жана тартиптик жаза берүү боюнча укуктарынын ТИЗМЕСИ
┌─────────────────────┬───────────────────────────────────────────────┐
│Начальниктин кызмат │ Начальниктердин тартиптик укуктары │
│ордунун аталышы ├───────────────────────┬───────────────────────┤
│ │ сыйлоо боюнча │ тартиптик жаза берүү │
│ │ │ боюнча │
├─────────────────────┼───────────────────────┼───────────────────────┤
│Бөлүмчөнүн, (топтун) │Өзү мурда берген │Эскертүү берүү (оозеки)│
│начальниги │тартиптик жазаларды │ │
│ │алып салуу, алкыш │ │
│ │жарыялоо (оозеки) │ │
├─────────────────────┼───────────────────────┼───────────────────────┤
│Бөлүмдүн начальниги, │Өзү мурда берген │Эскертүү, сөгүш берүү │
│бөлүмдүн │тартиптик жазаларды │(оозеки) │
│начальнигинин орун │алып салуу, алкыш │ │
│басары │жарыялоо (оозеки) │ │
├─────────────────────┼───────────────────────┼───────────────────────┤
│Баңги заттарды │Өзү мурда берген │Эскертүү, сөгүш берүү │
│контролдоо боюнча │тартиптик жазаларды │(оозеки), Тартиптик │
│органынын │алып салуу, алкыш │уставда каралган │
│башкармалыгынын, │жарыялоо (оозеки), │жазалардын башка │
│кызматынын, │Тартиптик уставда │түрлөрүн колдонуу │
│өз алдынча бөлүмүнүн │каралган сыйлоонун │боюнча сунуш киргизүү │
│начальниги │башка түрлөрүн │ │
│(командири), │колдонууга өтүнүч берүү│ │
│начальниктин орун │ │ │
│басары │ │ │
├─────────────────────┼───────────────────────┼───────────────────────┤
│Аймактык │Өзү мурда берген │Эскертүү, сөгүш, катуу │
│башкармалыктын │тартиптик жазаларды │сөгүш берүү, Тартиптик │
│начальниги │алып салуу, алкыш │уставда каралган │
│(командири), │жарыялоо, Тартиптик │жазалардын башка │
│начальниктин орун │уставда каралган │түрлөрүн колдонуу │
│басары │сыйлоонун башка │боюнча сунуш киргизүү │
│ │түрлөрүн колдонууга │ │
│ │өтүнүч берүү │ │
├─────────────────────┼───────────────────────┼───────────────────────┤
│Төраганын орун │Мурда берилген │Эскертүү, сөгүш, катуу │
│басарлары │тартиптик жазаларды │сөгүш берүү, кызматка │
│ │алып салуу, алкыш │толук ылайык эместиги │
│ │жарыялоо, Тартиптик │тууралуу эскертүү, │
│ │уставда каралган колдоо│Тартиптик уставда │
│ │көрсөтүүнүн башка │каралган жазалардын │
│ │түрлөрүн колдонууга │башка түрлөрүн колдонуу│
│ │өтүнүч берүү │боюнча сунуш киргизүү │
├─────────────────────┼───────────────────────┴───────────────────────┤
│Төрага │Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын │
│ │бардык кызматкерлерине карата сыйлоо жана │
│ │тартиптик жаза берүү укугун Тартиптик уставдын │
│ │толук көлөмүндө пайдаланат │
└─────────────────────┴───────────────────────────────────────────────┘
Эскертүү: төш белги менен сыйлоо, атайын наам ыйгаруу жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын башка сыйлыктары түрүндө сыйлоо жана ушул белгилерден ажыратуу түрүндө тартиптик жаза берүү төш белги, башка сыйлыктар жөнүндө тиешелүү жоболордо жана ушул Тартиптик уставда каралган тартипте жүргүзүлөт.