Загрузка документа…
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомунун
редакциясына ылайык)
6. Департаменттин ишин уюштуруу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти (мындан ары Департамент) өз ишин долбоорлоо жана сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү жаатында ишке ашырат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, өзүнө бекитилген мүлктөргө оперативдүү башкарууну жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жана аларды тескөө укугуна ээ.
4. Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик экспертиза департаментинин укуктук мураскери болуп эсептелет.
5. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
6. Департаменттин толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертизалоо департаменти";
расмий тилде: "Департамент государственной экспертизы при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департаменттин максаты
7. Департаменттин максаты кыймылсыз мүлктү курууда жана башка өзгөртүү киргизүүдө (турган кыймылсыз мүлк объектилерин көлөмдүк-пландоо жана конструктивдик чечимдерин өзгөртүү менен реконструкциялоо, багытын өзгөртүү жана кайра пландоо) сапатын жана долбоорлоо-сметалык документтердин ченемдик талаптарга шайкештигин камсыз кылуу.
3. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- шаар куруу, архитектура жана курулуш тармагындагы техникалык регламенттердин талаптарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын сактоо боюнча курулуш объектилерин долбоорлоо жаатында техникалык саясатты ишке ашыруу;
- долбоорлоо жана долбоорлоо-сметалык документтердин долбоорлоо ченемдерине жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештигине, электрэнергиясын үнөмдөө боюнча долбоордук чечимдерге, иштелип чыккан ченемдик техникалык документтерге, инженердик, транспорттук, социалдык инфраструктуранын, аймактарды көрктөндүрүү долбоорлоруна жана схемаларына, долбоордук-конструктордук жана техникалык иштеп чыгууларга экспертиза жүргүзүү;
- долбоорлордун сапатын жана келечекте курулуучу объекттердин техника-экономикалык шартын аныктоо.
4. Департаменттин функциялары
9. Департамент төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- долбоорлоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- тийиштүү шаар куруу документтерин иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
2) жөнгө салуу функциялары:
- долбоорлоо-сметалык документтеринин долбоорлоо ченемдерине жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештигине белгиленген тартипте экспертиза жүргүзүү;
- бекемдигин, бышыктыгын, туруктуулугун, узакка чыдамдуулугун эске алуу менен долбоорлук чечимдерде нормативдик-техникалык жер титирөөгө туруктуулукту камсыз кылуу;
- курулуш аянтынын жер титирөөгө туруктуулугуна жараша сейсмикалык таасирлерге эсептелген имараттарды жана курулмаларды, курулуш конструкцияларын жана анын элементтерин долбоорлоо ченемдеринин сакталышын текшерүү;
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын кыймылсыз мүлк объекттерине экспертиза жүргүзүү жана наркын баалоону рецензиялоо;
3) контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана координациялоо функциялары:
- долбоорлордун көлөмдүк-пландоо жана архитектуралык-көркөм чечимине талдоо жүргүзүү, илимий-техникалык жетишкендиктерди эсепке алуу жана курулуш тармагындагы конструкцияларга, буюмдарга, материалдарга, алардын даярдоого, чогултууга жана монтаждоого, инженердик жабдууга жана жайлуулук деңгээлине, инженерлик түйүндөр жана коммуникациялар менен камсыздоого, курулушту уюштуруу долбоорлорунун натыйжалуулугуна колдонуу, негизги жана принциптик позициялар боюнча ар бир курулуп жаткан объектке техникалык-экономикалык талдоо жүргүзүү;
- долбоорлордун сапат маселелери боюнча долбоорлордун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн, каралып жаткан объекттердеги капиталдык салымдарды колдонуунун натыйжалуулугун, чыгармачылык жетишкендиктерди анализдөө жана авторлордун, долбоорлоо институттарынын, башка юридикалык жана жеке тараптардын ишкердигин баалоо;
- реалдуу-критикалык эксплуатациялык шарттарда имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле имараттардын, курулмалардын, курулуш конструкцияларынын өзгөчө жооптуу бөлүктөрүнүн айрым элементтеринин, анын ичинде чоң узундуктагы асма конструкциялардын, чоң узундукка созулган консолдук элементтердин, пландагы кичине өлчөмдүү бийик курулмалардын, табигый коррозияга чалдыгышын эсепке алуу менен ачык металлдан жасалган бөлүкчөлөрүнүн жана ширетилген бирикмелеринин инженердик-техникалык эсептөөлөрүнүн тууралыгын текшерүү;
- технологиянын өзгөчөлүгүн жана курулуштук өндүрүштү уюштурууну эске алуу менен курулуш монтаждоо иштеринин бардык негизги түрлөрүнүн эсептик сыйымдуулугун жана каралуучу объекттин курулушунун узактык мөөнөтүн текшерүү;
- жер кыртышынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун (чегүү, нымдуулугу жана башка өзгөчө кооптуу кыртыштык шарттар) текшерүү;
- имараттарга жана курулмаларга техникалык-экономикалык баалоо жүргүзүү.
Департаменттин корутундусу баардык заказ берүүчүлөр, долбоорлоо институттары, долбоордун авторлору, подрядчылардын аткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат.
5. Департаменттин укуктары
10. Департаменттин төмөнкү укуктарга ээ:
- Департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан зарыл материалдарды жана маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарынын чегинде соттордо доогер жана/же жооп берүүчү катары өз атынан чыгууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды тартууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешүүчү органдарды (кеңештер, комиссиялар, топтор) түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- долбоорлоо уюмдары жана заказ берүүчүлөр милдеттүү түрдө аткарууга тийиш, керектүү учурда, оптималдуу долбоорлук чечимди тандоо үчүн татаал курулуш конструкциядагы жана татаал техникалык процесстеги ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын долбоорлоруна (же долбоордун бир бөлүктөрүнө) кошумча түрлөрүн иштеп чыгуу үчүн КРӨМАга сунуш киргизүүгө;
- долбоорлордун сапатын баалоонун негизинде бекемдүүлүктү камсыздоо, көтөрүү жөндөмдүүлүгү, туруктуулугу, жер титирөөгө туруктуулугу, узакка чыдамдуулугу, курулуштук жылуулугу, архитектура жана шаар куруу, технологиялар, инженердик түйүндөр жана жабдууларды камсыздоо, капиталдык салымды колдонуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларын бузгандарга карата айкын чараларды көрүү жөнүндө Департаменттин корутундусун КРӨМАга жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
6. Департаментт
ин ишин уюштуруу
11. Департаментти КРӨМАнын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
12. Директорунун орун басары болот. Директордун орун басары Департаменттин директорунун сунушу боюнча КРӨМАнын директору тарабынан кызматка дайындалат. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
13. Директор:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана аткарылган милдеттер жана функциялар үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Департаменттин финансы-экономикалык абалына жараша кызматкерлердин эмгек маянасына үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү белгилейт.
- айрым иштерди аткаруу үчүн эмгек келишимдерин жана макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Департаменттин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет, бул Жободо белгиленген функцияларды ишке ашырууга керектүү иш кагаздарга кол коет;
- ишеним катсыз Департаменттин атынан иш жүргүзөт, республиканын баардык уюмдарында жана мамлекеттик органдарында Департаменттин кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- мүлктөрдү жана финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерин кабыл алат жана финансы-чарбалык иштерге толук жоопкерчилик тартат;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жаза колдонот;
- Департаменттин алдында аймактык түзүмдөр уюшулган учурда, алар жөнүндө жобону КРӨМАга бекитүүгө берет.
7. Департаменттин мүлкү
14. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Департаменттин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
15. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
16. Департаментти өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.