Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-майы № 289/5/1
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө
Өлкөдө накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр деңгээлинин оптималдуу катышын, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программа (экинчи этап) (мындан ары - Мамлекеттик программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Мамлекеттик программанын иш-чараларын ишке ашырууну камсыз кылышсын.
3. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө тейлеген багыттары боюнча иш-чаралардын пландарын Мамлекеттик программага ылайык иштеп чыгышсын жана белгиленген тартипте бекитишсин жана аларды аткарууга киришсин;
- квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жыйынтыкталган маалыматты берип турушсун;
- иш-чаралардын өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы үчүн жетекчилер жеке жооптуу боло тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын бардык аймагында төлөмдөрдүн накталай эмес формада ишке ашырылышы боюнча төлөм системасынын инфраструктураларын кеңейтүү жагында коммерциялык банктарга көмөктөшсүн;
- Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жарым жыл сайын берип турууну камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын бардык аймагында төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу боюнча инфраструктураны кеңейтүүнү жигердүү ишке ашыруу;
- социалдык долбоорлордун алкагында калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоону артыкчылыктуу негизде ишке ашыруу;
- социалдык долбоорлорду тейлөө жана утурумдук чекене төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча тариф саясатын түзүүдө дифференцияланган ыкманы колдонуу.
6. Калкка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган ишканаларга төмөнкүлөр сунушталсын:
- калктын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн утурумдук төлөмдөрдү накталай эмес төлөөнүн ар кандай формаларын жана каражаттарын колдонуу менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
- калкка кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес эсептешүүлөр мүмкүнчүлүгүн сунуштоо максатында Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары менен өз ара натыйжалуу мамилени түзүү, анын ичинде маалыматтарды электрондук алмашуу ыкмасын пайдалануу.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 токтомуна ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча ведомстволор аралык комиссия Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруу боюнча ишти координациялоону камсыз кылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга
МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММА
Максаты жана милдеттери
Финансылык жактан камсыз кылуу (каржылоонун көлөмдөрү жана булактары)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2003-2008-жылдар аралыгында коммерциялык банктар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын төлөм системасын реформалоо боюнча иш-чараларды жүргүзгөн жана учурда төмөнкү төлөм системалары иш алып барышууда.
1. Майда, чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы - майда жана чекене банктар аралык төлөмдөрдү иштеп чыгуу үчүн арналган. Системада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү, системанын катышуучуларынын милдеттенмелерин өз ара чегерүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Система 2006-жылдын октябрында колдонууга кабыл алынган.
2. Банктар аралык бирдиктүү процессинг борбору (мындан ары - ББПБ) - Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын бирден бир оператору болуп саналат. ББПБ банктык төлөм карттарды (банкоматтарды, ПОС-терминалдарды) пайдалануу менен ишке ашырылган транзакцияларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча өнүккөн инфраструктурага ээ. Бул система чекене кызмат көрсөтүүлөр рыногунда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөр боюнча функцияларды аткарууга, ошондой эле эмгек акы долбоорлорун ишке ашыруу үчүн багытталган, бул накталай эсептешүүлөргө болгон муктаждыкты кыскартууга жана бардык жерде кирешеси анчалык көп эмес калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн (накталай акчаларды алуу, төлөмдөрдү жүргүзүү, кыска мөөнөттүү кредиттер) кеңири пайдаланышын "Элкарт" төлөм картын колдонуу аркылуу кеңейтүүгө өбөлгө түзүүгө тийиш. Бул система 2006-жылдын декабрь айында пайдаланууга кабыл алынган.
3. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн реалдуу убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы - финансы рынокторунда бүтүмдөр жана башка ири төлөмдөр боюнча ыкчам жана акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. Система анын катышуучуларынын Кыргызстан Банкында ачылган корреспонденттик (утурумдук) эсептери боюнча акча каражаттарын эсептен алып салуу жана чегерүү аркылуу ар бир жеке төлөм боюнча оперативдүү акыркы эсептешүүнү камсыз кылат. Бул система 2008-жылы июнда пайдаланууга берилген.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктар менен биргеликте азыркы учурга карата жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнүн жалпы мамлекеттик деңгээлдеги заманбап ыкмаларын жана формаларын сунуштоону камсыз кылды.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4
токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тарабынан Мамлекеттик программаны аткаруунун натыйжалары боюнча талдоо жүргүзүлгөн.
2012-жылдын 1-январына карата абал боюнча:
- жүгүртүүдөгү акчалардын жалпы суммасы 49,9 млрд. сомду түзгөн;
- банктардан тышкаркы акчалар 47,2 млрд. сомду түзгөн;
- коммерциялык банктарда 2,2 млрд. сом же жүгүртүүдөгү акчалардын жалпы суммасынын 4,4% болгон;
- банктык эсептердин саны: 109904 - юридикалык жактардыкы, 691198 - жеке адамдардыкы;
- банктар аралык системалар боюнча накталай эмес төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 2011-жыл үчүн 585,1 млрд. сомду түзгөн;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мекемелеринин кассаларынан коммерциялык банктарга берилген накталай акча каражаттары менен жүзөгө ашырылган эмгек акыны, пенсияларды, жөлөкпулдарды төлөөлөр жана бюджетке түшүүлөр 2011-жыл үчүн 107,4 млрд. сомду түзгөн.
- эмитирленген төлөм карттарынын жалпы саны 2011-жылдын 1-январына карата 271,1 миң картты түзгөн, алардын ичинен "Элкарт" улуттук картынын жүгүртүүдөгү саны 51902 болгон;
- банктык төлөм карттар республиканын бардык аймактары боюнча жалпыга ыңгайлуу жерлерде орнотулган 460 банкоматта жана 2022 терминалда кабыл алынган, алардын ичинен улуттук системанын алкагында коммерциялык банктардын филиалдарында жана аманат кассаларында орнотулган 164 банкомат, 448 касса терминалдары жана соода жана сервис ишканаларында орнотулган 226 соода терминалдары иштеген.
Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде Ведомстволор аралык комиссия эсептешүүлөрдүн накталай эмес формаларына суроо-талапты жогорулатууга жана мамлекеттик бюджеттин акча каражаттарынын жылышынын ачык-айкындыгын камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каралган каражаттарды накталай эмес формада жыйноого жана берүүгө өтүүгө багытталган Мамлекеттик программа тарабынан пландаштырылган төмөнкү иш-чаралардын негизги көлөмү аткарылган эмес деген тыянакка келген:
- бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акыларды төлөөгө өтүү Бишкек шаары боюнча гана, негизинен мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана ишке ашырылган;
- пенсионерлердин жеке эсептерине каражаттарды чегерүү аркылуу пенсияларды накталай эмес формада төлөө алардын 13% үчүн гана жүзөгө ашырылууда;
- бюджеттен жөлөкпулдарды төлөө дээрлик 100% накталай формасында жүзөгө ашырылат;
- бюджетке төлөмдөрдү жыйноо (салыктык түшүүлөр, бажы алымдары, камсыздандыруу төлөмдөрү ж.б.) накталай акча каражаттарын банктардын жер-жерлерде ачылган кассаларына төлөө аркылуу же болбосо ошол уюмдардын ички кассалары аркылуу жүзөгө ашырылат. Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын банктардагы эсептешүү эсептеринен бюджетке төлөмдөрдүн пайызы бюджетке төлөмдөрдүн жалпы санынын 20% ашпаган чекте катталат;
- банктык төлөм карттардын эмиссиясынын көлөмү потенциалдуу кардарлардын 8,7% камтыйт. Мында, бүгүнкү күнгө карата чекене төлөмдөр рыногун калк үчүн банктык эсептерди тескөөнүн кыйла натыйжалуу инструменти болуп саналган төлөм карттары аркылуу камтуу өтө эле аз жана экономикадагы чекене төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнүн 0,001% гана түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2002-жылдын 31-декабрындагы № 916 токтому менен бекитилген Мамлекеттик программанын иш-чараларынын аткарылбай калышы төмөнкү жагдайларга шартталган.
Биринчиден, министрликтердин жана административдик ведомстволордун, бюджеттик уюмдардын бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери менен болгон сыяктуу эле, калк менен өз ара мамилелери да эсептешүүлөрдүн накталай эмес формасына өтүү боюнча жигердүүлүгүнүн жетишсиздиги жана аткаруучулук тартиптин төмөндүгү болуп саналат. Алгач, Мамлекеттик программада иш-чараларды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу кыйынчылык туудурган. Ички эсептик системалардын начар автоматташтырылгандыгынан жана банк менен калктын төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурундагы өз ара аракеттеринин электрондук ыкмаларына өткөндүгүнөн улам, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыкты кошо алганда, министрликтер жана ведомстволор иш-чараларды ыкчам аткарууга даяр эмес эле. Ар бир бюджеттик уюмдун ичинде акча каражаттарынын кыймылын эсепке алуу боюнча автоматташтыруунун деңгээлинин жана анын банк менен өз ара иш алып баруусунун жогорулашы бюджет каражаттарынан кошумча каржылоону талап кылган. Ошондой болсо да, объективдүү себептерден улам, мамлекеттик бюджеттин чектелүүсүн кошо алганда бул иш-чараларды ишке ашыруу бюджеттик уюмдар үчүн гана эмес Борбордук казыналык үчүн да маанилүү болгон эмес.
Экинчиден, накталай эмес төлөмдөрү кабыл алуу боюнча инфраструктуранын жеткиликсиз өнүгүүсү жана коммерциялык банктарга сунушталуучу банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү боюнча натыйжалуу эмес тарифтик саясат болгон. Накталай эмес формада төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүү коммерциялык банктардан олуттуу финансылык салымдарды талап кылат (анын ичинде ички маалыматтык системаларды модернизациялоого да). Ошондой болсо да, накталай эмес формадагы эсептешүүлөрдү кошо алганда, банктык кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап бюджеттик уюмдар тарабынан сыяктуу эле, жеке сектор тарабынан да жеткиликтүү деңгээлде болбогондуктан, коммерциялык банктар республиканын алыс аймактарында иш алып баруусун чектешүүдө. Банктардын кошумча бөлүмдөрүн түзүү, коопсуз финансылык операциялар менен камсыз кылуу жана пруденциалдык көзөмөлдөө талаптарын аткаруу зарылчылыгына байланыштуу банктар үчүн чыгашалуу болуп саналат. Ушундан улам, Мамлекеттик программанын талаптарына карабастан, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн аймактарга таралышы жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн калктын пайдалануу мүмкүнчүлүгү дале болсо төмөн деңгээлде калууда.
Үчүнчүдөн, соода ишканаларынын жабдууларды орнотууга жана банктарда эсептешүү эсептерин ачууга кызыкпагандыгы менен шартталган, соода жана сервис системасында накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча инфраструктуранын жеткиликсиз өнүгүүсү болуп саналат. Жеке коммерциялык уюмдар жана ишкерлер тарабынан товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдү накталай эмес формада кабыл алууда кызыкпагандыгына байланыштуу, банктык кызмат көрсөтүүлөрүнүн, анын ичинде банктык төлөм карттардын өнүгүүсү калайык-калк ичинде анчалык натыйжалуу эмес, анткени банктык төлөм карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялардын - накталай акчаларды алуунун 95% жакыны банкоматтардан же банктардын кассалары аркылуу жүзөгө ашырылат. Статистика көрсөткөндөй, негизги эсептешүүлөр калкта банктык төлөм карттардын бар экендигине карабастан, накталай акча каражаттары аркылуу жүргүзүлүүдө. Соода жана сервис ишканаларын кассаларында терминалдарды орнотууга (белгилүү бир деңгээлде колдонулуучу же белгилүү бир соода же өндүрүштүк аянты менен) же төлөөлөрдү башка накталай эмес түрдө кабыл алууга милдеттендирүүчү механизм иштелип чыкмайынча, калк үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана банктык төлөм карттарды өркүндөтүү жана төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу инфраструктурасын өнүктүрүү кыйынга турат.
Төртүнчүдөн, калайык-калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу боюнча маданий деңгээли төмөн. Калктын 10% ашпаган бөлүгү гана банктык эсепке ээ. Мунун негизги себептеринин бири - бюджеттик кызматкерлерди кошо алганда, көпчүлүк калктын киреше деңгээлинин төмөндүгү, бул алардын каражат топтоосуна жана ал максаттар үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануусуна өбөлгө түзбөйт. Калктын басымдуу бөлүгү накталай акча каражаттары менен эсептешүүлөрдү туура көрүшөт. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу, каражаттарды накталай эмес эсептешүүлөр аркылуу тартууну жогорулатуу, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу боюнча маданияттын деңгээлин арттыруу да коммерциялык банктардан гана эмес, мамлекеттик уюмдардан да финансылык сарптоолорду талап кылат.
Бешинчиден, 2008-жылы Мамлекеттик программанын аракети токтотулгандан тартып контролдуктун натыйжалуу эмес болушу жана координацияланган аракеттердин жок болушу. Мамлекеттик программанын мөөнөтү 2008-жылдын акырына чейин чектелгендигине карабастан, ал программадагы иш-чараларды аткаруу мөөнөтү боюнча борбордук аймактарда бара-бара өткөрүүнү жүзөгө ашыруунун объективдүү зарылчылыгына байланыштуу, программа расмий түрдө аяктагандан кийин да иштерди улантуу каралган. Бул облусттук борборлордун жана аймактардын реформаларды жүргүзүүгө жана маалымат технологияларын, электрондук документ жүгүртүүнү жана төлөмдөрдү накталай эмес формада жүргүзүүнүн инновациялык формаларын жана ыкмаларын пайдаланууга даярдыгынын ар кандай деңгээлдери боюнча объективдүү шарттар бар экендиги менен шартталат.
Ошентип, Накталай эмес төлөмдөр системасын колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн натыйжалуу өткөрүлүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны түзүү боюнча 2003-2008-жылдарга каралган иш-чаралардын мамлекеттик программасы экономикада накталай эмес төлөмдөргө суроо-талапты камсыз кылуу жана бюджеттик каражаттардын кыймылынын ачык-айкындыгын, ошондой эле бүтүндөй алганда экономикада натыйжалуу акча жүгүртүлүшүн камсыз кылуу жагында толук көлөмдө аткарылган эмес.
Максаты жана милдеттери
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программанын (мындан ары - 2012-2017-жылдарга Мамлекеттик программа) максаты накталай жана накталай эмес акча жүгүртүлүшүнүн оптималдуу катышына жетишүү, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү үчүн чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү аркылуу банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жайылтылышы деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында чекене жана утурумдук төлөмдөрдү кабыл алууну жана тейлөөнү камсыз кылууга жөндөмдүү инфраструктураны кеңейтүү болуп саналат.
Негизги милдеттер:
1. Республиканын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн финансылык агымдардын ачык-айкындыгын камсыз кылуунун, бюджеттик төлөмдөр системасына контролдукту арттыруунун, ошондой эле салыктык жана башка акча каражаттарынын коммерциялык банктар аркылуу өз убагында бюджетке түшүүсү аркылуу натыйжалуу пландаштыруу үчүн шарттар менен камсыз кылуу. Акча каражаттарынын жүгүртүлүшүнө контролдукту күчөтүү жана накталай акчалардын көмүскө жүгүртүлүшүн азайтуу.
2. Төлөөчү ишканалар жана чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан камсыздандыруу суммаларынын өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүшүн камсыз кылган механизмдерди түзүү. Социалдык камсыздандыруу жагында пенсияларга жана жөлөкпулдарга сарптоолорду кыскартуу.
3. Борбордо жана региондордо эмгек акылардын, пенсиялардын, стипендиялардын, мамлекеттик жөлөкпулдардын ж.б. өз убагында төлөнүшү үчүн механизмдерди иштеп чыгуу жана шарттар менен камсыз кылуу. Турак-жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча утурумдук төлөмдөрдү жыйноо процессин оптималдаштыруу. Накталай эмес төлөмдөрдү коммерциялык банктагы эсеп аркылуу өткөрүүдө жеңилдиктерди жана жөлөкпулдарды сунуштоо процессин жөнгө салуунун эсебинен калкты социалдык жактан тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу.
4. Соода жана сервистик түйүндөрдө, турак-жай коммуналдык чарбаларда калктын тиричилик жактан тейлөө чөйрөсүндө жана социалдык жактан коргоого алынышын камсыз кылуу системасында накталай эмес эсептешүүлөргө өтүү үчүн шарттарды/механизмдерди түзүү аркылуу Кыргыз Республикасындагы накталай эсептешүүлөрдүн үлүшүн кыскартуу. Төлөмдөрдү натыйжалуу иштеп чыгуу, бирдиктүү коддорду жана классификаторлорду пайдалануу жолу менен төлөмдөрдүн агымын идентификациялоо, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өткөрүүдө тобокелдиктерди басаңдатуу, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу.
5. Накталай эмес төлөмдөр боюнча инфраструктураны кеңейтүү жана калктын бюджеттик, чекене жана утурумдук төлөмдөрүн өткөрүүдө улуттук валютадагы төлөм карттарын пайдалануу аркылуу реалдуу сектордо ишкердикти өнүктүрүүнүн шарттарын түзүү. Банк тутумунда калкты, соода-сервистик ишканаларды тейлөө боюнча бирдиктүү "төлөм" мейкиндигин аймагына көз карандысыз түзүү.
6. Коммерциялык банктар тарабынан сунушталган, төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр спектрин кеңейтүү жана атаандаштык чөйрөсүнүн шарттарында филиалдык түйүндөрдү өнүктүрүү. Депозиттик базаны калктын эсептеринин санын арттыруу жана акча каражаттарын тартуунун эсебинен көбөйтүү жана экономиканын реалдуу секторуна инвестирлөө үчүн финансылык каражаттардын олуттуу көлөмүн топтоо.
7. Баалуу кагаздар боюнча накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды өнүктүрүү жана эл аралык стандарттарга туура келген жана республиканын экономикасына ата мекендик жана чет өлкө инвестицияларын тартуу үчүн зарыл болгон соода аянттарын уюштуруу.
8. Кыргызстандын аймактарында бардык жарандардын телекоммуникациялык жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусунун бирдей мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн маалыматтык-телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү.
2012-2017-жылдарга Мамлекеттик программа министрликтердин, мамлекеттик кызматтардын, ведомстволордун, шаарлардын жана райондордун администрацияларынын, коммерциялык банктардын, ошондой эле башка уюмдардын жана жеке ишкерлердин биргелешип катышуусунда ишке ашырылат.
2012-2017-жылдарга Мамлекеттик программа мамлекеттин финансылык колдоосу астында ишке ашырылган жана ар бир мамлекеттик ишкананын аракеттенүүсүнүн өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык жана аймактык башка программаларына макулдашылган кыйла толук программасын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
2012-2017-жылдарга Мамлекеттик программага өлкөдөгү ченемдик укуктук базанын өзгөрүүлөрүн жана жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларды эске алуу менен оңдоо киргизилиши мүмкүн.
2012-2017-жылдарга Мамлекеттик программанын катышуучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылышат:
- иш-чаралардын пландарын, өнүктүрүү программаларын даярдоо жана ишке ашыруу;
- бул иш-чараларды финансылык жактан колдоо шарттарын жана механизмдерин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- накталай эмес эсептешүүлөр системасына катышуучулардын өз ара иш жүргүзүүсүн жөнгө салган ченемдик укуктук базаны Кыргыз Республикасынын аймагында өркүндөтүү;
- долбоорлорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча колдоо көрсөтүү;
- пилоттук долбоорлордун ишке ашырылышына утурумдук контролдук жүргүзүү.
2012-2017-жылдарга Мамлекеттик программада чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүүгө жана накталай эмес төлөмдөр инфраструктурасын кеңейтүүгө багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча төмөнкүдөй иш-чаралардын топтому каралат:
1. Бажы жана салык төлөмдөрүнүн накталай эмес формада төлөнүшүн камсыз кылуу.
2. Региондордо калктан утурумдук төлөмдөрдү коммерциялык банктардагы эсептери аркылуу кабыл алууну камсыз кылуу.
3. Чекене товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формада төлөөнү камсыз кылуу.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун эсептеринен пенсиялардын, жөлөкпулдардын, акчалай компенсациялардын жана башка социалдык төлөөлөрдүн алуучулардын банктардагы өздүк эсептерине төлөнүшүн камсыз кылуу.
5. Жогорку жана орто окуу жайларынын студенттерине берилүүчү стипендиялардын коммерциялык банктардагы эсептерге которулушун камсыз кылуу.
6. Бардык мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлердин эмгек акыларын коммерциялык банктардагы эсептери аркылуу төлөөгө өтүшүн камсыз кылуу.
7. Алымдардын, айыптардын, транспорт кызмат көрсөтүүлөрдүн жана башка төлөмдөрдүн мамлекеттин кирешесине накталай эмес формада төлөнүшүн камсыз кылуу.
8. Жумасына 7 күн, суткасына 24 сааттан иштеген, пластик карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасын өнүктүрүү. Эсептешүүлөрдү жүргүзүү жагында кыйла заманбап технологиялык чечим болуп саналган, пластик карттарды тейлөө боюнча түйүндүн инфраструктурасын кеңейтүү.
2012-2017-жылдарга Мамлекеттик программанын экинчи баскычындагы иштердин стратегиялык багыты болуп, накталай жана накталай эмес акча жүгүртүлүшүнүн оптималдуу катышына жетишүү жана чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү аркылуу банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу деңгээлин арттыруу жана Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү үчүн шарттар менен камсыз кылуу саналат.
Финансылык жактан камсыз кылуу
(каржылоонун көлөмдөрү жана булактары)
2012-2017-жылдарга Мамлекеттик программада коюлган милдеттерди ишке ашыруу каржылоо булактарын түзүү маселелерин комплекстүү чечүүнү талап кылат.
Негизги долбоорлорду каржылоо булактары катары эл аралык финансы уюмдарынын кредиттерин, мамлекеттик бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын каражаттарын, ошондой эле коммерциялык банктардын жана башка кызыкдар уюмдардын инвестицияларын колдонууга болот.
| 2-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 29-февралындагы № 92/76/4 токтомунун редакциясына ылайык)
| Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучу |
1. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө накталай эмес форма боюнча төлөмдөр | |||
1.1 | Мамлекеттик жана муниципалдык электрондук/мобилдик кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү камсыз кылуу үчүн мобилдик банкинг системасын кошкондо, мамлекеттик электрондук төлөм системасын түзүү | 2016-2017- жылдар | ТКМ, ЭМ, ФМ, МБК, МСК, Мамкаттоо, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча) |
1.2 | Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана жеке адамдардын (салык төлөөчүлөрдүн) алыш-бериш эсептеринен акча каражаттарын казыналыктын бюджеттик эсептерине которуу аркылуу бюджетке салыктык төлөмдөрдү накталай эмес формада төлөө | 2016-2017-жылдар | МСК, ФМ, ЭМ, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча) |
1.3 | Региондордо салыктык төлөмдөрдү накталай эмес формада төлөөгө (терминалдар, банкоматтар жана аралыктан банктык тейлөөнүн башка ыкмалары: интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б. аркылуу) этап-этап менен өтүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | МСК, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча) |
1.4 | Салыктык төлөмдөрдү накталай эмес формада төлөө эрежелери тууралуу салык төлөөчүлөргө маалымат берүү | Дайыма, маалыматтарды квартал сайын жаңылоо менен | МСК, КБ (макулдашуу боюнча) |
1.5 | Камсыздандыруу суммаларын (пенсиялык фонддорго, мүлктүк жана башка камсыздандыруу фондоруна) юридикалык жактардын алыш-бериш эсептеринен Социалдык фонддун жана башка пенсиялык топтоо фондорунун алыш-бериш эсептерине которуу аркылуу төлөө | 2016-2017-жылдар | Соцфонд, ПТФ (макулдашуу боюнча), Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча) |
1.6 | Кыргыз Республикасынын региондорун камсыздандыруу төгүмдөрүн накталай эмес формада төлөөгө (терминалдар, банкоматтар, аралыктан банктык тейлөөнүн башка ыкмалары: интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б. аркылуу) этап-этап менен өткөрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | Соцфонд, ПТФ (макулдашуу боюнча), Улуттук банк, "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча) |
1.7 | Субъекттерге камсыздандыруу төгүмдөрүн накталай эмес формада төлөө эрежелери жөнүндө маалымат берүү | Дайыма, маалыматтарды квартал сайын жаңылоо менен | Соцфонд, ПТФ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча) |
1.8 | Субъекттердин коммерциялык банктардагы алыш-бериш эсептеринен акча каражаттарын Мамкаттоонун эсептерине которуу аркылуу мамлекеттик каттоо төлөмдөрүн мамлекеттин кирешесине накталай эмес формада төлөө | 2016-2017-жылдар | Мамкаттоо, КБ (макулдашуу боюнча) |
1.9 | Кыргыз Республикасынын региондору боюнча мамлекеттик каттоо төлөмдөрүн накталай эмес формада төлөөгө этап-этабы менен өтүүгө карата иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | Мамкаттоо, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча) |
1.10 | Мамлекеттик каттоо төлөмдөрүн мамлекеттин кирешесине накталай эмес формада төлөө боюнча перифериялык түзүлүштөрдү (банкоматтарды, терминалдарды ж.б.) жана системаларды орнотуу боюнча коммерциялык банктар менен келишимдерди түзүү | 2016-2017-жылдар | Мамкаттоо, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча) |
1.11 | Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү улуттук валютада сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдү накталай эмес формада төлөөнү камсыз кылуу боюнча милдеттүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2016-2017-жылдар | Мамкаттоо, КБ (макулдашуу боюнча) |
1.12 | Айыптарды жана алымдарды, ошондой эле башка төгүмдөрдү накталай эмес формада төлөө эрежелери жөнүндө калкка маалымат берүү | Дайыма, маалыматтарды квартал сайын жаңылоо менен | Мамкаттоо, КБ (макулдашуу боюнча) |
1.13 | Мамлекеттик каттоо кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөмдөрдүн келип түшүшү жөнүндө маалыматтарды электрондук түрдө кабыл алуу жана эсепке алуу үчүн Мамкаттоонун ички автоматташтырылган системасын өркүндөтүү/модернизациялоо | 2016-2017-жылдар | Мамкаттоо |
1.14 | Кыргыз Республикасынын региондору боюнча бюджеттик уюмдардын ички кассаларын калкка көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдар менен жабдуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | ССМ, ММТМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
2. Бюджеттен накталай эмес формадагы чыгашалар | |||
2.1 | Эмгек акыларды, ошондой эле стипендияларды, жөлөк пулдарды жана башка чегерүүлөрдү бюджеттик уюмдардын эсептеринен акчаларды эмгек акыларды, стипендияларды, жөлөк пулдарды жана мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен чегерүүлөрдү алышкан адамдардын банктык эсебине которуу аркылуу төлөө | 2016-2017-жылдар | Министрликтер жана ведомстволор, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), "Кыргызпочтасы" МИ |
2.2 | Соцфонддун, ЭСӨМнин, ПТФнун эсептеринен пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү алуучулардын банктардагы жеке эсептерине төлөө | 2016-2017-жылдар | Соцфонд, ЭСӨМ, ПТФ (макулдашуу боюнча), Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча) |
2.3 | ЭСӨМ менен башка инвестициялык фонддордун жана алардын банктарынын ортосунда жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү берүү жөнүндө төлөмдүк маалыматтарды электрондук түрдө алмашуу жана берилүүчү маалыматтардын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ЭСӨМнин, ПТФнун бөлүмдөрүндө орнотуу | 2016-2017-жылдар | ЭСӨМ, ПТФ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), "Кыргыз почтасы" МИ |
3. Калктын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин накталай эмес формадагы төлөмдөрү | |||
3.1 | Региондор боюнча транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрүнө накталай эмес формада төлөө (жол жүрүүчү билеттерди накталай эмес формада сатууну кошкондо) боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), "Кыргызстан банктар союзу" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), Байланыш операторлорунун ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
3.2 | Региондор боюнча мектепте балдарды тамактандырууну накталай эмес формада төлөө боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Мектепте балдарды тамактандырууну накталай эмес формада төлөөгө этап-этабы менен өтүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), "Кыргызстан банктар союзу" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), Байланыш операторлорунун ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
3.3 | Милдеттүү медициналык камсыздандырууну накталай эмес формада төлөө боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Милдеттүү медициналык камсыздандырууну накталай эмес формада төлөөгө этап-этабы менен өтүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | ММКФ, ССМ, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), "Кыргызстан банктар союзу" ЮЖБ (макулдашуу боюнча) |
4. Накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр системасын өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү | |||
4.1 | Ишкердик иш боюнча төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү накталай эмес формада жүргүзүүнү регламенттөөчү мыйзамдарды өркүндөтүү | 2016-2017-жылдар | ЭМ, Улуттук банк, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
4.2 | Накталай эмес формада төлөөнүн (мобилдик төлөмдөр, электрондук акча ж.б.) инновациялык ыкмаларын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2016-2017-жылдар | Улуттук банк, ЭМ |
5. Накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү үчүн төлөм системасынын инфратүзүмүн кеңейтүү | |||
5.1 | Жеке адамдарды тейлөө жана алардын жеке эсептерин жүргүзүү максатында банктардын ички системаларын модернизациялоо | 2016-2017-жылдар | Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), "Кыргызстан банктар союзу" ЮЖБ (макулдашуу боюнча) |
5.2 | Өз ара аракеттенүүнүн жана банктык эсепти башкаруунун электрондук каражаттарын (интернет-банкингди, мобилдик банкингди, төлөм карталарын кошкондо) колдонуу менен кардарларды тейлөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | Улуттук банк, КБ, "Кыргызстан банктар союзу" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), Байланыш операторлорунун ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
5.3 | Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы долбоорлорун, социалдык жана пенсиялык долбоорлорду, калктын аз камсыз болгон катмарын тейлөөдө коммерциялык банктар менен ыңгайлуу тариф саясатын макулдашуу жана ишке ашыруу, (эсептерди акысыз ачуу, төлөм карталарын акысыз берүү, интернет-банкингге кошуу ж.б.) | 2016-2017-жылдар | Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча), "Кыргызстан банктар союзу" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), ЭМ |
5.4 | Соода жана сервис ишканаларында, бюджеттик уюмдарда терминалдарды, банкоматтарды жана калктан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча башка каражаттарды орнотууну кошкондо, региондордо төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу боюнча маркетингдик пландарды иштеп чыгуу жана коммерциялык банктар тарабынан ишке ашыруу | 2016-2017-жылдар | Улуттук банк, КБ, "Кыргызстан банктар союзу" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), ТКМ |
5.5 | Төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу/жүргүзүү боюнча кардарларды тейлөө боюнча инфраструктураны өнүктүрүү | 2016-2017-жылдар | ТКМ, "Кыргызпочтасы" МИ, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча) |
5.6 | "Кыргызпочтасы" МИнин ички системасын модернизациялоо, бөлүмдөрүн техникалык жабдуу жана төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу/жүргүзүү боюнча кардарларды тейлөө боюнча инфратүзүмүн өнүктүрүү. Почта байланыш түйүнүн техникалык жабдуу | 2016-2017-жылдар | ТКМ, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы, КБ (макулдашуу боюнча) |
5.7 | "Кыргызпочтасы" МИнин бөлүмдөрүндө калктан төлөмдөрдү накталай эмес формада жыйноо каражаттарын жана системаларын орнотуу боюнча (банкоматтар, терминалдар, "банк-кардар", интернет-банкинг системалар ж.б.) коммерциялык банктар менен келишимдерди түзүү | 2016-2017-жылдар | ТКМ, "Кыргыз почтасы" МИ, Улуттук банк, КБ (макулдашуу боюнча) |
".
Кыскартылган аталыштардын тизмеси:
КРӨ |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
ЭМ |
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ЮМ |
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ФМ |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ТКМ |
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ССМ |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЭСӨМ |
| Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
ММТМ |
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
АЧММ |
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
МБК |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
МСК |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Мамкаттоо |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
Соцфонд |
| Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
Улуттук банк |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
"БПБ" ЖАК |
| "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК |
КБ |
| Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары |
ПТФ |
| Пенсиялык топтоо фонддору |
ЖӨБО |
| Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЮЖБ |
| Юридикалык жактардын бирикмеси |