Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-декабрындагы № 676 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-майы № 291
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби тууралуу
(КР Ѳкмотγнγн 2014-жылдын 4-декабрындагы № 690, 2016-жылдын 5-январы № 1 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, кызматкерлеринин иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана социалдык жактан коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби ачылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсебинин жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. (КР Өмөтүнүн 2014-жылдын 4-декабрындагы № 690 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 3-пунктта "эсептери" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби" деген сөздөр менен толукталсын.
5. (КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 5-январы № 1 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын бул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 291 токтому менен бекитилген |
(КР Ѳкмотγнγн 2014-жылдын 4-декабрындагы № 690 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби (мындан ары - Атайын эсеп) "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" токтомуна ылайык түзүлдү.
2. Атайын эсеп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (мындан ары - Мамэкотехинспекция) тиешелүү материалдык-техникалык базасын түзүү жана анын иши үчүн шарттарды түзүү, Мамтехинспекциянын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо, аларга кепилдик берүү максатында түзүлөт.
3. Атайын эсептин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Мамэкотехинспекциянын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо;
- Мамэкотехинспекциянын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыздоо, алардын инспекциялык иштерин стимулдаштыруу.
- контролдоо-кѳзѳмѳлдѳѳ иш милдеттерин жγзѳгѳ ышыруунун натыйжалуулугун камсыздоо.
(КР Ѳкмотγнγн 2014-жылдын 4-декабрындагы № 690 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Атайын эсепти түзүүнүн булактары
4. Атайын эсеп төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктарга берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттан;
- айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндар үчүн доо арыздарын канааттандыруудан жана мыйзамсыз аңчылыктан конфискацияланган курал жарактарды жана токой продукцияларын сатуудан түшкөн каражаттардан;
- энергетика компанияларынын шарттуу техникалык бирдигинин көлөмүнө жараша чегерилген каражаттардан;
- белгиленген тартипте бекитилген бааларга ылайык мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл жүргүзүүдөн алынган төлөмдөрдөн түшүүчү каражаттардан;
- эл аралык уюмдардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн.
3. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу
5. Атайын эсептин каражаттарын тескөөчү болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамэкотехинспекциянын жетекчиси эсептелет.
6. Атайын эсептин каражаттарын сарптоо учурдагы жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылып, Мамэкотехинспекциянын директору бекиткен сметага ылайык жүргүзүлөт.
7. Атайын эсептин каражаттары төмөнкү максаттарда пайдаланылат:
- имараттын ижара акысына, чыгымдар сметасы боюнча бюджеттик ассигнование жок болуп же жетишсиз болгон учурда иш сапарга жана башкага кеткен чыгымдарды төлөөгө;
- Мамэкотехинспекциянын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- бюджеттик каражаттар жетишсиз болгон учурда Мамэкотехинспекциянын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө, жыл жыйынтыгында аларга сый акы төлөөгө;
- келишимдик негизде тартылган адистердин кызматына акы төлөөгө;
- компьютердик, көбөйтүүчү техникаларды сатып алууга жана жаңылоого, байланыш каражаттарын, транспорт каражаттарын жана аларга запастык бөлүктөрдү, жабдууларды, инвентарларды, материалдарды сатып алууга, имаратты жана курулмаларды ремонттоого;
- Мамэкотехинспекциянын кызматкерлеринин коомдук шаардык транспортко жол киресин төлөөгө;
- Мамэкотехинспекциянын кызматкерлерине, ошондой эле иштебеген пенсионерлерине жана кызматкерлерине пенсияга чыгып жатканда бир жолку материалдык жардам берүүгө;
- Мамэкотехинспекциянын кызматкерлерине кайтаруу негизинде үстөк пайызсыз ссудаларды берүүгө;
- Мамэкотехинспекциянын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүнү жана жамааттык келишимге ылайык кызматкерлерди материалдык жактан кызыктырууну караган башка максаттарга.
4. Эсепке алуу жана отчет берүү тартиби
8. Мамэкотехинспекция Атайын эсептеги жыйналган каражаттын келип түшүүсүн жана бөлүштүрүлүшүн эсепке алат жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө белгиленген тартипте кварталдык жана жылдык отчетторду берет.
9. Жыл аягына чейин пайдаланылбай калган каражаттын калдыгы тиешелүү түрдө келерки жылдын атайын каражаттары боюнча Мамэкотехинспекциянын сметасынын киреше бөлүгүнө которулат.
10. Атайын эсепке аудит Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.