Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 790 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инноватика боюнча мамлекеттик кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инноватика боюнча мамлекеттик кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жаатында сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу максатында түзүлгөн координациялык орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- прогрессивдүү өнүгүшүн камсыздоо үчүн инновациялык ишмердүүлүк чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун абалын изилдөө, инновациялык ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды даярдоо;
- инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн абалын баалоо, көйгөйлүү маселелерди талдоо жана талкуулоо, ошондой эле аларды чечүүгө багытталган сунуштарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү;
- инновациялык ишмердүүлүк жаатында мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбаны жалпылоо, сунуштарды даярдоо жана пайдалануу;
- инновациялык ишмердүүлүк маселелери боюнча мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларын талдоо;
- ата мекендик товар чыгаруучулардын жана интеллектуалдык менчиктин укуктарын коргоо, инновациялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү салыктык мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- илим, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишмердүүлүк жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуу;
- илимий жана инновациялык инфраструктураны өнүктүрүүнүн пландаштыруусун камсыз кылуу;
- тиешелүү актылардын долбоорлору боюнча коомдук кеңеш берүүнү уюштуруу жана жүргүзүү, көрсөтүлгөн маселелер боюнча сунуштамаларды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын өнүгүшүн камсыздоо максатында инновациялык ишмердүүлүктү активдештирүүдө жана өбөлгө түзүүдө мамлекеттик органдардын, ата мекендик, чет элдик жана эл аралык уюмдардын сунуштарын карап чыгуу;
- жаңылыктардын натыйжалуулугун баалоо.
4. Кеңешти Кеңештин төрагасы - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри жетектейт. Кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Кеңештин төрагасынын орун басары болот. Кеңештин төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы саналат.
5. Кеңештин төрагасы:
- Кеңештин ишин жетектейт;
- Кеңештин жыйындарын алып барат;
- Кеңештин жыйындарынын күн тартибин бекитет;
- Кеңештин чечимдеринин аткарылуусуна контролдойт.
6. Кеңештин төрагасынын орун басары:
- Кеңештин чечимдеринин аткарылышына жардам берет;
- Кеңештин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдайт;
- төрага жок болгон учурда Кеңештин жыйындарын алып барат.
7. Кеңештин төрагасынын жана анын мүчөлөрүнүн иши коомдук башталышта жүргүзүлөт.
8. Кеңештин мүчөлөрү:
- Кеңештин жыйындарына катышат, каралып жаткан маселелерди талкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышат;
- Кеңештин жыйындарына материалдарды даярдашат жана өз убагында Кеңештин жумушчу органына беришет;
- Кеңештин чечимдеринин аткарылышына ар тараптан көмөк көрсөтүшөт;
- Кеңештин тапшырмасы боюнча анын чечимдерин аткарышат.
9. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кеңештин иш планына сунуштарды киргизүүгө;
- Кеңештин жыйындарында баяндамалар менен чыгып сүйлөөгө;
- талкууланып жаткан маселелер боюнча документтерди жана материалдарды Кеңештин карап чыгуусуна берүүгө;
- талкууланып жаткан маселелер боюнча өзүнүн далилдүү пикирин, эгерде ал Кеңештин чечиминин сунушталып жаткан долбоорунда берилгенден айырмаланса, жазуу түрүндө карап чыгууга киргизүүгө;
- эгерде пландан тышкары маселелер шашылыш мүнөздө болуп, Кеңештин токтоосуз карап чыгуусун талап кылса, ал маселелерди карап чыгууга киргизүүгө.
10. Кеңеш өзүнүн эксперттик ишинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- зарыл болгон учурда, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, ошондой эле (макулдашуу боюнча) эл аралык уюмдардын, бизнес жана илимдин өкүлдөрүн, улуттук инновациялык системаны түзүү жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу боюнча башка өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлдөрүн тартууга;
- инновациялык өнүгүү, илимий иштелмелерди коммерциялаштыруу, чакан ишкердикке мамлекеттик колдоо көрсөтүү, инновациялык продукциянын экспорту, экономиканы диверсификациялоо процесстерине өбөлгө түзүү жана ата мекендик илим сыйымдуу иштелмелердин жана технологиялардын атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу маселелери боюнча демилге көтөрүүгө;
- зарыл болгон учурларда ведомстволор аралык убактылуу комиссияларды жана жумушчу топторду уюштурууга. Ведомстволор аралык убактылуу комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү, милдеттери жана жеке курамы тууралуу маселе Кеңештин төрагасы тарабынан чечилет.
11. Кеңештин иши Кеңештин мүчөлөрү иштеп чыккан жана анын төрагасы бекиткен пландар боюнча жүргүзүлөт.
Кеңештин жыйындары зарыл учурда, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Эгерде анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, Кеңештин жыйындары мыйзамдуу болот. Кеңештин чечимдери жыйынга катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар тең чыгып калган учурда, Кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
12. Кеңештин жыйындары протоколдук чечимдер менен таризделет, аларга төрага кол коет. Ушул чечимдердин негизинде Кеңеш тарабынан документтердин тиешелүү долбоорлору даярдалышы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилиши мүмкүн.
13. Кеңештин уюштуруучулук ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы камсыз кылат.