Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы N 486 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-июлу № 385
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Илим жана инновациялык иш, ошондой эле нанотехнологиялар чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын илимий уюмдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүн илимий камсыздоо маселелеринде өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышындагы, 1 жана 2-пункттардагы "Илим жана инновациялар боюнча" деген сөздөр "Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пункттагы "Илим жана инновациялар боюнча" деген сөздөр "Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункттагы "илимий уюмдардын" деген сөздөр "илимий-изилдөө мекемелеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктта:
экинчи абзац "илим" деген сөздөн кийин "жана инновациялар" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацтагы "илимий уюмдар" деген сөздөр "инновациялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын өнүгүшүн камсыз кылуу максатында илимий-инновациялык ишти активдештирүү жана өбөлгөлөө жөнүндө мамлекеттик органдардын, ата мекендик, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин сунуштарын кароо;
- Кыргыз Республикасында жаңы технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо;
- жаңы технологиялар жаатындагы мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттарын иштеп чыгуу жана ведомстволук региондук наноборборлорду өнүктүрүү боюнча ишти координациялоо.".
- 5-пунктта:
үчүнчү абзац "илим" деген сөздөн кийин ", инновациялар жана жаңы технологиялар" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, илимий, билим берүү жана башка уюмдардан зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- мамлекеттик органдарга көргөзмөлөрдү, конкурстарды, семинарларды жана инновациялык ишти колдоого жана мыкты инновациялык долбоорлорду аныктоого багытталган башка иш-чараларды, анын ичинде "Мыкты инновациялык долбоор" сынагын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү.";
- 10-пункттун төртүнчү абзацы "илим" деген сөздөн кийин ", инновациялар жана жаңы технологиялар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11 жана 20-пункттардагы "илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кезексиз жыйындар Кеңештин төрагасынын демилгеси боюнча өткөрүлөт.";
- 16-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кезексиз жыйындар Кеңештин президиумунун төрагасынын демилгеси боюнча өткөрүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 311 "Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-майындагы № 245 "Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 311 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 311 "Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |