Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-ноябры № 790
Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомунун редакциясына ылайык)
"Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, экономиканы модернизациялоо үчүн илимий-техникалык, инновациялык потенциалды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инноватика боюнча мамлекеттик кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Инноватика боюнча мамлекеттик кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инноватика боюнча мамлекеттик кеңештин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).