Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасында соттук-медициналык
экспертиза өткөрүү эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Соттук-медициналык экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү эрежелери
3. Соттук-медициналык эксперттин корутундусун тариздөө
4.1. Соттук-медициналык эксперттер
4.2. Орто медициналык кызматкерлер
4.3. Кенже медициналык кызматкерлер
1. Жалпы жоболор
1. Соттук-медициналык экспертиза сот адилеттигинин максаттарына жана милдеттерине кызмат кылат, өз ишин мыйзамдуулук, адамдын, жарандын, юридикалык жактын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, ошондой эле эксперттин көз карандысыздыгы, илимдин жана техниканын заманбап жетишкендиктерин пайдалануу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн объективдүүлүгү, ар тараптуулугу жана толуктугу принциптеринде жана эксперттик практикага бирдиктүү методикалык ыкманын негизинде жүзөгө ашырат. Ошол эле учурда анын иши саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү органдарына калкка дарылоо боюнча жардам көрсөтүү сапатын жакшыртууга жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Соттук-медициналык экспертиза жана соттук-медициналык иштин башка түрлөрү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иш жөнүндө мыйзамдарына, жазык, жазык-процесстик, жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан чыгарылган буйруктарга жана башка документтерге ылайык жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Соттук-медициналык экспертиза Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган мамлекеттик соттук-медициналык экспертиза борборлорунда/бөлүмдөрүндө, ошондой эле мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдарда жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик соттук-медициналык уюмдарына уюштуруу-методикалык, практикалык жана административдик-чарбалык жетекчиликти жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Соттук-медициналык экспертизанын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- киши колдуу болуп өлгөндө өлүктөрдүн экспертизасы;
- зомбулук колдонуу шек туудурганда же соттук-медициналык тартипте өлүктү изилдөө жүргүзүү зарылдыгын шарттаган башка жагдайларда өлүктөрдү соттук-медициналык изилдөө;
- жабырлануучулардын, айыпталуучулардын жана башка адамдардын экспертизасы, ошондой эле ден соолукка келтирген зыяндын оордугун жана мүнөзүн, жаш курагын, жыныстык абалын жана соттук медицина тармагында билими талап кылган башка суроолорду аныктоо үчүн жарандарды соттук-медициналык күбөлөндүрүү;
- буюмдук далилдерди объекттерди изилдөөнүн лабораториялык методдорун колдонуу жолу менен экспертизалоо;
- жазык жана жарандык иштердин материалдары боюнча экспертиза.
4. Соттук-медициналык эксперт алгачкы жана башка тергөө аракеттерине адис катары катышууга; окуя болгон (табылган) жерде өлүктү кароого, эксгумацияга, күбөлөндүрүүгө, салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү алууга жана башкаларга таратылат.
5. Жабырлануучулардын, айыпталуучулардын жана башка адамдардын, өлүктөрдүн соттук-медициналык экспертизалары, буюмдук далилдердин экспертизалары изилдөөнүн лабораториялык методдорун колдонуу жолу менен, жазык жана жарандык иштердин материалдары боюнча экспертизалар соттук-медициналык эксперт дарыгерлеринин кызмат ордун ээлеген адистер тарабынан жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн кызмат орундарында иштөөгө уруксат берүү тартиби Кыргыз Республикасынын соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Экспертизаны дайындаган адамдын же органдын макулдугу же көрсөтмөсү боюнча соттук-медициналык экспертизанын өндүрүшүнө катышууга соттук медицина кафедраларынын профессордук-окутуучулук курамы, саламаттык сактоо уюмдарынын жана башка ведомстволордун адистери аты-жөнүн көрсөтүү менен тартылышы мүмкүн.
Экспертиза жүргүзүүдө бул адамдар өздөрүнүн процессуалдык абалы боюнча эксперт катары чыгат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Соттук-медициналык экспертизаны
уюштуруу жана жүргүзүү эрежелери
7. Соттук-медициналык экспертиза тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому боюнча, ошондой эле соттун аныктамасы боюнча өткөрүлөт.
Тергөөчүнүн, прокурордун жүйөөлүү кат түрүндөгү тапшырмасы боюнча жазык ишин козгоо үчүн негиз боло турган белгилерди айкындоо максатында соттук-медициналык изилдөөлөр жана соттук-медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
8. Соттук-медициналык экспертизанын айрым түрлөрүн өткөрүү методикасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен методикалык көрсөтмөлөр жана нускамалар, атайын эрежелер менен аныкталат.
9. Жазык-процесстик жана жарандык-процесстик кодекс алгачкы, кошумча жана кайталанган экспертиза, ошондой эле комиссиялык жана комплекстик экспертиза өткөрүүнү караштырат.
Кошумча соттук-медициналык экспертиза тыянактын айкындыгы жетишсиз же толук болбогондо, ошондой эле тигил же бул экспертке тапшырылган мурда изилденген жагдайларга карата жаңы суроолор пайда болгондо дайындалат.
Кайталанган соттук-медициналык экспертиза тигил же бул эксперттерге тапшырылган, эксперттин туура тыянагына шектенген учурларда дайындалат. Кайталанган экспертизаны өткөрүү алгачкы экспертиза өткөргөн соттук-медициналык экспертке тапшырылбайт.
Комиссиялык экспертиза татаал эксперттик изилдөөлөрдү өткөрүү зарыл болгон учурларда дайындалат жана бир адистиктеги (профилдеги) бир нече эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.
Комплекстүү экспертиза изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн ар кайсы илим тармактарындагы билим керек болгондо дайындалат. Ал өз компетенциясынын чегинде ар кайсы адистиктеги эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.
10. Соттук-медициналык экспертизаны бир же бир нече эксперттер жүргүзөт, зарыл болсо - ар кайсы адистиктеги эксперттер.
Экспертиза өткөрүүгө бир нече эксперттердин катышуу зарылдыгы окуянын татаалдык даражасы жана мүнөзү менен аныкталат (эксперттик изилдөөнүн көлөмү чоң, чет элдик жарандын өлүгүнүн экспертизасы, эксгумацияланган өлүктүн экспертизасы, өлүктүн кайталанган экспертизасы).
11. Эгерде ачык-айкын иш боюнча эксперттердин жекече курамын экспертиза дайындаган адам белгилебесе, аларды соттук-медициналык экспертиза борборунун жетекчиси, эксперттик иш боюнча анын орун басары же бөлүм башчы дайындайт.
12. Бир нече, зарыл болсо - ар кайсы адистиктеги эксперттердин катышуусу төмөнкү соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдө милдеттүү болуп саналат:
1) медициналык кызматкерлерди кесиптик укук бузгандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө иштер боюнча экспертиза;
2) жазык жана жарандык иштердин материалдары боюнча кайталанган экспертиза;
3) эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготууну аныктоо боюнча экспертиза;
4) өтө татаал учурларда алгачкы экспертиза.
Эскертүү.
Кесиптик укук бузуулары үчүн медициналык кызматкерлерди жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө иштер боюнча соттук-медициналык экспертизалар, ошондой эле эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготууну аныктоо боюнча экспертизалар жана жазык жана жарандык иштердин материалдары боюнча, анын ичинде комплекстүү экспертизалар, экспертизанын көрсөтүлгөн түрлөрү боюнча сертификацияланган соттук-медициналык эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.
Ушул Эрежелердин 12-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн экспертизалар жүргүзүлгөн учурларда эксперттин корутундуларынын көчүрмөлөрү эксперттик уюмдун жетекчисине/эксперттик уюмдун жетекчисинин эксперттик иш боюнча орун басарына же түзүмдүк бөлүмдүн башчысына контролдоо үчүн дароо берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Соттук-медициналык экспертиза өткөргөндө экспертиза дайындаган тергөөчүнүн катышуусу мүмкүн (же ал жиберген өкүл); экспертиза өткөрүү убактысын ага эксперт билдирет. Өлүктүн экспертизасында тергөөчүнүн болушу "Эксперттин корутундусунда" жазылат.
Тергөөчү соттук-медициналык экспертизанын белгиленген мөөнөтүнө келбей калса жана убакыттын өтүүсү экспертиза сапатына терс таасир тийгизе турган болсо, экспертиза ал жокто өткөрүлө берет.
Эскертүү:
Эгерде экспертиза күбөлөндүрүүчүнүн чечинүүсү менен коштолсо, тергөөчү башка жыныстагы адамдын экспертизасына катышпайт.
14. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдө айыпталуучунун жана башка адамдардын катышуусуна экспертизаны дайындаган адамдын же органдын уруксаты менен гана жол берилет.
Өлүккө соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө саламаттык сактоо уюмдарынын дарыгерлери, дипломдон кийинки билим берүүчү медициналык академиялардын угуучулары, медициналык жана юридикалык жогорку окуу жайларынын студенттери эксперттик уюмдун жетекчисинин же түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин уруксаты менен катыша алат. Өлүккө соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү процессинде соттук-медициналык эксперт бөтөн адамдарга экспертизага байланыштуу түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана суроолорго жооп берүүгө укугу жок.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Экспертиза эксперттик уюмдун базасында жүргүзүлбөгөн учурда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери соттук-медициналык эксперттерди экспертиза жүргүзүү үчүн жай (өлүккана, бейтапканадагы дарыгердик кабинет) менен камсыз кылат, айнек идиштерди, тараны, таңгактоочу жана лабораториялык изилдөөлөр үчүн арналган объекттерди даярдоо жана таңгактоо үчүн башка материалдарды берет жана башка зарыл болгон жардам көрсөтөт.
Экспертизаны дайындаган адам көрсөтүлгөн объекттерди соттук-медициналык лабораторияга жөнөтүүгө көмөк көрсөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун талабы боюнча соттук-медициналык эксперт алгачкы жана башка тергөө аракеттерине катышууга тартылат, атап айтканда: окуя болгон (табылган) жерде өлүктү кароого, эксгумацияга, күбөлөндүрүүгө, үлгүлөрдү алууга, тергөө эксперименттерин жүргүзүүгө.
Алгачкы жана башка тергөө аракеттерге катышканда соттук-медициналык эксперт өз иш-аракетин эксперт катары эмес, соттук медицина тармагындагы адис катары жүргүзөт. Ал тергөөчүгө далилдерди табуу, бекитүү жана алуу аракетине көмөктөшөт, тергөөчүнүн көңүлүн далилдерди табуу, бекитүү жана алууга байланыштуу жагдайларга бурат жана ушуга байланыштуу түшүндүрмө берет, протокол менен таанышат жана ага кол коет.
Адистин иши жазык-процесстик жана жарандык-процесстик кодекстер менен регламенттелет.
17. Соттук-медициналык эксперт экспертизаны аткаруу жана тергөө органдарынын, прокурордун, соттун чакыруусу боюнча алгачкы жана башка тергөө аракеттерине катышуу үчүн келүүгө милдеттүү. Экспертиза жүргүзүүдөн качкандыгы же себеби жок баш тарткандыгы үчүн, ошондой эле билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн соттук-медициналык эксперт белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
Соттук-медициналык эксперт өз милдетин эреже катары, тейлеген аймактын чегинде жүргүзөт.
18. Экспертиза дайындоо жөнүндө токтомду же аныктаманы алгандан кийин соттук-медициналык эксперттик уюмдун жетекчиси, эксперттик иш боюнча жетекчинин орун басары же түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары экспертиза өткөрүүнү конкреттүү экспертке/эксперттерге тапшырышат жана аларга соттук-медициналык эксперттин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүндүрөт.
Сотто экспертиза өткөргөндө соттук-медициналык эксперттин укуктарын жана милдеттерин жана анын жоопкерчилигин соттук жыйынга төрагалык кылган адам түшүндүрөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Жазык ишине кызыкчылыгы жок, тергөөчү, сот же, алардын талабы боюнча дайындалган соттук териштирүүдө же тергөө жүргүзүүдө пайда болгон суроолорду чечүү үчүн эксперттик уюмдун жетекчиси соттук медициналык эксперт болуп эсептелет. Эксперт процесстин катышуучулары сунуштаган адамдардын ичинен дайындалышы же тараптар чакырылышы мүмкүн.
Соттук-медициналык эксперт экспертиза өткөрүүгө, алгачкы жана башка тергөө аракеттерине, изилдөөгө жана күбөлөндүрүүгө катышууга укугу жок болот, эгерде ал жабырлануучу, жарандык доочу же жоопкер, күбө же айыпталуучуга, жабырлануучуга, жарандык доочу же жоопкердин жана алардын өкүлдөрүнө туугандык мамиледе болсо, же кызматтык же башка көз карандылыкта болсо, ошондой эле өзүн эксперт катары четке чыгаруу үчүн мыйзамда каралган башка негиздер болсо жана бул тууралуу ал өзүнүн жетекчисине же экспертиза дайындаган органга же адамга билдириши керек;
20. Соттук-медициналык эксперт экспертиза жүргүзүүдө маселелерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- экспертиза жүргүзүү предметине тиешелүү иштин материалдары менен таанышууга;
- изилдөө жана корутунду берүү үчүн керектүү объекттерди жана үлгүлөрдү алууга;
- корутунду берүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды берүүнү же экспертиза өткөрүүгө башка эксперттерди тартууну талап кылууга. Эгерде соттук-медициналык эксперт тергөөчү, прокурор же сот тарабынан берилген материалдар анын алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн жетишсиз деп тапса, анда ал экспертиза жүргүзүү үчүн кандай материалдар жана документтер керек экендигин так билдирет. Алар берилбеген учурда эксперттик уюм экспертиза дайындаган органдарга коюлган маселелер боюнча корутунду берүүнүн мүмкүн эместигинин себептери жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. Эгерде эксперттин айрым маселелер боюнча гана корутунду берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда ал жөнүндө "Эксперттин корутундусунда" же "Соттук-медициналык экспертиза актысында" көрсөтөт;
- эгерде коюлган маселелер анын атайын билиминен тышкары болсо, корутунду берүүдөн баш тартууга;
- тергөө амалдарын жүргүзүүгө катышууга жана ал өткөрүп жаткан экспертизанын предметине тиешелүү суроолорду берүүгө;
- соттук териштирүүгө катышууга, экспертизанын предметине тиешелүү суроолорду берүүгө. Эгерде экспертиза жүргүзүүдө соттук-медициналык эксперт буга чейин анын алдында коюлбаган, бирок иш үчүн мааниси бар жагдайларды белгилесе, ал аларды өз корутундусунда көрсөтүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Соттук-медициналык эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- тергөөчүнүн, соттун чакыруусу боюнча келүүгө;
- анын алдында коюлган суроолор боюнча объективдүү корутунду берүүгө;
- тергөө материалдарын жарыялабоого;
- тергөө аракеттерин жүргүзгөндө жана сот жыйынында тартипти сактоого;
- эксперт себепсиз келбей калганда, ага акчалай жаза салынышы мүмкүн;
- өз милдеттерин аткаруудан эксперт жүйөлүү себепсиз баш тарткан же качкан учурда, жалган корутунду бергендиги үчүн ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
22. Соттук-медициналык эксперттин төмөнкүлөргө укугу жок:
- экспертиза өткөрүүгө байланыштуу суроолор боюнча процесстин катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
- изилдөө үчүн материалдарды өз алдынча чогултууга;
- көрсөтүлгөн объекттерди толук же жарым-жартылай жок кыла турган, же алардын тышкы көрүнүшүн жана негизги касиеттерин өзгөртүүгө алып келген изилдөөлөрдү тергөөчүнүн, соттун атайын уруксаты жок жүргүзүүгө.
23. Эгерде соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү процессинде соттук-медициналык эксперттин алдына коюлган же жеке анын өзүндө пайда болгон суроолорду чечүү үчүн соттук-медициналык лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгы чыкса, анын колундагы тергөөчүнүн, прокурордун же соттун токтому, аныктамасы же кат түрүндөгү сунуштун негизинде, ал объекттерди соттук-медициналык экспертиза борборунун лабораториясына жиберет. Мында соттук-медициналык эксперт тийиштүү бланкты толтурат, анда иштин кыскача жагдайларын, экспертизада аныкталган объективдүү маалыматтарды, лабораториялык изилдөөнүн максаттарын көрсөтөт.
24. Эгерде соттук-медициналык экспертизадан өтө турган же соттук-медициналык күбөлөндүрүлө турган адамга башка саламаттык сактоо уюмунда иштеген дарыгер-адистен консультация керек болуп калса, аны ошол уюмга, борбордун директорунун же борбордун (бөлүмдүн) башчысынын, соттук-медициналык эксперттин колу коюлган тийиштүү кат менен жиберет.
25. Соттук-медициналык эксперт экспертиза аяктаганга чейин иш үчүн мааниси бар табылган жаңы маалыматтарды экспертиза дайындаган органдарга билдирүүгө милдеттүү.
26. Соттук-медициналык экспертиза процессинде эксперт өзүнүн мүнөзү боюнча буюмдук далил жана өз алдынча соттук-медициналык, криминалистикалык же башка экспертизанын предмети боло тургандай объекттерди айкындашы мүмкүн.
Бул объекттер "Эксперттин корутундусунда" же "Соттук-медициналык (соттук-химиялык) экспертизанын актысында" сүрөттөлөт жана тил кат жазып, соттук-медициналык экспертизаны дайындаган адамга кийин тиешелүү экспертизага жиберүү үчүн өткөрүлүп берилет.
27. Соттук-медициналык изилдөө объекттери, анын ичинде буюмдук далилдер бекем эсепке алынууга жана сакталууга тийиш. Эксперт экспертиза дайындаган органга же тиешелүү лабораториялык бөлүмдөргө/бөлүмчөлөргө өткөрүп бергенге чейин алардын сакталышы үчүн өзүнөн көз каранды болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Изилдөө объекттерин жана буюмдук далилдерди сактоонун жана жок кылуунун тартиби лабораториялык изилдөөнүн түрүнө (соттук-гистологиялык, соттук-химиялык, соттук-биологиялык) ылайык эрежелер менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Өлүктөн соттук-медициналык лабораториялык изилдөөлөр үчүн кандайдыр бир бөлүктөр, ички органдар жана ткандар, кан, заара ж.б. алынышы мүмкүн.
Дарылоо жана илимий максаттар үчүн өлүктүн ткандарын, органдарын жана канын алууга уруксат берилет, мындай алуу өлүктү алгачкы жана мүмкүн, кайталанган изилдөөдө туура соттук-медициналык диагностикага тоскоолдуктарды түзбөшү керек. Ткандарды, органдарды, канды алганда "Эксперттин корутундусунда" же "Соттук-медициналык (соттук-химиялык) экспертизанын актысында" эмне алынганы тууралуу көрсөтүлүп, тиешелүү жазуу калтырылат.
29. Соттук-медициналык эксперт берген корутундуну түшүндүрүү же толуктоо үчүн тергөөчү тарабынан суралышы мүмкүн; соттук-медициналык эксперт жоопторун өз колу менен жазып, баяндап бериши мүмкүн.
30. Соттордо кылмыш жана жарандык иштерди караганда соттук-медициналык эксперт алдын ала тергөө стадиясында жүргүзүлгөн соттук-медициналык эксперттик изилдөөлөр боюнча, ошондой эле соттук тергөөдө экспертиза өткөрүү үчүн корутунду берүүгө жана суралууга чакыртылышы мүмкүн.
31. Сотко чакыртылган соттук-медициналык эксперт соттук отурумга Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинде жана Жарандык процесстик кодексинде регламенттелген тартипте катышат. Ал экспертизанын предметине тиешелүү иштин материалдары менен таанышууга, жабырлануучуга, айыпталуучуга жана күбөлөргө соттук-медициналык экспертиза өткөрүүгө байланыштуу суроолорду берүүгө укуктуу.
32. Сотто соттук-медициналык экспертиза өткөргөндө корутундуну соттук-медициналык эксперт кат түрүндө түзөт, соттук отурумда окуп берет жана сотко өткөрүп берет. Корутундунун көчүрмөсү соттук-медициналык экспертиза борборунун архивиндеги экспертиза документтерге тиркелет.
Соттук-медициналык эксперт, анын алдында коюлбаган суроолорго өз компетенциясына тиешелүү иштин жагдайлары боюнча тыянактарды өзүнүн корутундусуна киргизүүгө укуктуу.
33. Эгерде экспертиза өткөрүүдө бир нече эскперттер катышса, аларга бири бири менен кеңешүү мүмкүндүгү берилет.
Эгерде эксперттер бирдей корутундуга келсе, экспертизанын жыйынтыктары бардык эксперттер кол койгон корутундуда берилиши мүмкүн; эгерде эксперттер ортосунда кайчы пикирлер пайда болсо, алар өз алдынча корутунду беришет.
Эксперттердин арасында пикир келишпестик келип чыккан учурунда, алардын ар бири же бир бөлүгү өзүнчө корутунду берет же эксперттик комиссиянын калган мүчөлөрү менен пикири келишпеген эксперт өзүнүн пикирин корутундуда өзүнчө баяндап берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Эксперт берген корутундуну соттук процесстин катышуучулары туура эмес түшүнгөн учурда, соттук-медициналык эксперт бул тууралуу соттук тергөө процессинде билдирүүгө милдеттүү.
3. Соттук-медициналык эксперттин корутундусун тариздөө
35. Соттук-медициналык экспертизанын бардык түрүнүн жыйынтыктары, анын ичинде соттук-химиялык экспертиза, колдонуудагы Жазык процесстик менен Жарандык процесстик кодекстерге ылайык документ менен таризделет, ал "Эксперттин корутундусу" же "Соттук-медициналык (соттук-химиялык) экспертизанын актысы" деп аталат.
Бул эки документтин түзүмү бирдей. Алар төмөнкү бөлүктөрдөн турат: иштин жагдайларын кыскача баяндалышын камтыган кириш бөлүгү, изилдөөчүлүк бөлүгү жана тыянактар (же корутундулар, эгерде соттук-медициналык экспертиза актысы түзүлсө).
36. Кириш бөлүктө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- экспертиза өткөрүү убактысы жана жери;
- эксперттик изилдөө үчүн мааниси бар экспертиза өткөрүү шарттары (жарык, аба температурасы ж.б.);
- кайсы токтомдун же аныктаманын негизинде экспертиза өткөрүлүп жатат;
- эксперттин аты-жөнү, ээлеген кызматы, билими, адистиги жана иш стажы, квалификациялык категориясы, илимий даражасы, илимий наамы;
- өлүктүн экспертизасында - маркумдун аты-жөнү, курагы; жабырлануучулардын, айыпталуучулардын жана башка адамдардын экспертизасында - алардын аты-жөнү, курагы, жашаган жери, адамды күбөлөндүргөн документ; иш материалдары боюнча экспертизада жана буюмдук далилдер экспертизасында - кылмыш же жарандык иштин аталышы жана номери, иштин барактары, экспертизага түшкөн объекттердин жана үлгүлөрдүн тизмеги;
- экспертиза өткөргөндө катышкан адамдар;
- соттук-медициналык эксперттин, анын процесстик укуктары жана милдеттери, жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү болгондугу жөнүндө тил каты;
- экспертизалардын башталган жана аяктаган күнү жана убактысы, корутунду/күбөлөндүрүү актысынын барактарынын саны.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
37. "Иштин жагдайларында" эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзгөндө жана тыянак (корутунду) чыгарганда соттук-медициналык экспертке керектүү маалыматтар берилет; өлүктүн экспертизасында - тергөө маалыматы жана медициналык документтердин мазмуну: жабырлануучулардын, айыпталуучулардын жана башка адамдардын экспертизасында - күбөлөндүрүүчүнүн медициналык суралышы жана даттануулары (балдардын суралышы ата-энесинин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, социалдык кызматкерлердин же педагогдун катышуусунда жүргүзүлөт), тергөө маалыматтары жана медициналык документтердин мазмуну; буюмдук далилдердин экспертизасында - тергөө маалыматтары жана медициналык документтердин мазмуну.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Изилденүүчү бөлүктө изилдөө процессинин кылдат сүрөттөмөсү жана бардык табылган андагы фактылык маалыматтар камтылат. Анда изилдөөнүн колдонулган методдору жана колдонулган объективдүү каттоо (фото сүрөттөр, контурдук схемалар ж.б.) берилет. Изилдөөчүлүк бөлүктүн түзүмү жүргүзүлгөн экспертизанын түрү менен аныкталат.
Бул бөлүк төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) өлүктүн экспертизасында - өлүктү тышкы кароосунун маалыматы жана кийимдин сүрөттөмөсү; көңдөйлөрдүн, органдардын жана ткандардын ички изилдөөсү; экспертизанын башка түрлөрүн жүргүзгөндө тергөөчүгө бериле турган объекттерди алуу; лабораториялык изилдөөгө жиберилген объекттердин тизмеги; трансплантацияга, ошондой эле илимий жана окуу максаттарында алынган органдардын жана ткандардын тизмеги, жүргүзүлгөн кийлигишүүлөрдүн сүрөттөмөсү жана эмне алынганы көрсөтүү менен; жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, алар жүргүзүлгөн күндү жана эксперт изилдөөлөр актын алган күнүн көрсөтүү менен;
2) жабырлануучулардын, айыпталуучулардын жана башка адамдардын экспертизасында - эксперттик текшерүү процессинде айкындалган бардык объективдүү медициналык маалыматтардын кылдат сүрөттөмөсү, эксперт күбөлөндүрүүчүнү башка адистиктеги дарыгерлерге, рентгенологиялык жана башка изилдөөлөргө жиберүү жөнүндө көрсөтмө, ошондой эле ошол текшерүүлөр менен изилдөөлөр жыйынтыктары; кийим изилденген учурда андагы айрылуу-тытылуулар; из-тактар, лабораториялык изилдөөгө жиберилген объекттердин (мазок ж.б.) тизмеги, ошондой эле кошумча текшерүүлөр жана изилдөөлөр жүргүзүү жыйынтыктары жана алардын натыйжаларынын эксперттин алышы;
3) буюмдук далилдердин экспертизасында - буюмдук далилдердин, андагы тактардын кылдат сүрөттөмөсү, ар бир изилдөөнүн түрү боюнча алган жыйынтыктар жана колдонулган изилдөө методдору колдонулган реагенттер, аппаратура жана жабдуулар, талдоо процессин колдонушун көрсөтүп баяндалат. Изилдөөчүлүк бөлүктө көрсөтүлгөн үлгүлөрдүн изилдөөсү да сүрөттөлөт;
4) кылмыш жана жарандык иш материалдары боюнча экспертизада - "Иш жагдайлары" түрүндө эксперттик анализ үчүн керектүү фактылык маалыматтарды кылдат баяндоо.
Медициналык кызматкерлердин кесиптик иш-аракети жөнүндө иштер боюнча экспертизада "Иштин жагдайларына" иш үчүн мааниси бар медициналык жана башка документтердин түп нускалары же саламаттык сактоо уюмдары күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү менен таанышканда алган маалыматтар камтылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Кириш бөлүгү, иштин жагдайлары жана изилдөө бөлүгү биригип "Эксперттин корутундусунун" протоколун же "Соттук-медициналык (соттук-химиялык) экспертиза актысын" түзөт.
Протоколго соттук-медициналык эксперт же эксперттер кол коет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
40. "Эксперттин корутундусунун" тыянактары жана "Соттук-медициналык (соттук-химиялык) экспертиза актысынын" корутундусу эксперттин жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыктарынын негизинде түзүлгөн негиздүү пикири болуп саналат.
Тыянактар (корутунду) медициналык илимдин маалыматынын жана иштин жагдайларын эксперттик талдоонун, экспертиза процессинде аныкталган объективдүү маалыматтардын негизинде түзүлөт. Көрсөтүлгөн объективдүү маалыматтар протоколдун кириш жана изилдөөчүлүк бөлүктөрүнөн келип чыгышы керек.
Тыянактар (корутунду) эксперттин чечүүсүнө коюлган суроолорго ылайык таризделет. Алар экспертиза процессинде айкындалган жана эксперттик пикири боюнча иш үчүн маанилүү объективдүү маалыматтарга эксперттик баа берүүнү камтышы керек. Аларды ачык, конкреттүү, мүмкүн болушунча атайын медициналык терминдерди колдонбой баяндоо керек. Ар бир тыянак боюнча эксперттик пикир фактылык маалыматтар менен негизделип жүйөлүү болушу керек.
41. "Эксперттин корутундусунун" же "Соттук-медициналык (соттук-химиялык) экспертиза актысынын" кириш бөлүгү, иштин жагдайлары жана изилдөөчүлүк бөлүк түздөн түз экспертиза жүргүзүү процессинде түзүлөт. "Эксперттин корутундусунун" тыянактары жана "Соттук-медициналык (соттук-химиялык) экспертиза актысынын" корутундусу аларды түзүү датасын көрсөтүп, бардык изилдөөлөр аяктагандан кийин (3.9-п. карагыла) түзүлүшү керек.
42. "Эксперттин корутундусу" же "Соттук-медициналык (соттук-химиялык) экспертиза актысы" экиден кем эмес нускада түзүлөт, анын бирөөсү иликтөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко берилет, экинчиси соттук-медициналык экспертиза борборунда сактоого калтырылат.
Буюмдук далилдер экспертизасы эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү процессинде жумушчу журналда жазуу менен таризделет, алардын негизинде эксперттик изилдөөлөр аяктагандан кийин тийиштүү документ түзүлөт.
43. Изилдөө жыйынтыгы соттук-медициналык экспертиза дайындаган тергөөчүгө, прокурорго, сотко берилет, бул тууралуу "Эксперттин корутундусу" же "Соттук-медициналык (соттук-химиялык) экспертиза актысы" кимге жана качан берилгени тууралуу белги коюлат.
Экспертиза өткөрүү мөөнөтү алардын түрү, көлөмү жана эксперттик изилдөөлөрдүн мүнөзү менен белгиленет. Мөөнөтү боюнча эң узак болуп буюмдук далилдер экспертизасы жана өлүктөрдүн экспертизасы саналат, бул лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен шартталат. Бирок бул экспертизалар да тергөөчүдөн, прокурордон же соттон бардык керектүү материалдарды алган күндөн тартып бир айдан ашык эмес убакытта жүргүзүлүшү керек.
Бул мөөнөттөн ашкан учурда анын себебин соттук-медициналык эксперт экспертиза дайындаган органдарга жана соттук-медициналык экспертиза борборунун директоруна же эксперттик уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисине түшүндүрөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
44. "Эксперттин корутундусун" же "Соттук-медициналык (соттук-химиялык) экспертиза актысын" кыска ар кандай маалымкаттар жана көчүрмөлөр менен алмаштырууга, ошондой эле жогоруда аталган соттук-медициналык документтерди түзүү үчүн бекитилбеген формадагы жана анкеталык типтеги бланктарды колдонууга тыюу салынат.
45. Соттук-медициналык ишти тергөөчүнүн, прокурордун, соттун (ушул Эрежелердин 7-пункту) кат түрүндө тапшырмасы боюнча жүргүзгөндө, ошондой эле соттук-медициналык эксперттер жиберген объекттерге лабораториялык изилдөө жүргүзгөндө (ушул Эрежелердин 25-пункту) "Соттук-медициналык (соттук-химиялык) экспертиза акты" же "Соттук-медициналык күбөлөндүрүү акты" түзүлөт. Бул документтерди тариздөө тартиби "Эксперттин корутундусу" же "Соттук-медициналык (соттук-химиялык) экспертиза акты" (ушул Эрежелердин 38-44-пункттары) менен бирдей. Бирок соттук-медициналык эксперт бул учурларда ага процесстик укуктары жана милдеттери, ошондой эле жоопкерчилиги тууралуу түшүндүргөндүгү жөнүндө тил кат бербейт.
4. Соттук-медициналык экспертиза борборунун медициналык
кызматкерлеринин штаттык ченемдери жана соттук медициналык
экспертиза өткөрүү мөөнөтү
4.1. Соттук-медициналык эксперттер
46. Соттук-медициналык эксперттер дарыгерлеринин кызматтары (директор жана директордун орун басары кызматынан тышкары) төмөнкү эсеп боюнча белгиленет:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык сот медициналык экспертиза борборунда жана облустук сот медициналык экспертиза борборунда:
- 1 дарыгер ставкасы жылына өткөрүлгөн 80 комиссиялык жана комплекстик соттук-медициналык экспертизаларга;
- 1 дарыгер ставкасы жылына өлүктөрдүн 110 соттук-медициналык изилдөөлөрүнө;
- жылына окуя болгон жерге 400 жолу барууга;
- жабырлануучуларды, айыпталуучуларды ж.б. адамдарды жылына 800 соттук-медициналык күбөлөндүрүүгө;
- бир айылдык районго бир кызмат ордунан кем эмес.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүүсү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтому менен мамлекеттик тилде ушул эрежелердин 46-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөр текстке (жөндөмө түрүнө) ылайык келбейт
47. Буюмдук далилдердин соттук-медициналык изилдөөлөр бөлүмүндө соттук-медициналык эксперттердин кызматтары (соттук-медициналык лаборатория) төмөнкү эсеп боюнча белгиленет:
- буюмдук далилдердин соттук-биологиялык изилдөөлөр бөлүмүндө - 1 дарыгердик ставка жылына ар бир 1750 объектти изилдөө;
- медициналык-криминалистикалык бөлүмдө - 1 дарыгердик ставка жылына ар бир 50 экспертизага жана 500 фоторентгенофотографиялык объекттерге (күбөлөндүрүүчүлөргө, өлүктөргө, препараттарга, айрым буюмдук далилдерге ж.б.);
- соттук-химиялык бөлүмдө - 1 дарыгерлик ставка жылына ар бир 55 толук анализге.
Эскертүү:
"Изилдөө объекти" деп бир так (кандын, сперманын ж.б.), буюмдук далилдин кайсы бир участкасынын ар жери, ошондой изилдөөнүн бир түрү үчүн материал алынган: бир тал чач ж.б.
48. Өлүктөрдүн соттук-медициналык изилдөө бөлүмүнүн соттук-гистологиялык бөлүмүндөгү соттук-медициналык эксперттердин дарыгерлер кызматы 1 кызматка жылына ар бир 400 гистологиялык изилденчү өлүктөрдүн эсебинде белгиленет.
Эскертүү:
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Бөлүм башчысынын кызмат орду соттук-медициналык эксперт-дарыгер төмөнкүлөргө белгиленет (кошумча):
- уюштуруу-методикалык бөлүмдө;
- экспертиза сапатын контролдоо бөлүмүндө;
- комиссиялык жана комплекстүү экспертиза бөлүмүндө;
- жабырлануучуларды, айыпталуучуларды жана башка адамдардын соттук-медициналык күбөлөндүрүү бөлүмүндө (амбулатория), ошондой эле өлүктөрдү соттук-медициналык изилдөө бөлүмүндө - ар бир бөлүмдүн штатында 5 жана андан көп соттук-медициналык эксперт-дарыгерлердин кызматы болгондо.
Тирүү адамдарды соттук-медициналык күбөлөндүрүүнүн бөлүм башчысы кызматын жана өлүктөрдүн соттук-медициналык изилдөө бөлүм башчысынын кызматын белгиленгенде соттук-медициналык экспертизанын райондук (райондор аралык жана шаардык) бөлүм башчынын кызматы эсепке алынат;
- буюмдук далилдердин соттук-медициналык изилдөө бөлүмүндө (соттук-медициналык лаборатория) - бөлүмдүн (лабораториянын) штатында 5 жана андан көп соттук-медициналык эксперт-дарыгерлердин кызматы болгондо.
- буюмдук далилдердин соттук-медициналык изилдөө бөлүмүндө (соттук-медициналык лабораторияда) бөлүм башчынын 3 кызматы болгондо, бөлүм башчынын (лабораториянын) кызматы белгиленбейт. Бөлүм башчынын (лабораториянын) милдетине мындай учурда соттук-медициналык экспертиза борбордун директорунун буйругу менен бөлүм башчынын бирисине жүктөлөт.
Эскертүү:
Бөлүм башчылар бөлүм штатында соттук-медициналык эксперт-дарыгерлердин 8 кызматына чейин болсо (бөлүм башчынын кызматын кошуп), соттук-медициналык эксперт-дарыгердин ишин эксперттин иш жүгүнүн 50% кем эмес көлөмдө аткарат, 8 жана андан көп кызматтар болгондо - өтө татаал экспертизаларды гана.
50. Буюмдук далилдерди соттук-медициналык изилдөө бөлүмүндө соттук-медициналык эксперт-дарыгер - бөлүм башчынын кызматы (соттук-медициналык лаборатория) бөлүмдүн штатында 3 жана андан көп соттук-медициналык эксперт-дарыгерлердин кызматы болсо, ошол кызматтын бирөөсүнүн ордуна аныкталат.
Эскертүү:
Буюмдук далилдерди соттук-медициналык изилдөө бөлүмүнүн (соттук-медициналык лаборатория) бөлүм башчысы бөлүмдүн штатында соттук-медициналык эксперттер-дарыгерлердин кызматы (бөлүм башчынын кызматын кошуп) болгондо, эксперттин ишин аткарат:
- кызмат - эксперттин иш жүгүнүн 75% көлөмүндө;
- 5-6 кызмат - эксперттин иш жүгүнүн 50% көлөмүндө;
- 7 жана андан көп кызмат - өтө татаал экспертизаларды гана аткарат.
4.2. Орто медициналык кызматкерлер
51. Соттук-медициналык экспертиза борборунда амбулаториялык кабыл алууну тейлөө боюнча медициналык айым кызмат ордуна төмөнкү эсеп боюнча белгиленет: 1 кызмат орду тирүү адамдардын соттук-медициналык күбөлөндүрүү бөлүмүнүн соттук-медициналык эксперт-дарыгердин ар бир кызматына.
52. Соттук-гистологиялык бөлүмү менен (морг) өлүктөрдүн соттук-медициналык изилдөө бөлүмүнүн лаборант кызматтары төмөнкү эсеп боюнча белгиленет:
- соттук-медициналык эксперттин дарыгеринин ар бир кызматына 0,5 кызмат;
- 1 кызмат соттук-гистологиялык бөлүмдүн соттук-медициналык эксперттин ар бир кызматына.
53. Медициналык регистраторлордун кызматы төмөнкү эсеп боюнча белгиленет: тирүү адамдарды күбөлөндүрүү боюнча соттук-медициналык эксперттер-дарыгерлердин ар бир 5 кызматына 1 кызматтан жана өлүктөрдүн изилдөөсүн жүргүзгөн соттук-медициналык эксперттер-дарыгерлердин ар бир 5 кызматына 1 кызматтан.
54. Буюмдук далилдерди соттук-медициналык изилдөө бөлүмүндө бардык бөлүмдөрдүн лаборант кызматтары (соттук-медициналык лаборатория) соттук-медициналык эксперт-дарыгерлердин ар бир кызматына 1 кызмат эсебинде аныкталат.
55. Медициналык айымдын, медициналык каттоочунун кызматы райондордо (борбору жок шаарларда), соттук-медициналык экспертиза бөлүмдүн райондук (райондор аралык, шаардык) бөлүм башчылардын кызматын кошуп, соттук-медициналык эксперт-дарыгердин ар бир кызматына 1 кызмат эсебинде аныкталат.
Эскертүү:
Медрегистраторго медициналык билим алуунун кереги жок, райондук (шаардык) сотмедэкспертиза бөлүмүндө сотмедэкспертиза дарыгери жок болсо, медрегистратор, медайым жана лаборанттын да кереги жок болуп калат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Кенже медициналык кызматкерлер
56. Санитаркалардын (санитарлардын) кызматы төмөнкү эсеп боюнча белгиленет:
- тирүү адамдарды күбөлөндүрүү боюнча соттук-медициналык эксперттер-дарыгерлердин ар бир кызматына 0,5 кызмат жана өлүктөрдү изилдөө боюнча соттук-медициналык эксперттер-дарыгерлердин ар бир кызматына 0,5 кызмат;
- буюмдук далилдерди соттук-медициналык изилдөө бөлүмүндө (соттук-медициналык лаборатория) соттук-медициналык эксперт-дарыгерлердин ар бир кызматына 0,5 кызмат;
- райондордо (борбору жок шаарларда), соттук-медициналык экспертиза бөлүмдүн райондук (райондор аралык, шаардык) бөлүм башчылардын кызматын кошуп, соттук-медициналык эксперт-дарыгердин ар бир кызматына 1 кызмат.
Сутка бою өлүктөрдү кабыл алган моргду тейлөө үчүн сутканын караңгы убагында уктаганына мүмкүндүк берип иштеген 2-3 санитарка (санитар) кызматтары кошумча коюлат.
5. Экспертиза өткөрүү мөөнөтү
57. Экспертиза өткөрүү мөөнөтү алардын түрү, көлөмү жана эксперттик изилдөөлөрдүн мүнөзү менен белгиленет. Экспертиза аткаруу мөөнөтүнүн узактыгы жүргүзүлгөн ар кандай лабораториялардын түрүнө, көлөмүнө жана татаалдыгына жараша болот. Экспертизанын узактыгы иликтөө органдарынан, тергөөчүдөн, прокурордон же соттон бардык керектүү материалдарды алган күндөн тартып 1 айдан ашпайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү:
- кайталанган, комиссиялык, комплекстүү экспертизаларды жүргүзүүдө - 30 суткага чейин;
- өндүрүшкө башка адистиктеги бир нече дарыгерлерди тартуу менен татаал изилдөөлөрдү талап кылган чоң көлөмдөгү иштин материалдары боюнча экспертиза жүргүзүүдө - эки айдын ичинде;
- өлүктөрдүн экспертизасында - 30 суткага чейин, бирок изилдөөлөрдүн кошумча лабораториялык методдорунун акыркы жыйынтыгы алынгандан кийин үч суткадан ашык эмес;
- кошумча изилдөөлөрдү жана медициналык документтерди изилдөөнү талап кылган тирүү адамдардын экспертизасында - 30 суткага чейин;
- кошумча изилдөөлөрдү жана медициналык документтерди изилдөөнү талап кылбаган тирүү адамдардын экспертизасында - 5 жумуш күнгө чейин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Эгерде экспертиза өткөрүүнү белгиленген мөөнөттө аяктоого мүмкүн болбосо, ал мөөнөт бүткөнчө соттук-медициналык эксперт соттук экспертиза органынын жетекчиси аркылуу кат түрүндө бул тууралуу экспертиза дайындаган адамга (органга) эскертет жана себебин айтат, аны аяктоонун болжолдуу мөөнөтүн, бирок бир айдан ашык эмес көрсөтөт. Жабырлануучуларды, айыпталуучуларды жана башка адамдарды соттук-медициналык күбөлөндүрүүдө 5 суткадан ашык эмес.