Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №33 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Бөлмөлөр жана жабдуулар
3. Буюмдук далилдерди жана башка материалдарды кабыл алуу, сактоо жана берүү
4. Экспертизалар түрү, изилдөөлөрдүн объектилери, чечиле турган суроолор
5. Изилдөө методикалары жана техникалык ыкмалар
6. Экспертиза өткөрүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Медициналык криминалистика бөлүмү Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун (мындан ары - РСМЭБ) лабораторияларынын бөлүгү болуп саналат, анда диагностикалык, классификациялык жана ситуациялык эксперттик маселелерди чечүү максатында объекттердин изилдөөсүн жүргүзөт.
2. Медициналык криминалистика бөлүмдүн (мындан ары - МКБ) маселелери:
1) адам өмүрүнө жана ден соолугуна каршы кылмыш окуяларды реконструкциялоо жана адамды таануу, дене жабыркоолорду келтирген куралды идентификациялоо үчүн медицинада, криминалистикада, антропологияда жана башка илимий дисциплиналарда колдонулган лабораториялык жана илимий-техникалык каражаттарды, ыкмаларды жана методдорду колдонууга байланыштуу соттук-медициналык экспертизаларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) процесстик аракеттерге катышуу жана укук коргоо органдардын кызматкерлерине консультациялык жардам көрсөтүү, аларды медициналык криминалистика бөлүмдүн маселелери жана мүмкүндүктөрү менен тааныштыруу;
3) РСМЭБ башка бөлүктөрүндө, областтык соттук-медициналык экспертиза бөлүмдөрүндө (мындан ары - ОСМЭБ) соттук-медициналык экспертиза өткөрүү процессинде аткарылган изилдөөлөрдү консультациялар, илимий-техникалык жана лабораториялык каражаттар менен камсыз кылуу;
4) лабораториялык иш ыкмаларын, жаңы эксперттик техниканы өздөштүрүүдө эксперттерге методикалык жардам көрсөтүү жолу менен бөлүмдүн профили боюнча лабораториялык жана аппараттык-техникалык каражаттарды РСМЭБ бөлүктөрүнүн ишине киргизүүгө көмөктөшүү.
3. Экспертиза өткөрүүгө негиздер:
1) соттук медициналык экспертизаларды жана изилдөөлөрдү МКБда укук коргоо, сот органдардын токтомдорунун жана аныктамалардын, соттук-медициналык эксперттердин жолдомолорунун негизинде Кыргыз Республикасынын ЖПК, Соттук-медициналык экспертиза өткөрүү жөнүндө эрежелер жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин документтерине ылайык жүргүзөт.
2) зарыл учурларда РСМЭБдин ар кайсы бөлүктөрүндө бир токтомдун (аныктаманын) негизинде аткарылган эксперттик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары бир "Эксперттик корутундуда" берилиши мүмкүн, жана комплекстүү экспертизалардын корутундусунда өз алдынча бөлүк болуп да берилет, аларды өткөрүү жана уюштуруу (башка ведомстволордун соттук-эксперттик мекемелердин эксперттери менен бирге) тиешелүү ведомстволор аралык ченемдер менен регламенттелет;
3) токтомдо (аныктамада) баяндалган иштин жагдайлары жөнүндө маалыматтар жетишсиз болсо, суроолор так эмес коюлса, корутунду берүүгө керектүү бардык материалдарды көрсөтпөгөндө, эксперт кат түрүндө РСМЭБ директору аркылуу тийиштүү сурам кылат.
4. МКБда эксперттик изилдөө жасаган адамдар:
1) МКБ штаты бөлүм алдында коюлган маселелерге, соттук медицинага жакын илимий дисциплиналардын билимин колдонуу жана аппараттык-техникалык каражаттарды эксплуатациялоо боюнча муктаждыктарга ылайык адистер менен комплекттенет.
2) бөлүм курамында комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн ар кандай профилдеги (дарыгерлер, криминалисттер, программисттер, физиктер ж.б.) адистерди камтыган функционалдык топторду бөлүмдүн курамында түзүүгө болот (сунушталат).
5. Бөлүмдөгү соттук-медициналык экспертизаларды эксперттик мекемелерде, медициналык жождордун окуу базаларында алгачкы адистештирүүдөн, ординатурадан, интернатурадан өткөн дарыгерлер жасайт. Соттук-медициналык моргдо иш стажы жок болсо, бөлүмдүн штатына кошулган дарыгерге негизги адистиги боюнча сертификацияга чейин өлүктөрдүн соттук-медициналык экспертиза бөлүмүндөгү иш менен айкалыштырышы керек.
6. Соттук-медициналык экспертизанын алкагында изилдөөлөрдүн айрым атайын түрлөрү жана алардын техникалык камсыз болушу бөлүм штатына кабыл алынган жогорку медициналык, биологиялык (врач-рентгенолог, антрополог ж.б.), техникалык (физик, инженер) билими бар, фотография тармагындагы адис, криминалистикалык техника боюнча адис ж.б. тарабынан аткарылган изилдөөлөрдүн түрүнө жана бөлүмдүн техникалык жабдылышына жараша аткарылышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн адистер жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары алар тарабынан бааланат жана соттук-медициналык эксперт өз компетенциясынын чегинде корутунду бериши үчүн колдонулат.
7. Техникалык жана башка жардамчы иштерди тийиштүү теориялык жана практикалык даярдыктан (анын ичинде атайын дисциплиналар боюнча - илимий жана сот фотографиясы, рентгенология ж.б.) эксперттин, ошол бөлүмдүн башчысынын контролдугу астында өткөн медициналык регистратор же лаборант аткарат.
8. Медициналык криминалистика бөлүмдүн башчысына аттестацияланган дарыгер - соттук-медициналык эксперт гана болушу мүмкүн.
2. Бөлмөлөр жана жабдуулар
9. Медициналык криминалистика бөлүмү саламаттык сактоо мекемедеги тийиштүү нормаларга жооп берген бөлмөдө жайгашат.
10. Адистердин кабинеттери, фотолаборатория, фото-павильон, рентген кабинет, спектрографиялык лаборатория, препаратордук жай, адистердин лабораториялык жумуш орундары, буюмдук далилдерди сактоо үчүн бөлмө, материалдардын кампасы, жардамчы устакана өз алдынча бөлмөдө жайгаштырылат.
11. Медициналык криминалистика бөлүмдүн негизги жабдуулары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- өлчөгүч инструменттер жана приборлорду;
- ар кандай моделдеги микроскопторду;
- фотографиялык техника жана жабдууларды;
- видеоаппаратураны;
- рентген техника жана жабдууларды;
- электрондук жабдуулар жана аппаратураны;
- медициналык инструментарий жана жабдууларды;
- криминалистикалык техниканы;
- жардамчы жабдууларды, компьютердик оргтехниканы жана инструменттерди.
Приборлор жана аппаратуралар базасын КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргыз Республикасындагы эксперттик мекемелерде апробациядан өткөн жаңы изилдөөчүлүк жана каттоо каражаттар менен толуктоо керек.
3. Буюмдук далилдерди жана башка материалдарды кабыл алуу, сактоо жана берүү
12. Бөлүмгө эксперттик изилдөөгө төмөнкүлөр кабыл алынат:
1) өлүктөрдүн жана тирүү адамдардын экспертиза бөлүмдөрүнүн, ошондой эле соттук-медициналык лабораторияларынын башка бөлүктөрүнүн соттук-медициналык эксперттери жиберген салыштырма изилдөөлөр үчүн медициналык документтер, изилдөө объекттери, үлгүлөр жана башка материалдар;
2) МКБ адистери консультация жана изилдөө үчүн башка мекемелер, уюмдар жиберген буюмдук далилдер, объекттер жана башка материалдар;
13. Буюмдук далилдер жана башка материалдар бөлүмгө РСМЭБ кеңсесинен мекеме жетекчисинин (директордун, анын эксперттик иш боюнча орун басарынын) визасы менен түшөт, же түз эле лабораторияга түшөт, ал жерде бөлүм башчы, же анын тапшырмасы боюнча башка эксперт коштомо документтер менен таанышат жана буюмдук далилдердин таңгагын кароого алышат. Мында таңгактын мүнөзүн жана анын абалын, кол тамгаларды, штамптарды жана мөөрлөрдү, алардын абалын фиксациялайт. Көрсөтүлгөн маалыматтарды атайын журналга датаны жана адистин колу коюлуп жазылат же башка ыкма менен фиксациялап, экспертизаны аткарган экспертке өткөрүп берет.
14. Буюмдук далилдерди бөлүмгө түшкөндөн кийин дароо таңгагынан чыгарат. Таңгактын ичиндегиси жана башка кабыл алынып жаткан материалдар коштомо документтердеги тизмек менен салыштырат. Фиксацияланбаган биологиялык препараттар, нымдуу, күбө жеген белгилери менен кийим, чирүү белгилери менен объекттер жана атайын даярдык керек боло турган башка буюмдук далилдер дароо эксперт-аткаруучуга алардын белгилерин каттоо жана сактыгын камсыз кылуу үчүн өткөрүп берилет. Таңгакталбаган, тиешелүү реквизити жок, таңгагы бузулган буюмдук далилдерди тергөөчү (атайын адам аркылуу) жеткирген учурда алар кабыл алынбайт. Таңгакта, реквизитте дефектилер болгондо, почта менен жеткирилген буюмдук далилдер жана иш материалдары жаман сакталганда, ошондой эле ичиндегилердин коштомо документтеги тизмекке шайкеш болбой калганда, бөлүмдүн үч кызматкерлери кол коюп акт түзүшөт, анын бир экземплярын дароо экспертизага материал жиберген мекемеге жиберет.
15. Түшкөн иш материалдары жана буюмдук далилдер сейфте же оозу жабылган металл шкафта сакталат, аны жумуш күн аяктаганда бөлүмдүн мөөрү басылып чаптайт. Экспертизага көрсөтүлгөн ок атуучу жана курч курал, ок дарылар мөөр басып чапталган сейфте сактайт жана күзөт сигнализациясы менен жабдылган бөлмөдө жайгаштырылат.
16. Буюмдук далилдерди жана аларга документтерди каттоону каттоочу журналда Саламаттык сактоо министрлигинин иштеп жаткан буйругунда каралган форма боюнча жүргүзөт, анда документке камтылган маалыматтар менен катар "изилдөө жыйынтыктары" графасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: изилденген предметтер жана объекттер саны: жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны жана түрү.
17. Каттоо журналы номерленген барактары менен тигилет, РСМЭБ мөөрү басылат, ага борбордун директору кол коет, сотмедэкспертиза борбордун кеңсеси тил кат менен лаборатория башчысына (бөлүм башчыга, соттук-медициналык экспертке) берет. Каттоо журналын колдонгондон кийин тил кат жазып РСМЭБ сотмедэкспертиза борборунун кеңсесине өткөрүп беришет жана жаңы менен алмаштырат.
18. Экспертиза аяктагандан кийин түшкөн иш материалдары, буюмдук далилдер жана үлгүлөрдү тил кат жазып же почта менен экспертиза дайындаган органга кайтарып берет. Изилдөө аяктагандан кийин биологиялык объекттерди эксперттик тапшырма берген адамга кайтарып берет.
19. Бөлүмдүн архивинде болгон талап кылынбаган бардык объекттер жана буюмдук далилдер номерленет жана алардын сактыгын камсыз кылган таңгакта сакталат. Архивге обочолонгон, оозу жабылган жана мөөр басып чаптала турган кургак, шамалданчу бөлмө бөлүнүп берилет. Архивди каттоо үчүн атайын журнал ачат, анда документтик түрдө экспертиза (изилдөө) дайындаган адам менен сактоо мөөнөтүн макулдашкандыгын, ошондой эле ликвидациялык комиссиялардын мүчөлөрү кол коюп, матерналды жок кылган күндү жана ыкмасын көрсөтөт. Мындай журнал болгондо жок кылуу актыларын жана объекттерди сактоо мөөнөтүн кошумча макулдашуунун кажети жок.
4. Экспертизалар түрү, изилдөөлөрдүн объектилери, чечиле турган суроолор
20. Соттук-медициналык трассологиялык экспертизалар объектилери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) адам денеси жана кийими менен курч жана мукул предметтердин механикалык таасиринен пайда болгон жабыркоо издери, адам денесине кирип кетүүлөрдүн издери жана ушуга окшогон кийимдеги издер, кан агуулар, заттарды жана майда материалдарды бир өз ара аракеттешкен үстүнөн экинчиге которуу, ошондой эле дене жабыркоолорго алып келген химиялык, термикалык жана башка факторлордун аракеттешүүсү;
2) көрсөтүлгөн издердин жана алардын пайда болуу процесстеринин касиеттерин медициналык документтерде жана кылмыш (жарандык) иштин ар кандай материалдарында сөз-речтик, графикалык, фотографиялык, рентгенографиялык, математикалык жана башка моделдер түрүндө документтеп чагылдыруу;
3) травманын болжолдуу куралы (текшерилчү объекттер) жана алардын издерин ар кандай түрдөгү моделдерде чагылдыруу;
4) изилдөөгө көрсөтүлгөн жана экспертизанын жүрүшүндө эксперименттик түрдө алынган экспертиза объекттеринин үлгүлөрү.
21. Соттук-медициналык трассологиялык экспертиза өткөрүүдө чечилген суроолору издердин болушун, алардын түрүн, механизмин жана пайда болуу шарттарын аныктоону, травма берген куралдын касиеттерин жана аны окшоштуруп белгилөөнү, бүтүндү бөлүктөр боюнча курууну караштырат.
22. Соттук-медициналык трассологиялык экспертизанын объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) адам денесин ок атып жабыркатуу жана аларга пайда болуунун бирдей механизми менен байланыштуу кийимдин ок аткан жабыркоолору, кийимде жана денеде ок атып травма келтирүү процессинде пайда болгон башка издер;
2) адам денесинде жана кийимде октон жабыркоонун касиеттерин жана аларга байланыштуу издерди сөз-речтик, графикалык, фотографиялык, рентгенографиялык, математикалык жана башка моделдер түрүндө кылмыш иштин материалдарында жана медициналык документтерде фиксациялап чагылдыруу;
3) изилденип жаткан октон жабыркоолор пайда болуу процесстерди жана аларды коштогон издерди экспертиза жүрүшүндө эксперименттик түрдө алган жана изилдөөгө көрсөтүлгөн ок травманын динамикасынын объективдүү моделдери түрүндө документтеп чагылдыруу;
4) адам денесинин жабыркоосу жана жарылма травманын натыйжасында пайда болгон кийимдин жабыркоосу, жарылуудан пайда болгон денедеги жана кийимдеги башка издер, аларды чагылдыруу жана жарылуучу орнотмолордун жана алардын курамдык бөлүктөрүнүн үлгүлөрү;
5) изилдөөгө көрсөтүлгөн жана экспертизанын жүрүшүндө эксперименттик түрдө алынган экспертиза объекттердин башка үлгүлөрү.
23. Медициналык баллистикалык экспертизаларды өткөргөндө ок аткан куралдын снаряды менен жабыркатуу фактысы аныкталат; жабыркоолордун саны жана ок атуулардын ирети белгиленет; кирүүчү жана чыгуучу жабыркоолордун локализациясын; жаракат каналдарынын багыты; октордун дистанциялары; октон жабыркатуу учурунда жабырлануучунун абалы жана позасы; тоскоолдук аркылуу жана октун рикошетинен кийин жаракат келтирүү; октун багыты, ошондой эле жарылма травмада дененин жана кийимдин жабыркоосу пайда болгон шарттар, механизмдер.
24. Адамдын бирдейлигинин соттук-медициналык экспертизасынын объектилери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) таанылбаган өлүктөн дене бөлүктөрү жана башка объекттер ар кандай стадиядагы өлүктүн өзгөрүүлөрү менен, дененин бөлүнгөн бөлүктөрү жана дене бөлүктөрүнүн фрагменттери, скелеттелген өлүктөр, скелеттердин бөлүктөрү, айрым сөөктөр, сөөк фрагменттери, сөөккө окшогон объекттер, өлүктү өрттөгөн жерден күл;
2) соттук-медициналык экспертиза өткөрүү процессинде жана өлүк табылган жерден кароодо алынган, сөз-речтик, антропометриялык, морфологиялык, графикалык, көлөмдүк, фотографиялык, рентгенографиялык, жана башка моделдер түрүндө документтелген сөөк калдыктары, таанылбаган өлүктүн, анын бөлүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн белгилер;
3) таанылбаган өлүктөрдү табуу жагдайлары, шарттары, жери жөнүндө документ түрүндө жазылган маалыматтар;
4) издөө салынган адамдар жөнүндө документте жазылган маалыматтар, объективдүү моделдер түрүндө чагылдыруу, ошондой эле экспертизага көрсөтүлгөн, аны аткаруу процессинде алынган издөө салган адамдардын туугандары жөнүндө фиксацияланган маалыматтар.
25. Адамдын бирдейлигине соттук-медициналык экспертиза. Экспертиза процессинде калдыктардын түркүмдүк таандыгын аныктайт, алар канча өлүк адамга таандык, расалык, жыныстык жана курактык таандыгын, тирүү кезиндеги бою жана дененин башка өлчөмдөрү, анын анатомиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү, башынан өткөргөн оорулардын, дене жабыркоолорунун белгилерин, алардын мүнөзүн жана эскилигин, сөз менен портреттин белгилери жана башка жеке өзгөчөлүктөр, таанылбаган калдыктардан адамды аныктоо.
26. Соттук-медициналык микрологиялык экспертизаны (микрообъекттердин жана заттар издеринин экспертизасын) көрсөтүлгөн материалдар жана коюлган суроолор боюнча башка экспертиза (трассологиялык, баллистикалык ж.б.) өткөрүү талап кылынбаган учурларда өз алдынча өткөрөт. Микрологиялык экспертизалардын объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) пайда болуу механизми боюнча дене жабыркоолору менен байланыштуу кийимдеги издерде жана адам өлүктөрүнүн жабыркаган ткандарында микрочастицалар жана микро издер болгондо;
2) кылмыш (издөө) иште жана медициналык документте жазылган мурда өткөрүлгөн микрологиялык изилдөөлөр тууралуу маалыматтар, өлүктөрдүн соттук-медициналык изилдөө жыйынтыктары, өлүк табылган жер тууралуу жана экспертизага жиберилген башка объекттер.
27. Соттук-медициналык микрологиялык экспертизада кийимде, өлүктүн денесиндеги жабыркоолор жана дене тканында бөтөн микрообъекттер болушун, жабырлануучунун денесине жана кийимине травма куралы менен (жана тескерисинче) микрообъекттерди жана заттарды көчүрүп келүү жана киргизүү фактыларын аныктайт.
28. Окуялардын соттук-медициналык реконструкциясы (ситуациялык экспертизалар). Экспертизанын объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кылмыш (жарандык) иштердин материалдары, аяктаган алгачкы соттук-медициналык жана криминалисттик (автотехникалык, трассологиялык, баллистикалык ж.б.) экспертизалар;
2) ситуациялык маселелерди жана экспертизаларды өткөрүү мезгилде аткарылган тергөө жана эксперттик эксперименттердин материалдары;
3) мурда өткөрүлгөн экспертизалардын объекттери (окуяга катышкандардын кийим предметтери, транспорттук каражаттар, жабыркоо келтирген куралдар, ок атуучу курал, окуя болгон жердин тегерегиндеги предметтер), ошондой эле алардын үлгүлөрү, көчүрмөлөрү жана объективдүү моделдери;
4) тирүү адамдар - изилденип жаткан окуянын фактылык катышуучулары жана ситуациялык анализге мааниси бар жагдайларды реконструкциялоого тартылган статисттер;
5) чыныгы окуя болгон жер (бөлмө, жол участкасы, ландшафт ж.б.) же окуя болгон жерди имитациялоо шарттары жана олуттуу документтелип жазылган параметрлер боюнча ошого болушунча ылайык жер;
6) окуялардын реконструкциясын экспертизалаганда тергөө жана эксперттик жол менен алган объективдүү маалыматтар жана дене жабыркоолорун алуу жана келтирүү процессинин динамикасында окуялардын катышуучуларынын берген маалыматтары ортосунда шайкештикти аныктайт, ошондой эле конкреттүү жагдайларда жана шарттарда изилденчү жабыркоолор (издер) пайда болуу мүмкүндүгүн тактайт.
5. Изилдөө методикалары жана техникалык ыкмалар
29. Экспертизалардын түрүнө жана изилденген объекттердин мүнөзүнө жараша МКБда төмөнкү изилдөө методдору жана техникалык ыкмалар колдонулат:
30. Даярдалган методдор жана ыкмалар:
1) терини, сөөктөрдү жана алардын фрагменттерин, кемирчектерди, ички органдарды, кийим предметтери жана башка микрообъекттерди атайын иштеп чыгуу жолу менен аларды изилдөөгө жарактуу абалга келтирүү максатында микропрепараттарды даярдоо;
2) жабыркоолорду айкындоо жана билүү үчүн, түркүмдүк, жыныстык, курактык таандыгын аныктоо үчүн сөөктөрдүн, тиштердин микрошлифттерин даярдоо, микро түшүрүү жана кошулууларды изилдөө жана айкындоо;
3) текстилдик материалдардын, бөтөн түшүрмөлөрдүн жабыркоолорунун микропрепараттарын даярдоо;
4) изилдөө объекттерин реставрациялоо (препараттарды, кийим фрагменттерин бириктирүү ж.б.).
5) органдарга жана ткандарга, жаракат каналдарга рентген-контрасттык боек заттарды куюу (препаратты кийинки препаровкага куюштурууга даярдоону кошуп);
6) күл кылуу, кургатуу жана объектти кийинки спектрдик анализге даярдоонун башка түрлөрү.
31. Объекттердин касиеттерин фиксациялоо жана байкоо методдору:
1) көрүү - объекттердин касиеттерин көз менен лупанын жардамы менен спектрдин көрүнө турган диапазонунда экспертизанын бардык түрлөрүндө, ИК - спектрдин тармагы, УФ - спектрдин тармагы;
2) өлчөгүч - объекттердин, издердин деталдарынын, бөтөн бүртүкчөнүн өлчөмүн, объекттер ортосундагы аралыкты макро жана микро өлчөө, экспертизанын бардык түрүндө салмакты өлчөө;
3) остеометриялык метод - сөөктөрдүн, алардын анатомиялык деталдарынын өлчөмүн аныктоо;
4) денситометриялык - макро жана микрорентгендик, фотографиялык сүрөттөрдүн, фотохимиялык тактардын, аутограммалардын салыштырмалуу оптикалык тыгыздыгын аныктоо;
5) спектрофотометриялык - объекттердин спектрдик мүнөздөмөсүн аныктоо;
6) денсиметриялык - сөөктүн салыштырмалуу тыгыздыгын аныктоо;
7) микротвердометрия - сөөк, тиш жана башка ткандардын механикалык бекемдигин аныктоо;
8) түздөн түз стеромикроскопия - объекттердин макро жана микро касиеттерин жана спектрдин көрүнгөн бөлүгүн билүү;
9) фотографиялык - ак-кара, түстүү, серептик, макро жана микро-фото ар кандай жарык берүү режимде, түс бөлгүч, стереоскопиялык, спектрдин четки жактарынан фотографиялоо, репродукциялык, негативсиз басып чыгаруу, спектрлерди тартуу, диапозитивдерди даярдоо жана башка фотографиялык методдор;
10) объекттерди айкындоо жана өлүм убактысын аныктоо үчүн фотохимиялык тактар методу жана аутограммаларды чыгаруу;
11) рентгенднк - серептик, контракттык, метрикалык, макро жана микро-рентгенофотография, анын ичинде рентген сүрөттүн анализи (электрондук, оптикалык, фотографиялык, аналогдук, цифралык ж.б.);
12) спектрдик (эмиссиялык, люминисценттик спектроскопия, атомдук-абсорбциялык, рентген-спектометрия, инфракызыл спектро-фотометрия ж.б.);
13) химиялык - контакттык - диффузиялык жана электрографиялык, түстүү химиялык реакциялар, хроматографиялык ж.б.;
14) графикалык - схемалык сүрөттөмөлөр, объекттердин контурларын көчүрүү, издердин касиеттерин документтик фиксациялоо үчүн белгилерди графикалык коддоо, механизмдин иллюстрациясы жана из пайда болуу шарттары.
32. Моделдөө методдору жана ыкмалары:
1) жабыркоо издердин үстүнөн, анатомиялык нерселердин (маскалардын), жаракат каналдардын тактарынан объекттин рельефин фиксациялоо максатында көлөмдүү тактарды даярдоо;
2) эксперименттик издерди алуу - травма куралынын из пайда болуучу касиеттерин, из пайда болуу жана үлгү алуу шарттарын жана механизмин аныктоо үчүн издер жана жабыркоолор;
3) ситуациялык экспертизаларда дене жабыркоолорду алуу жана келтирүү процессинин динамикасын моделдөө боюнча эксперимент;
33. Аналитикалык методдор:
1) салыштырма анализ - салыштыруу, сыйгалануу (бириктирүү) түшүрүү, объекттердин сүрөттөрүндө белгилердин реперажы;
2) математикалык анализ - объект же процесс жөнүндө алгачкы алган маалыматтар боюнча процесстердин жана объекттердин параметрлерин (өлчөмүн, ылдамдыгын, салмагын, бурчтарын ж.б.) эсептелишин аткаруу;
3) статистикалык анализ - бир аталыштагы чоңдуктардын керектүү көптүгүн математикалык жалпылоонун негизинде процесстердин жана объекттердин параметрлерин аныктоо;
4) вектордук-графикалык анализ - жабыркоолор-издердин пайда болуу иретин, механизмин, затын аныктоо.
34. Белгилердин жана динамикалык процесстердин реконструкциялоо методдору (сүрөттөмө, графикалык жана пластикалык реконструкциянын).
35. Соттук-медициналык экспертиза өткөргөндө жеке методикалар жана изилдөө ыкмаларына жол берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Башкы соттук-медициналык эксперттин сунуштаган маалыматтык-методикалык материалдары;
2) жарыяланган диссертациялык иштер, статьялар жана бөлүмдө апробацияланган башка басма иштер;
3) бөлүмдө иштелип чыккан жана башка эксперттик мекемелерде расмий апробацияланган модификациялар жана ыкмалары;
4) колдонуу укугуна сертификаты бар компьютердик программалар.
6. Экспертиза өткөрүү тартиби
36. Соттук-медициналык эксперт экспертиза өткөргөндө өзүнүн компетенциясына кирген бөлүмдүн профили боюнча суроолорду гана чечет. Эгерде экспертиза өткөрүү жөнүндө токтомдо РСМЭБдин башка бөлүктөрүндөгү эксперттердин компетенциясына кирген суроолор болсо, алар РСМЭБ директордун чечими боюнча экспертиза өткөрүү үчүн тийиштүү бөлүмгө өткөрүлүп берилет.
37. Токтомдо РСМЭБ эксперттердин компетенциясынын чегинен чыккан жана башка медициналык дисциплиналарда билимди талап кылган суроолор болсо, бул экспертизаны өткөргөн эксперт эксперттик топту түзүү жана тиешелүү адистерди тартуу (анатом, рентгенолог, хирург ж.б.) жөнүндө өтүнүч берет.
38. Эгерде суроону чечүү үчүн медицинадан тышкары, илимдин башка тармактарында (математика, криминалистика, антрополог ж.б.) билим талап кылынса, эксперт бул тууралуу экспертиза дайындаган адамга билдирет жана анын алдында тийиштүү адисти тартуу менен комплекстүү экспертиза дайындоо жөнүндө өтүнүч берет, же өз алдынча экспертиза өткөрүү үчүн аны эки же андан көпкө бөлүү тууралуу суроо коет.
39. Эки же андан көп өлүктүн, тирүү адамдын материалдары боюнча экспертиза дайындоо жөнүндө бир токтом болгондо, бир же бир нече окуялардын (эпизоддордун) жагдайларына карабай ар кандай номерлер менен тиешелүү түрдө эки же андан көп экспертизалар өткөрүлөт.
40. Бир эле токтом боюнча жана бир материалдар боюнча, бирок ар кандай экспертизалардын түрүнө (трассологиялык, баллистикалык, антропологиялык, микрологиялык жана ситуациялык) шайкеш ар кандай маселелерди чечүү үчүн изилдөө объекттерин бөлүү мүмкүндүгү болгондо, аларды каттоодон өткөрөт жана өз алдынча эксперттик корутунду менен тариздейт.
41. Эгерде экспертиза аткаруу процессинде (ал аяктаар электе) кошумча суроолор, иштин материалдары жана буюмдук далилдер түшсө, алардын изилдөөсүн негизги экспертизанын алкагында жүргүзөт. Алар негизги экспертиза аяктагандан кийин түшсө, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү кошумча экспертизанын корутундусу менен тариздейт.
42. Бир кылмыш (издөө салуу, жарандык) иш боюнча эксперт, эрежеде, бир соттук-медициналык экспертизаны өткөрөт. Бир иш боюнча бир нече параллелдүү, жалпы объекттер менен байланышкан экспертизаларды өткөрүү зарыл болсо, аларды ар кайсы эксперттер аткарса болот, мындай учурда изилдөөлөрдү координациялоо жана алардын сапатын контролдоо максатында экспертизаларды өткөрүү учурунда бөлүм башчы топтун алдыңкы экспертин дайындайт. Ошондо алдыңкы эксперт ар бир корутундуга эксперт-аткаруучу менен бирге кол коет жана кийин (жеке чакыртуулар болбосо) сотко эксперттер тобунун атынан барат.
43. Ар экспертизаны өткөрүү процесси өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: токтом (аныктама), көрсөтүлгөн иштин материалдары (медициналык документтерди кошуп) менен таанышуу, буюмдук далилдерди жана көрсөтүлгөн үлгүлөрдү алдын ала кароо, изилдөөлөрдү өткөрүү планын түзүү, изилдөөлөрдүн өзү, тыянак чыгаруу, эксперттик корутундуну тариздөө.
44. Экспертиза дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) менен таанышуу этабында эксперт иштин жагдайларын иликтейт; чечилүүгө тийиш суроолорду жана изилдөө үчүн экспертизага көрсөтүлгөн материалдардын тизмеги менен таанышат, түшкөн материалдардын тизмекке шайкештигин текшерет. Зарыл учурларда эксперт администрация аркылуу кат түрүндө сот же тергөө органдарын кошумча маалыматтарды жана буюмдук далилдерди көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө, суроолорду түзөтүү тууралуу ж.б. билдирет, алдын ала экспертизанын башталышы кармалып жаткандыгы жөнүндө эскертет.
45. Буюмдук далилдердин алдын ала кароосун боло турган жумуштун көлөмүн аныктоо, изилдөөнүн тигил же бул түрү үчүн жарактуулук даражасын, объекттерди идентификацияланган жана идентификациялаган кылып сорттоо жана классификациялоо, алардын нумерациясы жана маркалоосу үчүн, ошондой эле объекттердин алгачкы касиеттерин сактоо боюнча чараларды өз убагында көрүү максатында жүргүзөт.
46. Алдын ала таанышуунун маалыматынын негизинде эксперт келерки экспертизанын түрүн (трассологиялык, баллистикалык ж.б.) аныктайт жана төмөнкү жоболорду жетекчиликке алып, экспертизанын планын түзөт:
47. Экспертиза объекттерин изилдөө белгилүү иретте жүргүзүлөт, ал төмөнкүлөр менен шартталат:
1) ар бир объекттин идентификациялык процесстеги оруну менен (трассологиялык жана баллистикалык экспертизаларда биринчи кезекте идентификациялык объекттерди изилдейт, башкача айтканда куралдардын окшоштук издерин жана экинчи кезекте изилдөөгө текшерилчү объекттерди алат - травма кылган болжолдуу куралдарды; адамды окшоштуруу экспертизаларында жана микрологиялык экспертизаларда - тескерисинче, башында идентификацияланган объектти изилдейт, андан кийин гана бардык салыштырма материалды);
2) объекттердин алгачкы касиеттеринин өзгөрүлүп тургандыгы (алгач тирүү жана башка процесстерден идентификациялык белгилери башка объекттерден эрте жоголо турган объекттерди изилдейт);
3) пайда болуу механизми жана шарттары (биринчи кезекте кийимдин материалынын тышкы катмары жабыркашын изилдейт, андан кийин ичкилерин, кийин катмар-катмарлап жаракат каналды изилдейт; издери боюнча идентификациялык изилдөөлөр - эгерде пайда болуу ирети алдын ала такталса, биринчи кезекте келтиргенден баштайт).
48. Изилдөө методдорун тандаганда эксперт башында экспертизанын ушул түрүндө колдонулган бардык методдорду аныктайт. Андан кийин объекттердин мүнөзүнө жараша конкреттүү учурда колдонууга жарактуу жана натыйжалуу методдорду тандайт жана ар кандай методдорду колдонуунун рационалдуу кезектигин белгилейт, анын негизинде объекттердин касиеттерин изилдөөнүн аягына чейин сактоо зарылдыгы жатат.
49. Изилдөө жүргүзүүнүн жалпы тартибин экспертизанын түрүнө жараша криминалистикалык идентификация теориясынын негизги жоболорун эске алып аныктайт;
1) соттук-трассологиялык экспертизада изилдөөлөрдү төмөнкүдөй иретте жүргүзөт:
а) чыныгы (изилденген) издерди (идентификациялык объекттерди) өз алдынча изилдөө, мында документтик маалымат боюнча жана нативдик материалда ар бир издин касиетин өз алдынча бардык жеткиликтүү каражаттар менен изилдейт, анын пайда болуу механизмин аныктайт, жалпы жана жеке белгилерди айкындайт, окшоштуруу үчүн жарактуулук даражасын айкындайт;
б) чыныгы издерди салыштырып изилдегенде ар бир белгинин ар кайсы издерде кайталанышын аныктайт; издерде бир же бир нече из калтырган объекттер болушун белгилейт, же из калтыруунун бирдей болушун же ар түркүн болушун жазат, изилденген издер ортосундагы байланышты аныктайт;
2) травма келтирген болжолдуу куралдар болгондо, алардын өз алдынча изилдениши жана эксперименттик издерди (үлгүлөрдү) алуу:
а) эксперименттик издердин салыштырма жана бөлүнгөн изилдөөсү, аны чыныгы издерди изилдеген схема боюнча жүргүзөт;
б) чыныгы жана эксперименттик издердин салыштырма изилдөөсү, алган жыйынтыктарды баалоо менен;
Салыштырма изилдөө процессин ырааты менен жүргүзөт - жалпы белгилерден жекечелерге. Объекттерди жалпы белгилер боюнча изилдегенде, аларды айкындайт жана окшоштук менен айырмалыгын баалайт.
50. Соттук-медициналык баллистикалык экспертизалардагы изилдөөнү трассологиялык экспертизалардагы ыраатта өткөрөт, бирок төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алат:
Баллистикалык экспертизаларда октон жабыркоонун пайда болуу шарттарын жана механизмин аныктаган белгилер трассологиялык экспертизага караганда, өз алдынча идентификациялык мааниге ээ болуп калат, анткени алар ок атуу дистанциясы, кирген жана чыккан тешиктердин локализациясы, жаракат каналдын багыты жана тереңдиги ж.б. жөнүндө маалымат менен катар, ок аткан курал (айрым учурда жекечелик) жана ок дарылардын өзгөчөлүктөрүн жана түрүн чагылдырат.
51. Адамды окшоштуруу боюнча экспертизада изилдөөлөрдүн көлөмүн жана аткаруу иретин көрсөтүлгөн объекттердин сапаттык топтому жана мүнөзү аныктайт:
1) идентификациялык объекттердин өз алдынча анатомиялык-морфологиялык изилдөөсү (таанылбаган калдыктар жана аларга окшош объекттер), мында шектүү учурларда методдордун керектүү топтомунун жардамы менен ар бир объекттин биологиялык жана ткандык таандыгын, анатомиялык жана түркүмдүк таандыгын аныктайт;
2) ар бир объект боюнча анын маалымдуулугун эске алып, жыныстын, расанын, курактын жана боюнун белгилерин, оорунун, травманын, тубаса дефектилердин жана башка өзгөчөлүктөрдүн белгилерин аныктайт;
3) ар жактан табылган объекттер, эгерде алардын адам денесине таандыгы аныкталса же шек санатпаса, бүлүнгөн изилдөөдө айкындалган белгилер боюнча бир индивидден чыкканына салыштырма-анатомиялык изилдөө кылат;
4) бир индивидден чыккан идентификацияга алынган объекттердин бөлүнгөн изилдөө маалыматтарынын жыйынды бааланышы (синтез), ал бардык объекттерди изилдөө жыйынтыктарын, патологиялык өзгөрүүлөр белгилерин жана өнүгүшүнүн аномалиясын эске алып анын жынысын, курагын жана боюн аяккы аныктоо үчүн, ошондой эле тышкы тирүү кезиндеги, жалпы жана жекече белгилерин, сөз портретин, тери тырыктарын ж.б. аныктоо үчүн жүргүзүлөт;
5) издөө салган адамдарга көрсөтүлгөн салыштырма материалды бүлүп изилдөө, ал дайынсыз жоголгондун белгилерин чагылдырган документтик маалыматтардын, фото сүрөттөрдүн, рентгенограммалардын жана башка объект-моделдердин (идентификациялык объекттердин) идентификациялык изилдөө үчүн жарактуусун тандоого, ошондой эле ошол белгилердин иликтөөгө жана жалпылоого багышталат;
6) идентификацияланган жана идентификациялаган объекттердин салыштырма изилдөөсүндө, башында дене түзүлүштүн өзгөчөлүктөрү, бою, курагы, расасы, жынысы жөнүндө маалыматтарды салыштырат, андан кийин сөз портреттин белгилерин жана жеке өзгөчөлүктөрдү салыштырат;
7) түшүрүү (фото бириктирүү), сыйгалануу жана репераж методдорун салыштырууну аталган белгилер боюнча салыштыруунун дурус жыйынтыктарын алгандан кийин гана аткарат.
52. Соттук-медициналык микрологиялык экспертизаларда көрсөтүлгөн объекттерди изилдөөнү, антропологиялык изилдөөлөрдөй идентификацияланган объекттерден баштайт, андан кийин үлгүлөрдүн анализин жана биринчи менен экинчилердин салыштырма изилдөөсүн жасайт. Бөлүмдө колдонулган методдордун сезгичтик тизмегине жараша, экспертиза микрообъекттерди табуу жана аларды кыскача жалпы мүнөздөө этабында аякташы мүмкүн, же ал затты идентификациялоо жана классификациялоо деңгээлине жеткирилет.
53. Окуялардын реконструкциясы (ситуациялык экспертиза) жөнүндө соттук-медициналык экспертизаны өткөрүүнү тергөө материалдары жана иш боюнча аткарылган экспертизалар менен таанышуудан дайыма баштайт (соттук-медициналык жана криминалистикалык), андан кийин коюлган маселелерге жараша аларды чечүү ыкмаларын аныктайт. Экспертиза аткаруу этаптары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) окуялардын динамикасы жөнүндө тергөө жана эксперттик аракеттер жолу менен алган объективдүү маалыматтардын анализи;
2) текшерилген версиялардын жана окуялардын динамикасын бөлүнгөн анализи;
3) ар бир текшерилген версия боюнча өз алдынча аткарылган эксперименттик изилдөөлөр;
4) объективдүү маалыматтардын жыйынтыктарын талдоо натыйжасын эске алып аткарылган эксперименттик изилдөөлөр;
5) эксперименттик маалыматтардын салыштырма изилдөөсү салыштыруу жыйынтыктарын баалоо менен;
54. Экспертиза өткөргөндө төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу керек:
1) изилдөөнүн эксперименттик бөлүгү тергөө эксперимент катары (алынган эксперименттик маалыматтардын анализин эксперт иштин материалдары боюнча жүргүзөт), же эксперттик эксперимент тартибинде;
2) тергөө окуясынын көрсөтүлгөн катышуучулары жана статисттер изилдөө объектилери болуп саналат жана эксперименттин методикасына ылайык физикалык өнүгүшү жана антропометриялык белгилердин окшоштугуна күбөлөндүрүлөт;
3) экспертти тартып, тергөө текшерген версияларды окуянын катышуучуларында жана статисттерде иштеп чыгат, ал эми объективдүү маалыматтар боюнча өткөрүлгөн эксперимент жана бардык эксперименттердин жыйынтыктарын салыштырууну, эрежеде, статисттерди гана тартып өткөрөт;
4) эксперименттик изилдөөлөр окуянын динамикасын тирүү адамдар демонстрациялоо талап кылынбаса, биоманекен же жасалма манекен колдонот, же окуянын динамикасын графикалык схемаларда, математикалык эсептерде, фото сүрөттү репераж жолу менен талдоого алышат.