Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Атайын бөлүк
Тиркеме. Иштин материалдарынын маалыматтарын талдоо
1. Жалпы жоболор
1. Бул эрежелер соттук-медициналык акушердик-гинекологиялык экспертизаларды өткөрүү тартибин регламенттейт жана тергөөчүнүн, прокурордун токтомунун же соттун аныктамасынын негизинде гана жүргүзүлөт.
2. Экспертиза жыйынтыгынын натыйжалуулугу, ал окуядан кийин канчалык эрте өткөрүлсө, ошончолук жогору болот. Ошондуктан кечиктирилгис учурларда, эгерде түзүлгөн жагдайлардан улам (тергөө органдардан же сот мекемелерден окуя болгон район алыс жайгашкан болсо ж.б.) экспертиза өткөрүү жөнүндө токтомду өз убагында алуу мүмкүн болбосо, соттук-медициналык күбөлөндүрүү, тартиптен тышкары, жабырлануучулардын, ошондой эле ата-энесинин, жашы жете электердин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же тиешелүү кызматтык адамдардын арызы боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мындай күбөлөндүрүүнү өткөрүү жөнүндө соттук-медициналык эксперт тергөө органдарына ошол замат билдириши керек.
Мындай учурларда эксперттин корутундусу эмес, соттук-медициналык күбөлөндүрүү акты түзүлөт.
3. Соттук-медициналык акушердик-гинекологиялык экспертиза Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына, Кыргыз Республикасында экспертизаларды өткөрүүнү регламенттеген башка ченемдик, инструкциялык жана методикалык документтерге жана ушул Эрежелерге ылайык өткөрүлөт.
4. Соттук-медициналык акушердик-гинекологиялык экспертиза өткөрүүнү керектүү даярдыгы бар соттук-медициналык эксперт аткарат. Даярдыгы бар эксперт жок болсо, экспертизаны соттук-медициналык эксперт жана дарыгер акушер-гинеколог комиссиялык түрдө өткөрөт.
Зарыл болсо экспертиза өткөрүүгө башка адистиктеги дарыгерлер да тартылат.
Эгерде экспертизаны бир соттук-медициналык эксперт өткөрсө, ал эксперт менен иштеген фельдшер же медициналык айымдын катышуусунда жүргүзүлөт.
5. Экспертиза жарык, жылуу бөлмөдө жана эрежеде жетиштүү кадимки күндүн жарыгында өткөрүлөт. Айрым кечиктирилгис учурларда экспертизаны жетиштүү жасалма жарыкта өткөрсө болот.
Тышкы жана ички жыныс органдарын изилдөө гинекологиялык креслодо керектүү гинекологиялык инструменттерди жана жабдыктарды колдонуп, санитардык-гигиеналык талаптарды аткарып жүргүзүлөт.
6. Экспертиза өткөрүү процессинде лабораториялык изилдөөгө материал алуу жана жиберүүнү соттук-медициналык эксперт жүргүзөт. Алынган материалдар соттук-медициналык экспертизанын соттук-медициналык лабораториясына соттук-медициналык эксперттин коштомо документи менен, тиешелүү түрдө оролгон жана мөөр басып чапталган түрдө (мазоктор бөлмөдөгү температурада кургатылышы керек) жиберилет.
7. Жыныстык жол менен берилчү ооруларды жуктуруу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн соттук-медициналык эксперт күбөлөндүрүлчү аялды тери-венерологиялык диспансерге текшерилүүгө жиберет.
Адистештирилген медициналык уюмдарда жүргүзгөн текшерүүлөрдүн, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жолдомо берген соттук-медициналык экспертке кат түрүндө билдирилет.
Корутунду түзгөндө эксперт алган маалыматтарды колдонот.
8. Соттук-медициналык экспертиза өткөргөндө эксперт күбөлөндүрүлчү аялдын аты-жөнүн паспортту же башка документти фотокарточкасы менен текшерип аныктоого милдеттүү.
Фото сүрөтү менен тийиштүү документ жок болсо, күбөлөндүрүлчү аялды экспертизага жеткирген тергөө органдардын өкүлү тастыктайт, бул тууралуу эксперттин корутундусунда тийиштүү белги калтырылат.
Күбөлөндүрүлчү аялды тастыктоо мүмкүн болбогон учурда, корутундуга фото сүрөттөр тиркелет, аларды титулдук баракка чаптайт.
16 жашка чыга элек адамдарды күбөлөндүрүү туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөндө, ата-энесинин, педагогдун же алардын ордуна болгон чоңдордун (күбөлөндүрүлчү менен бир жыныстагы) көзүнчө жүргүзүлөт.
9. Окуянын жагдайлары соттук-медициналык экспертке иштин материалдарын көрсөтүү же экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо анын мазмунун сүрөттөө жолу менен билдирилет.
Соттук-медициналык мааниси бар деталдарды тактоо максатында эксперт күбөлөндүрүлчү аялды сурап чыгат.
Балдардын айтканы жазылат, мүмкүн болушунча, сөзмө сөз жазылат. Алган маалыматтарды сын көз менен баалаш керек.
10. Окуя болгон мезгилде күбөлөндүрүлчү аялдын кийген кийимдеринде кан, сперма издери болушу мүмкүн, ошондуктан алар милдеттүү түрдө соттук-медициналык экспертиза борборунун соттук-медициналык лабораториясынын соттук-биологиялык бөлүмүндө изилдөө алынат.
Кийимди изилдөөгө алуу жана жиберүүнү тергөө органдардын өкүлү жүргүзөт, эгерде кийимдер бырышкан эмес болсо жана шектүү издер бар болсо, соттук-медициналык эксперт тергөөчүгө кийимди алуу жана изилдөөгө жиберүү жөнүндө милдеттүү түрдө билдириши керек. Күбөлөндүрүлчү аялды кийимдерин жуубай турушу жөнүндө эскертет.
11. Соттук-медициналык акушердик-гинекологиялык экспертиза өткөрүүнүн ар бир учуруна "Эксперттин корутундусу" түзүлөт, ал 3 бөлүктөн турат: кириш, сүрөттөмө жана аяктоочу.
12. Эксперттин корутундусунун (соттук-медициналык экспертиза актынын) кириш бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Акттын катар номери, экспертиза өткөрүлгөн сааты, күнү, айы жана жылы;
2) Экспертиза жүргүзүүгө негиздер;
3) Экспертиза өткөрүү жери жана шарттары (мисалы, жарыктыгы);
4) Экспертиза жүргүзгөн эксперттин (эксперттердин) аты-жөнү, илимий наамы, илимий даражасы, адистиги, кызматы;
5) Экспертиза өткөрүүгө катышкан адамдардын аты-жөнү, кызматтары;
6) күбөлөндүрүлчүнүн аты-жөнү, туулган жылы (жашы жетпегендерге туулган күнү, айы, жылы), үй-бүлөлүк абалы, билими, кесиби, иштеген жери жана жашаган жери, көрсөтүлгөн документтин номери жана берилген күнү, ким берген;
7) документи жок болсо - күбөлөндүрүлчү адамды тастыктаган кишинин аты-жөнү, кызматы.
13. Экспертизанын максаты.
14. Иштин жагдайлары:
1) күбөлөндүрүлчүнүн сөзүнөн жана экспертиза өткөрүү жөнүндө токтомдун жана алдын ала тергөөнүн башка материалдарынын маалыматтарынын негизинде окуяга тиешелүү кыскача маалыматтар.
Эгерде күбөлөндүрүү убактысына керектүү тергөө материалдар жана медициналык материалдар көрсөтүлбөсө, соттук-медициналык эксперт аларды тергөөчү аркылуу талап кылууга укуктуу. Мындай учурда күбөлөндүрүү дароо жүргүзүлөт, эксперттин корутундусу соттук-тергөө органдарга талап кылынган материалдарды алгандан кийин көрсөтүлөт.
2) Күбөлөндүрүүчү экспертизага чейин медициналык уюмдарга же айрым адистерге кайрылса, медициналык документтердин маалыматтары, алардын датасы жана номери менен көрсөтүлөт.
15. Күбөлөндүрүүчү аялдын даттануулары.
16. Атайын анамнез, анда экспертизанын максаттарына жараша төмөнкүлөр чагылдырылат:
1) менструациялардын келген убактысы, мүнөзү жана менструациялык циклдин узактыгы, акыркы менструациясынын биринчи күнү;
2) жыныстык жашоосунун башталышы, жыштыгы, анын ичинде акыркы жыныстык катнашуунун мезгили;
3) кош бойлуулук: канча жолу, жүрүшү, бойдон алдыруулар, төрөттөр, төрөттөн кийинки оорулары, чыккан нерселер;
4) жыныстык оорулар менен ооруганы, кургак учук, ичеги карын трактынын оорулары, психикалык оорулар ж.б.
Эскертүү:
Ушул маалыматтарды билгенде, кийин актынын сүрөттөмө бөлүгүн түзгөндө да, эксперт күбөлөндүрүүчүнүн курагын, экспертизанын мүнөзүн эске алат жана документке тиешелүү маалыматтарды гана киргизет.
17. Кириш бөлүктү түзгөндөн кийин, "Иштин жагдайларынын" мазмунун күбөлөндүрүүчүгө окулат жана ал ага кол коет, мектепке чейинки курактагы балдардын экспертизасында алардын коштоп жүргөн адам кол коет.
Күбөлөндүрүүчүнү тергөө материалдардын мазмуну менен тааныштырууга эксперттин укугу жок.
18. "Эксперттин корутундусунун" сүрөттөмө бөлүгүндө күбөлөндүрүүдө эксперт алган объективдүү изилдөөнүн маалыматтары чагылдырылат:
1) күбөлөндүрүүчүнүн жалпы физикалык абалы: дене түзүлүшү, тамактанышы, бою, жалпы өсүшүнүн кемтиктери, жамбаш чарасынын өлчөмү ж.б.;
Эскертүү:
Күбөлөндүрүүчүнүн психикалык саламаттыгына шектенгенде, эксперт тергөө органдары алдында соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө суроону коюшу керек.
2) экинчи жыныстык белгилердин көрүнүшү: эмчек бездеринин өсүү даражасы - көлөмү, формасы, чыңдыгы, эмчек учунун жанан анын тегерегинин абалы, аларды түсү, эмчектен чыккан нерсенин болушу же жоктугу; колтуктарында, чат дөмпөктө жана чоң жыныс эринде чачтын мүнөзү жана көрүнүү даражасы;
3) тышкы жыныс органдардын абалы: алардын калыптануу абалы (тубаса кемтиги), жыныс эриндин жана клитордун чоңдугу жана формасынын өзгөчөлүгү; былжырлуу кабыкчалардын абалы жана түсү; заара ушатуу каналдын тышкы тешигинин абалы; чыккан нерселер жана алардын мүнөзү;
4) кыздыгынын абалы: (шакек сымал, жарым ай сымал ж.б.), бийиктиги (жазысы), калыңдыгы, консистенция (жумшак, тыгыз); бош четтердин мүнөзү (ичке, жоон, тиш сымал, жылмакай, жамаачы сымал ж.б.); өлчөмү (диаметр) жана тешиктин формасы (тегерек, сүйрү, тешик сымал); плеванын чоюлгандыгы; бир нече тешик болсо - алардын саны жана тосмолордун мүнөзү; плеванын кадимки чуңкурлары - мүнөзү, түсү жана четтердин тыгыздыгы, тереңдиги, жайгашкан жери жана кындын бырыштарына анын катыштыгы; жабыркоолордун болушу, мүнөзү жана жайгашуусу; бармактын учун киргизгенде кыскартуу шакекченин болушу; ички жыныстык органдардын абалы.
Эскертүү:
Кыздыктын соттук-медициналык изилдөөсүндө төмөнкү ыкманы колдонот: эки колдун тең сөөмөй жана чоң бармагы менен чоң эриндердин негизинен терини тери алдындагы клетчатка менен кармайт жана аны алдыга, эки тарапка, ылдыйга тартат.
5) Денедеги жабыркоолор: өзгөчө көңүл бет, моюн, эмчек бездери, тышкы жыныстык органдар, сандын ички тарап жагы жана шыйрак жактарында жабыркоолордун болушуна, локализациясына, өлчөмүнө, формасына, түсүнө жана мүнөзүнө бурулат (мисалы, тырмактардан калган жарым ай сымал сыйрыктар, бармактар менен баскандан канталоо ж.б.).
19. Лабораториялык изилдөөгө кайсы бир материал алган учурда (кындан мазокту, жуулган нерсе, чыккан нерсе ж.б.), бул жагдай сүрөттөмө бөлүктө эмне жана каяктан, каякка жана эмне максатта жиберилгени белгиленет.
20. Аяккы бөлүгү ар бир конкреттүү учурду эске алып түзүлөт, ал өзүнө тергөө материалдардын анализин, экспертизадан чечилүүгө коюлган суроолорду, объективдүү маалыматтарды, ошондой эле медициналык документтерди жана лабораториялык изилдөөлөр жыйынтыктарын камтыйт.
Эгерде экспертиза өткөргөндө иш үчүн мааниси бар жагдайлар аныкталса жана алар боюнча суроолор коюлбаса, эксперт өз корутундусунда аларды көрсөтүүгө укуктуу.
21. Эксперттин корутундусу, зарыл болсо, күбөлөндүрүүчү аялдын жабыркоолорун жана өзгөрүүлөрүн фиксациялаган фото сүрөт менен иллюстрацияланат.
Эскертүү:
Фотографиялоону жабырлануучунун макулдугу менен гана медициналык билими бар, соттук фотографиянын өзгөчөлүгүн эске алган адам жүргүзүшү мүмкүн.
22. "Эксперттин корутундусуна" соттук-медициналык эксперт кол коет, эгерде экспертизага башка адистер комиссия мүчөлөрү катарында катышса, корутундуга комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
23. Эксперттин корутундусу же тил кат менен тергөө органдарынын же соттун өкүлдөрүнө берилет, же почта боюнча салып жиберилет. Эксперттин корутундусун берүү же өткөрүлгөн күбөлөндүрүү жөнүндө маалымкатты күбөлөндүрүүчүнүн колуна же башка адамдарга, тергөө жана сот органдардын өкүлдөрүнөн тышкары, берүүгө тыюу салынат.
Күбөлөндүрүүчүгө же башка адамдарга, тергөө жана соттук органдардын өкүлдөрүн кошпогондо, күбөлөндүрүү же экспертиза жыйынтыктары жөнүндө билдирүүгө тыюу салынат.
24. Жыныстык кылмыш болгондо (зордуктоо, бузуку аракеттер ж.б.) шектүү адамды соттук-медициналык күбөлөндүрүү туура болот, ошондуктан, эгерде мындай экспертиза дайындалбаса, соттук-медициналык эксперт аны тезинен өткөрүү зарылдыгы жөнүндө тергөө органдарга билдирүүгө укуктуу.
25. Шектүү адамды күбөлөндүрүүнү мүмкүн болушунча жабырлануучуну күбөлөндүргөн эксперт жүргүзүшү керек.
Шектүү адамды күбөлөндүргөндө соттук-медициналык эксперт "Эркектердин жыныстык абалын соттук-медициналык экспертизалоо эрежелерин" жетекчиликке алат.
2. Атайын бөлүк
26. Соттук-медициналык акушердик-гинекологиялык экспертиза төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн өткөрүлөт:
1) кыздыгы бузулушун;
2) зордуктап жыныстык катнашуу болгонун мүнөздөгөн белгилерди;
3) бузуку аракеттерди жасаганды мүнөздөгөн белгилер;
4) жыныстык катнашууга жана бойго бүтүрүүгө жөндөмүн;
5) кош бойлуулугун жана мурда төрөгөндөрүн;
6) боюнан алдыруунун травма менен байланышын;
7) боюнан жасалма алдыруу;
8) жынысын;
9) эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу даражасын же кара эмгекке жарактуулугун аныктоо учурларында жыныстык органдардын абалы;
10) боюна бүтүрүү мөөнөтүн жана кош бойлуулуктун узактыгын аныктоо.
27. Кыздыгын бузууну аныктоо:
1) мурда жыныстык жашоо менен жашабаган күбөлөндүрүүчүнүн жыныстык кол тийбестик жөнүндө суроону чечкенде, эксперт кыздыгы бүтүндүгүн аныктайт, ал бузулган болсо, эгерде мүмкүн болсо аны бузуунун эскилиги;
Эскертүү:
Кыздыгы айыгуу мөөнөтү анын касиетине жараша болот: төмөн, ичке плева үчүн ал 6-9 күнгө барабар, бийик, жумшак үчүн 10-14 күн; плева кайталанып травма алса, инфекция болсо ж.б. айыгуу 18-20 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Мындан кеч мөөнөттө кыздыктын бузулуу убактысын аныктоо мүмкүн эмес болуп калат, бул тууралуу корутундуда көрсөтүлөт.
2) кыздыгы жабыркаганы табылганда анын санын, локализациясын, үзүлүш четтеринин мүнөзүн жана формасын сүрөттөйт (канталаган, гранулданган, тырыкталган, тырыгы жабылган), үзүлүш тереңдигин (негиздин/жазынын/плеванын жарымына, анын негизине жетет ж.б.), алардын үстүлөрүнүн түсүн, үзүлүш четтердин тыгыздыгы, плеванын калыңдыгына кан агуу болушу;
Үзүлүш жерлерин жана башка жабыркоолорду, ошондой эле кадимки чуңкурларды так белгилеш үчүн алардын жайгашуусун 12 тең бөлүктөргө бөлүнгөн тегеректен шарттуу түрдө белгилешет (сааттын циферблатына окшоштуруп);
3) кыздыгы жабыркабаганда жыныстык катнашуу аны бузбай болушу мүмкүндүгү (чоюлган, төмөн - валик же жээк сымал ж.б.) белгиленет, тешиктин өлчөмү (диаметр) жана четтердин мүнөзү аныкталат, ошондой эле кыскаруу шакекчеси болушу же жоктугу көрсөтүлөт;
4) сперматозоид болушун аныктоо зарыл болгондо, жабыркабаган кыздыктын бүтүндүгүн бузбай, этияттык чараларды сактап алган кындын жана жатын моюнчасынын тышкы тешигинин ичиндегисин микроскопиялык изилдөөнү жүргүзөт.
28. Зордуктап жыныстык катнашуу кылганды мүнөздөгөн белгилерди аныктоо (зордуктоо боюнча экспертиза):
1) бул экспертизаны өткөргөндө соттук-медициналык эксперттин милдетине болгон жыныстык катнашуу жөнүндө айтып турган объективдүү маалыматтарды айкындоо, ошондой эле жыныстык катнашууну же ошого аракет кылууну зордуктап жасагандыгын мүнөздөгөн денедеги жабыркоолорду аныктоо кирет;
2) күбөлөндүрүү демейдеги тартипте, тышкы жана ички жыныстык органдарды деталдуу текшерүү менен жүргүзүлөт;
3) экспертизада төмөнкүлөр аныкталат: кыздыктын бүтүндүгү же бузулушу жана бузулуу эскилиги (мүмкүн болсо), үзүлүштөрдүн жайгашканы, алардын саны жана мүнөзү, үзүлүш четтеринин мүнөзү жана үстүнүн түсү, четтердин тыгыздыгы;
4) кыздыктын бүтүндүгү бузулганы жана анын эскилиги аныкталганда табылган жабыркоолордун пайда болуу механизми, мисалы, аларды чыңалган жыныс мүчөсү, бармак же башка мукул же кесүүчү-саюучу предмет менен келтиргени аныкталат;
5) кыздыкты жаңы жабыркатканда жатынды кын аркылуу изилдөөгө болбойт; ал плева айыккандан кийин, жыныстык катнашуудан 10-12 күн өткөндөн кийин жүргүзүлүшү керек, мында кошумча жабыркоо келтирбеш үчүн кароону кичинекей Куско күзгүсүнүн жана этият эки колдуу изилдөөнүн жардамы менен жүргүзүү керек;
6) күбөлөндүрүүчүнүн кыздыгы бузулбаса, жыныстык катнашуу аны бузбай болушу мүмкүндүгү (кыздыктын түзүлүш өзгөчөлүктөрү жана чоюлгандыгы) белгиленет, тешиктин өлчөмү (диаметр) жана четтердин мүнөзү аныкталат, ошондой эле кыскаруу шакекчеси болушу же жоктугу көрсөтүлөт. Корутундуда мындай учурларда кыздыктын түзүлүшү анын бүтүндүгүн бузбай жыныстык катнашуу мүмкүн экендигин көрсөтөт;
7) жыныстык катнашуу кыздыктын бүтүндүгү бузулуу менен коштолсо, жатын жана кошо чыккан нерселердин абалын аныктоо үчүн ички жыныс органдарды изилдөө кын аркылуу эмес, көтөн чучук аркылуу жүргүзүлөт;
8) жыныстык жашоо менен жашап калган аялдардын жыныстык органдарынын жалпы абалын аныктайт. Кароо ички органдарды Куско күзгүнүн жана эки колдуу изилдөөнүн жардамы менен жүргүзөт;
9) кындын жана жатын моюнчасынын тышкы тешигинин ичиндегисин соттук-медициналык лабораторияга сперматозоид болушун жана сперманын топтук таандыгын аныктоо үчүн жиберет;
10) кындын жана жатын моюнчасынын тышкы тешигинин ичиндегисин сперматозоид болушун жана сперманын топтук таандыгын аныктоо үчүн (көбүнчө арткы жана каптал жактарынан) жыгач же айнек таякчага бекитилген тампонго кындын капталдарын сүртүп алат жана стерилдүү предметтик айнектерде мазок жасайт. Мазокторду бөлмөдөгү температурада кургаткандан кийин таза кагазга оройт жана жазып коет.
Эгерде тампон дароо соттук-медициналык лабораторияга изилдөөгө берилсе, аны пробиркага салат, оозун жабат жана тийиштүү жазуу калтырат;
Эгерде тампон бир канча убакыттан кийин изилденсе, марляны таякчадан алат жана бөлмөдөгү температурада күн нурун тийгизбей кургатат, андан кийин оозун жабат, жазуу кылат жана лабораторияга жиберет. Экөөндө тең таза марля (тампон жасалган кесимден) контролдук тажрыйбалар үчүн тиркелет;
11) зордуктоо боюнча экспертиза өткөргөндө, зарыл болгон учурларда, күбөлөндүрүүчү аялдын көтөн чучугун да изилдөө керек.
Кароо катуу кушеткада күбөлөндүрүүчү чыканак-тизе таянып турганда жасалат. Көчүктөрүн колу менен көтөн чучуктун былжырлуу кабыкчасы көрүнгөндөй эки жакка тартат.
Көтөн чучукта жана анын былжырлуу кабыкчасында канталоо, сыйрык, жарака жана жаракат түрүндө жаңы жабыркоолорго көңүл бурат. Мындай жабыркоолорду тапкандан кийин, алардын мүнөзүн, формасын жана локализациясын көрсөтүп сүрөттөйт.
Эскертүү:
Эгерде ректоскоптун жардамы менен изилдөө жүргүзүү керек болсо, күбөлөндүрүүчүнү ушул изилдөө методду билген адис иштеген мекемеге жиберет;
12) жаңы болгон учурларда, жабырлануучу көтөн чучук аркылуу катнашта болгондо жана заңдай электе сперматозоид айкындоо үчүн көтөн чучуктан мазок алышат. Ал үчүн хирургиялык пинцеттин браншы менен марлялык бинттин кесиндисин кыпчып, калган жагын пинцеттин аягына оройт. Тампонду көтөн чучукка 3-5 см тереңдикке киргизип, айлантма кыймылы менен көтөн чучуктун былжырлуу кабыкчасын сүртөт;
Сууруп чыккан тампон менен предметтик айнектерде мазок кылат, бөлмөдөгү температурада кургатат жана соттук-медициналык лабораторияга жиберет;
13) Эксперттин корутундусунда мазоктор жана башка объекттер изилдөө үчүн алынган беле жана алар каяка жиберилгени көрсөтүлүшү керек.
29. Бузуку аракеттерди жасаганын мүнөздөгөн белгилерди аныктоо.
30. Бузуку аракеттердин көрүнүшү ар кандай мүнөздө болот. Бузуку аракеттердин белгилери:
1) Былжырлуу кабыкчанын кызарышы, кыздыктын үзүлүшү жана айрылышы;
2) Кыздыктын калыңдыгына, четтерине же негизинде кан агуу;
3) Тышкы жыныстык органдардын былжырлуу кабыкчасында, атап айтканда кичине жыныстык эриндер, клитор, тышкы заара ушатуу каналы жагында жаракалар, айрылуу, чийинди жана канталоо;
4) Чат дөпмөгү, аласы, көтөн чучугу ж.б. жактарындагы ар кандай жабыркоолор.
Эскертүү:
Эгерде күбөлөндүрүүдө тышкы жыныс органдардын былжырлуу кабыкчаларынын кызарганы гана табылса, күбөлөндүрүүчүнү 3-5 күндөн кийин кайталап кароо керек. Жыныстык органдарын булганыч кармоодон, мителик инвазиядан ж.б. эмес, бир жолку бузукчулук аракеттерден пайда болгон кызаруу бул убакыттын ичинде жоголуп кетет.
31. Кайык сымал чуңкурчанын жана арткы бириккен жердин абалына өзгөчө көңүл буруу керек, анткени системалуу түрдө жасалган бузукчулук аракеттерде бул жактары механикалык таасирге (басылууга) дуушар болот, анын натыйжасында төмөнкүлөр пайда болот: жыныстык тешиктин аңырайышы, ала жагында воронка сымал чуңкур, ала жагында теринин атрофиясы, кайык сымал чуңкурчанын жана арткы бириккен жердин. Бардык ушул белгилердин жыйындысын эске алуу керек, анткени алардын айрымдары ушул бузукчулук аракеттерге байланыштуу болбосо да байкалышы мүмкүн.
32. Бул экспертизада чоң далилдүү мааниси бар болуп жыныстык органдарда, анын тегерегинде, ошондой эле күбөлөндүрүүчүнүн денесинде жана кийиминде сперманы табуу эсептелет.
Мындай учурларда соттук-медициналык лабораторияга кындын (же кындын оозунан) ичиндегисин гана эмес, спермага шектүү кургаган суюктуктун издерин күбөлөндүрүүчүнүн денесинин башка участкаларынан алып жиберүү керек.
33. Жыныс жолу менен берилчү ооруларга шектенгенде күбөлөндүрүүчүнү тери-венерологиялык диспансерге жиберет. Экспертизада бул оорулар табылса, анын белгилүү бир мааниси болот, бирок жыныс жолу менен эмес жуктуруу мүмкүндүгүн да четке какпаш керек.
34. Бузукчулук аракеттер боюнча текшергенде көтөн чучукту да изилдөө керек.
Көтөн чучугун кароо катуу кушеткада күбөлөндүрүүчү чыканак-тизе таянып турганда жасалат. Көчүктөрүн колу менен эки жакка кылып, тырыктардын болушун, көтөн чучуктун формасына (бир аз чуңкур, жазы же кирген воронка ж.б.) көтөн чучук тешиктин тегерегинде тери бырыштардын көрүнүшү, аңыраюу болушуна көңүл бурат. Андан кийин көчүктү эки жакка кылып, аналдык тешикти чоет, көтөн чучуктун былжырлуу кабыкчасынын түсүн, жарылуу, сыйрык жана жаракат болушун белгилейт; сфинктердин тонусун аныктайт (көтөн чучукка вазелин сыйпалган бармакты киргизип). Өзгөчө көңүл ректалдык гонорея болушуна бөлүнөт.
35. Көтөн чучуктан системалуу катнашта ал жакта төмөнкүдөй мүнөздүү өзгөрүүлөр пайда болот: воронка сымал кирип турганы, көтөн тешиктин аңырайышы, көтөн чучукта бырыштардын жылмакайлыгы, былжырлуу кабыкчасы кочкул кызы түстө көк тарткан, сфинктердин боштугу, көтөн чучуктун былжырлуу кабыкчасынын ылдырагандыгы жана былбырактыгы, көтөн чучуктун ампулярдык бөлүгүнүн кеңдиги, көтөн чучуктун былжырлуу кабыкчасынын катмарлары түшкөнү ж.б.
Эскертүү:
Сфинктерди атайылап (өз эрки менен) кыскартуу мүмкүндүгүн эске алуу керек, бул воронка сымал ичине кирип тургандыгын көп көрсөтпөй коет. Мындай учурларда сфинктердин кыскарышынын узак изилдөөсүн жүргүзүү керек, ушинтип "өз эрки менен" узак убакыт кыскартып кармап тура албайт.
36. Көтөн тешиги нормада кууш же жазы воронка түрүндө болушу мүмкүн, ал мындай учурларда былжырлуу кабыкчанын эсебинен пайда болот. Эгерде воронка сымал кирип тургандыгы көтөн тешиктен системалуу катнаштын кесепетинен болсо, воронканын капталы териден жана көтөн тешиктин былжырлуу кабыкчасынан турат. Көп аталган белгилер ичегинин аракети бузулгандыктан, анын ичинде ич өтүү, ич катуудан болушу мүмкүн.
37. Жыныстык катнашууга жана бойго бүтүрүүгө жөндөмдү аныктоо:
1) бул экспертиза боюна бүтпөгөн аял өзүн башка баланын энесимин деген учурларда никеден ажыратуу жөнүндө иштерде, ошондой эле өндурүмдүк жөндөм жоготкоидугу тууралуу суроо пайда болгондо ден соолукка келтирген оор зыянды аныктоодо жүргүзүлөт;
2) жыныстык катнашууга жөндөмдүүлүгү жөнүндө суроону чечкенде, эксперт билиши керек, жыныстык органдардын өнүгүү дефектилер (кыска кын, анын аплазиясы же атрезиясы, тубаса же кабыл алган тарылуусу, шишиктер ж.б.) же вагинизм жокпу;
3) бойго бүтүрүү жөндөмдүүлүгүн аныктаганда күбөлөндүрүүчүнүн курагын, анатомиялык-физиологиялык өзгөчөлүктөрүн, гинекологиялык оорулардын (эндометрит, шишиктер, жатындын туура эмес абалы ж.б.) гормондук бузулуулардын, өнөкөт инфекциялардын жана интоксикациялардын, нурдун таасири ж.б. болушун эске алуу керек.
Кыйын учурларда күбөлөндүрүүчүнү стационардык текшерүүгө жиберет.
Эгерде экспертиза некден ажыратуу иши боюнча өткөрүлсө, текшерилчү аялдын күйөөсүн да, анын жыныстык жөндөмүн аныктоо максатында күбөлөндүрүү керек.
38. Кош бойлуулугун жана мурдагы төрөттөрүн аныктоо:
1) кош бойлуулугу болушу жана анын мөөнөтү, болгон төрөттөрдү же төрөттөн кийинки мезгилди аныктоо боюнча соттук медициналык акушердик-гинекологиялык экспертизада төмөнкүлөрдү аныктайт:
- кош бойлуулугу болушу жана анын мөөнөтүн;
- болгон төрөттөрдүн же боюнан түшүрүүнүн эчаккысын;
- кош бойлуулугу, төрөттөн кийинки мезгилдин жүрүшүнүн тууралыгы же туура эместиги;
- боюнан түшүрө турган оорулардын болушу (анын ичинде жыныс органдардын ооруганы);
2) күбөлөндүрүүчүнү сураганда эксперттин корутундусунда акыркы жолу болгон жана биринчи күтүлгөн, бирок келбей калган менструациянын датасын; жыныстык жашоо менен жаңы жашап баштаганда - биринчи жыныстык катнашуунун датасын билишет жана жазышат;
3) тышкы жыныстык органдарды караганда жыныстык жылчыктын (жабык, аңырайган), аланын (айрылуунун болушу же жоктугу, анын эскилиги, даражасы ж.б.) абалы, "энелик чуңкурчанын" болушу же жоктугу (Снегирев-Губаревдин белгиси), тышкы жыныстык бөлүктөрдүн былжырлуу кабыкчасынын абалы (түсү, көпкөнү, жабыркагандары), эрин жүгөнчөсүнүн, бырыштын арткы бириккен жери, кыздыктын абалы (негизинде анын үзгүлтүксүздүгү сакталганбы, же сөөл сымал жумшак дөңчөлөр түрүндөбү - "мирт сымал упчудай"), кынга кире бериштин абалы (кууш, кыскарууга жөндөмдүү, жазы, аңырайган); чыккан нерселердин болушу же жоктугу (мүнөзү, саны) аныкталат;
4) ички (кындык) изилдөөдө төмөнкүлөрдү аныктайт:
- кындын жана анын капталдарынын абалы (кууш, көрүнүп турган бырыштары менен, жазы, жылмакай капталдары менен ж.б.);
- жатын моюнчанын абалы - формасы, чоңдугу, тыгыздыгы, эрозия болушу же жоктугу, тышкы тешиктин формасы жана абалы (тегерек, жылчык сымал, жабык, аңырайган);
- жатын денесинин абалы: жайгашуусу (антефлексио - версио, антефлексио или гиперантефлексио, ретро-версиофлексио); үстү (жылмакай, бүдүр сымал); чоңдугу, консистенциясы (тыгыз; камыр сымал; жумшак); кыймылдыгы, сезгичтиги;
- кошумча нерселердин абалы;
- чыккан нерселердин болушу жана мүнөзү;
5) кош бойлуулук болгондо анын мөөнөтү аныкталат, ошондой эле ал алгачкыбы же кайталанганбы такталат. Шектүү учурларда же кош бойлуулуктун эрте мөөнөтүндө соттук-медициналык эксперт биологиялык реакциялар менен колдонушу мүмкүн, ал максатта күбөлөндүрүүчүнү акушердик-гинекологиялык медициналык уюмга жиберет. Мындай реакция өткөрүү мүмкүн болбосо, канталанган күбөлөндүрүүнү 2-3 жумадан кийин өткөрүү керек;
6) кош бойлуулуктун кеч мөөнөтүндө (экинчи жарымы) төмөнкүлөрдү кылуу керек:
- жамбаш чарасынын өлчөмүн ченөө (тазомер менен) жана чат дөмпөктөн киндикке чейинки, чат дөмпөктөн жатын түбүнө чейин, чат дөмпөктөн төштүн айбалкасына чейин аралыкты, ошондой эле киндик деңгээлинде ичтин тегереги;
- күмөн жөнүндө төмөнкү маалыматтарды аныктоо: абалы (узунунан, туурасынан, кыйшак); кайсы жагы менен (башы менен, буту менен); кире бериш алдында жатышынын бийиктиги (бийик, төмөн); кыймылдыгы (добуш берет, кыймылдуу, кысылган, кыстырылган); жаткан жагынын тыгыздыгы;
- жатындагы добушту, күмөндүн кыймылдашын, күмөндүн жүрөк кагуусу (жеңил, ачык, араң угулат; ритмдиги, минутасына каккан саны; угулбайт) болушун белгилөө; жүрөк кагуусу бардыгынан ачык угулган жерди белгилеп коюу;
7) медициналык уюмдарда өткөн төрөттө соттук-медициналык эксперт төрөттөрдүн эчаккысын медициналык документтер боюнча аныктайт: төрөттөр баяны, ымыркайдын өсүш баяны, ымыркай өлүгүнүн соттук-медициналык экспертизасынын акты.
Ооруканадан тышкары төрөттө корутунду төрөт жолдорунун абалы боюнча төрөттөн кийин эки-үч жуманын ичинде берилет; бул мезгилден өтүп кетсе, төрөттүн эчаккысын аныктоо, өзгөчө кайталап төрөгөндөрдүкү кыйын болуп калат (алардын жатын моюнчасынада жана аласында жаңы айрылыштар болбой калышы мүмкүн, жатын болсо инфекцияга байланыштуу кыскарылышы токтоо болот);
8) алимент төлөтүү жөнүндө доо кылууну кароого алган учурда кош бойлуулуктун узактыгын аныктоодо эсептин өзгөчө тактыгы талап кылынса, соттук-медициналык эксперт төмөнкүлөрдү айкындашы керек:
- биринчи жыныстык катнашуу датасын - жыныстык жашоону жаңыдан баштаган болсо;
- акыркы болгондун биринчи күнү жана биринчи күтүлгөн, бирок келбей калган менструациянын датасын, цикл күндөр менен эсептелет;
- овуляция жана бойго бүтүрүүнүн оптималдык мөөнөтүнүн датасын;
- күмөндүн биринчи кыймылдаган күнүн;
- төрөт күнүн.
Кош бойлуулуктун нормадагы узактыгы демейде 40 жумага барабар (10 айлык же 9 календардык айлар);
9) мурдагы болгон же азыркы кош бойлуулугу жана анын мөөнөтү жөнүндө, ошондой эле төрөттөрдүн эчаккысы тууралуу пикир айтуу үчүн эмчектен чыккандын морфологиялык курамын (ууздун, май бүдүрлөрү, лейкоциттер ж.б. болушун) аныктоо үчүн изилдөөгө жиберүү керек. Эмчектен жана эмчек учунун тегерегине акырын басып эмчек безинин секретин алат, ошондон предметтик айнектерге мазокторду даярдайт. Мазокторду кургатылгандан кийин оройт, жазуу кылат жана соттук медициналык лабораторияга жиберет.
39. Боюнан алдыруунун травма менен байланышын аныктоо:
1) боюнан алдыруунун травма менен байланышын аныктоо боюнча экспертиза өткөргөндө соттук-медициналык эксперт күбөлөндүрүүчүнүн сөзүнөн анамнез чогултушу керек, аны күбөлөндүрөт, андан кийин азыркы кош бойлуулугуна чейин, травмага чейин жана андан кийин күбөлөндүрүүчү кайрылган амбулатордук, стационардык жана төрөткө жардам берчү уюмдардан түп нускалуу медициналык документтерди талап кылат;
2) күбөлөндүрүүчүнүн жоопторунан жана көрсөтүлгөн медициналык документтерден эксперт төмөнкүлөрдү айкындашы керек:
- качан, эмне менен жана дененин кайсы жактарына сокку берилген, күбөлөндүрүүчү сокку жегенде кулады беле жана жыгылганда дененин кайсы жагы менен урунду (көчүккө тез отура калды, ичтен жыгылды ж.б.);
- канча убакыттан кийин боюнан түшүү же мөөнөттөн эрте төрөө коркунучтун симптомдору (күнүн жана саатын тактагыла) пайда болду жана алар кантип көрүндү (белдеги жана ичтин ылдый жагында сыздаткан ооруксунуу, толгоо сыяктуу оорутуу, жыныс органдарынан түсү жок же кан аралаш ириңдүү суюктук, суюк кан, кан уюгандары ж.б. чыгуу);
- күмөн качан жана кай жерден чыкты, анын узундугу, салмагы;
- күбөлөндүрүүчүнүн мурда боюна бүттү беле, канча жолу, алар кантип өткөн жана эмне менен аяктаган (тез төрөттөр, жасалма боюнан алдыруу, өзүнөн өзү бюнан түшүү, мындай учурда - кош бойлуулуктун кайсы айында);
- күбөлөндүрүүчү ушул кош бойлуулукка чейин жана анын учурунда инфекциялык оорулар, эндокриндик системанын оорулары, жыныс органдардын сезгенүү процесстери же башка аялдардын оорулары (жатынды жакшы өнүкпөшү, туура эмес абалы, энелик бездин ыйлакчаасы, фибромиома ж.б.) менен ооруду беле;
- азыркы кош бойлуулугу кантип өтүп жатат, күбөлөндүрүүчү медициналык уюмдарга кайрылды беле, кош бойлуулугун сактоо максатында стационарда болду беле;
- лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары (резус-таандыкты аныктоо, Вассерман реакциясы, гонококк жана трихомонаддарды табуу);
3) күбөлөндүрүүчүнү сурап бүткөндөн кийин эксперт кылдат соттук-медициналык күбөлөндүрүү жүргүзөт, денедеги жабыркоолорду сүрөттөйт, алардын мүнөзүн жана локализациясын көрсөтөт (жабыркоо жоктугун да чагылдырат).
Гинекологиялык кароодо өзгөчө көңүл жатындын көлөмүнө, абалына, кыймылдыгына бурулат; жатын тегеректеги клетчаткада бириккен жерлердин жоктугу же бар болушу, жатында же анын коштондусунда шишиктерди, жыныс органдарында сезгенүү өзгөрүүлөрүн айкындашат;
4) корутундуну түзгөндө боюнан түшүүнүн себеби болуп тубаса да, кабыл алган да ар кандай этиологиядагы оорулар саналат (эндокриндик, инфекциялык, резус-конфликт, токсоплазмоз, жыныс жолу менен берилчү оорулар ж.б.);
5) кош бойлуулуктун биринчи жарымында дени сак аялдардын травмадан боюнан түшкөнү мүмкүн эмес десек болот (өзгөчө 10 жумалык мөөнөткө чейин, анда жатын жамбаш чаранын көңдөйүндө жайгашып, тышкы механикалык таасирлерден ишенимдүү корголот). Кош бойлуулуктун экинчи бөлүгүндө чоң травмадан боюнан түшүү толук ыктымал, анткени ичти басканда, ичке же жыныс органдары жагына катуу сокку болгондо, көчүккө катуу отуруп калганда күмөн баштыктын айрылышы же бала тону түшүп, боюнан мөөнөтү келгенге чейин түшүү мүмкүн;
6) эгерде күмөн баштыктын айрылышы же бала тону түшкөнү чарана суусу кеткени менен же жатындан кан кетүү менен дароо травмадан кийин оор акушердик анамнези жок аялдарда пайда болсо, эксперт травма менен боюнан түшүүнүн ортосунда түз себептик байланышты аныктоого негизи болот;
7) кош бойлуу аялдын ден соолугуна келтирген зыяндын оордугун аныктаганда кош бойлуулуктун бузулушу же бузулуу жоктугу эске алынат:
- эгерде боюнан түшсө же мөөнөттөн эрте төрөт болсо, жабыркоо ден соолукка келтирген оор зыян болуп бааланат;
- эгерде травмадан кийин пайда болгон боюнан түшүү коркунучтун объективдүү симптомдору (кан сымал чыккан нерселер, жатындын дүүлүгүшү) болсо, бирок өз убагында ооруканага жаткыргандыктан кош бойлуулук сакталып калса, ден соолукка келтирген зыяндын оордугу дарылоонун узактыгына жараша бааланат;
- боюнан түшүү коркунучтун объективдүү белгилери жок болсо, эксперт ден соолукка келтирген зыяндын оордугу катары дене жабыркоолордүн өзүн гана баалайт.
40. Боюнан жасалма алдырууну аныктоо (мыйзамсыз бойдон алдыруунун экспертизасы):
1) боюнан алдырууну медициналык уюмдагы (ҮМБ, стационар, жеке клиникалар - сертификат болгондо) дарыгерлер гана санитардык-эпидемиологиялык режимдин эрежелерин жана тиешелүү документацияны аткарып жүргүзөт. Мыйзамсыз боюнан алдыруу деп дарылоо мекемеде, бирок тиешелүү негизи жок жүргүзүлгөн, же дарыгер дарылоо мекемеден тышкары, же медициналык билими жок адам жасаган боюнан алдыруулар саналат;
Соттук-медициналык эксперт мындай учурларда төмөнкүлөрдү аныктайт:
- күбөлөндүрүүчүнүн боюнда бар беле?
- боюнан түштү беле?
- кош бойлуулуктун кайсы мөөнөтүндө боюнан түштү?
- боюнан түшкөнү өзүнүн өзү болдубу же жасалма алдырылды беле?
- боюнан алдыргандан кийин канча убакыт өттү?
- кандан ыкма менен боюнан алдырды?
- боюнан алдырганы күбөлөндүрүүчүгө кандай зыян келтирди?
- боюнан алдырууну күбөлөндүрүүчү өзүбү же бөтөн адам жасадыбы?
- күбөлөндүрүүчү көрсөткөн жагдайларда боюнан алдыруу мүмкүн беле?
2) боюнан алдыруунун себептери жөнүндө суроону чечкенде (жасалма, өзүнөн өзү) төмөнкү анамнездик маалыматтар эске алынат:
- күбөлөндүрүүчү мурда жана боюнан түшүү алдында башынан өткөргөн оорулар;
- кош бойлуулуктарды саны, алардын жүрүшү жана натыйжасы;
- боюнан алдыруу жагдайлары жана боюнан түшүү убактысы.
Эгерде күбөлөндүрүүчү боюнан алдыруу боюнча дарылоо мекемелерине кайрылган болсо, медициналык документтерди сурап алуу зарыл. Токсоплазмос же резус-конфликттин негизинде өзүнөн өзү боюнан түшүүнү болтурбоо үчүн тийиштүү медициналык мекемелерде лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү керек.
3) экспертиза процессинде тышкы жыныс органдардын абалын, кын, жатын моюнча жана моюнча канал жактагы жабыркоолорду (күйүктөр, сыйрыктар, айрылышы, шипцыларды коюунун тактары), ар кандай заттар менен сыйпоодон калган тактар сүрөттөлүп, акушердик-гинекологиялык изилдөө жүргүзүлөт.
Бардык табылган жабыркоолорду кылдат сүрөттөйт, алардын жайгашкан жерин, формасын, түсүн ж.б. көрсөтөт;
4) экспертизаны өткөрүү менен бирге соттук-медициналык эксперт салып жиберилген буюмдук далилдер менен таанышууга милдеттүү, аларды эксперттин корутундусунда сүрөттөп жана, зарыл болсо, тергөөчү аркылуу аларды соттук-медициналык лабораторияга андан наркы изилдөөгө жиберет.
5) эгерде жыныс органдарды изилдегенде кайсы бир бөтөн суюктуктардын (самын эритмеси, йод настойкасы, марганец кычкыл калий эритмеси ж.б.) тактары табылса, эксперт бул суюктукту тампонго алат жана кургагандан кийин аны соттук-медициналык лабораторияга соттук-химиялык изилдөөгө жибериши керек.
41. Жынысын аныктоо:
1) жынысын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза комиссиялык түрдө, соттук-медициналык эксперт, акушер-гинеколог, эндокринолог, уролог жана психиатрдын катышуусу менен жүргүзүлөт. Бул экспертиза төрөлгөндө жыныстыгын ката аныктаганда, нике ажыратуу иштеринде, жыныстык кылмыштарда, жыныстык бузукулукта, кордоо ж.б. учурларда дайындалат;
2) жынысын аныктаганда төмөнкүлөрдү айкындоо керек:
- субъекттин жалпы өнүгүшүн (дене түзүлүшүн, скелет түзүлүшү, жамбаш чаранын формасы жана көлөмү);
- тышкы жана ички жыныстык органдардын түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү жана өнүгүшү;
- экинчи жыныс белгилердин өнүгүшү жана көрүнүшү, анын ичинде башында, бетинде жана жыныс органдарда чачтардын өсүү өзгөчөлүгү жана мүнөзү; кекиртектин өнүгүшү; үндүн тембри;
- жыныстык тартылуунун болушу жана мүнөзү;
- психикалык өнүгүшү;
- жыныстык органдардан чыккан нерселердин болушу жана мүнөзү (урук суюктугу, менструациялык чыккан нерселер).
3) суроону чечүү үчүн стационардык эндокринологиялык текшерүү зарыл болгон учурда, изилденчү адамды тийиштүү дарылоо мекемеге жиберет.
42. Эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу даражасын же аялдардын кара жумушка жарактуулугун аныктаган учурларда жыныстык органдардын абалын аныктоо.
1) жыныстык турмушуна жана жыныстык органдарды жабыркатууга байланыштуу травмаларда эмгекке жөндөмдүүлүктү же аялдардын кара жумушка жарактуулугун туруктуу жоготкон учурда жыныстык органдардын абалын аныктоо максатында соттук-медициналык акушердик-гинекологиялык экспертиза өткөрүлөт;
2) экспертиза өткөргөндө күбөлөндүрүүчүнүн гинекологиялык гана изилдөөсүн эмес, толук медициналык текшерилүүсүн жүргүзүү керек.
Эмгекке жөндөмдүүлүктү же аялдардын кара жумушка жарактуулугун туруктуу жоготушун аныктоо боюнча экспертиза комиссиялык түрдө, тиешелүү адистиктеги дарыгерлер менен бирге (терапевт, хирург, невропатолог, гинеколог ж.б.) жүргүзүлөт;
3) экспертизанын жүрүшүндө толук анамнез чогултуу керек, күбөлөндүрүүчүнүн даттанууларын талдап чыгып, аны кылдат изилдөө зарыл. Керек болуп калса дарыло мекемелеринен медициналык документтерди сурап, эгерде талап кылынса, күбөлөндүрүүчүнүн байкоого стационардык дарылоо мекемеге жиберет; изилдөөнүн кошумча методдору колдонулат;
4) анамнез чогултканда күбөлөндүрүүчүнү башынан өткөргөн оорулар жана алган жабыркоолору; менструациялык цикл; жыныстык турмушу; кош бойлуулары; төрөттөрү; төрөттөн кийинки мезгил жана эмчек эмизүүнүн жүрүшү тууралуу сурап чыгат; өзгөчө көңүл төрөттүн кесепеттеринин таасирине же башка травматизмге, төрөттөн кийинки ооруларга, боюнан алдыруунун патологиялык кесепеттерине бөлүнүшү керек;
5) жыныстык органдарды кароого алганда өнүгүүнүн кемтиктери болушун же жоктугун, төрөт же боюнан алдыруунун жыйынтыгы болгон, же кырсыктарга байланыштуу, же башка этиологиясы бар оорулар жана жабыркоолорду айкындайт;
Эскертүү:
Кара жумушка жарактуулугу аныкталганда күбөлөндүрүүчүнү жыныстык оорулары жоктугун текшерүүгө тери-венерологиялык диспансерге жиберет.
6) аялдын жыныстык органдарынын оорулары жана башка патологиялык абалдары айкындалган учурларда, диагнозду койгондон кийин, анын жыныстык турмуш менен (мисалы, боюнан алдыруу, төрөт) же травма менен себептик байланышы аныкталат. Кара жумушка жөндөмүн аныктаганда, табылган өзгөрүүлөрдү эске алып, табылган өзгөрүүлөр кара жумуш менен алектенүүгө тоскоолдук болбойбу, күбөлөндүрүүчүгө оордукту көтөрүүгө байланыштуу иштерди аткаруу, муздак бөлмөдө болуу жакпайбы көрсөтүлөт;
7) эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу даражасы же кара жумушка жараксыздыгы комиссиялык тартипте, аялдын жыныстык чөйрөсүн гана эмес, калган органдар жана системалардын абалы эске алып аныкталат.
Эгерде күбөлөндүрүүчү адам операциялык кийлигишүүгө муктаж болсо, анын таасири менен эмгекке жөндөмдүүлүк калыбына келсе, бул эксперттин корутундусунда белгиленет, бирок бул ден соолукка келтирген зыяндын оордугуна таасир бербейт.
43. Бойго бүтүрүү мөөнөтүн жана кош бойлуулуктун узактыгын аныктоо:
1) бойго бүтүрүү мөөнөтүн жана кош бойлуулуктун узактыгын аныктоо боюнча экспертизаны комиссиялык түрдө жүргүзүү керек. Эксперттер комиссиянын курамына милдеттүү түрдө акушер-гинекологдор кирет, зарыл болсо педиатр-неонатолог жана башка адистер киргизилиши мүмкүн;
2) экспертиза өткөрүү үчүн медициналык документтердин түп нускалары талап кылынышы керек (кош бойлуу аялдын жеке картасы, төрөттөр баяны, ымыркайдын өсүшүнүн баяны ж.б.). Ошол маалыматтар толук эмес же такыр жок болсо, комиссия корутунду берүүдөн баш тартууга укуктуу;
3) андан нары күбөлөндүрүүчүнүн бала төрөөгө жөндөмү, ошондой эле төрөттөр болгон фактылар аныкталат. Белгилүү бир учурларда доочуну (жоопкерди) уруктантуу жөндөмүн аныктоо максатында күбөлөндүрүү зарылдыгы пайда болушу мүмкүн;
4) анализге киришип жатып кош бойлуулуктун узактыгы акыркы менструациянын биринчи күнүнөн тартып 280 күндү же 10 акушердик айды (акушердик айдын узактыгы 28 күн, 10 акушердик ай 40 жумага барабар) түзгөндүгүн эске ала жүрүү керек, ошондуктан датаны тактоо керек. Жетилген, мөөнөтүнө чейин көтөргөн ымыркайдын узундугу 47 см жана андан ашык болот, дене салмагы 2500 г. жана андан жогору болот. Дене узундугу дене салмагына караганда туруктуу чоңдук болуп саналат, ошондуктан ал күмөндүн жетилүү даражасын тагыраак чагылдырат.
Ымыркайдын физикалык өсүшүнүн маалыматтарынын негизинде анын гестациялык курагын аныктайт, б.а. күмөндүн жатын ичиндеги өсүшүнүн узактыгын, аны энении акыркы менструациясынын 1 күнүнөн баштап эсептейт;
5) овуляция мөөнөтүн аныктаганда, 28 күндүк менструациялык циклде овуляция демейде 14-күнү болушун эске алуу керек (акыркы менструациянын биринчи күнүнөн тартып 13- жана 15-күнү). Бул уруктантууга эң ыңгайлуу убакыт. Ошону менен бирге аялдын тукум клеткасын айтылган мөөнөттөн эртерээк же кечирээк уруктантуу мүмкүндүгүнө да жол берилет;
Эскертүү:
Жатынга жана жатын түтүктөргө киргенден кийин уруктантуу жөндөмүн сперматозоиддер 24-48 сааттын ичинде сактап келет.
Бойго бүтүрүү мөөнөтүн аяккы ирет аныктаганда овуляциянын эсептик күнүнө +- 7 күндүк чектер кошулат.
6) маалыматтардын анализи ымыркайдын гестациялык курагын аныктоодон башталат, ал башка көрсөткүчтөрдөн жумалап саналат. Ымыркайдын дене өсүшүн баалаганда физикалык өсүү параметрлердин абсолюттук чоңдуктары гана эмес, алардын бири бири менен катыштыгы да эске алынышы керек, бул физикалык өсүштүн диспропорциялары болушун аныктоого мааниси чоң жана гестациялык куракты аныктоону түзөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн;
7) мөөнөтүнө чейин көтөргөн кош бойлуулукта ымыркайдын гестациялык курагы 38 жумадан 42 жумага чейин барат, мөөнөтүнө чейин көтөрбөгөндө 22 жумадан 37 жумага чейин, мөөнөтүнөн ашырып көтөргөндө 42 жумадан ашат.
Гестациялык куракты аныктоо максатында ымыркайдын физикалык өсүшүн жекече баалоону төмөндө берилген 1-таблицанын жардамы менен жүргүзөт.
Таблица боюнча гестациялык курактын алынган жыйынтыгы 2-4 жума өөдө-ылдый болушу мүмкүн.
┌────────────┬────────────────────────────────────────────────────────┐
│Гестациялык │ Көрсөткүч │
│ курак ├──────────┬─────────┬───────────┬──────────┬────────────┤
│ (жумалар) │ Дене │ Дене │ Башынын │ Төштүн │Коэффициент:│
│ │ салмагы) │узундугу │ тегереги │ тегереги │ Дене │
│ │ (гр) │ (см) │ (см) │ (см) │ салмагы/ │
│ │ │ │ │ │ узундугу │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 28 │ 1124+183 │ 36,9+1,8│ 26,6+1,9 │ 23,9+1,9 │ 31,2+3,2 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 28 │ 1381+172 │ 37,9+2,0│ 28,0+1,5 │ 25,7+1,7 │ 36,3+3,3 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 30 │ 1531+177 │ 38,9+1,7│ 28,9+1,2 │ 26,4+1,4 │ 39,4+3,7 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 32 │ 1695+212 │ 40,4+1,6│ 29,5+1,5 │ 26,7+1,6 │ 41,9+4,3 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 32 │ 1827+267 │ 41,3+1,9│ 30,2+1,6 │ 27,9+1,9 │ 44,09+5,3 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 33 │ 2018+241 │ 42,7+1,8│ 30,6+1,2 │ 28,1+1,7 │ 46,4+4,6 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 34 │ 2235+263 │ 43,6+1,7│ 31,3+1,3 │ 28,9+1,7 │ 46,4+4,6 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 35 │ 2324+206 │ 44,4+1,5│ 31,9+1,3 │ 29,6+1,6 │ 51,7+4,6 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 36 │ 2572+235 │ 45,3+1,7│ 32,3+1,4 │ 30,1+1,9 │ 53,6+4,9 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 37 │ 2771+418 │ 47,6+2,3│ 33,7+1,5 │ 31,7+1,7 │ 57,9+6,6 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 38 │ 3145+441 │ 49,6+2,0│ 34,7+1,2 │ 33,1+1,6 │ 63,3+6,9 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 39 │ 3403+415 │ 50,8+1,6│ 35,5+0,9 │ 34,3+1,2 │ 66,9+6,6 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 40 │ 3546+457 │ 51,5+2,1│ 35,7+1,3 │ 35,0+1,7 │ 68,8+7,5 │
├────────────┼──────────┼─────────┼───────────┼──────────┼────────────┤
│ 41-42 │ 3500+469 │ 51,5+2,0│ 35,3+1,2 │ 34,6+1,9 │ 67,8+7,3 │
└────────────┴──────────┴─────────┴───────────┴──────────┴────────────┘
8) гестациялык куракты аныктагандан кийин анын андан кийинки эсептерин жүргүзөт;
9) 2-таблицада төрөттөрдүн датасына жараша акыркы менструациянын биринчи күнү, күмөндүн биринчи кыймылы жана овуляция датасы эсептелет;
10) 3-таблицада кош бойлуулуктун жеке картасынын маалыматы боюнча кош бойлуулуктун мөөнөтүн диагностикалоо жөнүндө маалыматка жараша акыркы менструациянын биринчи күнү, фактылык төрөт датасын эске алып төрөттөр датасын, аялдар консультациясында аныкталган кош бойлуулук мөөнөтү 40 жумалык кош бойлуулуктун орточо узактыгынан четтеп кетүүсү, овуляция датасы эсептелет;
11) таблицанын үчүнчү бөлүгүндө акыркы менструация датасы жана цикл жөнүндө, ошондой эле күмөндүн биринчи кыймылдаганы тууралуу анамнездик маалыматтарга негизделип, таблицанын экинчи бөлүгүндөгү маалыматтарды эсептеп чыгат, Мындан тышкары, акыркы менструациянын биринчи күнү боюнча күмөндүн биринчи кыймылдаганын белгилейт;
12) алган маалыматтарды эске алып, эксперт төмөнкү корутундуларды кылат:
- бала мөөнөтүндө төрөлдү (мөөнөтүнө чейин, мөөнөтүнөн кийин);
- ымыркайдын гестациялык курагы;
- кош бойлуулуктун узактыгы;
- мүмкүн болчу овуляциянын датасы.
13) бардык эсептерди аяктап, овуляция мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды алгандан кийин, аны боюна бүтүү мүмкүндүгүн конкретизациялоо максатында талдоого алат. Мында алгачкы маалымат кош бойлуулуктун жүрүшү жана төрөтү жөнүндө башка маалыматтарга ылайык келбесе (мисалы, антенаталдык байкоодо диагностикадан жаңылуу), маалыматтарды алып салат.
- жогоруда аталган маалыматтарды баалаганда ымыркайдын физикалык өсүшүнүн параметрлери эң эле объективдүү критерийлер болушун эске алуу керек;
- кош бойлуулуктун жеке картасынын маалыматтары боюнча эсептердин жыйынтыктарын баалаганда, кош бойлуулуктун орто узактыгынан диагностиканын четтеп кетүүсүнө көңүл буруу керек;
- анамнездик маалыматтар боюнча эсептердин жыйынтыктарын алардын субъективдүү мүнөзүн эске алып, өтө этияттык менен баалоо керек;
14) тыянактарда ммлдеттүү түрдө бала кайсы мөөнөттө төрөлгөнүн, мөөнөтүнө жетип көтөргөн же мөөнөтүнө жетпей көтөргөнүн көрсөтөт, кош бойлуулуктун жүрүшүндө күмөндүн өнүгүшүнө таасир бериши мүмкүн оорулардын (кошумча оорулардын) жана өсүшүнүн аномалиясы болушун белгилейт. Боюна бүтүрүүнүн (уруктантуунун) мүмкүндүү мезгилин конкреттүү мөөнөттөрдү (күн, ай, жыл) көрсөтүп келтирилет;
15) бойго бүтүрүү мөөнөтүн жана кош бойлуулуктун узактыгын аныктоонун соттук-медициналык экспертизасын өткөрүү методикасы нормада өткөн кош бойлуулукка тиешелүү;
16) бардык эсептердин жыйынтыктары 2-таблицада көрсөтүлүшү керек, аны эксперттик корутундунун изилдөөчүлүк бөлүгүнө киргизет жана ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
Тиркеме
№ ____ иштин материалдарынын маалыматтарын талдоо
Таблица 2
┌───┬───────────────────────┬────────────────────────────────┬────────┐
│ № │ Иштин материалдарынын │ Эсептердин жыйынтыктары │Овуляция│
│п/п│ маалыматтары ├───────────────┬────────────────┤ датасы │
│ │ │Кош бойлуулукта│Кош бойлуулукта │ │
│ │ │ акыркы │күмөндүн биринчи│ │
│ │ │ менструациянын│ кыймылдашы │ │
│ │ │ биринчи күнү │ │ │
├───┼───────────────────────┼────┬────┬─────┼─────┬─────┬────┤ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└───┴───────────────────────┴────┴────┴─────┴─────┴─────┴────┴────────┘
1. Аялдын төрөгөн күнү.
2. Ымыркайдын физикалык өсүшүнүн маалыматы.
2.1. Дене салмагы ______________________ г.
2.2. Дене узундугу _____________________ г.
2.3. Баштын тегереги __________________ см.
2.4. Төштүн тегереги __________________ см.
2.5. Коффициент
Дене салмагы
------------- =
Дене узундугу
2.6. Белгилери:
- көтөрүү мөөнөтү өтүп кеткен;
- көтөрүү мөөнөтүнө жетпей калган;
Гестациялык курагы ________________ (жума)
- гипотрофия
Таблица 3
┌──────────────┬──────────────────────────────────────────────────────┐
│Кош │ Эсептердин жыйынтыктары │
│бойлуулуктун ├───────────┬─────────┬────────────┬──────────┬────────┤
│жеке │акыркы │Кош │Төрөттө кош │40 жумалык│Овуляция│
│картасынын │менструа- │бойлуу- │бойлуулук │мөөнөттөн │ датасы │
│маалыматтары │циянын │луктагы │узактыгы │четтеп │ │
│боюнча кош │биринчи │төрөттөр │ │кетүүлөр │ │
│бойлуулук │күнү │датасы │ │ │ │
│мөөнөтүнүн │ ├──┬──┬───┤ │ │ │
│диагностикасы │ │ │ │ │ │ │ │
│жөнүндө │ │ │ │ │ │ │ │
│маалыматтар │ │ │ │ │ │ │ │
└──────────────┴───────────┴──┴──┴───┴────────────┴──────────┴────────┘
Биринчи келген датасы:
- жумалар;
- жумалар;
- жумалар.
Таблица 4
┌─────────────┬───────────────────────────────────────────────────────┐
│ (доочу, │ Эсептердин жыйынтыктары │
│ жоопкер) ├───────────┬─────────┬────────────┬──────────┬─────────┤
│_____________│ Күмөндүн │Кош │Төрөттө кош │40 жумалык│Овуляция │
│сөзүнөн алган│ биринчи │бойлуу- │бойлуулуктун│мөөнөттөн │ датасы │
│ маалыматтар │ кыймылы │лукта │узактыгы │четтеп │ │
│ │ │төрөттөр-│ │кетүүлөр │ │
│ │ │дүн │ │ │ │
│ │ │датасы │ │ │ │
│ │ ├──┬──┬───┤ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │
└─────────────┴───────────┴──┴──┴───┴────────────┴──────────┴─────────┘
4.1. Менструациялык цикл:
_____________ күн ичинде.
4.2. Акыркы менструациянын биринчи күндүн датасы.
4.3. Күмөндүн биринчи кыймылы.
Комиссия мүчөлөрдүн кол тамгасы: