Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-июну № 305
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 554, 2015-жылдын 3-декабры № 829, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 , 2018-жылдын 22-июнундагы № 298, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335, 2023-жылдын 13-январындагы № 13, 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарынын ишине тийиштүү ченемдик укуктук актыларды тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын маселелери" жөнүндө токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттагы "Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер, финансылык полиция, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пункттун "г" пунктчасындагы он биринчи жана он жетинчи абзацтар "Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
Жобонун 4-тиркемесинин 3-пунктунун "г" пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-декабры № 829 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 10-декабрындагы № 678 "Салык мыйзамдарын сактоо жана бул чөйрөдөгү тартип бузууларга каршы күрөшүү маселеси боюнча кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин ортосундагы Макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктта "Финансы министрлигине караштуу Финансы полициясы башкармалыгы" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 554 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 "Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Толук бюджеттик каржылоого өткөрүлүүчү министрликтер менен ведомстволордун тизмесинде:
"Финансы полициясынын башкармалыгы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-декабрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Финансы полиция кызматынын ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана 1-пунктта "Финансылык полиция кызматы" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Финансы полиция кызматынын ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө жободо:
аталышында жана бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Финансылык полиция кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы № 458 "2005-жылдын 3-июнунда Тбилиси шаарында кол коюлган Салык кылмышына каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттагы "Финансы полициясы башкармалыгына" деген сөздөр "Финансылык полиция мамлекеттик кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесинде:
1-пунктта "Финансылык полиция кызматынын" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575 "Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагына кошулуу укугу берилген абоненттердин тизмесинде:
- "Финансылык полициянын" деген сөздөр "Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготот)
19. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 610 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу регенерациялануучу кагазга жана картонго (макулатурага жана таштандыларга) ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктта "Финансылык полиция кызматына" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
21. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарынын Тартиптик уставын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 15-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 517 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 12-январындагы № 6 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 3-июлундагы № 224 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 12-октябрындагы № 303 буйругу.
22. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|