Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-апрели № 205
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүү маселелерин тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогорудагы аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жободо:
- 5-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |